Добавить статью
7:03, 2 апреля 2011 28368

Акын

Автор: ТАЙЫРБЕК

тайырбек 1931-жылы туулган. Эмчек берген энеси Мээринсадан жети айлыгында калды. Апасы жети айлыгында төрөгөн экен.

– Так айда туулган бала болот, жуп айда туулган бала болбойт, – дейт чоң энеси.

Жети айда калган баланы ырымдап чоң атасы Темирдин калпагына салып, ар бир уукка бир күндөн илип коюп тургузуп, кырк бир күндө кырк бир уукка өткөзөт.

Анан дандырдын астына топурак үйүп, башын чыгарып туруп, жети күн топуракка жаткырды.

Көрсө, мына ушул түшүнүк сыноо­лорго бардаш1 берген бала болот экен. Атасы Мурзаим Абдыкул кызына үйлөнөт. Атасынан жети жашында калды. Атасы дүйнөдөн кайтып, энеси турмушка  чыгып  кеткенден  кийин, иниси Кадырбөк экөө экинчи  апасынын  атасы Ачыдагы таятасы Абдыкулдун колуна барат.

Азыр Жийдеде Сатыбалды менен курбу-курдаш болуп жүргөн кишилер бар. Булардын айтуусуна караганда гап2 болгондо курбу-курдаштары менен бирге олтурганда атасы аябай чебер ырчы, жомокчу, жомокту бирине бирин курап тамшандыра берчүэкен.

Ачыдагы таятасын Абдыкул багбан дешчү. Таятасы кедей киши болгон. Балбандыктын белгиси бир байдын колуна чааракер болуп жүргөн. Ал убактысында ууру-каракчылар көп, бай Ачыдан бир жакшы атын кудасына жеткирмек болуп, ылгаштырып олтуруп: «Бир болсо кубаттуу, кудуреттүүушул жарайт» – деп, таятасын жактырат. Кокустан ууру-каракчы чыкса, кудурети жетет деген ишеним менен таятасын жоргону кудама жеткирип берет деп жиберет.

Байдын жоргосун минип бара жатканда бешим кечтеп калганда, ээн талаадан үч караан учурайт. Таятасы: «Болду-болбоду жөн киши эмес», – деп, үч кишинин караанын көргөндө жоргонун үзөңгүсүн чыгарып колуна кармап алат. Жакын барганда ууру экенин сезет. Таятасы бетмаңдай келе жаткан салабаттуу кишинин эки жагында эки кишиси бар, таятасынын ою эгер катылса бетмаңдай oтурган кишини үзөңгүменен чаап өлтүрүүгө аракет кылат.

Аңгыча үч киши үч жагынан тороп келип, баягы бетмаңдай келе жаткан киши таятасынын атынын жылоосунан1 кармайт.

– Жан керек болсо, убакытты бошко кетирбей, жоргону бер! – деп өкүм сүйлөйт.

– Сага жорго берчүкиши куу талаада жолукпайт! – деп, аттын жылоосун кармап турган кишини даярданып келе жаткан үзөңгүсүменен башка чабат, бирок жаза тиет.

Ал кишинин жанындагы эки адам алыстай берип, үзөңгүтийген киши жыгылганда таятасы качып кутулат.

өз учурунда эңиш, күрөшкө түшүп жүрөт. Буга бир мисал акын Барпынын айткан жери бар. Барпы акын алардыкына көп эле келип турчу. Ошондуктан келгенде минтип ырдаганы эсинде калган:

Агарып аткан таңбысың,

Адамдан артык жанбысың.

Адамдын алпы Абдыкул,

Кызарып аткан таңбысың,

Кылымга татыр жанбысың.

Кыргызда балбан Абдыкул,

Калкымда аман барбысың.

Ошондо Тайырбек сегиз-тогуз жаштарда. Дайым Барпы акын келгенде нары үзөңгүлөш, нары замандаш курбусу таятасы тамашалап минтип ырдап калчу:

– Нагыз ырчы Барпы акын,

Назар тийген өзүңө.

