Июль айы. Күн жер бетине алтындай болгон жылуулук мээримин төгүп, жан-жаныбарлар боюн керип жагалданып, куштар көгөргөн көк асманда канат кагып, жаратылыш кулпунуп турган кез.
Таң эртең. Ак карлуу тоодон аркырап соккон атыр жел көңүлдүэргитип, кыялды алда кайда алып учат.
Сокулуктан эң алгачкы автобуска олтуруп, тасмадай кара жол менен зыпылдап, тоону көздөй бет алдык.
Акыры Чапай айылынын башынан түшүп калып, кыякчы Кошаалы Кыскараевдин үйүнө келдим. Куштар болуп, издеп келген адамым үйүндө болуп чыкканына өзүм да кубанып кеттим.
Кайсы гана адам болбосун, өз кесиби тууралуу аңгеме салаары белгилүүэмеспи. Кошаалы атасынан калган каралжын өрүк кыякты алып келип, аркыратып күүлөй баштады да:
– Менин атам Кыскара чоң кыякчы болгон. Бир арманым, анын күүлөрүпленкага жазылбай калгандыгында. Атам жыйырмадан ашуун күүлөрдүтартуучу. Ал өткөн заманда Чүй боорунан чыккан Чүрөш, Таласбай, Чүкүдеген атактуу кыякчылардан үйрөнгөм деп айтуучу. «Таскара жалгыз», «Жоого кетти», «Ташы», «Кара башыл ак токту» сыяктуу толгон күүлөр атамдын өз башы менен кошо кетти... Көп көңүл бөлбөй жүрүп, толук үйрөнбөй калбадымбы. Атам 1964-жылы 84 жашында дүйнөдөн кайтты. Бирок өлөөр-өлгөнчө күчтөн тайбай, кыягын кадимкидей тартып жүрдү. Адатта атам бизди уктатып коюп, түндүн бир оокумуна чейин жалгыз кыяк тартып олтурар эле. Эч убакта тажачу да эмес.
– Кошаалы аке, «өткөн ишке өкүнбө» деген макал бар эмеспи. Атаңыздан билип калган күүлөрүңүздүн тарыхын айтып, тарта олтурсаңыз.
– Жарайт, иним, байыркы заманда биздин аймактан Турап деген атактуу сурнайчы-кыякчы чыккан экен. Ошол кезде Бекташ деген азамат жигит каза табат. Бекташтын карындашы: «Кокуй, Бекташ туушкан» – деп кошуп келет. Турап үйдүн сыртында туруп, Бекташтын карындашынын кошогун бүт бойдон кыякка түшүрөт. Ушинтип, анын «Керезен», «Кара Тураптын арманы» сыяктуу күүлөрүндөй эле «Бекташ» аттуу күүсүда Кыргызстандын аймагына кеңири таралат.
Кошаалы «Бекташты» безелентип тартты. Мен күүгө уюп, унчукпай олтурдум.
– Эми, бул күүнү: «Ат кетти» – дейт. Эл күүсү. Байыркы өткөн заманда жетимдин карманган жалгыз аты болот. Жарышта койбойт. Күндөрдүн биринде чоң аш берилет. Ашта чабууга чыгарылган күлүктөргө, бала өзүнүн жалгыз атын кошуп туруп калат. Бала да көпчүлүк менен бирге жол тосот. Акыры күлүктөр келет. Иликтеп көрсө, жетимдин аты чыгып келиптир. Эл топтолуп калышат.
– Чыккан кимдин аты экен? – деп сурайт бир манап көпчүлүктөн.
– Жетимдики.
– Бул күлүктөрдүн багын байлаган кайсы ээнбаштыкы, – деп ачууланган манап аттын башын кестирип таштайт. Ошондо жетим бала аттын башын кучактап, ыйлап турганы, – деп Кошаалы күүнүмуңкантты.
Күүдө аттарды айдоодон баштап, күлүктөрдүн келе жатканы, ар бир аттын сымбаты баяндалып, чыгып келген кедейдин өлүмгө дуушар болгон атынын трагедиясы көрсөтүлүүменен бирге, теңсиздик замандагы карапайым элдин улуу күйүт-кайгысы чагылдырылган.
– Алдыңызга койгон кандай максаттарыңыз бар?
– Мен жакында атамдыкына окшотуп, мына бул кыякты чаап алдым. үнүжаман эмес. Эми окуучулардын ичинен шыктууларын тандап алып, убактысы менен кыяк үйрөтө берейин деген оюм бар. Анткени комуз черткендер көп, кыякчылар барган сайын сейрек болуп баратпайбы!
– Бу оюңуз эң туура. Ишиңиз ийгиликтүүболсун!
Мына ушинтип, кыякчы Кошаалы экөөбүз далайга чейин маектешип олтурдук.
Кыякчы Кошаалы Кыскараев 1921-жылы Сокулук районунун Дүйшөнкул Шопоков колхозундагы Чапай айылында төрөлгөн. Айылдык мектепти бүтүрөт. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Колхоздо эмгектенүүменен бирге, ата кесибин улантып, кыяк күүлөрүн шаңшытып, жеткинчектерге өнөрүн берип келген.
1965-жылы республикалык радионун фондусуна Кошаалы Кыскараевден «Керезен», «Керметоо», «Кер толгоо», «Карагул ботом», «Жетим» жана башка кыяк күүлөрүжазылып алынган.