Добавить статью
6:44, 18 апреля 2011 23728

Жомоктор топтому

МАКТАНЧААК КОЁН

Илгерки заманда коён узун кооз куйруктуу, күлүк, мурутчан, өзүжеткен мактанчаак жаныбар болот экен. Жаш, жаңы чоңоюп келе жаткан коёндорго тынчтык бербей:

– Токойдо кожоюн жалгыз гана менмин! – деп, көзүнө эчтеке көрүнбөй, көөп турган маалы. Эрдин бүлкүлдөтүп чөптүн жакшысын искеп жеп, бир жерге токтоно албай, – эрдим төөнүкүндөй, кулагым эшектикиндей, күлүктүгүмө эч ким жетпейт, жүнүм, куйругум кандай укмуш, чиркин! – деп мактанып жүрүп, ал коён бир кирпиге жолугат.

– Сен кимсиң? – деп, бүрүшөт кирпи.

– Мен коёнмун – дейт үнүн катуу чыгарып.

– Эмнеден коркосуң?

– Мен эчтемеден коркпоймун, а сен кимсиң? Сен эмнеден коркосуң? – дейт коён.

– Мен кирпимин. Мен кокустуктан корком.

– Кокустук дегениң эмне? – деп, дагы сурайт коён.

– Туяктуу жаныбарлар атайлап баспайт, бирок шашып, качып же үркүп келе жатып басып кетсе, өлөм.

– Иттенчи?

– Иттен үстүмдөгүтонум сактайт. Киши мени бир тоголок тикен деп ыргытып жиберет, эчтеме мага тие албайт. Сен коён мактанчааксың, ошондуктан калп эле коркпойм деп жатасың. Карышкыр жана башка айбандар мамыктай жумшак денеңе азуу тишин матырса, өлөсүң.

– Ооба, аны сен кайдан билесиң?

– Мен сени көргөндө эле билдим, эгер мыкты болсоң, эмне эрди-башың былкылдап турат?

– Эрдим төөнүкүн тарткан, ошондуктан жырык, кулагым чоң, шырт дедирбей угам, күлүкмүн, качып кутулам.

– Мен бир иш айтайын макулсуңбу? – дейт кирпи. Коён макул болот. – Жүр, дос, тээтиги көлгө баралык, суу ичелик, бир аз эс алалы, – дейт.

Алар көлгө келишет да, суу ичип, бир аз эс алышат.

– Эми көлгө куйругуңду салып, жээкке бир аз олтурчу, – дейт кирпи.

– Эмнеси бар! – деп мактанчаак коён куйругун сууга салып отурат.

Ошол маалда өрдөк баш балык келип, коёндун куйругун көрүп, жемек болуп, араадай тиши менен тиштеп тартат. Балык сууга, коён чыңырып арткы буту менен жерге таянып сыртка тартат. Ары-бери тартышып, коёндун куйругу үзүлүп кетет. Айласы кеткен коён андан-мындан бир тийип, куйруктан ажырап, кыска куйругу менен качып жоголот.

– Мактанчаактан кутулдум! – деп кирпи кала берет.

Коён ошо күндөн, ушу күн куйругу жоктугунан уялып, отура калып жүрөт экен.

ДЕЛДЕҢБАЙ

Илгери бир кишинин эки уулу, бир кызы бар экен. Улуу кызы турмушка чыгып, эки-үч балалуу болуп, күйөөсүменен ынтымактуу жашап, орто оокаттуу болот. Атасы эң улуу баласын үйлөнтүп, баласы эки балалуу болот. Кичүүбаласы – Делдеңбай. Бир күнүэнеси өлөт.

Ошондо атасы:

– Бир кой, бир кап ун, кепин үчүн он эки, он беш метр ак кездеме апкел, кудаларга, жездеңе, эжеңе кабар айт – деп, Делдеңбайды ат мингизип, эжесине жиберишет. Ошентип, Делдеңбай эжесине келип, атасы менен агасынын айткан кабарын айтат. Эжеси менен жездеси сураганынын баарын берип, өздөрү:

– Эртең барабыз, –деп калышат.

Жолдо келе жатса, алдынан карышкыр чыгат.

«Кудайдын ити курулай ачка экен» – деп, коюн ага берет. Андан ары кетип бара жатса, камыш желпилдесе: «Кудайдын келини кур жүгүнбөйт» – деп, кездемесин айрып, камыш башына байлап салат. Андан ары келе жатып башат көрөт. «Кудайдын казаны кур кайнайбы» – деп, унун чалып кетет.