Көкүрөк менен сезет деп,

Найза тийген көзүңө.

Жайдын толук убагында, жер кычыраган кыштын күн­дөрүндө айылына келип калса, атайын барып үйүнө ээрчитип келчү.

Барпы акындын көзүазиз болгон, ошондуктан таятасы Барпыны көп тамашалап, теңтуш катары азилге салчу. Ээн көчөдө келе жатып:

– Эңкей, апыс, устунга урунасың! – деп тамашалап, талаада эле бүжүрөйүп жетелеп алчу.

Ал эми ошол убактында алардын айылда камыш менен жабылган жапырайган тамдар. үйдүн тушуна келгенде унчукпай тек койчу. Устунду сүзүп алганда Барпы акынды:

– Ой көр, маңдайыңдагы устунду көрбөйсүңбү? – деп тамашалоочу.

Анда Барпы акын:

– Эки көзүң соо, билегиңде күчүң бар, көздүн кадырын биле албайсың да, карайлаган там сүзөт кылып, мени устунга урунтасың. Көз болбогон соң дүнүйөнүн жарыгы эмне. Мага күнүң, түнүң барабар. Бирок көз болбогон менен көкүрөгүм соо, көздүүдөй көрөмүн, – деп зээни кейигендей жооп берчү.

үйүндө мейман болуп олтурганда ботко бышырып Барпынын алдына койсо, а киши бир-эки алгандан кийин таятасы ботко салынган табакты жылдырып койчу. Ошондуктан Барпы аксакал табактын бир жак четин кармап олтуруп ботко жечү.

– Оңдурбайт Абдыкул, оокат жедирбейт, – деп тамашалап койчу.

Алардын үйүндө кадимкидей жыгач аяктар көп болор эле. Аякка мелт-калт кылып жарма куюп берсе, Барпы аксакал аякты колуна кармап олтуруп жарма ичүүчү.

Жерге койсо эле таятасы аякты жылдырчу.

– Оңбогон Барпы оокатың эптеп иче албайсың! – деп тамашалоочу.

Ошентип Барпы аксакал менен замандаш, үзөңгүлөш болгондуктан, кай жерде болбосун тамаша сөздөрүн айтып, өткөндүэскерип, өздөрүнчө жакшы маектешип олтурушчу.

Барпыны айылдагылардын баарысы апыз деп атоочу. Качан гана адабиятка чыкканы Барпы аталат.

Жакшы, элге жеткиликтүүайткан кишилерди:

– Оо, бу хапыз! – деп койчу.

Барпы аксакалдын көкүрөгүндө эмчектен жогору жагында өрүктөн чоңураак, алмадан кичирээк өзүнчө уюл эти бар эле. Качан ырдаганда ушул уюл эти анын назарында кеңейип, азайып тургандай сезилчү.

Таятасынын эскерүүсүндө Барпы акынды Бишкекке алып келүүдөн бир нече күн мурун таятасы көргөнүкелет.

– Кудая тобо, Барпынын баягы уюлу соолуп кетиптир, жарылып калыптыр! – деп таятасынын кейиштүүайтканы күнүбүгүнкүдөй эсинде.

– Апызды Бишкекке алып кетет деген шыбыр уктум, өзүбүздүн мүрзөдө калбай, өз колубуз менен топурак сала албай калаар бекенбиз, – деп кейиген.

Тайырбек Барпы акынды жетелеп жүргөн убагында да­йым жанында болоор эле, себеби жанында болбосо:

– Ай, балам, мени бул жерге алып бар! – деп калышы турган сөз.

Барпы дайыма өзбекче чапан, алды ачык көйнөк кийчү. Аны өзбектер якта1 деп коёт. Ошондуктан баягы уюлу даана көрүнүп турчу. Кээ-кээде:

– Ава, мынабу эмнеңиз? – деп баягы уюлун кармай калса:

– Ай, балам тийишпе, бул ырдын калтасы! – дечү.

