Добавить статью
10:20, 30 марта 2011 27695

Акын

Автор: ТОКТОСУН

ТОКТОСУН Атасы жети жашында өлгөн, чокчо кара сакалы бар чаканыраак орто бойлуу, арык чырай киши экендиги эсинде калган.

Атасы дыйкан, апасы Күл­кан тилдүү, ооздуу, ырчы, сөз­мөр, кара торусунан келген кара томолок киши болгон. Ударник болуп курултай, чогулуштарга катышып, орокту да эркектерден ашык орчу. Согуш жылдарында колхоздун башкармасынын орунбасары болуп туруп, 1942-жылы 18-январда каза табат. Ушинтип, энеден он беш жашка чыкканда ажырайт. Апа­сынын какканын угуп калып, кага берчү. Андан айылдагы келин-кыздар келип үйрөнүүчү. Ошолорду аңдып жүрүп ал дагы үйрөнүп алат. Жыгач комузду тогуз жашында чертет.

Кичинекей кезинде айылында Ниязаалы баш болуп, Базараалы, Акмат, Кара Курманаалы жашы, кары Курманаалы деген комузчулар бар болуучу. Ушулардын майрам тойлордо, эл чогулган жерлерде ырдаган ырларын, черткен күүлөрүн көп уккан.

Ниязаалы Борош уулу шыңга бойлуу, чап жаагынан келген, колдору шадылуу, мүлжүйгөн, тиши жок, кара сур, көзүкүлмүңдөгөн куудул киши болгон. Далысы эңкейиңки тартып калган, далылуу. Балбанга да түшкөн дешет жаш кезинде. Ырдап жиберчү. «Шырдакбектин боз жоргосун» таң атканча айтат дегенин укчу. Ал Жеңижоктон да улуураак киши болгон. 1936-жылы Фрунзеге келгенде сексен жаштагы киши экен. Ниязаалынын эки уулу болгон. Батыркул (Коргоол менен катарлаш) бир жак көзүчечектен ортосун ак чалып, согушка барбаган. Атакул да согушка катышпады. Экөө тең комуз чертчү. Атакул чоң комузчу болгон. Батыркул жакында эле Коргоолдон мурун өлдү.

1937-жылы май майрамында Тегене айылында ат чабыш болду. Ошондо Асылбектин сары тору аты чыкканда мурун көрбөгөн бир киши аттын жанында жүрүп:

– Бул Асылбек чапкан сары тору ат,

Алсаң байге бар тору ат.

Жакшы күлүк экен деп,

Жарданып карайт чар-тарап, –

деп мактап ырдап жатыптыр, көрсө Коргоол экен.

 Экинчи  Атабектин  аты  карагер ат чыккан.  Аны Базараалы:

Бул Эшметалынын Атабек,

Элиртип чапкан карагер,

Экинчи байге ала бер.

Ансыз деле Атабек,

Сельсоветсиң элиңе

Бир байгесин мага бер, – деп мактады.

Базараалы сары сакал, Коргоолдон бойлуураак, арык чырай, көзүда көгүшүрөөк киши.

Коргоол көрпө тебетейчен, белин жоолук менен байлаган, кара сатин чапан, кепич маасы кийген. Биринчи күнүТүңкатардын, эртеси Бакеев Ашырдын үйүндө болуп, кыдырып ырдаган, кичинекей чокчо сакалы бар, муштумдай сары абышкадай көрүндү. Алардын айылында он чакты күн ырдап жүрдү. Кайсы үйгө барса да жетчү. үйгө киргизбейт, сагалап көрөт.

Көзүчалырдыгынан теңтуштары:

– Коргоол, сокур, куудулданбай эле ырдабайсыңбы? – дешет. «Турумтай менен торгой», «Толгонайдын селкинчек», «Куу баланын күүсү», «Багышандын терс кайрык», «Сынган бугу», «Тогуз кайрык» деген күүлөрүнүн буроолору да, күүлөрүда бөлөк сыяктуу.

Ушуларды чертип жүргөнүн көрөт. Кулакка сиңгендерин жаттап калды.

1939-жылы олимпиадага катышкандан тартып, он эки жашында кадимкидей оозго кирип калды. Ниязаалынын «Сары Барпысын» Базараалы ноябрь майрамында чертип (Ния­заалы жайында өлгөн, күздө жок болуучу):

– Ким кайрыйт? – дегенде эч ким кайра албай койду.

Байгени Базараалы аларында өз айылынын кишилери:

– Кайра албасаң сага эч нерсе болбойт, баласың, – деп сүйрөп чыгышты.

