Добавить статью
10:43, 30 марта 2011 8031

Кыякчы

Автор: АЙЫМБҮБҮ

Айымбүбү Айымбүбү кыякчынын атасы Малкара уулу үмөтаалы кыякты Майлыбай деген кыякчыдан үй­рөнүптүр. Анын окуясы өзүнчө кы­зык.

Бала кези. Майлыбай кыякчы кайда барса, ошол үйдүн босогосунда жүрө берет. Кай бир жерден:

– Чыгар нары! – деп жетелеп сыртка чыгарып жиберүүчү. Бала болсо ага кекенип кыягын уурдап алмакка аңдып калат.

Ошентип, бир жерден Майлыбай кыяк тартып отуруп, эшикке чыгып кеткенде, чуркап барып кыякты койнуна катып, тоого чы­гып кетет. Тоодо он күндөй жүрөт, кекилик, чымчык сайраса деле, кыякка кошуп тарта берет. Эне-атасы уктаганда келип, тамак-аш уурдап алып, кайта тоо­го чыгып кетип турат.

– Кыяк үйрөтөйүн, кыягымды алып бер! – деп Майлыбай кыякчы Малкарага жалынат.

Атасы аңдып олтуруп, түн ортосунда кармап алат. үмөтаа­лы кыякты бат эле үйрөнүп кетиптир.

1939-жылы Айымбүбүтөртүнчүкласста окуп жүргөн, он үч жаштагы кези. Бир күнүатасы кыягын тартып-тартып, эшикке чыгып кеткенде, Айымбүбүалып, биртике тартып көрөт.

Аны атасы угуп:

– И балам, сен тартат окшойсуң, чала-була колуң жөндөм экен. Тарт эми, мен үйрөтөйүн! – деп үйрөтө баштайт.

Атасынан «Бапайым», «Кер толгоо», «Карагул ботом», «Кожожаш», «Кош жорго», «Сурнай күү» деген күүлөрүн үйрөнөт.

үмөтаалы кыяк тартып жатканда эл көрөбүз деп, туурдукту сыйырып жиберчүэкен.

 Айымбүбү  1966-жылы  атасынын күүлөрүн республика­лык  радиого  жаздыруу максатында, бир жаш жети айлык Муратбек,  үч  жашар Күлүйпа деген балдарын кошо алып, Бишкек шаарында турган иниси Мыктыбектин үйүнө келип түшөт.

Эртеси сүрөтчүСүймөнкул Чокморов экөөбүз эжеге учурашалы деп, Мыктыбектин үйүн көздөй жөнөдүк. Сүймөнкул май боёктору менен сүрөт тарта турган холстун көтөрүп алды.

Айымбүбүэже үйдө экен. Эсенчилик сурашып, бир аз таанышкандан кийин:

– Кыяк тартып берсеңиз, – деп суранып калдык.

Эже кыягын күүлөп алып, созолонто баштады.

Сүймөнкул ошол замат эле, мольбертин ачып, буттарын жерге такап коюп, холстко май боёк менен эженин портретин түшүрүүгө киришти.

– Эми силерге «Карагул ботом» деген эл күүсүн тартып берейин.

Илгери-илгери, байыркы өткөн заманда бир мергенчинин Карагул аттуу жалгыз баласы болгон экен.

Карагулдун атасы кийиги көп жерде кыштоо салып, жашап турат.

– Эт аз эле калыптыр, – деп ашканасын тиктеп алып, ат-өгүз токунуп, артыман келе койгула, бастыра берейин, – деп жөнөп калганда, баласы: «Мени ала баргын» – деп ээрчийт. Бирок атасы болбой, баланы калтырып өзүкетет. Бала көрүн­бөй атасынын артынан ээрчип жүрүп отуруп, бир жерге барганда бутун тарта албай чарчап, жете албай, атасын таппай уктап калыптыр.

Беш-алтыны жыгып атып коюп, кайра келе жатса, бир жерде бир теке жатат.

Карагулду атасы эркелетип, тогуз тон тиктирип бериптир. Ошонун бирин кийип жүрүп, аңтара жамынып уктап жаткан экен. Аны мерген кийик жаткан экен деп, атып коёт. Барса:

Ой, Карагул уулумбу, ботом,

Кетирбе менин муунумду, ботом,

Мурунку өлгөн Мырзакул, ботом,

Азыр муңга салдың Карагул, ботом.

Илгери өлгөн Эрегул, ботом,

Эсимде калдың Карагул, ботом.

Тескей бир жерге, сен жаттың, ботом,

Темселеген ит атаң,

Теке бир бекен деп аттым, ботом,

Улуу тоого сен жаттың, ботом,

Убайым баскан ит атаң,

Улак бекен деп аттым, ботом.

Каптал жерге сен жаттың, ботом,

Кайберен бекен деп аттым, ботом.

Карчыга деген бир куш бар, ботом,

Капталдап жемин жээр бекен, ботом.

Кайберен деп Карагулун жыга аткан, ботом,

Какшаган какбаш дээр бекен, ботом.

Ителги деген бир куш бар, ботом,

Илип бир жемин жээр бекен, ботом.

Элимдин оозу шок эле, ботом,

Мени эси жок какбаш дээр бекен, ботом.

Турумтай деген бир куш бар, ботом,

Тутуп бир жемин жээр бекен, ботом.

Тууганымдын оозу шок эле, ботом,

Тукумсуз какбаш дээр бекен, ботом.

Алтындан бакан түркүгүм, ботом,

Ай тийген тоонун күкүгүм, ботом.

Бир эле ата деп койчу күчүгүм, ботом.

Күн тийген тоонун күкүгүм, ботом,

Күмүштөн бакан түркүгүм, ботом,

Күлүп эле койчу күчүгүм, ботом.

Күйүтүң тартпай өлөйүн, ботом,

Күлүп эле койчу көрөйүн, ботом.

Анан кийин өлөйүн, ботом,

Ой Карагул, ой Карагул ботом! –

деп бул сөзүн айтып Айымбүбүэже Карагул жөнүндөгүкүүнүкыякта муңдантып, уккандын зээнин кейитти.

– Күчтүүайтылган сөздөр экен!– деп койду Сүймөнкул.

– Эми «Бекташ» деген күүнүтартып берейин. Илгери Бекташ деген жалгыз бала болуптур. Бекташ элге алымдуу, журт­ка жагымдуу болуп турган кезде, ажал жетип күн бүтүп, ооруп өлүп калат.

Ошондо жалгыз карындашы ыйлап, сүйөнүчүжок, жалгыз калганын кошкон экен.

Сүймөнкул күүгө толкунданып, тынымсыз тартууда. Сүрөт бир топ эле окшошконсуп калды.

Бүгүнкүсүбүттү. Дагы эки-үч күндүк жумуш калды. Эже чарчап кетти окшойт, эс алсын, – деп боёкторун жыйнаштыра баштады.

Эртеси Сүймөнкул экөөбүз кыякчы эжеге келсек, эки баласы бирдей чырныктап калыптыр. Аны көргөндөн кийин маанайыбыз пас болуп, кайра кеттик.

Ушундай жагдай шартына байланыштуу, Сүймөнкул баштаган портретин бүтүрө албай калды.

Балдар бир жумадан кийин сакайып, кадимкидей жакшы болуп калышты. Эже радиого күүлөрүн жаздырып, үйүнө жөнөп кетти.

Кыякчы үмөтаалы кызы Айымбүбү1926-жылы туулган. Талас районундагы «Коммунизм» колхозунун Чоңтокой участ­касында жашап турду.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×