Барпы аксакал чымыр денелүү, салабаттуу, өңүак жуумал киши эле. Кишини бир таң калтырган жери – адамды үнүнөн таануучу.

Кимдир бирөө менен сүйлөшүп, жакшы маектешсе ал адамдын үнүБарпынын жанында калат. Айылдагылардын өңүн көрбөсө да, сөзүн укканда, сен баланчасыңбы деп жаңылбай так айтчу.

Дагы бир таң каларлык жер, кагаз акчаны кармаганда сыйпалап канча сомдук экенин жаңылбай айтып берүүчү.

Барпы аксакал Кыргызбай казынын колунда көп жыл өмүрүн өткөзгөн. Малын баккан, шыбагын чапкан. өзүадам катарында болбой, саманканада жаткан. Барпынын эске­рүүсүнө караганда Кыргызбай казынын токолу Апы эже эл тынса да муну тындырбай жумшап турчу. Мал багып талаадан келгенден кийин, Кыргызбай казынын аттарын багып, отунун жарып, суусун ташып, очогунан кирип, күлүнөн чыгып кызматын кылат.

Ошентсе да Кыргызбай казы:

– Томаяк кедей, тойгонуңа токсуркабай жегениңди актагын! – деп ызырынчу.

Ошентип Барпы акындын күлгүн жаштык, балалык убагы азап менен өткөн. Муну менен бирге Назарбай малай болуп жүргөн.

Ачыда эки нурада1 ат жайып койгондой катмарланган таш бар. Уругу төөлөс болгон менен эмнегедир ак эчки, кара эчки деп эки жаат бөлүнчү. Чоң Нура – ак эчки төөлөстөр, Тайырбек турган айыл. Кичи Нура – кара эчки төөлөстөр, Барпы аксакалдын турган жери. Бул сөз качан гана уруу талашып ажырата келгенде айтылчу.

Барпы акындын айылы менен Тайырбектин айылынын ортосу чай кайнам жер. Ошондуктан жакын ара жерлерге бара турган болсо, Тайырбектин үйүнө киши жиберчү, же өзүаттанып келип таятасынан:

– Ушу небереңди мага бер, бул айылга, тиги айылга барып келейин, – деп жакын жерлерге суроочу.

Ал кезде жаш убагы, алыс жерге бара албаса да, жакын жерлерге алып барууга дилгирленип туруучу.

Бир күнүБарпыга бирөө чөп беремин деп убада берген экен, Барпы таятасына келип:

– Балаңды бер, бирге барып чөп алып келсин, – деп кабарлайт.

Ал кишини жетелеп алып, экөө эки ат менен барды. Барышса убада берген адам өзүжок. Эшигинин алдына келип, короонун бетине туруп калышты.

Ошо жерден Барпы ырдап жиберди:

Убадалуу жигиттер,

Уруп койгон дубалдай.

Убадасыз жигиттер

Эр алдаган жубандай.

Ушу сөздөрдүайтып чыгып кетти.

Сен күңгөйдүн андызы

Мен тескейдин жалбызы.

Сен бирөөнүн азизи,

Мен бирөөнүн жалгызы.

Сен кашкайсаң мен күлөм,

Сен ымдасаң мен билем.

Сен ышкыңда мен күйөм,

Сен деп жүрөм, Дилбарым.

Сага жетсем арман жок,

Дегдеп жүрөм, Дилбарым.

Барпы ырдаганда обонун жагымдуу созолонтуп жай баштоочу. Бул абалда узабайт го десеңиз, барган сайын демеп1 кетээр эле. Олтурган боюнча олтуруш жакшы болуп калган жерлерде күн батырып, таң атырып жиберер эле.

– Көзүм сокур болгон менен көкүрөгүм көздүүдөй сезет, – дечү. Аны кызыктырганы алып барган жерде аял-эркек, жаш-кары топтолуп, Барпы аксакалдын ырдаганын, кимдер менен айтышканын айтып бергенин угуп турууга дайыма кумарланчу.

