Добавить статью
8:54, 8 апреля 2011 93011

Жомоктор топтому

ЯКМАС АКИМ

Якмас Аким байлыгы ташыган адам экен. Ал адамдын өмүрүн узартышка көп аракет жасаптыр. Тынч океандын бир аралында кия (чөп) бар экендигин китептен көрүп, ошону табыш үчүн кеме жасатып алып, издеп жөнөйт. Бирок Кудай мени оозуна албастан жөнөдүдеп Асирейил (жан алгыч) периштени чакырып:

– Якмастын артынан барып, колундагы китеби менен компасын эптеп сууга чөгөрүп ийип кел! – деп жиберет.

Асирейил артынан барып, Якмастын кемесинин арт жагына чымчык болуп конуп:

– Каякка бара жатасың? – деп, Якмастан сурайт.

Якмас:

– Адам баласынын өмүрүн узартып, узак жашата турган дары чөптүиздеп баратам, – дейт.

Асирейил: – Сен ошондой билгичсиңби?

– Билгичмин! – дейт.

– Билгич болсоң, азыр Асирейил кайда? – деп сурайт.

Якмас:

– Асирейил же сен, же мен, – дейт.

Асирейил:

– Кантип билесиң? – дейт.

Якмас:

– Колумда китебим бар, – дейт.

Асирейил:

– Кана китебиң?

Якмас:

– Мына! – деп, көрсөткөндө китебин, компасын океанга кагып түшүрөт. Якмас:

– Максатым ишке ашпады! – деп үйүнө келип: – Мен элге жакшылык кылайын деген элем, иш жүзүнө ашпады – деп, бардык дүйнөсүн жетим-жесир, кедейлерге бөлүп берип, аялын колунан жетелеп, бир башым дубана болсом да, оокат кылам, – деп, шаар кыдырып кете берет.

Якмас кыдырып жүрүп, Сырдыбай кандын шаарына барып, шаардын ичинде бир үйдө убактылуу жайланышат.

Сырдыбай кан кырк жигити менен ууга чыгып, куш салып жүрүп, эки чоң суунун куймасынан бир жерди жактырып:

– Ушул жерди тегиздетип, жайдын күнүсейилдей турган жай кыл! – деп, Ыдырыс деген вазирине дайындайт.

Вазир Ыдырыс базарга барып:

– Кырк жумушчу керек – деп, элге кулактандырды.

Якмас базарга түшкөн экен, вазир Ыдырыстан сурайт:

– Сага кырк жумушчу керекпи, же кырк кишинин ишин бүтүрө турган, кырк кишинин оокатын иче турган болсо эле болобу? – дейт.

Ыдырыс:

– Эгер ошондой болсо да болот, – дейт.

– Андай болсо, жаныңа мени ээрчитип алып, ханга алып бар, – дейт.

Ыдырыс тигини ээрчитип алып, ханга алып барат. Якмас хандын алдында убадасын берип, макул болот.

Хандын чоң атасы дөө экен, чоң атасы алып жүргөн күрөк бир дөбөдө топуракка көмүлүп калган, ошону каздырса, кырк киши көтөрүп келет.

Якмас кырк киши зорго көтөрүп келген күрөктүсол колу менен алып, ушул жарайт – деп, жерге сайып коёт. Кырк кишиге даярдаган оокатты ичип:

– Ишиңерди көргөзгүлө, – дейт.

Вазир иштете турган дөбөнүээрчитип барып көрсөтөт. Якмас үч күндөн кийин менден кабар ал, – деп, иш үстүнө кала берет. үч күн ичинде дөбөнүтегиздеп, айландыра ар түрдүүжемиштерди тигип, дуба менен жемиштерди бышырып, дөбөнүн ортосунан бир кумура дилденин оозун ачып, бак-дарактын ортосуна коюп, Якмас көлөкөдө уктап калыптыр. үчүнчүкүнүЫдырыс келип, таң калат. «Дубакөй турбайбы», – деп айланып, кыдырып жүрүп, уктап жаткан Якмастын бутун басып алат.

Якмас ойгонуп кетип:

– Кожоюн, көңүлгө жагабы? – дейт.

– Жагат! – деп, ортодо турган кумураны көрүп: – Бул эмне? – дейт.

Якмас:

– Бул кумурада алтын, – дейт. Анда вазир:

– Жакшы болуптур, экөөбүз бөлүп алалы? – дейт.

– Жок, бул жерге падыша ээ болот. Бул алтын – падышаныкы. Биз экөөбүзгө алууга болбойт, – деп, Якмас кумураны бербейт.

Вазир:

– Канча алтын бар экен? Кумурага эңкейип карачы! – дейт.

Якмас кумурага эңкейип карап атканда, вазир Якмастын башын кылыч менен шарт чаап таштайт. Якмастын башы тоголонуп баратып:

– Кызыталак, менин аялымдын алты айлык боюнда бала бар. Алты жашка чыкканда, сенин башыңды менин башымдай тоголотот! – дейт.

Якмас жасап бак тиккен жерге:

– Менин сегиз жашта кызым бар, он сегиз жашка чыкканда сага берем, бул жерди кеңейтип, биз жайында сейилге келгенде, дүр-дүйүм жемиш менен камсыз кыласың! – деп, Сырдыбай кан Инамжан деген адамды коёт.

Якмас аялына:

– Сенин курсагыңдагы бала – эркек. Төрөлгөндө атын Даанышман кой. Алты жашка чыкканда колуна мобу кестикти бер, андан аркасын өзүбилет, тилин алып, өз жайына кой! – дейт экен.

Алты ай өтөт. Бала аман-эсен төрөлөт экен. Антип-минтип алты жыл өтүп, Даанышман алтыга чыгат. Даанышмандын колуна кестекти берет. Даанышман апасына:

– Казанды жууп, тулга асып тур, мен базарга барып келем, – деп жөнөйт.

