Добавить статью
13:29, 7 апреля 2011 106057

Жомоктор топтому

 КЕДЕЙ

Кедейдин аялы, эки эркек баласы, бир аты, бир кушу, алты эчкиси бар экен. Кушун салып коён, кекилик алдырып, ошону менен күн көрөт. Бир күнүаялы ооруп өлүп калат. Балдарына тамакты өзүбышырып берип, эптеп жан сактайт. Анан аты жаталак болуп өлөт. Кушун көтөрүп алып, жөө салып, балдарын багат. Бир күнүкушу өлөт. Кедей айласы кетип, отун алып, аны базарга сатып балдарын бага баштайт.

Бир күнүбазарга барып, отун сатып жатса, бир киши колуна куш кондуруп жүрөт.

Кедей барып:

– Кушуңду сатасыңбы? – дейт.

Куштун ээси:

– Сатамын – дейт.

Кушту сатып алып, сүйүнүп үйүнө барат.

– Эми айланайын, балдарым, эптеп коён, кекилик алдырып келермин, – дейт.

Талаага чыгып, кушун салат. Куш коёнго барбай эле үйүн көздөй учуп кетет. Эртеси алып чыгып кекиликке салат. Кекиликке барбай эле, үйүнө учуп кетип калат. Эми муну дагы бак деген турбайбы, – деп, баягы отун, куурай көтөрүп келип базарга сатып, балдарына дан-дун, кушка эт алат. Ошентип, кедей балдарынын үстүнө кошуп кушту багат.

Бир күнүкыштын күнүбурганактап кар жаайт. Күүгүм кирип калган экен.

– үйдө киши барбы? – деп бир үн чыгат.

Тышка кедей чыкса, бир жигит:

– Кудайы конокмун – дейт.

– Түш! – деп, атын алып сарайга байлайт.

Жигит үйүнө кирет. Берейин десе, тамагы жок. Алты эчкисинин бирөөнүсүйрөп келет.

Жигит:

– Муну эмне кыласың? – дейт.

Кедей:

– Тамак жок, айланайын, союп берем, – дейт.

Жигит кой десе болбой, эчкисин союп коноктойт. Эртеси жигит кетээринде:

– Кедейим, сен бир күнүменикине бар, балдарыңа, кушуңа, бир төрт-беш күндүк азык камдап берейин, бир күндө эле жетесиң, мына мындан ары бир айыл бар – деп, жигит аттанып кетет.

Балдарына ун, эт камдап:

– Кушка дан берип тургула. Төрт-беш күндө келемин, – деп кедей жүрүп олтуруп баягы жигиттин айлына барып, үйүн сурайт. үйүнө барса, жигит жок, аялы бар экен.

– Бир кедей келет деди эле, ошо сизби? – дейт.

– Ошо менмин, – деп кедей айтат.

Жакшылап тамагын берип, сыйлап турат. Жигит келип калат.

– Атсалому алейкум, кедейим, келдиңби? – дейт.

– Келдим, айланайын.

Бир тай соёт өзүнө теңтуш отуздай жигит чакырып:

– Ушу бечара кедей экен, көп түкүрсө көл деген. Ушуну баамдап мал берип, кедейликтен куткарып, бай кылып коёлу?

– Кана, кедейди мурун өзүң көргөн экенсиң, өзүң эмне камдадың эле? – дейт.

– өзүм жүз кой, бир жараган ат, да бир беш жылкы, да бир беш уй, ун-талканын камдадым эле, – дейт.

– Эми, койду үч жүзгө жеткирели. Дагы бир жыйырма жылкы, он уй, жүк көтөргүдөй үч-төрт төө болсун. Ушинтсек, кедей бай болуп калбайбы.

Баягы теңтуштары:

– Макул, жакшы болот, сенин айтканыңарга жеткирели, – дейт.

Баягы жигит:

– Мында бир жесир аял бар эмеспи, ошол эрге тие элек бекен, барып билип келчи? – деп жигитти жиберишет.

Жигит билип келет.

Ал жигит:

– Эрге тие элек экен, – деп келет.

– Ой ошону үй-жайы менен алып берели, байкуш жигитти катындуу да кылалы – деп, баягы жигитке аялды да алып берип, үй-мүйүменен малын айдатып, үч төрт жигит менен кедейди үйүнө жеткирет.

Кедей бай болуп эле жатып калат. Кедей отун-сотун сатып көнгөн неме, шаарга мал айдатып сатып, чоң соодагер болот. Баягыдан аябай байып бүтөт. Эки баласы окуп жүрөт. Кедей мал алып Мисирге соода кылганы кетет.

Кандын жигити канга айтат:

– Баягы кедей укмуштай бай болуптур, мал деген эме жайнап жатат, бу кантип байыганын билбеймин, – дейт.