Тикчийип кирпик какпай, оозун карайт. Ушундан уламбы, анча-мынча илип калган ырларын буудай, таруу отоого барганда же болбосо адамдар Айра деген тажеңесиникине бозого келип топтолгондо:

– Кана, жээним, билгендериңен, Барпыдан илгендериңен бир-эки ооз айтып бер, – десе угуп калгандарын ырдап берчү. Ушундан уламбы, бара-бара Барпынын таасири тийип, анча-мынча айтылган ырлардын үзүлгөн жерлерин улап кетчү.

Ошентип жүрүп, айылындагы чекене2 баккан Акмат уулуна той бергенде элдин талабы боюнча, ошол жерде таятасы да бар эле, аксакалдар, олтурган эр-аялдар:

– Абдыкул аба, небереңизди ырдатып көрөлү! – деди.

Ал учурда Барпы аксакал да олтурган. Билгенинче бир-эки ооз бирдемелерди айтты.

Ошондо Барпы аксакал таятасына:

– өлсөк өнөрүбүз калчудай, балаң балбан болбосо да ырчылык үлгүмдүалчудай, – деп аны алдына тартып, Тайырбектин маңдайынан сылады.

Барпы аксакал олтурган элдин арасында ал жөнүндө кеп козгоду. Бул сөз ага тиешелүүдөй сезилди.

– Балам, ырчы болсоң шыдыр болгун, чагыңа келген киши менен кудуретиң жетсе кармашкын. Чагыңа келбеген кишиге ченебегин1. Көзүнөн чаары чыккан бүркүттөрдүн чеңгелине кетип жүрбөгүн. Жакшы болсоң жатык бол, ырчы болсоң сылык бол, элиңдин кулу бол. Эл каалап калса, эч качан баш тартпагын. «Эр жигит эли менен эр» деген кеп бар, элден четтеп калба. Бирөө көңүл тартып, бир жыйынга алып барса, элден тамаккор болбогун. Ырчы болсоң калыс бол. Барган жерден алайын деген ой менен барбагын. Элдин элегине түшөсүң, элдин көзүтараза. Каалагандарга качпай ырдап бер, назардан калбагын. Мына ушундай нускага ээ боло алсаң, анан жыйын­га чыккын. Акча-дүнүйө табамын деп, ар кимди барып бир мактап, абийириңди кетирбегин. Айтканымды угуп, акындарга доо кетирбе. Ар дайым жыйындарга, олтуруштарга барганда ушул сөздөр кулагыңда болсун, – деп, ушинтип Барпы акын ага көп насаатын айтуучу.

Тайырбектин атасы Улуу Ата Мекендик согушка кеткенде Жийдеде чоң энесинин колунда да турду.

Атасы согуштан кайтпады. Анжир чоң энеси шыңга бойлуу, шакылдап сүйлөгөн, айылдагы жамандык, жакшылык иштерди башкарып турчу. Айрыкча жай айлары Жийдеге көп келип, жыйым-терим болгонго чейин турчу.

Аны 1949-жылы айылдагы атасын көргөн активдер:

– Билим алып кал, окугун, – деп таятасы менен макулдашып, Жалалабат шаарындагы Токтогул атындагы интернатка киргизип коюшту.

Ошол жердеги окуудан окуйт. Жайкы каникулда атасынын туугандары Баткендеги Булакбашы айылында экенин аксакалдардан билип, агасы Ороздукуна барат.

Ороз орто бойлуу, кара тору, шашма, бир ишти бүтүрчүболсо уйгу-туйгусун чыгарып жиберет. Бул чоң атасынын аялынын аты да Анжир. Ал катуураак келген, кишиге кайрымы жогураак эле.

Темир, Кайназар, Болот үчөө бир тууган. Кайназардан Ороз, Темирден Сатыбалды, а Болот болсо перзентсиз өткөн. Ошентип убактылуу чоң атасынын колунда жүрүп, окуусун уланталбады. өзүтеңдүүбалдарга анча-мынча ырдап берет.