Базарга келип, касапка барса семиз уйдун этин сатып жаткан экен, мага беш кадак эт тартып бер! – деп, этти алат.

Акча төлөбөй кетип баратат эле, касап:

– Каякка барасың, акча төлө! – деди.

– Акчаны эмне кыласың, мындан башка акчаны аш кылсаң. Малчыдан уурдап келип сатып жатасың! – деди эле, касап:

– Ээ, өмүрүң узаргыр, эмне дейсиң, кете бер! – деди…

Базарды аралап жүрүп койдун майын, сабиз, пияз алды. Алгандарынын баарын апасына алып келди.

– Сиз жакшылап палоо жасай бериңиз, мен ашка кошо турган жакшы жыттуу гүл алып келем, – деп кетти.

Даанышман Сырдыбай сейилдеп турган багындагы Инамжанга барды. Короосуна баш багып:

– Инамжан аке, саламатсызбы? Капа болбосоңуз тетиги жыттуу гүлдөн бир тал бериң? – деди.

Инамжан гүлгө кеткенде, короосунун эшигинде бир кой байланып турган эле, Даанышман агытып жиберип:

– Аке, коюңуз бошонуп, гүлдөрдүжеп жатат! – деп кыйкырды.

Инамжан келип, кайра басты эле, койду Даанышман кайра коё берип, дагы кыйкырды. үчүнчүжолу коё берип, дагы кыйкырды эле:

– Эй, кызыталак, кандай токтобойсуң! – деп, Инамжан таш ыргытты эле, таш койго тийип, кой тырп этпей жыгылып өлдү.

Даанышман:

– Ээ, аке, үч жанды бекер өлтүрдүң, –деди.

– Эмне деп айтып жатасың? – деди.

– үч жанды бекер өлтүрдүң деп айтып жатам, – деди.

– өлгөн кой бирөө эле, кайдагы үч жан, – деди.

Даанышман айтты:

– Койдун ичинде эгиз кара кашка: бири эркек, бири ургаачы козусу бар эле.

Инамжан:

– Жашабаган бала, азыр койду соём, жалган айтсаң, сени кошо соём! – деди.

Даанышман:

– Мен макулмун, – деди.

Койду союп көрсө, баланын айтканы туура чыкты. Инамжан ойлонуп туруп: «Вазирдин дайындаган баласы ушул окшойт». Вазир Ыдырыс бала келсе ушул жерге келет – деп, Инамжанга дайындаган. Алты жыл өттү, бала келсе, союп мага жүрөгүн бер, жүрөгүн бербесең мен ишенбейм деген.

Инамжан баланы: – Соёмун! – деди. Даанышман айтты:

– Сыдырбай кан менен Ыдырыс сени алдаган кызымы берем, – деп. Кызын бербейт, мен алып берем, – дейт.

Инамжан:

– Менин убадам бар, сени союп жүрөгүңдүбермекмин.

– Аны ыраазы кыл, мынабу жондун нары жагында бир келин ак козу жетелеп ыйлап баратат. Себеби келиндин баласы өлүп, эмчегине сүт толуп, чыдабаганынан козуга эмизген. Келин бирөөгө беш дилде карыз болуп, козу беш дилдеге сатылганы жатат. Мынабу беш дилдени берип козуну алгын. Адамдын сүтүн эмген үчүн козунун жүрөгүабдан ширин. Алып келип союп, менин көйнөгүмө ороп, каны менен берсең, ыраазы болот. Ишенбесең, чуркап кара! – дейт.

Инамжан чуркап караса, келин козуну жетелеп баратат.

Эмнеге ыйлап баратканын сураса, Даанышмандыкы тура.

Инамжан беш дилдени берип, козуну алып келип, баланын көйнөгүн канга боёп, козунун жүрөгүн алып, баланы коё берет.

Вазир Ыдырыс келип, жүрөктүжеп, ишенип калды. Бир топ жыл өтөт. Сырдыбай кан бир күнүтүш көрүп, түшүн унутуп калыптыр. Сырдыбай дубана-бакшы, кожо-молдолорду чакырып, унуткан түшүмдүтаап бергиле дейт. Эч кимиси таба албайт. Сырдыбай кан кырк вазирге буйрук берет:

– Менин унуткан түшүмдүтабасыңар же таба турган олуяны табасыңар, кырк күнгө чейин таппасаңар, баарыңарды даргага астырам, – дейт.

Вазирлер сурамжылап, эч айла таба албай коюшат. Кырк күн бүтүп, эртеси даргага асыла турган болушат. Ыдырыс вазир ойлонуп: «Баягы олуя баланы бекер өлтүрткөн экемин, ошол бала билет эле, мен Инамжандан сурап көрөйүн, кокус өлтүрбөсө, бала унуткан түшүн таап берсе, кырк вазирдин жанын аман алып калат».

– Коркпой чыныңды айт! – деди.

– Силер аман кала турган болсоңор, бала өлгөн жок.

Инамжандан баланын жашаган жерин билип алып, Сырдыбай канга барды.

– Баланча көчөдө олуя бар. Ошол унутулган түштөрдүтабат, – деди.

– Мен барсам, келбейт.

– Муршап жибер! – деди кан.

Ыдырыс муршап жиберди. Муршап барып, Даанышманга:

– Сени кан чакырып жатат! – деди.

Даанышман:

– Кандын чакыруусуна барбаймын, мен али жашмын, кандын чакыруусуна баш ийбеймин, ханга айтып бар, түшүнөт, – деди.

Муршап канга келип айтты.

– Туура айтыптыр, сени буйрук менен чакырганы жок, келип кетсин деп сурады, – деди. Ал дароо келип, балага айтты:

– Жок, мен бара албаймын, – деди.

Кан:

– Ат токуп алып мингизип кел! – деди.

