Добавить статью
6:57, 26 апреля 2011 28229

Акын

Автор: МАМАСАИТ

Мамасаит Базарбай уулу Мамасаит 1895-жылы туулган. Аларды беш Найман дейт. Аравандын Төөмоюнда турушкан. Алты жашка чыкканда атасы отуз сегиз жашында өлгөн. Булар бир уул, бир кыз эле. Атасы өлгөнден кийин бир жылга жетип-жетпей:

– Уул меники, кыз сеники, кармаган туткан үй-жай уулга тиет. Бул жерден кызды алып кет, – деп энесин атасынын бир тууган агасы Орозаалы кубалап жиберген.

Ошону менен абасынын колунда калды. Кичинесинде Орозаалы абасынын колунда он бир, он экиге келгенде жетимдик тартып жүргөн маалда, той болобу, бирөөлөр бирдемени ырдаса, угаар замат айтканын үйрөнүп алып, ырдай берет.

Ал ырдаса ар ким:

– Ой жетим, бер кел, ырдап бер, – дейт эле.

Анан ал:

– Пул берсең ырдайм, – дечү. Анан пул берсе билгенин ырдап, бирөөдөн «Алчадияр» деген ыр үйрөнүп алды.

Алчадияр бир болот,

Айтса көңүл кир болот.

Алчадияр экидир,

Айрылыш жолдош бергидир.

Алчадияр үч болот,

Атан түйөө күч болот.

Алчадияр төрт болот,

Эки тууган урушса,

Орто жери өрт болот.

Алчадияр беш болот,

Аманат жанга эш болот.

Алчадияр алтыдыр,

Базардагы мантыдыр,

Алчадияр жетидир,

Жан ооруткан этидир.

Алчадияр сегиздир,

Эчки туубайт эгиздир.

Алчадияр тогуздур,

Тегирмен бузган богуздар1.

Алчадияр он болот,

Аяп кийсе тон болот.

Алчадияр он бирдир,

Аябай кийсе тон кирдир.

Алчадияр он эки,

Ак жүрөгүшар эки.

Алчадияр он үчтүр,

Катталардын жегени,

Базардагы күрүчтүр.

Алчадияр он төрттүр,

Чарбаларда мал көптүр.

Алчадияр он бештир,

Эки катта бириксе,

Орто жери кеңештир.

Алчадияр он алты,

Байлар киет манатты

Алчадияр он жети,

Кач аркаңан жоо кетти.

Алчадияр он сегиз,

Чарбада баккан мал семиз.

Алчадияр он тогуз,

Байлар киет бир тогуз.

Алчадияр жыйырма,

Жоргону минсең сыдырга.

Атасынын карманган-туткандарын ошол акеси сатып жеп, жок кылган. Атасынын, энесинин көзүн көргөн катыны өлүп, башка алган катыны Багдагүл казабыраак чыгып, аш берсе, нан берсе жетим деп урушуп берип, жетимдикти башка салды.

– Мынабуну кыл! – деп урат.

– Менин айтканымды кылбайт, – деп абасына дагы урдурат.

Ошентип жүрүп он төрткө чыкты. Беш-алты эчки бар, муну кайтарат. Бир-эки кулач жип, бир орокту белине байланып алат.

Кышын-жайын саар-кеч отун көтөрүп келет, эчкилерди кайтарып жүрүп, ондон тартып он бешке чейин кышы-жайы бутуна бир нерсе кийчүэмес. Карын жакшы тоюп, үстүбүтүн болгон эмес. Жатканда саманкана, саманга оронуп, акырга жатчу. Ошентип жатып күн көрөт. Атасынын өлгөнүн арман кылып ырдаганы:

Жазыктуу күндө жаралдым,

Жаннатым атам өлгөндөн.

Жабырлык тартып жададым.

Армандуу күндө жаралдым,

Ардактуу атам өлгөндөн,

Ар кимдин колун карадым.

Кардым ашка тойбоду,

үстүм бүтүн болбоду.

Кара тумшук жетим деп

Канчасы мени кордоду.

Армандуу күндө жаралтып,

Баштап кеттиң, атаке.

Азапка ушинтип балаңды,

Таштап кеттиң, атаке.

Жетелеп жолго жүрбөстөн,

Баштап кеттиң, атаке.

Жетим кылып жалгызың,

Таштап кеттиң, атаке.

Алоолоп жүрөк алсырайт,

Аталууну көргөндө

Айнектей көзүм жалдырайт.

