Добавить статью
11:32, 13 апреля 2011 126497

Жомоктор топтому

ЗЫПАК

Илгери бир заманда бир падыша, анын жалгыз уулу жана жакын көргөн биринчи обоскери болуптур. Ал обоскердин да жалгыз кызы болгон экен. Ал кызын ар түрдүүтилде окуй турган бир шаарга жиберип, окууну бүтүп келет. Анан падыша:

– Ушул обоскердин кызын алсын – деп, баласына айттырат. Бала болбой коёт. Хан зордук менен кызды алып берет. Ошентип, экөө жашап жүрөт. Бир күнүошол шаардын жогорку даражадагы адамдарынын балдары чогулуп, салбырынга же ууга чыгышат. Ойноп жүрүшүп балдар бири-бири менен сырдашат.

– Сен кайдан алдың катынды? – дешет.

Баягы кандын уулу:

– Мен атамдын обоскеринин кызын алгамын, – дейт.

Ошондо балдар хандын баласын шылдыңдашып күлүшөт.

– Сага хандын, бектин, байдын кыздары буюрган эмеспи? Ал атаңдын айтканы менен шилтеген жакка кете бере турган кулу, – дейт.

Ошого арданып бала үйүнө келип аялын:

– Кет! – деп сабап кууйт.

Аялы:

– Кетпейм, качан атаң кет десе, кетем, болбосо өлтүрсөң – өлтүр, кетпейм, – дейт.

Ага болбой күнүгө эки убак урчу болду. Аны кыздын энеси угат да, кызына келип:

– Балам, сени хандын уулу чанып, кет деп уруп жүрөт, – дейт. Ошон үчүн алып кетейин деп келдим, – дейт.

Анда кызы:

– Жок, эне, душман айта берет. Мен күйөөм менен өтө ынтымактуумун, кете береңиз, – дейт.

Ошону менен энеси кетет. Алып кетет деген хан уулу кечинде келип:

– Кеткен жоксуңбу? – дейт да, колу-бутун таңып, ороого салдырат.

– Мейлиң! – деп жүрө берет.

Энеси угуп дагы келет:

– Балам, сени түнүндө ороого салып коёт, – дейт. Андай кыйын болсо сени кетирсин да, пери шаарында Зыпак деген кыз падыша бар, ошону алсын, уруксат бер, балам, – дейт.

Кыз баштагы сөзүн айтып, энесин кетирет.

Хандын уулу кечинде келип:

– Энең дагы алып кеткен жокпу? – деп дагы колу-бутун байлатып жатканда аялы айтат:

– Мени эмне кыйнайсың, мен уруксат берейин, атаңа айтып, пери шаарында Зыпак деген кыз падыша бар экен, ошону алып кел, анан кетейин, – дейт.

Ошондо хандын баласы:

– Болуптур, мен ошону укмак элем, жүрө бер – деп, бош коёт.

Эртеси атасына айттырат:

– Пери шаарында Зыпак деген кыз падыша бар экен, мен ошону алып келем, уруксат берип, мага кырк жигит, кырк атты тону, курал-жарагы менен камдап берсин – дейт.

Атасы уулунун айткандарынын бардыгын камдап берет.

Ошондо аялы:

– Бул азык, азык болбойт – деп, курут жана жылкынын кара кезек этин кургатып тегирменге, же жаргылчакка тартып ун жасап, кийимдин арасына сиңирип, шырып бекитет.

– Жолдошторуңдун бардыгы ачкадан кырылып жоголот, андан нары дагы бир ай, эки айдай жөө жүрөсүң. Ошондо ушул күлазыктын кереги тиет. Курутту үзбөй салып жүрсөң биринчиден эрмек, экинчиден кубат, үчүнчүдөн азык болот, – дейт.

