Добавить статью
12:08, 14 апреля 2011 121868

Жомоктор топтому

УР ТОКМОК

Илгери-илгери бир алсыз абышка-кемпирдин жалгыз аты болот. Тузак тартып, эмне канаттуу түшсө, алып келип жеп, оокат кылып жүрүшчүэкен. Бир күнүбаякы тузакка бир чоң карга түшүп калат, аны соёюн десе, баягы карга:

– Мени сойбо, мен сени менен дос болоюн деп келдим. Мен Каргабай деген болом. үйүм тээтиги тоонун астында. Эртең менин үйүмө бар, – дейт да кетет.

Эртеси баягы абышка, айткан үйгө барат. Каргабай:

– Ээ, досум, келдиңби? – дейт.

– Бергениңди алам, досум – дейт абышка.

Анда Каргабай бир чебич берет.

– Досум, мунун өнөрүн айтып берейинби, же айтпай берейинби?

– Айтып бер, досум! – дейт абышка.

– Чыч-чыч, чебичим чыч! – деди эле, өрүк, мейиз чычып жиберди. – Кой-кой! – деди эле, коюп калды.

Чебичти жетелеп алып, келе жатып, үч үйлүүжатакчы бар эле, үйүндө бир кемпир насвай тартуучу. «Мен насвай тартып алайын» – деп, аттан түшүп:

– Чыч-чыч, чебичим, чыч дебегиле! – деп, үйгө кирип кетти.

– Чыч-чыч, чебечим, – деп көрөлүчү, – чыч-чыч чебечим, чыч! – деди эле, чебич өрүк-мейиз чычып жиберди. Чебичти алып калышып, ордуна бир окшош чебичти байлап коюшту.

Абышка чебичти жетелеп алып, үйүнө жакындаганда:

– Оо, кемпир, үйүңдүчоңойт эле, чоңойт! – деп, кыйкырып келе жатат.

Кемпир жаман үйүн ара-бери сүйрөп чоңойтумуш болуп:

– Келдиңби? – деп сүйүнүп.

– Чыч, чебичим, чыч! – деди абышка. Эчтеке жок. «Каргабай маа кылган экен» – деп, эртеси кайра барды.

– Ээ, досум, келдиңби?.. Эмне аласың? – деди Каргабай.

– Бергениңди алам.

Бир дасторкон берет.

– Мунун өнөрүн айтып берейинби, же айтпай берейинби?

– Айтып бер, досум.

– Жайыл, досторконум, жайыл дечи.

– Жайыл, досторконум, жайыл! – деди эле абышка, дүнүйө жемиш жайылып калды. Кийин: – Дасторкон жыйыл, – деди эле, жыйылып калды.

Дасторконду байланып алып, абышка жөнөдү. Жолдогу жатакчыга дагы келди. Насвай тартайын деп, кирип бара жатып:

– Жайыл, дасторкон жайыл, дебегиле! – деп, кирип кетти.

Баягы үч адам эшикте туруп:

– Жайыл, дасторкон, жайыл! – деди эле, дүнүйө жайылып калды. – Жыйыл, дасторкон, жыйыл, – деди эле, жыйылып калды. Дасторконду алып, башка дасторкон байлап коюшту.

Абышка аттанып жөнөдү.

– Кемпир, алачыкты чоңойткун, кечээкиден бүгүн чын, кемпир!

– Кел, абышкам.

– Тиги дасторконду чечип алып кел, мунун сырын айтып берейинби, же айтпай берейинби?

– Айтып бер!

– Жайыл, дасторкон, жайыл! – деди эле, эчтеке жок.

Эртеси абышка дагы жөнөдүКаргабай досуна.

– Ээ, досум, келдиңби?

– Келдим.

– Эмне аласың?

Бир чанач берди.

– Тол, чанач, тол дечи.

Кымыз чанач менен бир толуп кетти.

– Кой, чаначым, кой! – деди эле, коюп калды.

Чаначты байланып алып, жатакчыга дагы келди.

– Мен бир үйгө насвай тартып чыгайын, тол, чаначым, тол, дебегиле, – деп, кирип кетти.

Дагы кынык алган жатакчылар эшиктеринде турушкан экен.

– Тол, чаначым, тол! – деди, кымыз ашып-ташып кетти. – Кой, – деди эле, соолуп калды.

Баягы чаначты алып катып, башка ошондой чанач байлап беришти, аны абышка билген жок.

үйүнө жакындаганда:

– Оо, кемпирим, кечөөкүдөн бүгүн чын, мунун өнөрүн айтып берейинби?

– Айтып бер.

– Тол, чаначым, тол, – дечи!

– Тол, чаначым, тол! – деди эле, эчтеке жок.

– Ай, Каргабай, маа кылган экен! – деп эртеси жана барды.

– Ээ, досум, келдиңби? – деди Каргабай.

– Келдим.

– Эмне аласың?

– Ээ, досум, бергениңди алам.

Бир токмок берди.

– Мунун өнөрүн айтып берейинби, досум.

– Айтып бер.

– Ур, токмогум, ур, – дечи.