үйүнө барып, ушундай деп жөнүн айтат. Айласы канча, сырын билет, унчукпай калат.

– Уул, баланы терметип тур, мен уй саап келем, – дейт жеңеси.

Делдеңбай баланы терметип олтурса ыйлайт, башын сыйпаса мээси былкылдайт.

– А мээси курттап кетиптир – деп, мээсин оюп салат. Жеңеси келсе, баласы дым жок жатат.

– Бала эмне болду? – деп, Делдеңбайдан сураса:

– Мээси курттап кетиптир, куртун алып койсом эле уктап жатат, – деди.

Айла жок ыйлап-сыктап кала беришет.

Ушуну менен Делдеңбай делдеңдеп кетип бара жатса, жылан жатат, аны чөнтөгүнө салат. Андан ары баратса, бир жумуртка жатат, аны да чөнтөгүнө салат. Андан ары баратып эски журттан шибеге таап алат, муну да чөнтөгүнө салат. Андан ары баратып, бээлер тууп жаткан жерден бээнин чөбүн алат. Андан ары делдеңдеп келе жатып, бир ээн жерден бир боз үйгө туш келет. үйгө кирсе эч ким жок. Сабадан кымыз ичип, тоюп, жыланды салып, отту көзөсө көмөчүбар экен, анын ордуна жумуртканы көөмп, төргө шибегени түбүн ылдый кылып учун чыгарып коёт, эшиктен чыга бериш улагага бээнин чөбүн жайып коюп, өзүжабыкка жатып алат.

Аңгыча жезкемпир келип, кымыз ичейин деп, сабаны ачып, жыланды көрүп чочуп, көмөчүн жейин деп отту көзөсө, жумуртка тарс жарылып, көзүнө жабылат, чочуп кетип төргө отура калайын десе шибеге кирип кетет. Ыргып туруп, эшикке чыгайын десе, бээнин чөбүнө тайгаланып жыгылып, башы босогого тийип, жарылып өлөт. Күлүп жатып Делдеңбай да өлөт экен.

ЧЫНЧЫЛ

Илгерки заманда Ак ниет, Кара ниет деген эки бай болот. Ак ниет байдын Кадыркул деген чынчыл жигити болуптур. Кара ниеттин мал-дүнүйөсүАк ниеттикинен азыраак экен.

Кара ниет: «Ак ниеттин дүнүйөсүэмне үчүн менден көп» – деп ойлонуп, Ак ниет бай менен сүйлөшөт. Ак ниет Кара ниетке:

– Дүнүйө малымдын көптүгүчынчыл жигитим Кадыркулдун касиети, – деп жооп бериптир.

Ак ниет менен Кара ниет экөө бир жайлоодо жайлашат. Кара ниет ошондо айла-амал издеп, өзүнүн жезкемпир досун чакырып:

– Ак ниет байдын Кадыркул жигити чынчыл экен, ошол жигитин калп айттырганга аракет кыл. Ак ниеттин эки ак тулпар, кара тулпарын алдап ал. Чынчыл Кадыркул алдаш үчүн сизге мен ак чатыр, көк чатыр, кызыл чатыр менен сулуу келин-кыздарды кошуп беремин. – Мен бир кары кемпир, жалгыз кызым бар. Мен баймын. Бирөөнүн башы келсе, малы келбейт, малы келсе, башы келбейт, кызыма ылайыктуу жер чыкпай жатат дегин. Кадыркул чынчыл жигит үйлөнө элек, ал сенин ак чатырыңа, көк чатырыңа жана кыздарыңа кызыгып келсе, сен аны алдап калп айттырууга аракет кылгын, – деп кеңеш кылат.

Күндөрдүн биринде чынчыл Кадыркул жылкычы, койчулар менен эт жеп, кымыз ичип олтурушуп, жайлоодо ак чатыр, көк чатыр, кызыл чатырдын пайда болгонун көрүшөт. Ошондо чынчыл Кадыркул жигит жылкычы, койчуларга айтат:

– Муну мен билип келейин – деп, ак чатыр, көк чатыр, кызыл чатырга барат, барса кемпир сулуу кызды шайыга бөлөп кийгизип, жанына кыз-келинди нөкөр кылып койгон. Кой союлган, кымыз бышылган, жигиттери иш менен алек.

