Добавить статью
10:18, 13 апреля 2011 9300

Жомоктор топтому

ДӨӨЛӨТ

Бир кедей-кембагал дайым эле бала-чака багып, күн-түн иштейт. Бир күнүүч ууру кетип бара жатып, бири айтты:

– Ушу бечара, жайы-кышы эле иштейт. Ушуну ээрчитип барып, аттуу-тондуу кылып койсок, жакшыраак тиричилик кылбайбы, – деп масилет салды.

– А болуптур – дешип, үчөө тең макул табышты.

Бири чаап барып:

– Ээ кедей, жакшыраак тиричилик кылганыңа сени бир аттуу-тондуу кылып койбойлукпу.

– Ондай кылсаңар жакшы болбойбу.

– Эмесе, учкаш – деп аркасына мингизип алды.

Оерге барса эч нерсе жок, биерге барса эч нерсе жок. Таң атып кетмек болду.

– Кысталак, каражолтой экенсиң, биз күнүгө ушу жерден эле таап кетчүэлек. Ат дагы чарчады. Эми калгын ушу жерде.

– Баягы эле оокатым жакшы эле, силер болбогондо. Эми бу жерде таштап атсаңар, карышкырлар жеп кетпейби – деп түшпөй, ынанбай койду.

Дагы бир канча жерге алып барды, учкаштырып аркасына. Тик бир өргө салып жиберди эле, сыйгаланып аркасынан түшүп калды.

Кедей ыйлап, эмне кылышын билбей, бир тегизирээк жерге жатайын деп, нар жакка, бери жакка темселеп басты. Төө оонаганга окшогон жерге оропара болуп, алиги кыйналган адам жатып уктады. Ал жыландын ордосу экен, таңга маал ойгонсо, сайраган паранданын баарынын тилин билип калыптыр. «Кайдандыр бир паранданын тилин билип калдым» – деп өзүнө өзүтаң калат.

Аңгыча болбой, бир чоң айбаттуу жылан чыгып:

– Эй, адам, менде аттын башындай алтын бар. Жети жылдан бери ок жыландын падышасы келип, ушуну талашып, саар менен келгенде ал күчтүүкелет. Алтындын бир жагынан ал тиштейт, бир жагынан мен тиштейм. Экөөбүз керели-кечки урушабыз. Кечке маал болгондо, алтынды жерге коюп, мага калтырып кетет, ордосу, үйүалыс. Эми чарчадым. Алтынды менден алып кетмек болуп калды. Эми дагы эки сааттан кийин келет. Калкты даярдап, карап жата бер. Күн түш болгон маалда ал да чарчайт, мен да чарчайм.

Экөөбүз чарчап жаткан убакта раза келип таанып, керилип туруп ок жыландын падышасын күчүң менен чап, чаап ушуну өлтүрөсүңбү, же өлтүрбөйсүңбү, бир жерин сындырасыңбы, сындырсаң эле болду, алтынды көтөрүп алып кете бергин, – деди. Коркпогун, сени менен иши болбойт. Күн шашке болгон маалда чакчаңдаган боюнча башын көтөрүп алып келип, менин ордомо кирип, алтынды тиштейт, – деди.

– Болуптур…

Макул болушту. Бир келтекти даярдап, пайлап1 жатты.

Алиги ок жыландын падышасы келди. Келген боюнча эки жагын каранып туруп, сары жыландын ордосуна кирип кетти. Экөө салгылашып, ат башындай алтынды сүдүрөп2 чыгышты.

Ат башындай алтынды коюп, экөө алыша берди, уруша берди.

Күн түш болгон мезгилде, экөө тең чарчап, бирин бири тиштеп, жыгылып жатты.

Алиги кембагал кедей жаланды келтек менен келип чапканда, эки бүктөлдү. Экинчи чапканда төрт бүктөлдү.

– Эми кедей алалың пак3! Ал, алып кете бер, – деди.

Кедей көтөрүп алып, сүйүнгөн боюнча кетти. Кедей торбосун жерге коюп, таарат ушатып олтурду.