Ниязаалы абасынын өзүнөн угуп, ансыз да чертип жүрчү. Ал барып Базараалыдан (1940-жылы эле) кем черткен жок, ашса ашкансыды.

Ошондо Базараалы:

– Атаңа ырахмат! Энеңе эч нерсе жок, балам! – деди.

Сыйлыкты Токтосунга алып берип коюшту.

Апасы жанында турган:

– Айланайын, сыйлыгыңды берип, батасын ал! – деди.

Ал сыйлыгын Базараалыга берип, батасын алды.

– Ээ, балам, жолуң ачылсын, мартабаң өссүн, элдик бол, – деп бата берди.

Дароо ошол замат үйгө алып кетти. Атабек деген агасы:

– Кичинекей баланы сакалдуу киши менен көптүн алдында топто черттиресиң, көз тиет, – деп жонго аралаштыра камчы менен апасын чапты.

1939-жылы Ташкөмүр районунун биринчи олимпиадасы болгондо «Саринжи Бөкөйдө» Саринжинин жигити Бекендин ролун аткарып, комуз чертип, Калмураттын, Сыртбайдын ырларын ырдап, олимпиадада биринчи сыйлыкка жетет.

Ошондо мектептин директору Осмоналиев Муратказынын аялы Азира экөө Айдараалынын «Көйрөң күүсүн» чертишет (1939-ж.).

Ийримге катышып жүрүп, 1942-жылы 7-классты бүттү. Төлөн Шамшиевдин «Көз жаштарындагы» койчунун, Жоомарттын «Токтогул» пьесасында Топчубайдын ролун аткарчу.

1942-жылы күзүндө Караганды шаарындагы ФЗОго барып, ошондон шахтерлук турмушу башталды. Көп жылы көмүр жардыруучу болуп иштейт. Кен мастердин эки айлык курсун бүтүрүп, кен мастери, комсомол жаштар участкасынын начальнигинин орунбасары болуп иштеди.

1943-жылы комсомолдун катарына, 1946-жылы КПССтин мүчөлүгүнө кандидат болуп өтөт.

Карагандыда жүргөндө комузу жок болгондуктан, домбурага үч кыл тагып алып ырдоочу:

Менин атым Токтосун,

Алатоодо төрөлдүм.

Карк алтыны жайнаган,

Караганда түнөгүм.

Кайлоо чапса билегим,

Ыр жазат менин жүрөгүм, –

деп ыр жазып жүрөт.

Казакстандын комсомолунун 25 жылдык тоюна делегат болуп, 1946-жылы 31-июлда Алмата шаарына барат. 1946-жылы 1-августта өз айылына келди.

1948-жылы 11-январда Коргоол ырчы менен жолугушат. Бир жарым ай артынан ээрчип жүрүп, акындыктын жолун үйрөнөт.

Ал Тегенеге келсе, Коргоол сельсоветтин төрагасы Асылбек Жумабаевдин үйүндө экен. Башкарма Атабек Эшметалиев:

– Жүр, Токтосун, Коргоолду көрмөйүнчө жарытылуу ырчы болбойсуң, – деп атына учкаштырып барды.

Атабек толугунан келген бойлуу, ак жумал, чыйралган кара муруттуу, салмактуу, бирөөнүсен деп айтпаган киши.

Аттын үстүнөн тизесинен кар малтап1 баратты.

Аттан түшкөндө айылдын баласы болгондон кийин, аны ким карайт эле.

– Аксакал! – деп, эл Атабекти жетелеп кирип кетти.

Күлсара аялы чакырып келди.

– Асылбектин кабаган ити талап кетпесин, – деп мурун кирип кетти. Атабек келгенде, эл дүрбөп төрдөн орун беришти. Ага төр кайда, Токтосунга улагадан орун тийди.

Ал эшиктен кирээрде үйдүн ичи кыраан каткы күлкү.

Коргоол, Токтогул, Эшмамбет баш болуп, Осоке деген болуштун көзгө басар, көрөр көзүКашымканды ырдаганын айтып жатыптыр. Адырдагы торпоктун казыгындай, эки азуу­су, шумкардын саңоорундай аппак сакалы, ай караган чакчыгай көздөнгөн бир жак көзүчалыр, муштумдай болгон сары абышка топучан олтурат. Май алгычтай болуп, оң жак жеңин түрүп, бир жакка жүгүрчүдөй оң жак тизеси менен чөгөлөй түшүп олтуруп, ырдаган киши экен.

Башында кара тукабадан жасаткан топусу тасырайтып таза алдырган башына жарашык берүүдө.