Чынчыл жигит келгенде, кемпир келин-кыздар болуп тосуп чыгат.

– Сиз дагы бир байдын баласысыз го – деп, сылык сөз менен эт, кымыз берип, сыйлап калышат.

– Байбиче, сиз кайсы жердиксиз, бул жерге кайдан келдиңиз? – деди чынчыл Кадыркул жигит.

– Ушул кыздын атасы чоң бай эле, дүнүйөсүмага калып, атасы өлүп калды, ушул кызымдын урматына жайлоого келип, келин-кыздарым менен эс алдырып жатамын – деп, кемпир жооп берди.

– Байбиче, эгер иштин жөнүушундай болсо, мен айылыма барып, жолдош-жоро ээрчитип, сиздин кызга жуучу түшөйүн, – деди Кадыркул.

Кемпир мурунку сөздөрүн кайталап:

– Биринин башы келсе, малы келбейт, биринин малы келсе, башы келбей жүрдүэле. Башыңыз келди, өз балам үчүн сизден калың көп сурабайм. Куда түшкөнүкелерде Ак тулпардын башына аяктай кебез байлап кел. Кызымды алып кетерде Кара тулпарды калыңына бергин.

Кадыркул жигит макул болуп, айылына келди. Жылкычы, койчулары менен сүйлөшүп:

– Кызды алмак болдум, жолдош болуп мени менен жүргүлө. Ак тулпардын башына аяктай кебез байлагыла, бул куда түшкөнүбүз, кызды алып кетерде Кара тулпарды калыңына беребиз. Ошентип, мен үйлөнөмүн. Ушу жашка келгенче Ак ниет байга иштедим эле, менин кызматым эки атка татыр. Ак ниет байым туура дээр.

Ушуну менен чынчыл жигит Кадыркул Ак тулпардын башына аяктай кебез байлап, ак чатыр, көк чатыр, кызыл чатырды көздөй жөнөштү. Бир аксакалы баш-көз болуп, кемпирге жуучуга келдик деген кабар берди. Кемпир келин-кыздары, жигиттери менен буттары үзүлгөнчө кызмат кылышты.

– Менин малым көп, түмөн баймын. Кызымдын жуучусуна келген Ак тулпарды союп жегиле – деп буйрук кылды.

Кадыркул жигит жолдоштору менен түнөп-конуп, мейман болушту. Кемпир Кара ниет байга жигит жиберип:

– Ак тулпарды алдап жедик, Кара тулпарды калыңына бермек болду – деп, кабар кылды.

Ушул убакта Кара ниет байдын сүйүнүчүкойнуна батпай, Ак ниет байдын үйүнө кемпирин жана жолдош-жоролорун ээрчитип жөнөдү. Ак ниет бай алардын келгенин көрүп, малын союп, кымызын куюп мейман кылды. Тамак жешип, жай олтуруп сөзгө киришти.

Ошондо Кара ниет бай Ак ниет байга мындай деди:

– Сиздин дүнүйөңүздүн, малыңыздын, жаныңыздын менден көп болгон себеби жигитим чынчыл Кадыркулда дебедиңиз беле. Эгер чынчыл Кадыркулуңуз калп айтса, малыңызды мага бересизби?

– Дүнүйөдө Кадыркул жигитим калп айкан эмес, эгер калп айтса, малымдын баарын сен алгын – деп, Ак ниет бай жооп берет.

Ушул сөздүтакташ үчүн Кара ниет бай молдосун, бийин, казысын чакыртат. Молдосу, казысы, бийлери кагаз жазышат. «Эгер, Кадыркул калп айтса, Ак ниет байдын дүнүйөсүКара ниеттики, эгер калп айтпаса, Кара ниет байдын дүнүйөсүАк ниеттики» – деп, бексул жазышат. Ушуну менен Кадыркул жигит эки-үч күн мейман болуп, күйөөчүлөп шаан-шөкөт менен айылына келет. Кемпир келерки ишемби күнүкелип, кызымды алып кет деген жообун берет. Кемпир чынчыл Кадыркул жигитке ыраазычылыгын билгизип:

– Айланайын, бала болуп каларсың, менде дүнүйө көп, ушу дүнүйө, мал-жандын баары сеники. Ошондуктан мен дүнүйө алайын деп жаткан жерим жок сенден. Калыңсыз кыз болсо да, каадасыз кыз болбойт, балам. Келерки ишемби күнүкызымды алып кетерде Кара тулпарды калыңына бергин. Андан кийин бешенең бештен, бактылуу болуп жашай бер, – деди.

