Добавить статью
6:51, 28 марта 2011 61289

Манасчы

Автор: ШААБАЙ

Шаабай В.И.Лениндин жүз жылдыгына арналган фестивалга кара­та Фрунзе шаарына Кыргызстандын туш-тарабынан өнөрпоздор келишти.

Кечке жуук Аксай мейманканасынан комузчу Асанаалы Кыштообай уулу, куудул Бөжөй Шадыкан уулу, манасчы Шаабай Азизов менен кездештим.

Асанаалы ата бизге карап:

– Илгери эл жайлоого чыгып, Каркырада ат чабыш болот. Эл чогулуп, сүрө токтоткон жерде туруп, атты чубатууга салаарда жай­лоодон бир караан көрүнөт. Бирөө карышкыр, бирөө киши деп тааныбай турганда, жакындап келсе, бая караан мурун казак-кыргызга байге бербеген казак Шоорук баатырдын көк ала деген күлүк аты болуп чыгат. Азыйы отузга жетип калган экен. Ат менен ары-бери кошулуп жүрүп, чубатууга түшүп, атты айдаганда куйругун сыртына салып, кайта жайлоону көздөй чыгып кетиптир.

Караган эл таң калып:

– Ой, тобо! Айбан да болсо асыл эмеспи!.. Эми өзүн элге көрсөтүп, чубатууга түшүп, санатка кошо алдырып, ойноп кеткенин карачы! Айбан да болсо атты бекер дебегиле, асылдыгын көрдүңөр го – деген экен.

Ар бир айбан, адам да кылып жүргөн кесибин унутпайт. Мына ушул көк ала ат кумар болуп келип, кайта чыгып кетти дейт. Ошонун сыңары карыганда мен да келип калдым, – деп тамашалап жылмайып койду.

Шаабай акенин жанына олтуруп:

– Кандайча «Манас» айтып калдыңыз? Сизди Чоюке манасчынын уулу дейт го, – деп сөзгө алдым.

– Менин атам Чоюке өмүр уулу, – деп сүйлөй баштады. Шаабай аке – 1925-жылы Карабөлтөк деген жерде бос кыроодо каза болот. Атамдын сөөгүМарчанын, Чоң коктунун ичинде. Мына ошондо алты айлык бала кезим экен. Кийин атамдын ашы-жытын бергенден кийин Чоюкенин бир тууган иниси Азызга энебиз Асылканды баш байлайт. Ошо кишинин колунда канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай алдейлеп багып өстүрөт. Эки жашымдан беш жашка чейин ооруп, кийин ал оорудан сакайып айыгып, жети жаштан баштап мектептен окудум. Бир анча-мынча эчкибизди Карабөлтөк, Жаман Карагай деген жерге айдап бараар элем. Бир күнүэчкини айдап барып, Чоюке атамдын мүрзөсүнүн тушунда жатып калган экемин. Баякы эчки короого келгенден кийин:

– Бала эмне болду? – деп атам Азыз, энелерим издеп чыгышып, Кудук деген жерден таап, алып келишиптир. Мен өзүмдүөзүм билбейм, төшөктө жатканымды сездим.

Эгин жаңы кылтыйып чыгып калган кез. Котур деген жерге атамдын атын откозгону кеттим. Ат оттотуп жүргөндө «Манасты» айта баштадым.

– «Манастын» кайсы бөлүмдөрүн айтасыз?

– «Манас», «Семетей», «Сейтек», «Эр Сарык», «Алым Сарык», «Кулан Сарык», «Кеңсары минген Кенен баатыр».

– Жакшы экен.

– өткөн өмүр – уктап ойгонгон түнгө окшош, – деп комузчу Асанаалы Кыштообай уулу сөзгө аралашты. Чоюкени 27 жашымда көрдүм. Мурун Чоюке жомокчу деп угуп, кандай киши экен, көрсөм деп жүрчүэлем. Бир жакка барып келе жатсам, астымда бир киши кетип баратат. Көргөн соң жете барайынчы деп ылдамдап жүрүп калдым. Алдында минген боз аты, кара чепкени бар, жете келдим.

– Ассалоомалейкум! – дедим.

– Алейкума салам, иним! – деди. Ары-бери сүйлөшүп, жай сураштык.

– Сен кайсы баласың? – деди.

– Мен шапак Асанаалы деген баламын. өзүңүз ким болосуз?

