Добавить статью
6:40, 2 апреля 2011 21065

Акын

Автор: КӨКӨН

Көкөн 1926-жылы Сузак районундагы Кашкатерек кыштагында тө­рөлгөн. Энеден бир жашында калган. Беш бир тууган эле. Экөө эрте өлүп кетти.

Атасы Абдылда кесиби мурап болчу. 1928-жылдан 1933-жылга чейин созулган ачарчылыкка карабастан, ошол кыштакта жашаган бардык элди үгүттөп, турмуштун оорчулугуна карабастан, эл өмүрүсуу деген деп, арык казып, суу чыгарып, бак-дарак эгип, жерди гүлдөтүп, шалы эккен. Элдин турмуш-тиричилиги арык чыккандан кийин оңолгон.

Жаш келиндердин көпчүлүгүМурап аке деп тергешчү. Айыл­дын карысынан жашына чейин аксакал деп айтышчу.

– Балам, эмгекти сүйө бил, эл-жериңди сүйө бил, жамандан алыс бол, эртең менен эрте тур, чачылган ырыскыдан кур калбайсың. Эсиң болсо, ушак сөзгө жолобо. Бекерчини дос кылба. Жыйын топтолгон жерден калбай, жакшылардан таалим  ал.  Кеч  калган жолоочуну үйгө жаткызбай койчу болбо.

Кошунаң бир нерсе сурап келсе, бар буюмуңду жок дебе. Душманга жаныңды берсең бер, сырыңды бербе. Кем болбойсуң, балам, – деп сылап койчу.

Ушул сыяктуу акыл-насааттарды көптөн-көп айтчу. Атасынын бир артыкчылыгы: ушул Жаңыарык кыштагына суу чыккандан баштап, өктөбүр айылынан терек көчөтүн алып келип, ар бир түтүнгө албаганына болбой:

– Эккиле!.. – деп таратып берет.

Ошол кездеги эгилген теректерден 1947-жылы колхоз жүз түптөйүн кесип, арыктын башына суу жеп кеткен жерлерге серпая1 (салып) байлайт.

Устачылык жайы да бар эле. Айылда ким жай салса, ошол кишини чакырып, жайдын көпчүлүк материалдарын иштетип, тургузганга чейин жардамдашчу. Кары коюп, көбүнчө мейманкана салчу.

Андан башка ким чөп жыйса: – Аба, чөптүжыйып бериң! – деп алып кетчү.

Чакырган жерден эч кыйыктанбаган, ак көңүл колунда бар экен, жок экен дебей барабар көрчү.

Андан башка дагы кашык, чөмүч, жыгач күрөк, данды (эгинди) тазалоочу бир топ жыгач буюмдарын: желпигич табак, союл, сокбилек, кереге, уук, жүгөн, ат жабдык жасоочу.

Атасы Абдылда 1944-жылы каза болду. Атасынан калган керээз сыяктуу жашы сегиз-тогуз чамасында узун түндөрдө, жомок  айткан  учурларда,  кайгылуу замандын адилетсиз­дигин, кембагал жардылардын зар-муңун тыңшаар эч ким жоктугун баяндап, «Сармандын арманы» дастанын айтып берчү.

Илгери-илгери бир байдын жалчысы Самтыр уулу Сарман бир байга жалданып, отунчу болуп жүрөт. Күндөрдүн биринде Сарман отунга жөнөп, өгүзгө отунду сылай артып, жолго чыгар мезгилде, күн алай-дүлөй болуп, жамгыр нөшөрлөп жаап кирет. Жол абдан тайгак болгондуктан Сармандын көк өгүзүкыя жолдон жаза басып, учуп кетет.

Ошондо көк өгүздүн алдына келсе, бели үзүлүп, көзүсүзүлүп, аркан жибинен ажырап, өлүп жатканын көрүп, Сармандын көк өгүздүкарай айтып турган жери:

Көзүң аккан көк өгүз,

Көп жылдан бери бир жүрүп,

Көп өмүрдүбир сүрүп,

Көңүлкеч элек экөөбүз.

Жаза басып жолуңдан,

Чылбырың чыгып колумдан.

Кармап калар арга жок,

Капталдап келген соңуңдан,

Карагай отун курусун,

Же калбай жонуңдан.

Каран күн түштүбашыма,

Балакет чыгып жолумдан.

Сен менен кошо таш кулап,

Жеткизбей ташка сен чурап.

