Добавить статью
12:31, 4 апреля 2011 34193

Комузчу

Автор: ШЕКЕРБЕК

Шекербек Шеркулдун энеси – Наал. Атасы Эркесары да өз алына жараша бир топ комуз чертчүэкен. Ал да үч ага-инилүү: улуусу – Эркесары, экинчиси – Датсары, үчүнчүсү– Чекир. Датсарыдан – Байсал, а кишиден тукум калбады. Чекирден – Сейтаалы. Сейтаалыдан – өмүрбек, Эсенбек деген эки бала болгон. Улуусу өмүрбектен бир бала, аты – үсөнбек. Буларды куу­лек деген элдин ичинде Болот баатырдын тукуму, кыргызча сегиз, тогуз үйдүБолот уулу деп коёт.

Бул Болот уулунун баары: Байсал, Токонун эки баласы Ыманаалы, Жуманаалы туугандары да, Шеркулдан кийинки Керимкул да, кичүүиниси Шермат да комуз чертчү.

Шекербек комузчу 1902-жылы Таластын көк токоюнда, Алтыбайдын сазында кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Атасы – Шеркул, апасы – Дүрбү, чоң атасы Эркесарыдан үч уул: улуусу – Меркул, ортончусу – Керимкул, эң кичүүсү– Шертай туулат. Ортончу иниси Керимкул кедейликтин айынан Таласта орус байы Алешкага жыйырма жыл малай жүрөт. Кичүүиниси Шертай Жунушаалы байдын жылкысын кайтарып, жылкычы болуп жүрдү. Шертай жыйырма беш, жыйыр­ма алты жаштагы, аялы жок, бирин-серин сакалы чыгып калган, орто бойлуу, кара тору, ак көңүл, бирдемени өзүайтып күлдүрүп сүйлөгөн куудул сыяктуу жигит. Шеркул эки инисинин акысы менен жан сактап, айылда турат.

Орустун атын кайтарып малайлыкта жүрүп Керимкул учук менен ооруп калганда, өзүкедейчил, калыс сүйлөгөн жакшы орус Алешка кайрымдуулук көрсөтөт. Кээде Алешкадагы экинчи иниси Керимкул: «Шекеме учурашам» – деп, ташыганын алып келип, агасы Шеркулга берип, ал ошо жерден Шеркул өз тиричилигине кеткенде, комузун алып, тарсылдатып чертчү. Чертип олтуруп кээде кылын үзүп койчу. Эки-үч күндөн ки­йин, Керимкул кетип калганда жылкы кайтарган Шертай иниси келип калат. Шеркулдун комузун алып, койгулап бир-эки саат ал иниси чертет.

Күндөрдүн биринде эки иниси да келди. Ошол кезде Шеркул бозо салчу кесманачы болуп бозосун сатат.

Чоң чапандарын чечип таштап, Шертай менен Керимкул Шеркулдун бозосун сүзүшөт. Бозону сары каймактатып тойгончо, кызыганча эки иниси ичип, ал агасынын комузун экөө аркы-терки чертип, ортоңку кылын түтөтүп, үзүлө турган кылып коюптур.

Аңгыча Шеркул жумушунан келип:

– Бозо ичтиңерби? – деп сурап калды эки инисинен.

– Ичтик Шеке, сузуп ичтик, абдан тойдук, – деп эки иниси жооп берди.

Анан Шеркул бозо ичкенден кийин чертем деп комузун алды. Орто кылы үзүлө турган болуп, түтөп калганын көрүп:

– Менин комузумду аябай черткенсиңер го, орто кылы үзүлө турган болуп калган турбайбы!.. – деп кичине кейип, – сен экөөңө башка бир комуз жасатап бербесем болбойт экен го. Кылдын жанын койбодуңар, же колумда кой жок, союп ичегисин кыл кылайын десем, койлуу кишилер коюн сойгон жерине барып, ичегисин сурап алып, жасап жүрөм. Көңүлүкелгендери берет, көңүлүкелбегендер бала-бакыра жейт деп, ичегисин да бербей коёт.

Ошентип олтурганда, Шеркулдун чырканак менен жапкан чоң тамына тыяк-быяктан эл чогула баштады. Келген эл жалаң бир айылдан эмес, ар кайсы айылдан бирден-экиден келип олтуруп, баягы чырканак менен жапкан жаман тамдын ичи толду.

Анын ичинде Шеркулдун замандаштары: кой тиш, сары сакал, сары киши куудул сүйлөгөн Солтонкул, бир көзүжыртагыраак келген чокчо сакал, кара тору Кенжекара, Самак курдашы – жапкак көз, кырдач мурун, бөдөнө куйрук чокчо сакал кара киши. Бойлору барабар, анча семиз эмес, орто бойлуу, ошо кездерде элүүэки, элүүбеш жаштагы кишилер.

Жуманаалы, Кыдыраалы эки курбусу бар. Жуманаалы кулагынын түбүнөн ылдый жайкалып чыккан сулуу жайма кара сакал, бойлуу. Кыдыраалы экөөнүн бою барабар. Кыдыраалы мурду каңкайган, мурду чоң өзүкоңур сүйлөгөн, саал жоон үндүү, чокчо сакал, баатыр мүчөлүү, саал эңшегей бойлуу, бийик киши. Аңчылыкты жакшы көргөн көзгө атар кылдай мерген, жыгач усталыгы да бар. Ошол Кыдыраалы менен Жуманаалы көкбөрүдесе жанын таштаган, Кеңкол, Бешташ, Калбада же чоң той, же чекене той болуп калабы, көкбөрүчыккан жерден калбаган чоң улакчы.

Ошол бозо ичкен үйдүШеркулдун жаман тамы деп айтпай эле, Шеркулдун мечити деп койчу.

– Серке болобу, эчки, мейли торпок болсун, көкбөрүнүсенин мечитиңдин дал эшигине алып келип таштайбыз. Биз таштаар менен мечитке сүйрөп кирип, ичин жарып жиберип, союп ташта, болбосо көкбөрүчүлөр бата берип, чурулдап туруп алат да, улакчылар алып кетет, – дечү.