Ошону менен кырк жигит менен жөнөп кетет. Ал жол барса-келбес жол эле. Ошентип үч ай жол жүрөт. Пери шаарына кандай жол менен барарын билбейт. Аттары, жигиттери арыктап ачкадан өлүп, бүт ар кайсы жерде калып жоголуп бүтөт. өзүжалгыз калып, баягы күлазык менен оокаттанып, дагы үч ай жөө жүрүп олтуруп, бир чоң шаарга туш келет да, шаарды коруп, сыртынан кайтарып жүргөндөр кармап алышат.

– Кайдан келе жатасың? Кайда барасың? – деп сурашат.

– Ушул шаарда Зыпак деген падыша кыз бар экен. Ошону издеп келе жатам – дейт.

– Алуугабы?

Хандын уулу:

– Алам, – дейт.

– Анда Зыпак ушул шаарда жашайт. Аны бир күндө үч сүйлөтүүкерек. Сүйлөтө албай нечен азаматтар жок болуп кетти, – дешти.

– Көрүшө жатам, – дейт бала.

Анда тээтиги көчөгө бар, ошол көчөдө күйөө болчу баланы тосуп алчулар бар, – дешет.

– Макул, – дейт бала. Ошол көчөгө күйөө болчу гана адам барчу экен.

Тоскон жигиттер:

– Хан күйөө, бек күйөө! –деп, көтөрүп барып, сонун жайга киргизип, тамакка тойгузуп күтүп турат да, Зыпакка кабар берет.

Зыпак кечинде келет да, баякы сүйлөтчүжайына барып олтурат. Бала үстүнө кирип олтура берип таң атырат.

Зыпак:

– Башын алып, тизип койгула, – дейт, желдеттерине жетелетип, киши өлтүрчүжерге алып барып өлтүргөнүжатса, ошол шаардын уйларын, торпокторун кайтарып, саап оокат кылчу бир кемпир келип:

– Ушул бала жаш бала экен. Нечен адамдын башын алдыңар, аларды ким эстеп жатат, мага бергиле. Мен торпок кайтартам, качан керек дегенде алпарып берейин, – деп, сурап алат.

Ошентип, үч жылга айланат. Анан баягы үйүндө калган аялы:

– Хандык кылып мага темирден чокой, темирден таяк жасатып берсин. Мен күйөөмдүтаап келем, – деп, кайнатасына айттырып жиберет.

Ошондо хан:

– Мен хан башым менен таба албай жүрөм, табам десе макул, – деп, хан айткандарынын баарын жасатып берет.

Ошону менен баягы күлазыктан көп жасатып, белине түйүп алып, эркекче кийинип, издеп жөнөйт. Ал бир нече ай, бир нече күн жол жүрөт да, арып чарчап, бир күнүкечинде бир сонун жайга туш келет. Бир чынар теректин түбүндө чоң ак боз үй турат, барып кирип көрсө, түрлүүтамак, эң сонун жасалгаланган, тамактан тойгуча ичип, теректин башына чыгып кетет. Теректин башы үйдүн түндүгүнөн көрүнүп турат. Теректин бүчүрүөтө калың, үч ача бутакка карап отуруп, күүгүмдө бир үч көгүчкөн келип силкинип койсо, экөө эки эркек, бирөө кыз болуп калат. Ошол перинин чоңдору сейилге келүүчүжайы экен. Тамактанып болуп отуруп, кумар ойной кетишет. Эки эркек бала кызды ута башташат. Карап туруп ичи күйүп кетип, кызга болушуп:

– Мындай ойно! – деп кыйкырып жиберет.

Ошондо балдар түндүктүн үстүн карашып:

– Ой, сен кайдан келген адамсың, кел, кыйын болсоң ойноп көр! – деп мыскылдашат.

Ал теректин башынан түшүп келип:

– Эмне саясыңар? – дейт.

Анда баякы мусапыр жигит:

– Мен силердин бир отургучуңарга чыга турган күчүм жок, кара башыбызды сайышалы, – дейт.

Алар макул болушат. Ал жигитче кийинген келин үчөөнүүч жолу утат.

– Убада боюнча менин карамагымдасыңар. Мен силерди элиме, шаарыма алып кетем, – деп айтат.