Атты алып барса:

– Жок, бул шамалдан жаралган ат, минбеймин, – деди.

Төөнүалып барса:

– Минбеймин – деди.

өгүздүалып барса:

– Бул заңги баба, буга да минбеймин.

Анда кан:

– Сурачы, эмнени минет экен?

Муршап барып:

– Деги эмне минсең барасың? – деди.

– Хандын Ыдырыс деген вазири бар, ошону токуп, эки шибеге ээрге илип келсеңер, ошону менен барам! – деди.

Даанышман Ыдырысты токутуп алдыртты. Даанышман Ыдырысты минип, шибеге менен сайгылап баратты. Кандын эшигине минип барып, түшпөй туруп алды:

– Ат алсын! – деп, эки жигит келип, Ыдырыстын башын кармады. Башын кармаган жигиттерге айтты:

– Мен кандан чыгып келгенче жанын тындырбай шибеге менен сайгылап турсаңар, эгер аяп жанын тындырсаңар, силерди мунун ордуна сайгылатам! – деди.

Эки жигит өз жанынан коркконунан жанын тындырбай сайгылап турду. Даанышман салам айтып кандын үстүнө кирди. Кан алик алып:

– Отур, балам! – деп, орун көрсөттү.

Даанышман:

– Чакырган экенсиз, келдим! – деди.

Кан:

– Балам, мен кызыктуу түш көрдүм да, унутуп калдым, – деди.

– Каным, түшүңүздүэсиңизге түшүрүңүзчү, – деди.

– Каным, менин айткандарымды орундатсаң, жоруп да берем.

– Эмне айтсаң, ошонун баары орундалат.

– Мен минип келген Ыдырыс сейилдей турган дөбөнүн ортосунан бир кумура алтын таап алган. Ыдырыс барып, канга айтпай бөлүп алайын, – деди. Атам жер канга тиешелүүболот. Жерден чыккан кен жана башка табылгалар канга тиешелүү, албайбыз, кандын казынасына беребиз, – деди. Ыдырыс атамы эңкейип кара, канча алтын бар экен, – деди. Атам эңкейгенде, атамын башын алып таштады. Атамдын башы: кызыталак, менин аялымдын алты айлык боюнда бар, кудай кааласа, ал алты жашка чыкканда, башың меникиндей тоголонот деген. Биринчи Ыдырыстын башы алынсын.

Ыдырыстан сурады эле:

– Туура! – деди.

Ыдырыстын башы алынды. Кан:

– Балам, эми түштүжоруп бер! – деди.

Даанышман айтты:

– Сиздин аялыңыздын аты Сыргажанбы! Сырганын сулуулугуна кызыгып, кордук менен алгансыз, туурабы?

– Туура! – деди.

– Сырганын сүйгөн жигити бар эле, үкөккө салып ала келген, баш жагыңызда, алтын табактагы алмадан бирөө колун салып, алып турчу беле?

– Туура! – деди.

Даанышман:

– Айткандын баары орундайт дегенсиз, кан эки сүйлөбөйт, туурабы? – деди.

Кан:

– Туура! – деди.

– Эмесе, мынабу үкөктүн ичинде кыздын сүйгөн жигити жатат, сиз эшикке чыкканда, Сыргага жигити кол салат. Алтын табактагы алмага кол салган ошол жигит. үкөктүачып караңыз дагы, жигитине кошуп, жакшы жашагыла – деп, жаман айтпай, көңүлүңдөн чыгарып, энчи берип жөнөт! – деди.

Кан макул болуп жөнөттү. Даанышман уруксат сурады.

– Балам, сен менин жаныман кетпе. Жаш болсоң да, баш вазир бол! – деп жиберди.

Акыры вазир болуп жүрүп, кан өлгөндөн кийин Даанышман кан болуп, Инамжанга айткан кандын кызын алып берип, атасы сейил жасаган жеринде Данышман сейилдеп калган экен.

СОКУР СООДАГЕР

Бир заманда Нуржан деген соодагер соода кылып жүрүп, байлыгы ташып, дүнүйөсүашыптыр. Бирок мастан кемпирге алдатып, сокур болуп калат. Сурап деген жалгыз баласы бар экен, баласы он сегиз жашка толот.

– Балам, мен сооданы он сегиз жашымдан баштадым эле, сен да эми соода кыл! – дейт.

– Сен бүгүн өзүбүздүн үйдөгүбардык дүнүйөнүкарап чык. Эртең миң сом жаныңа сал да, биздикинде жок буюмду таап кел! – дейт.

Баласы базарды араласа, базардагы дүнүйөнүн бардыгы эле үйүндө бар экен. Бир адам капкара ит жетелеп, сатканы туруптур: «Бизде мындай ит жок эмеспи» – деп, сатып алды:

Атасына:

– Мен базардан үйдө жок буюмду таба албадым, бир адам кара ит алып жүргөн экен, бизде кара ит жок, ошону сатып алдым, – деди.

Атасы:

– Жакшы кылыпсың! – деди.

– Дагы миң сом алгын да, жакшы жолдош сатып алгын! – деди.

Баласы Сурап базарга барат. Эки жигит бир өлгөн адамды мүрзөдөн алып чыгып уруп жатат. Сурап:

– Бул өлгөн адамдын эмне күнөөсүбар? – деди.

– Беш дилде карыз эле, бербей өтүп кетти, жок дегенде уруп алсакпы деп, уруп жатабыз! – деди.

Сурап беш дилдени берип, ак кепиндеп көмдүрүп, күмбөз салдырып, күмбөздүн акчасын төлөп, баса берди. Болгон окуяны атасына айтты.

– Жакшы кылыпсың, балам! – деди.

