Добавить статью
7:13, 2 апреля 2011 84972

Жомоктор топтому

КАРА ТАЗ МЕНЕН САРЫ ТАЗ

Эки таз токойдо уй кайтарат. Уктап жатып сары таз түш көрсө, төбөсүнө Ай, эки ийнине эки Чолпон тууйт.

Кара тазга:

– Ой, мен түш көрдүм! – дейт.

– Ии, кандай түш?

– Жана бир жерде уктап жатсам, төбөмө Ай, эки ийниме эки Чолпон тууп, жер-суунун баары жарык болуп жатыптыр.

– Ой, Сары, ушул түшүңдүмага сатасыңбы, баатыр – дейт.

– Сатам!..

– Эмнеге сатасың?

– Айдап жүргөн тогуз уюңду берсең эле берем.

– Ии, болуптур, – деп, уйларды өткөзүп берип, кайтарган эчтекеси жок кара таз шаарга кетип калат.

Ошо шаарда Абазкан деген кан болгон экен. Абазкандын Канышайым, Айсулуу, Күнсулуу деген үч кызы болот. үчөө тең бойго жетип, күйөөгө бере турган убактысы экен.

Бир убакта кан жар салды:

– Менин кызымдын күйөөгө тие турган убактысы болду, эркек адам калбасын! – деп, бир эки-үч кандын элин чакыртты.

Алманы коюп койду. Эл чубады.

– Менин кызым алма менен кимди урса, ошо кишиге никеленет. Алманы алып, кыз урат. Улуусу кандын уулун уруп калат. Айсулуу деген кызы бектин уулун уруп, кичүүкызы Күнсулуу элдин баары өтүп жатат урбайт, эң аягында Кара таз өтөт, кара тазды урат.

– Кандын кызы жаңылды! Кандын кызы жаңылды! – деп, кайра чубатты элди.

Кайра чубатса, дагы Кара тазды урат.

– өз убалың өзүңө, ошончодон тазды уруп!..

Бектин уулуна бектин уулундай үй жасап берет.

– өз убалы өзүнө, тигилерди эшек короого киргизип койгула, ошондо жан багышсын! – деп, кичи кызын күйөөсүменен эшек короосуна киргизип коёт кан. Чамбыл ала болуп экөө жан багып жүрөт. Кандын уулу да, тигиниси да короздонуп чыгат.

Хан ошентип ич оорулуу болуп калат. Молдо, кожолорго келип, китеп ачтырса:

– Кийиктин ич эти дары экен – дейт.

Хан менен бектин уулуна жарак-жабдыкты берип:

– Барып кийикти уулап, атып келгиле! – дейт.

Баягы энесинен айттырат:

– Мага деле ат, мылтык берсе, мен деле чыгайын деп кичи күйөөң айтып жатат, – дейт.

– Ыя, болуптур, таздын көөнүболбосо да, таза кыздын көөнү, тетиги койго жетпес коңураланы кармап бергиле! – дейт.

Коңурала менен салпайып барат. Кандын уулу менен бектин уулу тулпарлар менен кубалашып, ары чапкылап, бери чапкылап жүрөт.

Кара таз алардын үркүткөн кийиктерин:

– Ич этиң уу бол, тыш этиң дары бол, – деп атып алат.

Кан менен бектин уулу эчтеке ата албай, Кара тазга келет.

– Ой, айланайын, бажа, ич этин бер, бизге.

– Макул берейин, бирок мен бекер бербеймин.

– Эмне аласың, айланайын?

Кара таз «кул» дедиртип тамга жасатып алат.

– Жамбашыңарга мынабу «кул» деген тамганы басам, анан берем – дейт.

– Эмесе макул! – деп, жамбашын тосуп берет. «Кул» деп тамганы басып, ич этин берет.

– Эми мен аттым деп айтпа, Кара таз аке, биз аттык деп алып баралы.

– Макул эле.

Койго жеткис коңуралага тыш этин артып, таз күйөө алардан кийин келип түшөт.

– Сал, эттен! – деп, кан этти салгызып, жеп жатат.

Кан менен бектин уулу кийиктин ич этин алып келип, «кандын ич өткөнгө дары бол» деп берсе, ого бетерден дыргаяктатып ичин алат.

Бая Күнсулуу тыш этин аябай бышырып, сорпосун табакка куюп алып, эшектин тезегинен табактын бир четине коюп коёт.

– Ой, катыгүн, тиги эмнеси!

– Олдо байкуштар ай! Эшектин кыгы короодон түшүп кеткен турбайбы…

– А чыгар, жебейм! Башта эле иши кыйшык болчу, ошончодон тазды…

– Капырай, таздын көөнүболбосо да, таза кыздын көөнүүчүн ооз тийсең боло, – дейт байбичеси.

Ооз тийсе, абдан таттуу, тилин ичине тартып, ичи басылыңкы тартат.

Кан анан:

– Бу Күнсулуу бекер кыз эмес го. Жасаган тамагы таттуу, өтө ширин экен, – дейт байбичесине.

Эртеси дагы таз күйөө коңураланы токунуп кийикке чыгат.

– Тыш этин алып келсин, ич эти эмес тыш эти жагып калды, – дейт кан.

Ууга дагы чыгышат. Таз күйөөгө бул жолу тыңыраак ат берилет. Хандын, бектин балдарынын жолу дагы болбойт.

Кара таз кийикти атып алып:

– Эми тыш эти уу бол, ич эти дары бол! – дейт.

Эки бажасы:

– Бизге эми тыш этин бер! – деп дагы суранып келет. Таз күйөө баягы «кул» деген тамгасын басып, андан кийин кийиктин тыш этин дагы берет. Тыш этти алып баягы экөө кандын алдына келет.

Эт бышырылат. Бышырылганда да түрлүүдары-дармек салынып бышырылат. Кан этин жейт, сорпосун ичет. Бирок ичи өткөнүбасылмак турсун, тескерисинче, ичи катуу ооруйт.

