Добавить статью
10:03, 12 апреля 2011 29919

Комузчу

Автор: АСАНБЕК

асанбек Атасы жээрде чоң аты бар абдан нооча зор киши болуучу. Ошондон башка ат көтөрө алчу эмес. Анткени атасынын атасы Ботугурду ат көтөрө албай, өгүз минип жүрөт.

Ал киши Бетикара талаасында жашоочу экен. Ошол Бетикаранын маңдайында Жанбулакка, суунун быяк өйүзүнө жайык аккан жеринен сууну жөө кече коюп, бир койду жетелеп келе жатса, Шайтан көпүрөгө жакындаган кезде, артынан куугунчулар жетип келет. Ошондо койду мойнуна сала коюп, күүлөнүп келип чоң суудан аттап кеткенде:

– Ой, бул адам эмес, шайтан экен, кечтик, алып кете бер, – деп кете беришет.

Кийин жыгачтан көпүрө салынганда, шайтан аттаган жер, шайтан көпүрө болсун деп аталат.

Атасы да атасын тартып, шадылуу, жотолуу, сейрек сакал, мурду кырдач, өзүарык, сөөк-саактуу болгону үчүн башка ат минсе, бат эле жооруп кетип, андан башка ат көтөрө албоочу. Бетинде чаарыраак тактары бар (кичине чагында чечек чыккан дейт).

Кара сур келген, балбанга түшпөгөн карылуу киши болгон. Апасы да карышкырды куйруктан алып кармаган киши. Карышкыр күч алган мезгил. Бир жолу түн жарымында короодогу кой үркүп, ызы-чуу түшөт.

Атасы-апасы сыртта короонун четинде жатат. Ай жарык. Караса, көгөндөгүкозулардын бирөөнүн куйругун бир карышкыр сугунууда. Ошондо апасы чуркап жетип, карышкырды куйруктан алганда, тоң моюн неме ары-бери жулунуп, апасына кол сала албай жатканда атасы боз үйдүн жанындагы жыгач токмокту ала чуркап барып, тумшукка чаап өлтүрөт.

Ошентип жүргөн апасы короого туз жегени келген көбөрүп1 турган атты кармап, кыштакка минип барайын десе, көчүгүн салып кошкуруп карматпайт. Акырын сылап, алдыңкы бутунан кармаса, арткы буту менен ат тээп жиберип, бир көзүмайып болуп калган. Ошондо атасы укурук алып чыгып кармап:

– үйдөн чоң бычакты алып чык! – деп Асанбекти бычакка чуркаткан. Чоң бычак колуна тиери менен бир колу менен кулактан алып, сол колу менен ээктен кармап, мойнунан бурап көтөрүп чаап, ошондо чоң бычак менен чалып жиберип, айылдагы элди чакырып, ошол аттын этин бөлүп берет.

Атасы бир сырдуу, бир калыпта жүргөн, берешен, март киши болгон. Бир колхоздун элин карысы, жашы дебей кышкы согумда бир, жазгы сүргө бир чакырчу.

Атасынын ата-энеси жаш кезинде өлүп, өтө кембагал, башка чукак болуп, бир өзбекке малай жүрүп, ошолордун малын кайтарып, малдуу болуп оокат кылат.

Апасы Букеш Молдосары кызы чарчы бойлуу, эткээл, көп сүйлөбөгөн, өзүажарлуу, кызылдуу, элге-журтка мээримдүү, келген меймандарга кабак-кашы жарык чай берген адам болгон.

Кийинчерээк жыйырманчы жылдары Асанкожо, Эсенкожо, 1930-жылы Асанбекти төрөп, андан кийин төрөбөй калат. Атасы Акбулуңга көчүп барып, колхоз уюштурууга көп салым кошот. Колхоз курулгандан тартып, кампачы, ферма, айыл аксакалы болуп турган кездерде кар эки метрге чейин жаап, жут болот.

Ошол мезгилдерде мамлекет жылкынын сапатын өзгөр­төбүз деп, ар бир колхозго бирден таза кандуу зоот айгыр берген. Атасы жылкы ферма болгондуктанбы, айгырды багып, таптап минип жүрчү.

Алардын үйүКаракоо деген жерде эле. Бир күнүКараталаадагы жылкычыларга барып, кечкурун үй тарапты көздөй жөнөгөндө күн алай-дүлөй болуп, кар бурганактап, ой менен тоонун айырмасы көзгө көрүнбөйт.