– Муну билиш керек, – дейт кан, – баягы сыйкырчы кемпирди чакырып кел. Кантип байыганын ошо кемпир билет.

Кемпирди таап келишет. Кан кемпирге айтат:

– Момунда бир кедей бар эле, малы батпай эле жайнап, байып кетиптир, бул кантип байыды.

Анда кемпир китебин ачып:

– А кедейде бир куш бар экен, ошол куштун бактысы менен байып кетиптир. Эми ошол бак куштун дагы бир жакшы жери бар. Бак кушту союп башын жесе, падыша болот, жүрөгүн жесе баатыр болот, дагы дүнүйөдөгүжан-жаныбарлардын тилин билет. Бак куштун ошондой касиети бар. Ошол бак кушту эптеп сойдуруп жебейсиңби – деди канга.

Кан бир күнүошол жигитти ээрчитип, кедейдин үйүнүн жанына барып, жигитин жумшайт.

– Кан сейилчиликке келди эле ушул жакка, сиздикинен тамак ичсек болобу – деп, кедейдин аялына барат.

Аял:

– Келгиле, тамак даяр келгиле, – дейт.

Кан ошо жерде жигитин ээрчитип кедейдикине барат. Кедейдин аялы тамак-ашын даярдап, кандын атын жигит алып байлап, үйүнө киргизет.

Тамак-ашын ичкенден кийин жигитин:

– Тышка бара турчу, – дейт кан.

Жигит тышка чыгып кетет. Кан кедейдин аялына айтат.

– Сизге көңүлүм түшүп турат, тамыр болбойлубу? – дейт.

– Каным, жакшы болот – деп, кедейдин аялы туруп, жууркан-төшөктүсалып, экөө кучакташып жатып калат.

– Эми үй жакка баралы – деп, кан жигитин чакырат. – Атты алып кел.

Жигити атын алып келет. Аттанып кан жигити менен үйүнө барат. Эртеси дагы келет.

– Менин башым ооруп эле чыдатпай жатат, табыпка көрсөтсөм бир дары айтты эле, оозум батып айта албай турам, аяш.

– Айтыңыз, эмне дары экен.

– Куштун эти дары, – дейт.

– өлүгүңдүкөрөйүн, мынамунда куш турат, ошону сойдуруп берем, – дейт.

Кушту сойдуруп, тамак-аш, суу-муу алган күңүбар экен. Эки күңгө:

– Жүнүн таза жулуп, жакшылап бышыргыла, – деп айтат.

Эки күң айтканындай жүнүн тазалап, далисине казан асып, куштун этин салат. Күңдөр эшикке чыгып кетсе, эки бала мектептен келет. Казанда эт бышып жатат. Кыргоолдун эти экен деп, балдар сүйүнүп башын алып улуусу, жүрөгүн, өпкө-боорун кичүүсүжеп иет. Баягы кан менен катындын оюну канган кезде:

– Эт быштыбы? – деп күңдөрүн чакырат.

– Бышты, – деп, күңдөрүунчугат.

– Чыгарып алып келгиле.

Чыгарып алып келип, кандын астына коёт. Кан бүт бойдон куштун этин жейт.

– Ыракмат, аяш, башым кичине сергий түштү, – дейт.

– Ушу бойдон башыңыз жакшы болуп кетээр, каным.

– Аяш, эми биз үй жакка баралы, жакшы туруңуз, дагы келип турам.

Кан үйүнө барып, эки-үч күн үйүндө болот. Баягы кемпир айткан белги жок. Жигитин жиберет кемпирге.

Кемпир келет:

– Баягы айтканыңдай кушту жедим эле, белгим билинбей жатат, – дейт.

Кемпир китебин ачып:

– Жебей кал сен, этин жеген турбайсыңбы, жүрөгүменен башын же дебедим беле, башын улуу баласы, жүрөгүн кичүүбаласы жеп алыптыр. Эми аял сени кандай көрөт? – дейт кемпир.

– Аял мени жакшы көрөт, – дейт кан.

– Анда ошол балдардын жумурунда, эрий элек, ошол балдарды союп туруп, куштун жүрөгүменен башын алып берсе болот, – дейт.

Кайра кан барып аялга:

– Мен жаңылыш айтыпмын, оозум батпай турат.

– Оозуң барып эле айта бер, – дейт.

– Ал табып, башы менен жүрөгүн же деген экен. Мен билбей эле этин жепмин. Ал эти дары болбойт экен. Башын улуу балаң, жүрөгүн кичүүбалаң жеп алыптыр. Оозум барып айта албай жатам, – дейт.

– Айтыңыз, оозуң барып эле айт, – дейт.

– Эми ошол балдарыңдын жумурунда, – дейт. Ошол балдарды союп, жумурунан алып берсе деле болот, – дейт.

– Анда катын:

– өзүм тууган балдар эмеспи, сойдуруп эле алдырып беремин, – дейт.