Эшектин короосунан койдун короосуна киргизип койгон Кара таз, аялы Күнсулуу экөө: «Кан жаман болуп жатат» – деп угуп, таз күйөсүатып келген кийиктин этин эзилте ич эти менен сорпосун куюп алып, койдун корголун четине салып коюп, жаркылдап алпарып берет.

– Атаңдын көрүжамандар, койдун богун салып келген турбайбы, жебейм! – дейт кан.

Кандын аялы:

– Таздын көөнүболбосо да, кыздын көөнүүчүн ооз тийип кой! – дейт.

Ооз тийип көрсө, өтө эле таттуу, чыпчыргасын калтырбай жейт.

Ичи айыгып, кичине катарга кошулайын деп калат. Мындан кийин кан тигилерди короодон чыгарап, жөн эле бир үйгө кийирип коёт. Бир күндөрдүн ичинде хан баш көтөрүп айыгып, куш салып, кандын уулу менен бектин уулун ээрчитип, токойго кетет. Токойдо куштар жайылып жүрөт.

Күнсулуу Кара тазга кайрылат:

– Ай, сен дагы базарга бар, ал жерге туйгун, тунжур өңдүүнечен бир жакшы куштар келет. Аны алба, бир пас турсаң, бир чаргы кара куш келет. Ал куш кежир, бөпөлөсө колго конбойт, ошо кушту алып кел, бир таптап көрөлүк.

Таз күйөө ошону алып келет. Таптап тапка келтирет. Тигилер менен кошо ууга чыгып куш салышат. Кара куш эмнеге салса, ошонун баарын алат. Тигилердики ала албай калат.

Кан менен бектин уулу, каны баш болуп ызаланып, Кара таздан соогат сурап калат.

Бир күндөрдүн биринде аялына кан айтат:

– Капырай, ушул менин кызым бекер кыз эмес экен го… – деп.

– Бекер кыз болбойт болучу. Кандайча Кара тазга кызыкканын билбейм.

– Башында эле тиги кыздарга караганда ушуну жакшы көрчүэмес белек, байбиче. Болор киши богунан деген ушу. Кара таздын бир касиетин билсе керек, кызым. Кандай тамак жасабасын, даамы таттуу, адамга дары. Биз эчен түрлүүалгыр куштарды салып жүрөбүз. Кара таз мүнүшкөрбү, же биздин кыз мүнүшкөрбү, салсак эле илбээсиндерди ошол кара куш алат. Биз андан соогат сурап калчу болдук – деп, экөө жакшылык жагына жоруйт.

Кеңешип олтуруп:

– Ошого жакшы бир боз үй жасап берелик, – дешет.

Боз үйдүжасап, жанына олтуруп, сын-сыпатын байкап, Кара тазды акылдуу киши катары кан өзүнө увазгер кылып алат.

Эки кандын ордосунун ортосунда бир аралча бар эле, эки кан бир колу бош күнүкуш салышып чыгышат. Бир кандын кушу салган канаттууну албай жалт берип, ээсинен качып, Кара таздын үйүнүн чамгарагына конот. Кан жигиттерин чаптырат.

Жигиттер Кара таздын үйүнө чаап келип:

– Киши барбы үйдө? – дейт.

– Бар! – деп, ай десе аркы, күн десе көркүжок бир келин чыгат.

– Мобуреки кушту алып бериңиз? – дейт жигит.

– Кушту бөпөлөп колго кондуруп алат дечүэмес беле? – дейт, келин.

Жигит кушту бөпөлөсө келбейт. Келин жанындагы бир жигиттин мээлейин сурап алып:

– Пө-пө! – десе, куш келиндин колуна келип конот. Келин кушту жигитке сунат, тигил жигит кушка эмес, келиндин сулуулугуна суктанат.

Бул окуяны жигиттер төкпөй-чачпай канга айтып келишет. Ал кан таң калып турду. Анан бир күнүкуш салып жүрүп Кара тазга кезикти. Алар куш салып жүргөн экен, саламдашып үй-жайын сурашты:

– Тээ токойдогу үй кимдики?

– Биздин үй! – деп, Кара таз жооп берди канга.

– Сен ким болосуң? – деп сурады кан.

– Мен Абазкандын күйөөсүмүн, бир чети увазгеримин.

– Сен ким болосуң? – деп, Кара таз кайтарып кандан сурады.

– Мен Жанчарканмын, – деди кан.

Ошентип олтуруп, кан куш салды эле, кушу салган немесин албай калды.

– Эмне үчүн сен кушуңду салган жоксуң? – деп, сурады кан таздан.

– Сиз турганда кайдан саламын, сиз – кан, мен – увазгер болсом.

– Эми барып ит жойлотуп, эгер илбээсин учуп чыкса, кушуңду сал, жарыштырып көрөлүк – деди.

Илбээсин учуп чыкты. Жарыштыра салды эле, кара куш илип кетти.

Ал олжосун канга соогатка байлап койду. А күнүкечке куш салып, кара куш чыкканын алып, моокумду кандырды.

Баягы кан ичинен: «Капырай, келинчеги тигиндей сулуу, кушу мындай алгыр. Бул бекер жигит эмес экен го» – деп ойлоду. Жанчаркандын жигиттери кушун салса эле, эчтекеге карабай Кара таздын түндүгүнө барып конот.

Ал чакырса, үндөсө ээсине келбейт. Дагы баягы келинге кайрылат. Чыга калып, кушун алып берет. Жигит келиндин көркүнө талып калат.

– Ой, эмне болуп атасың? – дейт кан.

Канга окуяны төкпөй-чачпай баяндайт.

Кандын ниети бузулат.

– Никелүүаялды кандай кылып алса болот? – деп, жигиттери менен кеңешет.

– Муну барса-келбеске жумшасак эле, келин биздики болот, – дейт жигиттери.

Жанчаркан Абазканга кат жазып: «Күйөөң Кара таз перинин шаарында сыйкырлуу казан бар экен, ошол казанды алып келсин», – деп буйрук берет.