Канаты бардай калдайып,

Коктуга кирдиң куркурап.

Не кыларын биле албай,

Карап турдум буркурап.

Сарсанаа басып өзүмдү,

Сакалдан жашым зыркырап,

Угуп калса балдарым,

Убайым тартат чыркырап.

Көк өгүз сенин айыңдан,

Бөлүнөөр бекем дыркырап.

Көкүрөктөн кетпейт го,

Бүгүнкүкылган санатың.

Көрүнбөптүр көзүмө,

Көк өгүз сенин канатың.

Алп кара куш көрүндү,

Аскадан сенин учканың.

Айтпадың неге мурунтан

Ала барчын шумкарын.

Билген эмес Сарманың,

өгүзгө канат бүткөнүн.

өксүттүң мени көк өгүз,

Бул эмес эле күткөнүм.

Канатың барын билгенде,

Качантан эле сырдашпай,

Качып кетмек экенбиз,

Какбаш бай менен чырдашпай.

Кул болдук байга келгени,

Куруган биздин шорубуз.

Кутулуп кетер арга жок,

Курчалган белде торубуз.

Көк өгүз жатат сүзүлүп,

Кеткендей бели үзүлүп.

Олтурам жалгыз жанында,

Мончоктой жашым тизилип.

Кеталбай турам зар какшап,

Сени таштап талаага.

Кайгыдан башым кутулбай,

Жолуктум кандай балаага,

Кимге айтам ичте дартымды,

Ким угат менин арзымды?

Канткенде төлөп кутулам,

Көк өгүз сенин арзыңды.

Көк өгүз жатат суналып,

Көзүмдүн ичи тунарып.

Жан салар менде арга жок,

Жаныңда турам муңайып.

Кайгыга салдың Сарманды,

Кимден сурайм жардамды.

Баш көтөрүп көк өгүз,

Уксаңчы ичте арманды.

Чымын чыкса былк этпей,

Турчу элең отун артканда.

Минип алчуум чокчоюп,

Жүк бүтүп үйгө кайтканда.

Отточу элең сан жердин,

өлөңүнө көк өгүз.

Ээн жерге чыкканда,

Ырдачу элем көк өгүз.

Эзелтен бери бир жүргөн,

Сырдаш элем көк өгүз.

Токуп алып тойтойтуп,

Тойго минген көк өгүз.

Тумандуу түндө адашпай,

Жолду билген көк өгүз.

Кулбөлдүнүн кыялын,

Купта билген көк өгүз.

Сурмакандын1 кыялын

Уста билген көк өгүз.

Сарман менен санаалаш,

Бирге иштеген кек өгүз.

Күндүзгүдөн калганын,

Түндө иштеген көк өгүз.

Торпогуңдан бери жакка,

Токулга түшпөй жонуңдан,

Кутулдуң окшойт кургурум,

Кулбөлдүбайдын торунан.

Казы бийин чакыртып,

Келээр бекен Кулбөлдү.

Сарманыңдын сазайын,

Берер бекен Кулбөлдү.

Сурмаканы сурданып

Турар бекен барганда.

Көк өгүз сенин өлүмүң,

Каргаша болду Сарманга.

Мен көтөрөм арга жок,

Тагдырдын башка салганын.

Кабагын ачпай суз болор,

Алганым менен балдарым.

Оңолор күнүбар бекен,

Ойрон болуп бул заман.

Көрүнөр бекен элеси

Биз көксөгөн гүл заман.

Көргөн адам көп экен,

Көк өгүз учкан асканы.

Кагазга түшсө канаке,

Сармандын айткан дастаны.

1941-жылы согуштун башталган убагы. Агасы өмүр баласы Маамат коммунист катарында кезексиз өз ыктыяры менен согушка жөнөп кетти. Көп узабай агасынын мерт болгону билинип, кара кагаз келди.

Тууган-уруктар чогулуп, аза күтүп, кайран жигитти түбөлүк сапарга узаткандыгы тууралуу терең кайгырды. Арадан бир топ жыл өткөндөн кийин агасынын ыр барактарын таап алды. Ал «Солдаттын казалы» аттуу элге жазып жиберген ыры болуп чыкты.

Алдым колго каламды,

Айылыма жаздым саламды.

Ак бата берип кол жайып,

Аткардың жоого балаңды.

Кармадым колго каламды,

Калкыма жаздым саламды.

