Добавить статью
6:34, 2 апреля 2011 33811

Жомоктор топтому

БАЛА ПАДЫША

Илгери заманда бир жердеги жаш балдар чогулуп алып, «Шаар-падыша» деген оюндарды ойнойт. Жедигер аттуу бала падыша, башкасы увазир, бек жана желдет болот. Кайсы бир баланы казы жана суракчы кылып, калганы талаадагы таштарды жыйнап келип, падышага сарай салып, аны Жедигер падышанын «шаары» деп аташат.

Бир күнүбалдар топурап, өздөрүкурган шаарда жүрүшсө, мурунку шаардын падышасы Абдыракман деген киши келип, балдардын ойноп жатканын көрүп, бир баладан: – Буларың кандай оюн? – деп сурайт. Падыша Абдыракмандын сурагына мындай деп жооп берет.

– Тээтиги Жедигер падышабыздын шаары, тетиги такта олтурган биздин падыша – Жедигер. Баарыбыз падышанын буйругуна баш ийип, анын буйругу боюнча иштейбиз, – дейт.

Кан Абдыракман булардын иштегенин жана салган шаарларын көрүп, айран-таң калат.

– Силер падышаңарга айткыла! Ушул шаарын мага сатсын, мен бир дилде алтын беремин, – дейт Абдыракман.

Абдыракман кандын сөзүн алиги бала өзүнүн каны Жедигерге айтып барат. Балдардын каны Жедигер:

– Бул шаар сатылсын, биз башка жерден шаар салып аларбыз – дейт да, шаарды сатып, бир дилдени алып, өздөрүнүн казынасына салып коюшат.

Абдыракман падыша:

– Бул шаар меники болду, силер эми башка жерден сатып алгыла, ошол жакка көчкүлө, – деп кетип калат.

Балдар эртесинде ал жерден кетип, башка жакка барып, мурункусунан артык кылып шаар, сарай салып, ойноп жүрө беришет.

Абдыракман падыша бир күнүуктап жатып түш көрөт. Түшүндө гүл жыттанган бакта алтын, каухар, жакут менен кооздолгон сарайларды аралап жүрүп, бир ак селделүүадамга кезигет. Ал селдечен:

– Сен Абдыракман падыша, бул жерди аралабай, бала падышадан сатып алган сарайыңды арала, – дейт.

Падыша көргөн түшүнө сүйүнүп, кедейлерге кайыр, садака берип, падыша Жедигердин жаңы шаарына келет.

– Мынабу сарайларыңарды мага саткыла, бир жүз дилде берейин – дейт да, сүйлөшүп бир жүз дилде берип сатып алып:

– Эми бул сарай меники! – деп, кетип калат.

Балдар сарайларын бир жүз дилдеге сатып, башка бир жерге дагы сарай, шаар салышат.

Абдыракман падыша бир күнүдагы түш көрөт. Түшүндө мурунку көргөн сарайынан бир нече артык, кооз келишкен сарай, ал сарайдын бактарын аралап жүрсө, баягы ак селдечен адам дагы кезигет.

– Падыша, бул аралап жүргөн сарайлар – бала падыша Жедигердики. Жакшылап көрүп алыңыз, – дейт ал.

Абдыракман падыша ойгонуп кетип, бул түшүнө абдан кубанып, бечара кембагалдарын чогултуп алып, кайыр-садакаларын берет. Андан кийин Абдыракман падыша кубанып сейилдикке таң-тамаша кылып чыгат. Тамашадан кайтып келе жатып, бала падыша Жедигерге келет. Дагы бала падыша Жедигерден жаңы шаар, сарайларын бир миң дилдеге сатып алат.

– Мынабу шаар, сарайлары менен дагы меники болду. Силер башка жерге сарай салып алгыла, – дейт.

Күндөр өтүп, бир күнүАбдыракман падышанын алдына эки адам доо доолашып, чатак менен келишет. Чатакташкан эки адамдын тең жетелеген бээси, ал эки бээде бир кулун бар экен. Эки бээ экөө тең кара. А жалгыз кулундун өңүда кара экен. Карала кулун эки бээни тең эмет экен. Эки бээ экөө тең бир кулунга ийип, эмизет экен. Доолашып келген эки адам экөө тең менин бээмден туулган кулун дейт экен. Падыша тактап сураса, эки бээ экөө тең кулунду бир түнү– жума түнүтууган дейт. Бирок кулундун туулгандыгын экөө тең өз көзүменен көрбөптүр. Бирок күндүзүэки бээ бир кулунду эмизип жүргөнүн эки адам тең далилдейт. Доо чыры ошондон башталган. Падыша текшерип, адилдик кылып кулунду кимисине алып берерин биле албай айран-таң болуп олтурганда, бир жаш бала мындай деп айтат:

– Ой кудай-ай, мынча адам бир кулундун кайсы бээден туулганын айрып биле албай олтурушканын карачы.