Аны эки күң угуп калат. Талкан, чайнек алып окуудан келе жаткан балдарды тосуп:

– Силерди энеңер соймок болду. Мынабу чайнекти, талканды, ширеңкени алып, атаңар Мисирге кеткен, Мисирден атаңарды издеп жөнөгүлө.

Чайнекти, талканды алып, балдар жөнөйт. Жүрүп олтуруп бир сазга барат экөө. Анда аркан менен түшүп ала турган бир кудук бар экен. Балдардын арканы жок. Саздын чөбүнөн жулуп, агасы аркан эшет. Инисинин белине байлап, кудукка түшүрөт. Инисин тартып алайын дегенде, чөптөн жасалган аркан үзүлүп кетет.

– Эми эмне кыламын, аркан үзүлүп калды. Сен сууда отурасыңбы – дейт.

– Жок таштын үстүндө отурам.

– Эми мен кетейин, сени дагы бир суу алганы келгендер чыгарып коёр. Кой, эми – деп агасы жүрүп кетет.

Жүрүп отуруп бир шаарга барат. Бир үйгө конуп, эртең менен турат. Шаардын эли бир жакка жабалактап эле чубап баратат.

– Бул эмне деген эл? – деп бала сурайт.

– Ушу шаардын каны өлгөн. Бир жыл болду. Жалгыз кызы бар бойго жетти. Ошол менин өлгөнүмө бир жыл толгондо, элди чогултуп туруп кушумду учургула. Куш кимдин башына консо, ошону кан кылып алгыла деген, – дейт. Бала ошол жакка барат. Кушту учурат. Куш келип баланын башына конот.

– Куш жаңылды, кайдагы балага конот, – деп, кайра кушту учурушат.

Кушту үч жолу учурушат, үчөөндө тең келип балага конот. Баланы ээрчитип алып кандын аялына барышат.

– Кушту үч жолу учурсак, үчөөндө тең ушу баланын башына конду. Баланы сизге алып келдик.

– Ушу бала кан болот, – деп, кандын аялы кызын алып берип, кандын ордуна кан болуп, сурак кылып бала туруп калат.

Ошону менен баягы кудуктагы бала жатса, чака алып бир киши келатат.

– Бул жакта мен бармын, чаканы эле салгыла, – дейт.

Сууну алгандан кийин, аркан салып баланы тартып чыгышат. Баланын кайдан келатканын сурайт. Бала келатып агасы менен чөп аркан үзүлүп калып, кудукта калганын айтат.

Булар бир шаарга бараткан соодагерлер болот. Ал шаардын бери жагында бир чоң суу бар. Ары баратканда сууга бир кишини, кайра келатканда дагы бир кишини салып ийип, аман өтчүэкен.

Соодагерлердин башчысы:

– Бир кишини сатып келаттык эле, ары баратканда бул баланы салып өтөлү, кайра келатканда жана сатып келаткан кишини салып өтөбүз, – дейт.

Аны бала угуп, соодагерлер уктагандан кийин, бала туруп токойду аралап качып кетет. Бир жерге барып уктап, эртеси белгисиз бир жакты көздөй жөнөйт.

Күн кеч кирип калган кезде, бир абышка бир топ эчки айдап баратат. Бала чуркап барып:

– Атсалоомуалейкум, ата, – дейт.

– Алекима салам, кайдан келаткан баласың?

– Баласы жок кишиге бала болоюн деген баламын.

– Оо, айланайын, балам жок эле, мага бала бол.

Бала абышка менен эчкини айдап баратат.

– Ой, балам, мобу кырдын ары жагына кекиликке желе тарттым эле, ошого кекилик түшсө, алып келе кал.

Бала барса, желеге үч-төрт кекилик түшүп калыптыр. Кекиликтин баарын коё берип, желени түрүп кайра келди. (Айбанаттардын тилин билет.)

– Баланы маа бергенден кийин кекиликтин кереги жок, – деп, эчкини айдап үйүн көздөй жөнөштү.

үйүнө жакындаганда байбичесин чакырып кыйкырды.

– Байбиче, бат чык, балалуу болдук, кудай берди, суу ала чыгып баланын башынан тегеретип чач!

Байбичеси чыныга суу алып, баланын башынан суу тегеретип чынысын кошо ыргытып жиберди. Эки эчкиси бар экен, бир эчкисин кармап аксарбашыл – баабедин деп союп, айылын чакырып, баласына бата алды.

Эртеси эле бала чуркап барып, тоодогу бадалдарды түп-түбүменен жулуп, үйдөй кылып көтөрүп, базарга алып барып сата берди.

Бир айга жетпей эле, абышканы байытып, жортуулга барып, малдын баарын алып келип, абышканы байытты.

Атасы менен бир күнүдөңгө чыгып, жаканы караса, арыда эки дөбө турат. Бири ак дөбө, бири жашыл дөбө.