Баягы үчөө жалынышат.

– Бизди шерменде кылба, биз жеңилебиз деп ойлогон эмеспиз. Эми эмне алсаң, айып өзүбүздө, алтын берели, – дешет.

– Мен дүнүйөгө ойногон эмесмин – деп, ал жигит болбойт.

– Анда мүдөөңдүайт, ошого жеткирели, – дейт.

– Эмесе, ушул жакта Зыпак деген кыз падыша бар экен, ошону мага алып бергиле, – десе, баягы үчөө:

– Оо, ал иш колдон келбейт, ал өтө кымбат, ал Зыпак бир түндө үч жолу сүйлөткөн кишиге тиет, шарты ошол. Нечен жүздөгөн хандын балдары келип, сүйлөтө албай коюшту.

– Эмесе, андан башка эч мүдөөм жок, – дейт.

үчөө кыйналып туруп:

– Биз жардам берели, анан сүйлөтүп аласың, – дейт.

– Эми сен көчөгө барсаң, ошол жерде күтүп тургандар бар, алып барып кыз падышага кийришет. Сүйлөтчүжайына кечинде барасың. Мурун кир да, алтын стол бар, ошого отур, Зыпак кирет да, барган убакыттан башталат. Ошондо бир күндүк өмүрүм калды. Сизди сүйлөтө албай жүздөгөн адамдар өлүп кетиптир. Анан мен сүйлөтмөк белем, чын хандык кылсаң бир түнүушул столдун үстүнө отуруп өлөйүн да, сөзгө жыгылат да берип, өзүкүмүш столго отурат. Ошол кезде биз киребиз да, бирибиз алтын тактага барабыз, алтын керебетке бирибиз, алтын столго киребиз. Сенден башка адам көрбөйт. Анан сөз башталат, аны-муну айтып, биз кыжырын кетирип сүйлөтөбүз. Ошентип, жөнөп шаарга кирип, кечкурун баягы көчөгө барса:

– Хан күйөө, бек күйөө! – деп, көтөрүп барып, бир сонун жайга киргизди. Баягы айткандай мурун кирип, алтын столго отурат. Зыпак кирет да убакытты болжоп, анан:

– Бу столду мага бериңиз! – дейт, баягы үйрөткөн сөз бүт айтылат. Ошондо сөзгө жыгылып, өзүкүмүш столго отурат, анан күйөө ойду айтат, тоону айтат, күлө турган сөздүайтат. Такыр сүйлөбөйт: Баягы үчөө кубулуп, билинбей келишип, болжолдогон олуттарга кирип кетишет. Аны көрүп туруп баягы күйөө:

– Ошончо күндөн келип, ажалым ушу жерден экен, кантейин алтын керебет сен бир сүйлөчү? – деди эле, алтын керебет шыңгыр эле түштү: «Мындай жок эле, эмне болду?» – деп ойлоп, Зыпак туруп, тияк-биягын караса, эч нерсе жок. Кайта барып ордуна отурду эле, алтын керебет сүйлөй баштады:

– Илгери бир үч адам жол жүрүп калып, бир калың токойго келишип, жатып калышат. Ал токойдо адам баласына зыян келтирүүчүлөр көп экен. Отту чоң жагып, кезек менен күзөткө турушат. Бирөө туруп, экөө уктайт. Бекер отура алышпай, жыгач уста экен бирөө, жаш ууз теректен бирди кыйып келип, бир сонун сулуу кыз тургузуп койду да, экинчисин ойготту. Ал туруп караса, бир сонун кыз турат, аны көрүп «менден кыйынсынат» деп отурду. Кийим тигип, кийинтип салат. үчүнчүсүн ойготот, ал караса, бир сонун сулуу кыз турат жаны жок. «Буларды көрчү» – деп, дубасын окуп, жан кийирип коёт. Аңгыча таң атат. Бирөө туруп:

– Мен алам, мурун мен тургузбадымбы!