Касташкан жоого аткардың,

Кабылан жолборс балаңды.

Аткарам ата батаңды,

Актаймын эне сүтүңдү.

Ант берем, ишен Ата Журт,

Албайм сенден күчүмдү.

Балаңдын уккун саламын,

Бастырбайм душман кадамын.

Бекем сакта барганча,

Берениң жазган казалын.

Уулуңдун уккун саламын,

Узатпайм душман кадамын.

Урматтап сакта барганча,

Уланың жазган казалын.

Колумда бар куралым,

Карабайм канкор убалын.

Кайрылып келем элиме,

Кыйратып душман турагын.

Асынган белде куралым,

Албайм анткор убалын.

Айланып келем элиме,

Арылтып душман турагын.

Ардактап баккан ата-энем,

Эсендик сурап кат берем.

Ары жок фашист жеңилет,

Ал үчүн ишен, ант берем!

Эрмектеп баккан ата-энем,

Эсендик сурап кат берем.

Эсирген душман жеңилет,

Эл-жерим үчүн ант берем!

Кол курап фашист батыштан,

Козголоң баштап капыстан.

Кетирбей өчтүалабыз,

Кеткенче агып кашык кан.

Чеп бузуп фашист батыштан,

Жергеме кирди капыстан.

Канкордон кекти алабыз,

Калганча агып кашык кан.

Жалаң кылыч байланып,

Жалтанбай жоого камданып.

Жалындуу жүрөк жаштардан,

Жекеге чыктык тандалып.

Кынсыз кылыч байланып,

Кылчайбай жоого камданып.

Кыраан жүрөк баатырлар,

Кыргыздан чыктык тандалып.

Ак шумкар куштай топтолуп,

Алоолоп жалын от болуп.

Алдынан тосуп душманды,

Автомат мылтык октодук.

Кыраан куштай топтолуп,

Кыпкызыл жалын от болуп.

Кыйратып жоону талкалап,

Катюша камдап октодук.

Барчын куштай топтолуп,

Балбылдап жалын от болуп.

Беттешкен жоону кыйратып,

Пулёмет, пушка октодук.

Байлоодо иттей асылып,

Баскынчы келди жашынып.

Берендер карап турабы,

Бет алды кирдик качырып.

Чынжырда иттей асылып,

Жырткычтар келди жашынып.

Жолборстор карап турабы,

Жабыла кирип качырып.

Карабай элдин убалын,

Кандырмак болгон кумарын.

Кыйратты көбүн көркоолор,

Калкымдын кутман курагын.

Эстебей элдин убалын,

Эркинче жазмак кумарын.

Ээлемек болгон эсерлер,

Элимдин кутман турагын.

Гүлдөгөн бакты кыйратып,

Кемпир-чалды ыйлатып,

Кезиккен совет адамын,

Кол-бутун бурап кыйнашып.

Жайнаган бакты кыйратып,

Жаш балдарды ыйлатып.

Жолуккан совет адамын,

Жырткычтан бетер кыйнашып.

Көмүскө жерде жатышып,

Көрүнгөн жанды атышып.

Коёндой кордоп адамды,

Кыйнады тирүүасышып.

Канчанын канын төгүштү,

Каргалар чокуп өлүктү.

Турнадай тизип көп элди,

Тирүүлөй жерге көмүштү.

Ата-эненин көзүөтүп кеткенден кийин үч бир тууган агасы өмүр баласы Дүйшөнүн колунда калды.

Дүйшө сабаты жок, арык чырай, орто бойлуу, оорунун айынан аскерге барбады. Агасы өмүр баласы Маамыт фронтко кетип, келбеди.

Дүйшө момун болчу. Аялы төрөбөй ажырашып кетип, ки­йин аял алып, беш балалуу болгон.

Жетинчи классты Кашкатерек орто мектебинен бүтүр­гөндөн кийин, Жалалабаттагы педагогикалык техникумга кирип окуйт.

Жазуучу Шабданбай Абдыраманов экөө бирге окуган. Ошол мезгилде кандайдыр бир оору менен ооруп калып, кыштакка келди. Атасынын колундагы ини-карындаштары согуштун кесепетинен жана агасынын оорусуна байланышып өтө кыйынчылыкта калган. Айыл аксакалдары Карачал, Ормоке, Назарымбет, бир тобу чогулуп, аны ортого салып:

– Балам, биздин сага айта турган кеп-кеңешибиз бар. Агаңдын колундагы ини-карындаштарың кыйынчылыкта. Билимдин аркасынан түшүп, окуп жатканы жакшы. Бирок төмөнкүбалдардын кыйынчылыгы окуудан зарыл деп түшүнөбүз. Бул балдарды колуңа алып, камкордук көрсөтпөсөң болбойт.