Кыш чыгып, жаз келди. Пахта чабык убагында жеңесинин ордуна барып, талаада пахта чаап жүрдү.

Ал кайра чоң атасынын айылына кайтты. Анча-мынча ырчылыгы айылга дайын болуп калгандыктан, Максүт деген киши атасына аш бергенде, аны алып барып, ырдатмакчы болушту. Ал өзүмакул болбоду. Себеби чоң атасы Ороз анча-мынча жерден ырдап калса, олтургузбай кууп келчү.

– Биздин уруудан ырчы чыккан эмес. Урууну сөзгө калтырбагын, ырчылык кесип эмес, – деп ырдачу болсо, кайта Жийдеге жөнөтүп жиберүүсүн эскерткен.

Ошондуктан жыйынга барчу эмес. Ошол айылда кара тору, денелүү, чымыр Назар мерген ак саргыл, шайыр, ак көңүл Ак Бото аксакалдар болоор эле.

Чоң атасына экөө келип:

– Ашка баратабыз! – деп аны кошо алып барды. Алар барса эл топтолуп, ортодо Эркебай ырчы ырдап туруптур.

Ак Бото менен Назар карыялар чоң арасына:

– Бул баланы ырдатпай муунап1 жүргөн экенсиң. Бүгүн Максүттүн атасынын ашында Эркебай менен ырдатабыз. Ырчылыгы бар болсо, дуба бересиң, болбосо экинчи жыйынга чыгарбайбыз, – дешти.

Чоң атасынын макул болбосуна көзүжеткенден кийин эки карыя өзүаттандырыптыр.

Ал Эркебай аксакалдын жанында турду эле. Ырдап жаткан ырын ага кайрылып ырдады:

– Ээ десем сөзүм дал бекен,

Эми келипсиң бул ашка.

Эл тааныган мен элем,

Энеңдин акы бар бекен?

Оо десем сөзүм дал бекен,

Оолукпагын бала ырчы,

Максүт байдын ашында,

Чоң энеңдин акы бар бекен?!

Ошондо чоң атасы чыдай албай, ордунан козголо түштү. Жанында олтурган эки карыя анын колунан кармай калды.

– өзүң денең чоң болгон менен шашма экенсиң, тура тур, баланын да ырын угуп көрөлү, – дешти.

Максүт акенин ашында, кечинде сабиз туураган жерде сабиз жууганга суу ташып жүрсө, Эркебай аксакалды билген кишилер:

– Эркебайдын өзүндөй болгон баласы өлсө, кыркын сындырбай жыйынга ырдап чыгыптыр, – деп сөз козгоп жатышты.

Ал ошо сөзгө таянып, Эркебай аксакалга жооп кайтарды:

– Алыска чабар чагың жок,

Арып калган экенсиң.

Алтымыштан жаш өтүп,

Карып калган экенсиң.

Асыла калдың сен мага,

Алжып калган экенсиң.

Кайгыңды айтып калкыма,

Ыйлаганы келдиңби.

Кыямат кеткен балаңдан

Кариетин бул аштан

Жыйнаганы келдиңби? –

деп жатканында Эркебай аксакал бурула берди.

Ошондо Ак Ботобай Эркебай абанын алдынан тосту.

– Капа болбо Эркебай, жаш бала да! – деп жооткусу келди.

Бирок Эркебай аба:

– Мунун айтканы сөөгүмөн өтүп, жүрөгүмө жетти! – деп болбой койду.

Ошондо чоң атасы сөрүдөн1 ыргып түшүп келип, жаагына чуу дедире чаап жиберди.

– Акмак! Атаңдан улуу кишинин назарына, каргышына, молдонун кузуруна каласың! – деп чапканда көмөлөнө жыгылат. Кайра жакадан алганда Ак Бото аба келип ажыратып, олтурган аксакалдардын алдына жетелеп барып, чоң атасын аксакалдар ортого алды.

