Добавить статью
13:20, 5 апреля 2011 36750

Комузчу

Автор: АСЫЛБЕК

Асылбек Комузчу Асылбек шыңга бойлуу, анча толук эмес, эрди жука, бети-башы да жукараак келген, са­ры, өзүтамашакөй, ачык сөздүү, колу да ачык, шайыр киши эле. Ал кишинин черткен ыкмасы, чебердиги өзүнчө бир башкача. Колдорунун учу шиштей ичке, күүнүтак басып, өтө ылдам чертчү.

Күндөрдүн биринде акын Токтогулдун уулу Бабажандын үйүнүн дарбазасынан Асылбек комузчуну кездештирдим. Көңүлүкөтөрүңкү. Колунда Бабажан жасаган ичи чоң өрүк комуз. Көрүшүп, эсенчилик сураштык.

– Бабажан бар бекен?

– Бар. Бабажандын үйүнө кайрылып, олжолуу болуп баратам, – деп жадырап күлүп, комузун көрсөттү.

– Мен дагы Бабажанга кирип чыгайынчы, – дедим Асылбек аке менен кош айтышып.

Радиостудия мен турган үйгө өтө жакын эле. Бир күнүтүшкө маал шаңшыган комуз үнүчыгат. Кайсы комузчу деп айнектен көз чаптырсам, Асылбек аке күүлөрүн жаздырып жатыптыр. Бир аз тыңшап, угуп олтурдум. Черткени баягы ичи чоң өрүк комуз, үнүкоңур эмес, бир аз чыңкылдап чыккансыйт.

Аңгыча түшкүтамак маалы болду окшойт, үн режиссер:

– Аксакал, бүгүн эс алыңыз, калганын эртең улайбыз, – деди. Асылбек комузун алып, сыртка чыгып келди.

– Атсалоома алейкум, Асылбек аке! Күүлөрүңүздүырас жаздырып жаткан экенсиз, – деп салам бердим.

– Жазып алалык деп чакырышыптыр.

– Жүрүңүз эми, мындай олтуралык, – деп диванга келип жайланышып көчүк баскандан кийин:

– Асылбек аке, байкашымча комузуңуздун үнүбөлөкчө чыгып жатабы? – деп сурап калдым.

– Бүгүн күүберип, чертип жатканымда ортоңку кылы үзүлүп кетти, желим кыл тагып койдум эле.

– И-и, ошондой дейм да!

– Оңойлугуна карап, желим кылга ооп кетишти. Желим койдун кылындай так сүйлөбөйт.

– Ырас, ырас!.. Эми Асылбек аке, убактыңыз болсо, сиз менен бир маектешип алсак.

– Сүйлө, кулак сенде.

– Комузчулукту кимден үйрөндүңүз?

– Калык 1933-жылы филармонияга келген экен. Калыкка шакирт болуп кирип, Токтогулдун «Тогуз кайрык», «Чоң кербезин» ж. б. залкар күүлөрдөн бир топту үйрөндүм. Күүнүн ыкмасын Муратаалы, Карамолдо, Ыбырайдан алып калдым. Муратаалы карыя өз «Шыңгырамасын» черттирип көрүп: «Айланайын, мени коюп, сен эле чертип жүрө турган жөнүң бар экен», – деп айткан эле.

– Кайсы дастандарды билесиз?

– Калыктын айтуусу боюнча дастандардан «Кедейкан», «Жаныш-Байыш», «Ак Мөөр», «Карагул ботомду» айтам.

– Атаңыз Эшмамбет атактуу ордочу, кайраттуу киши болгон деп кеп кылышат экен карыялар?!

– Анысы ырас. Биз таякелерибизди тартканбызбы, узун бойлуу, ичке колдуу назик жан болуп жаралдык.

– Эми айрым черткен күүлөрүңүздүн тарыхынан сөз салып берсеңиз?

– Макул.

– «Каныкейдин арманын» айтсаңыз.

