Добавить статью
10:24, 12 апреля 2011 13119

Комузчу

Автор: БОЛУШ

болуш 1927-жылы Карасуу районунун Лаглан кыштагында (Фрунзе колхозунда) туулган.

Көкбелден чыгып карасам,

Көрүнөт Лаглан дарасы1.

Көзүмө жакшы көрүнөт,

Бегайымдын карасы2.

Атасы Жээнбай уулу Мадазим дыйкан киши болуп, колхоздун ортолугуна мал-жылкы кошуп, колхозду биринчилерден курушкандардан. Ошондо эс тартып калган, мектепте окуй элек бала кези. Атасы «Кожожаш», «Жанаил Султан», «Курманбек» дастандарын айтчу. Аны атка учкаштырып алчу. Саяпкерлик кылып, дайым күлүк таптоочу. Жыйынга кыңылдап ырдап, «Солтон-сары», «Бекарстан Тайчи» сыяктуу бирин-экин күүчертчү. «Махтымды», «Сакалдай байдын Борду кызын» ыр менен секин ырдоочу.

Мүнөзүтоктоороок, шайыр бир сырдуу жүрүп, кези келгенде ар кандай адамды күлдүрчү.

Кара тору келген буудай ыраң, узун бойлуу, тегерек бетирээк келген киши эле.

Ошол убакта жети-сегиз жашында кичине комуз чертип калат. Атасынын негизги максаты аны комузчу кылыш болгон. Палан жерде комузчу бар десе, учкаштырып ошого жеткизчү. Кашкатерек кыштагында атасынын курдашы Мирзамаматтын үйүнө эки жолу алып барды. «Саринжи-Бөкөйдү» ошол кишиден үйрөнөт.

Айылында Абиш деген агалары комуз черткенде катуу таа­сир этчү. өзүжокто комузун уурдатып келип, талаадан келгенче үйүнө жеткизип коёр эле.

Шайып, Төлөк деген киши комузду күүлөп жардам берчү. Атка ышкыбос атасы өзүнүн күлүк атын таптап, бир күнү:

– Актерек кыштагындагы Абды акенин үйүнө Назыбай келиптир, ошого алып барып көрсөтөйүн, – деп кыяк тартып, ырдап, комуз черткен Назыбай деген кишиге учкаштырып ала барды.

Бир эле жолу көрдү. өңүтегерек бет келген, мурду кайкыраак орто бойлуу киши экен.

«Солтонсарыны» чертип калган.

– Бул комузчу болот, ошондой комузчуларды көрсөтөм, – деп, анча-мынча комузчуларды даректеп калчу.

Абди дегендин үйүндө «Жыйын күү», «Бекарстан», «Желдирме», «Чуу басарды» чертти.

– Балага да бер, – деди.

Комузду колуна алып албай, акыры зордоп алып беришип, «Солтонсарыны», «Дарт өттүай», «Бекарстанды» аз-мас баштап черткен болду.

Бир түнөдү.

– Балам, жаш бала экенсиң, комузду такай кармагын. Бир нерсеге умтулсаң, көбүрөөк аракет кыл. Комузчу боло турган бала экенсиң, – деп койду.

Түндөсүкомуз черттиришип, Болуш тыңшап, кыскасы бир күн черттиришти. Жамактап ырдайт экен. Тигилип карап олтуруп, анча-мынча «Чуу басарды» үйрөнүп, ушундан баштап комузга кызыгуу пайда боло баштады.

Айылында өзүлөрүнүн агалары Абыш, Төлөк жоро ичишет, боз үйдүн ичинде олтуруп алып, ырдап комуз чертишет. Назыбайчалык чоң комузчу эмес. Алардан анча-мынча черткендерин Болуш менен бир топ бала тышта, боз үйдүн тышынан келип тыңшап, баягынын күүлөрүн, обонун кыңылдатып чертип калат.

Аз-маз черткенин алар билишет да, көрүп калса, секин айтып алып кирип, бир-эки билген күүлөрдүчерттиришип, баары сүрөөнгө алып:

– Комузчу болгун! – деп батасын беришип, чыгып ойноп калуучу.

Ушинтип комуз чертип калды.

Жайдын күнү.

– Кичине бала комуз чертет экен, – деп айылга белгилүүболду.

Ушундан кийин атасы арчадан өзүнө ылайыктап туруп, комуз чаап берди.

– Ошол Ылаачын жайлоосунда үсөнбай комуз чертип, комузун түшүрүп койгон экен, – деп Чекир аке бир комузду алып баратты.

Жайлоодо жылкыларды айдап келип, желеге байлап жаткан учур. Чекир, Кожобай акелери:

– Кечээ биз тойдо үсөнбай комузчунун комузу түшүп калган жеринен таап алып келдик, ошону сага берелик, – деп, Чекир аке үйүнө ээрчитип келип, комузду Болушка берди.

Комуздун тышкы көрүнүшү: комуздун маңдай башында жыгачтын өзүнөн үч бурчтук кылып оюп салган сайма кештелери бар, эскирээк комуз экен.