– Сен балага ак батаңды бергин! Мындан кийин жыйынга чыккандай болсун! Бир жерге жыйынга барса, артынан издеп баруучу болбогун, – деп карыялар чоң атасынын ак батасын алып беришти.

Сентябрь айынан баштап, Ленин атындагы мектептин 8-классынан окуду. 1951–1952-жылдары Жаманжар, Пахтабос­тон деген жерден келген Молдо Бөрүбек деген ырчыга Эргебай башкарманын тоюнда биринчи жолу учурашты.

Көк шамал жорго менен алып келип, Бөрүбек аксакалдын жанына коюп койду.

Ошондо Бөрүбек аксакал ага суроо салып ырдаганы:

– Кай жерден чыккан соносуң1

Кай бутакка коносуң.

Түпкүжайың сурайын,

Кайсы уруудан болосуң.

Санатка салган тилиң ким,

Жыйынга чыгып ырдоого

Кол берип чыккан пириң ким?

Анда анын берген жообу:

Жалалабаттын чегинен,

Жийделинин элинен,

Бала экенден үлгүалдым,

Барпы акындын кебинен,

Суроо бердиң аксакал,

Жооп берем эми мен.

Ырчыны ырчы көргөндө,

Тынбайт экен санаасы.

Алдыңдагы Тайырбек,

Сатыбалдынын баласы.

Санатка башым киреби,

Сындап ырым карачы.

Ак сүт берген апаң да,

Алдейлеген атаң да

Ажал жетсе алкымдап,

Болбойт экен арачы.

Аралап менин келгеним,

Кара бактын калаасы.

Айры жаак, жез таңдай,

Айтууга эми жарачы.

Уругуң менен кул1 эмес,

Ушул жагын сурадың.

Ак калпак кыргыз эл билсин,

Аял-эркек тең билсин.

Атамдай көргөн Барпыдан,

Айтканымды сындагын, –

деп ырдап токтоду.

Аңгыча тойдогу кызмат кылып жаткандардын бирөө ага өзбекче ала чапан, Молдо Бөрүбекке зарбап жапты2. Ошондо ал тамашалап айтып турган жери:

– Алыстан келген акын деп,

Айткан сөзүмакул деп.

Акыреттин жолуну,

Анык ырдап жатыр деп.

Сизге берди желекти,

Айтыңызчы Молдоке,

Азыр берген желеги,

Акыретте керекпи?

Ошондон кийин ал киши ачуусу келип:

– О падариңе челпек,3 антпей жүр, – деп эскертет.

Ушинтип молдо Бөрүбек менен түнүндө бирге болду.

– Балам, улуунун назарын сындырбагын, жаштык кылып карынын алдын тоспогун, эл кыдыра турган бала экенсиң. Эсенчилик болсо Баткендин айланасында жүргөн Шоорукбай, Абдыракман, Эркебай ырчылар менен жолугасың. Мен өзүм ээрчитип жүрүп тааныштырам, – деди.

Баткендин борборунда Анарбайдын тоюнда Шоорук аксакалга биринчи бет келди.

Ошондо Тайырбектин айтканы:

– Азаматым Анарбай,

Айылын жыйнап, той кылып.

Ар жерден мейман келиптир,

Атагын элге зор кылып.

Атамдай көргөн Шоорукбай,

Азыр көрдүм өзүңдү.

Арзып жүрүп жолуктум,

Айтканымды кабыл ал

Арнаган сага сөзүмдү,

Акындыгым болбосо,

Аба, көрөмүнбүкөзүңдү.

Ак никелеп өзүңө,

Алганың аман жатабы.

Артыңдан чүрпө жетилип,

Балдарың аман жатабы.

Анарбайдын тоюна,

Айттырып кимдер келди деп,

Аксакал мага капабы?

Эсендешип алайын,

Элиң аман жатабы,

өмүр-шерик түгөйүң,

Теңиң аман жатабы.

Балдарыңдын алганы,

Келин аман жатабы.

Көксөп келдим көрсөм деп,

Көңүл сыр билчүатаны.