Арман жаш көздөн тамчылайт,

Алтындан комуз чаптырып,

Гүүлөп кетсең болбойбу.

Ардактап баккан жалгызың,

Жалдыратпай ар кимге

үйлөп кетсең болбойбу.

Күмүштөн комуз чаптырып,

Гүүлөп кетсең болбойбу.

Күлпөттөн баккан жалгызың,

Күнү-түнүзарлантпай

үйлөп кетсең болбойбу.

Кайгы түштүсанаама,

Жараткандын боору таш,

Кайрылтпады, атаке,

Каралдың жалгыз балаңа.

Карай жаш көздөн тыйбады,

Гарып жаным кыйналды.

Жалчы болуп мал бактым,

Жабырлык тартып жан бактым.

Карал болуп мал бактым,

Кайгылуу күндө жан бактым.

Отун алып, от жактым.

Бе озур жүрүп жан бактым,

Ачылган гүлдөр соолубасын,

Ич паңданын баласы

Ата-энеден айрылып,

Мендей жетим болбосун.

Бир күнүойноп жүрүп орокту жоготуп коюп, отуну жок кеч келди.

– Отун алып келдиңби? – деди Багдагүл.

– Орогум жоголуп кетип, отун албадым, – десе урду.

– Отунуң жок болсо тамак да жок, жебе, үйгө да кирбе, – деп эшикте калды.

Багдагүлдүн Бакирдин деген бир акеси бар эле. Көчөдө ыйлап турса, ал үйүнө алып келип, тамак берип:

– Бул сени өлтүрүп коёт. Ушундай ырайымы жок, элиңе качып кетип калбайсыңбы, качып кет. Бу урганы аз келип, абаң келсе ого да урдурат.

Ошо кишинин кеби менен Ноокатта Караташтагы таякесине качат. Кар бир жааганда Төөмоюндан Ноокатка жылаңайлак кеткен. Мадыресе деген жерге көчүп барган эле. Ошол Мадыреседен эртең менен эрте жеңеси тура электе Көкжар деген жерге качып келсе, күн кар аралаш жаап турат. Алыстан бир аттуу көрүндү, жол менен ага карап келе жатат, алиги аттуу аркасынан жетти.

Токтой калып аркасын караса:

– Эй, бала! – деп чакырды.

Көкжардын Акөтөгүндө Бердибай туугандары бар эле.

Карай салса:

– Ээ, Мамасаитсиңби, каякка барасың?– деди.

– Акөтөккө барамын.

– Кимдикине барасың?

– Билбейм.

– Орозаалыныкынан качтыңбы?

– Качтым.

– Урдубу?

– Ол акем жок эле, катыны урду.

– үйүң күйгүрдүн баласы жок, бир сени түзүгүрөөк кылып бакпай, карабай, ушундай кармап, ушул абалга келтирди. Базарбайдан көрө Орозаалы өлүп калбайбы? Базарбай атаң эмес беле, мынчалык кылбай жакшыраак багаар эле. Кел, учкаш! – деп учкаштырды.

Балтабай деген Мамасаит менен тең баласы бар эле.

– Ошо Балтабайга алып барып кошуп коёюн. Бүгүн Балтабай менен жат, – деди.

Ошондо барып Балтабай менен жатты. Ошо Акөтөккө үч күн турду. Кар менен жамгыр жаай берип, үч күндөн кийин күн ачылды.

Ноокатты билбейт. Ошо жерде туугандарында аны менен тең Жайнак деген бала бар эле.

– Ноокатты мен билбесем, кандай кылып барам? – деп Жайнакка айтты. Ушинтип турганда абам келип калса уруп өлтүрүп коёт деп коркуп ошого ыйлады.

– Ноокатта менин бөбөгүм бар, – деди Жайнак. – Шойетке барып иштедим эле. Ушул биздин Маалага1 силердин наймандардан бир келин түштү. Аты – Суксур деди. Барып көргөнүм жок. Шол сенин эжең экен, ошого жеткирип коёюн.

Күн ачылгандан кийин алып жөнөдү. Жердин бети аппак кар. Базар күн эле, базарга өткөн атчан, эшекчен кара баткакты кечип, Жайнактын өтүгүбар, ал карды кечип, ошо жерден кыштын күнүтүш болоюн дегенде чыгып, Белөрүк деген жерге келип, эжесиникине жатты.

