Добавить статью
6:23, 25 апреля 2011 20085

Жомоктор топтому

ДААТ

Илгери бир кемпир чалы экөө отун алып, аны наабайга сатып, оокат кылып жүрүшөт.

Алар отун алып жүргөндө, падышанын бир байбача баласы күнүгө тоого жигиттери менен саякат кылып кетет. Кан баласы атасынын эле дүнүйөсүменен ойноп-күлөт. Окуган окуусу, үйрөнгөн өнөрүделе жок. Кембагал чалдын сынчылык жайы бар экен.

Бир күнүбайбачага бир кеп айтайын деп жолунан чыгат:

– Ой, уке, сага кеп айтайын, кичине токто, – дейт.

Кичине токтой калат бала.

– Сенин кесибиң да, өнөрүң да, окууң да жок, бир кесип үйрөнсөң боло, – дептир.

– Мунун айтып турган кебин кара, мени кесип үйрөн дейт, атамдын эле дүнүйөсүжетпейби мага, – деп жүрүп кетиптир.

Беш-алты күн өткөндөн кийин дагы токтотуп:

– Ой, балам, кесип үйрөнсөңчү! – дейт.

– Мага кесип үйрөн дейт, акмак! – деп жигиттери менен сабайт.

Көп кечикпей эле баланын атасы өлүп калат. Бир-эки жыл кумар ойноп, хандын дүнүйөсүнүн баарын ада кылат. өнөрүжок, эч кесип билбейт. Ачка өлө турган болгондон кийин тоого отун алууга келет. Баягы чалды тааныбайт, чал дароо эле тааныйт.

– Менин айтканымды кылбадың. Болуптур, отунга келсең, экөөбүз бирге иштейли, – дейт чал.

Беш-алты күн отун көтөрүшүп, бала-чакасына нан алып барат бала. Бир күнүдагы отунга келип, чалдан бөлүнүп, чоң жыгачтын көлөкөсүнө барып, көлөкөлөп бир аз отурат. Жыгачтын түбүүңкүр экен. үңкүрдүкараса, үңкүрдүн ичинде эки кумура турат. Экөө тең толтура алтын. Алтынды көрүп туруп:

– Ой, ата, бери кел, мен алтын таптым, – дейт.

Экөө келип:

– Эми отунду коёлук, кудай берди, алтынды алып үйүбүзгө кетелик…

Экөө эки челегин көтөрүп, мындайраак жерге барып, көлөкөлөп отурат. Чал ошо жерде олтуруп, үргүлөп уйкуга кирип кетет. Ошондо тиги бала ойлонот. «Алтынды тапкан мен болсом, чалга бирөөн эмне үчүн берем?» – деп, чалды өлтүргүсүкелет. үргүлөп турган чалды балта менен шилиге чабат. Чапса чал жыгылып, кичине эсине келип, башын өйдө көтөрө коюп:

– Балам, менин ажалым жеткен, шейит болдум, акыры өлөт элем, сенден себеп болду, капалыгым жок. Эми кыяматтык айта турган кебим бар. Балам жок эле. Бирок кемпиримдин быйыл боюнда бар эле. Кемпириме айтып кой, эркек төрөсө, баланын атын Даат койсун, кыз төрөсө өзүбилсин, кимди койсо коё берсин, менин айтарым ушул.

Кемпирине келип:

– Менден бөлүнүп иштеди эле, чалды карышкыр жеп кетиптир, – деп көйнөгүн бериптир. өзүн кумга көмүп, эки кумура алтынды алып келип, дүкөн куруп, байбача болуп жатып калды.

Бир күнүбаланын оюна келет: «Бая чал аманат деп бир кеп айтпады беле, ошону кемпирине айтып коёюн» – деп кемпирге келет.

Кемпир эркек төрөп, баласынын атын Даат коёт. Даат төрт-бешке чыгып калат.

Баягы бала дүкөнчүболуп жыргап жатат. Ошол убакта Иранда акылман, билгич, сынчы Арун Нур Рашид деген падыша болгон экен. Ошо баш увазирине айтат:

– Күнүнө элди аралап, уурулук, чоңдук-зордук кылгандарды алып келип тур. Менин заманымда эл тынч болсун! – дейт.

