Добавить статью
10:15, 30 марта 2011 117396

Жомоктор топтому

БЕЙЖАЙ АЯЛ

Мисир шаарында отун алып, аны сатып жашаган бир отунчу кедей болот. Анын бейжай аялы бар экен. Тамагыңдын тузу жок экен деп койсо, кочуштап келип туз салат тамагына, тамагы уутана болуп калчу экен. Ысык экен деп койсо кокустан, суу куюп суутчу экен.

Жигит бир күнүаялын бир муштап коёт.

– өлтүр эле, өлтүр! – деп, таң атканча сүзгүлөй берет. Баягы күйөөсүачка жатып, таң ата эртеси отунга кетет.

Ал кеткенден кийин аялдын ачуусу тарабай кедейдин артынан токойго барат. Атын байлай салып тик ылдый жөнөйт. Ошол жерде илгери-илгери казылган кудук бар экен, оозу бадал менен жабылып калган. Катын ошого ачуусу менен баратып түшүп кетет.

Күйөөсү: «Ырас кутулдум бейжайдан», – деп, отунун алып, аны базарга сатып, курсагын тойгузуп, үйүнө келип олтурду. Жашынан катыны тилдеп жаман көндүрүп койгон неме, бир-эки күн өткөн соң катынынын урушун сагынды. Анан: «Бейжай болсо деле катындын бары түзүк турбайбы, эртең барып чыгарып алайын» – деп чечти.

Отунчу эртең менен кудукка барды. Аркандын бир учун казыкка байлап, бир учуна таш байлап, кудукка салды. Арканды анан өзүжакка тарта берди. Аялы жок. Бир маалда бир кулагын жамынып, бир кулагын төшөнгөн жин чыкты.

Жигит эстен танды. Ал эси ооп жатса, жин келип:

– Жакшылыкка жакшылык, сенин кылган жак-шылыгыңды кантип унутайын. Кечээ шашкеде бул кудукка бир аял түшүп келди. Мынакей, бетимдин тытылбаган жери жок. Айлам кетип турганда сенин арканың колума тийди. Мындан артык да жакшылык болобу, ошону менен чыгып келдим.

– Ошол катын меники болчу, арканды ошого салган болчумун, – деди отунчу.

– Ушу менин жин башым чыдай албады, сен кантип чыдап жүрдүң? Мынабу Мисирдин падышасынын жалгыз кызы бар, ошону сага алып берейин, бул катынды ташта, – деди жин.

– Мал, дүнүйөм болбосо мага падышанын кызын кантип алып бересиң? – деди жигит.

– Мен, эртең барамын да, кызды жинди кыламын. Кыздан кетпей бир айга чейин кармасам, бир айдан кийин падыша жар чакырат, кимде-ким менин кызымды айыктырса, ушул айыккан кызды ошол алсын, – дейт. Сен дароо баргын да, чөптүсыгып, ширесин бетине сүрт, анан сууну бетине бүрк, кыз дароо айыгат, убада боюнча кызды сен аласың. Анан менин шертим, мага экинчи келбе. Мен дагы бир кызга тием. Сен аны дагы айыктырам деп экинчи жолу келсең көзүңдүкөр, колуңду шал кылам, – деди.

Ошондо отунчу: «Бүгүн байкайын, бүгүн падышанын кызы жинди болсо, бул катынды албаймын, күтүп турайын» – деп жинге ишенип, дары-дармегин алып, үйүнө кете берди. Жин барды да падышанын кызына тийди, кыз жинди болду.

Бир айга чейин кожо-молдодон жардам болбогондон кийин, падыша жар салды.

– Кимде-ким менин кызымды айыктырса, өзүнүн салмагындай алтын беремин – деген сөздүайтты.

Муну уккандан кийин дары-дармегин, чөбүн алып барып, суусун бүркүп кызды айыктырып, канга күйөө бала болуп кала берди отунчу кедей.

Жин андан өтүп, Багдаттын падышасынын кызына барып тийди, кыз айыкпады.

Баягы кабар дагы угулду.

– Сооп үчүн күйөө балаңды жардамга жибер – деп, Мисирдин падышасына кабар келди.

Амал жок отунчу күйөөнүн кайын атасы:

– Багдаттын падышасынын кызы оору экен, айыктырып кел, балам, сооп үчүн – деди.