Шакка отуруп алып, эки сагызган:

– О, анабу адамга жыландын кароолу оозуна дары салып койгон, эми өлөт. Экөөбүз эки көзүн оюп жейбиз, – деди.

«Эми өлүп калат турбаймынбы деп, отурган жеримде эле чалкаман бир кетип, өлүп калайынчы кантер экен», – деди.

Жата берди эле, берки сагызган да айтты:

– Ээ, жүр, көзүн оюп жейбиз.

– Жоо, барбаймын, – деди бири. – Адамдын баласы арып4 болот дечү, чычымыш болуп таш алып, турумуш болуп как башка бир коёт дечү. Сагызган сактыгынан өлбөйт, суктугунан өлөт. Мен барбаймын – деди.

– Мен барамын – деди да, учкан боюнча келип, бутунун эки башына конду.

– Мына, өлүп калыптыр го, келбейсиңби.

– Жо, мен барбаймын. Сагызган сактыгынан өлбөйт, суктугунан өлөт, – деп жана айтты.

Биерден леп этип учуп келип, киндигине конду.

– Эми да келбейсиңби?

– Качан сен бир көзүн оймоюнча ишенбейм.

Оерден шып этип, ээгине конуп, эки тырмагы оозуна кирип калды.

Кырт эттирип тиштеди да, сагызганды кармап алды.

– Сенин жүнүңдүжулуп өлтүрөйүн – деп кармап, жүнүн жулганда, алиги шакта турган шериги:

– Айтпадым беле, адам баласы арып болот дечү. Чычымыш болуп таш алып, турумуш болуп как башыңа бир коёт. Сагызган сактыгынан өлбөйт, суктугунан өлөт дебедим беле, эми колго түштүңбү?

Берки бош турган сагызганга колго түшкөнүжалынды:

– Бир жерде ээр токулган ат жүрөт бир айдан бери, узун чылбыры менен, ушуну көрсөткүн, кармат, атка минип алсын, анан мени өлтүрбөй коёр – деди.

Берки сагызган шакылдап кете берди, шактан-шакка конуп, алиги атка жетип, атты кармайын десе, ат үркүп такыр карматпай койду.

– Ат карматпайт экен.

– Башыңды үзүп, сени өлтүрүп коюп, кеч калбай эрте кетейин. Бир ат узун чылбыры бар, долононун жанында оттоп турат.

– Айланайын ортак, ат сенден үркпөйт, чылбырдын учунан тиштеп, тегерене бер, – деди.

Алиги сагызган чылбырдын учунан тиштеп, тегерене берди, чокчоңдоп секирип басат.

Али кедей секин шакшыктап барды эле жип сыдырылып барып, жерге сүйрөлүп ат чылбырды буту менен басып, чиренип аркасына тартып токтоп туруп калды.

– Бар, эми, сен мага жакшылык кылдың, мен дагы сага жакшылык кылайын – деди.

Сагызган учуп, сагызгандын жанына барды.

Атты минди. Ээрдин кашына ат башындай алтынды салды. Күн кеч болду. Эл жок. Кедей кай жерге барып жатышын билбеди. Бир даранын1 ичинен иттин доошу угулду.

«Кандайдыр ошо жерде эл бар окшойт», – деп, алиги жерге барса, бир байдын жалгыз үйүбар экен. Байдын жалгыз үйүнө жатар конокко жай бересиңерби? – деди.

– Болуптур, түш балам, – деди.

Түштү.

– үйдөгүлөрүңүз каякка кеткен? – деди.

– үйдөгүлөрүм кыз көчүрүп кеткен, – деди.

Бир үй кызматында жүргөн күңүкалыптыр. Күн бүркөлүп, бир кыранда туруп бир карышкыр итти сөгүп жатат.

– О атаңдын көргө жугундукор, мен барамын, кыңкылдабастан жөн жаткын, ит.

Ит сөгөт:

– О, атаңдын көргө ууру, мен байдын ашын алдап аягын толтуруп ичем. Кана, келчи күчүң болсо, – деди.

Экинчи жолу карышкыр сөктү:

– Агер менин аркаман келчүболсоң этиңди жеп, куйругуңду жолго сайып таштайм.

