Жакшыбай 1925-жылы туулган. Атасы шыңга бойлуу, ак саргыл, кырдач мурун, эң бир кайраттуу адам болгон.
– Тебетейди башыңа силкип кий! Ала жипти аттаба! – деп тарбиялоочу.
Аңчы, мергенчи, саятчы, куш, бүркүт салып, тайган агытып, кекилик, түлкүалдырчу.
Боз үйдүн ичинде бир бүркүт турчу. Элес-булас билет.
Жеңелери кушчу1 дегенден тергеп, айта албай кыйгырчы деп тергөөчү.
өзүабдан шайыр, тамаша кылып адамды коркутканда жаны чыгып, Саякбай деген теңтушу кетип баратып, жолдон жата калып суу ичип калганда куйругунан кармап коюптур. Ошондо апалап, жерди жаңыртып качыптыр.
Секин аркасынан барып:
– Кандай Саякбай, кандайсың? – деп күлүп көрүшүптүр.
Анда байкап:
– Ошол ушул болсо керек, – деп, колунда орогу бар экен, орокту кезеп:
– Ээй, атаңдын оозун урайын, сен эмне жинди болдуңбу? – деп соомалантыптыр2.
Анан ал кишинин ачуусу тараптыр.
– Ээй, Жээнтай, сен бул адатыңды коюп жүргүн. Болбосо кыйла адамды өлтүрөсүң, – дептир.
Бир күнүАлачтын3 чер токоюнда уудан келатканбы, астынан бир аюу чыкканын көрүп, секин жолуна жатып калыптыр. өтүп кетип бара жатканда жашырынып барып, аюуну куйруктан кармаптыр. Анан ошо жерден аюу баа-баа деп бакырып качыптыр. Ал жакта өзүнүн минген аты да үркүп, жибин үзүп, малдар өкүрүп качышып, ошентип аюуну да коркутуптур.
Алачтын Сууктескей деген жеринде адамдар бир дөбөдө кечке маал, эртең менен чогулушат, кымыз ичип олтурушат. Сууктескейден күнүгө карышкырлардын өткөнүн көрүшөт.
Жээнтай күндүзүмылтык алып карышкырлардын астын тосуп жатыптыр. Кечке маал уктап кала турган адаты бар. Бир маалда тыш кылдырт-кылдырт дегенинен чочуп ойгонсо, карышкырлардын астында бир канчыгы менен дөбөтүкелип калыптыр. Канчыгын атышы керек экен, билбей дөбөтүн атып алыптыр. Кара мылтыкты сүмбө менен чыгарганда огу түшүп ташка тийип, кылдырап кеткенде канчыгы көрүп кол салганда бардыгы жабылып келет.
Ошондо мылтыктын учунан кармап, ташка аркасын тиреп кыйкырат, кыйкырганда зоо жаңырат. Жаңырыктан коркуп алыс-алыс барып олтуруп калышат. Ошондо кайра октоп туруп экөөн атып калат. Эртеси дөбөтүн таап, үчтүалып келишет.
Кушту таптаганды жакшы билчү.
өйүз-бүйүздө Жээнтай акедей куш салган адам жок. Кайсы жерге барса да эл менен ынтымактуу, досу көп эле.
Атасы илбесин, кайберен менен кетти. Сөөмөйүн кесип алган экен, үч салаасы менен «Саринжи-Бөкөй», «Карача-Торгой» деп кадимкидей комуз чертчү. Сөзгө да кыйын, жетимчилигин көп айтчу. Аял алгандан кийин кайраттуу неме оңолуп кетиптир.
1938–1939-окуу жылында Ноокен мектебинен окуду. Комузчу болушуна апасы Токто себепкер болду.
Ал тынбай комуз черткендердин үйүнө барып, комузун бербесе да карап олтура берет. Апасы жадады окшойт, капкагы жок кичине өрүк комуз таап келип, Карагул абасына капкактатып, апасы өзүкыл жасап, тагып берди.
Акмат деген комузчу бала коңшусунун үйүнө мейман болуп келип калды. Ошондо Токтогулдун күүлөрүнөн «Алматай», «Күн тийбес тамда жатамын» дегенин:
Толукшуп жаткан кең жайлоо,
Толуктун малы жайласын.
