Добавить статью
10:33, 28 марта 2011 16028

Комузчу

Автор: КАСЫМБАЛА

1971-жыл, 16-апрель. Нарындан келатып, комузчу Касымбала апага кездешүүмаксатында Кочкорго түшүп калып, күүгүм талаш Касымбала апанын үйүн сурамжылап барып калдым.

– Атайын келген экенсиң, балам, колдун каруусу жок болсо да чертип берейин, – деп өрүк комузду алып, күүлөй баштады.

– Жашыңыз канчада, апа? – деп сурадым.

– Токсон жетиде.

– Комузду кимден үйрөндүңүз?

– Чертип жүргөндөрүм он беш жашка чейин үйрөнгөн күүлөр. Атабыз Кыштообай чоң комузчу болчу. Атабыздын комузун чертип-чертип жүрүп, ар кайсы күүнүүйрөнүп алыптырмын. Бул жерге келгенден кийин уялып, көп чертпедим.

– Төркүнүңүз кай жерден?

– Төркүнүм өмүр уулу деп коёт, кырк түтүн. Түптүн Жайыл­ма, Жыргалаң деген жеринен төрөлгөм. Он төрттүн энеси элем. Эки балам аскерден келбей калды. үч кызым шаар болгон.

– Кайсы комузчуларды билесиз?

– Кочкордон Муса, Бейше дегендер чыккан...

– Күүлөрүңүздүжазгандар болдубу?

– Ысактын уулу Ысабек деген жазуучу балам Пурунзага алып барып күүлөрүмдүжаздырткан. Эмне болду билбейм, ушу күнгө чейин дайынсыз. Радиодон чыкпайт, – деп комузун толгоп, күүнүн башы «Камбаркан» деп коёт эмеспи, балам...

– «Камбаркан» деп эмне үчүн аталган, апа?

– Бул эң туңгуч байыркы элдик күү. Уламыштарда «Камбаркан», же болбосо комуздун чыгышы жөнүндө мындайча айтылат. Бир заманда Камбар аттуу баатыр болуптур.

Жигиттерине:

– Эмне көрсөңөр, уксаңар, эл ичинде кеп болобу, мага айтып келгиле, – дейт.

Бир күнүКамбардын эки жигити ууга чыгып, бир чытырман калың токойго барат. Токойду аралап, ит агытып, куш салып жүрсө, эки бактын ортосунда жиптей нерсе тартылып турат. Ортосунан өтүп бара жатып, бир жигит бул эмне болду экен деп, камчы менен чаап коёт. Караса, биринчи бактан экинчи бакка секирген маймылдын ичи бутакка тийип жарылып, ошонун ичегиси эки бакка тартылып, зымдай болуп кургап калыптыр. Экинчи бактын түбүн караса, небак өлгөн, курт-кумурскалар жеген маймылдын өлүгүжатат. Бири чаап, экөө өтүп кетет. Катып калган ичегиден дың деп үн чыгат. Камчы менен чапкан жигит жанындагы жолдошуна:

– Ой, сизге макул болсо, Камбардын айткан тапшырмасын аткаралык, талаадан эмне көрсөңөр, кызыктуу окуяга жолуксаңар айтып келгиле дебеди беле, – деп кечинде шаарды көздөй кайтканда, ичегинин окуясын Камбарга айтып келет.

Эртеси баатыр ошо камчы менен чапкан жигиттин өзүн жумшап:

– Сен ошо ичегинин эки жагын үзүп, түрүп мага алып келгин. Мындан бир кызыктуу нерсе чыгат, – дейт.

Жигит барып баягы ичегини алып келип, Камбарга тапшы­рат. Ал мунун эки башын бир метр келген туюк жыгачка бай­лап керип, камчы менен чапты эле, дың деген үн чыкпады.

– Мындан канткенде үн чыгарабыз. – Анан ийри жыгачка керип байлап, камчы менен чапты эле, мурункусундай дың деген үн чыкты.