Кедейдин курсагы тойду.

– Бай, бүгүн корооңузду мен кайтарып беремин.

– Ондай кылсаң го кана, – деди бай.

Күн бүркөлүп жаады. Койлор дыркырап үрктү.

– Ал эле, ал! – деп кыйкырып, кембагал менен ит экөө таң аткыча эч нерсени чыгым кылдырбай короону кайтарып чыгышты. Таңга маал кой жайылып чыкты.

Бир ала козу:

– Айланайын эне, алдыңда кетсем бөрүжесе, аркада калсам ууру алса, байдын дөөлөтүн көтөрө албай жатамын, – деди.

Кедей жүгүрүп барып, али козуну кармап, эн салып койду. Саар менен таң атты.

– Балам, ажап жакшы иш кылдың, – деди бай.

Курсагын тойгузду. Эми кедей кете турган болду.

– Балам, түнкүкызматыңа эмнени аласың?

– Жалгыз эле уулум бар, козу таап бер дечүэле, бир эле козу берсең болот.

– Эмесе өзүң билип тандап бир козу кармап ал.

Баягы байдын дөөлөтүн көтөрүп жүргөн ала козуну кармап, чылбырына байлады.

Чылбырына байлап өңөрө берерде, ити жүгүрүп келип, шарт куйругун тиштеп үзүп алды.

Байдын дөөлөтүитке өтүп кетти.

Байды айтты:

– Жарадар кылып койду, мунун куйругу курттап кетет, мал болбойт, андан көрө ушу итиңизди бериңиз кутуруп калыптыр. Узагыраак алпарып өлтүрүп таштап кетейин.

– Болуптур.

Итти байлап берди. Итин жетелейин дегенде чиренип барып, үйүнүн туурдугуна сийип ийди.

Дөөлөтүүйүнүн туурдугуна өтүп кетти.

– Бай, итиңиз кутурдубу, кутурбадыбы, алиги кечкурун коюңузга бөрүтийсе, мени каргап жүрбөң, үйүмдүн кийизи жок эле кийизиңди бер.

үй кызматында жүргөн алиги кемпир:

– Ошо кийизди алып бергин дагы, жаңы кийиздерден жаап койгун, – деди.

Кийизин үйүнөн сыйрып, алиги кийизди атка көтөрүп салып жатканда:

– Эне, ушу кийизди кылып жатканда, байбичеден аябай калтак жедим эле эч болбосо, бир туткучту кесип алайын, – деп, алиги ит сийген жерди кесип алды.

Байдын дөөлөтүн эч жылдырып алып кете албады.

Атынан түшүп алып:

– Бай, кудай берген дөөлөтүң кубаласа кетпесин деген ушул экен. Дөөлөтүң башта ала козуда эле, ала козуну алып кетейин десем, итиң келип куйругун үзүп алды. Итиңе өтүп кетти эле дөөлөтүң, итиңди алып кетейин десем, туурдугуңа сийип ийди, туурдугуңа өтүп кетти дөөлөтүң. Эми туурдугуңду алып кетейин десем, туурдугуңдун ит сийген жерин кемпириң кесип алды. Дөөлөтүң туткучуңда калды. Эми өзүңө насип кылсын, бекем бекитип алгын, – дейт.

Кедей жолуна түштү, элине жетти. Ат башындай алтын менен байып, муратына жетиптир.

КУБУЛМА АЖЫДААР

Бир заманда талаага бир өгүз өлүп калат. өгүздүн мурдунан, кулагынан, көчүгүнөн курт кирип кетет.

Алиги курт өгүздүн этин жеп, сөөгүкуруп, ичи көңдөй болуп калат. өгүздүн ичиндеги курт жей турган эч нерсеси калбаганда бирин бири жеп олтуруп, акыры бир курт кубулма ажыдаар болот. Бир туруп кыз, бир туруп ажыдаарга айланат.

Ошол убакта бир падыша миң адам менен ойноп келебиз деп, бир жакка саякатка чыгып кетип баратса, чоң шаар көрүнөт. Бир чекеден кай жерге кирсе, адамы жок, оту жагылган, ашы кайнап, оокаты бышууда.