Кара тазды кайнатасы чакыртат:

– Жанчаркан бизге милдет такты, перинин шаарында сыйкырлуу казан бар экен, ошону алып келсин, күйөөңдүжибер деди, – дейт. – Барып кел ошого, – деди кан күйөөсүнө.

– Барайын! – деди ал.

үшкүрүнүп-бышкырынып айласын таппай, үйүнө келди.

– Ой, эмне үшкүрүнүп-бышкырынасың?

– Мени перинин шаарынан барып сыйкырлуу казанды алып келесиң, – деди кайнатам. Келемби, келбеймби ким билет…

– Ой, ага коркпой эле кой, ал оңой эле иш, – деп аялы айтты.

– Кайнатаңдын эки тулпары бар, экөө тең тил билет. Барып, жээрде тулпарды сура, минип барайын де, берет. Алып кел үйгө.

Жээрде тулпарды сурап үйгө алып келет.

– Ээ, жаныбарым жээрде, Кара таз менен сени барса-келбес сапарга жумшаптыр. Казан байкуш көмөрүлүп жаткандыр. Жээрде тулпар барып сен коёндон жапыс, Кара таз сен кыргыйдан илгир болуп, казанды кулактан алып тегеретсең, жолду өзүэле табат казан. Бирок артыңды такыр карабагын. Казан алдыңда тегеренип жүрүп олтурат. Ошону менен кутулуп кетесиңер, – дейт Күнайым күйөөсүнө.

Кара таз барса-келбеске барып, казанды кулактан алып тегеретип жиберди эле, жээрде тулпар менен жарышып жүрүп олтурду казан. Тик «караба» деди эле деп, көзүнүн кыйыгы менен караса, жыгылып кетти. Казанды таштап өзүкачты. Артын караса, толгон ажыдаар кууп келе жатат. Казанды таштай качып үшкүрүнүп-бышкырынып келип үйүндө жатты. «Кандын казабына каламбы» – деп катуу ойго чөктү, ыйлады.

– Кайыр эми, эчтеке эмес, а да болсо сенин тарткылыгың. Арт жагыңды караба дебедим беле.

Аялы жээрде тулпарды минип, атасын көздөй чүкойду.

– Ии, келдиңби? – деди атасы.

– Ии, келгени курусун, убара болуп, барган иши бүтпөй калыптыр. Жээрде тулпар чарчап калыптыр, эми кара тулпарыңды бер, – деди.

– Кара тулпар кандай жарайт?

– Ээ, тулпарыңызды берсеңиз, айласын өзүм табам, – деди кыз.

– Ал, – деди токтолбой.

Кара тулпарды алып келип, бир-эки күн эс алдырып:

– Эми, барган жолуңду деги билип калдың. Кара тулпар коёндон жапыс, Кара таз сен кыргыйдан алгыр болгун. Казандын ээси эми кайтарып калгандыр, кичине күн аттатып баргыла. Жай жүрүп олтуруп сыйкырлуу казанга барып, тегерет. Акыры арт жагыңды караба. Кулагыңды жаңыртып, күркүрөгөн-шаркыраган эчен табыштар чыгат. Перинин чегине келгиче, перилер кууйт. Жер чегинен өткөндөн кийин кадам жылбайт, андан кийин жай жүрүп келе бербейсиңерби.

Ошентип олтуруп, Кара таз сыйкырдуу казанды алып келди. Абазкан чакыртып:

– Мына баатыр, берген тапшырмаң, – деп, Жанчарканга тапшырды казанды.

Абазкан күйөөсүн баягыдан жакшы көрүп: «Сыйкыр менин Күнсулуумдабы же Кара таздабы?» – деп, таң калды.

Бир убакытка чейин эс алып жүрдү. «Эми эмне кылыш керек?» – деп аябай куса болду.

– Эми сен перинин шаарында касиеттүүак гүл деген бар. Күйөөңө алдырып келип бер, – деп жумшады.

Кара таз кейип-кепчип аялынын жанына келип жатты.

– Андан коркпо, – деди Күнсулуу күйөөсүнө, – жолду деги билип калдың. Сыйкырдуу казанды алган, ак гүлдүала албайт белең. Бирок да бир кызыкка учурап каласың, – деди.

Ошону менен ак гүлгө жакындаган кезде бир көлгө кезикти. Ага үч көгүчкөн келип конду. Кебин таштап койсо, үч кыз болуп, шаракташып көлгө түшүп, ойноп жүрөт. Ошо перинин үч кызы экен. үчөөнүн кичүүсүнүн кийимин алып катып койду. Перинин кызы ай десе аты жок, күн десе көркүжок, үйдөгүкандын кызынан да сулуу.

Кийимин бербей коюп жатып перинин кызын жанына алып калды Кара таз.

– Тиги ак гүлдүкандай кылып алабыз, ушундай бир буйрук менен келдим эле.

– Буйругуңду мен аткарам, – деди пери кызы.

Перинин кызы кырк жылкы жакшылык-жамандыкты билип сүйлөйт.

Перинин кызы:

– Менин кебимди бер, мен калп айтпайм. Экөөбүз учкашып жүрмөк белек. Мен ак гүлдүалып барып, көт жагыңыздан үйгө түшөйүн – деди.

Ак гүлдүалып келип Абазканга берди. Перинин кызы менен Күн сулуу бирин бири эжелешип, эзилишип абысын болуп калды. Ошону менен күндөрдүн биринде сөөлөттөнүп куш салып дагы келди.

Ак гүлдүалып келгенден кийин Кара таз аты калып, Кара кан болду. Куш салып келсе, бая үйдүн үстүнө барып конду.

– Киши барбы? – деп, сырттан үн чыкканда, көнгөн Күнсулуу:

– Мен чыгайын! – деди эле.

– Жок, эжеке, мен чыгайын, – деп, Күнсулуу өзүчыкты. Бирок кушту пө-пөлөсө келбей койду.

Перинин кызы мээлейин сурап алып:

– Пө! – деди эле, шак колуна конду.