Зоот айгыр кыргыз жылкысындай карды жирегенди билбей, күрткүгө тыгылып баса албагандыктан, өзүтүшүп, карды таптап, жетелеп жүрүп олтуруп, үйгө жете албасына көзүжеткен соң, айла жок бир күмбөздүн ичине түнөйт. Эртеси эптеп үйгө жетип:

– Кардуу жерге минчүмал эмес экен, – деп чоң жээрдесин минип, кыштакка кетет. А киши ферма болуп, бир жагынан колхоздун коюн да бакчу. Эртең менен үйгө келсе, колхоздун кою короодон чыкпай калган. А кезде азыркыдай жем-чөп менен камсыз кылчу эмес.

Байбичеси Бурулкан экөө жыгач күрөктөрдүалып, тоонун бооруна чейин кар күрөп жол ачып, эптеп тоонун баш жагына чыгып, а жерден көчкүкөчүрүшөт. Көчкүкөчүрүшүп жатып, байбичеси Бурулкан көчкүменен кеткенде, ал көчкүнүн артынан тоо ылдый кулап, артынан жетип барса, чачы гана чыгып калыптыр. Ошо жерден күрөк менен көчкүнүн карын күрөп жатып сууруп алат. Кайра келип, койлорду жолго салып чубатып, көчкүкөчкөн жерлерге койлорду алып барып багат. Бир кыш ичинде жем-чөбүжок колхоздун малын аман алып калып жүрөт.

Бир жылы Кыдырназар койчулар менен көчкүкөчүрүп жүрүп, көчкүалып кетип, койчулар көчкүнүчукуп жатып таап алганда, өлүп кала жаздап, араң жан болуп чыккан.

Ушинтип, эл үчүн иштеп, жан аябай жүргөн мезгил!

Апасы илгеркинин узу. Шырдак, ала кийиз, боз үй, аяк кап, чыны кап, төө чепкен, кементай жасоочу.

Асанбек Акбулуңда1 төрт-беш жашында жылаңайлак козу кайтарып, буттары чор болуп кесилип ачышканда, кечинде суу менен жууп, каймактан сыйпап, коломтодогу отко кактоо­чу. Ошол мезгилде аткулактын сөңгөгүкүздүн күнүак куурай болгондо сындырып алып келип, куурайдын бетинде тарам-тарам жипти тырмак менен акырын сыдырып, кыл сыяк­туу болуп куурайдан бөлүнгөндө ширеңкеден тепкек коюп, акырын чертип үн чыгарчу. Ал комузга кызыгууну ошонун үнүнөн баштаган. Анын бир тууган агайы Асанкожо адегенде эле мектепке директор болуп чыкты. Ал өзүкүүчыгарбаганы менен залкар күүлөрдүтаза чертчү. Бирок комузун кишиге карматпоочу. Ошол комуз черткенде жанынан чыкпай угуп олтурчу. Мүнөзүкатуу болгондуктан, өзүжокто да комузуна даап бара алуучу эмес. Ал киши турганда балдардын аркасына барып, чикит чаап, чүкө да ойноочу эмес. Ошо себептүүэкинчи, үчүнчүклассты отличник болуп бир жылы бүткөн.

1939-жылы тогуз жашында агасы аскерге кетти. Ошондо комуз ээн калганына аябай сүйүнөт. Көрсө комузга кызыгуусу ушундай кубанычка алып келсе керек. Аскерге кетээрдин алдында коңшу колхозго учкаштырып барып, колуна кагаз берип:

– Тээтиги короодо Самса деген кыз бар, ошого берип, кайра жооп алып келесиң – дээр эле. Айтканындай жасоочу. Көрсө, үйлөнөбүз деп сүйлөшүп жүргөн кызы экен.

Самса он жети жашар, ак жуумал татынакай кыз. Тилегине жетпей, 1939-жылы аскерге кетээрде:

– Менин катымды кызга берип, кыздын катын мага жиберип турсаң, – деп табыштап кетти. Агайы аскерге кеткенде, ушундай бир сүйүндү, биринчиден, кой-ай деген киши жок, экинчиден комуз калды. Кызга табыштаганын аткарып жүрдү. Комузду колунан түшүрбөйт.

1939-жылы күз айлары өтүп, кычыраган кыш келди. Чоң Нарын тоңуп, Нарын дайрасынан буу чыгып, учуп бара жаткан сагызгандар суукка чыдабай топ этип түшүп калганы да болду. Күндөрдүн биринде агайынан келген катты кызга алып барса, окуп алып:

– Мени алып кет, – деди.

– Агайым аскерде жүрсө, сени алып кетсем кандай болот? – десе.