– Ур, токмогум, ур! – деди эле, абышканы токмоктоп ийди, – кой, токмогум кой – деди эле, коюп калды.

Абышка токмокту алып, баякы жатакчыларга дагы келди.

– Насвай тартып чыгайын: – Ур, токмогум, ур дебегиле – деп, үйгө кирип кетти.

Баягы кынык алган жатакчылар чогулушуп туруп:

– Ур, токмогум, ур! – деди эле, канжыгадан чечилип алып, бардыгын токмоктоп кирди. Айласы кеткен жатакчылар:

– Чыч чебичиңди берели, жайыл дасторконуңду берели, токмогуңду алгын абышка, – дешет.

– Бардыгын алдыма алып келгиле! – дейт.

Баякы токмок ал жердеги жатакчыларды токмоктоп салган экен. Абышка чебичин, дасторконун, чаначын алып, үйүнө барып, кемпирине баарысын айтып, абышка-кемпир жыргап жатып калган экен.

ҮЧ КЫЗ

Илгери-илгери бирөөнүн бир кызы болгон экен. Бир киши келди кызына куда болом деп, болсоң бол, – деди. Эртеси дагы бир киши келди, аны да болсоң бол, – деди. Анын эртеси дагы бир киши келди, кызына куда болом деп, аны да болсоң бол, – деди. Баары үч киши болду. «Менин бир эле кызым бар эле, шерменде болом го» – деп бир иттин ургаачы күчүгүн, бир эшектин ургаачысын алып келип, кызынын жанына коёт. Эртесинде караса, баары окшош кыз. өз кызы кайсы экенин билбеди. үчөө тең бойго жетти. Күйөөгө берди. «Кой эми, күйөөлөрүн сурайын» – деп, бир күйөөсүнө барды. Барып конуп олтуруп, биринчи күйөөсүн:

– Балам, кандай, колуктуң жакшыбы? – деди.

– Жакшы эле, кез-кезде туталанып, итче каап алат, – дейт күйөөсү. «Бул баякы ит кызым турбайбы» – деп калат.

Экинчи күйөөсүнө барды. Кыз күйөөсүменен учурашып олтуруп, кызы жокто:

– Балам, колуктуң кандай, жакшыбы, айланайын? – дейт.

– Ата, жакшы эле, кээде эле эшекче айкырып жиберет. Башка айыбы жок, – дейт күйөөсү.

«Бул баякы эшек кызым го» – дейт.

үчүнчүкүйөөсүнө барып, кыз-күйөөсүменен учурашып олтуруп, күйөөсүнөн жалгыз олтуруп сурайт:

– Ээ, балам, колуктуң кандай экен? – дейт.

– Ата, жакшы адам, эч кандай айып таба албайм, – дейт күйөөсү.

«Бул баягы өз кызым турбайбы» – деп коёт.

БИР ТИЛЕК

Илгери-илгери бир кедей жалгыз баласына акыл-эстүү, өңдүү-түстүүкелишкен колукту алып берет.

– Балам, оокатка жогурааксың, биздин көзүбүз өтүп кетсе, аялыңдын айтуусу менен болгун, – дейт.

Арадан эки-үч жыл өткөндөн кийин ата-энесинин көзүөтүп кетет. Оокат кылардын ыгын табалбай, бат эле колдон түшүп калат, киерге кийим, ичерге тамагы жок болуп турганда аялы:

– Эми кантип оокат кылабыз, сен барып бирөөнүн кошун айдап, өгүзүн алып келгин, эптеп эгин айдап, жер тырмалап оокат кылалы, – деп күйөөсүнө айтат.

Күйөөсүбарып бирөөнүн кошун айдашып, өгүзүн алып келет. Ал кошун айдап жатып тиги башына токтоп, үйгө бир келип, бул башында да бир токтоп, чуркап үйгө келет.

– Кошту бүтпөй токтотуп коюп эмне келдиң? – дейт аялы.

– Алигиче сенден кумарым тарабай, көргүм келип турат, – дейт күйөөсү.

– Оо, кокуй, үч-төрт жылдан бери кумарың тарабай менин жанымда отуруп, көргөн күнүбүз бул болду, минтип улам чуркап келип турсаң, жумушуң бүтпөйт. Сен барып кошуңду айда, мен өзүмдөй келиштирип куурчак ороп берейин, ошону кармап жүрүп, кошуңду айдап бүткүн.

Ал өзүндөй келиштирип куурчак ороп берет. Ал куурчакты кармап жүрүп, кошун айдап бүтүп калган кезде, моюндуруктун шамяны чыгып кетет, куурчакты айдоого коё берип, шамянды оңдогуча бир куюн шамал келип, куурчакты асманга учуруп алып кетти. Ал куюн куурчакты учуруп жүрүп отуруп, хандын ордосуна таштады. Хан куурчакты көрүп туруп, жигиттерин чакырды.

– Ушул куурчактай аялды мага таап бересиңер, – деп, буйрук кылды.

– Кимдики? – деп жигиттер куурчакты колго алып сурашса, эч ким меники дебейт.

Куурчактын ээси айдаган жеринин үрөөнүн сээп жүрсө, хандын жигиттери келип калат.