Жуманаалы экөө Таластын күңгөй-тескейинде чоң той болуп калса, кудай теңири жок эле улак тартып, мейли торпок же чоң серке болобу, же чоң эчки болобу, албай койчу эмес.

– Шеркул, сен бүгүн кечке маал чоң казанга суу асып кой. Биз көкбөрүнүЖуманаалы экөөбүз коштакым кылып, алып келебиз. Кечинде бозого ысылык кылабыз. Мейли торпогу болсун, арык теке болсо, алып келбейбиз.

Айтканындай Жуманаалы экөө бир күнүсемиз кара эчкини коштакым кылып, күн баткан кезде алып келип калышты.

– Шеке, эчкинин терисин нары-бери сыйрып жибериңиз, – деди.

Шеркул ичин жарып серкени союп жатканда эшикте калың эл чуулдап бата берип турушат.

– Оомийин, алло акбар, оомийин кана!.. – деп, он чакты жолу айтканча Шеркул төрт шыйрагы жок семиз көкбөрүнүбир паста ичин жарып, ичеги-кардын чарага салып, терисин сыйрып жиберет.

– Союлуп калды, ичи жарылып калды!.. – дегенге ишенбей, улакчынын эстүү-баштуусу түшө калып, жаман тамга кирип барып, териси сыйрылып калган серкени көрүп:

– Түүатаңдын көрүая, кайран серке!... Шекем терисин сыйрып, жайлап салган турбайбы!.. – деп, анан эшикке чыгып, атына минип, көкбөрүгө чогулган элдин ичинде койлуу эл көп да, чурулдап баланчага бата беребиз деп, койлуу кишиге бата берип, улакты ошолордон алчу.

Баягы бозо ичкен Шеркулдун замандаштары күлүп:

– Ата-а, айланайын Шеке, ырас союп жибергениң жакшы болбодубу, кечинде бозого сыз-быз кылып, ысылык кылалык!.. – дешип каткырышып, күлүп олтурганда, улакчылар кетти чуулдап, бозо ичкендер калды.

Баягы көкбөрүнүалып келген Кыдыраалы менен Жуманаалы аттарынын басмайылын бошотуп, бозого киришти.

Аңгыча чертмекти коюп, Керимкул эшикке чыгып кеткенде, Керимкулдун иниси Шертай:

– Кене, комузду мага алып бер, – деп, бозого кызып калган неме, ал чертип кирди.

Бая бозо ичип жаткан кыркка жакын кишилердин ар кимиси:

– Бу эки иниң сенден да кыйын чертет го, – деп кеп кылып калышты.

Анда акеси айткандарга жооп берип: – Ыя, бул эки иним өз оюнда Шеркулдан кыйын чертебиз деп жүрүда, комузга анчалык жорго болбойт бу экөөбү, мындай черткенди ыштан жыртаар жорго дейт (кыргыздын карыялары, кай бир жорголор тынчы жок болот, кээде жоргосунан жаңылып, желип кетип, өңгүл-дөңгүл жорголоп кеткен адамдын көчүгүнө тынчы жокту ыштан жыртаар жорго деп айтат).

– Ой, Шеркул, бүгүнкүшактын бозосу, таруу шакбы же жүгөрүшакбы? – дейт.

Анда Шеркул Солтонкул теңтушуна жооп берет:

– Мунун шагын таруудан тарттыргам. Кыргыздын тилин Солтонкул өзүң деле билесиң го. Бул накта шактын бозосу.

Бозо ичип жаткан эл Шеркулдун бул сөзүн угуп, кыраан каткы күлүштү.

– Мына Шекем, бизге түшүндүрүп кыскартып айтпадыбы. Айтабыз да, бу кандай быжылдап сар каймактап, чертип турду десе, көрсө накта шактын бозосу турбайбы! – деп экинчи күлүштү.

Ар кимиси карт кекирип, бозого баары кызый башташты. Баягы Шертай иниси койгулап, келсе-келбесе да өзүбилген күүлөрдүчертүүдө.

Солтонкулдун жогору жагында олтурган, жанагы көк­бөрүнүалып келген чоң тумшук Кыдыраалы мергенчи Шертайды карап, мындай сөз чыгарды:

– Сенден Керимкул агаң комузчулук кылабы, сен Керимкулдан өйдөрөөк чертесиңби, экөөңөн да Шекем кыйын чертеби, деги үч ага-ини үчөөңдүн кимиңер кыйын чертесиңер. Биз болсок комуз билбейбиз. Анча-мынча түшүнбөсөк... А бозого кызып отурган кичи иниси Шертай Кыдыраалы акесине жооп берип:

– Керимкул экөөбүз тең Шеркулдан кем чертпейбиз. Шеркул черткен күүнүн баарын тең биз деле чертебиз, – деди.

Жанагы көкбөрүнүкоштакымдан алып келген Жуманаалы:

– Мен деле тантыр-мунтур анча-мынча күүчертем. Комуз­дун күүсүн ким болбосун чертип жатса, жаман черткенине да, жакшы черткенине да түшүнөм. Баятан бери Шертай сенин күүңдүуктук. Башкалары түшүнбөгөнүменен мен түшүндүм. Эми комузду Керимкул агаңа бергин. Керимкул чертсин, – деди.

Жуманаалы өзүсезимдүү, билгиликтүү, кыраакы киши. Ал Жуманаалынын ою, пикири үч ага-инилүүнүэрегиштирип чертиштирмек экен. Ошо жерде олтурган курдаштары, улуу-кичүүсү, ар кимиси сөз козгоп айтып:

– Керимкул, бир-эки күүчертип туруп, Шеркул агасына берсин, – деп калышты.

Анын жанында олтурган сөзгө чечен, сөзгө жүйрүк Самык замандашы:

– үч-төрт күүчерт, анан Шеркулга бер комузду, – деди. үч-төрт күүчертип, Керимкул комузду агасы Шеркулга жө­нөттү.

Анан Шеркул билегин түрүнүп, «Камбаркан», «Кер толгоо­дон» баштап кирди.