– Ой, энеңди… былжыраган бала, элдин башы катып олтурганда бекер келжиребей, жөн отурсаңчы! – деп урушуп, тилдеп жиберет увазирлери.

Анда бала:

– Уруша бериңиздер, бирок биздин Жедигер болсо, бул элди минтип камалап олтурбас эле – деп, кайра-кайра айтат.

Баланын бул сөзүн Абдыракман падыша угуп:

– Эй, бала, ушул ишти силердин бала падышаңар чече алат беле? – деп сурайт.

– Таксыр, биздин Жедигер падышабаз болсо, бул ишти алда качан эле чечип коёт эле, – дейт.

Анда кан Абдыракман бир адамды жиберип, жети жашар бала падыша Жедигерди чакыртып алат, болгон ишти түшүндүрүп айтат:

– Балам, бул сен эмне дээр элең? – дегенде, анда балдардын падышасы Жедигер:

– Бул көп ойлоно турган иш эмес, – деп, бир чыны суу алдырып, кулунду кармап алып, кулагынын учунан кесип, чыныдагы сууга үч тамчы канын тамызып, бир бээнин кулагынан үч тамчы кан алып, чыныдагы сууга аны дагы тамызып көрүп:

– Мына бул кулунду тууган бээ ушул экен – деп, нак энесин таап бериптир.

Жыйналган эл:

– Балам, муну кантип ажыраттың? – деп сурашканда, анда балдардын падышасы Жедигер:

– Кулундун өз энесинин каны суунун ичинде өз кулунунун каны менен биригип кошулуп кетет. өзүтуубаган бээнин каны башка кулундун каны менен кошулбай, эки бөлөк болуп калат деген экен.

Андан кийин көпчүлүк турган эл суудагы канды караса бала падыша Жедигердин айтканындай болуп чыккан экен. Кулунду өз энесинин ээсине алып бериптир.

Дагы бир күндөрдө Абдыракман падышанын алдына эки адам беш жаштагы атан төөнүталашып келет. Эки киши экөө тең өзүмдүн инген төөм, өз колум менен тууганда тумшугун артып туудурганмын деп какшайт. Падыша доону чечүүүчүн казыга жиберсе, казы ажырата албай, кайра падышага жиберет. Падыша төөнүкимисине берерин биле албай аң-таң болуп турганда, дагы бир жаш бала тура калып:

– Муну биздин Жедигер падышабыз эчак эле чечмек, – деген экен.

Ошондо падыша Абдыракман:

– Балам, сен Жедигер падышаңды чакырып келгин, силердин падышаңарды көрөлү, – деген экен. Ошондо алиги жаш бала жүгүрүп барып, өздөрүнүн Жедигер падышасын чакырып келиптир. Жедигер эки жагын беттештирип сурап:

– Бул атан төөнүн энеси барбы?

– Бар, – дешет.

– Экөөңөр тууган энесин алып келкиле, – дейт.

Жыйналган эл Жедигер бала падыша кантер экен деп карап олтурганда, экөө эки инген төөнүалып келишет. Жедигер эки төөнүаркан бою жерге коюп, бышты атанды чөгөрүп, төрт бутун мыктап байлатып, атандын санын кыл чылбыр менен толгогон экен.

– Чылбыр атандын санын кыйып, атан төөнүн жанына күч келген кезде алысыраак жерде кармап турган эки ингенди коё бергиле, – дейт.

Эки төөнүн бири атандын бото күнүндөгүбоздогон үнүн таанып, боздоп келип, атандын үстүнө түшө калган экен. Ошондо Жедигер:

– Атан мынабу инген төөдөн туулган экен, – деп айтат.

Олтурган эл бала падышанын акылына таң калган экен.

Дагы бир күндөрдө Абдыракман падышанын алдына он бир жаштагы жана он жаштагы эки кара баланы ээрчитип бир адам келиптир.

– Бул баланын бири менин өз балам, бири менин балам эмес. Бүгүн эртең менен карасам, балам жата турган төшөктө эки бала жатып калыптыр. Карасам – түрлөрү, кийимдери, кулк-мүнөздөрү, сөздөрүбаары бирдей. Менин өз балам кимиңер деп сурасам, экөө тең сиздин балаңызбыз, – деп айтат. өз балам кайсынысы экенин айрый албай, сизге келдим, – дейт.