Перинин кызына таң калып, сулуулугуна эси ооду.

Жанчарканга:

– Баягы дейсиңби, андан сулуу дагы бир сулууну көрүп, эсим ооду.

Дагы куш салышса, дагы баягы түндүккө конду.

– Кандай эме экен? – деп, Жанчаркан кошо келди.

Кан кошо таң калды. Эси ооп, дал болду.

– Экөөң тең чыккыла! – деп, Жанчаркан ойлоп олтуруп – бу бактылуу менен байлашпа, таалайлуу менен талашпа деген сөз ушул турбайбы, бул өңдөнгөн кимде бар? Барса-келбеске жамандык менен жумшадым эле, мунун айласын тапкан, биздин айлабызды да табат го. Абазкан менен кеңешип, эки кандын элин ушуга суратсак деп оюна келди.

Анан келип Абазканга:

– Ушу өңдөнгөн жан болобу? – деп, экөө кеңешин бириктирип, эки кан тең кандыкты Кара тазга өткөзүп, Кара таз Кара хан болуп жатып калды. Аягы келип сатып алган түш колуна тийди.

– Баса, байбичем бекер эмес экен, Кара тазды жактырганда чоң чатак болуп, кандын кызы жаңылды деп, элди чубаттык эле. Менин Күнсулуум акылдуу, билгич турбайбы – деп, мактоого кирди кыздын атасы.

ЖАНЫБЕК СЫНЧЫ

Сынчы Жаныбек алты жыл чамасында бир айгыр үйүр жылкысын ууруга алдырыптыр. Изи казакка барып, бирок алар төлөп бербей жүргөн экен. Ошондо албан1 казак Узак дегендин атасы өлүп, атасына Каркырада аш берип, баш байгеге жүз кара саят. Колу жеткен казак-кыргызды бүт чакырат. Бөлөк тамашасын кылып бүткөндөн кийин:

– Атыңарды алып чыгып, чубатууга салгыла! – дейт.

Жаныбек баатыр бир сур ат алып барат. Аттардын баарын ары-бери чубатып сынап жатканда, Жаныбек атын катып коюп, аттын бары-жогун карап турат.

– А кудай буюрса бүгүнкүбайге меники. Менин атымдын алдына чыга турган ат жок экен.

Атты топко кошуп, жөнөй бергенде, ат чубатууга бир казак бир сур кашканы кошуп жиберет. Аны байкай коюп Жаныбек:

– Атаңдын көрү, атым бирдин көтүболуп калды, – дейт.

Кеминде эки жүз атты конолголуу жерге айдап, башка тамашасын кыла берип, эртеси ат келе турган убакта жолду карап турушат.

Бир убакта чаң чыгып, аттар көрүнөт. Баягы калың аттан аз эле ат бөлүнүптүр. Жаныбек ойлогондой бир сур кашка алдыда: көт жагынан удаа экинчи болуп Жаныбектин сур кашкасы келе жатат.

Жаныбек баатыр өзүнүн атынын байгесине карабай, чыгып келген атты тегеректеп, чылбырдан кармап, туягынын турасын, туягынын чачысын, аттын соорусун, каңылжаарын ченейт.

– Ой, ач көз кыргыздар, – дейт аттын ээси казак, – мынабу атымды неге минтип ченеп атасыңар? – деп сурайт.

– Ой, ченегенди мындай кой, ат меники, барып калыс казактарыңдан, айылдын билермандарынан чакыргын! – дейт Жаныбек баатыр.

– Ой, койсоңчу, бирөөнүн атына ач көздүк кылып, – деп, туугандары да жактырбайт.

– Ат меники! Таанысам алып, тааныбасам калып калам. Силер калыс болуп туруп бергиле.

– Баягы өлөрман кыргыздардын колдо турган атымды талашканы неси? Тумшугун шыпырып, туягын сыдырып, өзүм колдо туудурган малым го – деп казак какшап турат.

– Ой, сен деги качан жоготтуң эле? – деп, кайсы бири сурап калды.

– Быйыл сегиз жыл болду. Ошондо карала бээнин курсагында кеткен кулун, – деди.

Бул сөздүказак-кыргыздардын бирөө да жактырган жок. Чатак ырбады. Аңгыча бери жактан калжайган кара казак келди.

– Чатак чоң. Бул чатакты бул топтун ичинен бүткөзө турган киши да жок. Жакшы жүрсөңөр бир конуп жетерсиңер. Алматыдан ары Жаман чал деген бай бар, ошол гана бүткөрөт – деди.

– Жаныбек жоро-жолдоштору менен, казак да жоро-жолдоштору менен жөнөдү. Жаман чалга жетишти. Конок болушту. Эртең менен чайда олтурганда.

– Чоочун адамдар экенсиздер, жөнүңөрдүайта отуруңуздар – деп, суроо салды Жаман чал.

– Арызым ушул, балан жерде үлкөн аш болгон экен, – деп казак сөз баштады. – Албан Узак баатырдын акесине аш берип, баш байгеси жүз жылкы экен. Аны менин атым чыгып келип алдым. Мынабу кыргыз мага ушундан тарта боткодой жабышты. Тумшугун сыдырып, туягын шыпырып өзүм колдо туудурган кулунум эле. Жаман кыргыз менин атым деп асылды да калды. Атым быйыл жети жашка чыкты.

– Айтып бүттүңүзбү? Кыргызым энди сен айтчы? – деди Жаман чал.

– Мен айтсам, жети жашта деп туура айтып жатат. Бул атты жоготконума сегиз жыл болот. Күз айларында бир айгыр үйүр жылкымды жоготтум. Изи казакка кирди. Ошондо карала бээнин ичинде кеткен кулун эле.

– Бүттүбүкыргыз сөзүң?

– Бүттү!

Бая жаман чал ойлонуп, көпкө олтуруп, балдарын чакырып:

– Ана козуларды бери айда – деди. Козулар айдалып келди. – Ана козудан кыргыз эки козу ушта! – деди.

Эки козуну кармады.