Баягы эки иниси черткен күүлөрдүн баарын чертти. Чертмекти колуна кармап туруп:

– Бу эки иним комуздун аркасына түшсө, мүмкүн менден деле кыйын болмок. Экөө эки байга жалданып, малай болуп кетип, комузду узатып черте албай калышты. Экөө деле күүгө көп кемчилдиги бар деп калды.

Баягы Солтонкул сар сакал сары киши:

– Капырай!.. – деп таңыркап сүйлөп, – бу биздин кулек элдин ичинде алты ата эл барбыз. Алты ата элдин ичинен, бу Бо­лот уулуна комуз конуп, түнөп кеткенби, бу Шеркулдун туу­гандары ага-инилери баары эле чертет, бу беш атанын туку­му комуз билбей, биз айдалада калдык, – деп ошо киши калыстык кылып, Керимкул менен Шертайга карап: – Шеркул агаңардын комузун көп чертип, кылын үзбөгүлө, капкагын сындырбагыла, мындан кийин экөөң комузчулукту агаң Шеркулга бергиле. Топ-жыйын болсо, барып Шеркул чертип жүрсүн, – деди.

Ошону менен топко, жыйынга барганда Шеркул комузчу деп атагы чыгып, эки жылдан кийин баласы Шекербек он жашынан баштап, комузду кармай баштады.

Жаңыдан комузду баштаганда:

– Ортоңку кылын бас, сөөмөйүңдүбас, анан ортонуң менен алдыңкы кылын бас, алдыңкы кылын бийигирээк толго, кербезге устүңкүкылын жапысыраак кылып, «Камбарканга» толго, мына ушу күүгө толгосоң көп күүкелет. Айдараалынын «Көйрөң күүсү» келет буга, «Шыңгырама», «Гүлгаакы» деген күүкелет – деп, үч күндө бир, беш күндө бир, долбоорлоп ыкмаларын айтты.

Анан эки кылын бийигирээк (алдыңкы жана үстүңкү) толгоп «Кер толгоону» чертчү.

Шекербек он эки жашта кези. Калбанын алкымынан, өзүлөрүнүн колпош элинен Чыңгыштын уулу Стамбек да комузчу болуп, катуу чыгат.

Шеркул менен Стамбекти черттиришет. Улам экөө биринин күүн бири кайрып жатышып, ошондо Шеркул Стамбекти жыга турган болуп, Стамбекти шаштарып жатканда Шеркулдун орто кылы үзүлүп кетет.

Ошондо кыл үзүлүп кеткендиктен, терең кайрыктарга өтө албай, Шеркул жыгылды болуп калат.

Ал жерде комуз билген калыс кишилер:

– Стамбекти Шекем шаштырды, Стамбек эми кайсы күүнүчертсем экен деп, тайсалдап калган эле. Болбосо Шеркул Чыңгыштын уулу Стамбекти комуздун күүсүнө калганда аны жыгып, чыңыртат болчу, – деп айткан экен.

Эски Николайдын старчын, бий-болуш өчө элек. Бир күнүЖунушаалы келип, Шеркулду ага-тууганы менен чогултуп:

– Мынабу үч үйгө бир кишиден дейт, дагы бир сөз чыгып жатыр, беш-алты үйгө бир кишиден деп, кыргыз элине ак падышадан буйрук келиптир, ошон үчүн Шеркул сегиз үй боло­бу, он үй болобу, аял ала элек эмеспи, сенин кичи иниң Шертайды жиберели рабочийге, зордуктаса деле алып кете турган, бий-болушу болсун, баары эле падышанын сөзүн сүйлөйт да, – деп Жунушаалы Шеркулду баш кылып, ага-туугандарынын баарына акырын айтып, ортолорунан Шертайды жумушчу кызматка жиберип ийишти.

Эми ошондо жеңеси, апасы, Шеркулдун тууганы Байсал, аялы болуп, көйнөк-дамбалды машине тиккен иштүүаялдар үч сыйрадан тигишип, кийиминин баарын даярдап бүтүрүп, жөнөөр күнүулуу агасы Шеркул, ортончу, өзүнөн улуу агасы Керимкул менен коштошуп, Шертай агаларына:

– Кайгырбагыла, ыйлабагыла, мен көпчүлүк эл менен кетип баратам. Кайсы шаарга барсам да, бараарым менен кат жиберем, – деп коштошуп жатып, жашып кетти.

Иниси жашыгандан кийин Шеркул да көзүнө жаш алып, инисин кучактап, эки бетинен өөп, Дүрбүда жашып, Шертайды эки бетинен өөп, агасы Керимкул үкесин эки бетинен аркы-терки өөп, жеңеси Шаршен Керимкулдун аялы да бетинен өөп кайнисин:

– Аман барып, аман кел, кагылайын. Барар замат аман-эсен жеттим деп кат жибергин, – деп баарысы коштошуп, ыйлап жатканда, Шекербек он эки жашар бала, алар ыйлаганда ал да ыйлады.

Кыскасы ушуну менен коштошуп, андан эки-үч күн мурун камынып, жарым кап жупка жайып, ошо жерде Жийдебай тууганынан бир карын май сатып алып, Шеркул бир карын майды жупканын ичине салып, кыргыз каптын оозун бекем бууп, даярдап коюшкан болуучу. Аларга жакын тууган Токтомуштун уулу Абдыраалы арабакеч арабасына кырк пуд басып, Олуяатага жөнөймүн деп турган кези.

Кайра коон басып келип, Таласка сатчу. Ошол туугандын арабасына жети, сегиз килограмм насбайын салып, кыскасы, ата­сы Олуяатага чейин арабага салып жеткирип, кайра келген.

Бир айга жакын убактан кийин кат келди: «Мен Казань шаарына бардым. Татар элинин шаары экен. Заводдо иштеп жатабыз. Бул катты Казань шаарынан салдым. Аман эсенбиз.

Кандай Керимкул агайым баякы оорусунан айыгып кеттиби?

Агайын-туугандар аман-эсенчиликтеби? Шекербек үкем чоңоюп агасына (Керимкулга) жардам берип жатабы?!»

