Добавить статью
11:14, 13 апреля 2011 58561

Комузчу

Автор: ӨЗҮБЕК

өзүбек 1926-жылы Кетментөбө өрөө­нүндөгүБалачычканда көктөмдө, эл жайлоого көчүп жаткан кезде төрөлгөн.

Балалык чагы Каракаш кыштагында өттү.

Атасы кыргыз эли оң-сол деп, эгиз баладан тарагандан беркисин чечмелеп келип:

– Биз солбуз. Солдун Ку уулунан тараган Кабылдын баласы Караталдан: саруу, кушчу, кытай, тобой, мундуз болуп таралат. Ошонун саруу уруусунанбыз. Саруунун Меңди, Муратаалы, Агынай, Кошкулак, Төңтөрт деген беш баласы болгон.

Төңтөрттүн баласы Колпочтон: Култай, Кууилек, Томолок, Токтук, Чочой, Баба-чүңү, Пыры, Төкө, Болот уулу таралат. Биз Култайданбыз.

Култайдын уулу Чымырбай, андан Төлөкө, Төлөкөдөн Кою­ке, андан Сагынаалы, Сагынаалыдан Сулайман, Абдраман, Борошбек, мен Ырысбек. Эсиңде болсун, жети атасын билбеген кул аталат. Ошентип ата-бабаларыңды таанып жүр дечү.

Эс тартканда:

– Ата, бул абаларым каяктан тараган? – деп сурап калчу.

– Ээ балам, Коюке чоң атабыз балбан, дыйкан, өтүк ултарып, камчы өрүп, үй-жыгач жасачу. Ал кишинин Саякбай, Толубай, Жанаалы, Сагынаалы, Стамаалы, Тууганбай деген балдары болуптур.

Ал убакта атанын кесибин карманчу. Балдары өтүк ултарып, камчы, жүгөн өрүп, үй жыгач, жабан үкөк, кесе, табак, чөмүч, кашык, ээр чаап, ар жерге иштеп, жасаган буюмдарын элге берип, мал күтүп, жай курушчу.

Илгери салт боюнча улуулата аял алып берчү. Саякбай, Толубайды үйлөндүргөндөн кийин, кезек чоң атага жеткенде: чоң атаң саргайып өтүк тигип олтурамбы деп, азыраак мергенчилик жайы да болгон, Стамаалы инисин ээрчитип, калың бир токойго барып, ченеп кийик атып, кекилик, чил, коён жана башкалардан кармап, оокаттарын өткөрүп, үй жыгач, арчадан идиш-аяк жасап, эмгектин кызуусуна берилип, тапкан малын инисинен айдаттырып жеткирип, бир-эки жыл токойдо жүрүп калат.

Бир күнүкелсе иниси Жанаалыга аял алып берген. Атасы­на эч нерсе деп айтпастан, өз ичинен таарыныч пайда болот. Чоң атабыз Коюке:

– Бел куда болуп койгон элек, келинин алып кетсин дегенинен кийрип койдук, балам, – дептир.

Баары бир ичинде таарыныч болгон чоң атаң агасы Толубайга, иниси Тууганбайга айтып:

– Биз Кетментөбөгө кетелик. Мен үйлөнүп, Тууганбай үйлөнгөндөн кийин келебиз, – дейт.

Агасы Толубай да өтүкчү, жүгөн, куюшкан, камчы өргөн, ээр чапкан уста киши экен.

Кетментөбөгө келип, Балачычкандын этегиндеги Карасууга эптеп үй салып коюп:

– Сиз ушу жерде өз жумушуңду уланта бериң. Мен Чоңчычкандын ичиндеги киркирге барып, үй жыгач жасаймын, – деп Киркирдеги Какей уста мергенчи менен күздө барып, жазга чейин үй жыгач жасап, көп эле мал табат.

Жазында Какейди ортого салып, Каманбай уруусунан чоң энең Күмүштайга үйлөнөт.

Толубайдан беш уул, эки кыз төрөлүптүр. Момунаалы, Мейманаалы, Орозбек, Осмонаалы (Тоголок), Көчөрбай. Кыздар: Бегимжан, Бектору. Эми түшүндүңбү? – деп койчу.

«Атадан алтоо болсоң, ар жалгыздык башта бар» дегени ырас болсо керек.

Кийин Тууганбай иниси:

– Таласка барып, атамдардан кабар алып келгин – десе, кеткен бойдон келбептир.

Коюкенин төрт баласы Таласта, эки баласы Кетментөбөдө жашап калыптыр.

Атасы Рысбек үй жыгач жасап, комуз чертип, «Жаныш-Байыш», «Курманбек», «Кыз Жибек», «Шекер-Шекиреттен» көп ырдоочу.

Колхоздо бригадир, кийинчерээк өмүрүнүн акырына че­йин чабан болуп иштеди.

Бош убактарда комузун чертип, кызып отуруп, Арстанбектин, Жеңижоктун, Калмырзанын, Мырзабектин арабча жазылган көп казалдарын окуп, ырдоочу.

Атасынан уккан Мырзабектин казалы, «Аалынын кызынын кошогу», «Чоң Канайдын насааты», «Кулпендемди» өзүбек кагазга түшүрүп, фондуга берген.

Атасы орто бойлуу, кызылдуу сары, ачуусу чукул, туура сөздүү, калп сүйлөгөн, кыял-жоругу туура эмес болсо сабап жиберчү!

Ошол туура сөздүүлүгүнөнбүже ачуусунун чукулдугунанбы Экичычкан эли Рысбек жинди деп коюшчу.

Бирок ак көңүл, кайрымдуу, боорукер адам эле. Отуз экинчи, отуз үчүнчүжылкы ачарчылыкта казак Желдибай, Ормон, Түңгатар, Серикбай, Мырзатай, Алмырзага сарайын бошотуп берип, катын-балдары менен он эки ороо жүгөрүсүменен багат. Мындан сырткары: Абдрайым, Стамаалы, Жанаалы абасынын кемпири эки баласы менен бир үйдө жашашат. Мырзатай менен Алмырза эки жылдан кийин кетишет.