Томсоруп калдым Алматай,
Торгоюм атам кайдасың?
Буруксуп жаткан кең жайлоо,
Букардын малы жайласын.
Мусапыр болдум Алматай,
Булбулум атам кайдасың? –
деп ырдап чертчү. «Курманбек», «Эсимде», «Какей» ж.б. обон, күүлөрдүүйрөндү.
Апасы абдан токтоо, макал-ылакап менен чечен сөздүсүйлөгөн, айылда эң бир ишеничтүүадам эле. Колхозчуларга сугатка оокатка нанды Токто апа жапсын деп элдер жаалашып, апасы жапчу. Алчу эмес, алса агасына бир, Жакшыбайга бир токоч берчү.
Иштен келе жатканда үйгө бир колтук отун ала келчү. Бир колтугун Жакшыбай көтөрө алчу эмес.
Аларга кош айдатып, агасы экөөнө кошту куруп берди. – Андай жетеле, мындай жетеле,– деп балдарды жарыштырып ишке салат.
Эгиндин бардык түрүнөн эгет. Жүгөрү, шалы,1 зыгыр, күлжүт, сабиз, пияз, картөшкө, шалгам, туруп2, буудай бардыгынан калбачу.
Катаалчылыкта апасы бир айылды багып туруучу. Кайды деген чоң апасы бар, Жанызак абасы аскерге кеткен. Сурап келген элге:
– Аз-аздан ичкиле, топуктуу бол, канаат кылгын, канаат кылбасаң ачка өлөсүң, – деп эгинди бере берет.
Андан тышкары туугандарынын ажатын ачып, эгин берип, эч кыйналтпай балдарын бапестеп баккан. Апасы кайраттуу, кадырлуу эле. Согуштагыларга байпак, эгин, май, жүн берип, аскерлерге кийим-кече бардыгын аткарчу.
Колхоздо кыякчы, комузчу, шайыр, сөзмөр, куудул Токтоболот Келгенбей уулу элди кыраан-каткы ыраазы кылып, тамашага кандырчу. Ал дагы ошого кызыгып: «Ушундай боло аламбы» – деп жүрчү. Той-тамашалар болчу. Тойдо балдар тартынса да Жакшыбай тартынбай эле кирип барып, жанына олтурчу.
Комузун сурап алып чертчү. Кыягын тарта албайт.
Токтоболот аба өлөөрүнүн астында:
– Ушу балага кыякты берсем болот эле, тура турсунчу эми,– деп, ошо бойдон калып, алалбай калды.
Кыягы кичине гана кол башындай кыяк, илгерки Бекмырза кыякчынын кыягы деп уккан. Жамгырда болсун, кышында болсун кадимкидей айныбаган кыяк. Бир жыйында тартса, аркы беттен берки бетке угулуп турчу. Абдан шайыр, ал жүргөн жер той-тамаша, шаттык, ак көңүл, жанына алып олтуруп черттирип:
– Балам, комузду колуңан түшүрбө, сенден бир нерсе чыгат, – деп ага насыя айтчу.
Кыякчы болгонуна себеби жогоркудай. Элден укканына караганда Бекмурза кыякчыдан үйрөнүптүр.
1945–46-жылдары колхоздо эсепчи болуп иштеди.
өзбекстанда Избаскент районунун Майгур деген жердеги абаларына алып кетти. Ал жерден ал көнбөй кетем деп жүрдү. Бирок каз, өрдөк, кыргоол ж.б. илбесиндер жайнаган ууга ылайыктуу жер экен. Ага кызыгып ал элине кете албады. Тоого жайлоого чыкса кийик, элик, кайберендер, улар, илбесин ж.б. чөлгө түшсө каз-өрдөк, кыргоол. Колхоздун жылкысын багып, ошондо турду.
Андан кийин Пахтабад районундагы үчкөзө деген жерге барып, жылкы бакты. 1964-жылы өз районуна келет.
1958-жылы фестивалга катышат. Барса, комузчудан көп, ал жердегилер:
– Кыяк билсе кыяк тартып чыксын, – деп айтып калышты.