– Койду бери айдаңар. Ой, кыргызым, койдун ичинен барып эки козунун энесин таап кел! – деп айтты.

Ары аралап, бери аралап карап жүрүп, бир кызыл соолукту көгөнгө байлап койду.

Дагы аралап карап жүрүп, бир боз койду алып келип, кызыл койду чечип алып, экөөн эки колуна жетелеп, Жаныбек баатыр:

– Жанагы эки козуну коё бергиле! – деди.

Эки козуну жетелеп келип, коё берди эле экөөн экөө ээмп кетти.

– Ии, казагым, эми арманың жок го, – деди Жаман чал. – Ат кыргыздыкы!

Жаныбек баатыр:

– Дагы арманы калбасын, бул эки койдун былтыркы козусу болсо да таап берем, – деди.

– Ии, арманы калбасын, казактарды сөйт, карагым – деп калды Жаман чал.

Ошону менен Жаныбек баатыр ары аралап, бери аралап жүрүп, бир кызыр калдыны алып келип көгөнгө байлады.

Ары аралап, бери аралап жүрүп боз койдун козусун таппады.

Басып келип Жаныбек:

– Кызыл койдун былтыркы козусу ушул, – деди.

– Чакырчы койчуну! – деп, койчуну чакырышты.

Койчу келди:

– Мына кызыр калды кайсы койдуку? – деди.

– Кыргыз тааныган кызыл койдуку.

– Мына, коңур боз койдун козусу кайда?

– Анаң, үлкен кызыңдын кайындары келгенде союлуп кеткен.

– Энде не айтасыңар казактарым, мага калыстыкка келген экенсиңер. Менин калыстыгымды аласыңарбы?

– Алабыз – дешти эки жагы тең. – Калыстыгыңызга ыраазы болобуз.

– Менин калыстыгыма көнсөңөр, ат – кыргыздыкы, байге казактыкы болсун.

Жаныбек туруп:

– Карала бээ менен кошо он жети жылкым кетти эле, ал эмне болот? – деп айтты.

– Ол менин ишим эмес, оны башка жактан бүтүртүп алгыла – деп, жооп берди Жаман чал!

АМАНАТ

Жалгыз эркек баласын бир оокаттуу киши мектепке берет. Күндөрдүн биринде ыракаттанып, тамак-ашын ичип олтуруп:

– Эми байбиче, сени менен он беш жыл бирге турупмун. Ошонун арасында жакшыны көрдүк, жаманды көрдүк, эми куда кааласа кышында коштошобуз, – дейт. Анда аялы:

– Ал эмне деген сөзүң! – деп секирип кетет.

– Сен анын эмнесине секиресиң, тагдыр күчтүү! Менин айтаарым, экөөбүздүн ортобузда жалгыз бала бар. Биринчи сөз, окуусунан калтырба, экинчиси мал калды, багууга алың жете бербес. Балаң болсо жаш, керек десең жакшы адамдарды колуңан чыгарба. Ошонун көпчүлүгүнөн болбосо да, азынан кайыр келип калаар.

Колуңан мал-мүлк кете элек кезде, чекеңи жылыта турган аял алып бер. Менин айтаарым ушул – деп, алды менен коштошот.

Аял аялдык кылып, ар кайсы жакка малын чачып, жок кылып коёт. Ошону менен малын-пулун берген кишилердин жарактуу кыздарын көрүп:

– Кызыңды бер, балам чоңоюп калды, сөөктөшөлү, – дейт.

– Сени чанбайм, балаң да жакшы бала, өзүң да жакшы адамсың, пул-малың барбы? – дейт.

– Пул-малды жок кылып койдум, жөн эле сөөктөшөлү.

– Жөн эле кантип сөөктөшөбүз?

Баарына барып, бирок жок деген бир эле сөздүугуп:

– Жокчулуктун азабы! – деп, бир топ нааразыланып үйүнө келип олтуруп калат.

Күндөрүн биринде бир топ адамдар сүйлөшүп олтурса:

– Келечекти билген көзүачык бир киши бар, баланча сайдын оозундагы кара зоонун үңкүрүнө үй кылып алып жатат – деп, баласына айтып келаткан болот. Аралыгы үч күндүк жер экен, барып келгин! – деп, ыраак-жакынын айтып берет.

– Андай болсо, апа, ошого барып келейин, – дейт баласы.

Ал кезде тамак кымбат экен.

– Барсаң барып кел, балам. үч күндүк азыгыңа буудай кууруп, түйүп берейин – деп, ары барышы үч күн, келиши үч күн: алты күндүк азыгын түйүп берет.

– Эми, кош, эне, сен оокатыңды кылып тура бер! – дейт да, жөнөйт бала.

Жүрүп олтуруп көрүнгөн элге бара берет. Эч кимиси кондурбайт. Бир жардын башында бир алачык турат. Бери жакта уй кайтарган абышка жүрөт.

– Салоомалейкум!

– өзүмдүн эле уйларым, – дейт ал.

Дүлөй абышка экен.

– Тээтиги жардын башындагы алачык – биздики. Эмне сөзүң болсо, ошого айткының, – дейт абышка.

Анан чу коюп кемпирге барат.

– Энеке, мен конуп кетейин, өз азыгым өзүмдө. Эч ким кондурбай койду, – дейт.

– И, балам, консоң конгун. Тиги жерге жатып, түнөп кет. Абышка келсин, абышкага мен айтайын.

Ошону менен абышкасы келет.

– Ой, кайдагы неме экен?

Ал дүлөй абышкасына түшүндүргөндөн кийин:

– Жатса – жатып кетсин, – дейт.

Айран-чалабынан бир чөйчөктөн берет, бечаралар.

Эртең менен кемпир:

– Ыя, балам, кайда барасың? – деп, жай сурайт.

– Тээтиги үч күндүк жерде келечекти билген кыйын киши бар. Ошого барып кел деп, энем жумшады эле, – дейт.