Экинчиси:

– Мен алам, кийимдерин тигип көркүнө келтирдим.

үчүнчүсү:

– Мен алам, жан киргиздим деп, – чабыша кетишет. Ошентип, кимиси алууга тийиш деп сурайт.

Анда күйөө айтат:

– Сени мурун тургузган жыгачы уста алыш керек.

Анда Зыпак кыжыры келип:

– Эй, сен хандын уулу эмессиң, аны жоктон бар кылып жан киргизген адам алыш керек!

– Эмне болсо, ошол болсун, Зыпак бир сүйлөдү, – деп, доол кагылат.

Элдин баары дүрбөп:

– Кандай неме сүйлөттүэкен, эми аман калса экен!.. – дешип калышат.

Түн ортосу болуп калат. Ошондо күйөө бала:

– Түн ортосу болду, күмүш керебет сен сүйлөчү?

Анда күмүш керебет:

– Илгери үч байдын үч уулу жол жүрөт да, биз үчөөбүз аялды бир күндө алып, үйгө киргизели. Ошондо кимибиз байлык кылар экенбиз дешип мелдешип, убадалаша кетишет. үчөө тең кыздын сулуусун издеп, бири тоо, бири бөксө, бири жака менен кыз тандап келүүгө жөнөшөт. Ошентип, үчөө бир кызды жактырышат. Бирок билишпейт, үйлөрүнө келишип, ар кимиси көп мал айдап, жигит жалаң алып жөнөшөт, үчөө бир короого, бир үйгө алып барышат. үчөө талашат:

– Мен биринчи жактыргам – дешип, катуу жаңжал салышат.

Кызга келишет да:

– Чындыгын айтыңыз, кимибизди сүйөсүң, кимибизге тиесиң? – дейт. Кыз ошондо:

– үчөөң шаарга барып, үч кымбат буюм алып келгиле, кайсы кымбат баалуусуна тием, – дейт.

Ал айткан шаар бир айлык жол болот, ошого жөнөшөт. Барышып бирөө күзгү, бирөө килем, бирөө алма алат. Алар шаардын сыртына чыгышып, алган буюмдарынын касиетин айтышат. Бирөө: мен күзгүалдым, бул о дүйнө менен бу дүйнөнүкөрсөтөт. Анда экинчиси мен килем алгам, ал бир айлык жерге бир мүнөттө жеткирет, – дейт. үчүнчүсүмен алма алдым, ал алма өлгөн кишини майрам сууга ала электе жыттатса тирилет. Анда күзгүнүкарайлычы деп караса, баягы кыз өлүп жайына коюп жатат, кокуй жетели деп шашышып килемге отуруп алышып, бир мүнөттө жетип келишет да, алманы жыттата коюшат. Анда кыз тирилет. үчөө дагы талашат. Күзгүболбосо шашпай келбейт белек деп бири айтса, килем болбосо бир айда келбейт белек деп, бири келген менен менин алмам болбосо тирилет беле дешет. үчөөнүкүтең жүйөөлүүиш, муну кимиси алыш керек дейт. Анда күйөө:

– Аны күзгүнүн ээси алыш керек, – дейт.

Анда Зыпак:

– Бектин уулу эмес экенсиң, аны алманын ээси алыш керек – деп, ошондо Зыпак экинчи сүйлөдүдеп, шаарга доол кагылат.

Эл дүрбөшүп:

– Көрөбүз, өлбөсө экен… – дешип, элдер укташпайт.

Андан кийин күйөө ар түрдүүсүйлөйт, сурайт, ырдайт, күлөт. Зыпак сүйлөбөйт. Ошондо күйөө:

– Кана эмесе, нечен күн, нечен ай жол жүрүп мээнетим талаага кетмек болду. Алтын такты сен сүйлөчү? – деп, кагып койду эле, каңгыр дей түштү.

Зыпак туруп карап, эч нерсе таппады да, кайта барып отурду.

