Добавить статью
11:15, 28 марта 2011 7781

Кыякчы

Автор: ЖАЛИ

жали 1961-жыл.  Күз айы. Алай ра­йонуна командировкалап барып калдым. Гүлчө айылына жетээрим менен, мейманканадан орун алып коюп, мурдатан тааныш карыя комузчу Кулубай Түмөнбай уулунун үйүн бет алып жөнөдүм.

Барсам Кулубай аке короосунда өрүктөн комуз чаап жаткан экен. Көрүшүп, учураштык.

– Бул аймактагылар комуз жасатууга мага келишет, – деди карыя керкисин коюп. – Жүр, үйгө кирелик...

Ал-жай сурашып, жайланышкан соң:

– Эми Алайдын күүсүн сагынгандырсың, бир чертип берейин, – деп комузун алып, «Эргиме», «Эки ногой айрылыш», «Ак кочкор, Каңкы», «Керме тоо» деген күүлөрдүөтө эргип чертти.

– Дагы бир жигит келип, күүңүздүжазып алалык, жүрүңүз дегенинен табым болбой турат деп, барбай койдум, – деди.

– Андай күүалуучу адамдар дайыма эле келе бербейт. Жаздырсаңыз болмок. Кайдан келиптир? – деп кызыгып сурап калдым.

– Ошто мугалим болуп иштейм, мейманканадабыз, – деди.

– Барып күүлөрүңүздүжаздырганыңыз оң болот. Көкү­рөгүңүзгө катып жүрө бергенде ким билмек эле. Артыңызда изиңиз калат. Жүр, аксакал, баралык.

Кулубай аке, комузун колуна алып, экөөбүз ээрчишип мейманканага жөнөдүк.

Күн бата жаздап калган, комузчуну издегендерди таптык, бөлмөгө кирдик.

Бизди мээримдүүлүк менен эки адам тосуп алды. Бирөө чачтарына буурул кирип, элүүлөргө жакындап калган сымбаттуу, экинчиси отуздар чамасындагы жигит экен.

– Ассалоом алейкум, – деп кыргызча салам айтып учураштык.

Таанышып коёлу дегендей:

– Мен Ленгардт Анатолий Анатольевич, бул жигит Дооронов Сами деп аты-жөнүн айтты да, мындан кийин орусча сүйлөй баштады.

– Экөөбүз тең Ош пединститутунда иштейбиз. Мен музыка кафедрасынын башчысымын. Бул жигит мен иштеген факультетте мугалим. Фольклор чогултууга аттанып чыктык. Жыйнагандарыбызды нотага түшүрө берсек, бизден кийинкилер да бул ишти улантышса, бара-бара элдик казына байыйт. Алды менен Ош аймагындагы ыр-күүлөрдүжыйнасак, Кыргызстандын түндүгүнө экспедицияга барып калышыбыз да ыктымал.

өз ара сүйлөшүп олтуруп, арадан бат эле бир топ убакыт өтүп, түнкүсаат он болду.

– Көчө тынчып калды, эми жазсак болот, – деп Анатолий Анатольевич Кулубай комузчуну баш кылып, Гүлчөдөгүкомузчу-ырчылардын обон-күүлөрүн магниттик лентага түшүрдү.

Эртеси Ленгардт Анатолий Анатольевич маданият үйүнүн автоклубун сурап алды. Мен да аларга кошулуп, элдик өнөрпоздорду издеп чыктык.

Алды менен «Правда» колхозунда жашап туруучу кыякчы-комузчу Жали Али уулуна барсак, карыя үйүндө болуп чыкты. Биз барардын алдында Жали ата керки менен бир нерсе жасап жатып, сол бармагын жара чаап алыптыр. Бирок ошого карабастан кабагым-кашым дебей, жадырап-жайнап, күүберүүгө макулдугун билгизди.

Негедир бул өрөөндө күндүзүэлектр жарыгын өчүрүп коюптур. Анатолий Анатольевичтин магнитофону ток менен иштейт экен. Автоклубдун движогун от алдырып, магнитофонун ошонун тогуна туташтырып, жазганга киришти.

Ток алган зым үйгө киргендиктен, эшик жакшы жабылбай, коомай болуп калган. Движоктун үнүүйгө кирип, күүменен кошо жазылып калбасын деп, бою узун балдарды катары менен эшиктин алдына тургузуп койду.

Жазганга киришти. Жали ата «Ак селки», «Кер толгоо», «Айкүмүштүн такылет», «Дөгөөчүнүн арман күү», «Эски камбаркан», «Насыйкат», «Гүлгаакы», «Шырдакбектин боз жорго», «Алты кыздын арманы», «Толгонайдын селкинчек», «Бекарстан», «Ак келин», «Карөзгөй», «Кырк уул Пешинин арманы», «Моңолбай жалгыз», «Эски Насыйкат», «Ак шыйпаң», «Токтогулдун кербези», «Токтогулдун кер толгоо», «Жаш ботом», «Эрке кыз», «Шамшия», «Токтогулдун арманы», «Күлмөскан», «Желдирме», «Ысманалынын аялынын арманы», «Каркыра» күүлөрүн жаздыргандан кийин:

– Балдарым, мен бир азыраак тыныгайын, – деди.