– Эми миң сом алып, базарга жар салгын. Жакшы, ак ниет жолдош болсо миң сом берем дегин. Акча алыш үчүн: «Мен ак ниет болом», – деп келе берет. Сен жарабайсың деп, кетире бер, базар тараганда кыбыла тараптан боз чепкен кийген, эски этегин кайра түрүнгөн жигит: – Аке, мен жарар бекемин, – дейт. Ошол жигитти алгын! – деди атасы.

Баягы жигитти алды. Жигиттин аты – Билерман. Билерманды ээрчитип келди. Атасы:

– Сурап балам, жакшы жолдош таапсың, – аксарбашыл миң кунан кой, кой айдай турган эки жигитти кошуп берет.

– Бүгүнкүжолго эрте чыккыла, кеч бешимде камыштуу булакка жетесиңер. Ал булакка малыңарды сугаргыла, ал жерге жатпагыла, андан өтүп барып, кеч кирген жерге жаткыла. Андан жүрүп олтуруп эки хандын шаарынан өтүп, үчүнчүхандын шаарына сатасыңар. Биринчи сыйкырдуу кыздын шаарынан өтөсүңөр, андан ары Узур шаарынан өтөсүңөр, акырында Береке шаарына саткыла. Малыңар баалуу болот – деп, сокур соодагер балдарын жөнөтөт.

Балдар эрте жөнөп, малын айдап олтуруп, кеч бешимде атасы айткан камыштуу булакка жетип, малын, аттарын сугарып, сокур соодагер баласы Сурап:

– Атам айткан, бул жерге жатпайлы, – дейт.

Жигити Билерман:

– Жок, кожоюн, атаңыздын айткан булагы ушул, бул булактын сырын мен билем, ушул жерге жатабыз! – дейт.

Сурап сокур соодагер баласы:

– Сен сырын билсең, жатса жаталы, – деп, макул болот.

Билерман бир көк улакты союп, терисин ийлеп чанач кылып, ичине талкан салып, бууп коёт.

Күүгүм талаш бир кемпир эки челекти бакан менен ийнине салып:

– Айланайын, балдарым, мен бир мусаапыр кемпирмин. өткөн-кеткен соодагерлерге май талкан берип, бергенин алып, эптеп оокат кылып жүрөм – деп, көк улактын чаначына салынган талканды балдарга сунат.

Билерман жигит:

– Эне, бизде дагы жол азык кылып жүргөн май талкан бар. – Колундагы чаначты көрсөтүп, алманы кырымыш болду. Кемпирдин өзүнүн чаначын өзүнө берип, өз чаначын өзүалып калат.

Кемпир үйүн көздөй челектерине суу алып жөнөйт. Билерман жигит мылтыгын октоп алып, аркасынан барып, кемпир жаман үңкүргө кирээри менен артынан кирсе, кемпирдин эки кызы бар экен. Кыздарына айтып жатат:

– Баягы мен сокур кылгандын баласы миң кой айдап түнөп калыптыр. Чаначты колуна бердим. Төрт киши экен, бардыгы сокур болот, миң койду сатып жыргайбыз. Алардын талканын биз жейли! – деп үчөө тең жеп сокур болуп калды. Кемпир кыздары менен:

– Алдады! – деп сыйпалашып, – кокуй, айыга турган дарыны тап, – деп калганда бала үчөөнүтең атып өлтүрүп, үңкүрдүн эки жагын караса, бир каалга турат, каалганы ачып караса ичи толгон дүр-дүнүйө, каалганы жаап эшикке чыгып, от коюп өрттөп, белгилеп коюп Билерман жолдошторуна келип:

– Жайлап келдим, беймарал уктай бергиле! – дейт.

Бир-эки күн жол жүргөндөн кийин бир аппак бай кемпирге жолугуп, ошол жерде түнөшөт. Бай кемпир ыйлап отурат:

– Менин эки жакшы көргөн балам силер келе жаткан жолдо сыйкырдуу кызды аламын деп барып, аскери менен таш болуп калды. Менин балдарыма окшогон азаматтар таш болуп турат. Айланайын, балдарым, силер катылбай өтүп кеткиле.

Билерман эки күн жол жүрүп, сыйкырдуу кыздын шаарына жетти. Шаардын дарбазасы бар экен. Дарбазанын эшигинин алдында көп солдаттар аттары, жарактары менен таш болуп калган.

Соодагердин баласы:

– Жандап өтүп кетебиз, – деди.

Билерман:

– Дарбазага барабыз, буюрса ушул кызды сага алып берем – деди.

Эшигинин алдына барды эле кыз:

– Эрдемсинген кызыталак! – деп, эшикти катуу жапты эле, аттары таш болду. Экинчи эшикти жапты эле, балдардын бел курчоосуна чейин таш болду, үчүнчүжолу жапты эле, балдардын бел курчоосунан ылдый таш болду. Кыздын сыйкыры үчүнчүжолу жапканда бүт таш болчу экен. Бүт таш кыла албандан кийин, эшикти ачып:

– Мен сеникимин, сага багындым, дарбазанын оозу ачык, киргиле, – деди эле, Билерман:

– Кирбейбиз сага окшогон мыкаачыга, эмне шартың бар? Айт, – деди.

Кыз айтты:

– Менин шартым, кимди таш кыла албасам, ошого тиймекмин. Мынабу таш болгон баатырлар – менин шартымды көтөрө албай, таш болгондор.

Билерман айтты:

– Сага окшогон мыкаачыга ким макул болот? – деди.

Кыз айтты:

– Силердин шартыңарга көнөйүн, айткыла! – деди.

Билерман айтты:

– Мынабу таш болгон адамдардын бардыгын адам түрүнө келтиресиң, анан сүйлөшөбүз, – деди.

Кыз дарбазасынын эшигин үч жапты эле, бардык таш болгондор:

– Айланайын, бизди кандай адам куткарды! – деп, өйдө-ылдый чапкылап, сүйүнгөнүнөн ыйлап, чурулдашып жиберди.