Ошондо алтын так сүйлөп кирди:

– Илгери бир шаардын уюн бир жерге саадырып, адамдын санына жараша таратып берчүэкен. Ошондо бир кемпир уйду саап, торпогун байлап келгиче бир илек-илек бир жыланды эңип алып ошол челектин үстүнөн өтөт. Анда жыландын уусу сүткө тамып калат да, сүттүкөп сүткө кошуп иет. Ошондон оору жайылып, көп адам набыт болду. Буга ким күнөөлүү? – деди.

Ошондо күйөө:

– Ага жылан күнөөлүү– десе, анда Зыпак:

– Туура эмес, башың ылдый караса сенин да оозуңан жиниң куюлат, ага илек-илек күнөөлүү! – дейт.

– Эмне болсо, ошол болсун, Зыпак үч сүйлөдү! – деп, доол кагылат. Элдер көрүүгө шашышып, эки-үч күндө учурашып бүтүшөт. Андан кийин Зыпак күйөөгө айтат:

– Менин шартым бүттү, мен сенин бүлөңмүн, мени аласыңбы же сатасыңбы, сенин эркиңде. Эми отуз күнүоюн болот, кырк күнүкыдыруу болот. Ага чейин менин ордума сен хан болуп тур. Биз кеткенде ханды өзүлөрүшайлап алышат, – дейт.

Макулдугун берип, күйөө такка отурат да:

– Шаарда эмне сонундар бар, көрөм – деп, жигит жалаң ээрчитип алып, шаарды кыдырат. – Канча адамдын башы кесилди экен, көрөм – деп, адам өлтүрчүжерге барып, башты санатат. Караса, баягы өзүнүн күйөөсүнүн башы жок.

– Анан бул жерден адам өлбөй тирүүкеткенби? – деп, сурак кылат.

– Жок, – деп туруп жигиттери, – бир жаш баланы торпокчу кемпир сурап кетти эле, – дейт да, алдырып келсе өзүнүн күйөөсү. Ал аялын тааныбайт. Ошондо өтө жаман акыбалда, тонунун ар кайсы жери аяктын, чынынын оозундай тешиги бар, бети туурулган, чокоюна жип, көк тийбеген жери жок. Чачы, тырмагы алынбаган, этинин киринен өңүтаанылбаган кургур, кайдан келди экен деп жигиттерине буйрат.

– Бул баланы алып барып мончого салып, бут кийимин чечип, тырмагын алып, чүпүрөккө ороп, өзүн жакшы кийинтип алып кел, – дейт.

Жигиттер баягы айткандай кылып келип берет. Аңгыча Зыпакты чакыртып алып:

– Эми Зыпак, сени бир досум үчүн аракет кылдым эле. Менин ошол досум хандын уулу, ошого берем. Сөзүң сөз болсо, капа болбо, – дейт. Зыпак макул болот. Эмесе, мына деп баланы алдырып, тапшырат. Менин дайнымды сураба, – деп Зыпактан өтүнөт. – Кана, канча күндө баланча шаарда болосуң? – деди.

Анда Зыпак:

– Балан айда, балан күндө болом – деп, убада берди.

– Кош, эмесе – деп, өзүбилген жол менен кете берди.

Ошентип, бир нече күндө кайта кайнатасынын шаарына келди. Кайнатасына барып:

– Уулуңуз Зыпакты алыптыр, балан күнүушул шаарда болмок болду, – дейт.

Хан чоң кубанат да күтөт, болжогон күнүкелет. Хан эли-журтун чогултуп, үй тиктирип тосуп алат. Чоң той берет, баягы хандын баласы Зыпактын жанынан чыкпайт. Баланын үйүндө калган аялы кызмат кылып жүрсө:

– Бул жаман кете элекпи, кет эми! – деп кууйт.

Анда үйдө калган аялы түйүнчөктүкөтөрүп келип:

– Мына бул тон, бул чокой, бул чач, бул тырмак! – деп, жана башка кир кийимдерин көрсөтүп чачат.

