Добавить статью
8:38, 25 апреля 2011 64156

Жомоктор топтому

МААМЫТ МЕНЕН КАРА ДӨӨ

Байыркы өткөн заманда Маамыт аттуу бир чабал киши жашайт. Анын отуз чакты эчкиси болот. Эрди-катындын ишенген оокаты – ошол эчкилер. Маамыт мөөнгө жуурат куюп алып, эчкилерин кайтарат. Бир түлкүар күнүкелип, куйругу менен Маамытты жыга чаап, жууратын ичип кетип жүрөт. Карышкыр бирден эчкисин жей берип, акыры он беш эчкиси калат. Ошол арада кайып-каскагынан Кара дөө кездешип калат:

– Маамыт, эчкилериңдин бардыгын мага бергин! – дейт ал.

Маамыт:

– Эчкилеримди сага бербейм, – дейт.

Анда Кара дөө:

– Эмесе, экөөбүз күчүбүздүсынашып, кимибиз утсак, эчкилерди ошонубуз алалы, айтканыма көнбөсөң, сени өлтүрөм.

Дөөнүн айтканына Маамыт аргасыздан макул болот. Дөө мындай дейт:

– Биринчи экөөбүз тоону кулатышабыз, эртең эрте ушул жерге кел, мен күңгөйдүн тоосун, сен тескейдин тоосун кулат.

Эртеси болжогон жерге Маамыт менен дөө келет. Кара дөө чечинип алып, күңгөйдүн тоолорун бирине бирин койгулаштырып кулатып, түз жерге айландырат. Ал эми Маамыт болсо, бир чоң кара таштын түбүнө барып бир аягына, бир быягына чыгып, тегерете басып турат. Кара дөө жетип келип, Маамытка суроо берет:

– Маамыт, сен эмне кылып турасың? – деп.

Анда Маамыт:

– Ушул ташты былкылдатып эле койсом, жер астын-үстүн болуп, аласалып кете турган көрүнөт, – дейт. Кара дөө токтой калып ойлонуп, Маамыттын кыйындыгына жана билгичтигине таңданып айтат:

– Эмесе, Маамыт, мөрөй сеники, ташты ала салдырбагын, башка мөрөй коюп сынашалы, эртең менен кел, мен күңгөйдүн, сен тескейдин токойлорун жулушалы, – дейт.

Эртеси келишип, Кара дөө чечинип алып күңгөйдүн токоюнун бардыгын жулуп салат. Маамыт бир узун теректин башын бир, аягын бир карап, тегерете басып турат. Кара дөө суроо берип:

– Маамыт, эмне кылып турасың? – дейт.

Маамыт мындай жооп кайтарат:

– Ушу терек жер жүзүндөгүжыгачтардын падышасы экен, эгер сындырсам дүйнөдөгүбардык эл тамак-аш бышырып жей алышпай кала тургандай. Ошондуктан кандай кыларымды биле албай турам, – дейт Маамыт.

– Кокуй, андай болсо, кой. Маамыт, мөрөй сеники! – дейт Кара дөө. Эмесе Маамыт, жерди оё тебишели.

Маамыт үйүнө келип, жууратты мөөнгө куйдуруп алып, болжошкон жерге эрте барып, мөөндүжерге көөмп, үстүнө топурак сээп коёт. Кара дөө да келип, болжогон жерди бир тепкенде, киндигине чейин жерге батат. Эми кезек Маамытка келет, көөмп койгон жууратты бир тепкенде, мөөн жарылып кетип, Маамыт киндигине чейин жерге кирип, жуурат былп этип жердин үстүнө чыгат.

Анда Маамыт мындай дейт:

– Ой, Кара дөө, сен бир тээп киндигиңден жерге баттың, мен бир тепкенде жердин мээси чыкты, эми тепсем, жердин карды жарылып, ала салып, бүтүндөй таш-талканы чыгат – деп айтканда, Кара дөө аң-таң калып, мөрөйдүдагы Маамытка берет.

Кара дөө эми Маамытты конокко чакырып, абдан сыйлап, жатып уктагандан кийин өлтүрмөкчүболот. Маамыт билип, үйүнүн төрүнөн бир дөңгөчтүкөрүп, Кара дөө уктагандан кийин туруп, дөңгөчтүсүйрөп жаткан ордуна коюп, өзүдөңгөчтүн ордуна жатып алат. Бир убакта Кара дөө тура калып, балта менен дөңгөчтүбир салып, аялына айтат:

– Маамытты жайладым, эртең менен жигиттерге айтып, жар көчүрүп таштасын, – деп, уктап калат.