– Ии, айланайын, ошондой бар деп биз да уктук эле, тиги жүктүн бурчунда олтурган өзүмдүн жалгыз кызым, ай десе аты, күн десе көркүжок, сулуулугу – тиги, өзүбойго да жетип калды, бирок бакырайып карап туруп көзүкөрбөйт, ошондой көр болду кызым. Эмне кылса көзүачылат, ушуну сурай келесиңби?

– Макул, макул, сурай келейин. Кошкула, аман келсем, жообун айта кетем, – деп, адамкерчилигин, кичипейилдигин көрсөтүп жөнөп кетет.

Жүрүп олтуруп, ар кайсы жерге келсе кондурбайт, кайсы бири итке талатып. Ошентип баратып калың бакка кездешет.

Калың бактын ичинде бир кара алачык турат.

– Мен конуп кетейин, өз азыгым өзүмдө, – деп кирет.

– Ыя, балам, азыгың болсо жатсаң-жатып кет, – дейт.

өзүичкен азык-тамактан беришип, баланын мүнөзүага жылуу учурайт. Жатып алып, эртең менен:

– Мен жөнөйүн, – дейт.

– Кайда барасың, балам? – дейт тигил.

– Бүгүн жетем го, кудай аман койсо. Келечекти билген бир киши бар дейт. Келечегиң эмне болоорун билип кел, – деп энем жиберди эле.

– И, айланайын, биз да имиш-имштен уктук эле ошону. Мынабу өзүң көргөн бакты кемпирим экөөбүз түрлүүжемиштен бала кезибизде тиккенбиз. Гүлдөп келип эле гүлүтүшүп калат. Ушундан бир тамчы даамын жей албай койдум. Пайдасы эле ушул, куураганын кесип, отун кылып жагамын. Эми эмне кылсам жемишин жейм? Ошону сурай кел. Мен азык-түлүгүңдүкамдап турайын, балам, – дейт.

– Кошуңуздар – деп, сыпаалыгын көрсөтүп, жөнөйт бала.

– Эми кайта кетемби? – деп ыйлап, бала суунун четинде олтурса, бир балык балага сүзүп келип:

– Ой, сен эмне ыйлап олтурасың? – дейт.

– Тиги жакта бир келечекти билген киши бар дейт. Ошого барып келечегиң эмне болот, тактап сурап кел деп энем жиберди эле – дейт.

– Ой, сени суудан өткөзүп коёюн, мен бир аманат айтайын, ошону аткарып келе аласыңбы?

– Келем аткарып.

– Мин эмесе менин үстүмө.

Балыктын үстүнө минди эле, шыр дегизип өткөрүп койду. Чыгарып койгондон кийин:

– Эмне аманат айтасың? – дейт бала.

– Ой, мени менен тең жана мени менен тукумдаш балык ушул суу куя турган деңизге кыштын күнүбир, жаздын күнүбир барып чоңоюп келет. Четинен эл жесе да түгөнбөйт. Мен же чоңойбойм, же кичирбейм. Ар кайсы сууда өрдөп, ушинтип ойноп жүрөм. Суудан буюрган азыгымды терип жеп жатам, мынабу элиме пайдам жок? Мен чоңоёмбу же ушу бойдон жүрө беремби? Ушуну сурай кел, – дейт. Бала коктуну өрдөп жүрүп олтуруп, адам жасап койгондой бир кара зоого кез келет. Эшик өңдөнгөн нерсенин үстүндө: «Мага келген киши үч гана ооз сөз сурайт. Төртүнчүсүнө жооп бербейм» деген жазуу турат.

Баланын башы тегеренип кетет. Энесинин аманатын кошсо, сурай турганы төртөө болуп калат.

Ойлонуп олтуруп: «Энемкин айтпай эле, жолдогу үч аманатты айтайын» деген бүтүмгө келет.

Ошол убакта бир адам чыгып:

– Ой, сен эмне кылып турган жансың? – дейт.

– Мен сизге жолугайын деп келе жатсам, бир жардын башында алачык турган экен, жанында уй кайтарып абышка жүрүптүр. Салам айтсам:

– Ой, бул өзүмдүн эле уйларым – деди. Дагы бирдеме дедим эле. Ой, менин башымды оорутпачы, тетиги алачыкта бир кемпир бар, сөзүң болсо ошого айткын деди. Кемпирге бардым.

Энекелеп жүктүн бурчунда жаш кыз олтурат.

– Конуп кетейин дедим эле десем:

– Жатсаң жатып кет, – деп уруксат кылды.

– Эртең менен кайда баратасың? – деди. Максатымды айттым.

– Ии, айланайын, биз дагы имиш-имиштен уктук эле, ага кандай жетиштин айласын таппадык. Эми балам бир аманат айтайын, айта келесиңби? – деди.

– Айта келейин, – дедим.

– Тетиги жүктүн бурчунда олтурган, көрдүңбү, ай десе аты жок, күн десе көркүжок сулуу кыз. Бирок айыбы – бакырайып туруп көзүкөрбөйт. Эмне кылсак көзүкөрөт, сурай келесиңби? – деди.

– Макул! – деп, ал жерден жөнөп кеттим.

Ар кайсы үйгө барсам, кондурбайт. Бир калың бакка келсем, бир алачык турат. Салам айтып кирип барсам, абышка-кемпир олтурган экен:

– Алеки салам, кайдан жүргөн баласың? – деди.

– Ушу жерде бир билгич киши бар экен. Келечегибиз эмне болот? Ошону сурап кел деп энебиз жиберди эле десем:

– Ии, айланайын, биз да укчу элек, ушундай имиш бар деп, эмесе мен бир аманат айтайын.

– Айтыңыз!..

– Кемпир экөөбүз турмуш кургандан ушул бакты багып келатабыз, нечен түрлүүжемиш тиктик. Тилекке каршы жемишин жей албадык, гүлдөп келип эле, жок болуп калат. Бирок пайдасы ушул, куураганын отун кылып, отунга кеңирибиз.

– Ушуну сурай келейин, – деп жөнөп кетип, кечке жүрүп олтуруп, кечкурун бир чоң сууга туш болдум.