Ушуну менен 1918-жылга чейин кат келип турду. Жеткен ажалбы, он сегизинчи жылы каза болуптур. Жанындагы көп кыргыз (жүздөй киши) бир заводдо иштеп жатабыз деп кат келген.

Кийин назбай салгыла, назбайым түгөндүдегенден кийин Шеркул жарым пуд назбай салып жиберген. Ошол назбайынын жарымы түгөнө электе эле каза болуптур.

Шертай менен бирге иштеген таластыктарды он сегизинчи жылы коё берет. Таласка келгенден кийин, он сегизинчи жылы күзүндө Шеркулга угулду. Жумушчулар келип жатат деп угулуп калган.

Шертай менен кошо кеткен сары сакал, саргыч тарткан орто бойлуу киши Байкожо уулу Алманбет алардыкына барганда сурашса:

– Жай айтып берем, – деп кетип калды.

Шеркул кийин эки айнектүүкылып сар топурак менен шыбамыш болуп, эки бөлмө татынакай там салган. Коргончонун эшигинде Шеркулдун төрт канат боз үйүтурат.

Эл чогулуп калган. Кай бири батага келип, куран окуп кетип жатат. Аялдар боз үйгө кирип, ашып кетсе он беш, жыйырма киши батат, бирдемени кошуп ыйлоодо.

– Муну иниме багыштап сойгун, арты той болсун, эл куран окусун бир казан ботко кылып, эптеп өткөзүп жибер, ыраматылыктын ашы да ушу болсун. Анан чоңураак аш берем десең, кийин өзүң билээрсиң, – деп Жунушаалы Шеркулга бир чоң кунан кой берди.

Аксакал көксакалдары кайрат айтып жатышат. Ошол жерден куран окуп, элдин баары тарап кеткенден кийин Шеркул баягы Шертайдын жанынан келген Алманбетти элден бөлөк алып калды.

– Ие Алманбет иним, ажалга айла барбы, эки күндөн бери ыйладык, сыктадык, бир тууганга киши күйөт экен, күйбөй коёбу, эми өз оозуңан угайын жайма-жай олтуруп, Шертайдын өлгөнүн айтып бер.

Жылуу кез. Шеркулдун жаңыдан алган чарбагы бар. Туугандары менен жети-сегиз үйдүбийлеген Чекирдин уулу Сейтаалы баш болуп, арабакеч Абдыраалы, иниси Жолдошаалы, Токонун балдары дечүаларга тууган Жуманаалы, Ыманаалы эки ага-ини, Тайсарынын уулу Байсал, үмөтаалы тууганы, аяк-быягы он бештей киши болуп ага-туугандар менен бактын көлөкөсүндө ала кийиз, шырдак салып, Алманбет элдин четинде олтурат. Анан баягы элге Алманбет сүйлөп, сөздүШертайдан баштады:

– Ушинтип зоотто жүздөй таластык иштеп жатабыз. Эки смен болуп, элүүкиши түнкүсменде, элүүкиши күндүзгүсменде иштейт. Төрт бөлүм кылып жыгачтан узун салынган чоң там бар, биринчи, экинчи, үчүнчү, төртүнчүбарак деп коёт экен, ар бир баракта жыйырма беш кишиден жатабыз. Барактарга бакалдан калың салып, жалгыз-жалгыз жаздыгыбыз бар, баарыбызга бирден матрац берген, бакалдын үстүнө матрац салгандан кийин жамбашыбыз калың болуп, ар бир барактын ичинде түтүгүн барактан чыгарып, жыгач барактар күйүп кетпес үчүн тешкен жерине калайдан орнотуп койгон темир меш бар. өзүбүз кезектешип мешке от жагып, оокат жасап ичебиз. Казань чоң шаар. Орто Азиядан көп китептер, эски дастандар Казань шаарынын басылмасынан басылып чыгат экен.

Күндөрдүн биринде Шертайга суук тийгенби, же жеткен ажалбы, кара көк болуп ооруп калды. Мен доктурду Казань шаарынан көрдүм. Бир татар догдур келип, дары берип, укол дегени болот экен, укол салып, жамбашына куюп кетет. Андай догдур биздин Таласта жок. Догдур кеткенден кийин чай десе чайын, суу десе суусун берип турдук.

Шертай өйдөлөбөй оорусу жакшы болбой, күнүгө төмөндөй берди. Кыскасы, бир айдан кийин Шертай кайтыш болду. Жумушчуга барган мен Таластыкмын дегендин баары өзүбүз кыргызча ак жууп, ак кепиндеп, татарлардын өлүк салган насылкесине салып, бир татар молдону чакырып келип, жаназасын окутуп, киши башына элүүтыйындан жыйнап, ынтымак кылып, элүүсомду татар молдого бердик. Мүрзөгө сөөктүалып кеткенде татар молдону ала кеттик. Шылуун жигиттер турсунбу, колмо-кол бат эле казып койду.

Мусулмандын мүрзөсүэкен, кирпичти оозуна эптүүжигиттер коюп, топурагын үйүп, ошо жерден татар молдого куран окутуп, татар молдо болсо үйүнө кетти, өңчөй таластыктар жаткан жерибизге келдик. Ичибизден анча-мынча куран билгендер Шертайга куран окуду. Мына Шеке, кайрат кылыңыз, ажал экен да, өлөр Шертай өлдү, – деп Шеркулга кайрат айтып, ага-туугандардын баарына сүйлөп берип, Алманбет кетти.

Ошол жардычылыктын зарпынан: «Жокчулук жоомарт эрдин мойнун кесет» дегендей, кедейликтин жүгүн мойнуна артып, Шекербек туула электе эле бозо салып, кесманачы экен.

Элге бозосун беш тыйындан сатат. өзүкедей болсо, калың токойдун чырпыгын алгандан падышанын корукчусунан коркуп, жалгыз баксалап, төрт бакса там салат, чырпыкка тие албай, тамын чырканак менен жабат.

Шекербек чыт курсак болуп, кийимге кенен жетпей, очоктун жанында тезектин чогуна жылынат.

Жаман тамдын эшигине тиккен төрт канат кара алачыгы бар. Эртең менен ал төшөктө жатып, ойгонуп калат.