– Чоюке деген мен болом. Жалгыз келатканда эрмектешип жол жүргөнгө ырас болбодубу, балам. «Эки киши эрикпейт, чоюнду эритпесе бирикпейт» – деп илгеркилер айткандай эригип, жалгыз келатканда жакшы болбодубу!

– Мен да жалгыз келаттым эле. Сизди көрүп, бирге жүрөйүн деп жете келдим.

– Балам, мен быякты көргөн жерим эмес, кайда коноорумду билбей келаттым эле, ырас болду, – деди.

– Чоюке, коноктон кам кылба. Сизди кондура турган жерди таап беремин.

– Жаман жолоочу конок таба албайт, жаман жигит атын бага албайт деген – деди кубанып борсулдап күлүп.

Жолдо бир булак суунун башында эки терек бар эле. Күн ысыкта ары-бери жүргөндө атты көлөкөсүнө байлап, булактан суу ичип, эс алып кетишчүэлек. Ошо булакка жеттик.

– Чоюке, мынабу теректин көлөкөсүнө атты байлап, түбүндө булак бар, суусу муздак, бети-колду жууп, эс алып кетсек кантет, – дедим.

– Ой, балам, сөзүңдүжакшыга бер деген...

Ал жерде эс алдык, жүздүжуудук. Аттандык. Жолдо кара такыя Төрөгелдинин баласы Ырыспай, Усупбай деген жээндерим бар эле, барып түштүк. Атты байлап, үйгө кирдик. Усупбай деген мыкты жигит эле.

– Таяке, бул киши ким деген киши, – деп менден сурады.

– Бу кишинин жайын менден сурасаң өзүңдүн агаң, манасчы Чоюке деп уктуң беле?

– Угуучу элем.

– Эмесе андай боло турган болсо, эртерээк конок-ашыңды камда. Буюрса бүгүн Чоюкемден кызыкты көрөбүз, – дедим.

– Жакшы болот, – деп аттанып кетти. өзүкадырлуу жигит эле, кайдан тапканын билбейм, бир козу алып келди. Алдаяр Корчу деген атка минген абийирлүүкишини чакырды. Айыл-апасы чогулуп, аял-эркек дебей келди.

Анан мен айттым:

– Чоке, даңкыңызды, атагыңызды угуучу элек. Тагдыр сизди кез келтирди. Мына чогулган агайындарыңыз баатырлардан айтып берээр бекен деп келип олтурат.

– Айтып берейин. Кай жеринен айтсам болот экен? Башынан айткан менен көп жумуш, эми Алманбет чалгынга кеткенин, артынан Чубак барып урушканын айтып берейин.

– Мейлиңиз, Чоке, кайсы жеринен болсо да, өзүңүз билип айтыңыз, – дедик.

Самоорду коюп койду. Дасторконду жайды.

– Этти жай салгыла... – деди.

Жылдыз толуп, эл аял-эркек дебей баары чогулганда Алманбет менен Чубак экөө жол талашканын баштап, таң аткан­ча айтты. Экөө урушуп, Манас келип ортого түшүп, кайтып элдешип, ошондон аттанып, Тал чокуга барып, Алманбет жердин баары-жогун ак кар кылып, күндүжайлап койгондо Манас эртең менен туруп, дүрбүменен Кытайдын жерин, шаарын көрүп, Алманбетти чакырып:

– Кайсы шаар, кайсы жер – деп сурап, Алманбет жооп берип, бая өзүжүргөн жерин, коргонун айтып токтоду. Анан этти жеп, жаттык.

А күнүКорчу, эртеси жана бирөө чакырды. Кыскасы төрт күн айтып, ошо Бээжинге барып, Алманбет жылкы алып, Күрпүлдөктүн чоң сазына келип жатканын көрүп, Тал чокудан Манас, Чубак, Серек, Алманбеттин үстүндө бээ союп, тамактанып жаткан кезде, Коңурбайдын колу келип, уруш башталып, кыргын табышып турган жерге келип токтоду.

Манас жаралуу болуп калып, Аккула менен Аколпокту Оракка1 таштап кетип, Серекти кайра кабарга жиберип, калган колдун баары келип, эки кол аралашып, ошол жерге кырылышкан жери экен, төрт күнгө чейин айтып, ошо жерге жетти. Анан аттанып, бирге келдик.

– Чоке, биздикине барып конгун, – дедик.

– Ай, балам, ыракмат, барсам кармалып каламын го. Маа уруксат бер, – деди.