– Ата, тетиги эмне дөбөлөр? – дейт.

– Аны сурап эмне кыласың, айланайын.

– Атакебай, айтсаң?

– Ушунда бир хандын бир шерменде кызы чыкты. Мен табышмак айтамын, ким табышмакты тапкан кишиге тиемин. Тетиги ак дөбө дегениң – табышмагын таппай өлгөндөрдүн башы. Тетиги жашыл дөбө дегениң – жаңы өлгөн жигиттердин башы. Кимде ким тапса, ошого тиемин, таппаса башын аламын, – деп, канкор кыз жигиттин баарын кырып салды.

– Атакебай, мен барып табышмагын таап алып келемин, – деди.

– Кой, айланайын барба, атасынын көрү, канкор кызды эмне кыласың. Сага бир жакшы кыз табылаар.

Бир күнүатасы уктап жатканда, эртең менен тулпарын минбей эле жөө чуркап, кандын сарайына барды.

Кыздын коңгуроосун урду.

– Жаш бала экенсиң, табышмак табасыңбы? – деди.

Бала:

– Табамын, – деди.

Кыз коңгуроо уруп, шаардагы элди чакырды. Шаардагы эл чубап келе берди:

– Баягы канкор кыз дагы бир жигиттин башын алмак болгон экен го, – деди. Эл чуркурап келишти.

– Эми, айланайын, жаш бала экенсиң, бул канкор кыздын табышмагын таба көр, – деп чуулдашты.

Кыз келип табышмагын айтты.

– Маашарып, мамашарып деген эмне? – деди.

Бала таппай калды.

– Он күнүуруксат бер, тапсам-таппасам да, – деди.

Элдин баары чуркурап калды.

– Ой, канкор кыз, он күн уруксат бер, жаш бала экен, – деди.

Кыз:

– Макул, он күн уруксат, – деди.

Бала: «Айла болсо алпкаракуштан болот, алпкаракуштун терегине барайын, теректин башында алпкаракуштун эки балапаны чыйылдап жатат».

Бала барса, теректе оролуп бир ажыдаар чыгып бараткан. Алпкаракуштун балапанын жылда эле ажыдаар жеп кетчүэкен.

Бала барып кылыч менен ажыдаардын белин кыя чапты, балапандарга кескилеп салып, ажыдаардын этинен тойгузуп коёт. Балдар тойгондон кийин:

– Энемде жумушуң бар беле? – дейт.

– Энеңде менин жумушум бар, энеңе учурашып, жумушумду айтайын деп келдим эле. Мен келгенде ажыдаар силерди жегени терекке оролуп баратыптыр. Ажыдаарды өлтүрүп, силерди аман алып калдым. Эми энеңер менин максатыма жеткирер бекен?

– Жеткирет, энеме биз да айтабыз.

Аңгыча алпкаракуш келет. Келгенден кийин:

– Кайдан келген баласың? – деп баланы сурайт.

– Мен бир кандын кызынын табышмагын таппай калып, сени билер бекен деп келдим. Мен келсем, балдарыңды жегени ажыдаар терекке оролуп чыгып баратыптыр. Ажыдаарды өлтүрүп, балдарыңды тойгузуп койдум. Эми сен менин табышмагымды табууга жардам бер.

– Эмне деген табышмак экен.

– Маашарыпты, мамашарып деген эмне?

Анда алпкаракуш:

– Маашарыпты билемин, Маашарыпты перинин падышасы.

– Эми мени ошого алып барыңыз. Мамашарыпты ошол жерден сураштырып көрөйүн.

Балдарына алып келген тамактарын берип:

– Ыракмат, менин балдарымды ажыдаардан аман алып калгандыгың үчүн жан-дилим менен кызмат кыламын. Жонума келип отур, Маашарыптын шаарына алып барайын.

Бала барып, алпкаракуштун жонуна олтурду. Алпкаракуш учуп жөнөдү. Бир кыйла учкандан кийин бир жонго барып конду.

– Түшкүн бала, Маашарыптын шаары, кандыкын сура, – деди. Эки сакчы турган Маашарыптын дарбазасына барат бала.

– Сен кайдан келген баласың? Эмнеге келдиң? – деди.

– Маашарыпта жумушум бар. Ошол падышага кийирип койгула, – дейт.

– Биз падышадан сурайлы, киргиз десе киргизели, – деди.

Бир жигит келип:

– Бир адамдын баласы келип, Маашарыпта жумушум бар, – дейт, – кийирелиби? – деди.

– өзүадам баласы болсо, өлгөнүкелген эме го, киргизгиле!..

– Киргин, падыша уруксат берди, – деди.

Бала кирип, таасым кылды.

– Сен кайдан келген адамсың? – деди.

– Мен бир кандын кызы табышмак айтып, ошо табышмакты таппай сизди билээр бекен деп келдим, – деди.