Дөө уктагандан кийин, Маамыт дөңгөчтүкайра ордуна коюп, өз ордуна жатып уктап калат. Маамыт эртең менен дөөдөн мурда ордунан турат.

Дөө Маамыттын аман-эсен тургандыгын көрүп, айран-таң калып, тамак ичип отурганда, дөө Маамытка суроо берет:

– Маамыт түш көрдүңбү?

– Билбейм, түндө чымынбы, чиркейби бир кыбыраган неме үстүмдө жөргөлөгөндөй болду, – дейт.

Ошондо дөөнүн жүрөгүоозуна тыгылып, Маамыттан эптеп кутулуунун аракетин кылып, көп алтын берип жөнөтөт.

Маамыт дөөнүконокко чакырат. Дөө аргасыздан барат. Маамыт аялына амал үйрөтүп коёт да, дөөгө суусун ичиргенден кийин, үйүнөн ыраак барып, эчкилерин айдаган болот. Аял от жагып, казанга суу куюп бек кыйкырат:

– Ой, Маамыт, конокко кандай эт саламын? – деп.

– Баштагы дөөнүн башын сал, кийинки дөөнүн төшүн сал, алар аз келсе, алдыгы отурган дөөнүн санын кесип сал!

Дөө токтолуп тура албай, Маамыттын жаман алачыгынын чамгарагын моюнуна илген бойдон безе качып жөнөйт. Дөө арым уруп бара жатып, түлкүгө кезигет, түлкүдөөнүн кимден качкандыгынын жөнүн сурайт. Дөө Маамыт деген баатырдан качып бара жаткандыгын айтат. Анда түлкү: Маамыт жер үстүндөгүадамдын эң чабалы экендигин, куйругу менен жыга чаап салып, жууратын ичип алгандыгын айтат. Түлкүнүн айтканына дөө ишенбейт. Түлкүдөөнүжетелеп кайра Маамытты көздөй жөнөйт. Ошол учурда Маамыт алардын алдынан чыгып:

– Кайран түлкүдос, качкан дөөнүкайта ээрчитип келе жаткан турбайбы! – деп каткырат. Дөө түлкүнүбашка чаап өлтүрөт. Анан Маамыттан качканына арданып, дөө тоодон кулап өлүптүр…

ЖЕТИ БАЛА

Бир кедей кемпирдин жети баласы болот. Ал балдар абдан акылдуу болуп чоңоюшат. өнөр үйрөнүүүчүн жетөө жети өнөргө тырышышат.

Күндөрдүн биринде кемпир жаа жасайт. Балдары энесинен жааны кимге берерин сурашат. Анда кемпир:

– Балдарым, араңардан кимиңердин өнөрүңөр артык болсо, ошого берем – дейт. Эң улуусу:

– Энеке, асмандагы алпкаракуштун карааны торгойдой болуп гана көрүнсө да, атып түшүрө алам, мергенчимин, – дейт. Экинчиси:

– Менин өнөрүм ушул. Жети жыл мурун кеткен кумурсканын изин таба алам. үчүнчүсү:

– Дүйнө жүзүн алаканымды карап туруп эмне болуп жатканын айтып бере алам. Төртүнчүсү:

– Кайыптан тамак таап, канчалык адам болсо да, тойгуза алам. Бешинчиси:

– Менин өнөрүм ушул: деңиз-дарыялардан көздүачып-жумганча кеме-кайык жасап, өтө алам. Алтынчысы:

– Деңиз-дарыялардын үстүнөн чуркаганымда, таманымдан чаң чыгат. Жетинчиси:

– Артымдан душман кууса: «Кара жер жарыл!» – деп койсом, кара жер жарылып кетет. Мен кирип кетип да, каалаган жерден чыга алам.

Энеси балдарынын өнөрүн уккандан кийин мындай дейт:

– Балдарым, эмесе силер, Болбос канга барып ушул өнөрүңөрдүн жөнүн ачык айткыла, кан текшерип, кимиңердин өнөрүңөр артык экендигин чечсин, артык болгонуңарга жааны берем, – дейт.

Кемпирдин жети баласы токтоосуз Болбос кандын шаарын көздөй жөнөйт. Шаар ичи чаң-тополоң. Балдар таң калып отурушканда, бир адам кездешет. Балдар ал кишиден шаардагы дүрбөлөңдүн жөнүн сурайт. Ал киши жооп кайтарат:

– Кечээ түнүкандын кызы жоголду. Ал жалгыз эле. Кайда кеткендигин эч ким билбейт. Дайынсыз. Ошон үчүн дүрбөлөң түшүп жатат.