Падыша Абдыракман эки баланы алысыраак коюп, мурунку өткөн убактагы иштерин сурап көрсө, экөөнүн сөзүда айырмасы жок бирдей чыгат. Падыша ары-бери сурап текшерип, эч кандай айырма таба албайт. Эң акыры бала падыша буга эмне дээр экен деп, Жедигерди чакыртып алып, иштин маанисин түшүндүрүп берет. Жедигер падыша:

– Бул эч качан кыйын иш эмес экен, – дейт.

Бир бош шишени алдырып, ал шишени өзүкармап туруп, эки балага айтат:

– Балдар, силердин кимиңер мынабу шишеге кире алсаңар, ошонуңар бул кишиникисиңер, – дейт.

Эки кара баланын бири секирип келип, шишенин ичине кирип кеткенде, бала падыша Жедигер шишенин оозун баш бармагы менен баса коюп, алиги кишиге айтат:

– Тигине, жаныңарда турганы өзүңдүн балаң. А бул шишедеги бала сизди алдап жүргөн шайтан экен, – дейт.

Ошондо жыйналган эл абдан айран-таң калган экен. Абдыракман падыша элди жыйнап:

– Жалпы журт мынабу жети жашар бала Жедигердин акылы менден алда канча артык экен, ошондуктан бүгүнкүкүндөн баштап, бардык падышалыгымды ушул балага өткөрүп берем. Мындан кийин сиздердин падышаңар мен эмес, Жедигер деген экен.

Ошону менен Жедигер бала жети жашында такка минип, адил падыша атанган экен.

ЧАБАЛЕКЕЙДИН КУЙРУГУ ЭМНЕ үЧүН АЧАКЕЙ

Күндөрдүн биринде жылан жер жүзүндөгүжандуу менен жансыздарга мындай деп арманын айтат экен:

– Мени жараткан кудай силердин баарыңардан кем кылып жаратыптыр. Буту-колум жок. Башымды көтөрө албай, жерде боортоктоп калдым, эмне жеп, эмне кыларымды да билбейм. Силердин баарыңар бүт тилдеп, каргап жаман көрөсүңөр. Менин оозумда айры соймоңдогон тилим бар. Ойлоп-ойлоп олтурсам, жандуу менен жансыздын ичиндеги эң шордуу жек көрүмчүсүмен экенмин. Мага эч кимиңер жардам бергиңер келбейт. Сен азап, кордукту көп тартсаң, падышалык деле колуңдан келер эле деп, сөз менен болсо да көңүлдүкөтөрүп коюучу эч ким жок.

Эки көзүнөн жашын мончоктотуп ыйлайт.

Жандуу, жансыздардын бардыгы жыланга боору ачып, таарынычын туура көрөт. Кара кылды как жарган адилеттүүжыланды ошентип хан шайлашат. Жылдан жыл, айдан ай өтүп, бир күнүжылан:

«Ааламга падыша болуп, бардык бийликти өз колума алсам, мындан да жакшы болоор эле. Көзүмө көрүнгөндүичпей, эттин таттуусун жеп, кандын ширинин сорот элем» – деп кыялданат. Анан кандын ширинин, эттин таттуусун биле тургандарды чакырат. Кош канатын делдейтип, буттарын тартайтып чиркей, дагы бир топ кансоргуч келет. Жылан алардын ичинен чиркей менен аарыны тандап алып:

– Сен экөөңдөн башкасы таасын биле албайт жана алардын колунан да келбейт, жер жүзүндөгүөсүмдүктөрдүн даамын, жандуулардын канын соруп, таттуусун мага айтып бергиле. Жумшактан топурактын, катуудан таштын даамын алгыла, – деп жиберет. Качан келээр убактысын да болжоп айтат.

Күндөн күн өтүп, чиркей шамал болсо, чөптүн түбүнө корголоп, кыңылдап үн салып жүрүп, кечигип калат. Аары өсүмдүк менен кандуулардын канын татып көрүп, эң таттуусун билип алып, падышаны көздөй жөнөйт. Алдынан чабалекей чыгат.

– Аарыке, падышага таттуу тамак издеп кетти деп уктум эле, таптыңбы? – дейт.

Аары чабалекейди теңсинбей, сурагына жооп бербей, зуулдап учуп жөнөйт.

– Аарыке, түшүндүм жолуң болуптур. Издегениңди таапсың. Азаматсың досум! Сенин эптүүлүгүңдү, эч нерседен тайманбастыгыңды башынан эле билгемин, – деп, чабалекей аарыны мактайт.

Анда аары мактана түшүп:

– Падышага кимди тапканымды билесиңби?