Ыйлап бети-колумду жууп: «Ушу жерден кайта кетемби», – деп, олтурсам, бир балык сүзүп келди.

– Ээ, адамзат, эмне ыйлап олтурасың?

– Ушу жерде келечекти билген бир киши бар дейт. Ошого барып келечегибиз кандай болорун сурап кел, – деп энем жиберди эле, ошого бара жатам.

– Ой, өткөзүп коёюн, мен бир аманат айтайын, сурай келесиңби? – деди.

– Сурай келейин, – дедим.

Балык туура тартып келди да:

– Мин жонума, эки кулактан бек карма! – деди да мингизип, шыр дегизип, суудан өткөзүп таштады.

– Кана, айта турган аманатың, – десем:

– Менин урукташтарым жаян болуп деңизде. Бүтүндөй бир шаарды багат. Менден эле пайда жок. Эмне кылсам чоңоёмун? – Сурай кел, күтөм, – деди. Андан жүрүп отуруп сизге келдим, – деп, болгон сөздөрүн айтып берди.

– Ал балык бечарага убал болду. Алкымында аяктай каухар бар. Ошону алып таштаса эле, эки эсе чоң болот, – деди.

Андан балыкка келди:

– Балык, алкымыңда аяктай каухар бар, – дейт. Ошол каухарды алып таштасаң, эки эсе чоң болот экенсиң, – деди.

– Оозумду ачтым, сал колуңду! – деди балык, аяктай каухарды жулуп алды.

– Мынакей! – деп, балыкка сунду эле, балык:

– Мен эмне кылам, өз койнуңа салып кой, – деди.

– Бактагы бечараларга да убал болду. Алачыгынын астында үйдөй бос таш бар. Түбүндө ат башындай алтын жатат. Ошону алып салса эле, багы мөмө берет, – деди.

Ал жүгүрүп келип, кетмен-чоту менен казып, таш түбүнөн ат башындай алтынды сууруп алды.

Абышка-кемпирге:

– Алыңыз! – деди.

– Бул сенин акың.

– Жок дегенде анча-мынчасын алыңыз.

– Жок, кенедей да албаймын.

Ат башындай алтынды көтөрүп, аяктай каухарды коюнга салып алып жөнөдү.

– Көзүкөрбөгөн кызга да убал болду. Кимге нике буюрган күнү, ошондо көзүачылат, – деди.

Ошо ат башындай алтынды көтөрүп келатса, балага ыраактан баягы алачыктын карааны көрүндү.

Кыз тышка чыгып туруптур:

– Баягы биздикине конуп кеткен бала болбосун тиги, – деди.

– Кана, балам – деп, абышка-кемпир да эшикке чыкты.

– Тетигине, келе жатпайбы, көтөргөн бирдемеси бар.

– Ии, келатат – деп, калышты абышка-кемпир.

– Оо, кудай, айланайын!

Бир топ эчкиси бар экен, бирди алып келип, аксарыбашыл жасашты. өбүшүп көрүштү. Атасы союлган этти казанга салып:

– Айланайын журт, кызымдын көзүачылды – деп, айыл-апасын түлөөгө чакырды.

Эл чогулуп келгенде:

– Баягы олуяга барып келе жатасыңбы? – деп сурашты.

– Барып келе жатам.

– Эмне деп айтты?

– Кимге нике буюрса, ошо күнүкызынын көзүачылат – деп айтты.

– Ии, айланайын, сен турбайсыңбы, менин балам – деп абышка-кемпир басып жыгылды. – Ушул кызды ал, сенин акың тоодой болуп калды, – деп балага чал кызын берди.

Колунан келген мал-салын берип, кызды ээрчитип жөнөттү.

Кызды жетелеп, ат башындай алтын, аяктай каухарды алып келип, энесинин алдына таштап койду. Ошондон кийин ошол элде ырыстуу, бактылуу киши болуп жатып калды.

ОБОЛБЕК

Кара такыя1 Оболбек кара эжийин (мурунку аты канжыгалуу кара сеңсел экен) отуз жыл салган экен.

Ак суунун башы. Бир чоң ташка чыгып карап турса бүркүт теминет. Коё берет. Калың түнткө кирип эле жок.

– Кудай урду, каманга катылдыбы.

Чың2 жер экен, өлүп-талып жөнөп калат артынан.

Марал экен, ичин жара тартып, экөөлөп союп, жүктөп алып, үйүнө келет.

Марал сүйрөп кеткенде, бир жак көзүн бир нерсеге уруп алган окшойт, бүркүтүсилкинип, бир жак көзүн жумуп эле ачпайт.

– Байкуш бүркүт карышкыр-түлкүнүжаздым алып калган кезде кара эжий деген атка конбодубу, – дейт ээси үрпөйүңкү. Бирок бүркүтүнө ыраазы. Ошондуктан, эркин коё берүүнүчечип, жайлоонун башына бир чың жерге кой союп, аны этине тойгузуп таштап келет. Беш-алты күн өткөндөн кийин караса, бүркүтүөзүнүн түндүгүндө отурат. Бала-бакырага кол салып жибереби, – деп Оболбек чочулап, бүркүттүалыс алып барып таштайт.

Арадан он беш жыл өтөт. Оболбекке башка бүркүт жакпайт. Мүнүшкөрлүк кыла албай, зеригип жүрөт.

Тасманын жолу. Эл чогулуш кылган жер. Бир топ кызуу сөзгө кирип калган кезде асмандан эки бүркүт тебишип, шаңшып калат.

Оболбек баатыр эки бүркүттөн көзүн айырбай карап туруп:

– Жаныбарым, менин кара эжийим турбайбы, – дейт.

– Ой, жаның чыккыр, айтат-айтат десе, кудайды карасаң боло. Ушул убакка чейин сенин эжийиң кантип жүрсүн. Карып деле өлгүдөй болбодубу – деп, эл жаалап ыза кылат.