Андай сөздүукандан кийин, жети бала кеңешет. Жети жылы мурун кеткен кумурсканын изин биле турган бала, ары-бери карап:

– Кандын кызы асман менен кетиптир, – дейт.

Дүнүйөнүалаканынан карап биле турган бала алаканын ачып-жумуп:

– Кызды Тойбос кандын алпкаракушу алып бара жатат.

Балдар издеп жөнөшөт. Жүрүп-жүрүп отуруп, бир чоң дарыяга капталат. үч-төрт күндөн бери даам татышпагандыктан карындары абдан ач. Жок жерден тамак табам деген бала ары-бери кайсаңдап бир кой, нан даяр кылат, бардыгы тоюнушат. Кандайдыр дарыя, деңиз алдынан кабылса, көз ачып-жумганча кеме-кайык жасачу бала дарыянын жээгине чуркап барып, кайта келип, кеменин даяр болгондугун айтат. Балдар дарыянын жээгине барышса, бир жакшы кеме даяр. Кемеге түшүп күндөп-түндөп жүрүп отурушуп, Тойбос кандын шаарына келишет.

Тойбос кан алпкаракушуна кырк кандын кызын алдырып келип, эң жарактуусун өзүалып, калгандарын вазирлерине берүүчүэкен. Жети бала барып жеткен убакта, Болбос кандын жоголгон кызы кырк кызы менен сууга чумуп келе жаткан болот. Дарыянын үстүнөн чуркаганда, таманынан чаң чыккан бала, дарыянын үстүнөн ылдам жетип барып, Болбос кандын кызын жана ага кошуп кырк кандын кызын көтөрүп келип кемеге салат. Бул кабар Тойбос канга угулганда, токтоосуз алпкаракушун жиберет, ал атылып келип, эки кызды эки колуна илип, кайта асманга чыгып кетет. Алпкаракуш асманга торгойдой болуп чыкканда, атып түшүрө турган бала, жааны колуна алып, кыз эңген алпкаракушту атып түшүрөт. Эки кыз асмандан айлан-көчөк болуп келе жатканда, баягы таманынан чаң чыгуучу бала тосуп алат. Буту сынган алпкаракуш өз канынын эшигинин алдына барып далп этип түшөт. Кан көп аскерлерин кемеге түшүрүп, балдардын артынан куудурат. Куугун аскер жете турган болгондо, кара жер как жарыл дей турган бала:

– Кара жер как жарыл! – дейт.

Кууган аскерге карматпай, жер алдына кирип кетишет. Жете келип кармай турган болгон ак боз атчан баатыр да жерге бирге кирип кетет, абдан шашып не кыларын билбей:

– Эми мен кайта жер үстүнө кантип чыгам? – дейт ал.

– өзүң тилеген жерден чык, – деп, балдар айтышат.

– Эмесе, кандын коломтосунан чыгайын, – дейт ал.

Ал так ошол жерден чыгат. Тойбос кандын аскерлерине көргөндөрүнүн баарын төкпөй-чачпай айтат.

– Кыздарды ала качкандар адам эмес, азирейил жалаңкыч экен алар.

Тойбос кан абдан таң калып, өзүнүн кызынан айрылгандыгына катуу кейип, кызына аш-жытын берип, мындан кийин кыз уурдатпаска тобо кылып жатып калат. Жети баатыр Болбос кандын коломтосунан чыгып келе жатышса, шаардын калкы дүрбөп, мындай сөздүайтышат.

– өгүнүкандын кызын жутту эле, эми өзүн жутканы келе жатышат, аны менен эле тим болбостон, баарыбызды кырып түгөтөт экен – дейт.

Качып тоого чыгышат. Жети баатыр жер үстүнө чыкса, адам дегенден эчтеме жок. Боз атчанды босогого байлап салып, эки кызды окшоштуруп төргө отургузуп, бир койду союп, этин казанга салганда, оттун түтүнүчыкканын көрүп, кан бирөөнүн барып билип келүүсүн өтүнөт. Көпчүлүктүн ичинен эч ким барууга чыкпаган соң, бир жетим балага буюрат барып билүүгө. Жетим бала аргасыздан келет.

Кемпирдин жети баласы, аны менен бирге кандын кызы аман-эсен отургандыгын жана бир жигиттин эшикте байлануу экенин көрүп, токтоосуз жетип, канга сүйүнчүлөйт. Баланын айтып келген сүйүнчүнө кан ишенбей, дагы бирөөнүжиберет. Бир киши барып көрүп, баланын сөзүнүн чын экендигин канга айтат. Кан кызын көрүп, чектен тыш кубанат. Кыз атасына көргөндөрүн айтып берет.