– Макул, – деп ажырашып, 1923-жылы ошол жерден Чою­ке айылына кетти.

Мындан соң Шаабай акенин жанына жакыныраак келип олтуруп:

– Чоң атаңыз Чоюке туурасында билген, уккандарыңызды, өзүңүздүн кандай «Манас» айтып калганыңызды кеп салып берсеңиз, – деп сурап калдым.

– Болуптур, айтып берейин, – деп сөзгө аралашты Шаабай аке. – Илгери кабык аачыйт заманда ышкын түптүн кабыктарын сууга кайнатып, тери боёчу турбайбы. Ошону алып келүүгө Молтойдун Казакбайына он төрт жаштагы чоң атам Чоюкени кошуп бериптир.

Чоң атам өмүрдүн чоң сарала бээсин, Жолбундун Сакейинин асияга1 сурап калат.

Кабык аачыганга миң жылкынын тоосуна Молтойдун Казакбайы экөө кетип бара жатышкан го. Азыктары талкан, көк чалап, кол-колунан кылып, улак чаначка куюп берген го.

Жол жүрүп, Кызылкыянын белине барышып, кабык аачый турган жерине келишет да, кабыктарын аачып киришкенде:

– өзөк жалгап алалы, – дешет.

Казакбай катын-балалуу болуп калган киши экен. Чоюке минип барган сары ала бээ бооз. Экөө тең атын тушап, өгүздүмурунтуктап коюп, корго көмүп бышырган көмөчтүалдына коюп, тамакты ичишет да, ошо жерде эки түп сары жыгачтын түбүнө жатып эс алып, экөө тең уктап калышат. Уктап жатканда түшүнө аксакал карыя кирет да, экөөнүн тең оозуна таруу куят.

Молтойдун Казакбайы чочуп кетип, бүркүп жибериптир, өзүда кийин:

– Эй, экөөбүзгө деле таруу куйду эле, Чоюке жаштык кылып, чайнап жутуп, мен чочуп бүркүп жиберип, кур калбадымбы, – деп арман кылчу экен.

Таруу берген аксакал киши:

– Мынабу Тулпар таштагы кырда, ошондо кырк боз үй бар, ошол ар бир үйгө кирип чык, – дейт.

Баякы ар бир үйгө кирип, идиш окшогон тай туякка ар бир үйдөн айран ичип чыгат. Анан:

– Ортоңку ак өргөө үйгө киресиң. Киргенде калган-катканы болсо, бир байбиче бар, ошону менен сүйлөшөсүң деген экен.

Барса бир татынакай алачыктай ак байбиче берметин Чокемдин колуна берет.

– Мына, ушунун баарын санап чык. Санай албай, жетише албай калсаң, укум-тукумуңа таштап кет.

Минген бээң бооз экен, эки зумбал1 кум артты, ошону төкпөй-чачпай үйүңө жеткиз. Бээң кулун салып койбосун, муну да байка, – дейт.

Көзүн ачса баягы түш. Бээси жанында, Казакбай жаткан ордунда жок, аркы өгүзгө атына кетсе керек. өздөрүнүн жумушу бүтпөй, кабык албай, үйүнө бош келишет.

Чоң атам өмүр Чоюке атама таарынып:

– Бирөөдөн насия өгүз көтөрүп берсем, бөбөктөрүң жаш болсо, кылган ишиң курусун дегендей нааразы болгон.

Чокем ошондон келгенден бери ордуна токтоно албай коёт. Кокту-колот жерлерге конуп, «Манасты» айтып жатканын угуп калган кишилер бар да:

– өмүрдүн уулу Чоюке «Манас» айтып жатыптыр, – деп жалгыз эчкисин союп, эл-журтуна тамак берип, Чокемдин бетин ачып, ошондон кийин Чокем үч жылга жоголуп, Талас жакта, Чүй боорунда, Нарында жүрүп, ак тайлакты жетелеп алып, ата конушу Карабөлтөккө келет.

«Манас» айтып, журт дубанга билинип манасчы болуп калат.

Текесте өрттөммузарт, Жылдыз, Акыязда болуп, анда жүрүп, кайра келгенден кийин, көкүрөк арык тукумун Түргөн болушунун эли деп коёт, ак тайлагын Кененбайга сатып, ошондо ондон2 Касымбайдын карындашы Уулгелдини алат.