Апасы Топон – бойлуу, толмоч, оор басырыктуу, кийим бычып тигип, айылга барктуу, кошок кошо койчу.

Толубай чоң атасынын балдарынан Көчөрбай абасы азыраак обон-күүлөрдү, Осмонаалы (Тоголок) абасы комузду жакшы чертчү.

өзүнүн атасы төрт бир тууган, төртөө тең чертип ырдашчу.

Ошол себептен, колхоз уюшулуп, көчө түшө баштагандан айылдык советтин төрагасы Тоялиев Бегаалы:

– Толубай абасынын балдарынын жайларын Тоголок уста салып берет. Ал эми Сагынаалы абамдын балдары жайга убара болбосоңор деле болот. Ар үйүңөрдө эки-үчтөн тайганыңар бар, тайгандан дубал куруп, комуздан тосуп койсоңор эле даяр жай! – деп айтып, элди күлдүрөт.

Жыйналыштагы колхозчулар жабыла:

– Туура! – деп күлүшөт.

Ырас эле үй башына бир-экиден тайган, үч-төрттөн комуз болчу.

Төрт бир туугандын эң улуусу Сулайман, Абдраман, Борошбек, эң кичүүсүнүн аты – Рысбек.

Атасынын эң улуу агасы Сулайман кол ойнотуп, комузду уруп, капкакты тарсылдатканды жаман көрчү. Секин эле терип, так чертчү.

Дыйканчылык менен өмүрүөттү. Баласаак, жоош, балдарга мындай-тигиндей деп катуу айтпайт. Бала-чаканын баа­ры ошонун үйүндө. Күнүгө жомок, «Манастан», айрыкча «Семетейди» көп айтуучу. Экинчи агасы Абдраман үй жыгач, түндүк, кереге, уук жасап, эриккенде комуз чертчү. Кол ойнотуп чертип, «Боогачынын арманы», «Ак Мөөрдү» ырдоочу. Ал кишиден «Боогачынын арманын» үйрөндү.

Жомок айтып калуусуна Сулайман атасы себепчи. Кол ойнотуучу күүнүчертүүсүнө, анан анча-мынча үн кошушуна Абдраман атасы менен өз атасы деп сезет.

Шамшыбек агасы окуйт. Ушундай эне-аталардын таасиринен болдубу, беш жашынан эле агасына кошулуп сабак окуп, жазса кошо жазып жүрүп үйрөнүп, Кулчубай уулу Сагынаалы агайы эмгек мектебине бир жылдан кийин чоң балдарга кошуп, жиберип ийген.

1935-жылдан баштап, окуй баштады. Мурун окуган Шамшыбек агасынан тамгаларды үйрөнгөндүктөн, биринчи класс­ка окутпай, экинчиге олтургузду.

Баары эле комуз черткендиктенби, жети-сегиз жашынан эле комузга шыктуу боло баштады.

Бирок атасы:

– Сабагыңды оку, алагды болуп каласың! – деп уруксат бербей, комуз карматпай койгон.

Бирок ошолордун баарын тили менен чертчү.

өзүнөн бир жаш улуу Эркинбай чоң күүлөрдөн баштап, комузду жакшы чертип калган. Агаларынын үйүмектепке жакын болчу. Эртерээк барып, мектепке чогуу келишчү.

Бир күнүбарса, Додой абасы Эркинбайга комуз черттирип жатыптыр. Ал барганда Эркинбайдан комузду ала коюп:

– Ме черткин!.. – деп ага берди.

– Мен билбейт элем, – дейт.

– Аталарыңдын баары, укум-тукумдун баары чертет, сен болсо урук бузар болуп, ойноп жүрө бер! – деп ал сыртка чыгып кетти.

Мындай сөздүукпаган жаны, ыйлагысы келип, зорго турса, Эркинбайдын апасы Күлжан:

– Чын эле сен адам болбойт окшойсуң, көрдүңбүЭркинди, комуз чертип жүрөт, үйрөнбөйсүңбү? – деп коюп, ийигин ийрип, олтура берди.

Жашылданган көзүменен:

– Экиш, мени үйрөт! – деди.

– Болуптур, үйрөн, мындай кармайсың, мобу жерден чертесиң, – деп көргөздү.

Ызаланып калгандыктанбы, ошол күндөн баштап, Эркинбайга асылып, обондордон үйрөндү. Бир жылга жетпей эле күүлөргө асыла баштады.

Сабактан келгенден кийин жыйырма-отуздай жандыктарды кайтарчу. Карындашы Майчач абдан эрке. үйүндө төрт комуз илинип турчу. Секин барып, кыңгыратып көрүп, карындашына:

– Ушуну алып жүр, артис болуп ойнойбуз, – десе, ал алып чыгат.

Талаага барып, күндө үйрөнө берчү.

Күздө окууга келгенде балдар менен кошулуп, чертүүгө жарады. Мектептен уюштуруп:

– Райондогу орто мектепке концерт коёсуңар – деп калды.

өзүменен классташ Сулайманова Мария Нуркамал Жетикашкаеванын «Коштошом» деген ырын гезиттен кыркып алып келип:

– Кандай сонун ыр! – деп жаттап ырдады.

Согуштун кан күйүп турган учуру.

1942-жылдын октябрь айында районго, он эки километр жерге жөө барып, мектепке жатышты.

Эртеси эне-аталар, эл батпай кетти. Биринчи эл алдына чыгып ырдашты. Ырды бүтөөр менен кол чаап, кайталатып ырдатышты.

Эки-үч кемпир-чалдын ыйлаганын байкады.

Ушинтип, кырк экинчи, кырк үчүнчүжылдардан баштап, комуз чертип ырдап, сахнага чыга баштады.

Ушул жылдары атасынын агасы Борошбектен көп таалим алды. Ал мүнөзүоор, ак пейилдүү, кишиге мамилеси так, айткан убадасын өз ордунда аткарган, боорукер, эмгектен жадабаган, акылдуу, токтоо, элге кайрымдуу болгондуктан он алты жашынан баштап, эл үстүндө кызмат өтөп, өмүрүнүн эң аягында Каракүңгөй, Бешташ колхоздорунда башкарма болуп келген.