Кемпирдин бул сөзүнө Кадыркул, куда башчылар, жолдош-жоросу да чоң ыраазы болушту.

– Байлыгы бу болсо, кызы сулуу болсо, дүнүйөнүкеп кылбай, Ак тулпарды барар менен союп алса, – дешип айылына кайтышты.

Келерки ишемби күнүбаягы убада боюнча Кара тулпарды калыңына берет. Баягындан артык мейман күтүп, кемпир ыйлап-сыктап:

– Малга чукак эмесмин, башка чукакмын! – деп, Кара тулпарды сойдуруп таштады. Эртеси кызды алып кетер күнүкемпир чыңырып, өкүрүп ыйлап, меймандардын тынчын алып үстүнө келет.

– Жалгыз бир тууганымдын жалгыз баласы дүйнөдөн кайтыптыр. Айланайын, куда башчы, Кадыркул уулум, ийгиликтин кечи жок деген. үч-төрт күн коюп жетилигин берип, анан кызымды жөнөтөм, – деди.

Куда башчы, Кадыркул, жоро-жолдоштору болуп айылына кайтышты. Эртеси ак чатыр, көк чатыр, кызыл чатыр жок. Кемпир көчүп кетет. Кемпир келип Кара ниет байга өз милдетин аткаргандыгын билдирет. Кара ниет бай Ак ниет байга минтип айтат:

– Сенин Кадыркул жигитиңдин калп айтпаганын көрөйүн, эки киши жиберип, чакырталык – дейт. Эки жигиттен эч нерсе айттырбай, бир кана: – Кадыркул сени Ак ниет байың чакырып жатат, – деп айттырышат. Быяктагы болгон иштин жайын билдирбейлик дешет. Ак ниет бай менен Кара ниет бай экөө эки жигитти Кадыркулга чаптырат. Эки жигит барып чынчыл Кадыркул жигитке:

– Сени Ак ниет бай чакырып жатат! – деп, кайра тартышат.

Чынчыл Кадыркул жигит байын көздөй жөнөп калат. Жолдо келе жатып чынчыл Кадыркул жигит чочулап: «Бу байым чакыртчу эмес эле, Ак тулпар, Кара тулпар жөнүндө угуп калган го» – дейт да, эмне деп жооп берерин билбей башы катат. «Экөө болсоң жолдошуңа акылдаш, жалгыз болсоң бөркүңө акылдаш» деген кыргыздын макалына таянып, бөркүнө акылдашмак болот. Ошентип, Кадыркул чынчыл жигит таягын жерге сайып, тумагын башына кийгизип коюп, камчысын сүйрөп: «Ассаломалейкум» – деп, бөркүнө салам айтып келет, өзүАк ниет бай болуп бөркүнүн ордуна жооп берет: «Валекум ассалам, чынчыл Кадыркул жигитим, мал-жаның, эл-журтуң аманбы?» – дейт. Анда өзүжооп берет: «Мал-баш, эл-журт аман. Аманы курусун, Ак тулпар аңга түшүп өлдү, Кара тулпарды карышкыр жеди» – дейт да: «Ушунум калп болуп калды го», – деп, бөркүнүн артынан кетет. Экинчи жолу дагы бөркүнө салам айтып келет да, байынын баягы эле суроосуна мындайча жооп берет. «Мал-баш курусун, Ак тулпарды сууга агызып өлтүрдүм, Кара тулпарды карышкырга жедирдим». «Ай, ушунум да калп болуп калды го, тулпарды карышкыр жемек беле, тулпар сууга акмак беле» – деп, кайра кетти. Чынчыл жигит Кадыркул бөркүнө үчүнчүжолу келди. «Ассалоомалейкум, Ак ниет байым, бала-бакыраң аманбы?» – деп сурады. Ак ниет бай: «Мал-башың, эл-журтуң аманбы?» – деп кайталады. Анда чынчыл Кадыркул жигит «Мал-баш аманы курусун, мастан кемпир кызымды берем деп, Ак тулпарды, Кара тулпарды алдап жеп койду. Ушул сөзүм жымсал болду го» – деп, Кадыркул жигит бөркүн кийип, айылына келди. Баягы шаани менен чынчыл Кадыркул жигит Ак ниет байына келди.

