Добавить статью
11:37, 13 апреля 2011 25019

Комузчу

Автор: ШАБИЙ

Шабий 1928-жылы Тоң районунун Коңурөлөң айылында тө­рөлгөн. Атасы Байгутту баласы Токто Ысыккөл айланасына таанылган комузчу болгон. Колхоз уюшулганда колхозго кирип, соко айдап, дыйканчылык кылат.

Күңгөй жакта, Көкдөбө кыштагында бир тууган карындашы Саадай турмушка чыгып, күңгөйгө көп барчу экен.

Ошол кезде ары-бери өткөндө жолдо Корумду айылына токтоп, Карамолдонукуна эки-үч түнөп, комуз чертишчү.

Карамолдо атасын аябай жактырчу. Атасы «Боз торгой», «Куу инген», «Эки ногойдун айрылышы» сыяктуу элдик көп күүлөрдүчертчү.

Акматаалы Моңолдор уулу үйүндө комузчулар менен чертишип, ырдабай жалаң чоң күүчертчү.

1931-жылдары Күрөңкөй уулу Муратаалы Кеминден келип, үч-төрт күнүкөбүнчө кыяк тартканын, комуз чертип, атасы менен таалим алышып, конуп кеткенин элес-булас билет. Аны энеси Шаарбан да Муратаалынын келгенин баяндап, чоң кыякчы, чоң комузчу экен деп айтып эскерүүчү.

– Балдарым, комузчу болуп мени тартсынчы, – деп атасы калактай кылып жыгачтан комуз чаап берген.

1932-жылы жаз айында, беш жашар кезинде атасы өлдү. Ал ошол кезегинде эле комуз чертүүчү. Элдер келип:

– Шабий кыйын чертет экен, – деп мактап койсо кайсы күүэкенин билбей, шартылдап уялбай, эч тартынбай черте берүүчү.

Жетимчиликтен жан багыш үчүн күңгөйгө, Кичи Байсоорундун Көкдөбө айылындагы атасынын бир тууган карындашы Саадайга баш калкалап барат. Ошол жерде жан багып, эжесинин колунан кийими жок сокмо таар башмант, тери шым кийип мергенчилик кылуучу.

Ал күн такыр эсинен кетпейт.

1944-жыл, сентябрь айы. Каракол облустук драмтеатрына артист болуп иштеди. Барары менен колхоздорго концерт коюп чыгып кетти. Концертке катышып: «Камбаркан», «Жаа толгоо», «Кер толгоо», «Кызарт», «Сынган бугу», «Ибарат», «Жаш кербез», «Карылардын кеңеши», «Салтанат», «Айдама ботой» ж.б. элдик күүлөрдүчертип жүрдү.

Театрга жаңы киргенде эски бешмант, тери шым, таар чапан, бир көйнөк, жошого боёлгон эски тон, бутуна кол менен  жасалган  кийиз чокой, башында жаман калпак менен барган.

Ал кийимдер театрга кедейдин ролу Шодур чалга пайдаланылып жүрдү. өзүайлыгына эски аскер көйнөктүшымы менен, боз шинель сатып алды.

Колхоздорго жөө, же араба менен кыдырчу. Эл ачкачылыкта жашап жаткан, тамак тартыш, бир жерде талкан менен тамактанган күнүда болду. Артисттер баары эчки котур болду. Кычышканда комуз чертип олтуруп, бир бирин элге билгизбей  сандарынан  чапкылап,  калп эле оюнга шылтоолоп койчу.

Деги далай эсинен кеткис окуялар болуп өттү.

1944–1945-жылдардан тартып, «Сейтек» пьесаларында Бакайдын, «Курманбекте» Корумкан, «Жаңыл мырзада» Калматай бий, Көкүл ж.б. пьесаларда ойнойт.

Корумдулук комузчу Орозакун Ашыракун уулу менен Каракол театрында бир жыл иштешип, таалимди ушундан алат.

Бир жылдан кийин, 1946-жылы ал киши өлүп калды. («Кө­көй кестини» ушунун таалиминде чертет.)