– Ээ,аарыке! Мен эмне билмек элем сенден. Бүткөн-боюмдун чоңдугу болбосо, акыл барбы, менде? Сен падышанын акылчысысың! Канакей, досум, ардактуу падышага кимди таптыңыз? – деп сурайт.

– Падышага ылайыктуу дүйнөдө адамдын каны экен – дейт. Чабалекей чочуп кетет.

«Асыл десе асыл, акыл десе акыл болуп жүргөн адам баласы ушул жарым жандуу жыланга азык болуп калабы» – деп:

– Менин акылымдын кыскалыгы ушул эмеспи, – деп, алдай баштайт аарыны чабалекей, – мен укпапмын муну. Бирок дүйнөдөгүтаттуу канды тапкан жандын тили башкача болот дешет го. Көбүнчө тилинин учунда мөөрүболот имиш. Кана, көрсөтчү, дос, тилиңди, – дейт.

– Мынакей – деп, аары тилин чыгарат. Чабалекей дароо аарынын тилин жулуп алат. Аары булдурап, падыша жыланды карай учуп жөнөйт. «Тили жулунду, адамдын каны таттуу экендигин эми кантип айтар экен» – деп чабалекей аарынын артынан акмалап жөнөйт.

Аары бир нерсени айткысы келип ыз-ыз этип, жыланга карайт. Бирок эч нерсени түшүндүрө албайт. Жылан калайык калкка карайт. Ошондо чабалекей:

– Мага түшүнүктүү, – дейт. – Жердин баарын кыдырып, жандуулардын канын соруп, өсүмдүктөрдүн даамын татып, топурактан таттууну таппадым деп жатат, – дейт.

Жылан, бирок шекшийт.

– Мунун тилин сен бир балээ кылгансың го – деп, чабалекейди карай жулунганда, чабалекей качып жөнөйт. Жылан чабалекейдин куйругун тиштеп калууга үлгүрөт. Ошондон кийин жылан топурак жалап, аары тилсиз ызылдап калган дейт.

Адам баласы жыланды көрсө өлтүрүп, чабалекей жыландан коркуп, адамга дос болуп, үйдүн төбөсүнө уя салат. Жылан чабалекейдин куйругунун бир талын тиштеп үзүп алгандыктан ачакей болуп калган дейт.

ТУКА МЕНЕН ЖОЛДОШ

Илгери Туймаза шаарында Калыбек деген атактуу соодагер болгон. өзүбашкыр. Карамагында адамдары менен соода кылып жүрсө да, кедейлерге абдан кайрымдуу экен. Ошон үчүн эл аны жакшы көрүп, Калыбек бай деп сыйлашат. Анын малын алып байыган адамдар кийин Калыбекти эске албай, тескерисинче, эрегише башташат. Себеби Калыбектин жалгыз баласы жаш, ошону пайдаланып, Калыбектин соодасын кылып жүргөндөр үч жылы бою Калыбекке зыяндан башка эч нерсе тарттырбайт. Калыбек өзүсоода кылуудан жадап, үйүндөгүалгы-бергисин башкара турган адамы болбогондуктан, он үч жашар Тука деген жалгыз баласын чакырып алып:

– Балам, мен картайдым, өзүм кетсем, үйдөгүжумушту тындыра турган адамым жок. Башка адамдардын мага келтирген зыянын өзүң билесиң, сен зыян кылсаң да, пайда кылсаң да өз эмессиңби, ишти өзүң ал. Соода кылганды үйрөнөрсүң. Ушинтип жүрүп, мен өлүп калсам, дале куржалак калган сен болосуң, – дейт.

Атасынын айткан сөзүбаласынын көңүлүнө түшүп, баласы Тука ойлонуп калат. «Атам мени соода кылуу үчүн бир жакка жибере турган болгон го. Биринчи барганда мага көп пул бербесе экен. Мени менен бирге тааныш жана ишенимдүүкишилерди кошуп жиберсе экен», – дейт ичинен. Калыбек баласынын бул оюн туюп калат жана баласынын жаман болбосуна да ишенет.

Баласы жолго чыгаардын алдында түлөө кылып, тогуз төөгө мата жүктөп, баласынын жанына жети жигит кошуп, Калыбек анан эки осуят айтат.

– Жолдо кетип баратып ойдуң жерге конбо. Пааналай турган жери бар экен деп, эски кыштоого да конбо. Себеби ууру каракчылар ошондой жерди пайдаланып, зыян келтирет.

Тука бала жолдоштору менен жолго чыгып, эки күн жол жүрөт. үчүнчүкүнүкечинде ачык эле жерден белине байланган чолок кылычы бар, орто жашка келип калган бир адам учурап, Тукадан:

– Кай жерден чыктыңар, кайсы жерге барасыңар? – деп сурайт.

