Добавить статью
11:41, 6 апреля 2011 13103

Комузчу

Курбанаалы Күндөрдүн биринде республикалык радионун музыкалык редакциясында көркөм советтин мү­чөлөрүжалаң жазылган күү­лөрдүугуп жатышкан. Ал аңгыча эшиктен уруксат сурап, бир жаш жигит келип кирди. Олтургандар ага көңүл буруп карап калышты.

– Калботой уулу Курбанаалы комузчу эски күүлөрдүжакшы чертет. Атамды чакыртсам, күү­сүн алдырууга болоор бекен. Ошону билейин деп келдим эле, – деди жаш жигит.

– Келсин, жаздырсын. Угуп көрөбүз, – деди редакциянын башкы редактору Эгембердиев Жумакадыр.

– Окуйсузбу?

– Ооба окуймун.

– Кайда?

– Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайында.

– Ысмың ким болот?

– Аман.

Ушундан көп өтпөй эле комузчу Калботой улуу Курбанаалы Фрунзе шаарына келип, Аман экөөбүз Курбанаалы акени ээрчитип алып, Кыргыз ССР Министрлер Советинин радио-уктуруу жана телекөрсөтүүкомитетинин председателинин орунбасары Койчуманов Карыпбайга алып бардык.

Карыпбай аке өзүда комузга ышкыбоз болгондуктан, элдик кыякчы-комузчулардын күүлөрүнө айрыкча назар салып, кумарланып угаар эле.

– Келиңиздер!.. – деп, өтө мээримдүүлүк менен тосуп алып, башкы режиссер Каипов Балташты чакыртып, комузчунун кайдан келгендигин, эмне кесипчилик кыла тургандыгын, үй-бүлөсү, бала-чакасынан өйдө сурамжылап, акыры күүлөрүнөн кайрып коюусун өтүндү. Курбанаалы аке «Саринжи-Бөкөй», «Селкинчек», «Кет Бука», «Сары Барпы», «Толгомо», «Шактагы булбул», «Жайлоо чымчыгы», «Карагул ботом» аттуу күүлөрдүчертип, комузун жанына койду.

– Дагы чертип койсоңуз! Ырларынан билсеңиз ырдап да берсеңиз! – деди Карыпбай ага комузчунун күүлөрүн угууга кунтун коюп.

– Бул «Паризат» деген күү, – деди Курбанаалы ата комуздун кулагын толгоп. – Паризат Ардаймөнөк деген кыштактан чыккан сулуу кыз болгон экен.

Коргонуңдун үстүндө,

Кошуң жүрөт, Паризат.

Кошуп ырдап быякта,

Досуң жүрөт, Паризат.

Ой, Паризат Гүлгаакы,

Гүл кондурдуң чарбакка.

Кол узатып койсоңчу

Биздей шордуу бейбакка.

Кызыл көйнөк, Паризат,

Кызыктырбай кол узат.

Ачылышың Акмандын,

Гозосундай, Паризат.

Мас кылышың кең Чаңгет,

Бозосундай, Паризат.

Адырдын кызыл гүлүндөй,

Ачыласың, Паризат.

Күңгөйдүн кызыл гүлүндөй,

Кулпунасың, Паризат.

Шириндигиң Ташкендин,

Мейизиндей, Паризат.

Жумшактыгың Кокондун

Шайысындай, Паризат.

Чилги кара жүзүмдөй

Көз караңдан, Паризат.

Тал чыбыктай ийилген,

Бел кылыңдан, Паризат.

Паризат көөнүң бөлсөңчү,

Ой, Паризат, Паризат

Дар боюнда күйдүм дарт, –

деп ырдап жиберип, мындан соң үн кошпой, «Паризат» күүсүн кайрып берди.

– Ой, баракелде! – деди Карыпбай ага жетине албай.

– Эми «Ак Бегай» күүсүн чертейин. Лаглан, Папан, Кашка, Терек деген жерлер бар.

Көк белге чыгып карасаң,

Жайкалат Лаглан талаасы.

Көзүмө жакшы көрүнөт,

Ак Бегайдын калаасы.

Тал-талдан кара чачыңды,

Тараганың күйгүзөт,

Эшикке чыгып элөөрүп,

Караганың күйгүзөт.

Ай тийген тоодой кылайып,

Алкымың аппак булайып.

Артыкча мени күйгүздүң,

Азимдеп сүйлөп муңайып.

Айлыңдын башы Аркарбел,

Аркырап согот шамал жел.

Айлыңдан издеп таппадым,

өзүңдөй сонун бураң бел.

Кагаз, калемин алып күүлөрүн жазып олтурган Балташ сөзгө аралашып:

– Эртең күүлөрүңүздүжаздырганда тарыхын кошо айта кетүүнүунутпаңыз. Күүэмне себептен, качан чыккандыгы көпчүлүк элди өтө кызыктырат, – деди.

– Жарайт, укем.

Акыркы черте турганым – «Тайчи».

«Тайчиден-тайчи Бекарстан-Тайчи,

Чынсаргыл минген чын арстан, Тайчи,

Жогортон келген жоон аттуу, Тайчи,

Төмөнтөн келген төрт аттуу, Тайчи,

Калмак да болсо миң журттун башы.

Мончок тер сүртүп, күлмүңдөгөн нурлуу көздөрүменен олтургандарды бир сыйра карап коюп:

– Азыр эми «Татти» деген күүнүчертип берейин, – деди.

Таттиден-татти ак тумак, Татти,

Суусаган жерге суу берчи, Татти.