Ошол аксакалдардын айтуусу боюнча окууну биротоло ташташка мажбурланды.

Анда алардыкын Темир жол совхозу1 деп койчу. Темир жол совхозуна жумушчу болуп, ини-карындаштарын колуна алып, тарбиялап өстүрүүгө аракеттенет.

Ошол себеп менен окуу улантылбады. Андан кийин эл катары тиричилик өткөрүп жатты.

Ырсаалы ырчыны да көп жылдан бери эле көрүп жүрдү. Кара тору, чап жаак, орто бойлуу, кыял-жоругу адамга өтө жапыс, тамашакөй, түрдүү-түмөн сөздөрдүайтып, өткөн-кеткендерди сурап, олтурган көпчүлүктүн кумарын жазчу.

Ал кишинин ырчылык жагы олтурган элге төкпөй-чачпай ырдап берчү.

1949-жылы жерди өздөштүрүүгө көчүрмө болуп, Ноокен районуна пахтага барышат.

Бир күнүжамгыр жаап басылгандан кийин, контордун айланасында бир топ кары-жаш аралаш сөздөн чыгып, эл ичинен бир карыя:

– Бу балдарым, Көкөн, Чомо экөөңөрдүөнөрлүүакын-ырчы деп угуп калдык. Эмесе, балдарым, ушул олтурган көпчүлүккө бир аз көңүл көтөрүп тамаша кылып бербейсиздерби? – деп суранып калды. Андан улуураак болсо керек эле, ал биринчи баштады.

Ээ, Чомо байым баштачы,

Элге ырдаштан качпачы.

Кары-жаш турат кашыңда,

Кызыл тилден таптачы.

Ыр угам деп келген го,

Ушул экөөбүздөн башкасы.

Жигиттин ыйык милдети,

Сөз берген ишин акташып

Алдоо тилге берилип,

Ар-намысың сатпачы.

Уяңдык кылбай жалтаңдап,

Узун сабак таштачы.

Анда Чомонун айтып турган жери:

Ордолуу элге ооз ачып,

Ырдай элек баламын.

Уруулуу элге ырчы деп,

Угула элек кабарым.

Онтолоп калып сөз таппай,

Орундалбай талабым.

Көкарттан чыккан акын деп,

Укчу элең кабарың.

Жаза баспай изиңди,

өзүңдөн үлгүалайын.

1950-жылы 1-Май майрамында элге биринчи саламдашып, ооз ачып турган жери:

Кең Көкарттын сайында,

Биринчи май айында.

Көпчүлүк дүрбөй жасанып,

Эч ким калбай айылда.

Жер бети сайма сайынып,

Гүлгө оронгон маалында,

Көпчүлүк элдин алдында

Биринчи оозум ачкамын.

Ошондо элге айткамын,

Сөзүн уккун калың эл,

Каргадай болгон баламын.

Калчылдак басып денемди,

Кыйналып барат абалым.

Уруулуу элге таанылып,

Угула элек кабарым.

Кечиргиле кемтигин,

Кетирген жерин баланын.

Ырчылардан үлгүалып,

Узара элек кадамым.

Жалпы турган баарыңа,

Жалындуу айткан саламым.

Ак боз аттай даңкайган,

Ак сакалы жайкалган.

Алтындай кымбат сөздөрү,

Ай-ааламга таркалган.

Акыл-насыят кеңешин,

Айылына айтып жар салган

Аталар аман барсыңбы?

Ак элечек оронгон

Азамат эрлер төрөлгөн.

Апа деп тилге киргенче,

Ак бешикке бөлөнгөн.

Адамзаттын баарысы,

Ушул аялзаттан көгөргөн.

Ак сарайдын туткасы

Апалар аман барсыңбы?

Эринип бекер жатпаган,

Эл милдетин актаган.

Эрегишкен жоо келсе,

Чечинип артка качпаган.

Кыйындык башка түшсө да,

Душманга сырын айтпаган,

Темир билек, эр жүрөк,

Агалар аман барсыңбы?

Ак маралдай керилген,

Азандан ишке берилген.