Анда Тука Башкыриядан чыккандыгын жана кайсы жакка бара тургандыгын айтып берет. Тука сөзүн айтып бүткөндөн кийин, андан:

– Эми сиз кай жерден чыктыңыз, кайда барасыз? – деп сурайт.

– Биздин айыл анча деле алыс эмес, жарым күндүк жер. Силер бараткан шаарга барам. Астымдагы минген ат жарамсыз. Силерге чиркешсем болобу? –деп айтат.

Туканын жолдоштору бул сунушка каршы болот.

Себеби Калыбек бай баласын жиберип атканда эки осуят айтты эле, бул адамдын колунда жарагы бар экен. Душмандык кылышы ыктымал – дешет. Бирок Тука чогуу жүрүүгө макул болот.

– Абдан жакшы, – дейт Тука, – бизге да өзүңүзгө окшогон жол билген адам керек.

Аңгыча күн батат. Түнөп кетели десе, чоң сайдын бою экен. Тука атасынын сөзүбоюнча ал жерге конгусу келбейт. Тигил жолоочу ушул эле жерге түнөп өтүүгө дилгирленет. Бар милдетин мойнуна алып, айткан жерине кондурат.

Баары уктап калгандан кийин, таңга жуук бир ышкырык чыгат. Аны куралчан адам угат. Ажыдаар оозун ачып, соргону калыптыр. Чолок кылычын колуна ала коюп, ажыдаарды карай басат. Ажыдаар оп тартат. Кылычты оозуна кептей кармайт. Ажыдаар куйругуна чейин жара тилинип түшөт. Алиги адам ажыдаардын ичинен чыгып, Тукага жана анын жолдошторуна билгизбестен ажыдаардын өлүгүн алыс жерге алып барып өрттөп, күлүн баштыкка салып алат да, ордуна жатып калат.

Соодагерлер бул окуяны катуу уктап калгандыктан сезишпейт. Эртең менен эрте туруп, сапар улашат. Кечинде дагы бир эски кыштоого келишет. Консокпу деп турушканда, баягы кылычы бар адам:

– Тобокел, коно берелик – дейт. Жүктөрдүчечишип, эс алышат, баары уктайт.

Жолдон кошулган адам эки жакты карап жатса, бир чуулдаган үн угулат. Чолок кылычын алып, дабыш чыккан жакка барат. Бир эски үй. Ал үйгө кирет. үйдүн үч кабат эшиги бар экен. үчүнчүэшикти ачса, бир сулуу кыз, жети дөө олтурганын көрөт. Ал дөөлөр алиги кызды кимибиз алабыз деп, кыжылдашып атат. Кылычы бар жолоочу босогодо жашынып турат. Аңгыча:

– Адамзаттын жыты жыттанып калды. Мен эки-жакты байкайынчы, – деп, дөөлөрдүн эң чоңу эшикти карай барат. Ал тар эшиктен эңкейип өтө бергенде, жолоочу чолок кылычы менен дөөнүн башын кесе чабат. Ушунетип, улам эшикти карай жөнөгөнүнүн башын алып отуруп, баарын өлтүрөт.

Дөөлөр өлүп бүткөндөн кийин, үйдүн ичине кирсе, бир жаш сулуу кыз:

– Менин да адам баласын көрө турган күнүм бар экен ээ – деп, ыйлап жиберет.

Жолоочу кыздан кандайча дөөлөрдүн колуна түшүп калганын сурайт. Анда кыз айтат:

– Мен Мерий деген шаардагы кандын башкы увазиринин кызы элем. Эл мени увазирдин жакшы кызы бар деп сөз кылып, кан балдарына ыйгарып жүргөн болушат. Акыры кан балдары жуучу жиберет. Буга атам да жана мен да моюн сунбай мойноп коёбуз. Бул дөөлөр ошол айың сөздүугуп, эл-журтту чаап, мени тартып келгенине үч күн болот. Булардын адеби боюнча бирөө менчиктеп алмайынча, кызга тийбейт экен. Мага эч кандай кыйынчылык көргөзгөн жок. үч күндөн бери өздөрүбир биринен талашып, чатагы бүтпөй кыжылдашып жаткан эле. Сиз тезирээк кетиңиз, өлтүрүп коюшу ыктымал. Сиз, аман-эсен элге барыңыз, менден кабар айтып коюңуз – дейт.

