Добавить статью
8:40, 8 апреля 2011 11135

Комузчу

Автор: ЖӨЛӨГӨН

жөлөгөн 1973-жылы август айында Кыргызстан Композиторлор сою­зунун алдындагы фольклордук кабинеттин кызматкерлери Ысык­көл өрөөнүбоюнча командировкага чыгышты.

Фольклордук кабинеттин башчысы Бейшембиев Бектен, композитор Таштан Эрматов болуп үчөөбүз рафикке түшүп, магнитофондорду салып алып, көлдүкөз­дөй бет алып жөнөдүк.

 Рыбачье  шаарында  жашап туруучу, элге кеңири белгилүү«Ойдай» обонун чыгарган Ойдай апага келсек, үйүндө жок болуп чыкты.

– Күтө тургула, ушул эле тегеректе болуш керек, – деп неберелери жүгүрүп издеп кетишти.

Бир аздан кийин аппак чоң элечек салынып, чач учтуктарды тагынган, бетинде бырышы жок, ак жуумал, бели түптүз Ойдай апа келди.

Апанын чыныгы аты СултанбүбүАкынбек кызы (1888-жылы туулган) экен. Ошол ырына карата Ойдай апа атыгып кетиптир.

«Ойдай» ырынын чыгыш тарыхын, эсинде калгандарын магниттик лентага жазып алып, Рыбачьеден ары өткөндөгүСарыкамыш айылына келдик.

Комузчу Жөлөгөн Чымырбай уулунун үйүн сурамжыласак, дал жолдун боюнда болуп чыкты.

Барсак, ооруп төшөктө жатыптыр.

Дароо туруп, эшикке чыгып келип олтурду.

– Күүңүздүжазып алууга келдик, – деп Бектен сөз баштады.

– Жазып алгыла, айланайын. Комуз чертип бергенге кантип жарабайын, – деп жооп берди.

– Анда жакшы болот, – деди да Бектен машинадан магнитофонду алып келип коюп, алды менен өзүтекшерип, жазууга киришти.

Мен койдун ичегисинен жасалган бир түрмөк кылдарды чемоданыма салып койгом.

– Ушул түрмөктөрдүн ичинен тандап бирди алыңыз. Ар түрмөк, бир койдун ичегиси.

Ар бирин баамдап карап көрүп, бир түрмөктүтандап алып, комузуна ошо кылдан такты.

Бектен жазууга киришти. «Жаа толгоо», «Сур толгоо», «Кер толгоо», «Жаш кыял», «Коңур каз», «Эркин күү», «Кара бодур шыңгырамасы», «Желдирме», «Боккөтөндүн ботою», «Мамырбектин ботою», «Куу ингендин ботою» ж.б. жыйырма бештен ашуун залкар күүлөр магниттик лентага түшкөндөн кийин:

– Ооруп жаткан кишини көп кыйнабайлы, – деп айтып калды Таштан Эрматов.

– Калганын кийинки келиште! Тезинен сакайыңыз! – деп бул сунушту Бектан да туура таап, магнитофонду жыйнаштырууга киришти.

– Бул күүнү«Бургуй» деп коёт, – деди Жөлөгөн ата комузун жерге койбой, чертүүгө ыңгайланып. – Мейли чертип берейин, кулактын курсагы жок эмеспи, угуп койгула.

Илгери нойгут элинде Жаңыл мырза деген баатыр кыз чыгат. Бул кыз быяк-тыяктан келгендерди баатырдыгына ишенип, тоготпойт экен.

– Жаңыл мырзаны мен барып багындырамын, – деп биздин Бургуй жортуулга аттанат.

Бургуй барып жеңилип, кыздын колунан өлөт. Ошондо баатыр келбей калганда, аялдар кошкон экен:

Кара кыр ылдый көч келет, Бургуй,

Карчыгаң шаңшып бош келет, Бургуй,

Кызыл кыр ылдый көч келет, Бургуй,

Кыргыйың шаңшып бош келет, Бургуй.

Салганың калды сарала кыргый,

Алганың калды келинчек, Бургуй,

Ак зоонун боору эңилчек, Бургуй,

Көргөнүң калды келинчек, Бургуй.

Минген атың тор кашка жорго,

Жорголой албай бир таман жолго.

өзүң бир бардың жарактуу колго,

Не катылдың өзүңдөн зорго,

Түшүп калдың казылган орго, –

деп маанисин айтып, шаңшытып чертип берди.

Комузчу Чымырбай уулу Жөлөгөн 1906-жылы Тоң районундагы «Улахол» совхозунун аймагында төрөлгөн.

Он төрт жашка чейин ата-энесинин тарбиясында өсөт. Агасы Ажы комуз чертчү. Ал алгач агасынан, он үч жашында кадимкидей комузга кол ойнотуп, чоң комузчу Акматаалы Моңолдор уулунан үйрөнөт.

1925–1930-жылдарга чейин атактуу комузчу, кыякчы Муратаалы Күрөңкөев менен бирге болуп, көп таалим алат.

1936-жылдан тартып, республикалык олимпиадаларга үзбөй катышат. Көп жылдар бою Тамчы совхозунда эмгектенет. Балдарынан ата кесибин улантып, Зууракан менен Карыбай да комуз чертет.

Жөлөгөн Чымырбай уулу 1967-жылы республикалык радиого 30га жакын күүжаздырып кеткен.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×