Шоорукбай аксакалдын айтканы:

үч жыл ээрчип үлгүалган,

Устазым Бөрүкеп айтты.

Анжияндык бала ырчы,

Аралап жүрөт деп айтты.

Азыр көрдүм өзүңдү,

Анжияндык бала ырчы,

Оңдоп айткын сөзүңдү.

Акындыгың бар болсо,

Аралайсың жыйынды.

Арзып жүрсөң көрөсүң,

Агайын элден сыйыңды.

Бөрүбектен уккамын,

Ырчы деп сендей баланы.

Ээрчисең барып көрсөтөм,

Туулган Газ калааны.

Ошентип, Тайырбек Шоорукбай аксакал, андан башка ырчылар менен ата-баладай сыйлашышып жүрдү. Шоорукбай күлтүйгөн кара тору, жоон киши эле, күлдүрүп ырдоочу. 1975-жылы Жийдеге акыркы жолу келип кетти. Ошондон барып өлдү. Абдыракман аксакал жоон, сапсары киши эле. Дайым кайсы жерге барып ырдаса, өзүнөн баштоочу:

– Менин атым сурасаң Абдыракман,

Доошуман билесиң шалдыраган.

Аракты ичпесем да маска окшоп,

Жүрүшүмөн билесиң далдыраган.

Абдыракман менен айтышкан жок. Кыркырап ырдаганынан мунун Абдыракман кыркы деп коюшчу. Абдыракман оор басырыктуу, анча-мынчага көңүл койбогон.

Молдо Бөрүбек арыкчырай, бүкчүйгөн, дайым башынан селдесин түшүрбөгөн кара тору, узун теке сакалы бар, жоош, ар кайсы ишке баш тыга бербеген, укса да укмаксан болгон киши эле.

* * *

Эркебай ак саргыл келген арык тикчийген, башынан селдесин түшүрбөгөн, мурду баскагыраак, кызматчы болуп жүргөндө Эркебай актив, Эркебай тартип деп койчу экен. Чыйрак болуп, кийимди да жарашыктуу кийип, өзүнө жакшы карап жүрөт. Кийин амал1 колдон кеткенден кийин молдо болуп, көз көрүнө эле мурунунун баскагынан Эркебай бучук, Эркебай тантык деп калат.

Ушинтип ушул жылдардын ичинде жыйындарда ушу кишилерге жолукту. Абдыракман аксакал Хайдаркенден 57 жашында, Шоорукбай нойгут уруусунан, Баткен районунун Газ деген жеринен 1977-жылы, Эркебай Баткен районунун Бужум кыштагында, жаманак уруусунан 1967-жылы, молдо Бөрүбек жаман жар, Пахтабостон деген жерден 1955-жылы дүйнөдөн кайтышты.

Назар ырчы Ноокаттын Көкжар совхозунда кездешет.

Назар:

– Мен убагында таскактуу күлүк элем. Кийин жылып эле мурдум тегизделип калды, – деп айтты.

Назар куудул өңүкара тору, чүкөдөй болгон кичине киши. Атка тепейип олтурат. Ат үстүндө ырдайт. Кулжуңдап турат, адамга жамандыгы жок. 1977-жылы жолуккан. Жамактап комуз менен айтат экен.

* * *

Каар аке чап жаагыраак, узун бойлуу, комузун асынып жүрөт, комуз менен ырдайт. Эки катыны бар. Кебетеси жүдөңкүначар жүрөт.

Жусу ырчы айтты:

– Бу эмне мындай жүдөйт, ооруп жүрөбүдесем, астынан тарттырып жүрөт. Жаш катыны Кадамжайда, чоңу Бешбурканда экен. Жамактап ырдайт. Калыктын, Токтогулдун ырларын ырдап жүрөт. Калининград шаарынан аскердик кызматты өтөгөндөн кийин, 1956-жылы туулуп өскөн Жийде кыштагына келип, Жамыйлага үйлөндү. Таалайбек, Талантбек, Тагайбек, Бактыбек, Анарбай деген балдары бар.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×