өмүрдүн сегиз эркек: улуусу Чоюке, анан Азыз, Такырбаш, Абдракман, Ысмайыл, Ысырайыл, Абдылда, Жетимче (өз аты Мукамбет экен, ар ким эркелетип жүрүп жетимче атыгат), Айымкан аттуу бир кызы болот.

Ушул аталарынын ичинен жомокчусу Чоюке, карындашы Айымкан чоң кошокчу, Азыз санжыраны чечкен адам болгон.

Баарынын тукумдары бар. Бир гана Ысырайылдан тукум жок.

Чокемдин Асан, үсөн деген эки баласы болгон. Кара тумоо каптаганда булар каза болуп калат.

Чоюке атам 1925-жылы Карабөлтөк деген жерде боз кыроодо каза болот. Мына ошондо алты айлык бала кезим экен. Эне-атанын колунда канаттууга кактырбай, тумшуктууга чоктурбай алдейлеп багып өстүрөт. Эки жашымдан беш жашка чейин ооруп, кийин ал оорудан сакайып айыгып, жети жаштан баштап мектептен окудум.

Мен кечээ кийин алты жашка чыгам, колхоз уюшулуп калган, атам Азыздын жоош бээси бар, эртең менен ээр токуп, анча-мынча майда малды астыма салып берет. Энем Асылкан түштө иче турган тамагымды камдайт.

Эликтин чаарчыгынын терисинен тулуп жасаган баштыгы болоор эле. Казанга жапкан токочтон бир сындырымын салат. Кам каймакка талкан көөлөп, иши кылып аттап-тондоп:

– Бар эми, малыңа сак бол, балам, – деп жөнөтүшөт.

үзөңгүгө бутум жетпейт, чоң таштарга тартып, тырмышып жатып, минип барам. Атасы:

– Марчанын чоң колотунун оозунда, Чоюке атаңдын мүрзөсүнүн шилисинде кайтарып жүр, андан ары барба, – деп аманат кылып айтат. Анын тили менен ошо жерге кайтарам. Кудай бетин салбасын, чил деген эме көп.

Шыраалжын, кызыл куурай, ат кулактын даны бышкандан кийин уругун сабып, жөн эле эзиле бышкан арпадай түптөрүнө толуп, жердин бетин жайлайт.

Айдап барган кой-эчки деле ошолордун түбүнөн чыкпайт жеп, чил деле бышкан куурайдын даны түшкөн жеринде.

Атасы аттын туу куйругунан тузак жасап берген. Бир күнүтартып, чил түшпөй, кур кол калды.

Күндөкүдөй көнүмүш адаты менен тузакты тартып, ар кайсы жерге коюп, аңдып жатпайбы, тузакка чилдер түштү.

Топтошуп  калган  чилдей макулук жок. Бирин чыгарам деп жатып, баары түшүптүр. Атасы бир кайыш берген, «ошого тизип байлап, канжыгаңа байлап койсоң келе берет, бээ жоош» деген. Кээ бирөөн мойнунан, кээ бирөөн бутунан, иши кылып канжыгаңа байлап камына баштаганда үчсалаа жактан кыйкырык, сүрөөн, чубаган адамдар келе жатат.

Биздин айылдын адамдары го. Жаманкарагайга барган го, отун алган го деп бир караганды билем, мындан кийин эмне экендигимди билбейм, ошо жерде жатып калган экемин.

Баягы кой-эчки короого келгенден кийин:

– Бала эмне болду – деп атам Азыз, энем издеп чыгышып, Кудук деген жерден издеп таап, алып келишиптир. Мен өзүмдүөзүм билбейм, төшөктө жатканымды сездим.

Көзүмдүачсам:

– Аксарбашыл, ак сарбашыл, көзүн ачты! – деп, атам ордунан туруп ыйлап, а жерден баабедин өткөрүшүп, кой союшту. Таш менен бирөө жанчып кеткендей бүткөн боюм салмактанат.

Оозу башым кыбырап, үйдө олтура албай, же басканым, же чуркаганым билинбей, эмнегедир ээлигип, жээлигип, ырдагым эле келет. Бирок ата-эне, элден уялам, корунам. Айыл-апа, кээ бирөөлөр Шаабайга жин тийген го өзүнчө эле оозун кыбыратат экен деп, айың да айтышыптыр.

