1964-жыл. Жай айы. Нарын шаарынан автобуска түшүп алып, комузчу Курманаалы Нусуп уулу жашап турган «Эмгекчил» колхозуна жөнөдүм.
Мен түшкөн автобуста Курманаалы комузчунун уулу да бар экен.
Экөөбүз бирге барсак, карыя короодо үй-чарбачылыгы менен алек болуп жатыптыр.
Учурашып үйгө кирдик.
Төрдө өрүктөн, кара жыгачтан, карагайдан жасалган үч комуз илинип турат.
Олтуруп тамак ичтик.
Комузун алып:
– Бул «Кыз ойготоор» деген күүдеп, аны таңшытып чертип болуп, – өткөн заманда Дөгөөчүооруп, үзүлөөр алдында черткен күүсү– «Атаны кокуй жан кетти» деп муңкантты.
Курманаалы атаны алып, Нарын шаарындагы Жылчый апаныкына келдик.
Кечинде Жылчый апа менен Курманаалы ата далайга чейин нечен күүлөрдүчертишти.
Жылчый апа да Фрунзеге бара турган болду.
– Менин жүрөгүм начар, самолёт менен учайын. Шаарда композитор Насыр Давлесов менин күйөө балам. Телефон чалып, келгенимди билип тураарсың, – деди Жылчый апа.
Биз комузчу Курманаалы экөөбүз автобус менен кеттик. Көп убакыт өтпөй эле, Жылчый апа учуп келди. Күүлөрүн радиого жаздырып болуп, сыртка чыгып кетип бара жатканыбызда Жылчый апа:
– Ыя, балам, менин чыныгы атым Батмабүбү. Ата-энем кичине кезимде Жылчый деп эркелетип жүрүп, Жылчый атыгып кетиптирмин. Тиги кагазыңа БатмабүбүСулайман кызы деп жазып койгун. Атам Сулаймандын аты өчпөсүн, – деди өтүнүчтүү.
– Эми Жылчый болуп калдыңыз, апа! Анткени аткаруучу Жылчый Курманкожоева деп өзүңүз айтпадыңызбы. өз оозуңуздан жазылган сөздүэч кимдин бурмалоого акысы жок.
– Алда карылык ай! – деп кейип калды.
Бул келишинде Жылчый апанын портретин сүрөтчүАлтымыш Усубалиев тартып алды.
Кыргыз элинин сүйгөн аспабы комузду сайратып чертип, өз алдынча күүчыгарган аялдардан чыккан чоң музыканттар да көп болгон.
Комузчу Жылчый Курманкожоева 1893-жылы Жетөгүз районунун Төрткүл деген жеринде төрөлгөн. Беш жашынан баштап күүгө кызыгуусу пайда болот. Атасы Итибай уулу Сулайман эски күүлөрдүкөп билүүчүэкен. Комуз черткенинде эрте-кеч жанында олтуруп, кулагына каныгып, көкүрөгүнө уюй берет. Атасы комузун таштап коюп чыгып кетсе, сүйрөп жүрүп үйрөнөт.
Күндөрдүн биринде кызынын зээндүүлүгүн байкаган атасы:
– Тээ Ындыбай деген комузчуга барып, чоң күүлөрдүүйрөнсөңчү. Комузду үйрөн! – дейт.
Ушундан соң Ындыбайдын үйүнө кээде бара коюучу. Ындыбай:
– Ээ, балам комузду алып кел, экөөбүз чертишелик, сен кыйын чертээр бекенсиң, мен кыйын чертээр бекемин, – деп калуучу.
Талантынын өсүп-өнүгүшүнө Ындыбай чоң таасирин тийгизди. Ындыбайдын «Ындыбайдын арманы», «Абактын арманы» жана башка толгон залкар күүлөрүн үйрөнөт.
– Балам, ушу «Абактын арманы» деген күүнүчертесиңби? – деп асылып калуучу.
Абак деген атактуу комузчу катуу ооруйт. Аны көрөбүз деп беш теңтушу келет. Тилден калып калган болот. Бирок ошого карабастан, аркасына жаздык койдуруп, какайып отурган экен. Комузду алып бер дегендей, кемпирине жаңдады. Комузду алып бергенден кийин, тилден калып калганын, арманын чертет. Күүнүчертип бүтөөр замат, колунан комуз шалк этип түшүп кетип, жан берет.