– Ошол Асанкожонун тебетейин жыттап, төшөгүнө жатып жүрсөм эле болду. Башканын мага кереги жок. Мени зордуктап башка бирөөгө турмушка берген жатат. Эгер азыр алып кетпесең, анда өлтүрүп кет, – деп ыйлады.

Намысы келип, буулугуп кетти да:

– Андай болсо, кеттик! – деди.

Самсанын айылы менен алардын үйүнүн аралыгы болжол менен алганда жети километрдей жер. Кыштын кыраан чилдеси. «Чоң жолго түшсөк, артыбыздан куугун түшүп, кармалып калабызбы?» деген ой менен, карга малтып,1 Нарын суусунун боюн бойлоп, муздун үстүменен жүрүп олтурду да, үйүнө түн ортосу ченде жетти.

Аларда эки үй: бирөөндө өзүжашап, бирөөндө эмерек сакталуучу. Ал кезде айнек жок, эмерек сакталган үйдүн терезесине газет каланчу. Терезеге чапталган гезитти айрып, муздак тамга кирип, боз үйдүн үзүк-туурдугун алды.

– Эми ушу кийизге оронуп жатып алалык, – деди.

Ал болочокку жеңеси:

– Сен үйгө барып жат, ата-энең издеп калышпасын, – деген сунушун айтты.

– Сен жалгыз коркпойсуңбу? – десе,

– Коркпойм, бара гой, – деди.

Ал акырын үйгө кирип, өзүнүн төшөгүнө жатты да, эртең менен эрте туруп, бөтөлкөгө жарма куюп, бир сындырым нанды кагазга ороп, терезеден кийирип берип, мектепке кетти.

Кыскасы эч жанга көргөзбөй бир жумача баккандан ки­йин өзүда чыдабай кетти көрүнөт. Караңгы тамда олтуруп, өңүсаргарып бара жатканын сезди.

– Ушинтип эле жашай беребизби? – десе, – эмнеси болсо да эми апаңа болгон чындыкты жашырбай түшүндүр, – деди.

Чуркаган бойдон апасына барып айтты. Апасы атасына айтты. Атасы аны жинди деп эркелетээр эле.

– Эй, жинди, беркел! – деп чакырып алып, иштин чоо-жайын сурады. Болгонун болгондой кылып, төкпөй-чачпай айтып берди.

Атасы бир топко ойлонуп отуруп, көптөн кийин өзүнүн жолдошторунан:

– Курманбай, Казак, Тойтуке, ушуларды чакырып кел, – деди. Ал байкесинин кула жоргосуна минип алып, айткан кишилерди чакырып келсе, үйдүн ичине көшөгө тартылып, кызды көшөгөгө кийирип, казанга тамак асып, күтүнүп турушуптур.

Курманбай аттуу-баштуу башкарма, сельсовет болуп жүргөн кыраакы киши. Көшөгөнүбир карап, апасынын кыймылынан байкадыбы:

– Кыдырназар, бул кандай иш? – деп сурап калды.

Атасы:

– Жай түшүнөсүңөр, чайга олтургула, – деди. Дасторкон жайылып, чай куюла баштады. – Ай дейм, казаның бошосо, тамак ас, – деди.

Апасы өз иши менен алек. Атасы келген жолдошторуна болгон ишти баяндап берди.

– Силерден кеңеш сурайын деп чакырдым, – деди.

Ошондо Курманбай:

– Кыдырназар, сен кызык экенсиң, кыргыз баласынын ирегесине жолбун ит келсе, жугуңду куюп берип, ырыскы келди деп багып алчу эмес беле. Ит эмес үйүңө кара баштуу киши, ырыскы келген турбайбы, акжолтой, ырыс-кешиктүүкелиниң болуп, балаң аскерден аман-эсен келет экен, оомийин! – деп бата кылышты. Ошондон тартып, ага келин болуп кала берди. Ата-энеси жок, таякелеринин колундагы кыз экен.

1940-жыл. Жаз келди. Соко башталды. Ал атка минип, жеңеси соко кармайт. Жай келди. Ал чөп чабат, кайниси чө­мөлөйт.

Күз келди. Ал эгин орот, кайниси боолайт. Убакыттар өтө берди. 1941-жыл болду. Ата Мекендик согуш башталды. 1942-жылы агайынан «оң бутумдан жарадар болдум, госпиталда жатамын» деген кат, 1942-жылдын акырында: «Бутум айыкты, кайра согушка кирип баратам» деген дагы бир кат келди.