Анан саар, таң атты. Ал жерден жөнөдү. Анын колтуктап алган бир жүн кабы бар экен. Капты алигиден алып, Жайнакка карабай жүрүп кетет. Жердин бети муздуу бычактай болуп тоңгон. Жайнак көрүнбөй калганча жүгүрүп барып, капты тагина1 салып, бутту ороп олтурат. Кийген чапанынын да этеги жок, бут орошко жетпейт, пахтасы чыккан. Көтүнө кийгени таар шым, ал да келте2. Ошентип жүрүп олтуруп, күн да ылыды3, бөлөсүнүкүнө жеттик. Биртике нан берди. Нан жеп олтуруп, алиги эжени сурады.

– Ал ошол айылда, – деп көрсөтүп койду.

Ошондо барышты. Эжени көрбөгөнүнө беш жыл болгон. Жайнакты:

– Сен тааныйсың, мен тааныбай каламбы, сен чакыр, – деди.

Жайнактын добушун угуп, эже чыга калып, аны көрүп бакырды, ал да бакырды, колунда баласын ыргытып жиберип, аны кучактап ыйлап калды. өчкөн жангандай, өлгөн тирилгендей болуп, эжеси менен ошондо табышты. Суксур андан беш жаш улуу эле. өңүкара тору, кызыл жүздүүкиши эле, орто бойлуу. Эженин колунда бир, эки күн турду. Жездесинин аты Сулайман экен, келип:

– Катта жигит болгуча келип эжеңден кабар албай, учурашпай, адам болбой кал! – деп тийишип, аны менен учурашты.

Жезде-эжесинин үйүндө беш күн турду. Анын акесинен калган жетими, жөн эле олтурганда ал:

– Көр! – деп экөө уруша кетип, батышпады.

Ал кез кыйынчылык. Беш күндөн кийин Кашкалдак4 калбай тажездесиникине (энесинин сиңдиси Зайнаптын күйөөсү) барып, эже менен жездеден:

– Тагалар кандай, мен тагаларга батамбы, тагалар мени карай алабы? – деп сурады.

Жездеси Калыбай тагалары Ысмайыл, Төрөкул экөөнүн тең катыны жок экенин айтты.

– Тагаларың сен турсун өзүн эптей албайт.

– Мен эмне кылам, каякка барам?

Алиги Калыбай жезде:

– Он-он беш эчки бага аласыңбы? – деди.

– Онан көп болсо деле бага берем.

– Менин бир Жолдубай деген досум бар, эчки кайтаргандай бала таап бер деди эле, майли эмесе деди. Ошонукуна барып сүйлөшөлү, бир жылга жарым чейрек1 маке, жарым чейрек буудайга салып койду.

Ошонун эшигинде жети жыл жүрдү. Алар жакшы адам эле, Молдубай деген укеси бар.

Жетимдикке окшобой, карды ашка тоюп, үстүнө жаңы кийип калды. Экөө тең уста, бүт кийим тигет эле. Бутуна өтүк кылып берип, ошолордун эшигинде жүрүп, адам болду. Аялдары да жакшы киши эле. Жолдубайдын зайыбы – Күлүсүн. Молдубайдын зайыбы – Парчагүл.

Ошол кезде жетимиш жашка келген энеси Ташмама бар. Жаш балдары жок экен. Ал баргандан кийин экөөнүн тең катыны уул тууп, бала көрүп:

– Бул акжолтой болду, – деп кубанышты.

Булар өздөрүсоодагерчилик да кылат, бат эле улап, кой кылып койчуман болуп кетти.

Анын эшигинде жүргөндө мурунку жездеси өлүп, эжеси жесир болуп калды. Анын атасынан кийин энеси Аравандагы бостондорго2 түшкөн экен. Эжеси энесинин колуна келди. (Энесинин аты – Аял.)

Эжеси ошонун колунда туруп, Ноокаттын Кашкалдактагы Абдыкалык уулу Матсакка түшөт. Ал Жолдубайдын колунан чыккандан кийин жезденин колуна барган. Кетменчи, дыйканчылык кылып үч жылдай жүрдү.

Жигит болгондон кийин «Ак Дилбар», «Ак Ыргал», «Зоо Дупар» деп ырдап эл кайсыны жактырат, ошого карап тиричилик кылып жүрөт. Баргы Маматкул уулу Жусуптун «Абдылдабек» дастанын үйрөнөт. Жайлоодо ырдаганда аксакалдар ыйлап олтурчу. Жайлоодо бир көрүп атын да билбейт, «Молдо кыз» деп ырдады:

Алиптин башы Катта бар

Абли1 дубал сартта бар.