– Бул куурчакты тааныйсыңбы? – дейт, хандын жигиттери.

– Тааныйм, меники – дейт, баякы куурчактын ээси.

– үйүң кайсы? – деп, сурайт жигиттер.

– Тиги.

– Бас, жүрүүйүңө.

Аялын чык бери, – дейт. Аялы чыгат, караса куурчактын нак өзү.

– Бул хандын аялы, кайдан алдың, акмак! – деп, жигиттер уруп-согуп, өкүртүп-бакыртып, тартып алып кетет.

Баратканда аялы күйөөсүнө мындай деп айтты:

– Аа, кургур, сен эми оокат кыла албайсың, колуңа аса-муса алып, дубана болуп ак уруп кеткин. Кош, кантейин, мени алып кетип баратпайбы, сага башка айтарым жок.

Жигиттер аялды ханга алып барды. Хан аялды алып, төрт-беш жыл жүрдү. Беш жылдын ичинде ханга карап мээримдүүкүлгөн жок. Бир күнүмурдагы күйөөсүак уруп хандын ордосуна барып калды. Аялы көрө коюп, күлбөгөн аялы жаны калбай күлдү.

– Ээ, айым, неге күлдүң? – деди хан.

– Ээ, ханым, мындай сонун дубана болорбу, ушунун сонундугуна күлдүм да.

Хан аялына кошомат кылып, өзүапенди чалыш киши экен:

– Ээ, айым, мен ушул дубанадай ак урсам күлөр белең?

– Ээ, ханым, ушул дубананын кийимин кийип, аса-мусасын алып, ак урсаңыз күлмөк турсун, боорум эзилип түшүп калбайбы.

– Анда эмесе, дубананы бери чакыргыла, кирсин! – дейт хан.

Жигиттер дубананы чакырат, дубана кирет.

– Дубана кийимин берди, хан дубананын кийимин кийип ак урганда аялы күлдүда:

– Ханым, о боорум ой, көчөдөгүэлди да күлдүрсөң – деп, аялы ханга айтты.

Хан көчөдөгүэлди күлдүрөм деп, дубананын кийимин кийип алып, көчөгө кетти. Аялы дубана болуп келген күйөөсүн:

– Мени тааныйсыңбы? – деди.

– Кантип эле тааныбайын, кантем, таанып эле турам, – деди күйөөсү.

– Таанысаң, бол бат, хандын кийимин кийгин да, такка отургун.

Такка отургузат күйөөсүн. Бир кезде хан дубана болуп ак уруп келди.

– Ээ, айым, барсыңбы, элди күлдүрөм деп чарчап-чаалыгып келдим, – деп дубананын үнүчыкты.

– өлүгүңдүкөрөйүн, бул кайдагы дубана, тиги дубананы өлтүрүп салгыла! – деди аялы.

Жигиттер хандын башын чаап салат. Дубана кирди, кайра дубана чыкты. Хан дубана болгонун жигиттер билген жок, хандын башы алынды. Тилек тилектеш, аялы акылдуу жана бир тилектеш болгондуктан, экөөнүн максаты ордунан чыгып, баякы күйөөсүхан болуп жатып калган экен.

ЧЫНДЫК ЖЕҢЕТ

Илгери-илгери бир убактарда Урумкан деген кандын үч уулу, дагы бир жерде Кырым деген кандын үч кызы болот. Урум Кырымга куда болуп, Кырымдын кыздары бойго жетип калган кезинде, Урум келиндеримди алсам деп, Кырымга киши жиберет.

– Менин кыздарымдын калыңы ушул – сен жактагы чоң дарыя сууну элиң менен арык казып, белести ашырып, мен жакка буруп бергин, – дейт Кырым кан.

– Жакшы болот – дейт да, Урум кан элинин баарын жыйнап, арык каздырып белести ашырып, чоң сууну байлап, Кырымдын жерине чыгарат.

– Болуптур, калыңың бүттү, келиндериңди алгын, – деди Кырым.

Урум кан эки уулун ээрчитип, келиндерди алууга Кырым канга келет. Ал эми кичүүуулу болсо үйүндө калат. Урум уландары менен келиндерин алып келе жатканда, эки кандын ортосу ээн талаа, эрме чөл, бир убакка күн бүркөлүп, жаан кара нөшөр төгүп жиберет, корголой турган жер жок. Эки жакты караса, бир ак күмбөз турат.

– Кокуй, ушуга коргойлу! – дешип, баарысы күмбөздүн ичине киришет.

Бир убакта күн ачылат. Эшикке чыгалы десе, эшиктин алдында бир ажыдаар тосуп калган. Ал ажыдаар кара мурут жигит болуп:

– Баарыңды сором, болбосо үйүңдө калган кичүүуулуңду бергин! – дейт.

Урум кан айласы кетип, үйдөгүуулун бермек болот. Урум ажыдаардан бошонуп, келин-уулдары менен жүрүп отуруп үйүнө келип, баягы иш эсинен чыгып, эч нерсени ойлобой жүрө берет.