Жайдары мүнөз жаркылдап,

Жаңырган айдай көрүнгөн,

Жарпыңды жазып денеңдин,

Жалын болуп төгүлгөн.

Эркелеп айткан бир сөзү

Эстесең кетпейт көңүлдөн.

Жыргалы асыл өмүрдүн,

Жеңелер аман барсыңбы?

Ак жибек жоолук салынган,

Алтындан сөйкө тагынган.

Тигилип тике караса,

Тикенек болуп сайылган.

Жарк этип күлүп койгону,

Жүрөккө тийген чагылган.

Болжошкон жерде жолукса,

Бозойдун чери жазылган.

Сыр алышып, сыр чечкен,

Селкилер аман барсыңбы?

Жылаңайлак, жылаң баш,

Топурак үйүп, чаңга ойноп,

Ээрчишип кетип издетип,

Эски-улак жүргөн жарга ойноп,

Чымчыктын бузуп уясын,

Терек менен талга ойноп,

Кол булгашып топтошуп,

Короосу ээн жайда ойноп.

Этек, жеңин түрүнүп,

Энтиге чуркап күйүнүп,

Карапа таап алгандай,

Каткырышып сүйүнүп,

Айылдан келсе апасы,

Алдынан тосуп жүгүрүп.

Асмандан түшө калгандай,

Айланып кетпей үйүлүп,

Жарты күн өтпөй сагынган,

Жаш балдар аман барсыңбы?

Жыргалдуу заман биздеги,

Жеңиштин туусун кармаган.

Куттуу болсун туугандар,

Бүгүнкүкүнкүмайрамың!

1950-жылы Ачы районунан Ленин районуна пахта өстүрүүбоюнча көчүрмөгө жазылып, Интернационал колхозуна көчүп келип, Орунга үйлөндү.

1954-жылы аттан жыгылып, башынан оор жарадар болгон. Он жыл чамасында экинчи группадагы майып болуп жүрдү.

Анын акындыкка болгон шыгы жаш кезинен эле байкалчу. Бир агасы Комберди согуштан бир буту жок, жарым жан болуп келди.

Ошол киши:

– Бу сен бала, оозуңдун тыйылган күнүболобу? – деп аны көп жемелеп калчу.

Себеби басса-турса жүрөгүделбөөрүп, ырдагысы келе берчү. Андан кийин он беш, он алты жашка чыкканда бирөөлөрдүн ырларын угуп, жаттап алып, оюн-шоок кечелерде, үлпөт-тойлордо ырдап жүрдү.

Көкөн Акмат ырчыны Кашкатеректен он төрт жашында көрдү.

Акындыктан башка куудул, олтурган элди күлдүрмөйүнчө кө­ңүлүжайына келбеген кичи пе­йил, өтө шайыр, чарчы бойлуу, ак жүз­дүү, мурут-сакалдуу киши болгон.

– Балдар, жигит болсоңор жигиттин гүлүболуп жүргүлө. Эр жигитке жетимиш өнөр аздык кылат. Ошондуктан, өнөрпоз, чукугандай сөз тапкан, адамдын ички сырын айттырбай билген, төрт кырдуу, бир сырдуу жигит болуп өскүлө, балдарым, – деп койчу.

Он беш, он алты жашка чыкканда өлүп кеткен. (Акмат алтымыш төрт, алтымыш беш чамаларында өлгөн.) Ал: «Ак Жайнак», «Кой көзүм», «Молдо кыз», «Ак үрбү», «Ак седеп», – деп ырдоочу.

Ак Седеп Чалыке деген жерден өскөн, кедей кызы. Керимкулга ашык болуп, жетише албай өтүшүп кетишет.

Ак Седеп

Чалыкенин ак терек,

Чалкалайсың ак желек1.

Ак желекке жарашкан,

Ак чырайлуу ак Седеп.

Керимкулду сүйөт. Кызды башка бир байдын баласына бермек болгондо Керимкул менен качканда колго түшүшүп, экөөн тең мерт кылат.

Ак Жайнак

Ай чыккан жерден күн чыккан,

Ак Жайнак деп ыр чыккан.

Жете албай бозой ыр ырдап,

Уйкусу кеткен тынчтыктан.

Ашкере сулуу болот. Бир топ жылдар мурун бир гана Акмат эмес, андан мурунку көп-көп акындар ырдап келген.

