Добавить статью
6:56, 2 апреля 2011 146387

Жомокчу

Соодаке жомокчунун чоң атасы Сейитти эл көбүрөөк чакырса: «Карыз тамакты мен жебейм» – деп кээде барбай коюучу экен. Зарлап жүрүп Сыдыкбек, Сейдиман, Акмат деген үч уулдуу болот. Ошондон кийин «мына эми чакырса бара берем, элдин карыз тамагынан кутултарым эми бар», – деп айткан экен. Ошол Сейиттин небереси Соодаке жомокчу болуп чыкты.

1916-жылы үркүндө нечен азап-тозокторду башынан кечирет. Кеңеш өкмөтүорногондон кийин багы ачылат.

Бишкек шаарында баласынын колунда туруп, уулу Чолпонатага кызматка которулгандан кийин, өмүрүөткөнгө чейин касиеттүүЫсык-көлдүн боюнда жашады.

Кийин 1986-жылы карып каза тапты.


СООДАКЕ КАРЫЯНЫН СөЗү:

Бир топ киши олтурдук эле.

– Сизди иши кылып Шабдандан артык киши десе болот. Шабданды кыйын болсо орус эли билгендир.

– Эң эле өтө мактап ийдиңиз го, – деди.

– өтө мактап ийгидей бирдеме үмүт кылып жаткан жерим жок. Биринчи сиздин адамгерчилигиңиз, экинчи олтуруп турганыңыз, быяк-тыягыңызды байкасам, бала-бакыраңыз, кыз-кыркындарыңыз, өзүңүздүн пейлиңиз да белгилүү, бир кемчилдигиңиз эле байбичеңиз жок, аракет кылсаңыз, катын эмес кыз да келет сиздин дөөлөтүңүзгө.

Ушул жерден нечен жолу өтөм, бая илгери элдин темин басканын көрдүңүз беле?

– Көргөм, ортосуна мамыны орнотуп алып…

– Ого өгүз деп, мамынын түп жагына күчтүүөгүздөрдүсалып койчу. Капталын мамыга жолотпой, тийгизбеген күчтүүөгүзгө үзөңгүбаб жаныбар деп ат койчу. үзөңгүбабны тепе, ыйык деп калганы ошондон.

Бала-бакыраң жакшы экен, кудая шүгүр деңиз, сизди менимче чыпалагыңыздан кармап туруп, ырыска малып алгандай деп эле сизди айтат.

– Ырас, ырас, айтканыңыз келсин! – деди.

Бороон-шамал болуп калды.

– Жүр, бул кишини жолго чыгарып коёлук, – деп, бер жакка чейин ээрчитип, Аалы баскандан кийин баары басты.

Деги жакшы эле киши экен, телегейи тегиз. Мындан жакшы болмок беле? Бир семиз мал табылса, үйгө чакырып сыйлап койсо.

Адамда касиет болбосо, эч нерсе токтой албайт. Эскиче айтканда касиеттүүэле киши. Келе турган жамандык менен жакшылыкты, даана билет. Бул айтпайт, ич акыл кишилер.

– Илгери эл айтчу эле, адам дасторкон менен көтөрүлөт. Береке дасторкондо болот, Алыке1, бир сөз бар: – Эр эгиз, эмгектүүжалгыз деп эмнени айтат? – деди Соодаке карыя.

Алыкем моколо түштү.

– Мен деле айтып көрөйүн – деп сөзүн улады Соодаке – эр эгиз деген мен ойлосом, алган аялың жакшы болсо, экөөңүн акылың тең келсе, бириңдин билгениңди бириң бузбай, бириңдин оюн бириң билип, акыл-кеңешиң бир жерден чыкса, эр эгиз деген Алыке! – десе:

– Ырас айтасың, ушул болуш керек – деди.

– Эми эмгектүүжалгызчы?

– Эмгектин эчен түрүбар го? – деп койду ал киши.

– Мен бир эле жерге такагым келет, Алыке, кичүүсүң, даражаң чоң. Менин билишимде алган аялың жаман болсо, тапканың талаага, жыйганың жыласка кетсе, ичип-жеген теңтуштарыңды күтпөсө, колунан эч нерсе келбесе, кемчилдигин айтса беттен алса, теңтуш-телиңдин көзүнчө бирдеме сал десең, эмнени, кайсыныңды салайын деп аркырап карап турса, ошон үчүн айтат:

Жаман катын белгиси,

Көтөрмөсүн бош эшет.

Теңтуштарың келгенде,

Кабак-кашы жер тешет.

Мына эмгектүүжалгыз деп ушуну билем – деди.

Борс-борс күлдү, Алыке.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

02-04-2011
Жомоктор топтому
84305

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×