Атасы эрте туруп, бозо ичем деп келгендерге жоолукту карматып коюп, аталаны кол менен сүзөт. Чоң казанга сууну ысытып, бир чоң казанга бозону сар каймактатып сүзүп, арчадан жасалган жыгач челектерге куюп коёт.

Ал убакта Талас эли таруу айдоочу.

Шеркул Дүрбүнүкарап:

– Ой, Дүрбүбайбиче, тиги Керимбек менен Шекербекке бозодон бер, – деп, кырмачы кырган эки кара чөйчөккө куйдуруп, – иче бергиле, айланайын балдарым, экөөңө бергенге сүтүбүз да, сүт түгүл саай турган уюбуз да жок, – деп атасы айтуучу.

Бул эки эркек баласынан башка эки кызы бар, эң улуусу – Эрмекгүл, кичүүсү– Алыйман.

– Атсалоомалейкум, Шеке! – деп эл бозого келе баштайт.

Жаман тамдын ичи тегерете бозо ичкендерге толот. Ошол келген элдин ичинен эстүү-баштуусу:

– Ой, бозо ичкендер, бозонун акчасын берип койгула, – деп бирөөбүжандап айтып калат, бир күндөрү:

– Бул эми Шекемдин бозосунун тыйынын бирден-бирден бербей, бир казан бозону бирөөбүз эле баалап алып коёлук, – дешип, бирөө бир казан бозонун пулун төлөп, бир казан бозону алып коёт.

Ошол келгендердин улуусу Байкожонун уулу Самак Шеркул менен замандаш, теңтуш киши. (Самак – орто бойлуу, кара тору, сөзгө чебер, кара мурут, сыпаа, сыйда чокчо сакал, сурмалуу эмес, көзүжапкак, өзүжай сүйлөөчү, сөзгө абдан чебер, чечендиги да бар чоң киши.)

– Мына туугандар, бүгүнкүбир казан бозонун пулун мен төлөйүн. Эртең Ашыраалы сен төлө, бир казан бозонун пулун, – деп Самак айтып калды. – Бүрсүгүнүиним Жайлообай төлөсүн, бир казан бозонун пулун. Асылдын эки уулу бул сөзгө кандай дейсиңер? – деп сурады. (Ашыраалы – арык чырай, буудай өңдүү, чокчо сакал. Сакал-муруту кара. Жайлообай – абдан тартайган, тартардай арык, чапжаагыраак келген, сыйда чокчо сакал, кара мурут.)

Улуусу Ашыраалы Самакты карап:

– Самыке, сиздин сөзүңүздүэки кылат белек биз. Бу сөздүжакшы айттыңыз, киши башына берип жүргөндөн көрү, мына ушу бир казандан ар бирибиз баалап алып, бир казан бозону тим эле жоро кылып ичели, кыргыз жоро дейт эмеспи, ушундай кезек кылып коёлук, – деп айтты.

– Мына бул жерде эң бери жагы жыйырмабыз олтурабыз. Бир айга жакын, ушундай кезек кылып койсок, жыйырма күнгө созулат.

Алдыбыз кырктабыз, арты отуз беш, эң кичүүдегениңер отуз, андан кийинки жигиттин дооронун сүргөнүңөр жыйырма беш жаштасыңар.

– Бул акылды ырас чыгардың Ашыраалы, – деп Ашыраалынын сөзүн Жуманаалы улады.

Кыскасы ошол жерде олтурган жыйырмасы Жуманаалынын сөзүн да кабыл алышты.

Шеркул менен замандаш Кыдыраалы мурду селебенин кабындай, мурду чоң. Аны өзүнүн теңтуштары чоң тумшук Кыдыраалы деп коюшчу.

Мында олтурган балбан Султанкул улакчы беш агаин. Султанкул чапжаагыраак, кара сакал, көзүкөк, саал киркиреп сүйлөгөн кара киши.

– И Шеркул, сөздүугар жерге айтыш керек, сага балбандыктын, күчтүн аркасында көргөн акыркы өнөрүмдүайтып берейин.

Казактын байы Таластын кушчу-саруусунун мыктыларын бүт чакырат. Тоюна аппак өргөөдөн элүүбоз үй тигиптир. Жалаң эңишке сайган байгеси эки өркөчүасман тиреген эки төө. Эки төөнүбаш кылып, жалаң жылкыдан алды беш асый, арты эки асый, анан бир асый чыккан, анан кийинкиси бышты, анан кийинкиси кунан, эң акыркысы кысыр эмди семиз тай, эки төөнүбаш кылып, жылкы төөсүменен тогуз, элүүкой сайган экен (төө баштаган бир тогуз).

Кош басмайылды кызыл атка бекем тартып, Анжияндын там басар кушбаш ээри, ээрдин эки канжыга көрпөчөнүалып бөктөрүп, текенин терисинен малмага салып ийлетип, анан чалбарды ышкын түпкө боёткон сары жаргак шымды кийип, кайыш ычкырын бекем байлап, кокустан казактын балбаны ычкырды чечип албасын деп, кайра ычкырды көрсөтпөй, шымдын ичине бекитип койдум. Анан кушчу-саруунун мыктыларынан:

– О, Манас атамдын арбагы колдосун, оомийин!.. – деп батасын алып, кызыл аттын куйругун чарт түйүп, сары сай кылып суутуп минип жүргөн, өзүмдүн жаныма өлчөп минген кызыл ат деген атым бар эле (буурул ат го).

Буурул атты булкунтуп, эри өлгөн катындай жулкунтуп, казактын балбанына бастырып бардым. Ал дагы:

– Оомийин!.. – деп казак элинен батасын алып, мени карай бастырып келди. Кыскасы, экөөбүз кайчылашып, кармаша турган болуп калдык. Казактын балбаны куулук кылып, ала качып колун бербей турду. Бирок Шеркул, кызыл атты өзүм маш кылып койдум эле. Качан билектен алып, кармашкан кезде, аттын капталын сол бутум менен бир-эки теминип койгондо ийиктей имерилип кетчү. Кызыл аттын дагы бир өнөрүн айта кетейин, Шеркул, сол кол менен тизгиниңди бир-эки жолу кагып койгондо, эңишке түшкөн наркы балбанды тумшугу менен коюп-коюп жиберчү. Ушундай кызыл атым чоң көмөк берчү.