Согуш учурунда аскерден качып жүргөн качкындарды тыясың деп, райком аткаруу комитети тарабынан жиберип, бардыгын алып келип:

– Качпагыла, кай убакка чейин качып жүрөсүңөр. Согуш жакында бүтөт, силер эл үчүн, мына бул калган жетим-жесир, карыган чал-кемпир, жетиле элек уул-кыздардан өз эмгегиңерди аябай, адал кызматыңар менен элге жаккыла, ушул бойдон качып, элдин малын уурдай берсеңер, согуштан кийин силерди аябайт!.. – деп аларды колхозго иштетип, өзүиштеген артта калган Каракүңгөй колхозун алдыңкы колхоздордун катарына теңеген.

Ал кишинин дагы бир өнөрүэски күүлөрдүкөп билген жеткен чебер залкар чоң комузчу болгон.

1936–1937-жылдарда Атай Огонбай уулу келип, бир кыш кыштайт. Сокучуда жүргөн Шекербек тууганчылык жагы да бар, ошол себептен дайыма келүүчү. Мындан сырткары Сарпаш эки жылы жүрүп кеткен.

Ошол эле Жумгалдан Сатаркул, Моко уулу Абдыкерим, Караке уулу Мөкөш, Эшманбетов Асылбек көп келчү.

Бирок ал кездерде жаш, күндө эле үйдөн эл үзүлбөгөн­дүктөн: «Дагы бир кызматчыларбы» – деп ойлочу.

Алар көрсө, күүугуп, үйрөнүшкө келип жүрүшүптүр.

Бу кишинин адаты, кызматтан кайсы маалдан келсе да, комуз колунан түшпөйт. Эртең менен эрте туруп, качан аттанып кетмейин черте берет.

Чоң күүлөрдүатасынын агасы Борошбектен угуп, таалимин көп алды.

Апасы саяк кызы Көлөп уруусунун жөө качты уругунан, Жаркымбайдын кызы болгон.

Кайын агаларын абдан ызаат кылчу. үйүнө чакырып калышса, жүгүнүп кирип, бардык ишине жардам берип, аш-тойлордо, жаман-жакшылыкта тике турган боорукер эле. Абысындары менен уруш-талашын көрбөдү.

өлүм-житимде кошок кошкондо өз оюнан чыгарып кошкондугун 1945-жылы Борошбек атасы өлгөндө билди.

Бек акем, элиңдин бийик туусу элең,

Бек акем, кара болот курч элең.

Бек акем, Экичычкан элине,

Бек акем, бир жаралган кут элең.

Боорукер эле жан аке,

Жетим менен жесирге.

Комузуң шаңшып турчу эле,

Караңгы түшүп, кеч кирсе.

Булбулдай таңшып сайраган,

Күүлөрүң калды угулбай.

Кыямат кете бердиңиз,

Кылчайып артка бурулбай.

Мүнөзүалтын жан кетти,

Ага-иниңден ал кетти.

Атайлап кеттиң бет алып,

Акырет сапар келбести.

Айыкпас кесел жолугуп,

Ажал чиркин алдады.

Ага-иниң болот арманда,

Артыңда туяк калбады.

Бир тууган көрбөй өткөнгө,

Туугандарың кейишти.

Бар болсо эгер тигил жай,

Аралап жүргүн бейишти!.. –

деп апасы жайлоодо алты ай жайы менен Борошбек атасынын жубайы Данагүл экөө кошуп жүрүштү.

Согуш бүткөн жылы элге кара тумоо келте-кесел оорусу жайылып кеткен. Ошол эле жылы август айында Кашкасуу жайлоосунда келте-кеселден апасы көз жумду.

Шыгы артып, ыр-комузга берилди. 1945-жылы согуш бүтөөрдө ачарчылыктын айынан он төрт окуучудан үч эле окуучу калып, айласыздан тогузунчу класс жабылды.

Атасы эмгек фронтунан келип, колхозго койчуман болуп иштеди. 1944-жылы декабрь айында Жаңыжол районунун Жетибел кыштоосуна кышташты.

Жеңиш майрамын Ташкөмүр шаарынын ары жагындагы Ууружар сайынан тосушту. Жеңишке аралаш айылга алты короо кой айдап келишти.

Ачарчылыкта эгин жок жашап турган элди кой-эчкинин сүтүменен асырашты.

1944-жылы колхоздо иштеди. Эң биринчи эмгек жолун бригадага эсепчи болуудан баштады.

Бир бригадада отуз жети кыз-келин иштейт. Алтымыш гектар пахта, бир жүз жыйырма гектар буудай-арпа, элүүгектар жүгөрү, эркек аттуудан эки жигит: Борбуков Аманбек, бригадир Кулманбетов Абыраалы, эмгек акы, сааты менен иштөө дегенди билбейт.

Таң аткандан күүгүмгө чейин иштөөчү. өздөрүайдаган огороду отуз сотых, анын да жармысын фронтко жардамга берүүчү.

Кырк алтынчы жылдын март айында Кыргызстандын артисттери келди деп, өзүнүн тууганы башкарма Тыналиев Сасыке чакыртты.

Барса, өзүменен кошо окуган, андан бир жаш улуу таякесинин баласы манас айтчы Мыктыбеков Тургунжан олтуруптур.

Башкарма агасын молдоке дешчү. «Молдокем бизди артист­терге сынатпайын деген го» – деп ойлоп, сыртка чыгып, Мария жеңесинен сураса, өзүойлогондой болуп чыкты.

Аңгыча болбой Тургунжан экөөн чакырып:

Башчысы Адамкалый баштап, алар комуздарын көтөрүп, шашылып чыгып кетишти.