Ушул мезгилге чейин кош айдалса да, чөп чапса да, эгин орсо да бирге жатып, бирге туруп жашап жүрдү. Тилеги бир гана – Асанкожонун аман-эсен келиши.

1943-жылы жазында Асанкожо агайынан кара кагаз келди.

Ошол кезде областтык аткаруу комитетинин төрагасы А. Кулунбаев кандайдыр бир булардын колхозуна командировкага келиптир. Айылдагы атка минерлерин, Кыдырназардын жолдошторун ээрчитип алып, келип угузду. Ошондо атасы чындап кайгырып, чындап күйүп, жеңеси эки бетин алып таштап, жер тепкилеп чыңырып ыйлады.

Атасы бир топко чейин таштай катып, келгендерге кайрылып:

– Уулумдун өчүн фашисттерден кантип алам, – дегенде, Кулунбаев айтат:

– Аксакал, тылда жатып эл үчүн жан аябай иштеп, жылуу кийимдерди Советтик Армияга жөнөтүп, жарды-жалчы багып жатасыз. Ушунун өзүсогушка жардам бергениңиз, фашисттерден өч алганыңыз, – дегенде:

– Жок, балам, бир танкиңер канча турат? – деп сурайт.

– Кырк миң сом турат, – дейт.

– Анда эмесе мен он-он беш күндүн ичинде кырк миң сом төгөмүн. Бир балам үчүн жүз фашист өлтүрүп бергиле! – деп, колунда болгон бир аз чарбасын сатып, элден карыз алып, айткан мөөнөтүндө төгүп берген.

Ушул жылы жазында жайлоого көчмөй болушту. Күнчүлүк жол. Атасы жеңесине кара бээ токутуп, кара төөгө жүк жүктөтүп, кара кийиз менен чүмбөттөп, жеңесине кара кийгизип, кара бээге мингизип, төөнүжетелетип көчүп баратат. Ал артынан айдап, күнчүлүк жерде кетип бара жатып, капчыгайды өрдөп кошок кошуп бараткандагы үнү, ошондогу төөнүн басканы, Башнура суусунун шары, капчыгайдын жаңырыгы кулагынан кетпей калды. Бир жыл өттү. Агайынын ашын беришти. Эл чогулуп олтурган кезде атасы элге кайрылып:

– Калайык журт, баламдын ашын берип жатам, бирок силерге айтчу мойнумдагы парзым, өзүңөр билесиңер. Самса балам, келиним эле, эми кызым болуп калды, – деди. Көрсө эми башы бош деген сөзүэкен. Ошондон үч-төрт ай өтпөй, Байгазак кыштагынан эки-үч киши жуучу түшүп келип, сөйкө салып, алып кетти.

Самсаны узатаарда атасы:

– Самса балам, уулумдун арбагы ыраазы болсун, мен сенден калың албаймын. Бир адам бир адамга беш жылы кызмат кылса, мынча дүнүйө тапмак. Бул сенин ак эмгегиң. Мына береки дүнүйөнүоокат, мына береки малдарды тукум кылып ал, – деп бир төөгө килем, шырдак, ала кийиз, жууркан-төшөгүменен сылай жүктөп, уй тукуму, жылкы тукуму, кой тукуму деп, бир бээ, бир уй, он чакты кой айдатып: – Жеңеңди узатып кел, – деди Асанбекти. Узатаарда Самса:

– Мени эки өлтүрөсүңбү, ата? Мен бул үйдөн кетпейм. Балаңыздын ордуна кармап жүрсөңүз болбойбу, – деп көшөрүп туруп алды.

– Антпе балам, Асанбек кайниң узатып келсин. Сени алып келген да, эми узатып барган да ушул болсун, – деп аны кошуп берди. Тагдырга баш ийбеске айла жок, жолго чыгып, Байгазак айылына келди. Көшөгө тартылды. Самсаны көшө­гөгө алып киришти.

Ага кайра кетүүгө туура келди. Жеңеси менен коштошуп кетейин деп, көшөгөгө кирсе, ал кетирбей баягыдай:

– Мени өлтүрүп кет, же кайра алып кет! – деп ачуу кыйкырык кыштактын ичин жаңыртты. Эптеп аны бошотушту. Эшикке чыгып, атка үзөңгүнүсалса, чуркап келип кайра басып жыгылды. Эптеп ажыратышты.

Атасы согушка баш-аягы алтымыш миң сом акча, эки кишилик кийиз өтүк, эки кишилик тон, беш кишилик кол кап берип, жумушчу батальонго барып келген Акун, Усубалы, Жума, өмүралы, Кыдыралы деген кишилерди бир жылы багып, ачарчылыктан алып калган. Асанбек комузун колунан түшүрбөй обон күүлөрдүчерте баштады.