Адетимче тизгинимди бир-эки жолу кагып койдум. Ошондо тиги балбандын сол колу мага тийип калды. Кызыл ат тумшугу менен казактын балбанын капталга үч-төрт коюп жиберди. Ой, анын күчүда шумдук экен. Оң колу менен чап эле кызыл атты мурдунан кармады. Күчүн ушундан билиңиз – кызыл ат муунуп, жыгыла кете жаздап, оозунан дем ала түштү.

– Аттын тумшугун кармаба, коё бер, андай заң жок!.. – деп кыргыздын мыктылары чуулдады.

Ошондо аттын тумшугун коё берди эле, атка күч пайда боло түштү. Анан шадылуу кол менен билегин бир кармаганда коё бербей, экөөбүздүн атыбыз бир бет болуп, текирең-таскак менен жөнөдү.

Казактын чегине жакын барган кезде, көчүгүн ээрден кылтыйтып бошотуп, атынан ажыратып, «эми катуу жыгылбасын» дегенсип, жети-сегиз кадам жерге чуркатып барып, коё берип, итерип жибердим.

Ошондо казактын балбаны бир колу менен жер таянып барып, кайра турду. өзүмдүн кыргызымды көздөй бара жатканда казактын балбаны мага айткан сөзү:

– Баягы Олуяатанын тегереги, жогору жагы Луговой, Мерке болсун, бул батыш казактан мага эч пар келген балбан жок эле.

Баракелде! Күчүң толук жигит экенсиң! Күчүңө шек жок экен гой! – деп мага баа берип, айткан сөзүн угуп калдым.

Мына Шеркул, кыскасы элүүжашка чыкканча эңишке түшүп жүргөндөгүакыркы өнөрүм ушул. Казактын балбанын жыктым. Элүүдөн ашып күч кайткандан кийин, ушул абийирим менен калайын деп, эңишке түшпөй калдым, – деп койду.

Ошол кезде, Шеркулдун бозо салган жаман тамында чоң тумшук Кыдыраалы замандашы да ат үстүнө өтө бекем киши.

– Атаңдын көрү, Султанкул, – деп бийик чыккан коңур үнүменен менин күчүм да сендей бар эле. Ошол сиз эңишке түшүп жүргөн кездерде сиз менен билек салышып, бир эңишпей калганыма армандамын – деп карс-карс күлүп, элди да күлдүрүп койду.

Төшөк-талпак, таар-паарларды салып койгон, жыйырма-отуз замандашы, жолдошу Кыдыраалынын сөзүн улап, Жуманаалы көкбөрүчүкурдашы Кыдыраалыны карап:

– Бул Кыдыраалы, сен Султанкул менен бир билек салышып эңишпей калдым деп арманда болгон экенсиң. Ал илгерки аттар болбосо да, азыр ошого тете көкбөрүгө чабылып жүргөн мыкты аттар бар, жакшы аттан эки атты токуп келели, азыр экөөң да алтымыштан ашканда беттешип көрбөй­сүңөрбү, – деп айтып калды.

Анда Жуманаалыга жооп берип Кыдыраалы:

– Эми күч тайыганда, алтымыш жашты басып койгондо, ала сакал болган кезибизде, саксаңдашып эңишкен бизге жарашабы, жарашпайт да.

Шеркулдун жакын тууганы Тайсарынын уулу Байсал иниси көчүгүнө сокуну коюп, чоң кол кашык менен сар каймактанган бозону улам сапырып коюп (Байсал сары чийкил, жашы кыркка келип калган, ал да чала-була комуз чертчү. Агасы Шеркулдан анча-мынча эки-үч күүүйрөнгөн) улам бошогон эки аякка бозосун куюп:

– Кимден кимиңер ичесиңер, – деп кезеги менен узатып сунуп, жөнөтүп жатат.

Кайсы бирөө карт кекирип коюп:

– Мен азырынча тойдум, бозом ылдыйлаганда ичем, тиги Кенжекара аксакалга сун. Тиги Жайлообай, Ашыраалыга сун! – деп улам бозого бабулдашып кызыган эмелер ар кимиси ар кайсы тамаша сөздөрдөн айтып олтурушту.

Шекербек бозого тоюп алып, ошолордун сөзүн угуп, атасынын бозо салган тамынын эшик жак бурчунда, очоктун жанында олтурчу. От жага турган жеринде чоң тулга турат. Ал эми ошол кезде ылайдан кемеге кылып, очок жасаганды да билбептир. Мору да жок, түтүн чыксын деп, ошол очоктун тушун, бая чырканак менен жапкан тамын оюп, ачып койгон. Ошол тамдын ичине эрмен, куурай, эгиндин бакалын жагат. Ушинтип Шеркул ушул сыяктуу күн өткөргөн.

Шеркулдун чырканак менен жабылган тамынын төбөсүнө тура калгандын башы тиет. Эрмендин ачуу түтүнүкөздөн жаш чыгарып, тамдын ичинен уюлгуп, мору жок бурчтан чыгып жатканын көрөсүң.

Ал эми түтүн чыгып болгондон кийин, тамды өйдө караса, тамдын ички бетиндеги чырканакта бүт жөргөмүштүн желеси уяланып калган. Анын аркасынан саал чычкан жөргөлөп кетсе, топурак-сопурак ичип жаткан аяктагы бозого түшүп, чала-була чөп-чар менен кыл-кыбырын алып таштап, уй тынообун салып (демин ичине албай) шыңгытып жатканын байкайсың.

Ошол тамга тарткан устундун учу короюп тамдын аркасынан бир метрдей чыгып, устунга кудайдын куттуу күнүбир кызыл айгыр ээр токуму менен керели кечке байланып турат. Ал кызыл айгырдын ээси – Даниярдын уулу Солтонкул.