Эмгек мектебинин эшигинде эл жайнайт. Биринчи эле Бердибай уулу Абдрашит эл менен учурашты. Андан кийин Акмат элди күлдүрүп, куудулдук номерлерин аткарды. Ыбырай комуз чертти. Аягында Саякбай «Тал чокунун көрүнүшүн», «Тайбуурулдун чабылышын» айтып, эки сааттай убакыты өттү.

Бүткөндөн кийин Молдокемдикинде болушту. Кой союлуп, күтүп турушуптур.

Барып тамак жегенден кийин, Молдоке маселени капталынан койду Саякбайга кайрылып:

– Мынабу отурган эки иним, бири «Манас» айтып жүрөт. Экинчиси ырдап, комуз чертет. Ушуларды сыныңардан өт­көзүп, керекке жараса кошуп алгыла. Жарабаса ачык эле айта бергиле, – деп калды.

– Жана «Манас» айткан балаңар кайсы? – деди эле, Тургун­жанды көргөздү. – Айланайын, билген жериңен айтчы азы­раак, – деди.

Жарым сааттай айтканда өзүтоктотту.

– Жакшы айтат тура, бирок кеселмен экен, болбосо кошуп алсак болмокчу, – деди Сакем.

– Эми Сасыке, экинчи балаңдын өнөрүн көрөлүк, – деп калды.

Жүрөгүлакылдап чыгып кете жаздап, зорго токтотту.

Аңгыча Ыбырай:

– Күүдөн черт, балам! – деп өзүнүн комузун берди.

«Жаш тилек» күүсүн чертти.

– Дагы черт, балам! – деп Ыбырай жылуу жүзүменен жылмая карады.

Карамолдонун «Терме камбарканын» чертти.

– Туура! – деп койду Ыбырай.

Токтогулдун күүлөрүнөн бир-эки күүчерткенден кийин, Адамкалый:

– Ыбыкеме күүң жагып калды окшойт, эми үнүңдү, обонуңду кош, кагылайын! – деди.

Обонун Текебай Мураталиев чыгарган Аалы Токомбаевдин «Манастын жердеши», Жоомарттын «Кош, Ала-Тоо, уулуң кетти майданга» дегенин аткарып берди.

– Жакшы аткарат экенсиң, уулум. Бирок экөө тең муңдуу, бирин ырдап, бир күүчертип бергенге жарайсың, эртең кошуп ала кетелик, – дешип, Молдокем жакка кайрылышты.

Анда а киши:

– Жараса мен макулмун, – деди.

– Молдоке, атам уруксат бербес бекен? – десе:

– Сен эмнени билесиң, булардан бир нерсе үйрөнсүн деп жатам, а кишиге өзүм жооп айтамын, – деп койду.

Ошентип эртеси күнүалып кетти. Аны же күлгөнү, же ачуу­ланганы билинбеген арык чырай, орто бойлуу, көзүкөк кара киши Адамкалыйга учкаштырып койду.

Абдрашитти жетелеп, кошо жүрүүнүага беришти. Жатканда Ыбырай үчөө бир жатат. Эки айдай кошо болуп, артист­тин жүрүш-турушун, ички сырларын ошолордон үйрөндү. Анан кырк жетинчи жылы октябрда ФЗОго кетти, ФЗОну бүткөндөн кийин эмгек жолун баштады.

1948-жылы аскерге чакырылып, аскерде Ашхабад шаарында жер титирөөдө кулаган жайларды кайра курууда эки жыл иштеди. Кийин Ыраакы Чыгышка барып, Примор кра­йын­дагы Хасан районунда Барабаш айылын курушат.

өздүк көркөм чыгармачылыкка катышып жүргөндө Ашхабад, Владивосток шаарларында биринчиликти алып жүрдү.

Агитбригада Мадазимов Болуш, Талтакеев Алмазбек, Макамбаев Сапарбай, Хасанов Абдулазиз, Кебекбаев Акмат, Коргонбай (Ташкентте филармонияда иштөөчү) бир болуп, элүүтөрт жумушчу батальонго кыдырып, концерт беришти.

Күндөрдүн биринде уюшуп, кат жазып суранып, Кыргызстандан Мыскал, Чалагыз, Токтонаалы акын, Асек ырчы, Сулаймановдор барышты. Мындан да көп тарбия алды. 1952-жылы аскерден келип, Талас–Токтогул жолун курууга киришти. Теректин ашуусуна жакын Чаткырагайда Таласка жол казып иштеп жатса, Акы уулу Калык, Адамкалый жана Сайра Кийизбаева өтүп калышты. Адамкалый менен ата-баладай сырдашып, сүйлөшүп, көпкө туруп өтүп кетишти.

Түшкүтамакка үйгө келсе, Абдрашит, Шекербек экөө алар турган палатанын эшигинде турушуптур. Салам айтып кирип келсе, Шекем аны көрө коюп:

– Сен да ушу жердесиңби? – деп үйгө киргизер менен эл жыйылды.

Шекем аны сыртка алып чыгып:

– Абдрашиттин аты жүрбөй, Калык аксакалдан калып кал­дык. Бир ат таап, бизди Бешташка жеткирбесең болбойт, – деди.

өзүжолдо бригадир болуп иштөөчү. Лашков деген начальниги келип, атын сураса берди.

Жол казып жүргөн Токтоке аксакалдан бир козу алып келип союп мейманчылап, Абдрашиттин атын жетелеп, дабандан ашканча Лашковдун атына Абдрашитти мингизип, Теректин ашуусун ашып, Бешташты бет алып жөнөдү.

Жолдо келе жатканда Шекем Кырксерке тарапты көрсө­түп, (Көл деген жайлоо бар) бала кездеги өткөндөрүн элес­тетип, жеткенче эрмектеп берди.

Бешташка барса, Осмондун үйүндө олтурушуптур. Элдин баары төр жакка чыгарып, келин-кыз, кары-жаш дебей үй толо. Босогого орунтукка отуруп сөз баштап, көрсө элдин суроосу боюнча Балкы кыз менен айтышын баштап жатыптыр.

Айтып бүткөн соң, сөздүн кызыгын угуп калгандан кийин:

– Шеке, ушу айтышты жаздырып берсеңиз, – деп асылды.

