Добавить статью
10:13, 12 апреля 2011 140728

Эр Эшим (жомок)

ЭР ЭШИМ

Түгөлбай жылкысы сексен миңге жеткен чоң бай болот. Ушул жылкысы баягы Соңкөл, тыягы Суусамырга батпай калганда малынын бир тобун алып, эч кимден уруксатсыз Чаткалга барат. Ошол кезде Таласты Эр Эшим бийлеп турган. Жердин ээси ушул киши менен макул болбой, ошонун жерине конуп калат.

Бир ай өтөт, жайлоону жей берет. Эр Эшимге жигиттери:

– Силер менен акылдашпай Талас менен Чаткалдын жерин жеп койду. Сиз менен бир ооз акылдашты беле? – деп айтып барат.

– Жок, мага айткан эмес, жылкысына тийип, келип жей бергиле. Тажаганда көчүп кетет, – дейт.

Эр Эшимдин жигиттери отуз-кырктый жылкысын айдап келип сатып, айылга бөлүп берет.

Түгөлбай айтат:

– Эр Эшим менен макулдаштың беле? Жылкыларыңдын баарын айдап кетип союп, өзүбүздүтокмоктоп жатат. Кийин бизге төлөтүп, шорубузду катырба, – дейт.

Анда Түгөлбай айтат:

– Байды өөнөп жеп турган жакшы, жылкыны мен силерге төлөтпөйм, – дейт.

Жылкычылар кайта малына барса, Эр Эшимдин жылкычылары келип, жыйырмадай жылкысын бөлүп кетет.

Эр Эшимдин жылкычыларынан:

– Ой, баш-аягы канча жылкы алдыңар? – дейт.

– Элүүэле жылкы жок кылдык.

Таласты бийлеген Эр Эшим:

– Бу кандай бай? Же бир жеткен акылдуу бай, же бир айбан. Менин жигиттерим элүүдөй жылкысын жок кылса унчукпаса, муну толуктап текшерүүүчүн барып көрөлү, – деп акылдуу кишилеринен жүздөй кишини чакырат.

Чакырган жүз киши менен барып:

– Мен Кулжадагы калмакка казат кылып, бирде жеңилип, бирде жеңип, тулпар атым жок болуп ат жагынан начарлап жүрөм. Ушунча көп жылкыдан тулпар кантип чыкпасын. Акылсыз болсо чаап алайын, акылдуу болсо достошуп кайтайын! – деп, Санчы-сынчыны ээрчитип алат.

Жүз киши Түгөлбайдыкына түшөт. Санчы-сынчы менен жолдон көп жылкыны аралап, тулпар карап барат. Көп жылкынын ичинен тулпар табылбайт. Желенин жанына барышса, кулагы кере карыш, даакысы түшпөгөн, жабыктырып минип жүргөн, жашы быштыдан азый чыкма бир кула ат жатат.

Санчы-сынчы туруп:

– Мына, издеген жогуң табылды, тулпар ушул. Ээси берсе, чарчабай турган нукура тулпар казаттын аты. Ээси бербес бекен, достошсоң да, касташсаң да ушуну ал! – дейт.

Эр Эшим Санчы-сынчыны ээрчитип алып, Түгөлбайдыкына барып түшөт. Түгөлбай Эр Эшимди барктап, бээ союп, кымыздан арак тартып, көк бөрүкылып, оюн-тамаша менен жети күнүконоктойт.

Ошондо Түгөлбай тийип кеткен элүүжылкыны Эр Эшимге кеп кылбайт.

«Муну менен дос болчу пейили кенен киши экен – деп, Эр Эшимдин Түгөлбай сынына толуп, достошуп кетейин», – деп ойлоду.

Жети күн өтүп коноктоп, жөнөмөк болду. Жүзүнө жүз ат алып келип мингизди. Эр Эшим атын албай койду.

– Түгөлбай, бул атыңды минбеймин. Сөзүм бар, угуп тур! Биринчиси, менин жерим Таласты уруксатсыз келип жеп жатасың. Экинчиси, элүүжылкыңды жигиттериме тийдирип, жок кылганыма унчукканың жок, көңүлүмө жактың. Мен сени акылсыз бай болсоң чаап алайын, акыл-эстүүбай болсо достошоюн деп келгем. Сыныма толдуң. Бүгүндөн баштап сен менен досмун. Берген атыңды минбей койдум. Эми бир нерсе сурайын, ошону бер.

– Макул, айтыңыз, берейин, – дейт Түгөлбай.