Билерман:

– Сыйкырдуу кыздын азабынан биз куткардык силерди, – деди.

– Жолдо биз конок болгон Чынар деген бай катындын балдары ким? – деди эле, эки жигит:

– Биз! – деп алдына келди.

– Биз үзүр шаарынан соода кылып келе жатып, силердикинде болобуз, ошондо сүйлөшөбүз, – деди сыйкырдуу кызга:

– Сиздин аты-жөнүңүз ким, сиз эмне дейсиз? – деди.

Кыз:

– Менин атым – Гүлбара, ушул шаардын падышасы болом. Менин атам – Тынык хан, сени ким келип жеңсе, ошол жигитке тиесиң деген, силерге макул болсом, шартымды бузбайм.

Гүлбаранын атасы Тынык менен сүйлөшсө кызын бере турган болду.

Гүлбара кыздын шаарына үч күн жатып, Береке шаарына барып соода кылып, келе жатып кызды алып кетебиз, – деп, убаданы бек кылып кетишти.

Сурап менен Билерман сыйкырдуу кыздын шаарынан өтүп, эки-үч күн жол жүрүп, үзүр шаарга кире бергенде, чоң тыттын түбүндө булак бар экен, ал булактын түбүндө бир кемпир-чал жашоочу. өткөн-кеткен жолоочулардан катык сурап, оокат кылчу экен, жол жүрүп, кеч келип, кемпир-чал отурган булакка түнөйлү, – деп кайрылат.

Кемпир-чал айтты:

– Биз болсо өткөн-кеткендерден кайыр сурап, оокат кылган бечарабыз, катыгыңар болсо бергиле да, биерге жатпагыла, ар күнүкандын казынасын уурдайбыз деп ушул жерге жети каракчы чогулуп келип, казынага бара албайт. Силерге окшогон жолоочуларды талап алып жиберет.

Билерман:

– Ушул жерге жата беребиз, – деп, түнөй турган болот.

Караңгы киргенде жети каракчы келет. Жети каракчы Билермандан:

– Каяктан келе жатасыңар, каякка баратасыңар? – деп сурайт.

Билерман:

– Уурубуз, ушул уурдап келе жаткан койго ыраазы болсоңор, силерди да шерик кылабыз.

Отуруп сырдашкандан кийин, жети каракчы:

– Хандын казынасын уурдайбыз деп күнүгө келебиз, бирок уурдап кете албай, күнүгө убарабыз.

Билерман:

– Уурдап келаткан койго силер шериктешсиңер. Хандын казынасын уурдасак, биз шериктеш болобузбу? – дейт.

Бардыгы тамактанып, эл жаткандан кийин, казынаны уурдаганы жөнөшөт. Билерман казынанын дубалынын бир жерин киши баткыдай тешип, өзүкирет, казына эки кабат дубал экен, алтын экинчи дубалдын ичинде экен.

– Мен кирем, менин артымдан силер киресиңер, кандай кылып алып чыгарыбызды ичине кирип сүйлөшөбүз. Силер сойлоп отургула! – деп, өзүэң мурда кирип, утур бирден чакырып, тар эшиктен сойлоп кире бергенде башын кылыч менен чаап, бирден таштай берет. Жети каракчынын башын кесип, казынанын ичине калтырып, жети каракчынын оң кулактарын кесип, жети каракчынын аттарынын сол кулагын кесип алып, кете берет.

Хан кароолчулары жетөөнүн башын биз алдык – дейт ханга.

– Макул, азаматтык кылгансыңар, бирок эмне белгилери бар? – деп сурайт хан.

Кароолчулары эч билги көрсөтө алышпайт.

– Демек, муну өлтүргөн силер эмессиңер, андан көрө элге жарыя кылып, өлтүргөн кишини таапкыла! – деп, буйрук берет хан.

Элге:

– Ушундай окуя болду, муну ким кылды? – деп, жарыя салат.

– Муну мен кылгам! – дегендер чыгат.

Андай адамдардан:

– Эмне белгиңер бар? – дейт. Эч нерсе көрсөтө албагандарды капаска отургузуп, издөөнүжүргүзө берет. Таба албайт, кемпир-чалдан башка эч кимди да калтырбайт. Акыры кемпир- чалды алдырып:

– Чет жакадан келген киши болду беле? – деп сурайт.

– Болгон. Жети каракчы казынаны уурдайбыз деп, күнүгө барып уурдай албай, биздин жаныбызга түнөгөн жолоочуларды тоноп алып кете берген. Кечээ кечинде көп кой айдаган көп киши түнөй турган болушту, караңгы киргенде баягы жети каракчы келген.

Жолоочулардын ичинен Билерман деген:

– Биз – уурубуз, ушул биз айдаган миң кой бир байдын кою экен, койчуларын өлтүрүп, коюн алып келе жатабыз – деп, жети каракчы менен сырдашат.

– Азамат экенсиңер, коюңарга шерик кыласыңарбы? – дейт Билерман:

– Албетте, кылабыз, – дейт. Силердин эмне өнөрүңөр бар? – деп, жети каракчыдан сурайт.

Жети каракчы:

– Ушул шаардын ханынын казынасы бар, кире албай жүрөбүз, – дейт.

Билерман айтты:

– Койго дагы шериксиңер, казынаны уурдасак, силер бизди шерик кыласыңарбы!

– Уурдашсаңар, шерик кылабыз! – деди.

– Болду, уурдашпай анан! – деди.

Жолоочулар жети каракчы болуп казынага кеткен, таңга маал жолоочулар жайладык, – деп, коюн айдап жөнөп кеткен. Жолоочулар чай ичип, жай жөнөгөн, шаардан көп алыстай элек болуу керек, – деди кемпир-чал.

Хан жолоочуларды таптырып келип:

– Силер эмне билесиңер? – деди.