Жети баатыр да канга өнөрлөрүн бир баштан айтышат. Кан жети баатырдын эң улуусуна кызын берип, Тойбос кандын кызын дагы бирөөнө алып берип, ал гана тургай тактан түшүп, кандыгын да берет. Калгандарына калкынан кыз алып берет. Жети баатыр карыган энесин алдырып, ыракат турмушта туруп калышат. Жетөөнүн кимисинин өнөрүартык?

ЖАНЫБЕК КАН, ЖЕЙРЕН ЧЕЧЕН, АЛДАР КӨСӨ

Бир күндөрдө Жаныбек кан, Жейрен чечен жана вазирлери менен ордодо отурганда, Алдар көсө кирип келип:

– Ассалом алейкум, кан ордосу, – дейт.

– О, алекиме салам, эл жоргосу, – дейт Жейрен чечен.

Алдар көсө отургандан кийин Жейрен чечен олтургандарга айтат:

– Мени эч ким жеңе алган жок эле, ушул кирген көсө жыгып кетти го, – дейт.

Жейрен чеченден көсөнүкантип жыккандыгын сурашат отургандар.

– Көсө салам айтып киргенде, колум менен башымды кактым, балаа башка кайдан келет дегенимде, көсө тилин кагып, башка балаа тилден жетет деп айтып чыгып кетти, – дейт.

Жейрен чечендин бул сөзүн уккандан кийин, кандын кыйынсынган бир вазири мындай дейт:

– Ал куулугу ашынган көсөнүмен кандай болбосун жеңем, алдатпайм, каным, сенден каалаганымды алам, эгер жеңе албасам, жазалуу болом, – дейт.

Вазир көсөнүжеңсе, кандан каалаганын алмакчы, эгер жеңилсе дайынын таппай калмакчы. Вазир токтоосуз аттанып, көсөнүн артынан жөнөйт. Көсө таягын таянып алып шыпылдап басып бара жаткан болот. Вазир жетип барып, көсөгө салам берет. Көсө вазирге карап:

– Ээ, баатыр, кайдан келе жатасың? – дейт.

– Сени издеп келе жатам! – дейт вазир.

– Менде эмне жумушуң бар эле? – дейт көсө.

– Жер ортосун таба албай, сенден сурайынчы деп келдим, – дейт вазир.

Көсө туруп:

– Арзан эле иш турбайбы, баатыр, – деди да, таягын колуна алып, көзүн алаңдатып, эки жагын эринип карап:

– Атаганат, боюм жапыстык кылып жатат – деп айтканда, вазир шашып кетип:

– Эмесе, менин атымды мине коюп кара – деп, түшүп атын көсөгө берет.

Көсө атка минип, таягын шарт камчыланып, мындай дейт:

– Атаганат, көпкөн вазирим ай, менден акыр заманды да сураганы турасыңбы? Отурган жериң – жердин ортосу, акыр заман атынан айрылган кишинин башында! – деп айтып, чапкан бойдон кете берет.

Вазир көзүкараңгыланып тамтайып отуруп кала берет. Көсө кайра тартып, вазирге мындай дейт:

– Ээ, вазир, сен кандай болбосун кан менен мелдешип келгендирсиң, көсөнүжыгып келем деп. Мен ушу бойдон кете берем, бүткүл мал-пулуңдан айрылып, тентип калаарың анык. Ошондуктан сага бир жакшылык кылайын деп кайра тарттым. Сен эми менин айтканыма макул болуп, тилиңин учун кесип, кандын алдында сүйлөй албай барсаң кутуласың, – деп айтып көсө сызып кете берди.

Вазир көсөнүн айтканына макул болуп, тилинин учун кесип барып, мелдештен кутулат.

 

ТОКТОГУЛ ЫРЧЫНЫН БАЛАСЫ

Чабуулда жоонун колуна түшүп кеткен бала кул болуп, тезек терип талаада жүрүп, жылкынын бир куу башын таап алып мындай сөздөрдүайтат:

Тулпардын башы сен болсоң,

Куурап жатчу сен белең!

Кишиден шумкар болсом да,

Тезек терер мен белем! –

Баланын ушинтип ыйлап отургандыгын бир киши көрүп, канга айтып барат. Кан баланы алдырып келип, тулпарды тааныгандыгы жөнүндө суроо сурайт.

– Тулпардын куу башын тааныган, өзүн тааныбайт дейсизби, каным? – дейт бала.

– Андай болсо, балам, мага тулпар таап бер – деп, айтат кан.