– Мынабу желенин жанында жабыктырып минип жүргөн, даакысы түшпөгөн, кулагы кере карыш кула ат жатат, мага ошону бер, – деди.

– Олда, кара оозуңа кан толгур, эч ким билбейт эле, муну ким айтты! Жылкыны сууга айдаганымда өзүм минип, ушунун үнүн укканда Суусамыр, Соңкөлдөгүжылкылар чуркурап сууга кирүүчүэле. Эч кимге айтпай, арыгыраак кылып, өзүм жабыктырып минип жүрдүм эле, анткени жаңы асыйга толо элек, жаш эле.

– Менин жанымдагы – Санчы-сынчы. Ушуга сынаттым, достоштук, берер болсоң ушул атыңды бергин. Калмактар менен экинчи казатка кирип, өчүмдүалайын.

– Болбостур, досум, берейин. Башын бере албаймын, күчүн берейин. Быйылча бак, бир жылдан кийин калмагыңа бара бер. Жооңду жеңип келгенден кийин, атымды өзүмө тапшыр.

– Макул, – деп коноктор узап, үйүнө кетишти.

үйүнө келип, атты түлөтүп, айда күчүнө келтирип бир жыл бакты. Ары-бери минип көрүп, анык тулпар экендигине көзүжетип, сынына толот.

Эр Эшим Ташкендеги катагандын хан Турсунга барып:

– Ат жагынан камсызмын, тулпар таап алдым. Жоо жарагы, азыгы менен эки миң аскер бер, быйыл жазда төрт миң аскер менен Кулжадагы калмакка казатка чыгайын. Мен келгенче өз элимди сизге өткөрүп беремин, жоого алдырбай, алык-салыкты өзүң багып тургун, – деп, хан Турсунду ээрчитип келип, элин өткөрүп берет.

Күткөн убакты жетип, жер карарганда Эр Эшим төрт миң аскер, азыгы, жоо-жарагы менен Кулжаны көздөй бет алат.

Ошол кезде Түгөлбай угат дагы:

– Бери келгилечи! – деп жигиттерин, малчыларын чакырып: – Эр Эшим төрт миң аскер менен Кулжадагы калмакка казатка жөнөп жатыптыр. Бириң жакшы аттан тандап минип, Эр Эшимди аскери менен калмакка барып, ал тааныбайт, кошо жүрө берип, калмакты чапкан баатырлыгын, кер аттын керекке жараган тулпарлыгын билип кел. Кимиң барасың? – деди.

Ошондо жылкычылардын аксакалы, жашы алтымышка барган, бир жылкычы он сегиз асый болгон кайкы кара бээни көрсөтүп:

– Мен ушуну минип барам, – дейт.

Анда Түгөлбай:

– Жакшы аттардан минип келсең боло, картаң бээ кантип жарасын, жер алыс болсо.

Жылкычы Ысмайыл туруп:

– Бай, мунун кеби бар, угуп тур. Бул бээ менин колумда туулган. Сиз Эр Эшимге берген Кула тулпардын энеси. Эртең менен жылкыны көрөйүн деп барсам, жаңы тууптур, тыягына үч аттап, быягына үч аттап, ойноп турган экен. Тулпар экендигин кулун кезинде билгем. Ошондон кийин бул бээ тууган жок. Дайыма минип жүрөм, мага сырдана.

Кара бээни минип алып, Эр Эшимдин колуна кошулуп кетти.

Эр Эшим төрт миң аскери менен нечен күн, нечен түн жүрүп олтуруп, калмакка жетип, казатка кирип, бир ай бою согушуп жатып калмакты жеңип, сурак кылып, бир жыл турат.

Экинчи жылга айланганда:

– Эл-журтту барып көрүп келели, – деп, тийиштүүкишилерин таштап, Эр Эшим калмактын дүр-дүнүйөсүнөн эки миң төөгө артып, Ысыккөлдүн күңгөй жагы менен жөнөйт.

Ысыккөлдүн күңгөйүменен жүрүп олтуруп, Торайгырга келип токтоп, аскерлерин:

– Ушу жерге эс алып тургула, Таластан күнүн кабар алып келем, эртең менен эрте чыгалы, кимиң мага кошуласың? – дейт.

– Мен барам, мен барам – деп, атына ишенген тогузу чыгат.

Таң атканда жөнөйт, артын карабайт. Кеч бешим ченде Таластын бөксөсүнө жетип, дүрбүсалып карап турса, кыбыраган эл жок.