Кең Ноокаттын ичинде,

Молдо кыз айым, датка бар.

Узун мурун, кыр жоноз

Кырдап көчүң чалайын.

Урулуу Ноокат ичине,

Ырдап даңкың жаяйын.

Көчкөндө миндиң аланы,

Көзгө илбейсиң баланы.

Көчүп кеттиң бел ашып,

Жете албай калдым адашып.

Жадалдабай секин бас,

Жамалиң көрүп калайын.

Койнуңда бышкан кош алмаң,

Бирини тандап алайын.

Элиме алып барайын,

Элиң кылсын бир куллук

Эсил жаным бир пуллук.

Балык ойнойт иримде,

Шакариң барбы тилиңде.

Шакарлуу тилден тиштесем,

Ак эмчектен үшлөсөм,

Койнуңда бир жыл кышласам,

Чыгар беле арманым,

Кирер беле дарманым.

Балык десем чабактай,

Билегиңден кетейин.

Билгизбестен ойногон,

Зирегиңден кетейин.

Тогузбулак сыртында,

Олтурдум бир пас саяда.

Санатың апыс ыр кылып,

Молдого атың айттырып,

Акунга наамың жаздырып.

Ыскы түшүп бир адам,

Келген экен молло кыз.

Паста түлкүкызымдай,

Баскан изиң билинбейт,

Кан падыша кызындай.

Эшигиң алды агын суу,

Эрте туруп жүзүң жуу.

Жүзүң айдай жайнасын,

Жүзүңдүкөргөн боз балдар,

Ичи майдай кайнасын.

Кызыл кыр ылдый жайнаган,

Коюңду көрдүм молло кыз.

Кызылды кийсе жарашкан,

Боюңду көрдүм молло кыз.

Ак шагыр ылдый жайылган,

Коюңду көрдүм молло кыз.

Алчымбар кийсе жарашкан,

Боюңду көрдүм молло кыз.

Кызыл алма колго алып,

Торлой бекен молло кыз.

Кыз экенде буралып,

Ойной бекен молло кыз.

Жашыл алма колго алып,

Торлой бекен молло кыз.

Жаш экенде жоодурап,

Ойной бекен молло кыз.

Кыздын көөнүкызылда,

Сен билбейсиң молло кыз.

Кызыл чепкен бизде жок,

Көзгө илбейсиң молло кыз.

Жаштын көөнүжашылда,

Сен билбейсиң молло кыз,

Жашыл чепкен бизде жок,

Көзгө илбейсиң молло кыз.

Түлдөлөрүжол жүргөн,

Түлкүнүн колу сөгүлсүн.

Кел экөөбүз ойнойлу

Кунаабыз1 жерге төгүлсүн.

1932-жыл болуп, трактирге барып окуп, трактор айдады. Отузга караганда Бүбүайшага үйлөнүп, эки жыл трактор айдагандан кийин Ноокат районунда тамеки айдалып, тамекиде иштеди.

1937–38-жылдары олимпиадага келди.

үч жылдан кийин согуш башталды.

Чакыруу чыкканда калтырды эле:

– Калбайм! – деп өзүынабай, кете берди.

1941-жылы декабрь айында согушка кетип, үч жылы жүрүп, он эки жеринен ок жеди.

үчүнчүжолу жарадар болгонунда үчүнчүдаражадагы Даңк орденин алат.

Барганда Белгород, Николаевка шаарында, экинчи Украи­налык фронтто болду.

Акырында Венгрияда колунан жарадар болуп, үч ай Румынияда жатты. Тоонун арасындагы госпиталда колду бир аз сакайткандан кийин комиссия келип, аны экинчи группа деди.

Ноокатта үч жыл тамекиде иштеди. 1945-жылы күзүндө Төөмоюн элине келип, колхоздо 1963-жылга чейин иштеп, пенсияга чыгып, ырдап жүрөт. Ар жыл өзбекстандын Замын районуна чейин барып ырдап келчү.

Аскерге кеткенде беш жашар калган баласы Кубатаалы инженер-электрик, Төөмоюнда иштейт.

Фрунзеге ээрчитип келген баласы Жолдошаалы айылда СПТУ-18де мастер болуп эмгектенет.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×