– Ассалоомалейкум, Ак ниет байым, бала-бакыраң менен аман-эсен жатасыңбы? – деди.

Анда Ак ниет байы:

– Алейкум ассалам, чынчыл жигитим, Кадыркул мал-жаның аманбы? – деди.

Чынчыл Кадыркул жигити:

– Бир кемпир кызымды берем деп, Ак тулпар менен Кара тулпарды алдап жеп койду, – деди.

Ошондо отургандар, казы-муфталары, молдолору, бийлери, Ак ниет, Кара ниет байлары Кадыркулдун чынчылдыгына ыраазы болушуп, бексул боюнча Кара ниет байдын мал-дүнүйөсүн Ак ниет байга алып беришти. Ошондон Кадыркулга чынчыл деген ат калып, жомоктун аты да чынчыл болуп калган экен.


АЛТЫН ШАКЕК

Илгери бир заманда бир чоң байдын малы көбөйүп тескери жайылса да, бир кишиге чык татырбаган Чыгайбай болот. өлгөн малынын этин жейт. Тамак ичип жатканда бирөө келсе, жылдызы жерге түшүп, тамагын аяп, ылдый карап отурчу экен.

Бир күнүкемпири:

– Ой чал, кел дебеген үйдөн, кетмендеген көр жакшы деген эмеспи, түлөө кылып, эл-журттун батасын алалы, тамак берели – десе, чалы ыйлайт.

– Менин дүнүйө малыма тийбе. Эл бекер жеп кетет, мага эмне пайда, өзүң тапсаң бере бер! – деп кемпири менен урушат.

– Ой, куураган чал, баласы жок өлөбүз, өлсөк артыбызга калат, малыңды ит-куш жейт, кой! Бата менен эл көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт, элдин батасын алалы, – дейт кемпири.

Чал болбойт. Кемпирдин катып жүргөн алтын акчасы бар экен, ошону бир жигитке берип, бир бээ, эки-үч кой жана башка керектүүнерселерди алдырып, түлөө бермекчи болот. «Менин малыма тийбей, өзүң таап бермек болдуң, кемпир бээң семиз, койлоруңдун куйругу казанбактай экен» – деп, чал аябай сүйүнөт. Койду, бээни союп, боорсок бышырып, аябай даярданып, эл чакырып түлөө берет. Ак сакал, көк сакал, кемпир-кезек, бала-бакыра болуп келишет.

– «Жети кишинин бири кадыр» деген, эл-журт, балам жок, бата бергиле! – деп, суранды эле, эл чуулдап бата берет. «Эй, шумдук, деле адамга тамак бербеген немелерге кандай кудай жалгады» дешип, таң калышкан эл бүт түлөөнүкемпир бергенин түшүнүшөт.

Бир нече күн өтөт, бир күнүкемпир эшикте турса, бир кара булут келе жатат. «Кир жайдым эле, күн жаайт го» – деп турса, кара булут ичинен бир аксакал киши болуп:

– Эй, байбиче, тилегиңиз кабыл болду. Балалуу болосуң, – деп, көздөн кайым болуп, булут таркап кетет.

Кемпир сүйүнүп, кудайы берет. Ошентип, кемпирдин тилеги келип, эркек бала төрөйт. Баласы экиге чыгат, ошондо баланы көрүп, мээр жаап, чал той берет. Чоң үй салдырып, баланы молдого берип окутат. Эч нерседен кем кылбай өстүрөт. Бала он алты-он жетиге келгенде, атасы кара аргымак камдап, күмүш ээр токум кылып, баласын сыртка чыгарат. Баласына үч миң дилде берип, кемпир-чал базарга жиберет.

– Ич, же, эмне көңүлүңө жакса ошону сатып алгын – дешет. Бала базарга барып карап жүрсө, бир кемпир чоң дөбөт кармап турат:

– Ой, байбиче,бул эмне? – дейт, анда ал кемпир:

– Бул ит, – деп жооп бериптир.

– Эмне иш кылат? – десе.

– Короо кайтарат, үрөт – деп жооп берет кемпир, – кичинесинде тоодон таап алдым эле, эми чоңойгондон бери кутурду, кабанаак болду, же курсагын тойгуза албадым. Эмне берсең ошону алам, балам.

Бала миң дилде берип, итти сатып алат. Аңгыча бир кара мышыкты сатып отурган адамдан:

– Бул эмне деген жаныбар? – деп сурайт.

