Добавить статью
11:56, 14 апреля 2011 3415

Комузчу

Автор: ШАКЕН

Шакен 1979-жыл, май айы. Ленин дворецинин имаратына республикабыздын ар тарабынан келген кызгалдактай кийинген өнөрпоздор, акындар, манасчылар, комузчулар, ырчылар ж.б. ар түрдүүмузыкалык аспаптарда ойногондор келип жатышты.

Кыргыз музыкасын изилдеп жүргөн Балбай Алагушов экөөбүз Алабука районунан келген өнөр­поздорго кездештик.

– Бул Шакен Жоробек кызы, жыгач ооз комузду элге таратып жүргөн ушул, – деп калды Балбай.

– Угуп жүрчүэлем, сизди жолуктурганым түзүк болбодубу, – дедим.

Баарыбыз чогуу орундукка олтурдук.

– Жыгач ооз комуз, темир комузду кимден үйрөндүңүз?

– Онунчу классты Алабукадагы «Биринчи май» орто мектебинен аяктап, Кыргыз мамлекеттик университетинин филологиялык факультетин бүтүрдүм. Апам Назыбели жыгач ооз комуз, темир комуз кагат.

Жыгач ооз комузду элүүэкинчи жылы экинчи класстан баштап, энемден үйрөндүм.

1966–1969-жылдарга чейин Шакафтар орто мектеп-интернатында мугалим болуп иштеп, өздүк көркөм чыгармачылыктын жетекчиси болдум. Жыгач ооз комуз ансамблин уюштуруп, бешинчи-жетинчи класстарга ыр сабагын окуттум.

1967-жылы жыгач ооз комузду сахнага алып чыгып, Бүт­күлсоюздук фестивалдын лауреаты болдум. Жыгач ооз комуздан өзүм да: «Жайлоодо», «Боз үйдө», «Чаткалым», «Эсимде», «Жеңиш күүсү», «Кумбелде», «Жайлоодо ойноп чоңойгом» деген күүлөрдүчыгаргам.

– Темир комуз да кагасызбы?

– Ооба.

– Элдик күүлөрдөн кайсы күүлөрдүбилесиз?

– «Күкүк», «Тагылдыр тоо», «Күңөтай кыздын арманы» ж. б.

– Сиз уюштурган жыгач ооз комузчулардын ансамбли кандай ийгиликтерге жетишти?

– 1970-жылы ансамбль уюштуруп, кароого: Термечикова Зубайра, Жетибаева Гүлайым, Чанчарова Токтокан ж. б. тогуз кыз болуп келдик.

– Кийинки кездерде кайсы жерлерде иштедиңиз?

– 1969–1972-жылдарга чейин Алабука маданият үйүнүн директору, 1972-жылдан бери ушул эле райондун маданият бөлүмүнүн башчысымын, музыкалык мектептин балдарын окутам жыгач ооз комузга. Булар жыгач ооз комуз ансамблинин катышуучулары: Тажибаева Зулайка, Мамырбекова Мавлюда, Ашымбаева Гуля, Эгембердиева Бурул, Ажикулова Катича – деп жанында турган кыздары менен тааныштырды.

– Атаңыз жөнүндө бир-эки ооз сөз?..

– Атам Жоробек Кужум уулу басмачыларга каршы күрөшкөн.Темир комуздарды аттын жалына байлап келип, «кызыма үйрөт» деп энеме берүүчү.

– Жыгач ооз комуз кандай жыгачтан жасалат?

– Бийик тоодогу чоң-чоң таштардын үстүнө чыккан катуу ий жыгачтан жасалат. Бул жыгач ийилип өсөт. Аса-мусадан, ызырактан жасаса да болот, бирок мындай үн чыкпайт. Шилби, арчадан болбойт. Ий жыгач суунун үнүн укпай өсөт. Кабыгын аарчый берип, ичинен чыгат...

– Эми жыгач ооз комуз менен бир-эки күүкагыңызчы, угалы.

– Бул «Кубаттын уулу Кулмурза» деген элдик күү, – деп күүнүкагып берди.

– Сөзүн билесизби?

– Обонун эле билем.

– Мен айтып берейин, – деп калды сол жагымда олтурган кыякчан киши.

– Сиз ким болосуз?

– Алмат уулу Жамалдин.

– Кайдан келдиңиз?

– Ноокаттан.

– Айтып коюңуз. – Бу Ак Саткын Ноокат жергесинен, Мырза уул Алайда туулат. Мырза уулдун өз аты Кулмурза болгон. Жеңелери тергеп, мырза жигит деп жүрүп, Мырза уул болуп калган. Ал Алайда жүрүп, Ак Саткын Көкбелде чоңоёт. Эр жеткенден кийин Ак Саткындын атасы Улуу Чат жайлоосуна көчүп барып, Кулмурза экөө таанышат. Ак Саткын аны, Кулмурза кызды сүйүп калат.

Ак Саткындын атасы ач көзүрөөк болот. Кызына Ажыбай деген бай калың берет.

Бир күнүАк Саткын менен Кулмурза убадалашып, качмакчы болушат. Ажыбай туюп калып, аркасынан пайчы (сакчы) коёт. Ак Саткын челек көтөрүп сууга барып, Кулмурза жогортон келет.

– Бүгүн түнүалып качпасаң, эртеңки күнүбай көчүрүп кетет,– деп түшүндүрөт.

Кулмурза жигит аркасындагы сакчыларды билбей, капшыттан керегени сындырып:

– Ушул жерден чыга кал, – деп турганда аркасынан келип канжар урат. өйдө тура бергенде бири даярданып туруп, ичке саят.

Кулмурза жигит мерт болгондон кийин алты адам алпарып, Көкжонго коёт. Ошондо Кулмурзанын аталары издеп келип табышпайт. Ак Саткын чыдабай, жашырган менен болбойт деп, эркекче кийинип элдин ортосуна чыгып, Кулмурзанын өлгөндүгүн аныктап турган жери:

Абал бир бахар жаз эле, досум,

Адыр-түз талаа саз эле, досум.

Жазыбыз жаңы болгондой, досум,

Жаңылап журтка конгондой, досум.

Сен Кулмурза, мен Саткын, досум,

Сен үчүн күйүт мен таптым, досум.

Айылга келсең кубанып, досум,

Мен бойго жеттим буралып, досум.

Сен жигит болдуң сыналып, досум.

Айылга келсең кетпейсиң, досум,

Ак Саткын кызды эстейсиң, досум.

Айласын таап жетпейсиң, досум.

Короого келсең кетпейсиң, досум,

Көрүнө мени эстейсиң, досум.

Көңүлүң тартып жетпейсиң, досум.

Айылдын үстүАкмойнок, досум,

Акмойнок ылдый түшчүсүң, досум.

Айран бир куйсам иччүсүң, досум.

Кыштоонун үстүКыраңбел, досум,

Кыраңбел ылдый түшчүсүң, досум.

Кымыз бир куйсам иччүүсүң, досум.

Байлануу атың чеччүмүн, досум,

Батына албай кетчүсүң, досум.

Торгойлор учат шаңданып, досум,

Топ айыл көчтүкамданып, досум.

Булбулдар сайрайт шаңданып, досум,

Бул айыл көчтүкамданып, досум.

Атакем кетти журт чалып, досум,

Ага-иним кетти куш салып, досум.

Жүгүм бир жаман ооптур, досум,

Оңдошуп койсоң сооптур, досум...

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×