Атты отко коюп, карап турса, тогуз жолдошу да көрүнбөйт. Бирин-серин эл, мал жүрөт. Арт жагын караса, Торайгыр жактан бир бүлбүлдөгөн караан жакындап келип салам берет:

– Ой, сен кимсиң? – дейт Эр Эшим.

– Мен Түгөлбайдын жылкычысымын. Минген бээм сиз минген тулпардын энеси. Түгөлбай сиздин эрдигиңизди, кер аттын жоого жараган тулпарлыгын билип келип бергин деп жоого кошкон Ысмайыл деген жылкычымын, менден башка сегиз жолдошумдун аты жинигип өлүп, жолдо жатат, кай бирлери кайта кетти.

Кара бээченди ээрчитип алып:

– Элди жоо чапкан го, Таластын түзүнө барып, элди көрөлү, – деп, ар кай жерди кыдырып көрсө, бирин-серин аксак-тескек кары-картаңдар калган, башка мал дагы, жан дагы жок.

Эр Эшим кары-картаңдардан:

– Бул элди жоо чапканбы? Эмне болгон? – деп сурады.

Анда кары кишилер:

– Балам, катагандын хан Турсун, хан Турсунду ант урсун! Экөөң акыректик дос элең, сен калмакка кеткенде: «Жоого уурдатпа, бөрүгө алдырба», – деп, хан Турсунга өткөрүп берип кеттиң эле.

Анык жоо – хан Турсун өзүболду. Кичи аялыңды өзүаялдыкка алып, улуу аялың менен жалгыз балаңды кой-козу бактырып малай кылган.

Элдин баарын Таластан көчүрүп, Ысыккөлдүн тескейиндеги Барскоон деген жерге барып чеп кармап, ошо жерде жашап турат.

Эр Эшим угуп түн ичинде акыл кылат. «Кан Турсун менен чабышып калсам кошулбасын», – деп, хан Турсундун эки миң аскерин миң төөдөгүжүгүменен:

– Силерге убал болду, бара бергиле! – деп кетирет.

Аны кетиргенден үч күндөн кийин «эми ыраактадың го» деп, өзүнүн эки миң аскерин алып, Ысык-Көлдүн күңгөйүнөн сөөк-тамыр уулап кетели деп, Талдысуу менен түн ичинде жөнөп, Барскоонго жакын жерге келип, тоо багытына аскерлерди катып коёт.

Эки мыкты жигитти ээрчитип, жаман кийим кийинип алып, көрүнгөн кишиден:

– Досум ушул жерге кан болуптур – деп, түн ичинде кан Турсунду издеп жөнөйт.

Түн ичинде бекбекейлеп жаткан айылга кездешет. Бекбекейлеп бир аял:

Катагандын кан Турсун,

Кан Турсунду ант урсун.

Бекбекей!.. – деп, короо кайтарып жатат.

Эр Эшим калмакка кеткенде,

Элди сага өткөрүп бергенде,

Кылаарың ушу беле!

Кичи аялын алып алдың,

Улуу аялы менен уулум экөөбүздү

Малай кылып,

Кой-козу кайтартып салдың!

Ой, бекбекей!

– деп, арман кылып коёт бир аял.

Баягы өз аялы экенин таанып, Эр Эшим атты жигиттерине карматып коюп, акырын артынан басып барып, бекбекейлеп жаткан аялдын оозун баса калып сүйрөйт.

Анда аял:

– Койчу, уйчу уул, тамашаңды – деп тырышат.

– Бас, бас, менмин! – деп, Эр Эшим сүйрөп талаага барышып, кучакташып ыйлашып, таанышып бүткөндөн кийин Эр Эшим:

– Бул окуяны айтчы, кандай толкун болуп кетти? – деп, аялынан сөз сурайт.

– Сен кеткенден кийин бир жыл элди өзүнүн элиндей көрүп, жакшы башкарып турду. Экинчи жылга аяк басканда кичи аялыңды алып, элдин баарын мал-салы менен көчүрүп, Барскоонду чеп кылып, өзүчептин ичинде, кайтарган аскери бар, мени болсо койчу кылып, күндүз кой, түн ичинде короо кайтарам, уулуңду козучу кылып койгон, – деди.

– Эми кандай кылганда аламын, чепти?