Бир күнүАрун Нур Рашид падыша аскеринен кошуп алып: «Көчөнүаралап байкап көрөйүнчү, эл эмне болуп жашап жатат экен?» деген ойдо атчан, бая кемпирдин уулуна жакын көчө менен өтүп калат.

Баласы көчөгө ойноп кеткен экен: «Атчандар тепсеп кетпесин» – деп:

– Ой, Даат, ой Даат! – деп кыйкырат.

Арун Нур Рашид атынын башын тартып, токтоп увазирин:

– Зордук-зобулук жок деп жатасың, даат деп кыйкырып жатпайбы, барып кабар ал. Эмне үчүн даат дейт? Бирөөнүн зорлугу болбосо даат дейт беле, – деп жиберет.

Даат деп кеткен кемпирге барып:

– Эмне үчүн даат деп жатасың, сага ким зордук кылды!.. – деп сурайт.

– Мага эч ким зордук кылган жок, баламын аты Даат эле. Көп атчандардын тепсөөсүндө калбасын деп чакырдым, – деп, кемпир жооп бериптир.

Падыша ошо жерден кайра тартып, тактысына олтуруп:

– Ошо кемпирди, баласы менен экөөн тең алып келгиле! – деп адам жибериптир.

Ал келип кемпирден сураптыр:

– Бул балаңдын атын эмне үчүн Даат койдуң?

– Даат койгон себебим, чалым отун сатып оокат кылчу. Анын шериги бар болчу. Бир күнүошол шерик бала: «Чалыңы карышкыр жеп кетти», – деп, кан болгон көйнөгүн алып келип берди. Анан андан беш-он күндөн кийин келип, кемпиримдин боюнда бар эле, эркек төрөсө, Даат койсун, кыз төрөсө өзүбилсин, – деп табыштады. Ошо себептен Даат койдум.

– А бала кайда турат?

– Ал дүкөн кармайт, бай.

Кемпирден ал баланын турган жерин сурайт. Кемпир айтып берет.

– Баланы качырбай алып келгиле, – деп, эки жасоол жиберет.

Баланы алып келип:

– Кемпирдин чалы менен бирге отун алып иштеп жүрчүбелең? – деп сурайт.

– Ээ, иштеп жүрчүэлем.

– Мунун чалы кана?

– Чалын карышкыр жеп кеткен.

– Карышкыр жеп кетти дейли.Баланын атын Даат кой деп сага кантип айтты?

– Эркек төрөсө, Даат койсун деп өлөрдөн мурунураак айтты эле.

– Кызыталак, сен өлтүргөн турбайсыңбы, муну карышкыр жегенде, сөөк-мөөгүкалгандыр, же болбосо өлүгүн көрсөткүн! – деп, беш жигитин кошуп берет. – Кана, кай жерге карышкыр жеди эле? Сөөгүн тап!..

Отун алган жериндеги кумга көмгөн экен, дөмпөйүп жатканынан улам ачып, таап алат. Чалдын өлүгүн балага өңөртүп, хандын алдына алып келет.

– Чалды таап келдик – деп, өлүгүн жерге коёт.

Ошо жерден баягы баланын колун аркасына байлап, желдетти чакыртып, көпчүлүктүн көзүнчө даргага астырып өлтүрөт.

Баланын дүнүйөсүнүн баарын кемпирге берет. Чалын кепиндеп, өз колу менен коюп, кемпир бай болуп жатып калат.

ЖАНСАП

Бир падышанын Жансап деген жалгыз баласы болгон экен. Рам1 ача турган молдону падыша чакырып:

– Баламдын өмүр баянын жана кандай бала болоорун айтып бер, – деп чакырткан экен.

Рамчы китебин ачып олтуруп:

– Балаңыз акылман, өмүрүда узун болот, – деп олтуруп, – ыя ат-а! – деп, бармагын тиштейт. – Балаңызга перинин кызы оро-пара келет. Ошондон кандай болор экен?

