Добавить статью
8:02, 19 апреля 2011 120786

Жомоктор топтому

АТАНЫН КЕРЭЭЗИ

Илгери бир замандарда Билегеч аттуу бир адам жашаган. Билегеч ар нерсени кыйын билгендиктен ушул атка конгон. Билегечтин жалгыз уулу болот. Билегеч күндөрдүн биринде өзүнүн өлөрүн билип калат да, уулун чакырып алып:

– Уулум, жакында мен дүйнөдөн кайтам. Сага билген акылымды айтып кетейин, жакшылап ук. Эркектин жан жолдошу – аялы. Биринчиси, ак-караны ичине бекитип, алганынын айыбын ачпайт. Экинчиси, албуут болот. Ачуусу келсе, өзүнүн алганын өлүмгө кыят. – Атасы оор дем алат да, баласына айтып жаткан акылын улантат. – Менин сага айтаар акылым алтоо: биринчиси, эмне болсо да, алган аялыңа сырыңды айтпа. Экинчиси, соодагерден карыз алба. үчүнчүсү, кандын жасоолу менен дос болбо. Төртүнчүсү, туз таткан адамыңа эзели кара санаба. Бешинчиси, ар түрлүүнасипти таштасаң да, эртең мененки насипти эч качан таштаба. Алтынчысы, адам ниетинен табат, – дейт. Уулу кунт коюп угат. Мындан соң атасы дүйнөдөн кайтат.

Атасы өлгөндөн эки-үч жыл өткөндөн кийин, бала үйлөнөт. Аялы менен жакшы жашап турат. Күндөрдүн биринде жигит олтуруп, атасы айткан акылдарды текшерип көрөйүн деп чечет. Биринчи ирет кандын жасоолу менен достошот. Ал досу өлүмдөн башкадан куткарам, – дейт. Ошентип, жасоол менен кол алышып, андан ары кетет. Жүрүп отуруп соодагерге кезигип, андан беш жүз сом акча карыз алат. Жигит үйүнө келип аялына:

– Мамырбай байдын баласы мага өч чыкты, мен аны өлтүрөм. Сен тактанын астына тиктиги эки кулач болгон ороо каз, таш жыйна, ороону кайра көмгөнгө – дейт жигит.

– өлүгүңдүкөрөйүндүөлтүрүп кел, көөмп таштайлы, – дейт аялы.

Түн ортосу ченде, кан куюлтуп бир кап көтөрүп келип, ороого салып, таш менен бекитип ташташат. Ал жерден көчүп кетип, башка жерге келгенден кийин, бир шылтоолор менен аялын урат. Аялы канга арызданып келет.

– Каным, мени өлтүрмөк болду. Мен эмес ал канкор Мамырбайдын баласын өлтүрүп ороого көмгөн – дейт.

– Жигитти айдап кел! – деп кан жасоолун чакырып буйрат.

– Эй, сени кан чакырып жатат! – дейт, оңураңдаган жасоол жигитке келип.

– Экөөбүз дос эмес белек, сен мени өлүмдөн башкадан куткарам дебедиң беле, кана убада, куткар мени ушундан – деп жигит жасоолдон сурайт.

– Мен сени тааныбайм, бас дегенде бас, же болбосо алмадай башыңды алып таштайм! – деп, жасоол канга айдап келет.

Ал аңгыча баягы соодагер келип, жигитке:

– Карызыңды төлө! – деп асылат.

– Берем сенин беш жүз сом карызыңды.

– Ой, каным, мына бул карөзгөйдүн айтканын уктуңузбу? Беш миң сом карыз алат да, эми беш жүз сом деп турганын. Каным, төлөтүп бериңиз акчамды! – дейт соодагер.

Ошентип, кан жигитти суракка ала баштайт. Жигит канга атасынын керээзин төкпөй-чачпай айтып берип, текшериш үчүн бардыгын тескерисинче жасаганын, өлтүрүп көмгөнүМамырбай байдын баласы эмес, өзүнүн кара токол эчкиси экенин айтат. Кан Мамырбай байдыкына жигит чаптырып, баласы тирүүэкенин билет. Жигиттин аялын ээрчитип, жанына калыс алып, ороону ачтырат. Ачтырса, чын эле өлгөн токол кара эчки чыгат.

Кан жигитти өзүнө биринчи жигит кылып алат. Арадан бир нече жыл өтөт. Кандын аялы жигитке ашык болуп калат. Күндөрдүн биринде кандын аялы жигитке:

– Сен канды өлтүрүп, мени ал, кан бол, – дейт.

– Жок, эч качан жаман иш жасабайм, кандын тузун таттым, кара санабайм ага, – дейт жигит.

Ичи күйүп калган кандын аялы, канга келип:

– Сенин биринчи жигитиң сени өлтүрүп, мени алам жана кандыкты ээлейм деп жатат, буга мен макул болбой, каным сага айтып келдим, – дейт.