Бир түнүжатып түшүндө ажыдаарды көрүп:

– Оо, кудай, көрбөй калгай эле, – деп турса, ажыдаар келип:

– Балаңды берем деп, бербей койдуңбу, балаңды бербесең, өзүңдүбаш кылып элиңди сором! – дегенде айласы кетип:

– Берейин, баламды, берейин, – деп, жанталашып, жүрөгүоозуна тыгылып, чочуган бойдон бакырып, ойгонуп кетет. Бербейин дейт, жан таттуу, берейин дейт, баласын кыйбайт. Ушуну менен Урумдун үшкүрүгүкөбөйүп, ичине тамак барбай, өңүсаруулай баштайт.

Бир күнүкичүүуулу Акылбек атасын сурайт:

– Сиздин эмне кайгы-капаңыз бар, же бир жериңиз ооруйбу?

– Жок, балам.

– Анда эмне мындайсыз?

– Ээ, балам, мен сага айтпаганда, кимге айтам. Кырым кандын кыздарын алып, улуу акең Жумабек, ортоңку акең Малабек болуп баарыбыз келе жатканда, колуктуң Бийке да бар, орто жерге келгенде, күн жаап, кара нөшөр куюп жиберди. Корголоорго жер таппай, эки жакты карасак, бир чоң ак күмбөз туруптур. Ошого корголойлу деп, баарыбыз күмбөзгө кире качтык. Бир убакта күн нурун чачып, чайыттай ачылды. Эшикке чыгалы десек, бир ажыдаар эшикти тосуп калган. Аны көрүп жүрөгүбүз түшүп, кирели десек, жер катуу, чыгалы десек, жан таттуу, айлабыз кетип жаман кысылдык.

Акылбек сен көргөнүң жок, биз мышыктан коргологон чычкан болдук. Бир убакта ажыдаар өйдө жагы кара мурут жигит болуп, ылдый жагы ажыдаар болуп: «Эгер тирүүкалам десеңер, үйдөгүуулуң Акылбекти бергин, болбосо баарыңды сором» – деди. Ошондо ажыдаар мал-жаныңдын кереги жок, – дейт. Айлам кетип, жан таттуу турбайбы убактылуу кутулар ойго келдим. «Балта көтөргүчө дөңгөч эс алат» дегендей, балам, сени берейин деп жибердим эле.

Жакында түшүмө баягы ажыдаар балаңды берем деп коюп бербейсиң, азыр өзүңдүбаш кылып катын-балаңдын баарын сором деп оозун ачканда, баарыбыз кирип кете турган болуп, эсим чыккан бойдон: – Берейин, таксыр берейин, – деп, кыйкырып жиберсем, түшүм экен. Ошондон бери ичкеним ирим, жегеним желим болду. өзүмдөн өзүм отуруп ыйлайм, берейин деп ажыдаарга сени кыйбайм, эмне кылсаң да акылын өзүң тапкын. Бул ажалдан бизди алып калгын, – деп Урум кан терең ойго чөмүлүп токтолуп отуруп калды.

– Ата, сиз андан коркпоңуз, жылкыңызды айдатып келип, тандатып эки ат бериңиз, үч айлык азык камдаңыз, кош атка азыгымды артып, ажыдаарга барайын. Кастарын тигип, каарына алса, баары бир өлөм, болбосо башка жерге жумшаса, аны да көрөм, – дейт Акылбек.

Урум кан жылкысын жыйып, эки атты тандатып, азык-түлүктүкамдатып берет.

Баласы коштошуп, жүрүп кетет. Акылбек ажыдаарга барып:

– Таксыр, мен келдим! – деди.

Ошондо ажыдаар кара мурут жигит болуп:

– Келсең болуптур, сен эми Индустан деген жерге барасың. Анда Акимкан кызы Айсулуу бул дүйнөдөн эрге тийбей, так өтөм деп жатат, – дейт. Ошол Айсулууну мага алып келип берсең кутулдуң, болбосо кайда болсо да өлөсүң. Барыш-келиш үч жылга уруксат.

– Болуптур, барайын, – дейт да Акылбек жүрүп отуруп, нечен тоону ашып, нечен чөлдүбасып, атынын бирөө арыктап өлүп, кош атын минип, айлап жол жүрүп келе жатып, азыгы түгөнүп Индустанга бир күндүк жол калганда чарчап, атын тушап, отко коюп, уктап калат. Бир кезде чочуп тура калса, атын жолборс алып ыргытып жиберген. Аты өлүп калган, аны көрүп: «Атаны, кокуй-ай, эми кантип Индустанга жетем» – деп, буркурап ыйлап отурса, бир жолборс келип:

– Эмне ыйлап отурасың? – дейт.

– Алыс жерден келе жаттым эле, атымды жолборс жеп коюптур – дейт Акылбек.

– Атаны байкуш ай, мен ушул жерде жүргөн ат экен дебедим беле, андай болсо мага мингин, Индустанга мен жеткирип коёюн, – дейт да, жолборс жонуна мингизип алып жөнөйт. Анда-мында бир тийип отуруп, Акылбекти шаардын четине түшүрүп:

– Эми мен кетейин, – дейт да, жолборс жүрүп кетет.