– Эмне деген табышмак айтты?

– Маашарып, мамашарып деген эмне? Ар кимден сурасам, Маашарып деген перинин падышасы, мамашарып дегенди билбейбиз, – деди. Мамашарыпты сиз билесизби?

– Маашарып деген менмин. Мамашарып деген перинин манабынын кызы эле, мен ашык болуп ошо Мамашарыпты алдым. Мен сейилчиликке тайган салчу элем, бир күнүбашым ооруганынан чыдай албай, үйгө келдим. үйгө келсем, Мамашарып жок, үйдөгүтамак бышырган аялдан Мамашарып кайда деп сурадым:

– Сиз сейилчиликке кеткенде эле арабасын курдуруп алып, тетиги кырдан ары кетчү, сиз келер убакта келип калчу. Бүгүн да ошентти, – деди.

Кырдын ары жагында катын албай жашаган кырк заңги бар эле. Барсам, ошо кырк заңги менен ойноп жатат. Ачуум менен барып, чык эле, чык, – деп кыйкырдым. Заңгилер чыгып келе берди. Келгенин кылыч менен башын ала бердим. Бирөөнүн бир колун сый чаптым. Ал ылдый карата качты.

Эң аягында кырктын чоңу кылычты чаптырбай кармап, күрөшө кетти. Мени жыгып алды. Камчымды алып, өзүмдүчабам дегенде кылычты бербей тырмышып жатсам, тайганым жетип келди. үстүмдө басып алган заңгинин атаманын чандырынан жара тартып тайган өлтүрдү. Тайганымды, Мамашарыпты ээрчитип, үйгө алып келдим:

– Бети жок, шерменде, сенин бетиң түгөнүп калсын, кырк бойдок мени өлтүрүп коё жаздады, жанымды мобу тайган алып калды.

Алтын керебетте мамык жаздыктарды коюп тайган жатат. Мамашарыпты чынжыр менен тайгандын ордуна байлап коюптур.

– Баланы өлтүргүлө! – деди.

Эки жигити алып чыгып даргага асабыз дегенде:

– Мен бир папирос тартып алайын, папирос тартчу элем, – деди.

Мындай барып, алпкаракуштун жүнүн орогон кагазга сала койду. Түтөгөндө алпкаракуш көрүндү. Эки сакчы аны байкап калды. Алпкаракуш келди да, баланы эңип алып кете берди.

Баягы терегине барып конду. Бала менен коштошуп, акыреттик дос болуп, табышмагын айтып берип, кызды алгын, – деп узатып ийди.

Он күн эмес эки-үч күндө эле кыздын сарайына келди. Коңгуроону урду, кыз чыгып келди.

– Таптыңбы? – деди.

– Таптым, элиңди чакыр, – деди.

Кыз коңгуроону уруп, элин чакырды. Эл чогулуп келип чуркурады:

– Ой, айланайын, таптыңбы? – деди.

Кыз:

– Кана, эмне экен? – деди.

– Маашарып перинин падышасы экен, Мамашарып падышанын катыны экен.

Ошону менен эл чурулдады:

– Ишиң оңолсун, айланайын, – деп, эл тарап кетти.

Кыз барып, тийип алган заңгиге айтты.

– Табышмакты таап алды, эмне кыламын, – деди.

– Эми сага аял болдум, экөөбүз атамын эки тулпарын алып, Кап тоосуна барып, ойноп келели де! Арак-шарап ал, менде бир самын бар, ошо самынды ала бар, Кап тоосуна баргандан кийин аракты берип мас кыл. Анан самынды баткак болуп кал деп, ыргытып жибер. Сен атыңды минип алып башка жагы менен келе бер. Масы тарагандан кийин атын минип сени издеп жөнөйт. Аты келип баткакка тыгылат. Аны баткак соруп кетет. Ошентип өлөт, – деди. Айткандай мас кылып, самынды ыргытып ийип, кыз өзүкеле берет.

Бир маалда бала ойгонуп, эки жагын караса, кыз жок. Атын минип келген жагы менен бастырайын десе, аты баткакка тыгылды. Бала секирип аттан түшө качты. Атты баткак соруп кетти. «Эми кантип кетемин» – деп, бала эки жагын каранып турду.

үч көгүчкөн учуп келип, бир терекке конду. Силкинип койду эле, үчөө тең айнектей кыз болуп калды. Бирөө айтты:

– Ушул жерде бир үч бала бар, ошонун улуусуна тиемин, – деди.

Анда бири:

– Опэ-эй, мен ортончусуна тиемин, – деди.

Кичүүсүнө тиемин деген кыз:

– Мен күйөөгө тийгенде, мобу теректин түбүндөгүатамдын уч килем деген килеми бар, ошону менен ары-бери учабыз, – деди.

үчөө кыткылыктап кайра көгүчкөн болуп учуп кетти.