– Ой, эси жок, улуу кишиге ушуну жазып бер деп кантип айтамын, – деди.

– Сиз бригадир турбайсызбы? – деп болбой эле качырып айта берсе, туугандык кылып:

– Олдо ит ая! – деп Калык абага жакын барып, сүйлөштү. – Ой бери басчы, иним, – деп калды Шекем.

Кубангандан чуркап барды. Барар менен:

– Кайсы элден, каерлик болосуң, уулум, – деди.

– Токтогул районунан, саруу болом, – деп Шекемди тиктеди.

– Аа, балам түшүндүм, Шекербек агаң турбайбы, чертчи! – деп колундагы комузун берди.

Ала коюп аптыгып, эч нерсе оюна келбей, Токомдун «Чоң кербезин» чертип жиберди.

– Болду балам, түшүндүм, суранган элге тартынбай ырдап жүрсөң болгону, – деп койнуна колун салып, сырты жыртыла баштаган бир дептерди алып чыгып: – Чүйлүк бир балама жаздырып койдум эле, окучу аягын, – деди.

– Чичериндик жигит Молдо уулу Салмоорбек жазыптыр.

Колуна тийгенден кийин кубанганын сураба. Кийин маданият үйүндө массовик, автоклуб башчысы болуп иштегенде, Жаңыжол, Караван, Алабука райондоруна кыдырып барганда, үчтерек, Токтогул аймагына отуруштарда айтып берип жүрдү.

Шекербек болду устаты

1940-жылы аристтер Осокем, Шекем алардын айылына оюн коюп барышкан. Ал кезекте буудай өңдүү, орто бойлуу, кара мурут кези. Шашып сүйлөгөн, ак көңүл, бардык күүлөрүн бүт жашырбастан чертчү.

Бул киши көп кырлуу эле. Акындыгы да бар, обон да чыгара койчу. Көбүнчө кол ойнотуп чертүүдөн бул кишиге тең келбейт го. Атайга катуу баа берчү.

Эски күүлөрдү, жаңы күүлөрдүбузбай, ордунда чертип, кооздосо кооздоп койчу. Карамолдонун «Ибаратына» кооздук киргизип, кооздоп таштаган.

Ошондуктан Карамолдо:

– Шекербек чертсин «Ибаратты» – деп, өзүчыкпай, Шекемди чыгарчу.

Пенсияга чыккан кезинде, 1963-жылы Талас элдик театры менен барып да жүрдү.

Коргоол менен жолугушканы

1946-жылдын ноябрь айында Токтогул районунда жер титирөөдөн райондун борборунан бир да жай калбай кулаган. Аман калган Балачычкан айылына кырк-элүүдөй адамды топтоп, араба менен районго алып барып, обол мурда самолеттун аэропортун тазалатты. Ошонун ичинде Коргоол да бар.

Ошол тушта райондо Жылкыбаев Жумай бутуна кыш ти­йип, бир бутунан аксап, бир колунда кол таякчан элди аралап басып келди.

Алдынан чүйкөдөй чепкенчен сары чал чыгып, комузун колуна алып ырдап коё берди:

Жылкыбай уулу Жумайсың,

Жылуураак сөздөн ургайсың.

Жыгылды жайлар куланып.

Же буйругу бекен кудайдын.

Жалпы эл үчүн иштедиң,

Кантордон карыш жылбайсың.

Кечээ жекшембинин күнүндө,

Катуу жел сокту күүгүмдө.

Качырып тамдар кулады,

Кара жер силкип түнүндө,

Коммунист болсоң ачык айт,

Күнөөсүкалктабы, же кимде?

Топурак учуп тоз болуп,

Титиреп жерлер козголуп.

Токтогул районунан,

Беш жүз отуз адам жок болуп.

Жаныбыз эсен калса деп,

Жарадар жатат топтолуп.

Кыйраса жайлар салынат,

Кереги кең Маскөөдөн алынат.

Келин-кыз, кары-жаш өттү,

Калганы эстеп сагынат.

Калк башчысы ойлончу,

Кеткендер кайдан табылат, –

деп ырдап жатканда биринчи көрдү.

Андан кийин коңшу болуп да жашап жүрдү. Көп эле жерде бирге болду. Кол ойнотуунун көпчүлүк ыкмаларын Коргоол абасынан үйрөндү.

өнөрпоздорду өз боюна тарткан тамашакөй, сөлпүбаш, манжалары топчудай төгөрөк-төгөрөк, өңүсары, чакан бойлуу, кандан-бектен кайра тартпаган, көздөгөнүн бетке айткан курч киши эле.

Кол таштоосу Токтогулдун өзүн көргөн да, бу киши күүнүкыска кайрып, кооз чертчү.

Эс тартканда Атайды көргөнү

1948-жылдын жай айы. үччат жайлоосунун тескей деген жеринде.

Бир күнүАкжылгада кымызда отурса, Жаңыжол колхозунун башкармасы Тыналиев Сасыке молдоке келип калды.

– Иним, ырас отурган экенсиз, баягы Атай тууганыбыз Итагардын жайлоосунда кесел экен. Сен да кошо жүр, күүсүн укпасаң да, сөзүн угуп келесиң.

«Туугандын турпагы алтын» – дейт, ооруп жатканда көрүп коюш жакшы. Көз өткөндөн кийин эмне, дос, душман, тууган баары эле бирдей, кейиген болуп коёт. Камдансын Рысбек аке, – деп койду.

Атасы бир ат токуп берди. Эртең менен эрте келсе, кымызга келип калган, алар дагы кымыз ичиришип, бир чакан чаначка ага үзөңгүбоолуктап беришти.

Итагарды карай жол тартышты. Итагардын ичинде Чычырканактыда экен.

Алар айылга жакындаганда патефондун үнүугулду. Түз эле көргөн-билгендей ошол үйгө барып түшүштү. Атай агасы төшөктө жатыптыр.

Тигил агаларын тааныйт да, башын көтөрүп:

– Келгиле, – деп калды.