Бала шаардын четине келе жатса, бир кемпир бир топ эчкини кайтарып жүрөт, бала кемпирдин жанына барып:

– Жакшысызбы, эне! – дейт.

– Жакшы, балам, кайдан?

– Ээ, жетиммин, эне, атым – Акылбек, ботосу жокко бото, баласы жокко бала болоюн дедим эле.

– Менин балам жок эле, мага бала болбойсуңбу, айланайын.

– Бала болоюн, эне.

– Анда эмесе жүрүүйгө, эчкилер жайылып оттой берет, курсагың ач көрүнөт, балам, айрандан ич, каймакка талкан көөлөп берейин, мен болсом чалым жок, балам жок, бир кемпирмин.

– Энеке, мен мындан ары эчкилерди кайтарып, отун ала келип жүрөйүн.

– Ошент айланайын.

Акылбек кемпирдин эчкилерин кайтарып жүрүп, бир күнүэки жакка көз салып караса, шаардын бир жак четинде, окчун бир чоң терек, ага жанаша салынган мунара турат. Тегереги бак, киши жок ээн, кез-кезде ошол мунаранын башы кечинде жарк этип коёт. «Бул эмне болду?» – деп, айран-таң калып, бир күнүэнесинен сурады:

– Энеке, ушул шаардын четинде бир чоң мунара бар экен, кечинде бир жарк этет, жатарда бир жарк этет, бул эмне, энеке? – дейт.

– Ээ, балам, аны сурап эмне кыласың? – дейт энеси.

– Ээ, энеке, айтып койсоңуз?

– Айтсам, балам, бул шаардын каны Акимкандын кызы Айсулуу деген. Бул дүйнөдөн эрге тийбей так өтөм деп, ушул мунараны салдырып, теректин башында мунарада жатат.

– Эне, бир курч керки жасаткын.

– Эмне кыласың, балам?

– Отун ала келип жүргөнгө жакшы экен. Энеси бир курч керки жасатып берет. Акылбек эчкисин жайып барып, кишиге көрүнбөй, күнүнө терекке тепкич жасай берет. Бир күнүмунарага чыгып барып караса, бир сулуу кыз алтын керебетте уктап жатат. Башында бир шам, аягында бир шам, айланасында дүнүйө даамдар бар. Алардын баарын байкап көрүп, түшүп кетет.

Эртеси эл жаткандан кийин дагы чыгып барып, башындагы шамды аягына жандырып, аягындагы шамды башына жандырып, айланасындагы тамактарын алмаштырып, түшүп кетет. Айсулуу эртең менен ойгонуп караса, шамдары жана тамактары өзүнүн койгонундай эмес. «Бул эмне, мага киши келеби?» – деп, уктабай карап жатса, бир жигит акырын чыгып келип, башкы шамды аягына коюп, аяккы шамды башына коюп жатканда, чап колдон кармап алат.

– Сен эмне кылып жүргөн жансың, атама айтып өлтүртөйүнбү? – дейт кыз.

Ошондо Акылбек акылга келип айтканы:

– Мен Урум кандын уулу Акылбек болом, уксаңыз, ичимде кеп толуп жатат. Бул дүйнөдөн эрге тийбей, так өтөм деген Акимкан кызы Айсулуу сиздин кабарыңызды алыстан угуп, аттанып үйүмдөн чыгып, айлап-жылдап жол жүрүп, араң жеттим. Чынында эле бул дүйнөдөн эрге тийбей, так өтөсүңбү? Мага ушуну айтып бергин. Болбосо, мени коркутпай, акылга келгин. Ошончо жерден мен сени издеп келсем, азыр колдон алып өлтүрөм десең, мени өлтүрдүң, мен өлөйүн, бирок ойлонуп, Айсулуу, артыңды кара:

Айсулуу туруп, аркы-беркини ойлоп:

– Анда болуптур эмесе, алыстан издеп келген азамат экенсиң, эми бул жерде мени кантип аласың. Атам калың салат, аны кантип табасың? – дейт.

– Менин бул жерде мал-мүлкүм жок, акылын өзүң тап, азыр мен бир беш эчкилүүкемпирге бала болуп жүрөм.

– Энеңди эртең атама жуучуга жибер. Эмне калың салат ошонун баарын унутпай айтып келсин, анан көрөбүз.

– Болуптур эмесе – дейт да, түшүп кетет.

– Эне, канга жуучуга баргын, – деди Акылбек энесине барып.

– Апий, балам, канга жуучуга кантип барам, кан менин башымды алып салбайбы, – дейт энеси.

– Алып салбайт, энеке, баргын.

Баласынын айтканынан чыга албай, кемпирдин айласы кетип, бармак болду. Канга барып:

– Каным, жуучуга келдим, – деди.

Кандын ачуусу келип:

– Кемпирдин башын алгыла! – деп, буйрук берди.

Анда вазири туруп:

– Каным, уруксат этиңиз, бул кемпирге калың салыңыз, ал калыңды таппаса, кемпирдин башын анан алыңыз.

– Болуптур, кемпир, мен азыр калың салам, тапсаң таптың, таппасаң эртең ушул маалда башыңды алам, – деди да, калың салды.