Барайын десе жинди кылам деген жиндин убадасы бар. Барбайын десе, кайнатасынын сөзүн кыя албайт, бир кыйноого түштү. «Бирок кайнатага жаман көрүнгөнчө айыктырам деп барып жинден өлөйүн», – деп, тобокелге салды.

Багдат падышасынын үйүнө кирсе, жин кызды кучактап олтурат. Ошондо эле кедейди жин көрө коюп ачуусу келди:

– Ай, нысапсыз, айткан сөз, алышкан кол кана, көр кылып, шал кылам сени, – деди.

– Ай, таксыр, – деди кедей, – мен дүнүйө, бакты, такты издеп келгеним жок бул жерге, баягы катын кудуктан чыгыптыр, жинди таап бер, – деп мени кубалап келатат. Ошону сага эскертейин деп келдим, – дептир отунчу.

Ошондо жин кучактаган кызын таштап:

– Мен Көйкапка кеттим, катыныңа өзүң жооп бер – деп, көздөн далда болгон экен.

«Бейжайдан жин качып кутулуптур» ылакабы ошондон калыптыр.

ТӨЛГӨЧҮ

Эрди-катын экөө жашынан кошулуп, картайганча бирге турат. Анан экөө:

– Кошулганда кедей элек, ошол бойдон келатабыз. Мен эми өз оокатымды өзүм кылайын, сен өз оокатыңды өзүң кыл – деп, чалы сөз баштады.

Кемпири:

– Сен эл катары иштебесең, Кудай Таалам оокатты өзүэле оозуңа салып турабы? – дейт.

– Соода кылайын десем ага жарабадым, орок оро албадым. Дүнүйө-мүлктүкудай бербеди, ууру кыла албадым, – дейт чалы.

– Анда менин тилимди алгын, – дейт кемпири.

– Кырк бир кумалак таш, бир оромол берем, тогуз жолдун тоомуна бар да, оромолду жайып төлгө тарт.

– Мен төлгөчүбелем, ал тургай эмне деп айтаарын да билбейм, – дейт чал.

– Сен, – дейт кемпири, – кумалактын тилине караба, оюңа эмне келсе, ошону айтып отура бер.

– Акыры чал ишти кемпири айткандай кылды. Оромолун жайып, кумалагын анын үстүнө жайып олтура берди.

Ошол шаарда бир кедейдин эшеги жоголуп, бир ай болуптур, таппай жүргөн экен, баягы төлгөчүгө келди.

– Төлгө тартып бер мага, табылып калса мынабу тыйын мал башы, – деп беш тыйын берди.

Төлгөчүтыйынды алып, төлгөнүжайып коюп, олтура берди.

Төлгөчүсүйлөбөйт, аны күтүп тигил отурат. Чал эгерим эшикке чыгып көргөн эмес бала чагынан. Бир жолу молдого барган эле, ошондо санаа ич деген экен, ошо сөз оюна түштү.

– Бар, санаа ич! – деди.

– Дагы эмне дейсиз?

– Санаа ич! – деди.

Дагы айтса:

– Санаа ич! – деди.

Эшектин ээси: «Эшегимдин бар, жогун айтпастан санаа ич дейт», – деп, таарынып басып кетти.

Төлгөчүдөн өтүп чай ичейин деп самоорчуга барса бир капта санаа деген жалбырак туруптур. Баягы санаадан беш тыйынга алып салып: «Эшек кайдан табылат эми» – деп, чай ичип олтура берди. Аңгыча ичи ооруп чыкты. Шаардан чет ээн жерге барып, отурайын десе коктунун таманы толо камыш. Аны араласа эшеги камыштын ичинде жүрүптүр, таап сүйүнгөнүнөн төлгөчүгө келип дагы беш тыйын берди.

Күндөрдүн биринде шаардын ханы казынасынан эки каухар жоготту. Бул хандын кырк тогуз төлгөчү, балчысы бар экен. Төлгө салып, бал ачышты, бирок каухарды ким алганы белгисиз.

Хандын ачуусу келип:

– Бир жумада таппасаңар даргага астырам, – деди.

Бир жумага чейин баягы буюм табылган жок. Баягы айткан жумасында кырк тогузун тең даргага асмак болушту. Калайык бүт чогулду.

Баягы эшегине төлгө салдырган келин ханга бирдемелерди шыбырады:

– Жокту таба турган бир балчы бар.