Убакыт өтө берди. Нарын районундагы Акбулуң колхозуна артисттер: Молдобасан, Чалагыз, Карамолдо, Ыбырай, Актан, Муса, Атай, Калык, аялдардан Мыскал, Анвар барып калышты.

Актан кол менен жасап койгондой ажарлуу, орто бойлуу, өтө эткээл эмес, өтө каржайган арык эмес, сакал-муруту сыйда, көзүбажырайган, маңдайы жарык, сүйлөсө сөзү, ырдаса үнү, чертсе комузу бап келишип турчу.

Кечкурун Көкселки жайлоого концерт беришти. Концерттен кийин Кыдырназардын үйүндө конок болушту. Согуш мезгили. Каатчылык. Концерт берип жатканда атасы Кыдырназар аны чакырып алып:

– үйгө чуркап барып, апаңа айтып кой, конок камын жешсин, Актан да келиптир, – деди.

Көрсө Актан аксакал менен ымаласы түзүк экен. Концерттен кийин чогулуп келип, конок болушту. Дасторкондун үстүндө комуз чертип, ырдашып отурушту. Айылдын атка минерлери, атасынын жолдоштору, кыскасы чоң өргөөнүн ичи толтура эл. Таң куланөөк болгондо, ысык тамак жешти да:

– Эми унааңар даяр болгуча бир аз кыңкайып, кирпик суутуп алалы, – дешти.

Жатышты. Эртең мененки шашке ченде кайра чайга олтурушту. Бир аздан кийин алты-жети ат жетелеген үч бала келишти. Көрсө, булар аркы Ийрисуу колхозуна жеткирмек экен. Ал кезде транспорт жок. Жайлоодо араба жүрбөйт. Ошентип дасторконго бата жасашты да, Актан аксакал:

– Мынабу саатты чөнтөгүңө салып кой, Кыдыке, – деди дагы кош капкактуу чынжыры бар күмүш саатты Кыдырназарга сунду (ошол сааты уулу Асанбекте сакталуу).

Актан Асанбекке комуз черттирип көрүп:

– Кыдырназар, ушул балаңдан бирдеме чыгат. Мага кошуп бер.

Эки-үч күн алып жүрүп, комуздун жол башатын бир аз көрсөтүп кетти.

Ошону менен Ийрисуу колхозуна барса, башкармасы Муса Байдөөлөтов тосуп алып, коноктошчу үйүнө артисттерди түшүрдүда, минип барган аттарды баягы үч баладан берип жиберди.

Ал Актан акенин жанында болду. Бир-эки чыныдан чай ичкенден соң үй ээсинен:

– Меймандар, малга бата кылыңыздар, – деген сөз чыкты.

Кой союп жатат. Ошондо Актан аке, кой союп жаткан жигитке:

– Иним, ичегисин келиндерге арттырып, муздак сууга салдырып кой. Комузга кыл жасайбыз, – деди. Көрсө, кылды кандай жасашты үйрөтүүнүн максаты экен. Кечке чейин артист­тер кымыз ичип, эс алып жатышты.

Актан аке экөө боз үйдүн сыртына олтуруп, кыл жасай башташты. Ичегисинин бир учун ага карматып коюп:

– Кылды момундай сыдырат, мына момундай челдейт, моногундай ийрип, мына момундай керет, – деп кылды кере баштады.

– Кылда бүдүр калбаш үчүн салмоор салат, – деп илгич, камчы ж.б. жеңил буюмдарды илип койду. Кыл жасаганды биринчи жолу Актан акеден ошондо үйрөнгөн. Кыл кургап жыйнап алгандан кийин:

– Эми комузга мындай тагат, – деп көрсөтүп, – азырынча үч толгоону үйрөнгүн: «Сынган бугунун» толгоосу, «Насыйкаттын толгоосу» , «Шыңгыраманын толгоосу» – комузду мындай толгойт, капкакты койгулабай, кылдын өзүн чертет, кылды ичегиден жасайт, – деп комуздун толгоосун көрсөттү.

Ошентип үч күн жанынан чыгарбай алып жүрдү. Ошол артисттердин чыгармага болгон мамилелери, сүйлөгөн сөздөрү, жада калса бири-бирине жасаган тамашалары көңүлүнө уюйт.