Мындан кийин Карамолдо, Ыбырай, Шекербек, Айманбетов Асылбек, Кулболдиев Бейшенаалы кездешет.

Ыбырай менен Карамолдонун күүлөрүн өздөрүнө бетме-бет олтуруп көзмө-көз чертти.

Ыбыкем өз комузун анын колуна карматты.

– Менин буроом катуу, черте аласыңбы? – деди.

Чертсе, чын эле кылы катуу экен. «Жыргал күн», «Боз салкын», «Жаш тилек», «Муратаалынын арманын» чертип берди. Карамолдого «Терме камбарканды» чертти.

– Шартылдатып жалаң ылдый тартып черткин. Көп колуңду өйдө тартпагын, – деп коюп Карамолдо: – Балам, күүнүтак чертет экенсиң, биз күүлөрдүчерткенде күүлөрүбүздүн кээ бир кайрыктары жаңылана, өзгөрүлө берет. Бүгүн черткенибиз эртеңкиге окшобой, башка бир кайруу кошулуп калат, – деди.

Ыбыкем Карамолдого:

– Молдоке, Шабий балам биздин күүлөрдүөзүндөй кылып чертип берди. Күүлөрүбүз артыбыздагы муундарга калыптыр, экөөбүз өлбөптүрбүз, – деп айтып, көз жашын чыгарды.

Алардын таасири түздөн-түз тийди.

– Ай, Шабий, момундай шилтеп жүр! – деп Шекербек кол ойнотуп чертип көрсөттү.

– Көлдүк кол ойнотконду билбейбиз, – деп айтчу Орозакун. – Тигил балдарчылап кол ойнотуп чертем деп, комуздун капкагын сындырып аласың. Андан көрө күүнүжөн мазмун менен чертип жүр, мазмунун так чертесиң, – деди.

1949-жылы Советтик аскердин катарына чакырылды. Ошондо да аскердик өздүк көркөм чыгармачылыгын, кыргыз-казак ансамблин уюштуруп, кайыңдан өзүкомуз чаап, кыргыз комузун үзбөй чертчү.

Комуз жасап алганча балалайка, мандалин, гитараны ойноп жүрдү.

1957-жылы жаштардын биринчи фестивалында Ыбырайдын күүлөрүнөн «Жеңиш», «Жаш тилек», «Паровоз», «Боз салкынга» комузчуну үйрөтүп, Ысыккөл облусунун өнөрпоздору республикада биринчиликти алышты.

Кыскасы, Балыкчы шаарынын маданият үйүндө директор, көркөм жетекчи болуп өздүк-көркөм чыгармачылыгын уюштурду.

Ысыккөл райондук элдик театры, Балыкчы элдик театрын уюштурууда түздөн-түз үлүшүбар. Ошону менен бирге сахнада: «Сейтек» драмасында Бакай, «Көкүлдө» Көкүл, «Жаңыл мырзада» Калматай, «Ажал ордунда» Алымбай ж.б. пьесаларда башкы ролдорду аткарды.

1944-жылдын күзүөткөнгө (башкача айтканда 1990-жылга) чейин Каракол, Балыкчы, Нарын үч жерде үзгүлтүксүз иштеди.

өзүнүн эки уул, эки кызы бар. Улуу баласы дайыма өздүк-көркөм чыгармачылыгына катышат. Кичүүбаласы да комузчу, аккордеондо ойнойт, ырдайт. Кыздары да бий бийлеп, да­йыма өздүк көркөм чыгармачылыкка катышат.

Төрт бир тууганы Элал, Адис, Кудис, Алмазбек дагы комуз чертишет. Бул өнөр ата кесибинен оолашат окшойт. Кээде чогулуп калса, биринен бири өтүшүп, чоң тойго айланчу.

Шакирттери: Токтобаев Мукамбет кыргыз мамлекеттик драма театрында, Жоошбаев Бирлик – мугалим, Маанаев Турдубек – Балыкчы шаарында, музыкалык  мектепте, Касым­баев Ишен – мугалим, айылда үзүрлүү эмгектенишүүдө.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×