Кой көзүм

Кой көзүм – бул дагы элден чыккан сулуу. Көп жигиттер ашык болуп жете албай, турпатынан сулуулугун баяндап, «Кой көзүм» деп ат коюп ырдап келген.

Узагып жаткан кеселге,

Улардын өтүдарт имиш.

Уламадан уласак,

Улуулардан сурасак.

Ойномоглук, күлмөглүк

Эзелтен бери бар имиш.

Карайып жаткан кеселге,

Кашкулак өтүдары имиш.

Эзелкиден уласак,

Эмкилерден сурасак

Ойномоглук, күлмөглүк,

Кадимкиден бар имиш.

Тууралай басып жол салдым,

Тушуңду тешип кол салдым.

Бурап алдың мойнумду,

Булкуп койдуң колумду.

Мынча ооруттуң көөнүмдү!

Капталдай басып жол салдым,

Капшытың тешип кол салдым.

Кайрып койдуң мойнумду,

Кагып койдуң колумду.

Канча ооруттуң көөнүмдү.

Суу жүрбөй дарак буралбайт,

Сулуулар жарсыз жүрө албайт,

Суктанып душман көрө албайт,

Күн тийбей дарак буралбайт.

Күмүшүм менен бир жүрсөм,

Күнөөлөп дүшман көрө албайт.

Майиндигиң маргалаң,

Шайысындай кой көзүм.

Ылдамдыгың Ташкендин,

Пайызындай кой көзүм.

Койкойгонуң короздун,

Моюнундай кой көзүм.

Кызарганың кызгалдак,

Пурумундай кой көзүм.

Кенендигиң Маскөөнүн,

Базарындай кой көзүм.

Муңдуулугуң Кыз Жибек,

Казалындай кой көзүм.

Кызылдыгың Алматы,

Жемишиндей кой көзүм.

Кылтылдашың кундуздун,

Терисиндей кой көзүм.

Бийиктигиң Арстанбап,

Тоосундай кой көзүм.

Уккулугуң булбулдун,

Доошундай кой көзүм.

Короого түшкөн куттайсың,

Кожолор кийген сурптайсың,

Короодо басып мен жүрсөм,

Козголбой кантип уктайсың.

Эшикке түшкөн куттайсың,

Эшендер кийген сурптайсың.

Эшикте басып мен жүрсөм,

Эстебей кантип уктайсың?

Молдо кыз

Элине коончу Карабай көчүп келип, коон-дарбыз, пыяз, сабиз, жер-жемиштерин өстүрүп, туруп калат.

Карабай көчүп келген кезде, жүгүрүп жүргөн тестиер кызы болот. Аңгыча арадан бир топ жылдар өтүп, кыз бойго жетет. Айылдаш өскөн жигит Чоткара уулу Бакы кызга ашык болуп калат. Ал аңгыча бул ушак тарап, кыздын ата-энесинин кулагына түшөт. Кыздын ата-энеси бул сөздүуккандан кийин кызды өз элине кетирип жиберет. Ошондуктан кызга жете албай кызды молдо кыз деген ат менен ыр чыгарат.

«Молдо кыз» ырдын мааниси ушундайча деп айтып ырдашаар эле.

Чаар китеп окуп кат кылдың,

Шарият сөзүн жат кылдың.

Куран окуп кат кылдың,

Кудаанын сөзүн жат кылдың.

Көкөн Нуркул акынды жаш кезинде бир көргөн. 1980-жы­лы сексен бир жашында өлдү. Күз убактысы. Каамыттын үйүндө жоро-бозо ичилип жатты. Эшиктен кызыл жүздүүыманы ысык, бир киши кирип келди. Төрдө отургандардын бардыгы  жалпы  орундарынан  турушту.

– Ээ, келиң, Нуркул аке, жоголгон алтындай болуп, кайда жү­рөсүз? – дешип, чоң ыраазычылыктарын билгизип, төрдөн жай беришти.

Көрсө, ал киши атактуу Нуркул ырчы экен. Арадан көп убакыт өтпөй ызы-чуу басылып, кезек Нуркул ырчыга келди.

– Ээ, балдарым, кайрадан жашардым, себеби ушул жоро-бозодо «Ак Ноодайымды» ырдай баштадым. (Элдин өтүнүчүбоюнча ырдап берди.)

Жазында эмес күзүндө,

Кең Көкарттын түзүндө.