Чаңкаган жерге чай берчи, Татти,

Таттиден-татти, тамагым, катты.

– Сиз комуздан башка музыкалык аспаптарда ойной аласызбы? – деп сурап калды Карыпбай ага.

– Кыяк да тартам, темир комуз да кагам. Бирок кыяк, темир комузумду ала келген эмес элем...

Ушинтип Курбанаалы аке менен өз ара пикир алышып, нечен сонун күүлөрдүчерттирип уктук.

Калботой уулу Курбанаалы 1913-жылы Ноокен районундагы Авык кыштагында кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган.

Атасы Мамбет уулу Калбото карапайым, жоош киши болгон. Ал комуз же башка нерсе билүүчүэмес эле. Чоң атасы Мамбет болсо манасчы болгон экен.

Комузду он беш жашынан баштап үйрөнөт. Согушка че­йин Разакул уулу Рахманаалы, Сарыбай уулу Карадан бир топ элдик күүлөрдүүйрөнөт.

1943-жылы 25-апрелде согушка кетип, 1946-жылы 20-августта кайтып келет. Ата Мекенди коргоодо, душманды жеңүүдө ал да эрдик менен салгылашкан.

Согушта көрсөткөн каармандыктары үчүн бир катар күжүрмөн ордендер жана медалдар менен сыйланган. Энгельс атындагы колхозунда согушка чейин, кайтып келгенден ки­йин да ферма башчысы кызматында эмгектенди. Андан соң көп жылдар тоют боюнча бригадир болуп иштеп келди.

Анын алты уулу, алты кызы бар. Балдарынын атасынын жолун жолдоп, эң улуусу 1965-жылы Фрунзедеги музыкалык окуу жайын бүтүп, мугалим. Экинчи уулу Аман 1967-жылы Фрунзедеги музыкалык окуу жайын, мындан соң Москвадагы 5 жылдык консерваторияны бүтүрүп келип, Бүбүсара Бей­шеналиева атындагы искусство институтунда үзүрлүүэмгектенди.

Комузчунун уулу Аман Курбаналиев мындайча эскерет:

– Атам жаш кезинде апасы каза болгон экен. Ушу калган майда инилеримди көтөрүп жүрүп эле, жакшы чоңойбой калдым дечү. Ошол убактарда аябай бардык өнөрлөргө кызыгып жүрөт. Илгертен эле ата-бабабыз уругубузда өнөрчүлүк болгон комуз чертүү, кыяк тартуу, темир комуз кагып, чоор үйлөө, камыштан же болбосо шилби жыгачынан чоор жасашчы жана аңчылыкка өтө берилишип куш, бүркүт салчу. Элүүнчүжылдары атамын бүркүтүжана кушу бар эле. Мен кичинекей бала кезим, атына учкаштырып алып, уучулук кылчу элек. Атам өзүайтышына караганда өтө мерген болуптур. Басмачылар убагында, отряддарга жол көрсөткүч болгон. Себеби бүт тоодогу үңкүр, жолдорду уучулук кылып жүрүп, бардык чоң тоолорду билчү. Мисалы, Бабашата, Сарт өлдү, Сере, Сарыташ, Китепташ, Чоң Келкал жайлоосу, Кере, Арсланбаб ушундай тоолорду беш колдой билем дечү. Атам Улуу Ата Мекендик согуш бүткөнчө жүргөн. Көп жарадар болгон, бир колунун ача кайынын ортосунан ок өтүп кетиптир. Эми комуз чертпей калдым деп, ошо элүүканчанчы жылдарга чейин комузун жакшы чертпей жүргөн. Алтымышынчы жылдары эле өздүк көркөм чыгармачылыктын кароосу пайда болуп, ошондо гана астайды комузга киришти. Согуштан мурда 400дөй күүчертсе, эми бир жүз сексен жети гана күүлөрдүэсине келтирди дешчү, ошо санап угуп отурушкан айылдаш кишилер. Ошолордун ичинен күүлөрүн мен да эстеп, чертип жүрөм. Көп эмес секбеп татаал жерлерин анча келтире элекмин. Майда-чүйдө эски убактарда элде чертилип жүрчүобондордо деле келет, мисалы, «Акбөйөн», «Бурулча», «Секетбай» ар кандай армандар, аттарын унутуп калыптырмын. Ошондой эле көп чакан күүлөрүбар эле. Алар да эстелбей ошо бойдон кетти го өзүменен... Биздин айылда элибиз жалаң ырчы, комузчуну гана угушчу, калган өнөрлөргө көңүл бурушчу эмес. Отузунчу жылдары борборубуздун чоң артисттер жаңы ачылып жаткан филармонияга элдик таланттарды издешип, угушума караганда атактуу комузчубуз Карамолдо баштап чакырышып келиптир. Ошондо атамы алып кетебиз деп бир жума жүрүшүп бир жагынан башкармасы коё бербей, экинчи карыган керең атасы тилдеп, кайда барасың артист болом деп, эми элге уят кыласыңбы, – деп болбой коёт. Борбордон баргандар жакшы эле түшүндүрүп, силер түшүнбөй жатасыңар, бул чоң комузчу жана  таланттуу  экен  алып  кетебиз деп асылса, беришпей коюптур.

Ошону эстеп кийин улгайып калганда бир отуруштарда комуз чертип айтып арман кылчу.

Курбанаалы акенин көзүөтсө да, уулу Аман Курбаналиев өнөрүн улантып, таңшытып күүлөрүн чертүүдө.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×