– Муну камчы менен чаппай, ортон колуң менен чертип көрчү, – деди Камбар. Жигити үч жолу ортон колу менен черт­ти. Ал ойлоп туруп, муну көңдөй жыгачка байлап көрөлүкчүдеди. үстүачык, боору оюк жыгачка керип байлап, дагы черт­ти. Баягы маймылдын ичегисинен мурункусунан катуу үн чыкты.

– Кой, муну дагы башка түргө айландыралы, – деп акыл чечти. Төш жары жыгачты устага чаптырып, ылдый жагын ойдуруп, башына жалгыз кулак орнотту, ортон менен дагы черттирди эле түзүгүрөөк үн чыгып калды.

– Муну дагы өзгөртөлүк, – деп жакшылап мойнун ичкертип, чарасын жука оюп, бетин капкактап, буга кылды өйдөрөөк көтөрүп тургандай кылып тепке жасап, баягы ичегини кайра жакшылап ошого байлады.

– Эми чертип көрчү! – деди жигитин.

– Ой, эми үнүкадыр эсе жакшы чыкты! Акыры ичегиге сүйлөйт экен, – деп койдун ичегисин чий менен сыдырып, кырындысын кетирип, баягыны ийирбей эле жөн керип кургатып, чертип жүрдү.

Экинчи ичегини, ийикке ийритип кургатты. үч кулак жасап, муну оң кол менен чертмек керек деп жүрүп, баягынын аты «Чертмек» аталат. Акыры өзүчертип жүрүп, күүчыгарып, өзүмүн атыман болсунчу деп, «Камбаркан» койгон экен.

– Бул «Коңур каз» деген күү, балам.

– Коңур каз дегени эмнеси?

– Шумкардын канатынын күүсүн угуп, оттоп жаткан каздар кеңеш курат. «Суусу жок жерде олтурсак, ойрон кылат, андан көрө качалы да, качалы», – дешет. Шумкар асманда айланып, көзүн кызартып жүрөт.

– Ажалыбыз жетсе өлөлүже болбосо айдың көлдүкөрөлү, – деп шумкардан качкан экен.

Көлгө жатып оңолуп,

Көлгө кирип жоголуп.

Кубангандан кужулдап,

Бек сүйлөшүп калды эле.

Коңур каздын учканын, жазгырганын, көлгө түшүп кутулганын, өзүлөрүнчө кутулдук деп кужулдашып калганын, байыркы комузчулар «Коңур каз» деген күүгө салышкан.

Ошону ар бир комузчу ар башка, бирөө билип чертсе, бирөө билбей окшоштуруп чертет. Бул биз чыгарган күүэмес, ата-бабабыздан бизге мурас күү.

– Дагы кайсы күүлөрдүчертесиз?

– «Абактын арманы» деген күү. Абак чыгарган күү. Бул чындык өзүнүкү. Чымырбай, Түркөбай – экөө бир тууган. Чымырбай улуусу, Түркөбай кичүүсүэкен. Чымырбайдын Кыштообай деген уулу болот. Конуш туурасынан чатак чыгып, Абак чаап жиберсе, Кыштообай өлүптүр. Кыштообайды өлтүргөндөн кийин Чымырбайдын балдары Абакты кармайбыз, биз дагы өлтүрөбүз деп, чатак чыгат.

Абак кашка аргымагын минип, Балтабай ханга келип, үйүнөн таппай: «Караколго кетти», – деп угуп, кайра келатса, Балтабай алдынан чыгыптыр.

– Кашка аргымак минип, Абак эмне кылып жүрөсүң? – дейт.

Ошондо Абак:

– Кара атан өлүп бүк түштү, кайран башка жүк түштү, ханым. Айлам кетип корголоп, ажал жетпей, күн бүтпөй жүрөм. Чымырбайдын Кыштообайы мен колдуу болду, менин айлам эмне болот?

– Сенин айлаң эмне болчу эле, саа конуш табылбай калмак беле, бир үйдүн орду үчүн бир кишини өлтүрүп келгениң уят эмеспи, мага эмнесин айтасың, – деп Балтабай оң жооп айтпай, бастырып кетет.