Бала сүйүнүп чуркап келип, теректин түбүн чукуп, уч килемди сууруп алды. Уч килемге отуруп учуп, бала кайра барды.

– Мен сени издеп таппай калбадымбы? Кантип келдиң, – деди.

– Ой, бир уч килем таап алып, ошо уч килем менен учуп келдим.

Кыз баягы заңгиге барды.

– Баткакка тыгылбай эле, бир уч килем таап учуп келиптир, эми эмне кылабыз? – деди.

Ал түндө арак берип мас кыл, салкынга жаталы деп, сыртка жат. Астыңа уч килемди сал да уч килемге өзүң отуруп, уч килем менен учуп, баткактын ары жагына алып барып таштап, кайта өзүң учуп жүрө бербейсиңби, – деди.

Мас кылып, уч килемге жаткырып, кайра учуп барып, Кап тоосуна алпарып таштап, кайра учуп жүрө берди. Кыз заңгиге барды.

– Сен айткандай уч килем менен алпарып таштап келдим.

Бала бир маалда көзүн ачса, бая Кап тоосунда зынданда жатат.

Ошондо баланын жини келди. «Мен акмак болуп Маашарыптын айтканын унутуптурмун. Кыз мени өлтүрө албай жаткан турбайбы. өлгөн экемин. Эми кантип барамын» – деди.

Эки жакты караса, ылдый жакта бир үч бала мушташып жатат. Бая үч кыз, үч бала… үчөөнө үчөөбүз тиебиз дегенин эстеп сурайт.

– үчөөбүз бир тууган элек, атабыздан калган уч килем, бир кызыл гүл бар эле, теректин түбүндө болчу.

– Кана, алып чыккылачы, – деди бала.

Теректин түбүндөгүуч килем менен гүлдүалып чыгышты.

– Ушуну бөлүп алышка аябай мушташып жатабыз, – дешти.

– Муну мен бөлүштүрүп беремин. үчөөңдүжарыштырамын. Чыгып келгениңе уч килемди беремин. Экинчи келгениңе гүлдүберем, артта калганың куру каласың, – деди.

– Тээтиги жерден жарышып келгиле – деп, балдарды марага жиберди.

Гүлдүбала төш чөнтөгүнө катып, балдар келгиче уч килемге түшүп, учуп кетип калды. Ошону менен кайра барды. Маашарыптын айтканы эсине түшүп, сениби, – деп кекенди.

– Ой, сени мен издеп таппай жатса, кайда жүрүп келдиң, – деди кыз.

– Тияк-биякка эле жүрүп келдим, – деди бала.

Хандын кырк кызынын ичинде түрүсуук чаар кыз бар экен. Кызыл гүлдүалып, чаар кызды бери чакырып:

– Күндөй эле жаркыраган сулуу кыз бол, – деп гүлдүкармата койду.

Жаркыраган эле бир сулуу кыз болуп калды. «Мындай кыз жок эле» – деп, кандын кызы жакын барды. Кийими баягы чаар кыздын кийими:

– Ой, сен, кантип минтип калдың?

– Жездем эле бир нерсени жыттата койсо, ушинтип калдым, – деди.

– Ой, тетиги чаар кызды укмуштуу сулуу кыз кылып коюпсуң, – деди.

Короого чыгып, гүлдүчөнтөгүнөн алып чыгып:

– Эшек болуп кал, – деп жыттатты кандын кызына. Эшек болуп калды. Талдан союл кыркып, өкүртүп сабап, минип баккан атасына барды. Атасы баягы кыздан өлгөн экен деп ыйлап-сыктап жүргөн. Эшекти эшикке атасынын мамысына байлап коюп:

– Салоомалейкум, ата, – деп кирип барды.

– Ой, алдыңа кетейин кайда жүрдүң, баягы канкор кыздан майып болгон экен, – деп жүрөгүбүз түшүп калбадыбы.

– Канкор кызыңды утуп алып келдим, келиниң эшикте турат, – деди.

Абышка-кемпир чуркап эшикке чыкты.

– Кана? – дешти.

– Мына келиниңер! – деп союлду алып эшекти койгулады.

– Байкушту эмнеге сабадың, – деди энеси.

– Мунун ошончо кылмышы бар – деп, өкүртө сабады.

Баягы агасы бир жерге барып, куш башына конуп, кан болбоду беле.

– Мен кан болбой кара жерге кирейин, ошол инимди издеп көрөйүн, – деп туш-тушка жигит чаптырды.

Баягы абышкага келди.

– Ушундай бир бала жоголду, көргөн-билгениңер барбы? – деди агасынын жиберген эки жигити.

Эшегин минип, кыйкыртып-өкүртүп баягы эки жигиттин арт жагынан чапты.

– Ошол кандын иниси – менмин, барып сүйүнчүңөрдүала бергиле, мен да барамын, – деди.