Ал алып сүйүнүп, комузду оң колуна кармап, сербеңдеп жүгүрүп үйүнөн бир аз жылганда эле эшиктен ит билгизбей барып жамбаштан тиштеп, жамбаш этти үзүп алды. Комуз колунан итабар жерге ыргып кетиптир.

өзүнүн атасы келип тынчытып:

– Кереги жок комуздун, – деп албай коюшту.

Атасы:

– үсөнбай комузчуга алпарам, – деп көп жолу айтып жүрдү. Бирок учур келалбады.

Айылдагы Төлөк, Абыш акеден атасынын бир-эки күүсүн үйрөнүп, мектепте окуду.

Болуш жети жашка чыкканда апасы Саткын дүйнөдөн кайтат. Атасы Мадазим алтымыш үч жашында 1939-жылы каза тапты.

Төртүнчүкласска чейин Лагланда окуп, жетинчи классты Папан мектебинен бүтүрдү.

Айылда атасы теңтуш комузчу Мирзакмат алардын үйүнө бир келип, «Саринжи-Бөкөйдү»:

– Күүлөшүн мындай күүлөйт,– деп ага күүлөтүп, өзүүч-төрт кайталап чертип берди.

Бирок ал дароо черте албады, комуздун черткен күүсүэки күндөн кийин кулагынан кетпеди.

Ноокатта 1939-жылы жыгач уста Абдыкадыр ырдаганын бир күн угат. Ал киши күндүз үй жаап, кечке маал айылдын эли чогулуп, тамак ичип олтурушуп «Саринжи-Бөкөйдү» ырдатышканда, ошо кишиден угуп, көкүрөгүнө түшөт.

Кийинчерээк Жалалабат театрында иштеген Мокоев Абдыкеримден үйрөнөт.

 1948–50-жылдары  аскерге  барып, комузду ала жүрөт. Командирлер  эч  кимди  тийгизбей  жакшы  жерге  илдирип коюучу.

Аскерден келип, Жалалабат театрында тогуз жыл иштейт. Абдыкерим Мокоев, Сейдалиев Жумаалы менен бирге иштеп, Шекербектен да азыраак таалим алат.

Болуш чоң комузчу үсөнбайдын күүлөрүн бүт билген комузчу Чал үсөнбай уулун издеп барып кездешет.

Чал комузун чертип, кыягын тартып, атасы үсөнбайдын төмөнкүсанат ырларын ырдады:

– Элбайдын көөнүэгизде,

Касаптын көөнүсемизде.

Иттин көөнүкапмакта,

Арамза көөнүжатмакта.

Сакынын көөнүкайырда.

Сапсаңдаган жаман катындын

Дайым көөнүайылда.

Айта берем ар капти

Шалынын1 кени сурасаң,

Айыл-кыштак Дардакта2.

Күрүчтүн кени Созокто,

Эчкинин кени Сарколдо,

Топоздун кени Тарколдо

Түрк төөсүлөк деген,

Сарт паашасын бек деген,

Жетимди ар ким кектеген,

Жетимдин мойну бит деген.

Кечеси калбат ит деген,

Белде болот кур деген,

Мынабу бетте болот нур деген,

Чамайда болот туз деген,

Чырайлуу болот кыз деген.

Биринчи тилек тилеңер,

Ак жүрүүдөн жазбаска.

Экинчи тилек тилеңер,

үшкүрүп жөө баспаска.

Төртүнчүтилек тилеңер,

Төрдөн төмөн түшпөскө.

Алтынчы тилек тилеңер

Атадан жетим калбаска.

Жетинчи тилек тилеңер,

Жеңеге күнүсалбаска.

Сегизинде эч панде,

Оюлбасын1 тилеңер.

Кара жердин алдына,

Коюлбасын тилеңер.

Жыйырмадан эч панде,

Жыгылбасын тилеңер.

Кара жердин алдына,

Тыгылбасын тилеңер.

Балык сырты боз турпак,

Башыңа бир күн үйүлөт.

Бала-чакаң түңүлөт.

Тууганың күрсүкүйүнөт.

Душманың күрсүсүйүнөт.

Көргаптын оозу ачылбай,

Көрүктөй шамал куркурап,

Көп пенделер чыркырап,

Жигит жыйып, кол курап,

Сулаймандай журт сурап,

Султандык кылган эр болсоң,

өтөсүң бир күн дүйнөдөн.

Баш барда келет мейманың,

Баш жаздыктан тайган соң,

Пайда кылбайт жыйганың.

Көз барда келет мейманың,

Көз күрмөдөн кеткен соң,

Кетүүңдө калат жыйганың.

Баш жаздыктан тайган соң,

Бар оокатың татыбайт.

Тил күрмөөдөн кеткен соң,

Тирилигиң татыбайт.

Кароолго илинбей,

Качкан кийик атылбайт.

Казайың жетип күн бүтпөй.

Башыңдан жаздык тартылбайт.

Паска алгын пастиңди1,

Этият кылгын напсиңди.