Алиги кубулма ажыдаар шаардын баарысын жалмап бүткөн.

Миң адам жабыла чаап, шаарды караса, эч бир адамдын уругу жок. Шаардын чекесине чыгып караса, жалгыз кыз турат.

Алиги кыз канга оропара келет. Кыз тие турган, кан ала турган болот.

Кан алып, ар күнүувазирлери келип, кабар алат. Увазирлери кабар алып турса, күндөн-күнгө сапсары болуп, кан ыраңынан адаша берди.

Увазири айтты:

– Сиз ушу кызды эмне деп ойлоп жатасыз. Калааны аралап карасак, бир адам жок, бу кыздан бир иш чыгат. Бөөдө кырылып кетпейлик.

– Кандайча байкайбыз.

– Билбесек болбойт. Кечкурун эттен аябай бастырып, жакшы аш жасат. Оокатты казанга салып кайнатаарында даарат кылам, дароо суу алып келгин деп айткын. Ал сууга чыгып кеткенде казанга тузду аябай сала бергин. Ажыдаар туздун ачыгын билбейт, оокатты жей берет. үйдүн ичине суу койбогун. Челекте сууларды жок кылып салгын. Анан билинет, – деди увазир.

Айтканындай кылып, ал эшикке чыгаары менен оокатка тузду аябай салды. Ал туздуу ачык оокатты экөө жеп, төшөккө жаткандан кийин, ажыдаар чаңкап суусап, о челекке башын салды, бу челекке башын салды, суу жок. үйдүн морунан башын чыгарып, сууга барды. Аябай чоң ажыдаар экен. Куйругу кандын койнунда жатат. Сууну ичип алып, жыйрылып келип, төшөккө жатып кыз болуп калды.

Саар менен увазир келип:

– Байкадыңызбы? – деди.

– Байкадым. Мындан кандайча кылып жан куткарабыз.

Увазир айтты:

– Жан куткарыштын айласы жок. Бир айга айтканын аткара бер, бул убакыттын ичинде мен бир иш кыламын. Аскерлерди чогултуп, чоюндан эритип, кандын айыбына кечке тынымсыз үй салабыз. Антпесек жаныбыз калбайт.

Кечеги-күндүз чоюндан эритип, эки кабат үй салды. Ортолугуна көмүр толтурду. Бир айга жеткирип, жеткирбестен үйдүбүтүрдү.

Кырк эшиктүүкылып, үйдүн төрт тарабына чейин басма көрүктөн отургузду. үйдүбүтүрүп, увазири канга айтты.

– Колуңду дубалга тийгизип жакын отургун. Колуңуз ысып келатканда кийимиңизди таштап, эшикке чыгың, күмөн алып калбасын.

Кан увазири айткандай кылып, биринчи дарбазадан төртүнчүдарбазага барганда кыйкырык чыкты. Көрүктүбасты, ошондо үйлөр алды да ысыды, үстүда ысып, чоюн кызып кеткенде үйлөрдүсолкулдатып, аңтарып ийе турган болуп, ажыдаар экенин билгизди.

Увазирдин акылмандыгы менен чоюнду ысытып жиберип, ажыдаарды өрттөп, күйгүзүп өлтүрүп, ошончо калк аман сакталып калган.

ЧАРАБЗАЛ

Мурунку заманда өзгөндүн чоң мечитинин жанында молдо ылай казып жатса, бир чарабзал табылат. Чарабзалдын бетинде жазуу турат. Окуп көрсө, бир заманда ажыдаар сойгон чарабзал болуп чыгат. «Бул жаман чарабзалды өтө бир чуңкур көөлөп көмүш керек» – деп, алиги молдо текчеге коёт дагы, бешимге намазга кетет.

Намазды окуп жакындаганда алиги чарабзал эсине түшөт. Дароо чала бучук окуп, жүгүрүп үйүнө келсе, эки баласы алып, бадыраң аарчып кесип жеп жүрөт.