Иниси Бектен да бар. Ал-жайды сурашып, көңүлүсергип, улам отура калып, кайра жатып, сүйлөшүп жатты.

Чай ичилип бүткөндөн кийин, Бектен бир козу жетелеп келип, бата сурады. Бата бергенден кийин, дагы кызуу сөзгө киришти.

Бир убакта Абдракман агасы:

– Атай иним, эчен өнөрпоздорду көрдүң, башы – Көл, этеги Кызылкыя, Санташ, Талас, Жумгалдан калбады. Ушул көргөндөрдөн кимди баалайсың комузчудан, акындан, обончудан, кыскасы, өнөрпоздон, – деди.

Кадимкидей чыйрала түшүп, Атай агасы:

– Мен көргөн акындан Токтогулдан артыгын көрбөдүм. Мен көргөн обон чыгаргандардан Боогачы, Калмурат, Мусалар. Анан Ниязаалыга теңдеш комузчу болбойт го. Анан залкар күүгө Карамолдо, Муратаалы экөө жаралган. Эми Ыбырай карыганда сүрүп кетеби деп жүрөм, – деди.

Сасыке молдоке сурап калды.

– Ээ Атай, өзүң кандайсың? – деди эле.

– Мен жөн эле катарында комузчу, обончу болуп жүрөмүн, – деп өзүн паска тартып сүйлөдү.

– Эми биздин Талас менен Кетмөнтөбөдө бычакка сап болору барбы? – деп кайталады.

– Оо аксакалдар, бар эмей, анан кызматка берилип кетишти. Болбосо Борошбек менен Мусулманкулдай комузчу жок. Аларга жакын Тоголок (Түйрүк) тууган. Мен ушулар менен сыймыктанамын, агалар. Бой көтөрүүнүбилишпейт, – дегенде өзүбектин оюна кандайдыр бир тумандалган ойдун туткуну пайда болду. «Бул киши кадимки атагы чыккан Атай болсо, биздин айылдагыларга, карыларга айрыкча баа бергени кандай? – кайра туруп ойлоду. Бир күүнүүйрөнсө да устат болуп калат. Бу кишиге көп эле күүүйрөтүүгө жардам беришсе, анан айтып жактайт да» деген тыянакка келди. Бирок таң калуусу деле жүрөгүн өйкөп жүрдү.

Ошол жылы аскерге кетти. 1949-жылдын сентябрь айында Атай дүйнөдөн кайтты деген сүрөтүменен чыккан кабарды газетадан окуду.

Чогулуп окуган кыргыз жаштары:

– Кайран киши, алп талант эле! – деп гана ичтен сызып, тим болушту.

1955-жылы шахтыдан кырсыкка учурап, пенсияга чыгып, маданият үйүнө келсе, директору ачык-айрым шыпылдаган Чоңмурунов Жусуп деген жигит аны:

– Массовик болуп иштегин! – деп калды.

Ошол жылы Жусуп маршрут колуна берип:

– үчтеректин клуб башчысы Текебай аксакалды аялы менен кошуп алыңыз, – деди.

Барып таанышты. Аялы Расак кызы Батыш укмуш ырдайт. Аткаруучулук чеберчилигине таңданды. Тубаса чыныгы талант. «Манастын жердеши», «Кош, Ала-Тоо, уулуң кетти майданга» ырлардын обондорун жараткан, андан сырткары жыйырма эки обон чыгарган. Фондуга алты обонунан башканы бере албады.

Узун бойлуу, ак саргыл, сөзгө чебер жан эле. Азыр балдары, кыздары баары эле аткаруучулук жөндөмүбар. Калкабеги Ош драма театрында, Какы менен Кадырбеги Токтогул элдик театрында иштешет.

Элүүнчүжылдардын аяк ченинде музыка изилдөөчүВиктор Виноградов менен композитор Акмат Аманбаев экөө келип, Токтогул районундагы комузчу, ырчы, куудулдардын баарын чакырып, эски райондогу пахта заводдун клубунда магнитофонго жаза баштады.

Коргоол менен айтышкан акын, комузчу Айчүрөк Чуудабай кызы, Током менен алым-сабак айтышкан Жумагүл эне, ошолор менен кошо Коргоол акын, атактуу Калык акындын окуучусу Саркунан Дыйканбай уулу, улуу акындын уулу Бабажан Токтогул уулу, Коргоолдун инилери Барпы Сапек уулу, Тыттыcайдан Жангазы комузчу, Көөдүлдөн комузчу, акын Актан молдо Ыман уулу, Акбулактан Калмырза досу, Чычкандан Каратай Эгемберди уулу, Шопоктук Чоңмурун уулу Жусуп, Торкендик Муратаалы уулу Төкөбай, үчтеректен Жолборс уулу молдо Муса куудул келди. Ошолордун ичинде өзүбек да бар эле.

1957-жылы Кыргызстан жаштарынын I фестивалына катышты.

Ошол учурда кечки мектептин онунчу классын Куйбышев орто мектебинен бүтүп чыкты.

Кулмурзадан таалим алганы

Кулмурза менен 1957-жылы бир ай бирге болду. Ушул жылдын июнь-июль айларында Жаки Таштемиров Токомун эл арасында ырларын жыйноого барып калды. Кенжегулов Ыманбай Токомдун өз оозунан жазып алган бир таңгак арабча жазылган ырларын берди.

Коргоолдон жыйырма жети наамдагы чыгарма биле тургандыгын жазып алыптыр. Ушуну жазып бергин деп, Токомдун баласы Бабажандын үйүнө алып келип, Коргоолду тапшырып өзбек жаза баштады.

Эки-үч теманы жазган кезде, бир кичирээк, жапалдаш бойлуу, чокчо сакал кара киши келди.

Коргоол тааныйт экен:

– Кел, Жаман кара! – деп ордун көрсөттү.

Отургандан кийин:

– Жанагы мени чакырткан чоңуңар кайда? – деди.