– Каным, жаныма жигит кошуп бер, тулпарды издеп, таап берейин, – дейт бала.

Кан балага эки жигит кошуп берет. Бала тулпарды шаарлардан издеп таппай, Сарарканын жайлоосуна келип, бир агын сууга кабылып, агып келе жаткан жылкынын тезегин кармап алып, тулпардыкы экен, ушу суунун башында, кандай болбосун тулпар бар экен деп айтып, сууну бойлоп жөнөйт. Жолдоштору суроо берет:

– Тулпардын тезеги экендигин кандайлыктан тааныдың? – деп.

– Сууга, таштан ташка урунуп келе жатып бир да жери кетилбептир го, ушуну да билбеген киши болобу? – дейт бала.

Суунун башына барышса, бир топ кербендер жатышат. Чом кесип, аркасы тамтыксыз жоор болгон тартайган чоң ат турат. Жолдошторуна:

– Ушул жоор ат тулпар экен, сатып алгыла! – дейт бала. Жоор аттын тулпар экендигине жигиттер ишенбейт. Сатып алгысы да келбейт. Бирок ушул тулпарды сатып албагандыгыбызды канга айтып барса, жазаланабыз го деп чочуп, жоор атты аргасыз сатып алышат да, канга алып жөнөшөт.

– Бул тулпарды эми ким таптайт? – дейт кан.

– Тулпарды тапкан таптайт, – дейт бала.

Тулпарды баланын өзүтаптоосуна кан макул болуп, колуна өткөрүп берип, качан табы жеткенде мага алып келип көрсөт, – дейт. Бала тулпарды табына жеткирип, кандын алдына алып келип:

– Каным, тулпар табына келип жетти. Эми той өткөр – деп, айтат бала. Кан чоң той өткөрүп, тулпарды ким минип чабат деген маслекат коюлат.

– Мен чабам, – дейт бала.

Чабылчу аттар чубатууга түшкөндө, бала тулпарды минип мындай айтат:

– Тулпарды минген туруучубу,

Тууганга жетпей тынуучубу. Каным, кош эми.

Чүкоюп, сызган бойдон кете берет. Көпчүлүк жабыла кала беришет. Ошол көпчүлүктүн ичинен бир байтал минген киши кууп жетет. Бала ага кайрылып, байталдын ичинде Туучунак бар экенин, ошонун деми менен чуркап келгенин, туудуруп алса, тулпар чыгаарын айтат. Ошону менен бала көздөн кайым жеткирбей кетет.

Аттын дүбүртүн угуп, үй пааналап турган Токтогулдун кызы:

– Тулпардын дүбүртүчыгат, жалгызым келе жаткан бейм – деп, атасына айтат.

Кызынын сөзүбоюнча, Токтогул жети катар жибек аркан тарттырып, кийиз менен жуурканды жерге кабаттап салдырып, тосуп турушат. Тулпар алты катар арканды үзүп өтүп, жетинчи арканга барып токтойт.

ДОМОНУН КЫЗЫ

Илгери-илгери мүнүшкөр Домонун жалгыз кызы бар экен.

Бир күнүмүнүшкөр ойлонуп олтуруп:

– Көзүмдүн тирүүсүндө кызымды жайына тапшырайын! – деп, күйөөгө берет.

Арадан көп жылдар өтөт. Күндөрдүн биринде иттин үргөнүнөн улам кайын атасы:

– Балам, сыртка чыкчы, ит үрөт, булар ким болду экен? – дейт.

Келини эшикке чыгып, кайра кирип:

– үч бүркүтчүэкен: бирөө сүйүнүп, бирөө өкүнүп, бирөө күйүнүп келе жатат.

Анда кайын атасы:

– Ал эмне дегениң, балам, түшүнбөй калдым? – дептир.

Келин сөзүн чече сүйлөп:

– үч бүркүтчүкеле жатат. Сүйүнгөнү– бүркүтүнө түлкүалдырыптыр, өкүнгөнү– чала-була бирдеме алдырган, күйүнгөнү– куру кайткан окшойт, – деген экен.

Аңгыча бүркүтчүлөр келип, казан асылып, мейман күтүүбашталат. Сөздөн сөз чыгып, кайын атасы тигилердин жайын сураса, дал эле келини айткандай болуп чыгат. Аш-тамак жеп, коно жатып, эртеси бүркүтчүлөр аттанарда Домонун кызы:

– Ата, мен десең, ушул эч нерсе албаган бүркүттүсатып алыңыз, – дейт.