Падыша муну угуп:

– Перинин кызы көрбөсүн – деп, киши кире албай турган темирден үй жасайт. Эшигине кароол коюп, темир үйдүн ортосуна көл жасап, айланасын гүл кылып, бетин айнектеп баламды зериктирбей турасың, – деп, беш-алты кыз коёт.

Бир күнүЖансап көлгө түшөйүнчүдеп барса, көлдө бир чырайлуу кыздын өңүкөрүнөт. Кыз экен деп кармайын десе, колуна кирбейт. Тамдын бетин, үстүжагын караса, бир сулуу кыз турат.

Кыз айтат:

– Мен да сага ашыкмын. Мен эрге тием деп эне-атамдан уруксат албай келгем, же болбосо ушул жерде калат элем. Мени издесең Каухар Никин2 деген шаардан табасың, – деп учуп кетет.

Атасына кабар кетет. Бала ашык болуп, талып жатып калат. Атасы үйүнө келсе, кожо-молдолорго окутуп жатат. Бала оңолбой, бир күнүколуна таяк алып, атасына көрүнбөй качып жөнөйт. Ал атасына тиешеси жок бөлөк шаарга барат.

Базарга кирет. Ошол элдин тааный турган кожосу:

– Бир сааттык ишим бар. Кимде-ким бүтүрүп берсе, миң тилле алат, – дейт.

Эл ага кулак салбайт. Бала: «Кыямат иш болсо да бир саатка барайын да, бүтүрүп берип миң сомун алайын», – деп:

– Кожом, мен барам, – дейт. Кожо үйүндө бир атты союп, ичегисин алып таштаган экен.

Кожо айтат:

– Ушунун ичине кирип, бир саатча жатып, көргөн окуяны мага айтасың. Бир сааттан кийин ачып алам – деп, баягы баланы чыкпай тургандай кылып, ичегини тигип коёт. Бир убакта бала кыймылдагандай, андан кийин асманды көздөй көтөрүлгөндөй болот. Көрсө, жорулар аякка тартып, биякка тартып, киши чыга тургандай кылып ачып жиберишет. «Эмне балакет болду» – деп, бала бая жерден чыкса, жорулар зоонун башына көтөрүп баратышыптыр.

Баягы кожо алды жактан кыйкырат. Бала зоонун башында турат. Каухар тоосу таштай болуп эле жатат. Кожо ошондон пайдаланып жүргөн кесепет экен.

Эки жакты караса, ошо жерде аттын, адамдын сөөктөрүжатат. «Аттын, адамдын сөөгүжыйылып, ушулар да мендей алданып, ушул жерде өлүп калган турбайбы, каухардан кожого кулатпайын» – деп, бала ойлонуп, кожонун кыйкырганына кулак салбай, зоонун аркы күн чыгыш жагынан пасыраак жер издеп басат. Ал саал пасыраак, адам түшүп кете ала турган наркы бетине боюн таштап куланыптыр. Ойго түшүп, эси ооп, башын көтөрүп, эсин жыйнап караса, алысыраак жерде бир жай турат. «Эмне болсо да, ошого барайын» – деп, басып барыптыр. Барса, ошо тамда уча турган куш сүрөт турат. Ал адамча сүйлөйт:

– Сен кандай жансың?.. – деп сурайт адегенде.

– Куахар Никин деген шаарды издеп жүрөм.

Баягы макулук, Нургул атындагы шаа экен, адамча сүйлөп кирет.

– Сулайман пайгамбар жер жүзүндөгүдөө-шаа, курт-кумурскалардын баарына падыша болгон. Мен ошол пайгамбардын убагында жашагам. Ал киши менен бирге жүрүп, көп жерди көргөмүн. Каухар Никин деген шаарды көргөн да, уккан да эмесмин, – дейт.

Бул Нургул шаа – үч бир туугандын эң кичүүсү. үч айлык жерде бир акеси, андан ары үч ыйлык жерде Раса-ал-Таир деген чоң акеси бар экен. Нургул шаа айтат:

– Мен биле албайт экемин, тиги эки акеме кат жазып жиберемин. Балким, ошолор билип калар Каухар Никинди.