– Бир жагымда мунар терек орнолсун, бир жагымда чынар терек орнолсун, мунар терекке кыргый туусун, чынар терекке торгой туусун, кыргыйдын баласы торгойдун баласын алып жеп турсун. Жанаша эки көл орносун, биринин чабагы бирине ыргып түшүп турсун, айланам адам карап тургудай гүл чыгып, жыттанып турсун!

Кемпир үйүнө келип:

– Балам, барбайын десе болбойсуң, мен өлдүм, кан калың салды, ал калыңды кайдан табабыз. Эртең менен башымды алат, – деп, кемпир буркурап ыйлай берди.

– Кой, эне, ыйлаба, эмне калың салды? – дейт Акылбек.

Кемпир кандын салган калыңын төкпөй-чачпай айтып берди.

– Балам, муну кайдан табабыз, мен өлбөгөндө ким өлдү? – деп, ыйлай берди.

– Эне, андан коркпоңуз, – деди энесин сооротуп.

Түн кирип, элдин баары жатканда Айсулууга барып, салган калыңынын баарын айтты. Айсулуу бир алтын көмүркөй берип:

– Ушунун ичиндегини эмне бол деп чачсаң, ошол айтканыңдын баары болот.

Акылбек көмүркөйдүалып, түн ичинде барып, айтканынын баары бол деп чачты эле, баары болуп калды. Эртең менен кан турса, баякы айтканындай болуп калган. Акылбек энесине келип:

– Эне, калың бүттү, барып көргүн.

Энеси барып караса, айтканындай болгон. Кемпир сүйүнүп:

– Балам, бул кандайча болуп бүттү.

– Сиз аны сурап эмне кыласыз, андан көрө келинимди бергин, калыңың бүттүдеп, канга баргын! – дейт.

Кемпир кериле басып канга барып:

– Каным, калыңың бүттү, келинимди бергин, – дейт.

– Кел, байбиче, сенде бир касиет бар го дейм. Берели, кудагый, берели – деп, кан тогуз түнүтойлотуп, отуз күнүойнотуп, кызын берет. Акылбек Айсулууну алып жайлап-кыштап жатып калат.

Бир күнүбаякы ажыдаар түшүнө кирет:

– Мени эсиңден чыгардыңбы, кызды качан алып келесиң, же мени бул жерге жете албайт дедиңби, сороюнбу! – дейт.

– Алып барайын, – деп Акылбек жанталашып жатып ойгонуп кетет.

Ажыдаар оюнан кетпей, санаасы санга бөлүнүп, бир күнүолтуруп Айсулууга:

– Биз эл-журтка кетели, сен кандай дейсиң? – деп, кеңеш сурайт.

– Атаңдан тартып, башынан берки болгон ишти атама айтып көр. Ал киши макул табар, – дейт Айсулуу.

Акылбек кайнатасы Акимканга барып, атасы Урумкандын уулу экендигин түшүндүрүп айтты. Кайнатасы Акимкан ыраазы болуп:

– Ушундай де, бул менин айткан калыңым кандай орундалды десем, балам, сенде касиет бар экен го. Болуптур, баргыла, – деп Акимкан күйөө, кызын узатат.

Акылбек нечен күн жол жүрүп олтуруп, ажыдаарга беш күндүк жол калганда баланын үшкүрүгүкөбөйүп, өңүсаруулай баштайт.

– Эмне, көп үшкүрүп саруулайсың? – деди Айсулуу.

– Эми сага айтпаска айла жок. Башынан беркини айтсам, өзүнчө жомок, кыскасы, биздин элден бир ажыдаар чыккан. Ал ажыдаар сураганымды бер, болбосо сени баш кылып элиңди сором, – деп, атамды коркуткан. Сураганың эмне деп атам айтканда, балаңды бергин деген. Ошону менен атам мени ажыдаарга берген. Мен ажыдаарга барсам, сага жумшаган. Эми сени алып баратам, менин кайгым сенден ажырап калам го деп, ошого үшкүрүнүп, сарсанаа болом, – дейт.

– Андан коркпо, мени алып барганда, ажыдаар ыраазы болуп, кара мурут жигит болот да, менин жанымда олтуруп калат. Баракелде, эр уулум, шер уулум, ушундай ишке жарайт дегемин деп, көңүлүжайланып, ачкычтын баарын сага берет. Ме, дүнүйө-пулдан алышыңча алып кет, – дейт. Сага дүнүйөнүн кереги эмне, ачкычтар менен сандыктарын ачып олтурасың, бир темир чоң кара сандык бар. Ошону ачсаң, ажыдаардын жети курт жаны бар, колуңа бир балканы алып, жети кара куртту өлтүрсөң, ошону менен ажыдаар өлөт. Анан ал жердеги дүнүйөнүбиз ээлеп калабыз, – дейт Айсулуу.

Аны угуп Акылбек сүйүнүп калат. Жүрүп олтуруп ажыдаарга келет. Айткандай ажыдаар:

– Баракелде, эр уулум, шер уулум, ушундай ишке жарайт дегемин, ме, ачкычты, дүнүйөдөн алышыңча алып кет, – деп кара мурут жигит болуп, Айсулуунун жанында олтуруп калат.