Анда улуу аялы айтты:

– Миң төөдөгүзериңди алып, эки миң аскериңди жарагы менен төөгө артып, Кашкардан келе жаткан соодагер элем, миң төөдө шайы, түрлүүдүнүйөм бар, ушу жерге хан Турсун деген хан болуптур, адилет хан деп угуп, ошо кишиге белек-бечкек бере кетелик деп кайрылдык жана тааныш жерибиз жок эле, сарайына бир түнөп кетсек дедик эле деп, сарайды кайтарган кароолчудан уруксат сурагын, кароолчу барат да кан Турсунга айтат. Кан Турсун: – Кайдагы неме, түнөтпө, – деп тил албайт. Бирок катының кызыл жандуу1 эле.

– Ботом, өзүкелип жаткан дүнүйөдөн алып калбаганыбыз кандай?! Бир түнөп кетсе эмне болот эле, – деп, кан Турсунду тил алдырат. Анан кароолчулар ачып берет. Сарайга киргенден кийин өзүң билбейсиңби? – деп аялы үйрөттү.

Кан Турсундун аялынын айтуусу менен кароолчулар ачып берди.

Короого миң төөнүкиргизип, чөгөрүп бүтөөрүменен төрт кароолчусун муунтуп өлтүрүп, кийимин аскерлерине кийгизип, аскерлерин жабылтып коё берди. Чептин ичин бүт ээлеп, түн ичинде колуна өткөздү. Бирок кан Турсун чоюндан салдырган тамынан чыкпай, кырк күн жатып алды.

Айласы кеткенден кийин улуу аялына келип:

– Муну кандайча кылып аламын? – деп, улуу аялынан сыр сурады эле, төмөнкүакылды айтты:

– Ушундан үч чакырым жерде суу келип жаткан түтүк бар. Мени ээрчитип бар, ошону бекитсек колго түшөт, – деди.

Аялын ээрчитип барып, түтүктүтаап, сууну келтирбей бекитип, сарайга кайра келип, багынбай дагы кырк күн атышып суу түгөнгөндө чыгып берди.

Кан Турсунду аркандан бутуна байлап сүйрөтүп өлтүрүп, кылмышын элге түшүндүрүп, элди жай-жайына таратып, бир кызы бар экен, аны туткунга түшүрүп алып, Таласка келет. Кан Турсундун элин өз жериңерге баргыла десе, калыс экенсиз деп, көпчүлүгүТашкенге барбай, Эр Эшимдин жеринде калат.

Кара бээчен Түгөлбайга барып, көргөн-билгенин, Эшимдин эрдигин ат менен эрезеге жеткенин айтып түшүндүрдү.

Эр Эшимдин баатырдыгына, атынын тулпарлыгына ыраазы болуп:

– Шарп куланы алып кел. Эки жыл минди, жоосун жеңди, мүдөөсүн аткарды – деп, эки жигитин Эр Эшимге жиберди.

Эки жигит баргандан кийин, Эр Эшим шарп куланы бергиси келбей:

– Шарп кула жоор, кырчаңгы, арык болуп калды.Бир жыл багып, семиз кылып келерки жылы берейин, Түгөлбайга алып барып бергин, – деп, төө баштаган үч тогуз мал берип, Түгөлбайга жөнөтөт.

Келерки жылы жазында мөөнөтүбүткөндө:

– Алып кел, атты! – деп уулун жиберди.

Атка кызыгып калган Эр Эшим, кан Турсундун кызын тартуу кылды.

– Түгөлбай токол кылып алсын, кан Турсундун кызы. Эми чынымды айтайын, кер атты жанымдай көрүп калдым. Менден кер атты ажыратпа – деп, дагы эки тогуз мал кошуп, досуна кат жазды.

Келгенден кийин Түгөлбай жетине албай, кемпирдин үстүнө токол кылып алайын деп, көк бөрүтарттырып, той баштап, нике кыйып ала турган болду.

Ошондо кыз Түгөлбайдын аялын:

– Бурул апа, бери келчи? – деп чакырып чыкты.

– Бу Түгөлбай кандай эси жок киши, апа, мен колго түшкөн кандын кызымын. Эр Эшим бир кунуна мени берип олтурат. Ээн талаада үч күн жол жүрүп келдик. Бойдок уулуң менин жанымды коёбу? – деди.

– А, абышка, бери кел, сен албай жерге кир! Уулуң жолдо бейбаштык кылып коюптур. Эми уулуңа алып берели – деп кайра жүгүрөт.

– Мен карыган абышка болсом, мага ылайык келбей калды, – деп, кайра той берип, уулуна алып берген экен.

Жумгалдык катаган кан Турсундун ушул кызынан экен.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

12-04-2011
Жомокчу
140977

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×