– Эшекти минбеңиз, жорголордун бирин минип алыңыз, кан башыбызды алат, – деди.

– Башыңарды алдырбайм, жүргүлө, – деп эшеги менен жөнөдү.

Эшегин тышка мамыга байлап коюп, кирип агасы менен кучакташып көрүштү.

– Ой, айланайын кудай, көрсөттүңбү, – деп, жалынып-жалбарып, жигиттин бирөөн койдон аксарбашыл өткөргүлө – деп, жигитин жумшады.

Тышка бала чыгып кетип, эшегин каңкылдатып союл менен сабап жатты.

– Мамыга байлап эле бир эшекти сабап жатат иниң, бир балаа болгон эме го, – деди.

Сабап, сабап үйгө кирип, коюн союп, түлөө кылып, түлөөнүжеп жаткан кезде бир-эки жигит келди.

Жанакы кыздын атасынын жигиттери экен.

– Күйөө-кызым жоголду, билгениңер болсо кабар жибергиле, – деп кандарга кабар жибериптир.

– Ошол кандын жоголгон кыз-күйөөсүн мен таап берем, сүйүнчүсүн ала бергин. Жигиттерине уят кылбайм, – деди иниси агасына.

Кандын жигиттерине инисинин тили менен:

– Таап берем, келе бергиле, – деди.

Эки жигит чапкан бойдон:

– Сүйүнчүсүн алып келсин, таап берем деди, – деп канына барды.

Кан үйүнө далай дүнүйө, мал алып жыйырма-отуз киши менен келди.

Баланын агасы сүйүнчүсүн алып, келген конокторду коноктоп, түнөтүп:

– Кана, күйөө-кызды көрсөткүн, – деди, кыздын атасы кан.

– Ой, айланайын, мени шерменде кыласыңбы, кайда күйөө-кызы, – деди. – Кана, таппайсыңбы? – деп омуроолоду.

– Мага уруксат бер, мынабу эшекти минип барып эле таап келемин, – деди, кыздын атасынын жигиттерине.

Эшекти минип:

– Жүрүңүз, мен таап беремин, – деп, агасын ээрчитип барды.

– Кана, менин кыз-күйөөм, кана, табам дебедиң беле? – деди.

Эшектен түшүп:

– Күйөөң – мен, кызың – мына! – деди.

– Ой, бу кандай неме, кызың деп эшекти көрсөтөт, – деп, кандын ачуусу келди.

Кызыл гүлдүколуна алып:

– Калыбыңа кел! – деп, эшекке жыттата койду.

Апарык, кийиминин баары самсаалап тытылган баягы эле кыз тура калды.

– Кызыңыз ушубу, ата? – деди.

– Кызым – ушу! – деди.

– Эмесе, күйөөңүз – мен, – деп, кыздын кылган жоругунун баарын айтып берди. үйүнө барса, заңги ачкадан өлүп калыптыр.

– Кыздын сазайын өзүм берейин – деп, кан күйөөсүн алып жөнөдү.

Багып алган увазирдин кызы бар экен, ошону балага алып берди. өзүнүн ордуна кан кылды.

Экөө атасын издеп барса, кедейдин аялы канга тийип, кедейди ат баккан кул кылып коюптур.

Ошол жерден элди чогултуп:

– Каныңар жакшы канбы? – дегенде. – Каныбыз жаман, эптеп байыган бир кедей Мисирге кетсе, аялын алып, эки баласын өлтүрөм дегенде, качып кетип, мал-мүлкүн ушул кан ээлеп, балдардын атасын кул кылган. Митаам кан, – деп эл чуулдады.

Канды даргага асып өлтүрдү.

Атасына баягы эки баланы качырган күңдүалып берип, атасын кандын ордуна кан кылып жашап калды.

ҮЧ БИР ТУУГАН

Илгери бир убакта үч бир тууган болгон экен. үчөө тең бойдок. «Биз өңдөнгөн үч бир тууган болсо алалык», – деп үч бала кыз издеп чыгат. Ар кайсы жерден издеп, таба албай, бир жерге барса, хандын жалгыз кызы бар экен.

– Эч болбосо бирибиз хандын кызын алалык – деп, ханга барышат.

Хан:

– үчөөң бир кымбат баалуу буюм алып келсеңер берем, – деди.

Баалуу буюм издеп үчөө үч жерге бөлүнүп жөнөдү.

Улуусу барган жеринен:

– Мында эмне кымбат баалуу буюм бар? – деди. Анда ал жердеги бирөө:

– Бул жерде кымбат баалуу бир төө бар, – деди.

Анын эмне кылып берерин сурады.

– Кыйынчылык болуп жаткан жер болсо, көз ачып-жумганча жеткирет, күлүк.

Бала аны алды.

Экинчи бала барган жерден:

– Бул жерде кымбат баалуу эмне бар? – деди.

– Бир күзгүбар.