– Кайдагы чирик, чык!.. – деп, ордунан тура калат.

Ошондо Зыпак:

– Жөн отур, сөзүн угалы, – дейт.

Анан болгон ишти бүт айтат, өзүбарып Зыпакты сүйлөткөнүн, аны кимге бергенин, баланын акыбалын бүт айтат.

Ошондо Зыпак тура калып келип бутун кучактап:

– Сени кетирсе, мында турбайм, адамда сендей жан жаралабы, – деп токтойт.

ШУРГУЙ БАЛБАН

Көкөй балбандын бир тууган жээни Шургуй бала кезинде Соңкөлдүжайлап, кышкысын Куртканы бойлоп кыштап чоңоёт. Таякеси Көкөйдүн атасы айыл ичине түшүп жүргөн ынтызарлуу балбан адам болгондуктан белгилүүаш болуп, атагы чыккан Ак балбанга Көкөйдүн атасы күрөшкө чыгат. Бирок күрөштө Көкөйдүн атасынын буту сынып жыгылат.

Мындан эки-үч жыл өткөндөн кийин, Көкөй туура он сегиз жашка чыгып калган мезгилде чоң той болот. Буга түндүк, түштүктүн мыктылары жана билермандары чакырылат да, балбан күрөш, эр эңиш, кыз куумай ж.б. оюндар болорун, буга ар бир тарап өз балбандары, күлүк аттары жана эр сайышка баатырлары менен келүүлөрүэскиртилет.

Тамаша башталган мезгилде балбан күрөшкө мурдагы атагы чыккан Ак балбан ортого чыгат. Ошол мезгилде мурда Ак балбандан ыза көргөн Көкөйдүн атасы баласынын көзүнчө:

– Аттиң ай, ушуга түшөр уул болсочу! – деп, бармагын тиштегенде, жанында олтурган Көкөй ыргып туруп, күрөшкө ортого чыкканда атасы: «Баланын көзүнчө бекер айткан экенмин», – деп кейип, окуя эмне менен бүтөрүн күтүп калат.

Ак балбан менен Көкөй биринчи эле беттешкенде Ак балбан Көкөйдүбалача көтөрүп жөнөйт. Максаты өзүнүн билермандарынын алдына алып барып, жыгуу болот. Ошондо бала ылдыйды карай шыпырыла баштайт. Көтөрүп бара жатканда сол буту жерге тие түшөт. Оң буту менен көтөрүп чабат. Балбан көтөр мезгил болгондо баланы Ак балбан кый сүбөдөн чала чапчыйт жана ачынган бала боконо сөөктүбармак менен басып ныктап тура качат.

– Ак балбанды бир бала жыкты! – деп турган элге жарчылар жар салып, дүң кылат. Көрсө, бала тура берерде Ак балбан баланын сүбөсүнөн эки кабыргасын сындыра кармоого жетишкен экен. Бирок бала атасынын кордук көрүп, күрөштүн тартибин бузган Ак балбанга жемин жедирбестен тура берерде боконогун сындыра кармап, түбөлүк мерт кылган экен.

Соңкөлдүн толукшуп турган жайкы мезгили.

Атактуу Түлкүбаатырдын он эки канат ак өргөөсү. Күн ала булут болуп, азыр эле төөнүн өткүнүөткөн мезгил. Көпчүлүк эл кимди бирөөнүкүткөнсүйт, төрдөгүаксакалдарга улам кымыз куюлуп, жаңы эле союлуп салынган тайдын эти бышууда. өргөөнүн сол канатындагы төрдө Түлкүбаатыр кыйшайыңкы отуруп сөз тыңшоодо.

– Тамак бышып калды, – деп аңгыча буудай жүздүүкара тору жигит колуна табак кармап, колго суу куя баштады. Суу куюлуп бүтүп калган мезгилде үн угулуп калды.

Аңгыча эшик ачылып, эки алп адамдын сөлөкөтүкөрүндү. Бул Көкөй балбан атасы менен эле. үйдөгүулуу, кичүүбаары тура калышты.