– Аны билсең өзүң барып айдап кел, – деди, хан. Ал барып төлгөчүнүайдап келди.

– Менин кырк тогуз балчым бар эле, бардыгы жоголгон буюмумду таппай коюшту. Баарын тең өлтүргөнүжатам. Сен да издеш. Эгер таппасаң элүүнчүкылып сени да даргага асамын.

Чал ээн тамга кирип: «Муунуп өлөйүн», – деп ойлоду да, ханга шарт койду.

– Мени бир ээн жерге коюп, бир ичке аркан бер, – дейт.

Хан чалдын мүдөөсүн аткарды.

Хан эшикте: «Эмне деген кабар айтаар экен?» – деп, күтүп отурду. Увазир, жигиттери жанында.

– Жан чык, жан чык! – деп, кыйкыра берди төлгөчүүйдөн.

Баягы муунуп атканда хан:

– Эшикти ачкыла, бул тапты! – деди. Эшикти ачып кирип барышса чал баягы арканды сыйыртмак салып муунуп калыптыр. Бирок:

– Шаарда уурунун аты – Жанчык деген үн чыкты.

Туш-тушка чапкылап шаардан Жанчык аттуу бир казыначы бар экен, ошону айдап келишти.

– Жанчык, каухарды сен алган турбайсыңбы! – деди хан.

– Мен келе жатсам казынанын эшиги ачык. «Ууру алса каухарды эле алат» – деп, эки каухарды алып барып үйгө коюп койгом, – деди.

Ошентип, каухар табылды. Хан ал төлгөчүгө ыраазы болду.

– Бай кылайынбы, же мансаптуу кылайынбы, эмне тилегиң бар? – деп сурады хан төлгөчүдөн.

Чал айтты:

– Мага эч мансаптын кереги жок. Менин суранаарым мындан ары бир буюмуң жоголуп кетсе, мени таап бер деп гана кыйнаба, – деди.

Бирок төлгөчүнүн атагы дүйнөгө кетти. Анан бир хандын азиз кызы, кырк нөкөрүбар экен. Кыздын колундагы каухар шакек жоголуп, ал табылбай калат. Ал сарайда кырк кыздан башка эч ким жок экен.

– Менин кызымдын шакеги жоголду, ошону таап берсин – деп, берки ханга кат жиберди. Төлгөчүнүтааныган хан:

– Барып таап бер! – деп, төлгөчүнүтигил хандыкына жиберди.

Келген жигиттер шатыра-шатман төлгөчүнүалып жөнөдү. Хан кечинде келип учурашып:

– Эртең менен келебиз, төлгөңдүтартып шакекти таап кой, – деп макулдашты.

Төлгөчүнүн жүрөгүнө тамак баспай: «Кантип табам» – деп, убайым басты.

Жарым түн оогончо уктабай олтурса бир кыз келди.

– Эмне келдиң? – деп, төлгөчүсөз салды.

Кыз айтты:

– Бир кашык кан, чымындай жанымды сенден соогатка сурап келдим, – деди.

– Кандайча? – деп сурады төлгөчү.

– Ошол шакекти мен уурдагам, эртең сен табасың, ошол себептен жанымды сурап келдим. Кантип аман алып каласың?

Төлгөчүайтты:

– Сарайда дагы ким бар?

– Кырк кыз, он эки каз бар. Андан башка эч ким жок.

– Он экинин ичинде белгилүүказы барбы?

– Бар, – деди кыз, бирөө көк ала.

– Шакекти камырга ороп ошол казга жегизип кой, эртең менен ошол каздын курсагынан табайын.

Кыз болсо, шакекти камырга ороп, көк ала казга жегизип койду.

Эртең менен: «Кантип табаар экен» – деп, хан увазирлери менен келди.

Баягы төлгөчүхан келгенде кумалагын ары чачып, бери чачып:

– Муну адам албаптыр, мында бир көк ала каз бар экен, ошонун жемсөөсүндө, – деди төлгөчү.

Хан казды карматып сойдурса, шакек камырга оролгон бойдон чыкты. Төлгөчүхандын бергенин алып, байып калды.

КАУХАР

Илгери Ал-Ариш падышанын доорунда калктын пейили абдан оңолуп, ууру жана калп жоголуптур.