Бул Абактын өлөөр алдындагы арманын уккан беш кишинин бири Ындыбай болуптур. Бул күүнүчерткенде Ындыбайдын колу ийилип, тим эле комузга чапташып калуучу, – деп эскерет Жылчый апа.
Жылчый апа өзүнүн таякеси комузчу Байбагылдан да таалим алган. Алгач таякесиникине барса, Байбагыл үйүндө комуз чертип олтуруптур.
– Эмне, комуз чертишейин деп келдиңби, балам? – деп бир күүнүчертип берди. Байбагылдын «Арман» күүсүн дароо эле угаар замат үйрөнүп алат. Ушундан баштап, Саадабайдын, Осмонбектин, Байбагылдын күүлөрүн үйрөнөт. Күн өткөн сайын күүсүнө күүкошулуп, чеберчилиги арта берет.
Атасы Сулайман, энеси Төрөкө ченебеген жакшы кишилер болгон экен. Кызына бөйпөңдөшүп тамак-ашын оозуна кармап, эркекче сайма шым, көрпө тебетей кийгизип, чүкө аттырып, куш салдырып көндүрөт. Ушинтип он беш жашка чыгат.
Эски заманда кыздар мал катары сатылып, башына ээ болуучу эмес. Алардын тагдырын сыртынан эне-аталары гана чечише турган. Ушинтип акыры кудалар келишти.
– Кыз кейпи жок эркек бала жүрөт. Бул кантип барып бирөөгө бүлө болот, – деп өз энеси ыйлап кудасына: – Эркек баладай немени алып бара жатасыңар, тарбиялап алсаңар алгыла, болбосо дагы бир жылга коюп тургула, убара болуп каласыңар, – дейт.
– Жок, убара болбойбуз, жөн эле койгула, биз да сиздей эле багып алабыз, – дейт кудасы сөзгө келбей.
Эртеси кызды алып жөнөштү. Эне-атасы беркилерди аркага таштап, кызын алдыга алып, Покровкага келип конушуп, аларга жолотпой энеси койнуна алып жатып, уктап жатканда качып кетишет. Ушинтип, жаңыдан таланты ачылып келе жаткан жаш Жылчыйдын мойнуна укурук түштү. Эртең менен ойгонсо, эне-атасы жок. Аябай ыйлайт.
– Ыйлаба, аман болсо, эртең эле көрөсүң, – деп аялдар сооротуп, атына мингизип алып жөнөшөт. Байкуш эне кушун, бир тулуп чүкөсүн, комузун атынын канжыгасына кошо байлап койгон экен. Нарынга түнүндө келип түшүшөт. Эртеси эл:
– Чүкөсүн, кушун, комузун ала келиптир, – деп эле чурулдап калышат.
Айыл-ападагы карыялар чогулуп келишип:
– Чыдай албай жатабыз. Кем болбо, бактылуу бол. Комуз чертип бер! – деп суранышат.
– Болуптур, – деп көшөгөнүн ары жагында олтуруп, аябай чертип берет. Уккан көпчүлүк ыраазы болушуп:
– Ырыс-кешиктүү, өмүрлүү, таалайлуу бол! – деп алкашат.
Мезгил учат. Атасы өлгөндө, жер алыс болуп, көөмп койгондон кийин барат. Ошондо көрбөй калганын арман кылып, күүчыгарган. Күүатасынын сүйгөн күүсү«Булбул заар кучкачай» деген күүсүн баяндоо менен башталып, эне-атанын балага болгон тунук чексиз сүйүүсүчертилет.
Улуу Октябрь социалисттик революциясынан кийин көпчүлүк аялдардай эле Жылчый Курманкожоева да өз теңдигин колуна алды. Көп жылдар бою Тяньшань районунун «Эмгекчил» колхозунда маңдай терин төгүп, белсенип иштеди. Ал республикалык олимпиадаларга катышып, бир нече жолу мактоо грамоталар, дипломдор, баалуу сыйлыктар алган.
Комузчу Жылчый апа жаш күнүндө үйрөнгөн өнөрүн өркүндөтүп, «Темир комуздун күүсү», «Булбул», «Атама эстелик», «Терме күү», «Келиндердин обону» жана башка ондогон күүлөрдүчыгарган.
1964-жылдын октябрь айында комузчу апа Фрунзе шаарына келип, республикалык радионун фондусуна 19 күүжаздырып кеткен.