Ошондон кийин көп жыл көрүшпөй, ал бир жылдык чарба мектебин бүтүп, мал доктур болуп, жайлоого барса, Актан аке жайлоодо боз үйдө экен. Көрсө, филармониядан кийин айылына барып, жылкы ферма болуптур. Ал ошол мезгилдерде залкар күүлөргө кол сала элек, обон күүлөрдүтүзүгүрөөк эле кайрып калган мезгили. Комузун берип, черттирип көрүп:

– Жакшы болуп калыпсың, сенден комузчу чыгат. Бүгүн кетпейсиң, – деп кондурду.

Басса-турса комузду көтөрүп алып, жайдын күнүкөк шиберде, же болбосо өргөөгө кирип, көлдөлөңгө отурса да, Актан аке элдик күүлөрдөн чертип, ага жол көрсөтүп жатты.

Эртеси сапарын улады. А кишини акыркы жолу көрүшү. Андан кийин көрүшпөдү. Актан акенин уулу аскерге кеткенде уулунан бир кызы калган. Ошол уулуна арнап обон чыгарган.

Келсе, келсе, келсе экен,

Келип кызын көрсө экен, –

деген ыры менен обон чертип берген.

Асанбек бойго жетип турган мезгили. Ал Ортосазда Мамырдын Акматынын Мухдарыйка деген кызы бар экен, жакшы кыз болуптур, кудалаган жерине барбай койсо, чоң ата-чоң энеси кулпу салып, жанынан чыгарбайт, ар кайсы жерден күйөөлөп келип, ала качабыз деп, нечен жолу аракет жасашып, ала албаптыр деген сөздүуккандан кийин жолдошу Жасанбайдын агасы Усубакунов Жайык областтык милициянын начальниги болуучу. Ошол милициянын аттарынан экөө эки атка минип, бир атты коштоп, баягы атагы чыккан Мухдарыйканы көздөй жол тартты. Ортосаз кыштагына барып, Батый жеңесин чакыртып, колуна беш жүз сом карматты да:

– Эптеп ушу кызды алып чыгып бер, – деди. «Уккан кабарыбызга караганда кудалаган жериңизди жактырбайт экенсиз, мен Кыдырназардын уулу Асанбек боломун. Эгер макул тапсаңыз баш кошолу, жеңеңиз менен чыгыңыз, макул болбосоңуз жок деген жообуңузду жазыңыз», – деп катты кошо берди.

Кулпудагы кызды тышка чыгарыш кыйын, күтө берип жылдыз толду. Бир маалда кызды жетелеп чыкты. Көрсө кыз чоң энесине:

– Тышка чыгып келели эне, – десе, карган киши зериккенби, же алдырар күнүжаздырар болгонбу:

– өзүң эле чыгып келчи, – деп уруксат бериптир.

Беш жүз сом колуна тийген кайран жеңеси шак колдон алып, аларга жеткирди. Атка мингизди. Атка чыйрак кыз экен, комендатуранын аттарына кыз эмес эркектин эркеги араң жүрө турган.

Кыштын күн. Ортосаздын жери түгөл муз, орус такаланган аттардын ооздорун коё берип, Нарынды көздөй бет алды. Чыйрактыгынан аларга жеткирбей учуп баратат. Нарынга келди. өңүн көрө элек. Атасы үйдө экен.

– Ата, келиндүүболдуңуз, – деди.

– Болсун, болсун! Кокуй балам, көшөгө тарт, үйгө кийиргиле, – деп улуу келини Эсенкожонун аялы Анипага буйрук берди. Көз ачып жумганча көшөгөгө киргизип кетишти.

Жаанбай экөө комендатуранын аттарын жеткирип кайра келсе, тамак ортолоп бышып калган. Тамактанып жатып калды. өңүн көрө элек. Жеңеси жарыкты өчүрдү.

– Көшөгөнүн ичине кирип, колуктуңун жанына жат, – деди.

Эртең менен таң ата туруп, Жаанбайга барды.

– өңү-түсүкандай экен? – деп сурады.

– Көргөн жокмун – деди.

Атасынан уялып, кечке чейин үйгө келбей, Жаанбай экөө чогуу жүрдү. Кечинде келди. Чай-пай ичип, жат-жатка келди. Баягы жеңеси жарыкты өчүрүп:

– Жата койгула, – деди.

Жатып калды. өңүн көрө элек. Анын эртеси өңүн көрөйүнчүдеп, шашпайыраак жатты. өңүн караса татынакай экен (1948-жылы үйлөндү).

Ал келин болуп келгенде, атасынын оң колу болду. Себеби мунун ата-энеси кызча да, эркекче да тарбиялап, жайдак атка секирип минип, таң ата адырлардан жылкыларды айдап келчүэкен.