Бул Солтонкул бир жак чекесинде саал тырыгы бар, орточо сыйда сары сакал, тиши майда кой тиш, сапсары киши. өзүабдан какшыкчыл. Бир сөздүбошко жибербеген сөзмөр.

Чебер сөздөн элди кызыктырып сүйлөп олтурганда:

– Соке, дагы баланча сөздөн кеп салып олтуруңуз, – деп өзүнөн кичүүзамандаштары айтышчу.

Анда Солтонкул элди карап:

– Кепкор ашка тойбойт, ушундай сүйлөп бирдемени айтып сүйлөшүп олтуруп ичпесек, ичкен бозобуз аш болбойт да, – деп койчу. Жуманаалы, Кыдыраалы Солтонкулду карап:

– Бу Солтонкул, сен кудайдын куттуу күнүШеркулдун бозосунда олтурасың. Кыштын күнүак кар, көк музда үйдө жылкыңды, малыңды ким багат? – деп суроо берип калчу.

Анда Солтонкул теңтуштарына жооп берип:

– И бул айтканыңар да чын, жөнүбар иш. Төрт эркегим бар.

Бирөө да бойго жете элек. Менин үйдө уй менен жылкыны бага турган Жыпар малайым бар. (Жыпар өзүкара каш, кара көз, суйкайган сулуу киши. Көрсө, Жыпар малайым бар деп аялын айтыптыр) ушунчалык малга берилгендиктенби, жылкыларына жем бере тургандарына жем берип, беде салганына беде салып, жөнөкөй чөп салгандарына чөп салып, малын Жыпар тейлеп, ошо киши багат. Жаңыдан он бешке чыккан улуу баласы Байысбекти белине таңуу кылып, мал бакканды үйрөтүп, машыктырып жүрөт.

Шекербекти он жашында медресеге берейин деп, айылында Бухар шаарында он беш жыл окуп келген, жеткен динчил сексен жаштагы Мадали калпадан Шекербек Алымкул ырчынын байбичеси Назим экөө окуп калды.

Назим байбиче бир класс ылдый эле. Балдарды жарыштырып коё берчү. Артта калган чобур жылкы сыяктанып, кайсы жакшы окуган балдар китептен-китепке көчө берчү.

Жайдын күнүбалдар тарап кетет. Кыш түшкөнчө окубайт.

Шекербек колго түшкөн кулдай болуп, жайлай Мадали калпанын отунун алып, отун жагып, кумганга суусун жылытып, а киши эшикке даарат ушатканы чыкканда кепичин алдына коё коюп, жайы-кышы ошо кишинин үйүндө жүрөт. Жайында деле сабак окута берет.

– Молдо Шекербегим зээндүү, көкүрөктүү... – деп аны ушунчалык жакшы көрчү.

Ал убакта окуп жүргөн замандаштары Кенжаалы, Тагайкул, өзүбек, Турушбектер бар. Бегаалынын уулу Турушбек кыз оюнду жакшы көрчү, (кыз бергенде кыз оюн деп койчу) жигиттер бир бөлөк, боз улан жигиттерди ыкчыл жигит, кыздарды шыпылдаган эптекей кыйын келиндер башкарчу.

Анан бир жактан бир жигитти коштоп ырдап барат. Жигиттер менен келин-кыздардын аралыгы эки жүз кадамдан алысыраак.

Шекербек Чоюбекти коштоп алып ырдап барса, ал жерден эптекей келин анын жолдошу Чоюбекти:

– Чоюлбай бир сулуу кызыңды алып чык! – деди.

Бойго жеткен бир байдын кызын жетелеп чыгат.

Коктудан согот шамал-жел,

Оо, кыйнабай секет өзүң кел.

Кара каш сулуу тандалма,

Кош этек көйнөк бураң бел.

Адырдан согот шамал-жел,

Ар кылбай секет өзүң кел.

Айдай жүзүжаркыган,

Адилес көйнөк бураң бел.

Мына ушул сыяктуу ырлар менен ырдап барчу. Буруксуган тамагынан күн көрүнгөн сулуу кызды эпчил башкарып турган келин жетелеп чыгат. Кыз ырдабайт.

– Мына, айланайын ырчы бала, мына жолдошуңузга баланча байдын кызын алып чыктым, – деп ортого бир кыргыз чапанды жайып коёт, ошол чапан чек, келин менен кыз чапандын ары жагына жакын келип, ырдап барган жигит жолдошу менен чапандын бер жак четинде теке-маңдай турат.

Кыз оюн болсо, кызды эне-ата малча кайтарат (он беш жашка чыкса чыгарчу эмес).

үйгө келип жүргөндө:

– Сабагың кандай, молдо Шекербек, кандай окуп калдың? – деп атасы сурап калат.

– Бүгүн «Чаар китептин» баланча аятынан же болбосо «Сопол дуяр» китептин түкүнчө аятынан окуп келдим – деп, анын мугалиминин сабагын атасына шатыратып окуп берчү.

Атасы аз эле окуган экен.

– Мен «Аптиек» китептен калдым, – дечүэле атасы.

Атасы да Мадали молдодон окуптур.

Шекербек он үч жашка чыкканда Мадали карылыгы жеткенден кийин, бир айча төшөктө жатып, сексен бир, сексен эки жашта күзүндө каза болду (Мадали калпа чокчо сакал, мурду чуңкур көз, кара тору, бойлуу, мүчөлүү. Жаңылча байбичеси жетимишке келип калган). Окуусу токтолду. «Бедил» китепти бүтүп кала берди.

Апасы Дүрбүымкый ак эмес, ылгый кара эмес, мен кара торунун сулуусумун деген аялдын бири, колу жөндөм, саймачы, термечи, ормок менен терип сокчу. Ала кийиз, шырдактардын оюу-чийүүкыялдарын шайкеш кылып жасоочу.

Мүнөзүжоош анчалык жанып сүйлөбөгөн, оор басырыктуу.

Ал убактагы аялдар алган эрин ушунчалык ызаат кылып, урматтап, кадыр-баркын кыйын сыйлоочу. Атасына өмүрүжаман айтканын укпады. Атасы Шеркул болсо, 1929-жылы күзүндө (эгин бышып калган кезде) жетимиш алты жашында өлдү.