Кайын атасы келининин сөзүн жок дей албай бүркүтчүгө барып:

– Бүркүтүңүздүсатып кетиңиз! – деп суранат.

– О, кокуй, сатып эмне кылам, тим эле алыңыз!

Кайын атасы келип, келинине бүркүтчүнүн сөзүн айтса, келини:

– Жок, ата, бекер алсак, ал калыстык болбос, ээсине убал болор, бул бүркүттүн эң төмөнкүбаасы бир айгыр үйүр жылкы, ошону алсын да, бүркүтүн берсин! – дейт.

Кайын атасы өзүнчө капа болуп, антсе да келининин көңүлүн кыя албай, бүркүттүн ээсине барып, жогорку шартты айтты эле, тиги киши:

– Сиз эмне шылдың кылып жатасызбы? Мунуңуз жарашпаган сөз, жөн эле алыңыз! – деп, жаа бою түйүлөт.

Акыры келиндин кайнатасы болбой жатып, бир айгыр үйүр жылкыны айдап берип, баягы эчтекеге жарабаган бүркүттүалып калат.

Бүркүттүн ээси кубанып жолго түшөт, жылкынын ээси ичинен кайгырып үйүнө кирет:

– Балам, бул бүркүттүн өнөрүкайсы? Мунуңдан пайда барбы? Бир айгыр үйүр жылкы деген оңой эмес.

Анда Домонун кызы:

– Ата, бул – төө комдот деген бүркүт ушул.

Бүркүт тапталып, биринчи салганда эле каман алат. Ошондо балалык кылып, камандын жалын бүкүлүжеп, көкүрөгүкоё1 болгон экен. Эми мезгил өткөрбөй, бир ак боз бээни союңуз да, ошонун казысынан биринчи күнүтабактай, экинчи күнүчыныдай, үчүнчүкүнүандан кичирээк казы сугунтуңуз, ошондо жибийт да, көкүрөгүндөгүкыл түшөт. өнөрүн андан ары көрө жатарсыз, – дептир.

Атасы келиндин айтканын жасап, ак боз бээни союп, казысынан үч жолу сугунтканда бүркүт камандын жалын кусуптур.

Ошондо Домонун кызы:

– Ата, эми бүркүтүңүздүаңга алып чыга берсеңиз болот. Төө комдот деген бүркүт ушул. Муну салганда төөнүкоомдой барыш керек. Ал бүркүттүн шерти ар күнүарбытып алат. Ошондуктан, ар салган сайын киши улам көбөйүп арбын барсын. Бүгүн бешөө чыкса, эртең он, бүрсүгүнүон беш, анан отуз, кырк болуп арбып отурсун – деди.

Эртеси күйөөсүатка минип, жанына бир топ жолдош алып, бүркүттүсалса, көзүнө көрүнгөндүн баарын алыптыр. Ошентип, бүркүт бара-бара күнүнө алтымыш, жетимиш карышкыр, түлкү, кулжа, теке алат.

Төө комдот бир жума өтпөй эле ээсин дүнүйөгө батырат. Не бир сүлкүлдөгөн сүлөөсүндөр батпай кетет. Домонун кызынын күйөөсүнүн баркы көтөрүлөт, элдин оозуна алынып макталат.

Ал күндөрдүн биринде: «Келин оюна келгенин сүйлөй берет, анча көп кишини олжого орток кылбай эле, төрт-беш киши менен чыксак кудай алабы» – дейт да, арбын киши ээрчитпей, аз киши менен жөнөп кетет.

Кечке жуук Домонун кызы эшикте кир жууп олтурса, бүркүт келип туурдукка конуп калат.

Келин бүркүттүкөрө коюп:

– Атаны кокуй ай-ээ, болбой калган турбайбы, бүгүн уулуңуз канча киши менен кетти эле? – деп, атасынан сурады.

Кайнатасы:

– Төрт-беш киши менен кетсе керек, – деди.

Келин:

– Айтпадым беле, олдо кокуй ай-ээ, бешөөнүтең алган турбайбы, тезирээк киши чаптырыңыз! – дейт да, бүркүттүалып, ортоңку салаасын балта менен кыя чаап:

– Кош жаныбарым, шартың ушул эмес беле! – деп, учуруп жиберген экен.

Эл барып караса, бүркүт бешөөнүбирдей алып, боор этин оё жеп гана тим болуптур. Кыргыз баласында Домонун кызындай кушка тилмеч укмуштуу пенде чыккан эмес экен.

Ошондон улам кыргыздын уламышында Домонун өзүкөп оозго алынбай, Домонун жалгыз кызы сөз болуп калыптыр.