Кыш болобу, күз болобу мага ээн жер, ээн талаа, үңкүр, таштын түптөрү, өз үй, өлөң төшөктө моокум канганча айтам жыргап, денем чоюлуп…

Күндөрдүн биринде өзүмдүн теңтуштарым уй, коюн кайтарып жүрүшкөндө ырдап жатканымды угушуп, эчки-улактарын карышкырга жегизип, ата-энелеринен таяк жеген күндөрүда болгон.

Айыл совети болуп иштеген агабыз өмүр уулу Абдракман:

– Кудай берген турбайбы, авам Чоюке өлбөптүр, өзүнүн тукумуна, Шакенге таштап кеткен турбайбы! – деп атама сү­йүнчүлөп келиптир. Атам Азызга айтып:

– Тур, аваке, эл чакыралы, бетин ачалы, кана Шакен бирдеме дечи, – деп өзүбүздүн тууган-туушкан, бала-бакырасын жыйнап келип, кысмакка алышты.

Ошондо:

– Сени кечке багабызбы, бол айт! – деп көк жорго минген бир сакалдуу ак сакал адам: – Айт! – деп, үйгө кирди.

Бир оозум ачылып, айтканымды эс-мас билемин, андан кийинкисин билбейм. Көзүмдүачып карасам, күн чыккан экен. Эл батпайт, тарап жатышат.

– өмүрүузун болсун! – деп баталарын берип, жинди болду деген ат калып, Чокемден калган бучкак, Чоюкенин тукуму деген атка кондум.

Бир жылча элдир-селдир айтып, андан кийин оорукчан да болуп калдым.

Атам ага-тууганды чогултуп дагы айттырып, манасчылык тогуз жашымда анык болду. Уктап жаткан жеримен жоро, аш, той, топ чогулган жерге чепкендерине ороп алып кетүүчү.

өңүмдө көрбөгөн Чоюке атамды түшүмдө көрдүм. – Мынабу, – деп үйдүн төрүн көрсөтүп, тетиги бурчта кум, мобу седеп-мончок, ошолорду санап чыгып, элге айтып жүр, – деп бир түшүмө кирди да, экинчи былкылдак куурай бышканда, күз убактысында Чоюке чоң атам дагы түшүмө кирди.

Бир чоң ак боз үйдүн ичинде экен. Жыйналыш жасап жаткан өңдөнөт. Айылдагы карыя аксакалдардын баары олтурушуптур.

Жогору оң жагында эки киши, сол жагында эки кишинин ортосунда Чоюке атам олтурат. Оң жагымда олтурган экинчи сөз сүйлөөдө. Ошол Алманбет баатыр, сол жагымда биринчи киши Семетей экен.

– Болгон тасмыянын баары Шаабайда калсын! – деп Чокем айтып калат.

Ошондон баштап майрамдарда айттырат. Ошентип манасчы болдум, – деп Шаабай аке манасчы болгонун кеп салып берди.

Шаабай аке 1946–1963-жылдары  Ысыккөл областтык теа­тр­­да манасчы болуп иштеди.

Элүүнчүжылдары Бишкекке «Манасты» талкуулоого чакыртты. Ал барса келдиңби, кеттиңби деген эч кимдин иши жок. Жазган катты бир орус кызга окутса, жетелеп барып, оозу кичине кыйшыгыраак, орбогой мурун, ак саргыл кишиге жолуктурду.

Ал киши:

– Мен өмүркулмун, – деди.

Көрсө Жакишев экен.

Анан кашка баш, жээгинде сыйда чачы бар, көзүбакыракай, казакча сүйлөгөн адамга жолуктуруп, ал киши менен таа­ныштырды. Ал киши аты-жөнүн айтып, анын ысымын билгенден кийин:

– Аксай конок үйүнөн кечинде өзүм алып кетем, – деди.

Айтканындай кечкурун келип, ээрчитип алып, Мукамбет Догдуровдун үйүнөн таң атканча айттырып:

– Эки күндөн кийин кайра ал өзүм жөнөтөм, – деп, Караколго өзүжөнөттү. Ал киши Мухтар Ауэзов экен.

1951–1952-жылдары Манас баатырдын биринчи китеби чыкканда чакыртып, Нарын шаарына барды. Анда Аалы Токомбаев, Болот Юнусалиев, БүбүКеримжанова, Кубанычбек Маликов, Күлүйпа Кондучалова, Бүбүйна Орузбаева, Насирдин Байтемиров бар экен.