– Бөдөнөнүн сүтүндөй болуп мөлтүрөгөн жарыктык, – деп алдындагы шараптан кичинеден ууртап коюп, тамаша кылып олтурат. Сары мурут, насвай салгансып астыңкы ээрди томпоюп, сары чекир киши Бекмурза.

– Ээ, Коргоол, мынабу Токтосун деген биздин айылдын ырчысы, бозого тойгондо боздоп, эчак өлгөн атасы менен энесин жоктоп, ичиндеги бир дартын козгоп ырдайт. Балапан эле  байкушту  барчын  кылып күүлөтүп, акыл-насаатыңды айтып  үйрөтүп  кет. Сен жокто эрмек кылып, ырдатып жүрө­лү, – деди.

– Ээ, балам, кимдиң баласысың? – деп сурады Коргоол.

– Тыныбектин, – деди.

– Ээ балам, тырнактайында алчы-таасын жалмаган, комуздун бетин тырмап кармаган, Тыныбектин жетими бар деди эле, ошо сенсиңби?

– Ооба.

– Андай болсо, балам, саа окшогон жаш балдар биздей карт акынды көргөндө калтаарып ырдай албай калчу. Антсе дагы бир-эки ооз бирдеме дечи. Аяк ташташын көрөйүн.

Ал саламдашып ырдагандан кийин:

– Балам, күйгөн билесиңби? – деди.

Ал убакта күйгөндөн башка ыры жок, кичинекей жамай койчу, күйгөн ырдан.

– Ыя, балам, ушу да күйгөнбү. Мен дагы сага окшоп жаш болгомун. Кызыл көйнөк кыз-келин көрүнсө, кымыз ичпей, бозо ичпей мас болгомун. Кээ бирөөнүн катынын, кээ бирөөнүн жакынын ырдап, далайларга кас болгомун. Айгырдай болуп асыначы элем, азыр бычып койгон аттай болдум.

Кантейин жашчылыктын жат болгонун,

Карылыктын көкүрөктө так болгонун, – дейт.

– Эмне болду аксакал? – десе.

– Ээ балам, эмнени сурайсың. Мен да саа окшоп көөп турган кезим. Токтобек деген жерде Сатыкей деген элде, Калыбай деген старчын агаларыбыздын ай десе аты, күн десе көркүжок, айлыбыздын ичинде андан сулуу селки жок, Толгонай деген сулуу токолу бар эле. Аны ырдабаска атаңыздын эрки жок. Атына туураласам эл билип коёбу деп, «Ак Бакай» деп, атын тескери коюп ырдадым. Ээ, балам, таасын карап, так үйрөнүп, мен жокто ырдай жүр. Тирүүболсом көңүлүм, өлүүболсом арбагым ыраазы болсун, – деп «Ак Бакайын» ырдап берди.

Коргоолду бир жарым айча алардын айылында ээрчип жүрдү. Таалимин алды. Ыр үйрөндү, күүүйрөндү. Кетээринде:

– Акын болсоң анык бол,

Атагы чыккан Калык бол.

Орой мүнөз болбостон,

Бейлиң жумшак мамык бол.

Келин-кызды көргөндө,

Керегиң тийчүжарык бол.

Көзүң өтсө кокустан,

Атагың өчпөс тарых бол.

1948-жылдын биринчи мартында коштошуп, Кетментөбөгө кетти. Ал айылда калды. Күндүр-түндүр ырдаганы Коргоолдун «Ак Бакайы». өзүн туурап ыкшыңдап, элге эрмек болуп жүрдү.

1948-жылы октябрь айында Жалалабат областтык олимпиаданын кароосу болду. Жаңыжол районунан Жумабай кыяк­чы, Ормонбек Асанов үчөө келди. Ошондо он экинчи октябр­да Барпы менен жолугушту.

– Жалалабат областтык театрынын фоесинде олтурат, – деп Жунай Мавлянов, Шабданбай Абдыраманов, Төлөназар Чукуевдер – Барпынын көзүкөрбөйт, жаш кезинен катынды көп алган, баласы жок, тийишип ырдасаң болот, – деп айтып берди.

Алар Жалалабатта эки жылдык мугалимдер институтунда окуучу.

– Барпы ушу жерде жүрөт, барып катуу тийишип ырдабасаң, сени баласынтып чечилип ырдабайт, – деп Жунай айтты.

Коргоолго жолуккандан кийин, менден башка ырчы жок деп оолугуп жүргөн жан, катуу тийип учурашып басылды.

Барпы комузу жок, таягын кармап алып ырдаган киши. Азабын колуна берди.

Мен, мен Барпы болгону,

Барпы атка конгону.

Барпысы жок өтчүэмес,

Кыргыздын аш-тойлору.