– Ал күзгүэмне кылып берет? – деди.

– Бир канчалык жерде киши өлүп жатса, ошону көрсөтөт, – деди.

Күзгүнүбала сатып алды. үчүнчүбала барган жерден:

– Эмне баалуу буюм бар? – деп сурады.

– Бул жерде кымбат баалуу бир чыны бар, – деди.

– Ал эмне кылып берет? – деди.

– өлгөн кишини тиргизет, – деди.

Бала чыныны сатып алды. Баягы үчөө бөлүнүшкөн жерге келип чогулушту.

– Кана, сен эмне кылдың? – деп, улуусунан сурады.

– Мен бир төө алдым, – деди.

– Ал эмне кылат экен? – деп сурашты.

– Бир канчалык жерге көз ачып-жумганча жеткирет, күлүк экен, – деди.

Экинчи баладан сурады:

– Кана, сен эмне алдың?

– Мен бир күзгүалдым, – деди.

– Ал эмне кылат экен?

– Бир канчалык жерде киши өлүп жатса, ошону көрсөтөт экен, – деди.

– Ой, сен, күзгүңдүаччы, хандын кызы үйүндө бекен же бирөө алып кетти бекен? – деди.

Күзгүсүн ачып, өлүп калыптыр, коё элек экен, – деди.

– Кана, күлүк төөң менен бизди жеткир.

үчөө төөнүминип жөнөдү. Көз ачып-жумганча жетти. Барса, хандын кызы өлүп калган.

– Кана, чының менен тиргиз! – деди.

Бала чынысы менен хандын кызын тиргизди.

Ханга:

– Сиздин тапшырмаңыз боюнча, үчөөбүз үч кымбат баалуу буюм алып келдик.

– Мен төө алып келдим, күлүк.

– Мен күзгүалып келдим, алыс жерде өлүп жаткан өлүктүкөрсөтөт.

– Мен бир чыны алып келдим, өлгөн кишини тиргизет. Эми кимибизге бересиз? – деп хандан сурады.

Хан айтты:

– Күлүк төө дегениң – санаа, күзгүалып келдим дегениң – жарыкчылык, чыны алып келгениң – табып. Ошондуктан мен кызымды табып алып келген балага берем! – деди.

Ошентип, хан чыны алып келген балага кызын берет. Күйөө балага хандыгын берип, ал бала ошол жерде хан болуп жашап калат. Эки агасы элине кетет.

КАРЫШКЫР, ТӨӨ, ТҮЛКҮ

Илгери бир убакта бир карышкыр, төө, түлкүүчөө дос болуп, бирге жашап жүрөт. Төө болсо чөп-чардан жеп, ачка болбойт. Карышкыр менен түлкүнүн жээри жок, ачка болуп калат. Түлкүкарышкырга:

– Алдап төөнүжейли, – дейт.

Түлкү, карышкыр экөө төөгө келет.

– Төө, сен чөп-чар жеп, тоюп жүрөсүң, жээр неме жок, биз ачка болуп калдык.

– Сени биз жейлик, келеркиде өзүңөн артык төө берели, – деди.

Төө макул болду. Карышкыр жара тартып, төөнүжеп, бир топ күн карышкыр менен түлкүтоюнуп калды.

Төөнүн эти түгөнгөндөн кийин, карышкыр менен түлкүтамак издеп, бир жерге барса, бир козу качты.

Карышкыр:

– Токто, качпа! – деп кыйкырды.

Козу эси чыгып, туруп калды.

– Сен эмне качасың, былтыр да мени сөгүп качып кеткен болчусуң, – деди.

Козу:

– Ээ, баатыр карышкыр. Быйыл туулуп, алты ай боло элекмин, анан былтыр сени кайдан тилдеймин, – деди.

– өзүң болбосоң да сенин туугандарың, ага-инилериң мени тилдеген. Көп сүйлөбө, – деп карышкыр козуну баса калып, түлкүгө бербей, бүт жеп алды.

Түлкү:

– Ээ, карышкыр, эмне үчүн мага бергениң жок?

Карышкыр:

– Кичине экен – деди, – экөөбүз тойгудай эмеспиз, эми чоңураак неме кабылса, ошондо тоёсуң, – деди.

Түлкүнүн ачуусу келди. Ары жактан бир топ киши көрүндү. Карышкыр, түлкүалып келаткан мергенчилер экен.

Түлкүтааный коюп, ийинге кире качты. Карышкыр кире албай туруп калды. Мергенчилер келип, карышкырды атып алып, терисин сыйрып кете беришти. Куу түлкүэки досу – төө менен карышкырды өлтүрүп, өзүаман калды.

Булак: Жомоктор жана жомокчулар / Түз. Буудайбек Сабыр уулу Б., 2008


Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

22-04-2011
Асан менен Үсөн (жомок)
25136

07-04-2011
Жомокчу
116756

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×