Добавить статью
13:13, 5 апреля 2011 146181

Жомокчу

Сагыналы макебай уулу Сагыналы 1898-жылы азыркы Аламүдүн районундагы Кашкасуу айылында туулган.

Атасы Макебай орто бойлуу, сүйлөбөгөн, боло турган сөздүсүйлөөчү. Ошо кишиге калыска келээр эле эл.

А киши а бу деп болгонун айтчу. 72 жашында өттү. Эки бир тууган болчу. Атадан он алты жашта калды. Сыдыгалы агасы он сегиз жаш улуу эле. Ошо кишинин тарбиясында чоңойду. Апасы Кына өңдүү, сарамжалдуу, аялча да, эркекче да жүргөн, тилдүү, ооздуу, тың, агасы менен Сыдыгалыны бөлбөй, чогуу кармап, мындай-андай жүргүлө деп, акылын айтып, жаман-жакшыны көрсөтүп, ошо кишинин тили менен кеңештеш, оокаттуу жакшы болду. Жек жаат, уруктары белдүү, эстүү, акылдуу, туугандары мыкты, күчтүүкишилер эле. Ошолордун аркасы менен жаман жүргөнүжок, алдыңкы, жакшы кишилерге кошулуп кетти.

Атасы бар кезекте арабча азыраак, латынча окуп, ошону менен жазып жүрдү. Жаш кезинде жылкы, кой кайтарып, мал бакчу. Жылкы кайтарган кездеринде күн суук, боз үй, там жок. Тезек чанда-чанда кишилерде болбосо, күнүгө отун алып келип жагуучу. Боз үйдө жууркандын жакасы муз болуп, ошонун ичинде үшүсө да, үшүбөсө да эртең менен туруп ойноочу. өңчөй майда балдарды экөөн, үчөөн бир жуурканга жаткырат. Таң атканда турушуп, эшикке чыгып, кайта муз жуурканга жатышат. Анда чайды билчүэмес. Таруу көжөнүачытып, челекке куюп койчу. Ар биринде ээлеп алган кара чөйчөк, көжөнүичип тойгондон кийин, актаган тарууну чөнтөккө салат. Баштыкка салган чүкөнүалып, музга ай талаага барып, кечке чүкө ойноп, кайра келет, эт салат, сорпонун майына талкан көөлөп жеп жатышат. Жууркандын сыртынан тон жамынып, боз үйдүн ичинде жатчу. Балалыктын доорун ошону менен өткөздү.

Андан кийин молдого берди. Кырк, отуз бала боз үйгө окуйт. Бутта шири менен тамандап койгон чокою бар. Чөк түшүп олтурушат, чөп салып коёт. Кийиз жок, муздак үй, от жагылбайт, ошондо кечке окуйт. Кыйшаңдаган балдарды молдо колундагы чоң чыбыгы менен тартып жиберчү. Абдан чатак кылган бейбаш балдарды бир балага көтөртүп:

– Бейадеп! – деп, доңкулдатып жонго сабатчу.

Молдодон абдан коркчу. Молдо анча катуу сабачу эмес, опуза кылат экен, кийин байкаса. Көрсө атасы:

– Баламды тартиптүү, адептүү, уяттуу тарбиялап, молдо кыл. Баламдын эти сеники, сөөгүменики. Айтор, тартипке жакшы келтирип берсең болду, – дечүэкен.

Бала «Алиппеге» түшүп, адеп окуганда, ага эне-атасы:

– Балам «Алиппеге» түштү– деп, эт бышырып, колунда жогу нан-пан бышырып барып, молдого тартуу кылчу. Молдо салык салбайт. Улам бала бир сүрөөдөн бир сүрөөгө түшкөндө тартиптүүкылып тарбияла – деп алып келип берет.

Жакшы молдолорго кыштын күнүбалдардын эне-атасы сүйлөшүшүп, согум алып берүүчү. Ошону менен «Алиппени», «Аптиекти», Куранды окуп, «Сополдияр» сабат китеп болот, жарымдап окуп, майда тарап кетчү.

Кийинки жылы казак молдону бир бай көчүрүп келип, ошого бир жыл маалы окуду. Бала бүткөн «Сополдиярды», «Чаар китепти», Навоини окуду.

Он бешинчи жыл болду. Тарады. Он алтынчы жылы жыл маалы күн тамбай, сепкен эгин сепкен боюнча калып, эгин чыкпай калды. Он жетинчи жылга айланганда эл ачкадан өлө баштады.