Анын ордуна Коргоол аба жооп берди:

– Ээ, карам, сен кимди айтып жатасың? Жанагы ээги желке, сары туздай болгонду айтасыңбы. Ал ушу балама табыштап кетти, айтарыңды ушу балама айтсаң болот, – деди.

– Ыя, ушундайбы, Коке? Балам, каерлик болосуң?

– Чычкандык болом.

– Уругуң ким кагылайын.

– Уругум саруу, колпочтон.

– А иним турбайсыңбы, балам, мен да колпочмун.

Анда биздин аталар экенсиз, өнөрлүүлөрдү, Токомдун ыр-күүсүн билгендерди, чакырып жүрөт. Сиз күүбилесизби, ыр билесизби? Тартынбай айта берсеңиз болот Кулмурза аба, – деди.

– өзүм Акбулакта турам, атамдын аты – Кожобек, а киши да убагында комуз, ырга шыктуу эле.

Мен эс тартканы ыр билбесең, күүүйрөнүп калгын деп, Токомо алып келип тааныштырган.

Ошол күндөн баштап, Токомо бала катары келип, үзбөй каттап жүрүп отуздай күүсүн үйрөндүм. Ошондон баштап бере­йин, – деди.

– Анан – деп, Коргоол аба жооп берди.

Комузун ала коюп чүкөдөй болуп, мандаш урунуп, комузун күүлөй баштады. Күүсүтолук күүлөнгөндө «Тогуз кайрык» күүсүн чертти.

Бу киши күүлөп жатканда, күүбашталаар менен көзүчылк жумулат. Күүнүчерткенде көйкөлүп эрип, көзүн жумган боюн­ча черте берет. Күүбүткөндө уйкудан ойгонгондой көзүн ачат.

Көп эле комузчуну көргөн, бирок мындай адамды көргөн эмес.

Ошентип көп күүлөрдүчертти. Коргоол аксакал да комузчу болгон.

Калмурза черткенде угуп олтуруп, оозун ачып, шилекейи агып кетчү. Күүчертип бүткөндөн кийин:

– Ай! Жаман ит кара ая! Ата ит жегир жаман кара! – деп шыпшынып калчу.

Бул ыраазылыктын белгиси эле.

Ошондо таанышып калып, Кулмурзадан «Чоң Ормондун карөзгөйүн», «Көкөй кести – карөзгөй» деп чертет экен, ошо кишиден үйрөндү.

– Жакалуу тонду ар ким киет, такалуу атты ар ким минет. Кооздоп жасап койгон комузду ар ким эле черте берет. Мына мобуну черт, балам! – деп койчу.

Абдан ак көңүл, эч бир унчукпаган жоош, чакан муштумдай эле кара киши болчу. Сөзгө сараң, кишилер менен көп чечилип сүйлөшө бербеген, комузга эле күчүн чыгарган катуу комузчу эле. А киши комузду таптап жүрчүэмес. Устасайдын башында Сарыбулакта турчу.

Карагайдан сомдоп, аттын такасынын мыгынан үч жагын сындырып, капкакты жабыштырып алып черте берчү. Токой чарбасында кароолчу болчу.

– Ушу жаман карада менин отуздан ашуун күүм калды, – деп Током эркелетип айтчу экен.

Тоголок бою узун, өңүндө саал билинер-билинбес чаары бар, динчилирээк, адамга катуу айтпаган, колхоздун иши десе жатпаган, усталык ишке куп берилген, салабаттуу жыгач уста эле.

Согуш жылдары эки мектеп курду. Соко жетишпей, колхоз­дун буурусунунан баштап, керки, шамиян,1 ок жыгач, каалга, терезеге чейин, стол отургучтардын бардыгын колго жасоочу.

Иреңине караган киши колунан эч нерсе келбейт деп ойлойт. Сөз сүйлөсө да араң эле кыбылжытып сүйлөйт, кулагы катуураак, укпайт. Бирок элге да, өзүнө да жакшылыктан башка жасаган жок. үйүнүн чоң бөлмөсүн узартып уруп, мечит кылып берди. Атай ага айткандай ээги түйрүк, комуз чертип жүрөт десе, эл ишенет. Тоголок ырдайт экен десе, эч ким ишенбейт. Элге көргөзө ырдаган эмес.

Азыр ал ырдаган десе да ишенбейт.

Согуш чыга элек кези. Колхоздун кампасы бүтүп, ошонун урматына бозо салып, элдер чогулуп, кампанын тегерегинде Кенжегул, Осоке, Казакбай, Узакбай иштөөчү.

Ойноо кези. Нары ошол жерге жакын Казакбайдыкына барса, Борошбек ата, Мусулманкул таякеси, Тоголок аба үчөө олтурушуптур. Тамактары алдында, бир чарага бозо куюлду, салам айтып кирип барды.

– Кел балам, тамакка отур, – деп коюп, күүгө алаксып аны капарына да албады.

Борошбек ата (үнүАтай агасынын үнүнө абдан окшош) «Гүлгаакы» күүсүнүн тарыхын айтып, ырдап берди.

Андан кийин Мусулманкул таякеси кандайдыр бир муңдуу күүчертип, жалгыз уулуна өзүнүн көзүтийип, майып болгондугун айтып, ырын бир азыраак ырдады да, Тоголок абага сунду.

Тоголок аба:

– Айдараалыны көрүп калдым. Эми ошонун өзүндөй болбосо да, – деп сыңар тизелеп отуруп, комузун тактап күүлөп, черте баштады:

Э-э-эй

Күлдүр-күлдүр,

Күлдүрбөй тим жүр.

Караңгыда калдыр,

Калдырабай тим жүр.

Питебоор, Маскөөдөн,

Орунбоор, Ташкенден

Алып келген күүэкен.

Ак куржунга жаймалап,

Аркан менен бек тартып,

Таңып келген күүэкен.

Э-э-эй!

Коён жылы кышында,

Жутап калдык ошондо.

Жүз жылкылуу жүдөдү,

Кырк жылкылуу кыйрады.

Он жылкылуу оюлуп,

Муздап калды териси.

Жаз чыкканда союлуп,

Беш жылкылуу бүлөлүү.