– Бул – мышык, үй ичине тынчтык бербеген чычканды кармап жейт. Итти деле миң дилдеге албадыңбы. Менин мышыгым да миң дилде, – деди тиги адам.

– Макул – деп, миң дилде берип, мышыкты сатып алды. Андан ары барса, бир адам жылан сатып отурат.

– Бул эмне? – деп дагы сурады бала.

– Жылан – деди.

– Эмне кылат? – деди бала.

– Кызым, аялым экөө отун алып жүрсө, кызымды чагып алыптыр, алса – адам алсын, албаса – өлтүрөм, – деди ал киши.

– Эмесе мен алам, канча? – дейт.

– Миң дилде, – дептир ал адам. Калган миң дилдесин берип, жыланды да сатып алды.

Кечке маал үйүнө келе жатса, ата-энеси экөө тең карап турган болот. Торпоктой чоң бир жаныбарды жетелеп келе жатат бала. Келсе ит.

– Бул эмнең? – дешсе.

– Миң дилдеге ушул итти сатып алдым. Миң дилдеге мышыкты алдым. Миң дилдеге мынабу жыланды алдым, – деди бала. Энеси чалы менен урушат.

– Баланы мурунтан эл көзүнө чыгарып, эл аралатпай, сен кылдың? – деп, кемпир чалын каарып өтөт. Чалдын баласына ачуусу келет, кемпирине да жини келип, үч миң дилдеге ичи күйүп, баласын үйдөн кууп чыгат. Бала итин жетелеп, мышык, жыланын алып кетет.

Кетип бара жатып бир тоонун түбүнө келип, уктап калат, жылан койнунан чыгып ышкырат, түрдүүтамактар даяр болот, ичип-жешип төртөө тоюп алышат.

– Эй, бала, тетиги тоонун чокусун көрдүңбү? – дейт жылан балага – ошону Талчоку дейт, илгери ажыдаар чыккан, ошол жерге жетсек, менин атам бар. Мен сени алпарып, адам кылам – дейт.

– Көрдүм – деди бала.

– Менин атам – жер алдындагы жылан падышасы – Шаамаран, мен ошонун кызы болом. Мына бу итиң – иттин Кумайыгы, мышыгың – мышыктын Күлүстөнү. Кумайыкты жору тууйт. Эки чилде көрүп, анан күчүк болуп жумурткадан чыгат. Ошол Талчокуга Кумайыкты минбесең жетпейсиң. Ал сени жеткириш үчүн ак аркардын этине тоюш керек, антпесек жетпейбиз. Мобу тоонун ар жагында бир башат бар, ошол башатка барып, мен ак аркар суу ичкени келгенде чагам. Сен дароо жетип, мен чаккан жерди кесип ыргыт. Этин Кумайыкка беребиз.

Кумайык ак аркардын этине тоюп, эки күн уктап, анан баланы көтөрүп алып Талчокуга жөнөйт.

– Менин башым каякка бурулса, Кумайык да ошол жакка бурулса, жетебиз, – деди жылан.

Ошентип, Талчокуга жеткенче Кумайык аксап, эптеп жеткирет. Барышса, ак сарай алтын-күмүш, күн тийген, жемиш бышкан бейиштен жыргал экен. Ити аксап, таптакыр баса албай калат. Жылан бир чөптүалып берип, ошону сууга салып сүрттүрсө, буту айыгып калат. Сарайдагы көп сонунду көрүп жүрүп, сонуну таркаганча бир жыл өтөт. Ичкен-жегени сонун, ойногону перинин кыздары.

Бир күнүбаланы Шаамаран жылан падышасы чакыртат:

– Келгениңе бир жыл болду, балам, эмнеге келбейсиң? – деди.

– Ойногонум пери кызы, ичкеним чүйгүн, көргөнүм шумдуктуу алтын-күмүш жасалгалуу дүнүйө болду, келбегенимдин себеби ушул. Кечирип кой, Шаамаран падыша – деди бала.

– Эй, балам, менин кызымды миң дилдеге сатып алып, өлтүрбөй алып келгениңе ырахмат. Эмне аласың? Адам баласына алтын баалуу болчу эле, алтын ал, нечен асыл таштар бар, мундан ал. Перинин кызын кааласаң аны ал – дейт.

– Жок, эчтеме албайм, асман менен учуп жүргөнгө бир ажыдаар бер – дейт бала.