Акылбек ачкычтарды алып, баягы Айсулуу айткан чоң сандыктан жети кара куртту таап өлтүрөт. Айсулуунун жанындагы кара мурут жигит – ажыдаар өлүп калат. Нечен соодагерлерди соруп дүнүйөсүн алган. Ошол дүнүйөлөрдүташтап кетпей, ал күмбөздө туруп калышат.

Айсулуу эгиз эркек төрөйт. Акылбек атын минип, кушту салып жүргөндө, бир күнүбир жактан бир топ кербендер келе жатып:

– Биякта ак күмбөздөн ажыдаар чыкты деди эле. Билип берген кишиге мал башына бир дилде, жаан башына бир дилде беребиз.

– Тас уулу менен мен билип берем, – дейт да бир мастан дилделерин алып, арабага атты кошуп, эч жанга көрүнбөй, бир жерге келип карап жатса, бир жигит эртең менен ак күмбөздөн аттанып колуна куш алып, кечке куш салып, кечинде ак күмбөзгө кирип кетет. – Муну адамзат ээлеп алган экен – деп, кемпир айтып келет.

Ошону менен кербенчилер келип кетишет. Баягы мастан кемпир баласын арабасы менен катып коюп, Акылбектин үйүнө келип:

– Мен бир байкуш мусаапырмын, сууңду алып, отунуңду жагып, ушунда жүрөйүнчү– дейт.

– Кереги жок, оокатымды өзүм эле жасаймын, – дейт Айсулуу.

– Мейличи, бир мусаапыр кемпир экен, жүрсө жүрсүнчү, – дейт Акылбек.

Ошону менен кемпир эки күн жүрүп, үчүнчүкүндө Акылбек куш салып талаага кеткен болот. Айсулууга чай берип олтуруп, чайга бир мас болуп жыгылып калуучу дарыны кошо берип коёт, ошону менен мас болуп жатып калат. Мастан Тас уулун арабасы менен алдырып келип, Айсулууну арабага салып алып кетет.

Кечинде Акылбек келсе, Айсулуу жок, эки баласы калган. Ошол жерден кокуй наалаты окшотуп: «Мени чындап кудай урган экен» – деп ыйлап, атты агытып, кушту коё берип, эки баланы колтугуна көтөрүп, жүрүп келе жатып, жайылып аккан бир чоң сууга кезигет. Экөөнүкөтөрүп кече албай, баланын бирөөнүберки өйүзгө коюп, бирөөнүкөтөрүп алып, кечип наркы өйүзгө кечип келе жатканда, берки баланы бир карышкыр көтөрө качып кетет. Суунун ортосунда аркы балага барайын деп баратса, аркы баланы да бир карышкыр көтөрө качып кетет. «Мени кудай жазалаган экен» – деп, өлөйүн десе, жан таттуу, катын-баласынан айрылып, каңырыгы түтөп, эмне кыларын билбей, жүрүп олтуруп, бир шаардын четине жетип, жатып калды. өлдүдесе, көрдө жок, тирүүдесе, санда жок болуп, эртең менен эрте турса, шаардагы элдин баары эле ат минип, жөөсүжөө баары эле колунда бир кесимден эти бар, кукулуган эле адамдар. «Бул эмнеси» – деп чарчап, бир жерде отурса, бир киши келип:

– Ой, сен кандай кудайдан үмүтүңдүүзгөн адамсың, эмне кукулабайсың?

– Бул кукулаганыңар эмне, ушунун дайынын айтыңызчы? – дейт Акылбек.

– Дайынын айтсам, ушул шаардын каны өлгөн, ал кан өлөрүндө керээзин айткан, менин кушумду асманга учургула, кимдин колуна консо ошону көтөргүлө деген, ошол кандын айтуусу менен кушун учурган, ошол күндөн асманда, эч кимдин колуна конбой жүрөт. Мына, мынабу эттен үзүп берейин, колуңа алып кукулай көр.

Кош көңүл этти колуна алып:

– Куу! Куу! – деди эле, баягы Акылбектин колуна келип конот.

– Кан табылды, кан көтөрөбүз! – деп элдин баары чуулдап, чуркурап кан көтөрөт.

Ал жерде кан болуп, аял алып, эч нерсе оюнда жок, жыргап жатып калат. Арадан он беш жыл өткөндө Жайылма суунун боюнда эки бала кой кайтарып келип сүйлөшүп, бири-биринен сурашат.

– Сен кимдин баласысың?

– Мен Атанбайдын баласымын, – дейт бирөө.

– Ботонбайдын баласымын, – дейт экинчиси.

– Ботонбайдын сенден башка канча баласы бар?

– Ботонбайдын менден башка беш баласы бар. Мени менен алты.

– Атанбайдын сенден башка канча баласы бар?

– Атанбайдын баласы менден башка жети баласы бар. Мени менен сегиз бала.

– Сени башка балдарындай көрөбү?

– Жок, башка балдарындай көрбөйт. Күнүгө кой кайтартат.