Адамды көтөрүп уча турган чоң куштардын бирөөнө кондуруп:

– Ортончу акемдикине жеткир, – дейт.

үч айлык жолду бир саатта учуп жеткирет. Акесине барып, укеси жазган катты көрсөтөт:

– Мен дагы Сулайман пайгамбардын убагында көп жерлерди көргөмүн, мындай шаарды уккан эмесмин, – дейт.

Ал күнүал акеси меймандап, эртесинде кушка кондуруп, чоң акеси Разан-ал-Таирге кагаз жазып жибериптир.

Ал дагы:

– Уккан да, көргөн эмесмин – деп, айран-таң калат. – Бирок кечинде ар тарапка оокат издеп кетишкен куштарым чогулуп келишет. Балким, ошолордон Каухар Никинди билгени болуп калар. Сулайман пайгамбар өткөндөн кийинки курулган шаардыр.

Куштары ар тарапка жайылып оттоп кетип, кечинде келишет. Разан-ал-Таир куштарына:

– Каухар Никин деген шаарды көргөнүң, билгениң барбы, айткыла? – деп сурайт.

Бир чоң куш айтат:

– Бир тоого оттоп барып, аппак жаркыраган шаар көрдүм, болсо Каухар Никин шаары ошол болот. Барып билет элем, бирок ошол шаардын уучулары атып коёбу деп коркуп, шаарга бара албадым. Менин билгеним ушул, – дейт.

Ал күнүшаар көрдүм деген жаңкы кушка баланы кондуруп:

– Ошо жаркыраган тоого жеткиресиң, андан ары өзүэптеп барат, – дейт.

Ал үч бир тууган келгин куштарды кышы менен багып, жазында жай тапкан жагыңа барып тууп, күзүндө кайтып келесиңер, – деп, жөнөтөт экен.

Шаар көрдүм деген куш Жансапты көтөрүп, тоого алып барып жеткирет. Нары шаарга алпарышка уучулардан коркот. Бала зоонун пасыраак жеринен түшүп, агарган шаарды көздөп басат.

Перинин шаары экен, бала жакындаганда кароолчулары кандай жан деп таң калышып, жетелешип падышанын астына алып барышат. Буга ашык болгон кыз ошо падышанын кызы болуп чыгат.

Падыша сурайт:

– Адамзат бул жакка келчүэмес эле, кандай болуп келдиң? Шамал учуруп, же шайтан алып келдиби? – десе, бала болгон ишти болгондой айтат.

– Бир кыз көрүнүп, Каухар Никин деген шаардан табасың деген, ошону издеп келдим, – дейт бала.

Адамзат келди дегенин кыз угуп, баланы көрүп, таанып, атасына:

– Мен адамзатка ашыкмын, ушуга тиемин.

Ата-энеси кыздын сунушун кабыл алышып:

– өзүң кааласаң болуптур, – деп, ата-энеси молдо чакырып, нике кыйып, кызын балага берет. Беш-алты ай жашагандан кийин баланын эсине эне-атасы келип:

– Ата-энемди барып көрүп келейин, – дейт.

Кыз макул болуп, аны бир периге көтөртүп, баланын атасыныкына келип, ата-энесин сүйүнтүп, атасы той кылып, жыргап туруп калат экен.

АКЫЛ АКЕ

Бир заманда Акыл аке деген чоң окумуштуу болот экен. Ал шаардан алыс башка бир жерде коргон тамы бар, бала-чакасы жок, жалгыз жашайт экен.

Ал ата-энеси жок жетим балдардан эки жүз балага чейин окутуп турат. Алиги окуткан балдарга кийим-кечесин, оокатын өзүберет. Эки жүз бала бир тамда, өзүжалгыз бир үйдө жатат.

Бир күнү:

– Ач эшигиңди! – деп Акыл акеге эшиктен бир добуш угулат.

Айласыздан туруп, эшигин ачса, жети киши балта-бычагы менен кирип келип:

– Алтын кайда? Биз алтынга келдик, – дейт.