– Жок, бербеймин, – деди Шаамаран, – мен ант кылганмын, илгери мен ооруп, тамырчы адам баласынын сүтүдары дешкенинен бир ажыдаарды жиберип, бир бала алдырдым, ал балага алтын берип, бир кичинекей сүт алып кел, – деп жөнөттүм. Бала барып, бир куурай терип жүргөн жаңы төрөгөн келинден алтын берип жатып, бир азыраак сүт алып келди. Мен ошол сүттөн айыктым. Бала бир ажыдаар сураганын берсем, ал бала эл-журту менен эрегишип, падышаны баш кылып бүт элди сордуруп таштаптыр. Аны билип калып, ажыдаарды алып койдум, ошондон кийин ант кылгам.

– Ажыдаарды атаң бербей койду – деп, ал жигит кызына барат.

– Анда тилинин алдында сактап жүргөн алтын шакеги бар. Ошол алтын шакекти сура, – деди кыз.

Шаамаран падыша алтын шакегин берди.

– Алтымыш күн жанымда бол – деп, алтымыш дуба үйрөттү.

Эл-жерине кетмек болуп, шакекке бир дубасын айтып, көп алтын алып, бала жолго чыкты. Шаамарандын сулуу кызы:

– Башыңа не иш түшсө келип тургун, – деп, коштошуп калды.

Бир жерде бала эс алып отурса, бир чал мал багып жүрөт.

– Ой, балам, кайдан жүрөсүң? – деди чал.

– Атам-энем жок, баласы жокко бала болом, – деди бала.

– Мага бала бол – деп, чал баланы алып үйүнө келди.

– Жашымда куурай алып жүрүп төрөп, жоготуп алдым эле. Эми баламы таап келиптир, – деди кемпири.

Чоң той берет. Бир нече күндөн кийин кемпир:

– Балам, эми келинчек ал, мени казан-аяктан куткар, – деди.

– Апа, анда ханга куда бол, – деди бала.

– Ай, балам, ага колдо жок, бизге хан кызын береби? – дейт.

– өзүң хандын насаатчысың, былжырабай куда түш! – деди чалы.

Ал элдин шарты боюнча куда түшө турган киши үч күн үйдүн тегерегин шыпырат экен. Кемпир бир күн шыпыргандан кийин хан жигиттерине буйрук кылат:

– Ким мага жуучу түшкөнүжатат, билгиле.

Карап турушса баягы акылчы кемпир экен, жигиттери ханга айтып келишет.

– Сиздин акылчы кемпириңиз экен, ханым – дешти жигиттер. Хан кемпирди чакыртат.

– Эй, байбиче, балам жок дечүэмес белеңиз? – деди хан.

– Ооба, жок деп жүрчүэлем. Ушинтип жоготуп коюп, эми таптым баламды, – деди кемпир.

– Болуптур, мен сени чанбаймын – деди да, хан калыңын кесмей болду – жылып аккан суу болсун, сыдыра бүткөн тал болсун, бир жагы май, бир жагы сүт көл болсун. Булбулдары сайрап турсун да, суунун биринин чабагы бирине ыргып турсун. Эшигимдин алдына түн ичинде күндүзгүдөй жарык болсун, даарат алган жерим жакут, көөхар болсун. Малдын эсеби жок келсин – деп, кемпирди узатты. Кемпир капа болуп кайгырып, ыйлап-сыктап үйүнө келди.

– Ыйлаба, апа, – деди бала.

Эртеси хандын айтканын айтканындай кылып алтын шакектин касиети менен орундатат. Хан таң калып отуруп калат. Көп малдын эсебин таба албай элине таратат. Ач көздөрүтөрт-бештен, калгандары эки-үчтөн алышат. Хан кызын балага берет. Отуз күн оюн, кырк күн тоюн өткөрүп, үйлөрүнө жөнөр маал болуп калат.

– Эми жаман үйгө кантип алпарабыз, – деп, кемпир байкуш дагы кайгырат. Чалы ага ачууланат.

– Апа, коркпо! – деди баласы.

үйүнө келишсе, келиштире салынган заңгыраган үй-жай, бардыгы жасалгаланган экен. Ханды кошо чакырып, абдан меймандашат. Хан дагы таң калат.

Ошентип, бала атасы-энеси менен жашап, жатып калат экен.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

18-04-2011
Жомокчу
15468

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×