Добавить статью
7:11, 2 апреля 2011 5761

Кыякчы

Автор: ТАИП

ТАИП Кыш. Асман көпкөк болуп, жердин бети пахтага окшогон жупжумшак ак кар жамынган. Табигат бейпилдиктин кучагына баткан. Деги жылдын төрт мезгилинин ар биринин өзүнө таандык кайталангыс сулуулугу болот экен да.

Мектептин босогосунан чыгып, эки пионер Акун менен Ташболот үйүн көздөй келе жатышты. Алар үйлөрүнөн дароо шам-шум этип тамактанышты да, түз эле кыякчы Таип акенин үйүнө келишти.

Таип үйүндө эле. Ал келген эки окуучуга:

– Киргиле айланайындар, отургула, – балдар жай алып олтургандан кийин, – жол болсун, тартынбай сүйлөгүлө, – деди суроолуу карап.

– Кыяк үйрөнөлүк деп келдик... – деди Акун башын ылдый салып үнүн акырын чыгарып.

– Жакшы болот. «Асыл таштан, акыл жаштан» эмеспи. Жашыңардан белсенип киришсеңер, силердин колуңардан келбей турган иш жок.

Балдар ыраазы болгондой Таип акенин жүзүнө карашты. Таип аке анда эмесе уккула дегендей кыягын алып, кичинекей шакирттерине «Бекарстан», «Бургуй», «Сары жайыт», «Таттыдан-татты», «Топ жылкы», «Эки жорго», «Акбарак бо­том» жана башка күүлөрдүбиринен сала бирин тарта баштады. Күндүн бир оокумуна чейин кыяктын үнүжаңырды.

– Таип аке, – деди күүгө уюган Ташболот бир оокумда.

– Бул кыякты үйрөнүүкомузга караганда кыйынбы, же жеңилби?

– Кыйын деле эмес. Комуз черткендер дароо эле тартып кетишет. Анткени комуз менен кыяктын кылынын басылышы бирдей.

– Ушундай деңизчи. Тим эле жүрөгүбүз даабай жүргөн турбайбы!

Булар далайга чейин өз ара аңгемелешип отурушту. Балдар оюна келген суроолорун беришип, күүлөрдүн укмуштуу сырларын билгиси келишти.

– Айта берсе сөз көп, – деди Таип аке аңгемесин улап. – Ар бир эл күүсүнүн өз алдынча сыры, кызыктуу тарыхы бар. Күүлөрдүн бул сырларын билбей туруп, маңызына терең түшүнүүгө мүмкүн эмес. Маселен «Акбарак ботом» деген күүнүалып көрөлүк.

Илгери өткөн заманда бир жесир аялдын маңдайына бүткөн жалгыз баласы болгон экен. Бала торпоктун куйругунан кармап, токтото албай жүгүрүп олтурат. Торпок качып олтуруп, капыстан көлгө түшүп кетет. Куйругун кармаган бойдон бала да көлгө түшүп өлөт. Кыяктын бир күүсүндө Акбарактын энесинин арманы төмөнкүчө таптак келтирилет.

Ак сандык сенде пулум бар, ботом,

Агарган көлдө кунум бар, ботом.

Көк сандык сенде пулум бар, ботом,

Көгөргөн көлдө кунум бар, ботом.

Күйкө бир куштун күйкөнү, ботом,

Күйдүргүбүткөн Акбарак, ботом...

Кыякчы Таип Рысматов Ош областынын Ноокат районундагы Каракечүүкыштагында 1921-жылы туулган.

Анын музыкага болгон шыгы комуз чертүүменен башталып, 15 жашынан кийин кыяк тартууга киришет.

Республикалык радионун музыкалык фондусуна Таип Рысматовдон жыйырмага жакын кыяк күүлөрүжазылып алынган.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×