БАЛТА ЖУТАР

Илгери бир заманда Чомотой аттуу саятчы бүт куштардын тилин билүүчүэкен. Бир күнүөз үйүнүн жанында дөңдө олтурса, бир көк жору учуп келди да, Чомотой саятчыга салам берди. Андан соң саятчыга катуу таарыныч айтты.

– Мен болсом бардык куштун чоңу, зору, төрөсүболом, анын үстүнө сакалдуумун, жүндөрүм да буудайыктыкындай чаар. Таз жорудай тарп аңдып, сасыган эт жебеймин, тишиме, тамагыма жумшак деп сөөк гана жеймин. Бир гана адамзатка таарынычым, мени жада калса бүркүткө да теңебей, жору деп коюшат экен, өз атымдан эле айтпайбы? Кумайыктын энеси буудайык десе болбойбу! – дептир.

Чомотой карыя боору эзилгенче күлүп:

– Мына, муну жутуп жиберчи, мен бир жакшы ат берейин! – деп, колундагы ак балтаны сунду.

Көк жору ап эткизе сугунуп жибериптир.

Ошондо саятчы:

– Анык балта жутар экенсиң! – дептир.

Көк жору ошондон баштап балта жутар аталыптыр жана саятчынын койгон атына ушул күнгө чейин ыраазы экен.

ЫСЫККөЛ

Илгери, илгери мындан нечен жүз жыл мурда, ушул бууракандап толкундап турган Ысыккөлдүн орду гүлдөгөн тегиз мейкиндик болуптур. Буралган калың чөптүүжайыттарда короо-короо койлор, үйүр-үйүр жылкылар жайылып, шаардан-шаарга тыным албай чубалжып кербендер каттап турчу экен. Бул бай өлкө жана аны кыраакы ханы жөнүндөгүкабар узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына таралат. Бирок хандын жүзүн көргөн эч ким болбоптур. Эмне үчүн кишиге көрүнбөйт деп, эл арасында өйдө-ылдый, ар кандай каңшаар, имиш-имиш сөз тарайт.

Хандын жүзүн көргөндөр анын чачын алууга барган чачтарачтар гана болушат, бирок алар хандын сарайында болушуп, хандын чачын алышкандан кийин эле, жер жуткансып ың-жыңсыз жок болуп турушат. Чачын алгандан кийин, аларды хандын буйругу боюнча өлтүрүп коюшат экен деген жаман кабар да болот.

Акыры анын хандыгында жалгыз гана чачтарач калат. Ал атасы өлүп калгандан кийин, анын кесибин улантып калган жаш улан эле. Кичирээк боз төбөл үйүндө карыган энеси экөө туруучу.

– Эй, кемпир! – деди дүбүрттөтө катуу келишкен атчандардын ичинен бирөө өкүм сүйлөп. – Бол, балаңды тезирээк ойгот! Курал-шайманын алып, хандын сарайына келе койсун. Хан өзүбуйрук кылды, кечикпесин!

Жаш чачтарач чабаганчылардын сөзүн угуп, төшөгүнөн ыргып турду.

– Жан дилим менен даярмын, таксырлар. Азыр артыңардан барамын. – Жаш жигит апасы менен коштошту да, атына минген бойдон чаңызгытып жүрүп кетти.

Байкуш кемпир көзүнөн жашы мөлтүлдөп, босогонун алдында көпкө чейин телмире карап кала берди. Жүрөгүкайгы-черге толуп, уулун кайра көрөмүн го деген үмүт болгон жок.

Бул арада кызматкерлер жаш чачтарачты хан жатчу бөлмөгө чейин узатып келишти да, жаңы буйрукту күтүп, өздөрүсыртка калып калышты, анткени ким босогону аттаса, өлүмгө башы байланмак, жарлык ошондой болчу.

Хан гүлдүүжибек төшөктүн үстүндө оонап жаткан экен. Жаш жигит аны көрөрүменен, чочуган бойдон кыйкырып жибере жаздады: «Кулактары эшектин кулагындай турбайбы!» Ушул себептүүэлге көрүнбөй жүргөн турбайбы! Эми менин да башым алынат экен го» деген ой бир заматта кылт эте түштү.

Ошол учурда хандын коңур үнүугулуп калды.

– Кана, чачтарач, бери жакын кел, коркпо. Бактың бар экен, сен мага керексиң, аман каласың. Бирок эсиңде болсун, – хандын көздөрүнөн каардын учкундары чагылыша түшкөндөй болду. – Кокус бул жерде көргөндөрүң жөнүндө тигиндей-мындай деп оозуңдан бир ооз сөз чыкчу болсо, кыйноо тартып жатып өлөсүң, бүткүл калк да жабыр тартып, көрбөгөн көргүлүктүкөрөт. Кана, менин буйругумду орундатамын деп ант кылгын да, ишиңе кириш.