Кытайга үрккөн элдин баары кайта келиптир. Ыңкылап чыгып калды. Пишпекке байларды чакырып, багасың деп, Кытайдан тентип келгендерден эки түтүндөн, андан төмөнкүорто чарбага бир түтүндөн берди. Койдун сүтүменен ошол элди багып чыкты.

Ошо жылы кодура айдагандай сонун болуп чыкты. Эл ун-талкан жеп оңолду.

Он жетинчи жылдын аягы кыш катуу түшүп, кар калың жаап, тамак таба албай тоодогу кекиликтин баары кырылган. Эликтер тоңуп өлүп калыптыр деп, мергенчилер кеп салышчу.

Жыйырманчы жылы эл шериктиги уюшулду. Батырак чыкты. Байлардын жерин күч-унаасы, сокосу менен жер айдагын деп, кедейге алып берди. Кедейлер жерге ээ болуп, күч-унаага байлардын атын кармап алып, минчүболду.

1922-жылы Олуя-Атада казак-кыргыз биринчи крайлык съезд ачылды.

Съезддин чечими менен байлар зордук кылып кедейдин малын тартып алса, кайтарып ээсине берилсин, кедей кээде төлөй албаса, үй-бүлөсүменен толуктап алуучу байлардын туумасы берилбесин деген чечим болду.

Съездден кийин кедей күчүнө кирди. Аялдар шайлоо укугуна ээ болду. Аялдарды сүйгөнүнө бербей, малды көп берсе чал болсо да, кыз барбайм деп ыйласа да болбой, зордук кылып берчү. Эки аял албасын деп токтомго чийилип, ар ким сүйгөнүнө барсын, малга сатылбасын деп, укук берилди.

Бай-манап менен кедей теңелди. Антип-минтип жигит болду.

үйлөнүп, ат жалын тартып мингенден кийин, жаман жүргөнүжок. «Кандай жүрсөм аксакалдар жаман көрбөйт, кыйшык жүрүп коюп жүрбөйүн» – деп, өзүн өзүтекшерип турар эле.

Жол башчы жакшы кишилердин таасири тиет турбайбы. Агасы Сыдыгалы арабча жетик окуган киши эле. Ал киши:

– Чын сөз кылчы, тазалык жашоонун булагы. Чын сөздүканчалык бурмалап калп кыла албайсың, чындык жеңет. Бирөөгө жамандык кылба, жакшы жүр – деп, насыйкат айтчу.

Ал киши күчтүүда киши эле. Бир центнер буудайды каптын кулагынан кармап, өгүзгө коё койчу.

– Адалдын берекеси болот, арамдын берекеси болбойт, – дечү.

Алдыңкы кишилердин жүрүшүн үйрөнөм деп, ошо жакка ооп кетти. Ал ат жалын тартып мингенде, ыңкылап чыкты. Майда кызматта, көбүнчө Чоңарыкта колхоздо ферма болуп жүрдү.

Абдыкеримдин атасы Сыдык жетимиштен ашып, картайып калган кезеги. Кызыл сары киши болтойгон, анча семиз эмес. А киши абдан чечен. Сыдык сүйлөгөндө «Манасыңдын» кереги жок болчу. Ошо киши бир жакка бастырса, айылы алардын жогору жагында Кашкасууда эле.

– Оо, бала жүр, баланча жакка барып келели – деп, ага келип калчу.

Жаш кезекте ошо киши менен жүрүп, көп жаман-жакшыларды көрдү.

– Ай, балам, жакшы жүр. Кишиге кыянатчылык кылба. Таза жүрсөң өз башың өзүңө жетет. Тазалык жакшы болот, – деп айтуучу Сыдык:

Андан кийин ошондой кишилерди көп көрдү. Жигит кезинде орундуу сөз сүйлөгөн кишилерге кошулуп, орунсуз сүйлөгөн кишилерден качып турду. Атай, Муса менен аябай дос эле.

Балбан Кожомкул менен сырдаш, Осмонкул ырчы менен теңтуш, ушундай адамдар менен жүрдү.

Элдик уламыштарды, жомокторду, санжыраларды мыкты билчү.

Ал 1988-жылы жаз айында жол кырсыгынан капылет каза тапты.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

05-04-2011
Жомоктор топтому
109339

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×