– Ханым, аны мен кылдым, – деп, Билерман айтты.

– Эмне белгиң бар? – деди.

– Белги бар! – деп, оң чөнтөгүнөн жети каракчынын оң кулагын, сол чөнтөгүнөн аттардын сол кулактарын алып, хандын астына таштады.

үзүр шаарынын ханы Райымбек Момун уулу Билерман менен Сурапка чоң ырахмат айтып:

– Бали, баатырлар, Билерман сага бойго жеткен кызым бар, аты – Сырга, кызымды калыңсыз берем! – деди.

– Жок, ханым, менин агам – Сурап. Кызыңызды Сурапка бересиз, – деди.

Хан кызын үч күн конок кылып сыйлап, анан алып берди.

– Күйөө бала Сурап кайнатасынан сурады:

– Менин атам Нуржан миң кой айдаткан. Береке шаарына саткыла деген, атанын айтканын сыйлап, Береке шаарына сатабыз. Кызыңызды камдантып турсаңыз, келе жатып ала кетсек экен, – дейт.

үзүр шаарынын каны буга макул болду. Сокур соодагер балдары Береке шаарына барып, соода кылып, малын сатып бүттү. Малы жакшы пул болду.

Билерман ушул шаарда жакшы ээр жасай турган бир уста бар экен, ошого жолукту. Миң сомдук ээр жасап бер, – деп, колуна миң сом берди.

Ээрчи он күндөн кийин келип:

– Ээриңди ал! – деди.

Он күн өткөндөн кийин Билерман Сурапка айтты:

– Бүгүн ээрчиге барасың, ээрге кызыгып ала койбо. Ээрчиге дагы миң сом бер. Мындан да жакшы ээр бергин, – деп. Ээрчи бул ээр жакпаса, миң сомуңду ал. Мен мындан ары ээр жасаганды койдум, – деп, устаканадан чыгып кетет. Сен артынан калбай, ээрчип бара бер. Жолдон коркунучтуу жолборс, илбирс, ажыдаар кезигет, коркпостон бара бер. Сага алар тийбейт. Калың бактын арасында чоң ак үй, ичине кирсең орундук бар, отура бер, таң атканча отур, бирок уктаба.

Сурап түнүменен отурат, эч ким кезикпейт. Таңга маал бир кыз келип, «кылыч менен чаап салайын» десе, кылычтын бетинде: «өлтүрбө, сенин никеңди ушул жигитке буюрган» деген жазуу турат.

Береке шаарынын ханы Азрапжан кызымды эч кимге бербейин, кызым менен эч ким сүйлөшпөсүн, – деп бактын арасына үй тигип, коркунучтуу айбандарга кайтартып койгон. Кыз ойлоду: «Атам эрге бербейм деп ушул жерге бекитсе, бул эмне деген шумдук, бул жигитти өлтүрбөй коё турайын».

Таң атканда Сурап туруп жолдошуна келди.

Билерман:

– Эмне көрдүң? – деди.

Сурап:

– Эч нерсе көргөнүм жок.

– Уктадыңбы?

– Таңга жуук көзүм илинип кетиптир, – деди.

– өлбөй калыпсың, жакшы болуптур. Эми курсакты жакшы тойгузуп, кечке чейин укта, кечинде баягы жерге барасың, – деди.

Сурап кечке чейин уктады. Билерман Сурапты ойготуп:

– Баягы жерге бар, бирок уктаба, бүгүн уктасаң, тирүүкалбайсың! – деди.

Сурап барды, уктабай отурду. Түн ортосунда кыз келип:

– Бул жерде эмне отурасың? – деди.

Сурап:

– Сизди күтүп отурам, – деди.

Кыз айтты:

– Мени атам эч кимге бербейм, – деп ушул жерге бекиткен, – кокус киши барса, өлтүрөсүң, – деп, мобу кылычты колума берген. Сени түндө чаап таштай турган элем. Кылычты сага көтөрсөм, кылычтын бетинде жазуу пайда болду. Эми менин пальтомду көтөрүп, атама салам айтып киргин. Пальтону тааныйт. өзүң билип жооп бер! – дейт.

Сурап пальтону алып, Билерманга барды.

– Кудай бериптир, кыз колубузга тийди. Пальтону көтөрүп ханга баргын, сен бул пальтону кайдан алып жүрөсүң, бул менин кызымдын пальтосу, – дейт. Сиздин кызыңыздан башка пальто жок деп ойлойсузбу, мындай пальто бизде тогуздап бар дегин, мындай пальто эч кимде жок, – деп жасаткан. Эгерде ушундай пальтодон тогузду таап берсең, мен сага ушул пальто кийген кызымды берем, – дейт. Болуптур, үч күн мөөнөт берсеңиз, мен тогуз пальтону таап келемин дегин, – деди Билерман.

Сурап пальтону көтөрүп хандыкына барды. Салам айтып, пальтону илип коюп отурду, хан аялы экөө таанып:

– Сен бул пальтону кайдан алып жүрөсүң, менин кызымдын пальтосун, – деди.

– Сиздин кызыңыздан башкада мындай пальто болбойбу? Биздики тогуздап турат.

– Эгерде силерде тогуз пальто болсо, анда кызымды берем, эгерде жок болсо, башыңды алам! – деди.

– Болуптур, үч күн мөөнөт бериңиз, – деп Сурап чыгып кетти.

Билерманга келди.

– Убада кылдык, ушул пальтодон тогузду тапсак, бере турган болду кызын.

– Сен ушу жерде эс алып жата бер, эртең ушул маалда келип калам, – деп Билерман бир жакка жөнөп кетти.

Билерман тогуз пальтону таап, айткан убагында келип калды. Билерман экөө тогуз пальтону көтөрүп, хандыкына барды. Хан аялы экөө кеңешти.