Кичипейил, Ноодайым,

Келбетиң окшош жүзүмгө.

Анжиян бардым соодага,

Ашык болдум, Ноодага.

Кокон бардым соодага,

Куштар болдум, Ноодага.

Эчки-теке зоодайым,

Элимде жок, Ноодайым.

Элимде жок сулуунун,

Эрмегин бир аз ырдайын.

Аркар-кулжа зоодайым,

Айылымда жок, Ноодайым.

Айылымда жок сулуунун,

Арманын бир аз ырдайын.

Кадырыңды табам деп,

Кеп кылганым, Ноодайым.

Картайсам да алам деп,

Кеп кылгамын, Ноодайым.

Көңүлүңдүтабам деп,

Кеп кылгамын, Ноодайым.

Көңүлкеч кылып алам деп,

Кеп кылгамын, Ноодайым.

Күлсө тишиң жарк этет,

Ай нурундай, Ноодайым.

Куушуп кумар жазалы,

Тай-кулундай, Ноодайым.

Колоттун башы Кошташтан,

Кол булгадың, Ноодайым.

Коён куушмай ойнойлу,

Кел жыргалым, Ноодайым.

Белестин башы Бешташтан,

Кол булгадың, Ноодайым.

Бекин-бечек ойнойлу,

Кел жыргалым, Ноодайым.

Терезеңдин тушунда,

Баш багамын, Ноодайым.

Дегдетпечи көңүлүм,

Жаш баланы, Ноодайым.

Мончок болуп мойнуңа,

Оролоюн, Ноодайым.

Кундуздай кара чачыңа,

Ороноюн, Ноодайым.

Ал ырды ырдап бүткөн соң, эл абдан ыраазычылыгын билгизип, Нуркул акеге теңтуш, бирге жүргөн курбу-курдаштары тамаша аркылуу:

– Бу Нуркул, сен деле карыбайсың, баягы мындан он жыл мурун көргөндөй жаш бойдон турбайсыңбы? – дешип сөзгө аралашты.

Анда Нуркул ырчы:

– Акын карыбайт, көңүлүм баягы он бештегидей! – деп теңтуштарына сөз узатты.

Андан кийин ал киши өзбекстанга кандайдыр бир шарт менен кетип калат. Арасынан жыйырма жыл ашыгыраак көрүшпөй жүрдү.

1975-жылдар чамасында бир олтурушта Нуркул ырчыны көрүп калды.

Көпчүлүк эл Нуркулдун эски ырларынан ырдап берүүнүөтүндү. Ошондо «Кымча бел» деген бир ырын ырдады:

Кылдат белиң бир тутам,

Кылыгың кантип унутам.

Кылыгыңды унутсам,

Кызыл кочкул кан жутам.

Камчыдай белиң бир тутам,

Кадырың кантип унутам.

Кадырыңды унутсам,

Кара кочкул кан жутам.

Ырын токтоткон соң элге кайрылып:

– Бул Абдылданын баласы Көкөнүн кичине чымыны бар экен деп угуп калдым.

Анда эл ичинен бир-экөө сөз кошуп:

– Айтканыңыз туура, бул жетим биз анча-мынча отуруштарда аксакал-көксакалдын назарынан калбай, анча-мынча көңүл ачып, сиздей чоң акын болбосо да, элдин көңүлүн көтөрүп, билген ырларын ырдап берип жүрөт, – деп калды.

– Эмесе, Көкөмбай, ошол ырлардан беш эле ооз айтып, отурган көпчүлүктүыр менен кубандыр, балам, – деп калды.

Анда ал ата-энеден жаш калып, тарткан кыйынчылыктарын кыскача баяндап, төмөнкүжеңеси тергеген «Кум кулак» деген ырын ырдады.

Ата-энеден жаш калып,

Азап тарттым жашыман.

Ак кагазга чиймелеп,

Айткым келди башынан.

Каргадайда жаш калып,

Кайгы тарттым жашыман.

Калем алып колума,

Козгогум келди башынан.

Энеден калдым экиде,

Атадан калдым жетиде.

Келчүдөй жолун карагам,

Эки көзүм тешиле.

Көкөйгө тийген жетимдик,

Көтөрүлтпөй жетилип.

өзөккө тийген жетимдик,

өөдөлөтпөй жетилип.

Баш бармагым көрүнүп,

Балдардан жүрдүм бөлүнүп.