Апасы ДүрбүШекербек артисттикке келгенден кийин, 1939-жылы кызы Алыймандын колунан каза тапты.

Атасынын замандаштары атасынын чоң комузчулугунанбы же чебер черткениненби, кайсы жерге барбасын комуз чертип кумардан чыктык деп, Шеркул чоң комузчу деп, комузчулугун көп кеп кылышып, даңазалап айтып калышчу.

Шеркулдун иниси, Эркесарынын ортоңку уулу Керимкул Алешка оруска жыйырма жыл малай жүрүп, учук оорусу менен ооруп калат. Он жетинчи, он сегизинчи жылдары күн жаабай, такырчылык жыл болуп, эки жыл жерге чөп, эгин чыкпай, койлор буту менен чапкылап чөптүказып чөптүн тамырын жеген күндөр болгон.

Ошондо бай орустун машине тегирмени, жөнөкөй тегирмени бар. Эки жыл алаамат болуп, казак эли да малынан ажырап, асылуу казан-тулга ошол бойдон, тигилүүүй тигилген бойдон калып, тыягы Балкаштан берки казактар бүт бойдон солто элин каптап (1917–1918-жылдары), Таластан нары Кетментөбөгө чейин жетти.

Ошондо агасы Керимкул айылдан Шекербекти чакыртып алды.

– Элди болсо ачарчылык каптады. Мен болсом кырсыкка учурап, минтип учук оору менен ооруп калдым. Ошол бай орустун тегирменинен чыгып кетпейлик. Бул орустун тегирменинен чыгып кетсек ачарчылыкка учурап калабыз.

Ушу тегирменден уучтап, кулактап Шеркул агайыма жана Дүрбүжеңеме орустан жашырып ун берип туралык, айылда минтип оокат кылбасак болбойт. Молдо Шекербек, менин ордума тегирмен тарт. Мына он төрткө жашың келип калды, айланайын. Мен оору болсом да жардам берип, таяныч болуп турам.

Керимкулга жардам берип, керели кечке чейин тегирмен тартат. Бир салганда эки кап буудай бата турган тегирмендин чанагы да чоң. Анда эки пуд жүктүкөтөрө албайт. Тегирмендин бир пуддук темир челеги бар. Ошону менен улам тегирмендин чанагын толтуруп коёт. Кечке маал эле эки далысы тызылдап ачышып кетет. Көрсө, күчкө толо элек кези экен. Кийин байкаса, кожоюну Алешка Керимкулдун жыйырма жыл малай болгондуктанбы, же ала жибин аттабай, адал кызмат кылганынанбы, Керимкулду ушунчалык жакшы көрүп:

– Керимкул, Шекербек иниңди чакыртып алганың жакшы болбодубу. Сен болсоң минтип ооруп калдың. Мына, Шекербек сага жардам берет. Кыргыз-казактын көбүачкадан минтип өлүп жатат.

Керимкулдун тегирмендин жанына тигилген төрт канат кара алачыгы бар. Алешка кожоюну боз үйгө кирип келет, өзүда орустун дөөсү. Эңкейип жатып туурасынан кирет. Жеңесинин аты – Шаршен (өзүнүн куулек элден Султанаалы кызы). Кийин байкаса, ошонун калыңын орус Алешка берип, алып бериптир. Ал убакта ачарчылык, эл эгинге тартыш кези. Колунан келип турган бай орус Султанаалы атасына буудай, ун берди. Акчий кыштагына большевик келди. Большевик кыргызга тийбеди. Бир-эки ай мурун элчи болуп:

– Биз большевикбиз, силер да большевикке карап бергиле, – деп татары бар, орусу бар, большевиктен алты киши келди.

Шекербек бир жыл тегирмен тартып, он үчтөн он төрткө чыгып калган кези. Керимкул агасынын колунда турат. Андан эки жыл Шертай жумушчу болуп Казань шаарына кеткен жылы, бир-эки ай ооруп жатып, 1916-жылы кыш түшө элек, күндүн жылуу кезинде Керимкул агасы өлдү.

Шекербек тогуз жашка чыкканда атасы:

– Жыйырма жылдай бозо саттым, эми өлбөгөндөй оокаттанып калдым, – деп бир кой союп, ага-туугандарын чакырып, бата алып, бозосун койду.

Атасы бир ат сатып алып, аттуу болду. өзүнүн жердеш тууганы Базыраалыдан кырк беш сомго кунажын сатып алды. Анан бир айдан, эки айдан кийинби, эки инисинин акысын алса керек, Таластын базарынан кырк сомго маңда­йында алакан отундай кашкасы бар, кара кашка тор-байтал сатып келди. Кыскасы сатып алган күрөң кунажындан бирден тууп олтуруп, он жылдын ичинде үч саан уй, эки өгүз чыкты. Бир кара башыл ак өгүз, экинчиси күрөң өгүз, энесине окшош үч музоолуу уйлуу, эки өгүздүүболуп, торпок танасы менен он бир, он экиден ашты. Кедей кезинде мал сойбогон Шеркулдун бычагы курч болду.

– Бука болсо семирбейт, – деп тай торпокторду жазында эле марттын аяк ченинде биттетип койчу. Торпокту ноябрь айында бир ай жакшылап багып семиртип, кунан торпок болгондо союп алып:

– Атаңдын оозуга урайын, бир кезде эт жебей, тишибизге тиш тийип жүргөн күндөр да болгон, – деп коёр эле.

Жаш кунан торпоктун эти өрүктөй жумшак, сүрсүгөндө уйдун эти күчүнө келип, кушкер жегиликтүүболуп калчу.

 – Кара  кашка  байталды Жунушаалынын жылкысына, айгырына  кошом  деп, Жунушаалынын жылкысына кошуп койду.

1910-жылдан баштап, мал куралып олтуруп, атасы орто чарбага жетти. Баягы кара кашка байтал кунан байталында айгырдан токтоп, быштысында ургаачы кара кашка кулун тууду.

Ошол ургаачы кара кашка кулун эки<

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

10-05-2011
Падыша-Ата күмбөзүнүн баяны
101799

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×