Эл өөдө чыкканда

Арта салып өлүгүн

Ар сайларга түнөдү.

Минтип чертем, минтип чертем

(капкакты таптап чертип)

Билип чертем, илип чертем

(комуздун кылын илип чертип)

Ырдап чертем, жыргап чертем

(ыргалып ырдап жаткандай болуп)

Шашып чертем, ашып чертем

(карбаластап)

Ыйлап чертем, күлүп чертем

(муңайып ыйлагандай болуп)

Сүрүп чертем, күлүп чертем

(комузду сүрүп каткырып)

Кемпирлерге барып чертем

(алдыга жылып)

Келиндерден качып чертем

(кетенчиктеп алаңдап)

Ыйылдатам, чыйылдатам,

кулак-мурдум кыймылдатам

(кулактарын кыймылдатып)

Ойдолотуп козгоп чертем

Боз ингендей боздоп чертем

(тили менен коштоп боздоп)

Безгек болуп титиреймин

(калтырап)

Кол ойнотуп бүтүрөмүн

(кол ойнотуп)

Комузчулар чертишкенде

(муштум түйүп көргөзүп)

Карасам да күчүмдөмүн

(жайдарылана отуруп калат.)

Карап отуруп, эч ооз ачпаган абасына таңданды. Көрсө өнөрчүлөр бир бирин көргөндө билгендерин жашырбасына көзүжетти.

Ошол эле күнүкечинде кампанын бүткөнүнө жыйналыш болуп, бир үй Кайбылда, Абылгазы, Искендер, Каратай, Бекмат, Итбай, Абдыраалы, Тынай, Осоке, Казакбай, бүт аксакалдар болуп, бир үйгө чогулушту. Айыл активдери Көчкөнбай, Калышбай, Сопулар да болду.

өзүбек үйдүн сыртында ойноп жүрдү. Тоголок абадан «Саринжи-Бөкөй», «Такмаза», «Желпиме», «Селкинчек» күүлө­рүн үйрөндү.

Бу кишинин да ал үчүн салымы чоң. 1957-жылы сайра комузда абамдан үйрөндүм дегенди угуп, кийин барса абдан ыраазы болду.

– Биз учурубузда ушинтип черте албаппыз, эми кеч болуп калды, түшүнбөппүз, – деп койду.

Бу киши көрүнгөнгө чертчүэмес. Көңүлүкелген кишиге чертип берчү.

Көп учурларда ары-бери өткөндө эски күүлөрдүн чаласын ошо кишиден үйрөндү.

Ал барганда:

– Келип калыпсың! – деп комузун берип, секин отуруп алып, туура эмес чертсе, чыдап тура алчу эмес, шарт комузду ала коюп, күүлөп көргөзүп берчү. – Комузду черткен убакта так күүлөбөсө, комуз күүсүнө келбейт. Күүсүнө келтирип, так күүлөп чертпегенден кийин, чертпей койгон оң!

Оң күү, сол күүлөрдүн черте турган өзүнүн күүлөнүштөрүболот. Башка күүлөргө күүлөгөндө беш-алты саатсыз башка күүлөргө келбейт. Кайра кыл жана берет. Кыябына келтирип, күүлөп чертип жүр! – деп көп насаат айтуучу.

Саал туура чертсе, мурунтан жылмайып ыраазылыгын билгизет.

Айчүрөк комузчу

Элүүнчүжылдары Виноградов менен Аманбаев экөө келгенде бирге болду. Айчүрөк да келди. Ал киши комуз чертпей эле Коргоол менен айтышып отурду.

Айчүрөк кол ойнотуп чертчү. Жашында Коргоолдон жеңилип калган экен. Базардан жолукканда Коргоолго чап асылчу. Коргоол шаштырып жиберчү:

Берекеңден калышпайм,

Бейлиң менен арыштайм.

Бетке тээп жүрбөсүн,

Бүгүн мен

Бээлер менен жарышпайм, –

деп койчу.

Виноградовго Токтогулдүн «Ботко күү» деген күүсүн өзүбек чертип берген.

Айчүрөк Коргоолго:

– КасиеттүүШамшыкал,

Кетментөбө жер тура.

Каңкылдап топко ырдаган,

Ажына тийген көр тура, –

деп ырдаган.

Айчүрөк узун бойлуу, шадылуу киши эле. КүйөөсүСөлпүжарды болуп, Керимбайдын атасы Атакандын ашында төө чечкен. Ошону катарга кошуш үчүн ушул ишти кылган.

Айчүрөк Коргоол сыяктуу кыска кайрып, чертүүдө экөөнүн кайруусу бирдей чертилчү.

үйүнө эки-үч жолу барып кайткан. Тоголок абасынын бир тууган таэжеси болчу.

1958-жылы бели саал бүкүрөйүп калган кези. үйгө келгенде кемпир төрдө олтурган экен. Барып учурашкандан кийин, келини тура калып, кемпирдин жанына орун салды.

Андан кийин жөн-жайды сураша баштады.

– Комуз үйрөнөйүн деп жүрөм, – деп жөн-жайын айтты.

– Жакшы болот, балам, жээним болот экенсиң, комузчу болгонуң жакшы, ата-бабаңда бар, – деп батасын берип, Какей деген уста чапкан күмүш чапталган комуз менен эски күүлөрдүчертип берди. «Дуу басар» күүдөн баштады. Айдаралынын «Көйрөң күүсүн», «Эски насыйкатты» ушуга окшогон күүлөрдүчертти.

Андан кийин комузун ага берди.

– Жакшы балам, азыркы күүлөрдүн баары эле узак кайрылчу болду. Биздин тушубузда кыска кайрык болгон эле – деп өткөн-кеткенден кеп салды.

Саал жээним дегенсип кысылдыбы, кандайдыр ырдагандыгы жөнүндө сөз кылбады.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

22-04-2011
Чымын баатыр (жомок)
127754

20-04-2011
Кедейдин үч уулу (жомок)
223141

19-04-2011
Жомокчу
130734

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×