Бир дыйкан:

– Мынабу жериңди мага сат, – деди бир адамга келип. Ал адам жерди ага сатты.

Дыйкан буурусун салып айдап жүрсө буурусунга илинип, капкагы ачылып калган кумган чыкты. Ичи толо алтын.

Алтын таап алган киши ээсине барды:

– Жериңизден алтын чыкты, алтыныңды өзүң барып ал, – деди.

Анда мурунку кожоюн:

– Сенин пешенеңе чыккан алтын, мен нечен жолу айдаттым, бирок алтын чыккан эмес, албайм, ал алтын сенин пешенеңе жазылган, – деди.

Бул экөө «сен ал, мен ал» болуп кыжылдашты. Экөө чатакташкан боюнча падышага барышты.

Сатып алган:

– Мен жерин сатып алгам, алтынын сатып алган эмесмин.

– Нечен жылдан бери мага табылбаган алтын мунун пешенесине табылган, мен албайм, – деп жер ээси айтты.

Ошондо падыша:

– Экөө тең албайм деп жатат, эмне кылабыз – деп, султандарын чакырып алып акылдашты.

Бир бүтүмгө келе алышпаганда бир акылман увазири бар экен, ошого кеңешти.

– Таксыр, ээси жоктордун баары хандын казынасына кирет, сиз казынага салыңыз, – деди увазир.

Бул сөздүукканда хан ыргып туруп:

– Минтишке акым жок, эмне үчүн мен аламын.Мен жамандык жолго чыксам, антпе деп акыл айта турган сен ушуну кыласыңбы, – деди падыша увазирине. Ал увазирди күнөөлөп зынданга салды.

Экинчи увазирин чакыртты.

– Таксыр, тапкан киши, саткан ээси албаса, же падыша сен албасаң, муну терең казып тебелеп-көөмп коюш керек, – деди ал.

– Бул алтын, табыйгат тебелеп-көөмп койгон алтын болчу. Эми бизди пайдалансын деп жердин үстүнө чыгарып бербедиби.

– Мээнет тер төкпөй пайдалансак күнөкөр болбойбузбу, – деп дагы бирөө чыкты.

– Эми эмне кылабыз, – деди анда падыша.

– Кимиң бар үйдө? – деп сурады аргасы кеткенде.

– Бойго жеткен уулум бар, – деп бирөө айтты.

– Бойго жеткен кызым бар, – деди бирөө.

Эртесинде бирөө кызын, бирөө баласын алып келди.

Бирөө уулун, бирөө кызын бергенден кийин падыша көпчүлүктүн алдына чыкты:

– Бул уул-кыздын тагдыры менде. Себеби эми уул да, кыз да меники. Калайык калк, экөө жуп. Мен кайнатасы катары эки балага энчи берем. Мынабу алтын силердики, – деди.

Отурган эл:

– Туура, туура! – дешти. Экөө кошулуп үй-бүлө болушту.

Бир күнүкыз:

– Бул алтын аталарыбыз тапкан алтын. Ушуну аталарыбыз да, падыша да албады. Биз эмне үчүн алышыбыз керек? Мээнет, тер чачканыбыз жок. Бекер, а бекердин сорпосу татыбайт. Ошон үчүн падышага алып барып берели, – деп чечишти.

– Пешенебизге эмне жазылса ошону көрөбүз, мына бу алтынды албайбыз, алууга акыбыз да жок, – деп падышага таштап кете беришти.

Падыша улама, улукту, султанын чогултуп:

– Муну эмне кылабыз, кимге беребиз – деп акылдашышты. Бир даанышман чыгып:

– Бул алтындын наркына бир кенен жерге мөмө-жемиш тигелик. Ошо жемиштен бүтүн эл пайдалансын, – деди. Бул бүтүмдүпадыша туура тапты.

Бак жасалды. Анжир, алма, өрүк мөмөнүн жемишин үч жылга чейин тикти. үч жылда алдыңкы тиккени мөмө берди. Анын бир сорту күйүп турган каухар болду. Ошондо падышага сүйүнчүбарды.

– Сүйүнчүтаксыр, биздин кылган ишибиз ак экен, бир түп бак каухар болду.

Ошентип, падыша эл-журтуна:

– Кимде-ким кембагал болсо ушул каухардан пайдалансын деген жарыя кылган экен.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

28-03-2011
Жомокчу
132223

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×