Алиги балдардын колунан алат. Жерди терең казып көмөт. Көмгөн менен болбойт. Арадан он, он-беш күн өткөндөн кийин эки бала мас немедей, оокат жешин билбей калат.

Ортодон жыйырма күн өткөндөн кийин жалаң эле суу менен болуп, сууну ташып, жебейт.

Ортодон отуз күн өткөндөн кийин, экөөн үстүмүнөн сууга таштап коёт. Эч ылаажы болбой калгандан кийин калк айтат:

– Эми бул балдар бала болбойт, сага. Экөөн ээн талаа, эрме чөлгө алып барып ташта, – дейт.

Атасы молдо экөөн куржундун эки көзүнө салып, узак жерге алпарып, бир сел кеткен аңга аңтарып таштайт.

Экөө жерге түшөөрүменен чаң салып бир бири менен урушат. үстүнө куржунун таштап иет.

Күн кеч болуп калат. Эки баладан ажырап, молдо ыйлап үйүнө кайтып, төрт-беш күн жатат. Эки баланын заарына чыдабай, жесе жеп койсун, – деп, дагы келет. Эки баланын дайыны жок. Бир үңкүр кылып казып кирип кеткен.

– Даат!.. – деп ыйлап, ыйлап дагы аркасына кайтат.

Кырк күндөн кийин барса, бирин бири жеп, бирөө ажыдаар болуп чыгат. Ажыдаардын сойлоп кеткен жерине ийри-буйру болуп, ушу күнгө чейин чөп чыкпайт.

өзгөн өтө чоң шаар экен, бир чекеден жалмап турат. Кылыч Буркан олуя ажыдаар менен сүйлөшүп, ар күндө кырк кой, бир адам беришке макулдашат.

Ажыдаар бир талаанын ичинде жатат. Кырк койду бир адамга айдатып, белеске чыгат. Кырк кой менен бир адамды бир лап тартып, эртеси ошол убакка чейин бир жыл, эки жыл болобу, ошол муназа1 менен жата берет.

Ошондой кылып, ажыдаар бир жылыбы, эки жылыбы жеп жатат.

Бир күнүбир кемпирдин жалгыз кызына науват2 келип калат. Кырк койду кемпирдин эшигине айдап келип:

– Кызыңды чыгар, кемпир, – дейт.

Бир үнүкөктө, бир үнүжерде болуп, кызын бербей ыйлайт. Кылыч Буркан олуя элди жыйып:

– Ак төөнүн, ак бээнин сүтүн чогултуп, даяр болуп турсаңар, азыр мен койду айдап чыгам. Аңке-чаңке кылып, мени кошо тартып кетет. Кылычты туура кармап барамын, шарт эки бөлүп кетет. Алиги дами3 жок, туюк жагына барганда, токтоп туруп калам, ошондо дароо баргыла, коркпогула. өтө сүрү, айбаты жаман, маалында калк беттеп барбаса, өлүп калам.

Айтканындай кылып, Кылыч Буркан олуя кылычты колуна туура кармап, ажыдаарга тике барат. Ажыдаар оп тартканда кылыч менен эки бөлүп келип, аягына жетпей эстен танат.

үч күн ажыдаардын ичинде калат. үч күндөн кийин аңтарып караса, ажыдаардын заарасы өтүп, саалча жаны бар, сүткө жууса да болбой, ажыдаардан каза табат.

Ошол ажыдаар көмүлбөй бир нече күн туруп, сасып, ажыдаарга чымын конуп, ошол убактагы ажыдаарга конгон чымын адамга конуп, адам макоопес болуп кеткен.

өзгөндө эл жоголуп, каран калып, там-ташы чалдыбар болуп кеткен. Кийин жаңыдан эл болгон.

БӨДӨНӨ МЕНЕН ТҮЛКҮ

Бөдөнө менен түлкүдос болуп жүрөт.

Бир күнүтүлкү:

– Бөдөнө дос, бөдөнө дос, мени бир тойгузуп койбойсуңбу? – деп айтыптыр.

– А болуптур, тойгузайын. Менин аркамдан ээрчи. Мен бытпылдык деп сайрап кете берем, качан мен көзүңдүач дегенде ачасың.

