Добавить статью
13:26, 7 апреля 2011 113689

Жомокчу

Акмат абийир уулу 1901-жылы Тоңдун Кырчын деген жеринде туулган. Атасы Абийир Дөнөнбай уулу элге кадырлуу, кишиге жамандык, эч кандай кыянатчылык кылбаган, колунан келген жакшылыгын аябаган, ак пейил, эс акылдуу, бойлуу, келбеттүү, кызыл жүздүү, сын-сапаты элге көрүнүктүүкиши болгон.

Абийирден уруксатсыз той-топур болчу эмес. Анын айтуу боюнча болгон чатакты бүтүрүүчү.

Дөнөнбай чоң атасы чокчо сакалы бар сур, чоң киши эле. өзүжоош, токтоо, кишиге жаман-жакшыны айтпаган, өтө момун, окуу-билими жок болгон. Бүтүн элдин ата-тегин ажыратып, санжыраны укмуш айтчу экен. Балдарынын бири да санжыраны эске албады.

Энеси Сурган Туюкбай кызы татынакай чыкыйган сулуу, ичке бойлуу, арыкчырай, сыпаа, балдарынын баарын жакшынакай кылып багып өстүргөн. Балдары – Акмат, Жакыпбек (Жакый), Акунбек, Асылбек.

Эненин, атанын наркы менен эч кандай жамандык болгон жок. Жакый, Акунбек экөө согуш чыга электе үйдөн ооруп өлдү. Асылбек согушта каза тапты.

Жакыйдан – Бексултан, Зарипа. Асылбектен тукум жок.Экөө тең кызматкер эле. Акунбек райондук комсомол комитетинин секретары, Асылбек зоотехник болуп жүргөн.

Акмат алты жашынан он төрт жашка чыкканча окуду. Алты жашында атасы кыштын күнүКыштообай уулу Азыкбай молдого алып барып:

– Молдонун айткан, окуткан окуусун жакшылап окуп, билгин, – деп тапшырды.

Атасынын айтуу боюнча жакшы окуп, алты айда эки китепти, «Аптиек», Куран, жети-сегиз жашка чыкканда «Сополдияр», «Чаар китепти» окуп бүттү.

1911-жылы Сөлпүажы молдого берди. Сөлпүажы азыркы окууну окутту. «Таажибай» деген китебин окуп, он үч жашка чыкканда азыркы үчүнчүкласс көлөмүндө окууну аяктады.

1914-жылы Сөлпүажы Кулжага, Текеске кетип, окубай калды. 1916-жылы үркүн чыкты. Тоңду ашып жөнөдү.

Элди көчүрүп, атасы баштап жөнөдү. Бедел ашуусун ашып, Кытай бетине түштү. Беделдин ичинде мылтыгын тескери асынган кытай тосмосу кимсиң, кайда барасың деген жок. өтүп кете берди. Беделдин тоосуна барып, конуп, эртеси эрте көчүп, Сапарбайга эрте эле бешимде барды. Малдын эчтемеси жок, баары өлүп бүттү. Төө менен бээге жүк артып, атка чоң энесин мингизип, бир кичине баланы өңөртүп, чоң Беделди ашып, кайта жөнөдү. үч үйлүүкөлгө жетишти.

1917-жылы келди. Акмат сельсоветке кыргызча секретарь болду. 1918-жылдан 1923-жылга чейин ревкомдун төрагасы болуп турду.

1924-жылдан 1937-жылга чейин мектеп башчысы, мугалим, 1937-жылы райондук элге билим берүүдө инспектор, 1941-жылы брон менен сокушка барбай мал даярдоодо мал алгыч кызматын аткарды.

1948-жылдан 1954-жылга чейин райондук керек-жарак союзунда, 1955-жылдан 1961-жылга чейин дүкөндөрдө сатуучу болуп иштеди.

1962-жылы пенсияга чыкты.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

22-04-2011
Асан менен Үсөн (жомок)
21931

07-04-2011
Жомоктор топтому
101745

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×