«Балтабайдын түрүбузулду. Башка түшкөндүкөрөмүн», – деп Шапак Карач аке дегенге келет. Салам айтып кирип олтурганда Карач аке айтат:

– Кабагың салыңкы, кайгырган кишидей болуп келдиң?

– Кара жанга күч келди, Карач аке, башыма иш түшүп, эсимди таппай, этегиңе баш катып, сизге келдим.

– Кудай Таала, Абагым, эмне болду сага?

– Чымырбайдын Кыштообайын жаздым кылып салдым, Карач аке!

– Балтабайга жолуктуңбу?

– Салам берип, жайымды айтсам, атын моюнга бир салып, жооп бербей бастырып кетти.

– өлчөөдөн артып күн көрбөйт, себеп болбой эр өлбөйт. Кыштообайдын ажалы жеткендир, сенден себеп болгондур. Бир күнүот болот, эки күндө чок болот, эртеңки күндө топ болот. Коркпогун, Абак мырза, өткөн-кеткен сел болот, эки тууган эл болот. Каның өзүбилээр дейсиңби, бизге да киши жибе­рээр. Башыңа кыйын иш түшсө, коркконуңдан не пайда, Абак. Жортормон жолу болбосо, жорткоңуңдан не пайда. Кичине жылыштап, көзүнө көрүнбөй туруп туру, Абагым. Ачуусун токтотобуз! – деген экен.

Ошону менен сөз арасына сөз түшүп, эки тууган элдешпей, күзүндө эл жайлоодон түшкөндө Кыштообайга ат чаап, аш берет. Көл айланасындагы эл чогулуп, күлүктүн баары келет.

Абак атын таптап, кызы чабат. Абактын ошентип кара кашка аргымагы чыгат. Ат чапканга келгендер чогулуп, байгесинен бир тыйын элге бердирбейт.

– Эки тууганды элдештирбей кетсек биздин журтчулугубуз болобу? Журтка эп келсе, – деген экен Карач – аргымактын куйругун, көкүлүн шүйүп, кызыл жоолук менен кызынын башын бууган бойдон, Чымырбайдын астына алып баралы. Кызды, атын көрсө, эстүүкиши эмеспи элге сөзүн берип, эки тууган эптешип калаар.

Карачтын сөзүн макул таап Садыр аке:

– Аттанган тобубузду жазбай, Чымырбайга баралы! – деген экен.

Кара кашка атты жетелеп, кызды үстүнө мингизип, кызды атакелетип ыйлатып, чапкан бойдон үйүнө өкүрүп барып түшүшөт. Ошондо Карач аке сөз салат:

– Бир бээнин кулунунун ала-куласы жок деген, Чымырбай аке, мынабу Абак болсо бир балаң, Кыштообай болсо бир балаң. Жаздым болуп, Кыштообай өлүп калыптыр, эңкейип ыйлап баш тартып:

Алыстан чыккан ат тартып,

Кулун кезинен наагынып,

Алдыңа келди жалынып,

Чымыке, буга не дейсиң? –

дегенде Чымырбай:

– Эки душманды эл кылган эрдин иши, эрдигиңерге ыраазымын, бирок бир жериңерге таарынып турам, айтайын: өлтүргөн бала, өлгөн бала экөө тең менин балам.

Алыстан озгон ат кимки,

үстүнө минген кыз кимки,

Жамгыр суусу жок болсо,

Жерге кырсык деген,

Капалууга ат тартса,

Кайгылууга баш тартса,

Ата-эне башка болбосо,

Баламды тартуу мен алсам

Башыма кырсык кыламбы!

Эл чогулуп, урматтап турганыңыздан кийин, атка, балага кырсык кылбай, атты мамыга байлатпай, кызды үйгө киргизбей, кайра үйүнө кайтарып жибергиле! Ыраазымын, кечтим журтум! – деген экен. Атты мамыга байлатпай, кызды түшүрбөй, кайтарат. Ошондо эл чогулуп, элдешип турганда Абак арман кылып, черткен күүсү.

– Эми черте турган күүм «Күлойрон».

– Мунун мааниси кандай?