Коркконунан калтырак баскан жаш жигит чөк түшүп олтура калып таазим кылды да:

– Жашырын сырды эч кимге айтпаймын! – деп, ант берди.

Анан өз милдетин аткарып, анысы үчүн хандан белек алып, сүйүнгөн жигит дал болгон немедей сарайдан чыкты.

Күн артынан күндөр өттү. Ал арада нечен ирет хандын сарайында болуп, нечен ирет олжолуу кайтып, оокат-тиричилиги бир топ оңолду.

Бирок баштагы шайыр жайдары жигит сумсайып суз, дайым кабагы бүркөө, киши менен да сүйлөшпөйт, өңүнөн да азып кетти.

Эмне кыларын билбей, энесинин эси эки болду. Нечен ирет жалынып-жалбарып, уулунун сырын тартууга аракет кылганы менен, эч жооп ала албады, колун шилтеп коюп гана басып кетет.

Күндөрдүн биринде хан сарайынан кайткан соң, жигит энесине кайрылды:

– Оо, айланайын, энекем! Мен мындан ары минтип азапка түшүп жүрө албайм. Кеңешиңди айт, – деди көзүнөн жаш салаалап. – Хан сарайынан көргөн шумдугум жаныма жай бербеди. Эми мындан ары чыдай албайм. Бук болуп өлө турган болдум. Бирок айтайын десем, кыйноо тартып өлөм, ал гана эмес, элим катуу жабыркаган турат, эмне кылам? Кеңешиңди айтып, жардам бер, апа!

Энеси көпкө ойлонду да, мындай деди:

– Сенин башыңа түшкөн кайгы менин башыма түшсө эмне. Сарайда көргөнүңдүадам баласынын кулагына угузбаска ант кылган экенсиң. Мындан ары да унчукпай жүрө берсең, саргайып солуп бүтө тургансың. Уулум, ага мен да чыдай албайм. Башың али жаш, көрөр күнүң алдыда. Сен эми мындай кылгын, уулум. Кичинекей кезиңде атаң менен көп барчу төмөн жактагы ээн жерди билесиң го, ошо жерде бир эски таш кудук бар. Хан сарайынан көргөндөрүңдүошол кудукка айтып, ичтеги бугуңду чыгар. Ошондо гана жаның жай алып, жеңилдей түшөсүң, уулум. Бол, тез жөнө!

Энесинин айтуусу боюнча бала алыс жолго чыгат. Күнүбою жүрүп олтуруп, күүгүм кире, күн бата баягы жерге келет. Кудуктун айланасы ээн, түнөргөн сүрдүүаскалардан башка эч нерсе көрүнбөйт.

Жадаганда жалбырактардын шуудураганы да, чымчыктардын сайраганы да, аккан булактын шылдыры да угулбайт. Жаратылыш ың-жыңсыз тынчтыкка бөлөнгөн. Жаш жигит эки жагын элеңдей карап, баягы кудукка келди да, эңкейген бойдон катуу-катуу кыйкырды.

– Оо, шумдук! Аллаяр таксыр ханыбыз эшек кулак неме экен. Уктуңбу, кудугум, менин айтканымды? Биздин ханыбыздын кулагы эшектин кулагындай экен.

Анын кубарган жүзүн нур чалып, жүгүжеңилдегенсип, күлүмсүрөй түштү.

Чачтарачтын айткандары жаңырыктап, кудуктун түпкүрүнө карай тереңдегенсиди. Баланын үнүбасылар менен, кудуктун түбүкулдурттап, кайнап ташыгандай шуулдады. Күчөгөндөн күчөп, бир аздан соң кудуктан атырылып оргуштаган суу чыга баштады.

Коркуп кеткен бала качып жөнөдү, бирок селдей атырылган суу качкандын артынан калбай согончоктоп жайнап баратты. Акыры бала да бууракандаган суунун катуу шарына кабылып, күм-жам болду. Эгиндүүталаа, көгөргөн жайыт, толгон айыл менен шаарлар суу астында калды.

Суу канчалык ташкындаганын ким билсин, бирок эч ким, эч бир кыбыраган тирүүжан ал ташкындан аман калбаптыр дешет. Ошол суу каптап, көк ирим көл пайда болгон жер ушул Ысыккөл экен.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

28-03-2011
Жомокчу
196694

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×