– Биз күүнүэле чертип, сөзүн билбейбиз. Билгениңизден айтып берсеңиз, – деп өтүндүБолуш аке.

– Саар менен эчки айдап,

Сайга кеттиң, жан досум.

Санасам жоксуң койнумда,

Кайда кеттиң, жан досум.

Эртең менен эчки айдап,

Сайга кеттиң, жан досум,

Эстесем жоксуң койнумда,

Кайда кеттиң, жан досум.

Кызыл гүл алып бурайын,

Кыз досум кайда кетти, – деп,

Кыз балдардан сурайын.

Жашыл гүл алып бурайын,

Жан досум кайда кетти, – деп,

Жаш балдардан сурайын.

Күңгөйдөгүбадамдын,

Гүлүболом, кыз досум,

Күйүп турган бозойдун,

Бири болом, кыз досум.

Тескейдеги бадамдын,

Гүлүболом, кыз досум,

Дегдеп жүргөн бозойдун,

Бири болом, кыз досум.

Кашың кара арчанын,

Көмүрүндөй, кыз досум,

Сыртың тегиз мынтыктын,

Темириндей, кыз досум,

Алайдан нары Саркол дейт,

Ашалбадым, кыз досум,

Алатым жетип ышкыңа,

Басалбадым, кыз досум.

Саары күңгөй кең Талдык,

Эргиди1 бекен, кыз досум.

Түймөлөрүн чечинип,

Сергиди бекен, кыз досум.

Ойго бүткөн долоно,

Ойбой соку болобу?

Ойноп жүргөн, кыз досум,

Энди сопу болобу?

Кырга бүткөн долоно

Кыйбай соку болобу?

Көрүп жүргөн жан досум,

Энди сопу болобу?

Ак оромол колго алып,

Сарттан чыктың, кыз досум.

Ак кагазга бүтүлүп,

Каттан чыктың, кыз досум.

Көк оромол колго алып,

Сарттан чыктың, кыз досум,

Көк кагазга бүтүлүп,

Каттан чыктың, кыз досум.

Суу көтөргөн баканың,

Суу тийгиз талдын ноодасы

Сулуу бир жандын соодасы.

Аш көтөргөн баканың,

Ай тийгиз талдын ноодасы.

Аппак эле беттен өптүрсөң,

Аманат жандын соодасы.

Адабиңе жарашкан

Садабиңден, жан досум.

Садабиңе жарашкан,

Тамагыңан, жан досум.

Тамагыңа жарашкан,

Мамагыңдан2, жан досум.

Жан досум кетти Алайга,

Жан досумдун дартынан,

өлүп кетсем майлиге.

– Дагы айтасың?

– «Ак Чолпон» деген күү

Айтеттишиң1 мустактын

Уларындай ак Чолпон.

Ээри тишиң наспайдын,

Кумарындай ак Чолпон.

Айбан аттын паашасы,

Дулдул деймин ак Чолпон.

Паранданын2 паашасы,

Булбул деймин ак Чолпон.

Жаами чөптүн паашасы,

Гүлгө окшойду ак Чолпон.

Амира бектин кызындай,

үргө окшойду ак Чолпон.

Азирети Арстанбап

Чарбагымсың ак Чолпон.

Беш колума сар келген,

Бармагымсың ак Чолпон.

Азирети Арстанбап,

Абатымсың ак Чолпон.

Чайга салып эриткен,

Набатымсың ак Чолпон.

Жабууда болот ат деген,

Аблиде болот бак деген.

Ак Чолпонду көргөндө,

Көчөдө сарттар дат деген.

– Атаңызды көрбөй калдым эле, сизге жүздөшкөнүмө ыраа­зымын! – деди Болуш аке.

Эки комузчу күүалышып, чечилишип сырдашты.

1978-жылы Самарканд шаарында өткөн бүткүл дүйнөлүк элдик музыканттардын мелдешине катышат.

үчүнчүоктябрь күнүиндиялыктар менен тажиктер көрсөт­көндөн кийин төртүнчүоктябрда «Сынган бугу» менен «Карөз­гөй» күүсүн чертет.

Музыка изилдөөчүкарыя Виктор Виноградов келип, колун кысып, ыраазычылыгын билгизет.

1979-жылы Батуми, мындан соң Москвада өткөн музыканттардын жыйынына өз өнөрлөрүн көрсөтүүгө барган.

Карасуу районундагы Мады маданият үйүнүн башчысы болуп иштеген. Шакирттери Жээнбаев Нышан, Бактыбаев Абдыбаит, Жалиев Токур, Токтосунов Калык, Оморов Аттокур, Королдов Султан, Дыйканбаев Мизан, Жээнкулов Макенбай, Камалов Эмил.

Кыздардан: Мааткеримова Катича, Тургунбаева Арзыкан, Курамаева Санавар Х бүткүл союздук биринчи фестивалдын лауреаты.

Эмгек Кызыл Туу ордени, Лениндин жүз жылдык юбилейлик медалы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамотасы менен сыйланган.

1976-жылы «Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген наам берилген.

1989-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгон.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×