Бытпылдык деп кете берди. Бир жерге барса, беш-он катын табактарын баштарына көтөрүп, айылга кетип бараткан экен. Бөдөнө пыр деп, бир катындын алдына тарп-турп этип коно калды эле:

– Балама кармап берейин – деп, табагын жерге коё койсо, андан аркы катындын алдына коно койду.

– Мен да балама кармап бере коёюн, – деп табагын жерге коё коюп, бөдөнөнүн аркасынан чуркады. Бөдөнө тарп-турп этип, тигил жерге учуп, бу жерге конуп, кете берди. Баякы катындар кууп, узак жерге кетип калды. Ага дейре түлкүэттердин баарын жеп, дардая тоюп, табактарын ороп таштады.

«Эми түлкүтойгондур» – деп, пыр этип узак жерге учуп кетти.

– И алдамчы, бөдөнө, алдап учуп кетип калбадыбы! – деп катындар чарчап, табактарын алганга келишти.

Табактарын төбөсүнө коюп алып, айлына барганда, колдоруна суу куйду. Дасторконун салды, табактарын ачып караса, бүтүн эле түлкүнүн богу.

– өлүгүңдүкөрөйүн, бок алып келесиңби бизге, кет! – деп кубалады.

Катындар уят болуп табактарын көтөрүп, курсактары ачып, үйүнө зорго кайтышты.

Дагы бир күнүтүлкүкелди.

– Бөдөнө дос, бөдөнө дос!

– А!

– Тойгуз дедим, тойгуздуң. Эми бир күлдүрчү.

– Болуптур. Мен бытпылдык деп кете берем, сен ээрчип кете бер.

Бөдөнө бытпылдык деп кете берди эле, түлкүээрчип кете берди.

Бир катын уй саап жаткан. Бөдөнө пыр эткен боюнча учуп барып, уй сааган аялдын башына коно калды.

– Эй, дейм! Эй, дейм! Кичине балтаны коюп, чоң балтаны алып, жүгүрүп келе кой, менин башыма сыймык конду.

Эри жүгүрүп келип, бөдөнөнүчабамын деп, алиги жерде кедей башын бөлө чаап, катынын өлтүрүп алды. Түлкүжатып, оонап туруп, аябастан күлдү.

Дагы бир күнү:

– Бөдөнө дос, бөдөнө дос! Тойгуз дедим, тойгуздуң, күлдүрдүң. Эми бир коркутчу мени.

– Куп болот, мени ээрчип кете бер. Бытпылдык деп кете берем. Мен көзүңдүач дегенде ачасың.

Бытпылдык деп кете берди, бир жерге барса, бир эгиз1 жерде бүркүтчүлөр, тайганчылар, кушчулар турат.

Алиги бүркүтчүлөрдүн бүркүтүкөрүп, бүркүттөрүн салды, түлкүгө. Түлкүандан ага, мындан буга качты. Бир бала отун көтөрүп дем алып калган экен, отундун тагина2 кирип, зорго жан сактады.

Баягы бүркүттөр чабыттап үстүнөн өтүп кетти.

Бир маалда бөдөнө келди.

– Ээ, келипсиң дос. Берээк кел!

Жакын келди эле, лып этип бөдөнөнүтиштеди.

– Коркут десе ушундай коркутасыңбы? өлүп кала жаздадым, сени жеп коёюн.

– Эми дос, илгертен калган достун түбүдос болот. Менин атаман калган осуятым бар, ошону айтып эле берейин, анан жей бер, бир кичине гөшмүн.

– Айт!

– Бир дегин!

– Бир!

– Эки дегин!

– Эки!

– Созуп-созуп айткын, тө-өрт!

– Тө-өрт!

– Беш дегин!

– Беш!

– Алты эле дебейсиңби?

– Алты! – деди эле, пыр-р этип оозунан чыгып, учуп кетти.

– Ылты дебей не болдум, тылды дебей не болдум! – дейт түлкү.

Ошентип, бөдөнөдөн түлкү жеңилген экен.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

12-04-2011
Жомокчу
146745

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×