Чыпалагым көрүнүп,

Жыйындан жүрдүм бөлүнүп.

Кызарып тизем көрүнүп,

Кыздардан жүрдүм бөлүнүп.

Куур тонум сөгүлүп,

Курдаштан жүрдүм бөлүнүп.

Бутума батпай чокоюм,

Буркулдап жеңе кожоюн.

Аякка батпай чокоюм,

Айкырып ата кожоюн.

Ага айткандай болгомун,

Айтканына көнгөмүн.

Жеңе айткандай болгомун,

Жемесине көнгөмүн.

Угуп турса да кулагым,

Кум кулак атка конгомун.

Улантайын уккула

Ал жагы кандай болгонун.

Жүз койлуудай созулуп,

Жатканын көр кум кулак.

Кашаң аттай тушалып,

Басканын көр кум кулак.

Миң койлуудай созулуп,

Жатканын көр кум кулак.

Изин санап ийрейип,

Басканын көр кум кулак.

От алганы барса да,

Ойлонбогон кум кулак.

Отуз айтсаң ордунан,

Козголбогон кум кулак.

Куурай тер деп жип берсең,

Курчанбаган кум кулак,

Кырчаңгы аттай кашынып,

Кыйшаңдаган кум кулак.

Колтукташып экөө-үчөөн,

Баштап келет кум кулак.

Ток болсо да курсагы,

Ач деп келет кум кулак.

Долуланып коркутуп,

Аксап келет кум кулак.

Оюн десе обдулуп,

Шашып турат кум кулак.

Отун десе бой буруп,

Качып турат кум кулак.

Көз көргөнүн колтукка

Катып турат кум кулак.

Кулп салсам да үйүңдү,

Ачып турат кум кулак.

Балта берсең колуна,

Сынып келет кум кулак.

Баана кылып бир ишти,

Куруп келет кум кулак.

Аш бышканда билинбей,

Жылып келет кум кулак.

Болжолунан кечикпей,

Кирип келет кум кулак.

Олтургандар:

– Баракелде, балам, тарбия берип өстүрсө, келечекте Нуркулдай ырчы боло турган жөнүң бар экен, – дешти.

Андан кийин 1976-жылга чейин ыр өнөрүэстен чыгып калгансыды. Сапарбек Закиров баш болгон, Турдубай Абдыракунов, Жаңыл Мусаева, Сулайман Кайыпов 1976-жылы эл чыгармачылыгын издөө экспедициясы барганда бир киши – Абдулла  баласы  Көкөн  эл  ичинде үлпөт-тойлордо ырдага­нын билчүмүн, кийин кандайдыр себептер менен ырдаганын укпай калдым, – деп билгизет. Аны келгендер үйүнөн издеп таап:

– Сиз акын экенсиз, элге ырдап жүргөн бир топ ырларыңыздан айтып берсеңиз, – деп өтүнөт.

– Ой, кокуй, мен таптакыр эсимден чыгарып жибергем, – дейт.

Анын ой-боюна койбостон: микрофонду колуна карматып:

– Канча билгениңизди жашырбай ырдап бериңиз, – деп суранды.

Ал анча-мынча эсинде калгандарынан ырдап берди.

Ошол күндөн тартып ага кайрадан акындык шык пайда болуп, колуна калем кармап ыр жаза баштады.

«Гүл кыздар», «Бардыгы өткөн дүйнөдөн», «Карыянын казалы», «өкүнөм», «Аппагым», «Бала тууралуу насыйкат» сыяктуу бир топ чыгармаларды телевизор, радиодон аткарып берүүгө жетишти. Анын «Көкарт» аттуу жыйнагы чыккан. 1996-жылы «Акыл» концерни тарабынан көлөмдүүкитеби жарык көрдү.

Азыркы ушул кезде да атасынын, курбу-курдаштарынын кээ бири Көкөндүкөргөндө:

– Кайран кишинин көп-көп кымбат сөздөрү, өлгөндүтирилткендей шайыр мүнөздөрүбиздин эсибизде. Көкөн, сенде атаңдын чагымдарынан түзүк эле бардай, байкайбыз. Атаң куйма кулак, адамдын айттырбай сырын билген, колу ачык, жолго казан аскан, бей-бечарага кайрымдуу жерлери көп эле. Биздин байкашыбызда сен да ата жолун улантып, нуска ырларыңды угуп, атаңды көргөндөй кубанып калабыз, – деп калышат.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×