Ошондо өмүркул Жакишев тейлеп жүрдү. Карамолдо, Ыбырай, Ысмайыл, манасчылардан: Саякбай, Дүңкана, Иса, Алдаяров Мамыт болушту.

Дүңкана:

– Жетөгүздө жүргөндө чоң атаң Чоюкени көрдүм, ошондон кулак кагып калдым эле, – деп айтты.

Обкомдун бери жагында узунунан жыйган өгүздүн белиндей карагайлардын үстүндө каркырадай болуп тизилип олтурушту.

– Бул жерге бекер олтурбай баланын аңгемесин угуп олтуралы, – деди Кубанычбек аке.

– Кайсы жерин айтасыз?

– Мага баары бир, сурасаңыздар каалаган жериңизден айтып берейин.

– Алманбеттин жомогунан баштап көрчү, – деди Жакишев.

Абдыкалык менен Саякбай катар олтурат карагайдын үстүндө.

Анан баштап, кызыл күүгүмгө чейин айтты. Саякбай менен Абдыкалык экөө колтукташып басып кетип калышты.

Ыбыкем насбайын оозуна куюп алып, карагайды таштап, узун чоң чепкенин бүктөп, маңдайына келип олтурган.

Ыбыкем унчукпай колунан кармап эле, конок болгон үйгө чогуу барды. Алар барганда анын үйүндө беш-алты абышка олтуруптур.

Чай койду. Дасторконун жайды. Чай ичти, кымызынан бир-эки чыны жутту.

Анан баягы төрдө олтурган абышкалар Ыбыкемди тааныйт экен.

– Ой, Ыбыке, бир-эки күүчалып бер, – деп абышкалар сурап калды Ыбыкемден.

Ыбыкем комузун алып «Жеңишин» чертип, диванга комузун жөлөп коюп, төрдөгүабышка айтты.

– Ай, бурадар1 момунда бир жаш бала келди көл бугусунан деп ошенткенде ал киши:

– Комузуңду ал балага бер, – деп суранды.

Ыбыкем:

– Ой, бул комуз чертпейт, Чоюке чоң манасчыны уктуңар беле, – дегенде:

– Ой, баракелде! – деп сүрөөгө алды.

Манас баатыр өлгөндөн кийин, Семетей эмчекте, Чыйырдыны жонуна таңып көтөрүп, таякты колуна алып, ошондо Каныкейдин тентиген жомогунан баштады. Армандуубу, же бир запкы көрүп жүргөн бечарабы, кээ бир аялдар көзүнүн жашын тыя албады.

Ыбыкем келип, жалынып-жалбарып:

– Асылдан калган бучкагым, – деп жатат.

Тамак бышты.

– Токтот, токтот, тамак бышты! – болуп калды.

Тамагын чыгарып, алардын алдына этинин баары шылынып түшүп, жалаң эле сөөк тартылды.

Ошо жерде, эртеси чогулушту Болот Юнусалиев ачты. Жарыш сөзгө мен мыктымын дегендер чыгып сүйлөдү.

Аңгыча болбой Жакишев:

– Сүрөткө жүр, – деп аны алып кетти. Обкомдун залынын ичинде магнитофону бар экен, жазып алды.

1960-жылы И.А.Батманов чакыртты. «Манас» секторуна келгенде Ыбырайым Абдрахманов, өмүркул Жакишев эки күн айттырып сынашты. Болгонунун баарын айтып берди. «Манастын өлүмү», «Каныкейдин арманы», «Алманбеттин жомогу», «Көкөтөйдүн ашындагы эки дөөнүн күрөшү», «Эр сарыкты» алып калышты.

И.А.Батманов:

– Ушунун баары толтура «Манас» болсун, – деп чоң портфелин берди.

Муңдук Мамыров, Раиса Кыдырбаева эки-үч ирет катташты. 1963-жылы филармонияга алып келди. Келинчеги Канымбүбүжанында, боюнда бар, үй жок. Ал азыраак турду. Бир күнү:

– Жаш балабыз болсо, үй жок болсо, мындай оокаттын кереги жок, кетемин, – деди.

Директору Жапар Садыков, көркөм жетекчиси Акмат Аманбаев:

– Чыдаңыз, чыдаңыз! – деди.

Ошо бойдон кайтып келип, үчкайнар айылында жашап турду.

Манастын жети атасына чейин билчү. «Манас», «Семетей», «Сейтек», «Эр сарык», «Алым сарык», «Кулан сарык», «Эр Кененге» чейин айтчу.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×