– Алтынга келсеңер, көчүгүңөрдүбаскыла. Алтын канча керек болсо, ошончо алтын табылат. Аш бышырайын, жеп кеткиле, – дейт.

– Ашың качан бышат?

– Бир саатта. Сабизи даяр, оту алдында. Азыр бышырам.

– Андай болсо, алтыныңды көрсөтүп кой.

үч-төрт сандыкты ачат, баары алтын экен.

– Жетөөбүз көтөрө алгыдай эле алабыз. Муну көтөрө албайбыз го десе:

– Жок, силер көтөрүп жүрбөйсүңөр, качырлар бар бир сарай, ошого жүктөп кетесиңер, – дейт.

Булар ошого ишенип, ашты күтүп калышат. Аш бышкыча жетөө тең уктап кетет. Ашты демдеп коюп, эки жүз баланы чакырып коюп, ууруларды ойготот.

– Аш бышты, меймандар келгиле! – дейт.

– Эмне чакырдыңар! – дейт уурулар.

– Тамак ичсин дедим дегенче болбой эки жүзчө балдар кирип келет.

– Карма, ууруларды! – дейт Акыл аке.

Ууруларды кармап, колун аркасына байлайт. Аңгыча таң атат. Ууруларды падышага тапшырып, Акыл аке аман калат.


ШАЙМАРАН

Илгери Данияр молдодон бир бала төрөлүп, атын Жээнша коюптур. Баласын мектепке берип, өзүндөй молдо кылам десе, баласы эч түшүнбөй коёт. Рам ачтырып караса:

– Балаң, чоң окумуштуу болот, – дейт.

Окутса, баласы эчтеме түшүнө албайт.

Кийин атасы Данияр өлүп, баласы Жээнша эч оокат кыла албай калат. Тоого чыгып, отун алып күн көрөт. Бир күнүотун алып жүрүп, бир жерге эс алып отурса, бир тешиктен жону жылтырак коңуз чыгат. Бая коңуз чыккан жерди колу менен шилесе, бир нерсе илээшкендей болот. «Бул аселге окшогон неме экен» – деп, балтасы менен ошо жерди чукуласа, кудук толгон асел экен, таап алып, ошону сатып байыйт. Асел түгөнгөндөн кийин, кудуктун түбүн караса, ары жагында кичинекей эшик турганы көзгө чалдыгат. Ошол эшикти тырмалап ачып, улам ылдый кете берип, жердин алдын көздөй түшүп барса, жыландар көрүнөт. Жыландар аны кармап алып, алтын тактын үстүндө олтурган ак жыланга алып барат.

Баягы кичинекей ак жылан:

– Бу жерге адам келчүэмес эле, кайсы жер менен келдиң? – деп адамча сүйлөйт.

Баягы бала:

– Бир бал кудук бар экен, ошондон улам келдим, – деп айтат.

– Бизге адамзат зыян кылганынан жердин алдына качып келсек, кудукту ада кылып олтуруп бизди тапкан турбайсыңбы – деп, жыландарына чактырып өлтүрө турган болот. Кайта бир макулукту өлтүргөндө эмне, эми сен бул жерден кетпейсиң, кетип кайта жер үстүнө барсаң, бизге зыян кыласың, ушу жерде жашайсың, оокатың бизден – деп, ошо жерге токтотуп коёт. Ушуну менен үч жыл өтөт, жыландардын оокатын жеп, жан сактап турат. Ал жерде эч ким жок, сүйлөшөргө киши жок, бир күнүШаймаранга арыз кылып калат.

– Жеримди, элимди сагындым. Мени бир жердин үстүнө чыгартып койбойсузбу, эмне десең, айтканыңды кылайын – дейт.

Шаймаран ойлонуп туруп:

– Эми сени кыяматтык бала кыламын. Мени ата катарында көрүп, айтканымды кылсаң, чыгарып коёмун, – дейт.

Бала жалынып:

– Айтканыңыздан башка эч иш кылбаймын, эмне тапшырма болсо тапшыргын.

