Добавить статью
7:07, 28 марта 2011 132104

Жомокчу

ыбырай дубана уулу 1894-жылы (кой жылында) туулган. Алты-жетиге келгенде таасын молдо жок, «Алиппени» окуйт. Окуганда башка балдар таяк жеп качып, ал ынтымды коюп окуй берди. Түндө ата-энесин уктатпай бир чыракты жагып, кобурап окуй берет. Бирок кышында бир-эки ай гана окуйт. Малы бары жайлоого кетет. Малы жогу дыйканчылык кылат. Жайында окубайт. Ал ошондо өксүккө учурады. Кышында азыраак окуганды жайында окуп, окуунун артынан түшүп жайы-кышы окуй турган окууну окуюн десе, ата-энеси уруксат кылат.

Окуп жүргөндө жат жазганды, окуганды билип, дубай-салам сөздөрдүжазып калды. Малын багат, бошосо китеп окуйт.

Дубананын алдым-жуттуму жок, кыял-жоругу жакшы. Эки киши урушса дароо табыштырат, жараштырат.

– Арамдыкка баспа, бүлүнгөндөн бүлдүрөк алба, арамдыкка басса, анын опосу болбойт. Кесиптин жакшысы – дыйканчылык, чарбачылык, – дечүатасы.

өзүн сыйлап, бүтүн чалаказак боюнча Дубана деп, баарына кадырлуу киши болчу.

1918-жылы Совет баш бакканда, август айында өлдү.

Апасы Таштеке – чарчы бойлуу, кызыл тоголок жүздүү, чечен, кошокчу, жамакчы, тилдүү-ооздуу, ырчы, өзүабдан жүрөктүүболчу.

Ал бир айтканды дароо үйрөнүп алчу. өзүкадырлуу, мыкты кишилер өлсө, алып барып кошок коштурчу.

Энеси кылдат ишке жок эле. Той болсо, эркекче тарых сөздөрдүсүйлөшүп олтурчу. Бирөөгө чукул жооп берчүкиши эле.

Алардын ары жагында Кашкабаш, Сарымсак аксакалдардын Дадабай деген таз кишиси жаздан күзгө чейин чөп коруйт, жайлоого чыкпайт, жатакка калат. Анын апасынын балдары жаш, бир топ саан уйлары бар экен, уйлары корукка түшүп кетсе, Дадабай корукчу кармап алат.

Апасы уюн алайын деп барса, уюн бербей:

– Жакшылап туруп, мени бир кошкун, берейин, – дейт.

Ошондо апасы ошону кошкону:

–Жатакчынын башы элең,

Жапандаган таз элең.

Корукчунун башы элең,

Кодоңдогон таз элең.

Ээр-токумуң бир кучак,

үзөңгүбооң үч буурчак1

Сууң кетти шаркырап,

Башың калды жаркырап.

Ошондо таз күлүп, малын берип: – Анан дагы бир ооз кош, – дегенде:

– Дадакем капкан коюп түлкүалган,

Казактан капшытын тешип мүлк алган –

деген уурулук жайы бар экен, ошону кошуп жиберет.

Атасы тирүүкезинде, атасынын амырында болду. Китепти окуп, өзүн өзүокутуп, молдо болду. Жаш кезекте окуган билими көкүрөктө калды. Жомокту таштаган жок.

1941-жылы Чүй каналын март-апрель айында казып, июнда уруш чыгып, 1942-жылдары Желарыктагы поезд жолун жасашты. 1942-жылы колхоздун эгинин өгүз-соко менен айдап, 1943-жылы эмгек аскерге алынды.

1945-жылы май айында уруш басылды. Эгиндин түшүмүкөбөйдү. Курсак тоюнду, эл оңолду, сыйлык байге берди. 1950-жылы катуу ооруп, жумуштан бошоп, иштебей калды.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

30-03-2011
Жомоктор топтому
117297

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×