– Келиңиз, балбан, келиңиз, – деп, жалпы ызаат кылышты.

Ушул мезгилде алиги колго суу куюп жүргөн кара тору жигит колундагы аптабасын жерге коё салып, Көкөйдүн жакасынан кармап, жерге ныгырып калды. Көкөй эч буйдалбастан төргө өтүп кетти да, кылчайып караса жээни Шургуй Көкөйдүсынамакка такасынан кармап калган экен. Така ордунда калыптыр. Отургандардын баары Шургуй менен Көкөйдүн жасаган тамашасына ар кими өз ичтеринен ыраазы. Бирери Көкөй балбан экен дешсе, бирери Шургуй балбан экен деген ойдо калды. Ошол жылы байга жылкычы болуп жүргөн Шургуй байдын согумга бээсинин эки кар жилигин бузбастан сурап алып, чоң казанга экөөнүбирдей бышыртып, таякеме учурашып келем деп Көкөйдүкүнө барган экен. Шургуйдун эмне жөнүндө келгендигин Көкөй түшүнөт да:

– Жээним, мени сынап келген экен да, – деп, бир кар жиликти алып, бүт мүлжүп, тасмал алып, кармап сындырып, чучугун алып жейт. Мына ушул көрүнүштүШургуй да жасайт.

– Жээн, мынча сынамак экенсиң, жаз Соңкөлдүн кылаасында көрөлү. Экөө эки жигит менен кездешет. Кездешүүдө экөө түшүп, кармашып күчүбүздүсынашалы. Кимибиз карылуу болсок, экөөбүзгө тиги турган жигит күбө болсун. А эгер кимибиз мурда топко түшүп калсак, бирибизге бирибиз чыкпайлы дешип, сөздөрүн бүтүп, чечине башташат.

Көкөй мурда чечинип, камынып калганда, Шургуй кементайынын бир жеңин чечип, бир жеңин чече электе, Көкөй кучактап, кармаша кетет. Ошол мезгилде:

– Эй, убада ушундай беле! – десе.

– Жоону дагы камындыруучу беле, – деген экен.

– Мен сага жоо турбайымбы, анда, – деп, жеңин сууруп алып Көкөйдүкөтөрүп чапкан экен.

Жыгылган Көкөй жээни Шургуйга:

– Аркалуунун алдында кала элек элем, жээн, мага жети күндөн кийин топурак салып кой, – деп, кайрылбастан атына минип, жигитин ээрчитип кетет.

Айткандай эле беш-алты күндөн кийин: «Көкөй өлдү!» – деп кабар келет. Көкөйдүкойгондон кийин Шургуй: «Таякем менен кармашып, күч сынашып бекер кылган экенмин. Эми таякемдин аристин жасайын, бир барып жылкы тийип келебиз да, Көкөйдүн жылдыгына аш берем», – деп, беш-алты жигит ээрчитип, аттанат. Барып, көп жылкы жаткан жерди баймактап, эки-үч күн күзөтүп жаткандан кийин, жылкыны тийип жөнөшөт. Ошол мезгилде кишен салынган кара кер ат боз үйдүн жанында мамыда калат. Мамыдагы атты чечип, кишенин чыгарайын деп жатса, үйдөн бойго жеткен бир кыз чыгып, ууруну көрөт да, түндүк баканды ала коюп, Шургуйду качырып сала берет.

Шургуй кантаргалуу атка далдалана берсе бакан симтаятаган атка ээрге тийгенде бакан эки бөлүнүп кетип, тийген ээрдин актасы ыргып кетет. Экинчи бакандын сыныгы менен чабууга камдантпай Шургуй кармап калат. Атты чечип алып жөнөйт.

үйдөн карт абышка чыгат да:

– Балам, жалгыз баламдын аты эле, бүт жылкыны ал да, ушул атты ташта, – деп жалбарып сурап алып калат.