Көзүжок чал экен деп,

Көмөлөтүп кетчүдөй,

Оо, кысталак жаш бала,

Кытыгылап болбоду.

Кырчаңгы аттай кыйшаңдап,

Кызыгып жолум торгоду.

Эл болгон менин азыгым,

Эл болгон менин казыгым.

Эки эли тилде ырым бар,

Эч жок башка жазыгым.

Бейбаш өскөн бала экен,

Берейин колго катыгын.

Ошентип катуулап баратканда каарына калбайын деп, элүүсомдон үч кагаз алып, жүз элүүсомду алдына чөгөлөй түшүп, колуна бердим.

– Балаңдын баласындай болгон неме экен, алдыңызга элик сомдон үч даана сунуп, батаңызды сурап, жолдугуңузду кылып жатат. Балаңызга батаңызды бериңиз, жолу ачылсын, – деди аялы.

– Хай, энди балам, болбостур, жүрөгүң бар экен, жолборско иттин ити үрөт. Жүрөгүң жок болсо, мага тийише албайт элең, – деди.

Ошентип батасын берди.

– Балам, бүгүн мени менен бол. Болотуп деген облсотто адвокат болуп иштеген иним бар, ошонукунда түндө чогуу бололу, – деди.

Ошо түнүбир түн Болотовдукунда болушту. Эртеси ага көйнөк кийгизип, белине жоолук байлап, эки жүз сом акча берип, Арстанбапка карап:

– Балам, мен Токтогул менен ырдашкам,

топ жыйында бир баскам,

Эшмамбет менен ырдашкам,

Эгиз козу кейиптенип,

Эрмектешип бир жаткам.

Таргыл өгүз кейиптенип,

Табылбай кетти кымбат жан.

Атаңдан калган алкышың

Куру калба зыйнаттан1, –

деп батасын берди.

1948-жылы он үчүнчүоктябрда олимпиаданын кароосунда ал саламдашып ырдады.

– Барпы аксакал дайым эле саламдашып жүрөбү, – деп, саламдашууну ага берди.

Ошо бойдон Барпыны көргөн жок. Кылкыякты 1948-жылы Жумабай кыякчыдан:

– Таяке, тартып көрөйүн, – деп, жаасын кармаганды билбей койду.

Ага да болбостон, аракет кылып жүрүп, кыяктан «Паризат», «Бекарстан ташы», «Ак зыйнат», «Кер толгоо» сыяктуу обон-күүлөрдүүйрөнүп алды.

1949-жылы маданият үйүнүн директору болуп турганда, сентябрь айында Калык, Абдрашит, Адамкалый баш болгон филармониянын хору барды. Артисттердин бригадири Адамкалый ырдатып көрүп:

– Быйыл жаш экенсиң, дагы бир келгенде алып кетели, – деди. Артисттер Жаңыжол районун бүтүп, Каравандан өткөнчө бирге жүрдү.

Озон деген кишинин үйүндө олтурушкан экен. Ал барса Калык ырчы көз айнек тартынып алып, ыр жазып жатыптыр. Курсагы борсойгону менен, чап жаак, арык чырай, жаагы шалбырап, көк ала сакал кези.

Булар көңүлүндө жактырышып, райкомдун секретары Чодошов Казат менен исполкомдун председатели Мамбетов Ормонго Калык:

– Бир балаңарды бизге бергиле, алып барып тарбиялайлы, баралына жеткенде элге кереги тийчүжан экен, – деп сурап алат.

Райком макул болушуп, он бешинчи октябрда Ташкөмүр шаарынан жолугушмак болду.

Айткандай он бешинчи октябрда Ташкөмүргө келди. Булар Абдрашитти баш кылып, хорду поездге салып жиберишип, Калык, Адамкалый, бийчи Жамалидин Муслимов, Жумагүл Алсейитова, Зуура Мамбеткариева бешөө калыптыр. Аны менен алтоо болуп, октябрдын он бешинен, декабрдын сегизине чейин концерт коюп, Токтогул, үчтерек районунда болду. Кыштын күнүТерижайлактан ашып, Сарыкамыш аркалуу Жумгал районуна чейин аттуу келди.

Жумгалдан машинеге олтуруп, он төртүнчүдекабрдын түнүндө Бишкекке жетишти. Ал үйлөнгөнгө чейин (1951-жылдын биринчи мартына чейин) Калык атасынын үйүндө болуп, үйлөнүп-жайланып чыкты. Көп жылы кыргыз филармониясында эмгектенди, бир канча ыр жыйнактарын чыгарды.

Ал 1982-жылы 29-сентябрда дүйнөдөн кайтты.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×