– Биз пальтону жасатканда, мындай пальто эч кимде жок деп жасаткан элек, бул жигит тогуздап көтөрүп жүрөт, оңой жигит эмес экен, убада боюнча кызды берели, – деди.

Кан кызды түнүменен төөгө айдатып жөнөттү.

Сокур соодагердин балдары Сурап менен Билерманга Береке шаарынын ханы Зулайка кызын жыйырма сарпайын кул-күңүменен отуз түтүн эл кошуп жөнөттү. үзүр шаарынын Райымбек кызы Райымбүбүнүэлүүтөөгө сарпайын жүктөп, кул-күңүменен жөнөттү. Сыйкырдуу кыздын атасы Тыным хан сыйкырдуу кызы Гүлбараны он түтүн кул-күңүменен жүз төөгө сарпайын жүктөп жөнөттү.

Сыйкырдуу кыз: «Шаарында аскери менен таш болуп калган эки жигиттин апасы ак байбиче келсе, балдарын дос кылалы», – деп камданып турган экен, жүз жылкы ал жөнөттү.

Камыштуу булактагы мастан кемпир өткөн-кеткенден ар кандай айла-амал менен жыйнаган мүлктөрүбар экен, анын мүлкүн бүт алып, сокур соодагердин баласы эпсиз байып, армансыз келе жатты.

– Кана, жолдошум, дагы эмне арманың бар? – деди.

– Билерман, ыракмат сага. Бир гана арманым – мен ушинтип келе жатканда атам соо болуп, өз көзүменен көрүп, алдымдан улак тарттырып тосуп, чоң тойду өзүөткөрсө, эки дүйнөдө арманым болбос эле! – деди Сурап.

– Ал да болот. Сен жай бара бер, атаңа барып, ушул маалда атаң экөөбүз алдыңдан тосуп чыгабыз, – деди Билерман.

Сокур соодагер баласы Сурапты базарга барып биздин үйдө жок буюмду алып кел деп колуна миң сом берип базарга жөнөтпөдүбеле. Сурап базардын баарын кыдырып караса, базардагы буюмдун бардыгы үйдө бар экен. Сурап: «Атам өзүнүн байлыгын билсин деген экен го», – деп ойлоду. Базарда бир адам ит жетелеп жүрүптүр. Иттин эки жагын караса, кара экен. Биздин үйдө мындай ит жок деп, ошол итти сатып келген. Билерман ошол итти союп, сокур соодагердин көзүнө сүрттүэле, көзүачылды.

– Эми атка мин, балаңдын аман-эсен ойноп-күлүп, хандын кызын күң-кулу менен, адамдын акылы жеткис олжо менен келатканын өз көзүң менен көрүп, алдынан улак тарттырып чыгып, тоюн өткөр! – деди.

Соодагер көздүүболуп, эли менен баласы Сураптын алдынан улак тарттырып тосуп алды.

Билерман ата-баланы кошуп:

– Кана эми, миң сомдук кызмат кылдым бекенмин силерге?

Сокур соодагер баласы Сурап:

– Балам, Билерман, миң сом эмес, эсеп жеткис кызмат кылдың! – деп ыраазылыгын айтып, – эми экөөң тең бир тууган болуп ушул дүйнөнүн ыраатын көргүлө, – деди.

Билерман:

– Сиздер ыраазы болсоңор болду, – деди, – мен силерге ыраазымын, мени көрүмдөн сууруп чыгып, беш дилде үчүн уруп жатканда, ажыратып алып, ызат менен күмбөз салдырып, ак кепиндеп көмдүңөр эле. Сурап узак жашап, алып келген кандын кызынан өнүп-өсүп, убай көр, мен кеттим! – деп кыбыланы карап, Билерман учуп кетти.

АЛТЫН БАЛЫК

Илгери бир заманда Дүйшөбай баатырдын өскөнбай деген жалгыз баласы бар экен. Дүйшөбай жети-сегиз жыл ооруп жатат. Барбаган молдо-кожо, көрүнбөгөн дубана-бакшы калбайт.

Айласы кетип жатканда үйүнө билгич адам келип калат.

– Алтын балык жесең айыгасың! – дейт.

– өскөнбай, балам, сенден башка ким кармап келет, өзүң барып Кара дайрага кайырмак салып көрчү– деп, баласы өскөнбайды жиберет.

өскөнбай Кара дайрага кайырмак салып, жети күн олтурат. Жетинчи күнүкайырмагына алтын балык түшөт. Балыкка тил кирип:

– Мен каалаган буйругуңду орундатам, – дейт.

– Жок, менин атамдын оорусуна сен дарысың, сени атама алып барып бышырып берейин, – дейт.

– Атаңы мен айыктырамын, сага узак өмүр сурап, кандын кызын алып берем, – деп жалынат.

«Атам карып калды, ажал жетсе өлөр, болбосо мен айыктырам деп жатасың», – деп алтын балык менен дос болуп, өскөнбай Кара дарыяга коё берет. Жети күндөн кийин өскөнбай үйүнө келет.

– Балык түшпөдү.

Кысталак табып жалган айткан экен да, – деп, Дүйшөбай ишенбей калат. Табып жети күн кайырмак салса, балык түшпөй койбойт деген.

Бир канча күн өткөндөн кийин алтын балыкты айткан адам үйүнө кайра келип калат.

– Дүйшөбай акыбалың начар го, – деди.

– Балам, жети күн сууда олтурду, балык түшкөн жок, – деди.

Ал киши ырам1 ачат экен. Ырам ачып:

– Балык түшүп, балаң коё берген экен, – деди.

өскөнбайдын атасы Дүйшөбай:

– Менден балыкты… – деп чакырып: – Менин балам менден балыкты жакшы көрүп коё бериптир. Ырамчынын айтуусуна караганда, алтын балыкты жегенде мен айыкмакмын – деп, баласын элдин алдында даргага аса турган болот.