Атты таштап, Шургуй жолдошторуна жете келип, болгон ишти айтат. Арасында көптүкөргөн бирөө:

– Сенин жана башкабыздын ажалыбыз бүт ошол абышкадан, – дейт.

Жылкыны күн-түн дебей сүрүп олтурушуп:

– Акталчаттан түнкүайдын жарыгында сүрүп чыгып кетели, – десе болбостон, өргүүалып, күндүз суу кечип бара жатканда Шургуйду токойдон көзөмөлдөп туруп, бараң мылтык менен өлтүрөт.

Ок тийгенден кийин сууда аттан айрылып, бир азыраак бардаш кылып, сууда туруп кулап түшкөн экен.

Көрсө баягы абышка арттан кол курап акмалап олтуруп, Акталчаттан жетип, күндүз токойго жашынып, ошол жерде ок чыгарып, Шургуйду өлтүрүп, калганын кубалап, жылкысын ажыратып алып кетет. Бир нече күндөн кийин суудан Шургуйдун сөөгүн таап, Куртканын боюна койгон экен.

САСЫК ҮПҮПТҮН ТААЖЫСЫ

Илгери-илгери бир заманда аялын аябай сүйгөн бир кан болуптур. Бир күнүаялы:

– Сен мени аябай сүйгөнүң чын болсо мага куштардын канатынан бир келишкен үй салып бер, – дейт. Аны аябай сүйгөн кан аялынын сөзүн эки кылбай макул болот. Ал кан элдердин тилин гана эмес түркүн куштардын да тилин билчүэкен. Кан бүт куштарга баланчанчы күнүмага келгиле, – деп жар салат. Куштардын бардыгы келе баштайт. Азыраак кечигишип тоок, кыргоол, карга, бөдөнө келишет. Кандын каарына калгандан кийин булар кийин бүркүт, куш, жагалмай, кыргый, каркыра ж.б. куштар сыяктуу көкөлөп, ылдам уча алышпай начар учуп, секирип басып калышат. өтө кечигип аягында сасык үпүп келет.

– Эмне мынча кечигип? – деп кан каарланат.

– Дүйнөдө өлүк көппү, тирик көппү, аял көппү, эркек көппү, ошолорду билейин дедим, ошолордун эсебин алып жүрдүм, – дейт сасык үпүп.

– Анда кандай экен, бул дүйнөдө өлүк көп бекен, же тирик көп бекен, – деп кайта сурайт баягы кан.

– Бул дүйнөдө өлүк көп экен! – дейт сасык үпүп.

Чочуган кан:

– Менин эсебимче дүйнөдө тирик көп болушу керек эле да, сен жаңылсаң керек…

Анда сасык үпүп жооп берет:

– Мен күн чыкканга сейинки уктагандарды өлүккө коштум, ошондо бири ашып кетти. Сиз да аялыңыз менен күн чыкканга чейин уктап жатыптырсыз, – дейт.

Кан унчуга албай калат.

– Бул дүйнөдө сенин эсебиң боюнча аял көп бекен, эркек көп бекен?

– Аял көп экен, – деп жооп берет сасык үпүп, – себеби аялынын сөзүн уккан эркектерди аялга коштум. Сиз да аялыңыздын сөзүн угуп, куштардын канатынан үй салдырып бергени жатыпсыз.

Кан сөзгө жыгылат, унчуга албайт, сөзүтуура болгондуктан сасык үпүптүда жазалай албай калат.

өлүмдөн калган куштардын бардыгы чогулушат. Сөз таап, аларды өлүмдөн куткарган сасык үпүпкө аябай ыраазы болушат. Агер сасык үпүп болбосо ошол куштардын бардыгынын жүнүн жулуп, кан аялына үй курдурат эле да. Ыраазы болгон куштар сасык үпүптүкан көтөрөт, башына таажы кийгизишет. Сасык үпүптүн башы башка куштарга окшобой, таажы кийип турганы ошондон калган деген сөз бар.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

13-04-2011
Жомокчу
10055

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×