Анда жолоочу кызга айтат:

– Сен капаланып кам жебе, мен сенин душмандарыңды өлтүрүп койдум. Жетөөнүтең. Сен ушул жерде олтура бер. Мен элге кайра кайтаарда сени алып кетем. Коркпо. Дөө-мөө деген эми болбойт, – дейт.

Кыз дөөлөрдүн өлүгүн көрүп кубанат. «Бул адам кайта кетип баратканда ала кетээр», – деп, күтүп кала берет. Тука жанындагы жолдоштору менен бул окуяны дагы сезбей калат. Бейкапар дагы сапарын улашат.

Бир нече күн жол жүрүп, бир элге жетишет. Көбүнүн бир колу, же бир буту жок. Баары эле чолок. Көрсө, булар баягы ажыдаар мекендеген сайдагы эл экен. Биринин бутун, биринин колун ажыдаар жеп турган. Андан коркуп, жер оодарды болушкан экен.

Жолдон кошулган адам жергиликтүүэлден эми эмне менен эмдесе айыгаарын сурайт. Эл ажыдаардын уусун айтышат.

– Эгер, – дейт алар, – биздин мунжу болгон колу-бутубузду айыктырсаңыз, тогуз төө кызыл алтын беребиз.

Тука жолоочудан айыктырып беришин өтүнөт. Жолоочу баягы ажыдаардын күлүнөн дары жасап, элди эмдеп айыктырат.

– Атым – Жолдош, – дейт Тукага жолоочу элди айыктырып бүтүп, тогуз төө алтынды салган соң, сенин өтүнүчүң аткарылды Тука, мага олжонун кереги жок, сен ал.

Соодагерлер ошол жерден соодасын жасап, Ата Журтун көздөй жол тартышат. Арадан үч күн өткөндөн кийин баягы кыз турган эски кыштоого келишет. Жолдош кызды алып келет. Кыз ошол мезгилде он беш жашта экен. өң-түсүнө, эс-акылына баары аң-таң. Жолдош жок кезде соодагерлер: «Жолдош биринчи олжосун бизге берди, эмкиси өзүнүкүболууга тийиш. Кызды бизге бер деш уят», – деп ойлошот.

Аптанын эртеси таң атаар маалда Тука айлына аман-эсен жетет. Жолдош ушул убакка чейин Тукага чын сырын айткан эмес жана билдирген да эмес эле, кайып-каскагынан бул жолу Жолдош сыр капчыгын ачып салды:

– Силер жолго чыкканга бир ай, он күн болду. Ошондон бери бирге келе жатам. Бирок ушул күнгө чейин, мен силерге бир ооз сырымды да, бир ооз акылымды да айткан жокмун. Эми айтайын. Анткени ар кимибиз өз-өз жайыбызга кеткен турабыз. Тука, балам, сен али жашсың, өмүрүңдө биринчи ирет жол жүрүп кайттың. Сенин көргөнүңдөн көрбөгөнүң абдан көп. Мен башкыр элинин баатыры болом. Кандын Зейне деген кызын сүйүп калып, аны ала качып жүрөм. Отуз беш жыл болду. Сенин атаң Калыбек мени жакшы билет. Эми сага айтаарым – атаң Калыбек эки бир тууганыма көп жакшылык кылган. Аларга мал бөлүп берип байыткан. Бир туугандарым атаңдын ал кылган жакшылыгын билген жок. Алардын абийирин мен жууюн деп сага кызмат кылдым. Мына бул сулуу – сеники. Тогуз төө кызыл алтын – кыздын себи. Эми менин дагы бир айтаарым мындай: мындан кийин узак жолго чыкпагын. Мага уруксат бер, мен өз элиме кетейин дейт да, Жолдош жолго чыгат.

Тука эли менен ошентип жыргап жатып калган экен…

КАНДЫН ЖОГОЛГОН КЫЗЫ

Илгерки заманда бир кандын жалгыз кызы болгон экен. Кан кызын жанынан чыгарбай, кайда барса өзүменен бирге ала жүрчүэкен. Бир күнүкан жакшы көргөн кызын үйгө калтырып, жакын жердеги бир элдин канына конокко кетет. Ошол учурда шаарга бир кеме пайда болот. Кемени көрөбүз деп шаардагы элдин баары – чоңу, кичинеси дебей барышат. Кандын кызы да көрөмүн деп барса, кеме кызды ала качып көзгө көрүнбөй кетет. Кан келсе кызы жок. Эмне болгонун эч ким билбейт. Кан издей турган жердин дайнын билбей, башы маң. Кан элин чогултат:

– Менин кызымды таап берген кишиге кызымды жана кандыгымды кошо берем, – дейт.