– Атаңдын көрү, мени калптыкка чыгардыңар ээ. Айбандык кылбасаң кара эжий бир кайрыларсың – деп, атынын басмайылын чечип, ээрин алып, ичмегин сууруп чыгып:

– Кара эжий эле, кара эжий! – деп, кыйкырып жөнөйт.

Оболбектин бүркүтүургаачы бүркүт экен, чаңдашып жүрүптүр. Ичмекти жаза серпип тээп, асманга кайра көтөрүлүп кетет.

– Капырай! Ушундай да болот экен, ээ! – деп, эл таң калат.

Күндөрдүн биринде Тезекбай дегендин келини түш көрөт.

– Эне, мен бир түш көрдүм, жоруп бериңизчи?

– Жумуру өгөө таап алып, таш көзөп жатыптырман, бул эмнеси? – дейт келин.

– Ии, балам, жакшы түш экен, бөлөк кишиге айтпа. Кайыбынан бир эркек балалуу болот экенсиң. Бала кыйын чыгат экен.

Аксуунун башынан Оболбек бүркүт уулайт. Бирок октум-соктум колуна тийбейт. Бүркүт уя деген зоого бүркүт жумурткалаган экен, ошону аңдыйт. Бир күнүбарса, уяга бүркүт жакындатпай коёт. Ал тургай кыйгап өтүп, кол сала турган болот. Экинчи жолу балапандын ата-энеси жокто жоро-жолдоштору менен аркан алып барат. Уяда жалгыз баласы бар экен. Бараң мылтыкты кур дөрмөттөп колуна карматып, аркан менен киши түшүрөт. Уяда марал жана карышкырдын сөөгүбар экен. Ала барган кийизине бүркүттүн баласын ороп, аны белине байлап коюп балапанды алып чыгат. Түлөө берип, балапанды таптай баштайт.

Жай өтүп, күз келет. Бүркүттүтаптап, илбээсинге үндөп көрөт. Сонор1 чыкса бирди алат, экини алат. Кармаша кетип, карышкырды кээде колунан да чыгарып жиберет.

Бул канаттуу мындай боло турган эмес эле, көлдүн илбээсинин жактырбай жүрөбүдеп, бушайман болуп коёт.

Жүрүп олтуруп, салаңдап сыртка кетет. Карагол, Капкак, Ышкеч кыстап бара жатканда, чоң айыл көрүнөт.

– Оо, бу кимдин айылы, – дейт.

– Бу Коргоол бийдин айылы.

– Мен кудайы конокмун, уруксат болор бекен, конуп кетсем.

– Уруксат. Ат ал! Ат ал! – деп калат.

– өргөөгө түшүр! – деп, келинине айтып, кичүүбаласынын өргөөсүнө түшүрөт.

– Балам, баягы түшүң ушул. Жакшыраак мейман кыл. Төшөнчү-орунчуңду жакшылап сал, – дейт байбичеси.

Аңгыча болбой Коргоол бий келип калат. Атын байлатып, үйгө кирет.

– Ой, байбиче, тиги өргөөдөгүким?

– Бир чарчаган бүркүтчүэкен. Мейман ээн эс алып жатсын деп түшүрүп койдум.

Эт салгызып, сүйлөшүп, аралашып калат.

Жатаар убак болуп, Коргоол бий өз үйүнө кетет. Оболбек түшкөн үйүнө жатып калат. Күйөөсүбир жакка жолоочулап кеткен экен.

– Ушу кишини жакшы күт! – деп кемпир айтат келинге.

Келин маасысын тартып, таң атканча отту жагып, бутун кармалап, төшөктүкеңири салат. Жашы бир топко келип калса керек, келинге көңүл бурбайт.

Келин оттун жанында. Оболбектин аягын жаздана, отту өчүрбөй улутунуп коюп жатат.

Аңгыча таң атат. Отко суу коюп койгон экен, Оболбек баатыр дааратын алып келип, намаз окуйт.

Бая келин калак менен оттун күлүн чыгарайын десе, бүркүт силкинип жиберет. Келин чочуп:

– Алда, жаныбар ай! Музга тууган музбурчак, калбыр өпкө жез канат экен, – деп айтат.

Оболбек баатыр келиндин айтканын угуп, өзүсынчы киши да:

– Чын эле! – деп, намазынан жаңыла турган болуп кетет.

«Эми бул балакет келин го, бу бүркүтүмдүн октум-соктум алганын да билет го», – деп ойлоп, намазын бүтүп, чайга киргенде:

– Ээ балам, сен сынчы экенсиң го. Бүркүтүм: музга тууганы да, калбыр өпкө, жез канат экени да чын эле. Бүркүтүм октум-соктум алып жүрөт, ушуну да билесиң го.

– Жок, ата, чочуганымдан айтып жибердим, сынчы деле эмесмин, – дейт келин.

– Айт – деп, Оболбек келинди кыйнайт. Келин болбойт. Анан Оболбек: – Бүркүтүм калбыр өпкө, жез канат, музга тууган музбурчак экени да чын. Кээде жаздым алат. Эмне үчүн жаздым алып жүрөт, келин сынчы экен, айтып берсин, – деп, кайната-кайненелерине айтат. Ошондо баягы келин ээсин жактырбай жүргөн бүркүт экендигин айтат.

– Келишимдүүжакшы эле киши экен, эмне үчүн жактырбайт, – дейт кемпир.

– Жактырбаганы, мырза коңур дегени ушул, өзүнүн боосун, томогосун, жарак-жабдыгын жаратпайт экен. Бүркүттүн томогосун, боосун алып жүргөн балдагын, үзөңгү-куюшканын күмүштөтүп, ат жабуусун келиштирип, өзүн жасалгалап, суусарданбы, калтарданбы тебетей кийип, кийимин жакшылап, ээр токумун келиштирип, жезден мык такалатып, мына ошентип алып чыксын, төө комдот деген бүркүт ушу, – деп айтат келин анан.

Ошонун баарын жасаттырат. Анан Коргоол бий, тө

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

02-04-2011
Жомокчу
147092

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×