– Мени – жыландын падышасын, жыландарды көрдүм деп эч оозуңдан чыгарбайсың. Экинчи, мончого такыр түшпөйсүң. Кудукту да эч кимге айтпайсың. Эми чоң молдо болосуң, көзүң ачылып, олуя болуп каласың дегендей кылат.

Ошону менен жыландар жердин үстүнө чыгарып коёт. Чоң молдо болуп, оокатын кылып жүрөт.

Күндөрдүн биринде ошо жердин падышасы бүткөн бою ала болуп кетет. Табып чакырып дарылайт, эч айыкпайт.

Анан палан чоң молдо бар десе, ошону алдырат. Молдо көрүп туруп айтат:

– Сиздин бул кеселиңизге жыландын падышасы Шаймарандын сорпосун ичсеңиз айыгасыз, болбосо башка дары туура келбейт, – дейт.

– Шаймаранды кантип табыш керек? – дейт падыша алиги молдого.

– Аны табышка, Шаймаранды көргөн адамдын бүткөн бою жыландай жол-жол болуп калат. Эркек, аял дебей, бүткүл калкыңыздын баарын чакырып, мончого түшүрөсүз, бир-эки адам карап турат, – деди.

Ишти дал ошондой жасады. Эч кимден андай белги чыкпады. Алиги Жээнша бекинип, мончого келген эмес. Анан бирөө байкап:

– Жээнша келген жок мончого, – деди.

Падыша Жээншаны жасоол жиберип айдатып алып, мончого салды. Дал жыландын түспөлүошондон чыкты.

– А ушул экен, таптык, ушу бала көргөн экен – деп, падышага сүйүнчүлөп барышты.

– Жыландын падышасын кайдан көрдүң, чынын айт? – деди.

– Мен көргөнүм жок, – деди бала.

Көргөнүм жок десе, падыша:

– Чыныңды айт, айтпасаң дарга астырып өлтүрөм! – деди.

Айласы кетип:

– Көргөнүм жок! – дей берди ал.

– Көрбөгөн болсо да дарга аскыла, өлүп кетсин! – деп, желдеттерин чакырды.

Анан алып жөнөй турган болгондо:

– Айтайын, эми. Жыландар жердин алдында, ага баштап барсам, мени өлтүрүп коёт, барыш да кыйын дегенде, чоң молдо айтты:

– Бал кудукка мени баштап бар, аны өзүм чыгарам.

Молдону ээрчитип кудуктун башына алып барды. Молдо кудуктун башына олтуруп исмазан окуй берди. Бир убакта жыландар падышасын алтын табакка салып жердин алдынан чыкса, бир адам менен кудукта Жээнша олтурат.

Шаймаран көрүп:

– Сен жыландын падышасын көргөндүайтпайм деп убада кылбадың беле? – дейт балага.

Ал ыйлап:

– Даргага аса турган болгондо айттым. Падыша ала болуптур, адамдарды мончого түшүрүп, качып жүрсөм да таап берген мобул молдо… – деди бала.

– Болуптур, сени бала атадым эле, сага дагы зыян кылбайын, эми баары бир мен өлөмүн, жердин алдына түшүп кете бергиле – деп, жыландарын кайтарып жиберет.

– Эми сага да жакшылык кылайын, менин шорпомду кайнатып, биринчи шорпону сени ичкин деп кыйнайт, өлсөң да ичпегин, ичсең өлүп каласың. Сен ичпегенден кийин өзүң ич деп молдого берет падыша. Молдо ичсе өлөт. Экинчи шорпону эки жолу кайнатып туруп, аны жерге төк. үчүнчүдагы суу куюп кайнатып, падышага ичир, бүткөн боюна сыйпа, падыша ошону менен ала кеселден айыгат.

Ошо жылан падышанын айтканын кылып, үчүнчүсорпосун падышага ичирет, бүткөн боюна сыйпатат, падыша айыгат.

Жээнша чоң окумуштуу болуп, жыргап жашап калат.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

30-03-2011
Жомокчу
87151

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×