Баланын энеси:

– Мага баламы бергиле, бир түн алып жатайын, – деп, ыйлап сурап алат. Энеси Бакбүөскөнбайды алып жатып баласынан:

– Атаң айтканынан кайтпайт. Мен азык даярдайын, сен укта, балам, мине турган атты да даярдайм.

Энеси Бакбүазык-түлүк, мине турган ат даярдайт.

Баласы:

– Сизди менин ордума өлтүрүп коёт. Атама мен ыраазымын! – дейт.

– Жок, балам, сен жашсың, сен күнүңдүкөр, мени өлтүрө албайт, – деп, баланы качырат.

Атка салып минип жүрө турган куржун, куржундун ичине бата турган сандык даярдап, сандыктын ичине алтын-каухар салып берет.

– Балам, жолдон бирөө кошулуп калса, атың сийсе ат сийгенче атынын башын тартып токтотуп турган кишиге, жол жүрүп баратканда сол жагыңдан келип салам берген кишиге, атыңды токуп атказа турган кишиге, душман жолуңан чыкса, сенден мурун келтек чаба турган кишиге жолдош бол! – деп баласын бетинен өөп-жыттап, кыбыланы карап, батасын берип жөнөтөт.

Баласы бир күн жол жүргөндөн кийин бир чоң сууга салган көпүрөгө жетет. Көпүрөдөн өтө бергенде сол жагынан салам берип, өзүнө теңтуш жигит жолугат. Жигит кичи пейил экен, чоң жолдо жолдош болуп калат.

– Бири-бирибизге ишенише турган бололу. Мен дагы эмитен ата-энеден бөлүнүп чыккан мусаапырлыкты мойнума алган жигитмин, – дейт өскөнбай.

– Андай болсо экөөбүз жамандык-жакшылыкты бир көрөлү, – деп экөө бир хандын шаарына барат.

Шаардын элинин баары:

– Хандын эки тулпары жоголду, – деп көчөдөн-көчөгө, кыштактан-кыштакка чапкылап, суроо салып жүрүшөт. өскөнбайга жолдон кошулган баланын аты – Акжолтой экен. өскөнбайга ал бала:

– Бул хандын аттарын Термиз шаарынын ханы уурдап кетиптир. Эми хандын аттарын биз гана кайра уурдап алып келип беребиз, – дейт.

Ат уурдаткан хан:

– Кимде ким тулпарлардын дайынын билип, колума тийгизсе, сарпайымы менен кызымды берем! – деп жар салат.

өскөнбайга Акжолтой:

– Термиз шаарынын ханы абдан бекем жерге бекитти. Бирок табышыбыз керек.

– өзүбүз талаада тентип жүрүп, колго түшсөк эмне болот? өлүп калбайлык? – деди.

Акжолтой:

– Жок, кудай кааласа, колго түшпөйбүз! – деди.

Экөө ханга барды.

– Убадаңыз бек болсо, атты биз таап, сиздин колго сөзсүз тийгизебиз! – деди.

Кырмуз шаарынын ханы:

– Хан калп айтса башын жейт. Мен – ханмын, калп айтпаймын! – деп убада кылды.

өскөнбай менен Акжолтой Термиз ханынын шаарына барды. Аттарды абдан бекем бекитип, кароол коюптур… Кароолчусу менен сүйлөшүштү.

– Кароол болгонуң үчүн канча айлык аласың?

– Айына беш теңге алам.

Акжолтой:

– Биз сага өмүр бою жете турган алтын беребиз. Аттарды чыгарып бергин да, биз менен качкын! – деди.

Кароолчунун колуна элүүтилде берди. Аттарды алып чыгып, ээсинин колуна салып берди. Кырмуз шаарынын ханынын убадасы боюнча кызын сарпайы менен көчүрүп, өскөнбайга берди.

өскөнбай атасы Дүйшөбай ооруп жаткан бир күнүдубана болуп келип:

– Дүйшөбай ата, сиздин ооруңузга ак төөнүн сүтүменен ак жыландын уусу дары. Экөөнүкошуп ичсеңиз айыгасыз, – деп айтып кетип калды.

Дүйшөбай: «Ак төө менен ак жыландын уусун кайдан таптык» – деп жатса, көп төө жетелеген бир топ соодагерлер келип калат. Жетектеги төөлөрдүн ичинде бир ак төөнүн ботосу өлүп калып, желини чыңалып, боздоп баратат.

Кербендер Дүйшөбайдын үйүнүн жанынан өтүп баратып, аялына:

– Аяш эне, мынабу төөнүн желинин сүт тээп, боздоп баратат, саап алыңызчы, – дейт.

Дүйшөбайдын аялы Бакбүтөөнүсаап, ашкананын оозуна коёт. Жолоочулар кеткенден кийин Дүйшөбай чалкасынан түшүп жатса, бир ак жылан чарадагы сүткө башын салып жатканын көрөт.

– Бакбүмага чарадагы сүттөн берчи, баягы жаш жигиттин айтканы келет экен. Кудай кааласа мен айыгат окшоймун, – деп, чарадагы сүттүиче берип, Дүйшөбай жети күндөн кийин оорусунан айыгат.

Баласы өскөнбай Кырмуз шаарынын кызын көчүрүп атасыныкына келип калат. Баланы ата-энесине ошентип Акжолтой кошот да:

– Мага ыраазы бол, хандын кызын дүнүйөсүменен алып бердим. Атаңы айыктырдым. Эми мага ыраазы болгула. Мен баягы сен кармаган алтын балыкмын. Бирок экөөбүз түбөлүк доспуз. Керек болуп калсам, Кара дайрага барып чакыр. Мен даярмын, – деп кыбыланы карап учуп кетет.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

22-04-2011
Жомоктор топтому
92717

08-04-2011
Жомокчу
94521

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×