– Эс алыңыз...

Аңгыча дасторкон жайылып, чай келди.

– Чай ичип алгыла, күн чак түш болду...

Карыя бир аз убакыт өткөндөн кийин, кайрадан жаздыра баштады.

– Аксакал, адегенде күүнүн сөздөрүн айтып, андан кийин чертсеңиз, – деп Дооронов Сами суранып калды.

– Азыркы черте турганым «Эр Табылды жалгызым».

Илгери Эр Табылды Барскоон деген жерде калмак менен атышат. Жарадар болуп, ары карай белге түшүп барган экен.

Бет маңдайында Киндик деген жердин ылдый жагында жайы-кышы күн тийбес бийик тоо бар. Эр Табылды кан тамган жеринде, жыгылып жатып:

Канатың менен кар бергин, күкүк,

Токсон калмак мен жалгыз, күкүк,

Томугум жарып ок тийди, күкүк.

Толгоно албай жатамын, күкүк,

Алтымыш калмак мен жалгыз, күкүк,

Айланалбай жатамын, күкүк,

Тумшугуң менен суу берчи, күкүк,

Карындашым Карлыгач күкүк,

Канатың талып конгончо, күкүк.

Карлыгачка барсаңчы, күкүк.

Эр Табылды жалгызың, күкүк,

Ээн жерде калды де, күкүк.

Токсон калмак мен жалгыз,

Толгоно албай жатамын, күкүк,

Канатың талып болгончо, күкүк,

Карлыгачка барсаңчы, күкүк,

Кабарды мыктап салсаңчы, күкүк.

Карындашым Карлыгач, күкүк,

Кайрылбастан барсаңчы, күкүк.

Табылды сөзүн уккан соң, күкүк,

Куйрукту чайкап алды эле, күкүк.

Канатын кагып калды эле, күкүк,

Асмандап учуп алды эле, күкүк.

Эр Табылды үйүнө

Күкүк жетип алды эле,

Табылдынын кабарын

Карлыгачка салды эле.

Учканына күкүктүн,

Күнү-түнүболду эле.

Карлыгачтын ак ордо,

Чамгаракка конду эле,

Таң жаркырап күн чалды,

Күкүк шондо үн салды.

– Куу арча башын сактаган, күкүк,

Куйругун күнгө кактаган, күкүк.

Жалгыз агам Табылды,

Узун элге кеп болду.

Табылдынын кеткени

Узун кыйла көп болду.

Андан бир кабар алдыңбы, күкүк,

Кара арча башын сактаган, күкүк.

Канатын күнгө кактаган, күкүк,

Карааным менин Табылды, күкүк,

Калмакка кетип жок болду

Андан кабар алдыңбы? – дейт.

Ошондо күкүк айтат экен:

– Табылдыны мен көрдүм,

Кабарын айтып мен келдим.

Токсон бир калмак ал жалгыз

Томук жара ок тийип,

Толгоно албай жатыптыр.

Суусап жаткан баатырга

Тумшугум менен суу бердим,

Канатым менен кар бердим,

Кабарчы келдим өзүңө,

Кайнатма кара дарыны

Кыйма кызыл дарыны,

Ак куржунга салсын, – дейт,

Ак тулпарды минсин, – дейт.

Алты күндүн ичинде

Ат аябай келсин, – дейт.

Күкүктөн кабар алган соң,

Кер тулпарды жетелеп,

Ак тулпарды ал минип,

Күнү-түнүалты күн

Карлыгач жетип келди эле,

Алы кетип калыптыр

Асыл тууган Табылды

Чымындай жаны жатыптыр.

Карындашы Карлыгач

Ботодой боздоп буркурап,

Абакелеп чыркырап,

Абалың сенин кандай, – деп,

Алып келген дарыдан

Алты сапар берди эле,

Кайнатма кара дарыдан,

Сыртынан сыйпап калды эле.

Кыйма кызыл дарыдан

Ичинен эзип берди эле.

Дарыдан ичип Табылды

Чукуранып ойгонуп,

Ордунан турду толгонуп.

Табылдыдай агасын

Кер тулпарга мингизип,

Табылдыдай баатырды

Дары менен тиргизип,

КереметтүүКарлыгач

Кереметин билгизип.

Элине аман барды эле,

Элинин баарын чакырып,

Нечен түркүн ой кылып,

Нечен күнүтой кылып,

Элден бата алды ошол.

Анатолий Анатольевич карыянын күүлөрүн жазып бүтүп, чертип бергендигине ыраазылыгын билгизип, ырахмат айтты.

– Мен кыякчымын, кыягымды коңшу айылдагы бирөө сурап кетти эле, кайра келе жатканда кайрыла кетсеңер, кыя­гымды да тартып берейин, силер келгенче кыягымды алдырып коём, – деп өтүндүЖали ага.

– Сөзсүз кайрылабыз! – деди Дооронов Сами.

Анатолий Анатольевич коштошоор алдында:

– Сиз да музыкага ышкыңыз бар экен, максатыбыз бир экен, тагдыр бизди дагы кездештирет, – деди колумду бекем кысып.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

13-11-2014
Токмоктор
16738

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×