Ошондо башка элден келген бир жигит:

– Таксыр, каным, кызыңды мен таап келем. Мага он киши кошуп, бир кеме жасатып бериңиз, – дейт.

– Болот, балам, сураганыңды кылайын. Кызымды таап келсең эле болду мага – деген экен.

Жигит кишилерди ээрчитип алып, кызды издеп узак жол кезет. Кеме өз бетинче жүрө берет. Бир нече жыл жүргөндөн кийин бир аралга токтойт. Кеме токтогон жерден эшикке чыгып, эки жагын карап турат. Эч лам жок. Бир короого кирет.

– Кызды карап келгиле – деп, жолдошторун жиберип, өзүошол короодо калат. Ээн үйдөн бою бир карыш, сакалы кырк карыш чал короого кирип келет да, ал чал менен жигит алыс бир жакка ээрчишип кетишет. Эки күн, эки түн бири-бири менен кармашат. Акырында чал жеңилип, жигитке кыздын турган жерин айтат. Жигит чалдын башын дароо кесип алат.

Кыз жети кабат жердин астында экен. Жигиттерин ээрчитип келип:

– Мени ушул жерден үч күн күткүлө. үч күндө келбесем, элге кайта бергиле, – дейт.

Жигит жердин алдына түшүп, кайта чыгып келе жатып бир чоң сарайды көрөт. Сарайдын ичиндеги кырк эшиктен өтүп, кырк биринчи эшикти ачса, ичинде ай менен күндөй бир сулуу кыз отурат. Сүйлөшө келсе, кандын жоголгон кызы ошо болуп чыгат. Жигит кызды колунан тартып отуруп, сыртка алып чыгат. Бирок кошо келген жигиттери кастык кылып, тигини жети кабат жердин астына түшүрүп иет да, кызды алып качып кетишет. Алар кызга:

– Мени куткарган ушул кишилер, – деп айт. Айтпасаң өлөсүң же биздин бир чоңубузга тиесиң – дейт.

Коркконунан кыз макул болот. Жер астына түшүп кеткен жигит бир сарайды аралап жүрүп, эшигинде казандай кара кулпусу бар бир бөлмөгө келет. Кулпуну ачып кирсе, үч балапан чырылдап айланып учуп жүрөт. Ары жагында жети баштуу ажыдаар ышкырып турган экен. Жигит ажыдаарды кылыч менен чаап өлтүрүп, балапандарды өлүмдөн куткарат. Бир кезде күн күркүрөп, аба бузулат да, жогору жагын караса, жаан жаадырып келе жаткан алпкаракуш экен. Балапандарынын амандыгын көргөн алпкаракуш жигитке:

– Эмне тилегиң бар, адамзат экенсиң, айткын, – дейт.

Анда жигит:

– Менин жердин үстүнө чыгаргын, – дейт.

– Жакшылыкка – жакшылык – деп, алпкаракуш ал жигитти жер үстүнө чыгарат. Жигит үстүнө жаман-жуман кийим кийинип, өзүкеткен кандын жерине келет. Кан кызын таап келген жигиттердин бир чоңуна берген жаткан экен. Тойдун отуз күнүбүтүп, кырк күнкүтойдун акыркы күнүкалган экен. Кыз жигитти таанып:

– Мени куткарган тиги жигиттер эмес, мынабу жигит – деп, өзүнүн көргөн-билгенин атасына айтып берет. Кан мурда калп айтып келген жигиттерди өлтүрүп, алиги жигитке кызын да, кандыгын да берген экен…

БАЛАСЫН ЖОГОТКОН КүНЧө

Илгерки заманда Күнчө деген жесир аял болгон экен. Ал күндөрдүн биринде өзүнүн жалгыз баласын көчөдөн уурдатып жиберет. Күнчөнүн мындай ахывалга учураганын көргөн эл-журту капа болот. Ал бечарага кандай жардам берсек экен деп, эл кеңешет. Арадан төрт жыл өтөт, бала табылбайт. Издеп айласы кетет. Ошол убакытта Толубай деген сынчы бар экен, ошондон аял ыйлап жардам сураганга ынтызарланат. Ал сынчы түрлүүкуштардын тилин жана андан башка дагы адамдардын эмне ойлогонун да билип койчу экен. Жаңы туулган эркек кулундун чоңойгондо кандай ат болорун да жазбай таанычу экен. Мунун билбей турган эч нерсеси жок имиш.

