Добавить статью
6:47, 18 апреля 2011 5292

Жомокчу

Чынаалы 1920-жылы Талас районундагы Арал айылында (мурдагы Талдыбулак кыштагында) орто дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган.

1937-жылы Буденный жети жылдык мектебин бүтүргөндөн кийин, Фрунзе шаарындагы педагогикалык окуу жайына кирип, 1939-жылы бүтүрүп, Талас районундагы Талдыбулак жети жылдык мектебинде мугалим болуп иштеп, 1940-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылган. Армияда кызмат өтөп жүргөндө согуш башталып, 1943-жылы жарадар болуп, Талдыбулак мектебине кайра келип, мугалимдик кесипте 1939-жылдан 1980-жылга чейин иштеген. Иштеген ишинде жакшы көрсөткүчтөргө жетишип, «Эл агартуунун отличниги» значогу, «Эмгектеги каармандыгы үчүн» медалы жана да согуштук көп медалдар менен сыйланган.

Ал акындардын ырларын атайын кызыгып жыйноого 1954-жылдан тартып киришет.

Акындардан Эсенаман, анын баласы үмөталы, Айтыке, Чоңдунун ырларын топтоп, Кыргыз ССР илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун фондусуна өткөргөн.

Чынаалы аке Таластан чыккан комузчулар Айдараалы жөргөлөк, Эркесары, Атай, Шекербектин комузчулук чеберчилигин эргип сүрөттөп айтар эле.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

18-04-2011
Жомоктор топтому
10182

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×