Ошонусун көрүп, Ортонуралык Курманаалы абышка тактүйнөк1 деп ат коюптур.

Майрам-сайрамдарда өзүндөй эки келген аялдар менен улакка түшүп, марага алып келип таштап жүрдү. Бир-эки түшкөндөн кийин кайын атасы:

– Кой, балам, мындан кийин улакка түшпөй жүр, бирөөнүн сөзүндө, бирөөнүн көзүндө бар, – деп түшүрбөй койду.

1949–1950-жылдары Нарын маданият үйүндө артист болуп иштеп жүргөндө коллективи менен Ысыккөлгө барып калды.

Саякбай аксакал айылында экенин угуп, Самаков Жусуп экөө а кишиге учурашалык деп, кечки концертке чакырышты.

– Концерттен кийин биз менен чайга олтуруп бериңиз, – деп суранды.

Миң кылган менен чыгармачыл залкар адам эмеспи, шагын сындырбай суроосун канагаттандырды.

Сакемдин ошондо аябай берилип «Каныкейдин Тайторусун чапканын» айтканын биринчи угушу.

Бул кездерде «Камбаркан», «Насыйкатты» чертип калган мезгили эле. Жанына чакырып, колунан өөп:

– Сен филармониянын кишиси экенсиң, ушу баштан филармонияга барып иштесең залкар комузчу болосуң, – деди.

Ар түрдүүшарттар менен филармонияга келе албады. Ки­йин ал Москвада ГИТИСте окуп жүргөндө атасы 1956-жылы каза болду. өлөр алдында Асанбектин келинчеги Мухдарыйканы чакырып алып:

– Балам, кагаз, карындаш ал, мен эртең түшкө жетпей каза болом. Боз үйдүтиктиргиле. Кара ашыма кула бээ кызыр, ошону сойгула. Төбөм элге көрүнүп калды эле моңолдорго, тынымсейиттерге топо салдыргыла. Сөөгүмдүбаланча, түкүнчөлөргө жуудургула. Бул кийимди буга, тигил кийимди тигиге бергиле, – деп, бардык осуяттарын айтат да: – Москвада окуп жаткан балага кабар бербегиле, окуусунан үзгүлтүккө учурап калат, – деп Асанбекке кабар бердиртпей коёт.

Күндөрдүн биринде аны менен бирге окуган Мусабеков Нургазы деген жолдошу бар эле.

– Асаке, Кочкорбаев Ысак деген менин башкарма агайым бар. Кеңеш колхозунун башкармасы, айыл чарба көргөзмөсүнө баратам, тосуп ал деп телеграмма уруптур, барып тосуп келели, – деп калды. Барса алардын райондон Куйбышев колхозунан бир чабан кошо келиптир. Аларды мейманканага жайгаштырышты. Ошондон кийин Кочкорбаев Ысак:

– Эми, балдар, бизди бир тамактуу жерге алып баргыла, – деп айтты. Кыскасы оокаттанып олтурса, Куйбышевден келген киши атасынын өлгөнүн уккандыр деп ойлосо керек:

– Эми, Асеке, Кыдыкемдин көзүнүн тирүүчагында деле жакшы окуп жүрөт деп укчу элек. Эми көзүөткөндөн кийин көп капаланбай, өзүңдүбошотпой, жакшылап оку, – десе болобу. Ошондо ал туалетке кирип, көзүнүн жашын төгүп, жуун­гучка жуунуп, сыр билгизбей оокаттанып, Нургазы экөө түз эле кыргыз элчиси Кадыркул Качыкеевге кирди. Ошол мезгилдерде ал кыргыз студиясынын старостасы эле. А кишинин үстүнө бир канча жолу кирип жүргөн.

Ордунан тура калып учурашты да:

– Эмне болду? Эмнеге сабырың суз, көзүң эмне кызарат? – деп сурай баштады.

Ал атасынын өлгөнүн айтты да:

– Бир сыноом калды эле, ушуну алдын ала тапшырууга уруксат алып бериңиз, – деп кайрылды.

Ал институттун директору Горбуновго дароо телефон чалды да, анын жайын түшүндүрүп тапшырды, кайта келүүсүн айтты. Институтка барса, сыноо алчу мүгалим даяр экен, ал киши да көңүл айтып, зачетный китепчесине баасын коюп, узатты.

Кадыркул Качыкеевдин айтуусу боюнча кайра келсе, самолетко билет алдыртып коюптур.