– «Каныкейдин арманы» эл күүсү. Бул күүдө Манас өлгөндөн кийин Семетей баатыр беш-алты айлыгында калат экен. Кыскасы Абыке, Көбөштүн экөөнүн бирөө Каныкейди алам деп зордуктаган турбайбы. Каныкей Көбөшкө тийбеймин, айкөлдүн төшөгүн бастырбайм, – деп Кеңкол атадан, Манастын күмбөзүнүн жанынан Семетейди көтөрүп, Абыке, Көбөш, Алыбай, Көлбай, Кочкор, Чыйбыл – алты арамга бул жерден кор болуп каласың, мени менен жүр энеке деп кайненеси Чыйырдыны ээрчитип, төркүнүБухар шаарын көздөй жол тартып жөнөгөн жери.

Ошондо кайран энең Каныкей,

Семетейди көтөрүп кайненеси

Чыйырдыны карса-карса жөтөлтүп,

Кеңколдун боюн жээктеп,

Көкжалдан калган жалгызды –

Семетейди тээктеп.

Ылдыйкы

Жоргонун белин аша албай.

Эчкилинин Каратоо

Жакындап ага барды эми,

Кайрылып карап Каныкей

Кеңколго көзүн салды эми.

Наркы

Күйүктүн белин аша албай,

Күймөлүп ыйлап баса албай,

Нары Чакмактын белин аша албай,

Чарчап ыйлап баса албай.

Ошо Чакмактын белине барганда болоор-болбос оокаты түгөнүп, Чыйырды менен Каныкейдин ээрди кеберсип, тили оозуна батпай:

– Айланайын энеке, ушул жерге эс алып алалык, – деп кайненесине айтып, караган-бутага көлөкөлөшүп, үшкүрүп олтурушат.

Каныкей менен Чыйырдынын кеткенин Бакай карыя билип, бир атты өзүминип, бир жакшы атты коштоп, кырмачы кырган жаңгак кара чөйчөктүкойнуна катып, эки чанач кымызды артып, бир семиз койду союп, этин таза бышырып салып, калганын нан менен толтуруп, куржундун эки көзүн түймөлөп бекитип, жиптин оозун илмек байлап, өзүсалынып, Бакай карыя артынан кууп, Чакмактын белине жетет. Ошол жерден тамакка тойгузуп, баягы чөйчөгүн берип, үчөө кымыздан тойгончо ичет.

Чыйырды, Каныкей, Бакай карыя баягы эки чаначты бууп туруп, чоң атка арта салып, анын үстүнө куржунду бастырып, көрпөчөсүн чоң аттын соорусуна төрт бүктөп төшөп, жаш эмессиңби сен тизгиниңди бекем кармап жүргүн деп, ээрге Каныкейди мингизип, калың көрпөчөнүн үстүнө, аркасына Чы­йырдыны учкаштырып, алты айлык бала Семетейди болсо:

– Мен алдыма алып алам, – деп Чыйырды оң колу менен Семетейди алдына өңөрүп, сол колу менен ээрдин каптаргасын кармап, Манас жаңы өлгөндөй Бакай сакалынан ылдый жаш кетип өңгүрөп ыйлап: «Атаганат айкөлүм болсо, ушуну көрмөк белек», – деп Чыйырды байбиче, Каныкей шолоктоп жашын төгүп, үчөө ыйлашып, кайра ыйын токтотуп коштошот. Бакай карыя Кеңколду көздөй кайра тартат. Чыйырды менен Каныкей ошол оокатты үнөмдөп, Бухар шаарына барышат.

– «Кетбука күүсүчү?

– «Кет Бука» эл күүсү. Бир заманда Айкан деген хан болгон экен. Хандын баласы ууга чыгып барганда, жолборс алып өлтүрөт.

Ханга баласынын өлгөнүн ким угузат деп, жигиттер ары ойлонуп, бери ойлонуп акыры Бука деген комузчуну чакыртып, Айкан ханга күүменен угузууну туура табышат.

Бука комузчу маңдайына келип чертип турганда Айкан хан айткан экен:

Кет, кет, кет Бука,

Кейпи жаман ит Бука.

Бу күүңдүким уксун,

Боору калың жер уксун.

Кет, кет Бука, кет Бука,

Кейпи жаман ит Бука.

Бир караңгы түн уксун,

Жаркыраган ай уксун...

– Кармагыла Кет Буканы бакма жолборсторума салып өлтүрөмүн, – дептир.

