Кыркынчы жылдары. Күндөрдүн биринде: «Сазбак чоң аранын үйүнө артисттер келиптир», – деген кабарды угуп, жүгүрүп жетип, Күкүэжеден:
– Кайсы артисттер экен? – деп сурадым энтиккен тейинче.
– Аларды ар кайсы үйгө бөлүптүр. Биздин үйгө Бектемир Эгинчиев, Шекербек Шеркулов, Адамкалый Байбатыров келишти.
Кирип барып:
– Ассалоомалейкум! – деп койдум үнүмдүакырын чыгарып.
– Алекима салам! Салам айткан жакшы бала көрүнөсүң, – деп калышты кимдир бирөө.
Эшикке чыга калып, Күкүэжеден сурамжылап, кайсы артист ким экенин дароо билдим.
Адамкалый арык чырай, чуңкур көз, кара киши экен. Ошол кезде курагы кырк эки, кырк үч чамасында окшойт.
Шекербек кер мурут, буудай жүздүүсолкулдап турган курагы экен. Бектемир Эгинчиев өтө болук эмес, мурдунун үстүболоор-болбос барбагайыраак, жапкак көз, ак куба жигит экен. Муруту балтанын сабындай кара мурут, далысы эңшегейирээк, болоор-болбос эңшерип баскан бул адамдын жалаң эле обончу, комузчу эмес, көк бөрүнүда кыйын тарткан чоң такым, серкелерди топ таштай эле жерден эңип, илип кете тургандыгын баамдадым. өзүжайдары, азилди эп келтире айтканга чебердиги баамдалды.
Бир кезде Жибек чоң апа Адамкалыйдын жанына келип: – Темир комузуңду бир кагып койчу, айланайын. Жаш кезде короо кайтарганда кагуучу элек, эми тишибиз түшкөнүкага албай калдым. Кайран күүлөр калды го. Көңүл ойпу-тойпу болуп, унутуп кетет экен. Бир-эки күүкагып кой, – деп өтүнүп калды.
Адамкалый кутучанын ичинен темир комузун алып чыкты. Күкүэже да жакыныраак келип олтурду.
– Бул күүнү: «Тагылдыр тоо», – дейт.
– Биз «Багылдыр тоо» деп какчу элек. Тоо эчкинин эркек улагы багылдырга арналып чыгарылган күүдеп чоң апаларыбыз айтуучу эле, – деп койду Жибек чоң апа. Адамкалый бул сөзгө көп көңүл бурбай, күүнүшуулдатып кагып берди.
– «Күйөө бала теңсел» деген күү.
– Күйөө бала теңсел дегени эмнеси? – деп Күкүэже сурап калды.
Илгери кыздар темир комуз кагып жатышса бир кыздын күйөөсүкелип:
– Бу эмне деген күү? – деп кыздан сураптыр. Ошондо кыз:
– Сен билбесең мен айтып берейин, күйөө бала теңсел, – дептир.
Эми «Турумтай» деген күү.
– Турумтайды да сөзүн айтып койсоңуз, агай? – деп Күкүэже дагы суранды.
– Илгери бир кыз эл жайлоого чыкканда ойноп жүрүп, бала баскан турумтайды кармап алат. Бирок ал учуп кеткенде кыз айласын таппай, балапандын жанына олтуруп алып:
Куу-куу, турумтай,
Кукуласам колума
Келбейсиңби турумтай.
Сен балаңа жем ташып,
Бербейсиңби турумтай
Куу-куу, турумтай,
Чамындыдан жасаган
Уяң калды турумтай,
Таш жаргынын түбүндө,
Балаң калды турумтай.
Ачка болуп жем жебей,
Эти калды турумтай.
Тууп алып чоңойтпой,
Бетегеде беш балаң
Жетим калды турумтай,
Куу-куу, турумтай! –
деп, кыз арманын темир комузга салган экен.