Күнчөнүн өлгөн эринен калган бир тору аты бар экен. Ал атка өзүминип, Толубайга барам деп издеп кетет. Күнчө ээн талааны жалгыз басып, далай күндүөткөрөт. өзүжүдөп, чарчап, аты арыктап, жүрбөй калат. өлдүм-талдым деп чарчап отуруп, Толубай сынчынын үйүнө келет. Чоң ак сакалы бар кара чал, өзүнүн кара ала алачыгында эски кийизди салынып отурган экен. Абдан эзилген кедей. Көңүлүсүйгөн адамдын ой-пикирин жана кандай адам экенин сынап берип, ал адамдын акысына тыйын да алчу эмес экен. Толубай Күнчөнүн кебетесине карап, сынап көрүп, анын келечеги кандай боло турганын биле коёт. «Сизден акыл суроого алыс жолдон Күнчө деген аял келе жатат», – деп, мурунку күндөрдө эле чабалекей айтып койгон имиш.

Күнчө келери менен:

– Кел, олтуруңуз, арызыңызды айта отуруңуз, – дейт Толубай. Анда Күнчө сөз айта албай эле, өңгүрөп ыйлап жиберет.

– Жалгыз баламдан айрылып, канаты кайрылган куштай болуп уча албай калдым. Ата, сизге муңумду айтайын деп келдим, – деп ыйлайт.

Толубай Күнчөнүн арзын ыкылас коюп угуп отуруп, куш болуп ышкырып жиберет. Дароо бир топ чабалекей учуп келет. Чабалекейлер Күнчөнүканаттары менен желпип, оозуна суу алып келип, Күнчөнүн бетине чачышат. Толубай колун шилтеп, ымдап койгондо бир топ чабалекей Күнчөнүотурган жеринен көтөрүп учуп, элин көздөй жөнөйт. Чабалекейлер кечке жакын Күнчөнүжеткизип кайта келишет. Келгенде талаада жүргөн бир сур чычканды алып келген экен. Ал сур чычкан келери менен эле көргөн-билгенин Толубайга айтып берет.

– Күнчөнүн баласын ириңдеген ала көз аял уурдап кеткенин көрдүм эле – деп айтат чычкан.

Күнчөнүсынчы дароо кайра алдырат. Чычкандын айтканын Толубай өзүнүн тили менен Күнчөгө айтып берет.

– Менин баламды уурдаган адам бир шум турбайбы. өмүр бою баласыз жүрүп, алтымышка чыкканда балалуу болдум эле, эми балама кантип жетем? – дейт Күнчө.

Ошондо Толубай куштун тилинче ышкырат. Эки чоң кара бүркүт жетип келип конот. Толубай бүркүттөргө буйрук кылат.

– Айжарык деген кемпирди, уурдап алган баласы менен алып келкиле, – дейт.

Эки бүркүт бийиктеп асманды карай учуп жөнөшөт. Эртесинде, күн чыгып келе жаткан мезгилде, бүркүт бир далысына эки кишини отургузуп, башы казандай, чүңкүр көз кара кемпирди Толубайдын алдына алып келип таштайт. Экинчи бүркүт жанында. өзүаппак, көзүтайлак төөнүн көзүндөй жоодураган бала аң-таң унчукпай отуруп калат.

Жүрөгүбирдемени сезгендей болуп бала көргөн жерден эле Күнчөгө колун созот. Алиги Айжарык кемпир баланын колун кагып жиберип, өзүнө карай тартып алат.

– Бул Күнчөнүн баласын өзүнө бер! – деп, Толубай кыйкырып калды.

– өзүң бир алжыган чал экенсиң – деди Айжарык, – өз баламды кимге жана эмне үчүн беремин, – деп айтат.

Бала Күнчөдөн көзүн айырбай телмирип карай берет. Анда Толубай:

– Менин тилимди албасаң, бул баланы ортосунан кылыч менен чаап, экөөңөргө тең бөлүп берейин, – деп, кылычын алып, баланы көздөй жүгүргөндө Айжарык телмирип туруп калып:

– Баланы эмне кылсаң өзүң бил – деп, Толубайды карай түртүп жиберет.

Күнчө жүгүрүп келип, Толубайдын бутун кучактап:

– Агатай, кылыч менен чаба көрбөңүз, бала кайда жүрсө да, тирүүболсо болду – деп жалынат.

– Айжарык, бул сенин балаң эмес экен, сенин балаң болсо кылыч менен чаап, тең бөлүп берем дегенде чыдай албай, өлтүрбө деп айтат элең го. Сенин мүнөзүңө караганда бала сеники эместиги көрүндү. өзүнүн энеси болгондуктан, бала башкага кетсе кетсин, өлбөсө болду деп ыйлаган Күнчөнүн баласы экендиги аныкталды,– деп баланы Күнчөгө алып берген экен.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

02-04-2011
Жомокчу
61183

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×