Бишкекте иштеген Абылгазиев Жолборс деген таякеси бар эле.
Ал киши: «Бул скрипка ойнойт, кыякты өздөштүрүп кетээр» – деп аны ээрчитип Саиддин үйүнө алып барды. Барса жакшы тосуп алды. Булар да өз ичинен ыраазы болду.
Таякеси жайын айтты:
– Андай болсо жакшы, жакшы, – деп чай коюп, чайдан кийин күүлөр менен тааныштырды. Кыяктын күүлөшүн караса оңой эле, бирок тепкеси бийик, ошого көнүгүш керек экен. үйүндө үч күн машыкты.
Ошондо өзүнчө бир күүчыгарып койду.
– Ушу күүнүчыгардым, кандай болот, – деп ойноп берди.
Ал киши:
– Абдан жакшы, азамат! Мындан жакшы күүболобу! – деп мактап койду.
Ошондо таякеси үчөө:
– Кандай кылсак? – деп «Колхоз термеси» деп ат коюшту.
– Жакшы, жакшы! – деп, ошону фестивалга ойноп чыкканда комиссиялар келишип:
– Азамат, жаштардан да чыгат окшойт кыякчы, – деп бир-экөө колун кыса көрүштү.
Кийин комузчу Абдыкерим Мокоевдин таасири чоң тийди. Кол ойнотуп черткендерине кызыгып, үйрөнө баштады. Андан тышкары Асылбек Эшмамбетовдон да таалим алат. 1963–64-жылдары токой чарбасында иштөөчү. Ошол убакта токой кызматкерлеринин спорт оюну өткөрүлүп, майрам катары өтчү. Тоолордон, колот-колоттон малчылар агылып түшүп, чарба кызматкерлери, кызыл-тазыл кийинген кыз-келиндер, бала-бакыралар, чал-кемпирлер Абдыкерим Мокоевди ороп алышыптыр. Ал киши «Тогуз кайрык», «Чоң кербез», «Көйрөң күүнү» чертип, «үч жигит» деген ырын аткарып, элди кыраан-каткы түшүрүп жатыптыр.
Анын үстүнө барса, ал жерде өзүменен Ташкендеги токой-чарба окуусунда бирге окуган токой чарбасынын парторгу жана токойчулардын башчысы Сатиев Айти:
– Ээй, Жакшыбай келип калды. Комузду бергиле, силер жакшы эле черттиңер, – дегенде бир мугалим жигит:
– Эй, койсоңчу, ал Жакшыбайыңды, Мокоевдин алдында черте алчу беле, – деп калды.
– Кел, кел жигит, билишиңизче черт! – деп колуна комузду берди.
Мугалимдин сөзүнө териге түштүокшойт, комузду сабап, ал дагы Мокоевдин күүлөрүн чертип берди.
Эл кыраан-каткы түшүп, Мокоев да ага ыраазы болуп, колун кысып, ыраазычылыгын билгизди.
Ошондон кийин өзгөн районунда таланттуу обончу, аккордеончу Мамат Оморов жана Садир Манапбаевдин үйлөрүндө болду. Түн ичинде күүлөрүн угуп, ырдап көңүл ачып, баар1 курушту. Ошондон кийин ал кишини көргөн жок.
өз айылына келгенден тартып, мисте токой чарбасында 1965-жылга чейин токойчу болуп иштеди.
1965-жылы токой чарбасынын Ташкендеги техникумун бүттү. Ошол эле жылы жашынын улуулугуна карабастан арызданып Ош педагогикалык институтунун музыкалык факультетине өтүп, 1969-жылы бүтүрүп чыкты. 1969–70-жылдардын аралыктарында Сузакта маданият үйүндө директор, 1971-жылы Ош педучилищасында мугалим, андан 1976-жылы өз айылында мектепте эмгектенди.
Чоорду өзүнчө үйрөндү. Чоордон «Олжобай менен Кишимжан», «Кожожаш мерген» ж.б. тартчу.
Чыгарган обондору: «Күйдүргү» (1968-жылы биринчи ырдалат), «өзүмө сен качан келесиң?», «Ала-Тоом» (1972) чыккан.