– Дагы кагып кой, айланайын, кечки клубуңа бара албайбыз, ушул эле жерден угуп алалы.
«Карача торгой Кайбылда». Илгери кыргыздан баатыр көп чыккан турбайбы. Кайбылда баатыр жолу болбой, аты жүрбөй өзүсуусап, аты аңкап, бир чөлдө калыптыр.
Карача торгой оттоп жанына келгенде, ага карап:
Эркин жортуп мен бардым,
Элсиз чөлдө мен калдым.
өнүп-өскөн жер кайда,
Карача торгой суу кайда? –
деп зарлаптыр.
– Көп жаша айланайын ...
Эми «Кара кучкач» деген күү. Илгери-илгери бир жигит күйөөлөп келген имиш. Абалкы элдин адаты боюнча күйөө менен кыз таң атканда туруп, кыз үйүнө кетип, күйөө жонго олтурчу экен.
Бир оокумда торгой сайрап, үйгө жарык кирет. Айдын жарыгы менен таң аткан экен деп, кыз үйүнө кетип, күйөө жонго отуруп, уктап калат.
Уктап жаткан жеринен карышкыр келип, күйөөнүжеп кетиптир. Эртең менен турса күйөө жок, балдызы жездемди чакырып келейин деп барса, карышкыр жегенден калган тарпын көрүп:
– Жездемди карышкыр жеп кетиптир, – деп элге кабар берет.
Таң атканын билбеген,
Тантык чаар кучкач ай.
Талабына жетпеген,
Атаны кокуй жездем ай!
Күн чыкканын билбеген,
Күйүтүжаман кучкач ай.
Ниетине жетпеген,
Атаны кокуй жездем ай!
Таң атканын сен билбей,
Же жаныңа жездем мен келбей.
Карышкырга жем болгон,
Атаны кокуй жездем ай!
Талаада өлүп калганча,
Айылыңа кетпедиң.
Атаны кокуй жездекем,
Талабыңа жетпедиң.
Сени жеген карышкыр,
Бир балаага жолугар.
Артыңда калган эжекем,
Айтып ыйлап муңканып,
Акыры түбүторугар...
– Ушу жетишет го, апа! – деди Адамкалый.
– өмүрлүүбол, айланайын, – деди Жибек апа алкап.
Кечинде колхоздун клубуна эл жык толду. Бир кезде Адамкалый сахнага чыкты.
Кыяк тартып, үн кошуп ырдады. Чөнтөгүнөн темир комузун алып, «Тагылдыр тоону» бир топко кагып, бармагы менен баштап, сөөмөй, аты жок, чыпалак менен кыдыртып чертти.
Адамкалый элге ошончолук жагып, кайра-кайра алакан чаап, сахнага кайра чыгарышты.
Адамкалый, Шекербек, Бектемир концерттен келишип, тамак келгенче бир топ тамаша салып беришти.
Сазбак чоң ата:
– Бу биздин айылда «Кыз Жибек» китебин окуп жүргөндөр көп. Бирок комуз менен «Кыз Жибектин» дастанын айтканын уга элекпиз. Ошондон үзүндүугалычы, Шекербек иним, – деп калды.
– Кана, бир кызык жеринен айтып бергин, – деп Бектемир комузун Шекербекке берди.
Ал комузду толгоп алып, ырдап кирди.
Кыскасы Төлөгөн менен Кыз Жибекти ошол жерде сүйлөштүрүп, түн ортосу оогондо токтотту.
– Бул эми көп дастан, уктайлык, этегине чейин айтсам, таң атканча түгөнбөйт, – деди Шекербек.
Сазбак чоң ата:
– А жетишет эми, ыракмат иним, – деп алкышын айта үйдөгүлөргө кайрылды. – Адамкалый менен Шекербек инимди бооз бээни көк бөрүгө чапкандай кылбайлык, тамакка тойгузуп алып кыйнабайлык.