– Асаке, эртең саат сегизде учасың, мына береки биздин жардамыбыз, абышканын чайына жумшап кой, – деп беш жүз сом акча берди.

Ошону менен эртеси учту да Фрунзеге, Фрунзеден Нарынга, Нарындан Көкжайыкка жайлоого жетти.

Ал жай эс ала алган жок. Себеби топурактан ылай чылап, ылайдан кыш куюп, атасына күмбөз тургузуу анын мойнуна түштү.

Ошентип жүрүп, окууну бүтүп келсе Маданият министри Абдыкайыр Казакбаев чакырып алып:

– Жолдош Кыдырназаров, окуп жүргөндө балдарга жетекчи болуп жүрдүң. Анын үстүнө өзүң нарындык экенсиң. Нарынга областтык музыкалык драма театрын ачалык деп жатабыз. Ошону уюштурууга жардамдашсаңыз кантет. Экинчи режиссёр болосуң, – деп сунушун кийирди. Ак макулдугун берди да, Нарынды көздөй жөнөдү. Барса Ибраев Нурадил директор, Медербек Назаралиев башкы режиссер экен.

Биргелешип, ар кайсы райондордон чыгармачыл коллективдин күчүн топтошту. Кыскасы, Гоголдун «үйлөнүү» пьесасын коюп, театрды ачты.

Ошондон тартып, 1963-жылга чейин режиссер болуп Нарын театрында иштеп, П.П. Афанасьевдин «Акинай», Т. Абдумомуновдун «Эч кимге айтпа», Р. Шүкүрбековдун «Комуз тагдыры» ж.б. ондогон спектаклдерди койду.

Айта кетчүбир мисал Токтогулдун ролун аткарган актер ооруп калып, ошол күнүбиринчи коюла турган күн эле. Театр­дын ичинде эл толтура, убакыт создукканда эл кол чаап, чакыра баштады.

Токтогулдун кийимин кийди да, сакал-мурутун чаптап, комузду толгоп, сахнага чыгып, кокустан сөздөн жаңылсам айтып тургула деп, пьесаны бирөөгө тапшырып, сахнага чыгып кетти.

Эл кол чабуулар менен кабыл алды. Райкан Шүкүрбеков колун кысып, бетинен өөп, ыраазы болду. Ушул спектаклди алып, өзүТоктогулду ойноп, бир жай гастролдо жүрдү.

Күндөрдүн биринде Кыргыз ССР Маданият министрлигинен: «Тез келиңиз» деген сөз жазылган телеграмма келди. Келип министрге кирсе, Күлүйпа Кондучалова:

– Сиз кыргыз драма театрына керек болуп жатасыз. Иваницин көчөсүнөн квартира алып койдук, барып көрүңүз да, жакса көчүп келиңиз, – деди.

Барса, жаңыдан бүткөн үй экен, ачкычын алып, макулдугун берди да, көчүп келип 1963-жылдан бери Кыргызстан мамлекеттик Эмгек Кызыл Туу ордендүүакадемиялык драма теа­трында актер болуп эмгектенди.

Ага 1975-жылы Кыргыз ССРине «Эмгек сиңирген артист» деген наам берилди. Жалгыз эле театрда эмес, кинолордо: Ч.Айт­матовдун «Биринчи мугалиминде», М.Ауэзовдун «Караш-карашында» ж. б. кинофильмдерде эмгектенди.

Кийин ал чоң күүлөрдүчертип, өзүкүүчыгара баштагандан кийин Актан агага арнап «Тилек» деген күүжаратат.

Элге кеңири тарап кеткен «Кыргыз көчү» агасы Асанкожо менен жеңеси Самсанын тагдырына байланыштуу кайгылуу окуялардын негизинде чыккан.

Москвадагы театралдык институтту бүтүп, драм театрында артист, театрдын, кинонун, радио жана телевидениенин иштерине катышуу менен бирге, элдик залкар күүлөрдүчертүүгө аракеттенип, өзүнө тийиштүүон бир, он эки күүчыгарып, радионун алтын фондусуна өткөргөн.

Ал Кыргыз илимдер академиясында комузчулар ансамблин түзүп, жаштарга комуз үйрөткөн. Кезинде Асанбек аке:

Куйдуруп кызыл чаначка,

Кымызды жүрдүк бөктөрүп.

Кымбаттуу жаштык кезекти,

Койдук биз кыябында өткөрүп.

Оюнга тойбой бир кезде,

Биз дагы жапжаш болгонбуз.

Мени карытпай турган эки нерсе бар: бирөө кушум, бирөө комузум деп кеп салып калчу.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×