Ал Атанбайдын баласы Ботонбайдын баласынан сурайт:

– Сеничи, башка балдарындай көрөбү?

– Жок, мени башка балдарындай көрбөйт, мени да күнүгө кой кайтартат, экөөбүз ушинтип кой кайтарып жүргөнчө, канга качып барып кызмат кылбайлыбы? – дейт.

– Макул, эртең койду жайып келип, ушул жерге коюп, канга качып кирип кетели, – дешип, эртеси койду жайып келип таштап, качкан бойдон канга барат. Канга кандай кылып кирерин билбей, баягы эки бала эшикте туруп калышат.

– Силер эмнеге келген балдарсыңар? – дейт кандын жигиттери балдарды көрүп.

– Биз канга кызмат кылалы, – деп келдик. Сиз айтып көрүңүзчү, – деп, балдар кандын жигиттерине айтат.

Кандын жигиттери канга келип:

– Каным, эшикте эки бала турат, канга кызмат кылып, бала болобуз, – дейт.

– Ал кайдагы балдар, бери чакырчы! – дейт кан.

Аңгыча балдардын аталары келип калат. Балдарды көрүп:

– Мында жүргөн турбайбы, жүргүлө, балдар, кетели, – десе балдар:

– Барбайбыз! – дейт.

– Эмнеге барбайсыңар? – деп сурайт аталары.

– Канга кызмат кылып, бала болобуз.

– Биз издеп келип, бул жерден араң тапсак, барбайбыз дейт, буларды көрчү! – деп, кыжылдашып турушканда, кандын жигиттери:

– Сиздерди, балдар силерди кан чакырып жатат, – дейт. Баарысы канга киришет.

– Эмне кылып жүрөсүңөр, эмне сонунуңар бар, айткыла? – дейт кан.

– Сөзүбүз ушул, каным, эки бала экөөбүздүкүэле, кой кайтарып жүрүп, койду калтырып, өздөрүжок, сурамжыласак, канга барыптыр деп уктук, келсек, балдар ушул жерде экен, жүрүдесек барбайбыз, канга кызмат кылып, бала болобуз дейт – деп, Атанбай сөзүн баштады.

– Ушул балдар өзүңөрдүкүбү, чыныңарды айткыла.

– Мен чынымды айтайын, каным, Жайылма чоң суунун боюнда төө издеп келе жатсам, бир карышкыр бир козу көтөрүп бара жатат. Айкырып, чапчам, таштай качты, барсам бала, тирүүаман-эсен, тобо, бул кайдагы бала болду деп, ошондон бери жакшылап багып чоңойтуп, асырап келдим. Быйыл он беште, аты Толубай, өз баламдай эле жүрүүчү, каным.

– Сен ким деген болосуң?

– Менин атым – Ботонбай, мен дагы чынымды айтайын, каным, ушул Жайылма суунун боюнан жылкы карап чыксам, жылкым жок, бул кайда кеткен деп келатсам, бир карышкыр бирдеме көтөрүп бара жатат, козубу же улакпы деп, кыйкырып чаап калсам, таштай качты. Барсам – бала, карасам тирүү, аман-эсен, үйгө алпарып, түлөөмдүберип, өз баламдай багып, жылкы издеп жүргөндө таптым деп, атын Жылкыбай койдум. Ошондон бери багып, балдарымдай эле көрчүмүн, бир күнүкой кайтарып жүрүп, кою калып, өзүжок, канга барыптыр деген кабар угулду, издеп келсем, ушерде экен. Болгону ушул, каным, меники да жашы он беште.

Кан ойлонуп отуруп: «Тобо, баягы менин өз балдарым турбайбы» – деп:

– Баргыла, силерге бала жок. Бала меники, силер ушунчалык баланы чоңойтуп, чочойтуп бакканыңарга ырахмат. Ал үчүн мен силерди ыраазы кылам, бара бергиле – дейт да, кетирип жиберет.

Кан балдарына кийбегенди кийгизип: «Карышкыр көтөрүп кеткен балдарым табылды, кой эми аялымды издеп көрөйүн» – деп, элинин баарына жар салды.

– Эч киши калбастан кандын алдынан чубоодон өтсүн, – деп, кан буйрук кылды. Ошол буйругу менен элдин баары чубоодон кандын алдынан өтө берди. Аялы жок.

– Киши калдыбы? – деп, сурайт кан.

– Бир мастан кемпир уул-келини менен калды.

– Бар, алдырып келгиле! – дейт.

Барып алдырып келет. Мастан Тас уулу менен келинин арабага түшүрүп ала келе жатат. Караса, Айсулуу.

– Катынды кайдан алдың? – дейт кан Тасты.

– өзүмкү– деп, жооп берет Тас.

– өзүңкүбү, сенин энеңди мусаапыр экен десем, мусаапыр эмес, мага уу берип, уулантып, далайды көрдүм, ишим ак экен, айланып жеттим. Кана, мастан, уулуң экөөң ажалга жеттиң. Жигиттер, бул экөөнүалып барып өлтүргүлө – деп, кан кемпир менен Тасты өлтүртөт экен.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

14-04-2011
Жомокчу
113315

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×