– «Күлойрон» эл күүсү. Илгери дөөлөс Сарт баатырдын баласы Арпа деген болуптур. Бул Арпа атасы чоң болгону менен, өзүүйдөн үйгө жарма аңдып ичип жүргөн, чокой тартпаган илээнди экен. Арпа өлгөндөн кийин аялы кошпой, жатып алыптыр.

– Эри өлгөн киши эл өкүрүп келгенде унчугуп олтурат, унчуксаң боло! – десе дегеле унчукпайт.

– Эл өкүрүп келсе да, келиниң унчукпай койду, – деген сөздүСарт аке угат.

– Бечара кошок билбей жаткандыр, бирдеме үйрөтүп койсоңор.

– Айылда аялдар минтип айт, антип айт десе да ыйлабай койду, – дейт.

Илгери убакта ыйлабаган аялды жаман көрө турган.

– Жаман болсо да менин балам, ал мени кордогонубу. Бу ыйлабаганы эмнеси, теңине албай, өлгөнүнө сүйүнүп жатабы, жүргүлө! – деп айылдагы жигиттерди чогултуп, төрт жагына төрт казык каккыла, үстүнөн кой чубатамын, бу карабеттин көзүн тазалайын. Алып чык, бейбакты! – деп бакырганда Арпанын аялы бөйрөгүн таянып, кошуп жиберет:

Же сайып койгон тулуң жок,

Сандыкка салган үбүң жок,

Жыйып койгон жүгүң жок,

Атаны кокуй Күлойрон,

Кайсыныңа ыйлаймын.

Бир кемпир келип:

– Айланайын балам, көп эле кемите бербе, кичине көтөрүп, мактабыраак айт! – дейт.

Ошондо жана кошту:

Киши айтканын сүйбөймүн,

Күлойронго күйбөймүн.

Арманда кеткен Күлойрон,

Кайсы бирин айтамын.

Кийип жүргөн куур тон,

Тизесине жеткен эмес күлойрон,

Арпа куурган жеринде,

Кемегенин башынан,

Кеткен эмес Күлойрон.

Тамак издеп жоголуп,

Келген эмес Күлойрон.

Жарма куйган кара аяк

Талашса да колунан

Берген эмес Күлойрон.

Ошондо Сарт баатыр:

– Бассын, балам, үнүн!

Айтканын баарын кылып бер,

Тулун болсо, жайып бер.

Каркыралуу төөгө жүк жүктөп,

Жайлоону көздөй көчөмүн.

Жылдызга чейин барамын,

Журтка санак кыламын, – дейт.

Ошондо көкүрөктөгүкөп эл аңыз кылып, Сарт баатырдын Арпа деген уулу өлүп, аялы кошокчу болду, тосуп кошогун угалы дешет.

Баары-жогуң келипсиң,

Тоспогун менин жолумду.

Артымдан силер куубагын,

Жолумду тосуп буубагын.

Кошок угам десеңер,

Көчкөндө көчүм айдап ук,

өрүүмдө төөм байлап ук,

Кошокко кумар болсоңор,

Жайы-кышы жайлап ук.

Атынын башын жетелеп бараткан бир кемпир:

– Кагылайын кулунум,

Эңкейиште эр сайган,

Экини катар бир сайган,

Баатыр эле! – деп кош деген экен.

– Мен айтканыңа барбаймын,

Сенин тилиң албаймын.

өмүрүм узун болсун деп,

өрүшүм жайык болсун деп,

Жорткон эмес Күлойрон.

Кези келсе кекетип,

Койгон эмес Күлойрон.

Чогулушкан жер болсо,

Атка минип чиренип,

Барган эмес Күлойрон.

Той-токум болгондо,

Калган эмес Күлойрон.

Мен бөлөк сөздүбилбеймин,

Ушул айткан сөздөрүм,

Жалган эмес Күлойрон.

Ушундан улам «Күлойрон» болуп, кыяк менен комузга күүболуп түшкөн экен.

Мындан соң Касымбала апа «Шылдырама», «Кер толгоо», «Насыйкат», «Ботой», «Арман күү» өңдүүбир катар күүлөрдүчертип берди.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×