Ошондо желдеттери Буканы кармап, темир тордогу жолборсторго эшигин ачып киргизишет. Уктап жаткан жолборс ойгонуп чочуп кетип, асманды карай секирип, кайта ордуна түшүп, жолборстун бели сынып өлөт. Ушинтип Кет Бука комузчу өлбөй калат.

Комузчу Асылбек Эшмамбетов 1913-жылы күз айларында Аларча суусунун боюнда Накай айылында туулган. Атасы Чүй бооруна атагы чыккан чоң ордочу, оюн-зоокту жакшы көргөн, домбура черткен, шайыр, ак пейил, эл ичинде кадырлуу киши болгон. Эки жаат болуп ордо ойношкондо, алдырган тараптын томпою чүкөгө да тийбей, Эшмамбет жалгыз өзүортого түшүп, бүт чертип чыгуучу. Ал саяпкер да болгон. Эшмамбеттин атын чыгарабыз деп эл сүрөп, атын чыгарып, ордо атканда кыйкырып олтуруп, күчөтүп жиберүүчүдеп, кеп кылышат.

Атасы 1918-жылы 32 жашында эрте жазда дүйнөдөн кайт­кан. Касымбек – алтыда, Асылбек – үчтө, Адыл – бир жашта, үч бала жетим калышты. Кетмен чаап, таш оодарганга күчүжетпейт. үркүндөн эл жаңыдан келе баштап, ачарчылыкта элди түтүнмө-түтүн келте каптаган.

– Көзүм өтсө балдарыма оокат болор, – деп Эшмамбет өлөөр жылы эки теше беде сээп, эки тиштүүбир соко, төрт чоң өгүз курайт. Айылдагылар ошол соко, өгүз менен өз эгинин айдап, алардыкын да эгип берет. Андан соң эл чөп чабуу, отун тартуу­га өгүздөрүн пайдаланат. Төрт өгүз, эки тиштүүсоко жетимдерди чоңойтту. Ошону кичинекей иниси менен Асылбек багып калды. Комсомолдун мүчөсүкатарында өрнөк көрсөтүп, малды коротпой туруп, Касымбек ортого салды. Совет бийлиги дем күч берди. Заман кедейдики, жетимдер окууга токтоосуз алынат дегенде тырышып окушту. Асылбек да жашынан домбураны колуна алып дыңгыратып, чертип берген адамдын артынан кууп жүрүп, уккан күүсүн илип алып, он беш- он алты жашында өнөрлүүболуп калды. Сырттан келген бирөө комузун Асылбекке черттирип, баамдаган соң:

– Балам, мен карып калдым, сен чертип жүрчү, өрүк комуз карагайдыкынан өйдө болот, – деп комузун берип кетет. Мектепти жакшы бүтүп, айылдык советтин катчысы болуп, комузчуларга жакындашат. Атайдан өрнөк алам деп Таласка барып, бир жай жүрөт. 1939-жылы филармонияга кирип, андан кийинки бүт өмүрүфилармония менен өттү. Ушинтип жетимдер жетилип, Касымбек жазуучу, Асылбек тырышып жүрүп комузчу болуп кетти. Эң кичүүбир тууганы Улуу Ата Мекендик согушта баатырдык менен каза тапты.

Ал командировкага чыкканда жөн эле концерт берип кайт­пай, эл ичиндеги комузчулардын, темир комузчулардын, кыяк­чылардын күүсүн илип алып келүүчү. Күүнүэлдин өзүнөн чогултуп, элге жайды. Атайдын «Кыз кербез», «Маш ботой», «Маш камбаркан», Карамолдонун «Сынган бугусун», «Терме камбарканын», Тыныбеков Актандын «Кыз ойготорун», Се­йил­кан уулу Мусанын «Таш жалак» ж.б. көп элдик күүлөрдүчертчү.

«Айдама ботой» сыяктуу өзүда бир катар күүлөрдүчыгарган.

Булак: Эл шайырлары. Адабий маек / Түз. Буудайбек Сабыр уулу Б., 2008

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

30-08-2021
Манастын, Кыргыз журтунун идеологиясы
38518

03-05-2021
Жусуп Мамайдын вариантынын өзгөчөлүгү (Манастын генеалогиясы, кыргыздын таралышы боюнча)
58967

11-04-2012
Белгилүү инсандар «Мезгил жана Алыкул» тасмасы тууралуу
66423

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×