Кан ойлонуп калат:

– Ниетинен табат дебеди беле, мен ушул бүгүнкүкүндүболжоп, келерки жылы эртең менен биринчи ким келсе, ким экенине карабай өрттөп жибер – деп ашпозчуга буйрук берет. Себеби бир күнүаялы, бир күнүжигити тамак алып келчүэкен. «Ниети кара кабылсын» – деп, кан ойлоп коёт.

Арадан бир жыл өтүп, болжогон күнүжигиттин кезеги тамак алып келүүгө келет. Жигит тамак алууга бара жатса, алдынан карыган кемпир чыгып:

– Уулум, үйгө кирип, даам ооз тийип кет, жалгыз балам бар эле, ошол өлгөнүнө бир жыл болду, ошого арнап дуба оку, – деп суранат. Жигит бир чети кемпирдин көңүлүн кыя албай, экинчиден, атасынын айтканы эсине түшүп, кемпирдин үйүнө кирип, чай ичип отуруп калат. Ушул убакта кандын аялы: «Бул эмне кечикти, мен өзүм алып келе коёюн», – деп ашпозчуга жүгүрүп барат. Кандын буйругун алган ашпозчу кандын аялын отко жагып жиберет. Андан соң жигит келип, тамакты алып кайтып келет.

– Кан айымды чакырайын, тамак ичели, – дейт, жигит эч нерсе оюнда жок.

Анда кан айымдын келгис жакка кеткенин жана болгон окуяны жигитке айтат. Ошондо жигит да болгон чындыкты, кандын аялынын эмне дегендигин, бардыгын айтып берет.

– Ниетинен тапты, иним, – дейт кан ошондо.

Кан башка аял алат. Жигитти да үйлөнтүп:

– Атаңдын керээзи абдан туура экен, – дейт.

Кан жигитти өзүнө бир тууган кылып алып, жыргап-куунап жатып калышкан экен.

КАНДЫН СУРООСУ

Илгери өткөн заманда Акмак кан болот экен. Ал кан Акмак кан атка мындайча конгон экен.

Кан күндөрдүн биринде, желдет чаптырып:

– Элдин ичинен үч киши таап кел, биринчи кишинин сакалы кара, чачы ак, экинчи кишинин сакалы ак, чачы кара, үчүнчүкишинин сакалы жок да, чачы болсун – деп, буйрук берет.

Желдет эл ичинен издеп жүрүп үчөөнүтаап, канга айдап келет. Кан элди жыйнап сурак жасайт.

– Ким туура жооп берсе, башы аман калат, туура жооп бере албаса, башы алынат – деген жарлыкты элге окуйт.

Жанына үч адамды калыс алып, сурак жүргүзө баштайт.

– Башың бирөөбү? – деп, биринчи адамды чакыртып сурайт.

– Ооба, каным, башым бирөө – дейт, сурактагы адам колун бооруна алып.

– Эмне үчүн сакалың кара, чачың ак?

Сурактагы адам отурган калыбын жазбай, жооп берет:

– Каным, туура айтасыз. Мен энемден төрөлгөндө башымда чачым болгон. Жыйырма жашка келгенде, ээгиме сакал чыккан. Чачым сакалымдан жыйырма жаш улуу. Ошондуктан, чачым ак, сакалым кара.

Калыстар туура дешет. Ошентип, биринчиси өлүмдөн кутулат.

– Эмне үчүн сенин сакалың ак, чачың кара? – деп, экинчи адамды суракка ала баштайт.

– Каным, сиздин бул сурооңуз туура. Кордукту ким көп көрсө, ошол бат картаят. Чачым жайдын күнүсалкын калпактын астында, кыштын күнүжылуу тебетейдин алдында жүрөт. Сакалым болсо, күнгө кургайт, суукка тоңот. Ушундай кордуктарды көргөн үчүн сакалым агарып кетти, – дептир.

Калыстар мунун жообун да туура деп табышат да, өлүмдөн куткарышат.

Ошентип, үчүнчүадамга сурак жүрө баштайт.

– Кайран киши эмне деп жооп берер экен? – дешип, чогулган эл күтүп турушат.

– Эмне үчүн сенде сакал жок? – деп, кан сурак коёт.

– Каным, баш кесмек бар, тил кесмек жок.Уруксат этсеңиз, мен сизге суроо берейин – дейт, канга кайрылып.

– Сура! – деп, кан мыскылдап күлүп коёт.

– Каным, адам кайдан жаралат? – дейт, сурактагы киши.

– Ата менен энеден – деп, жооп берет кан.

– Туура айтасыз, Алдаяр каным. Энемдин ээгинде бир тал сакал болгон эмес. Ээгим энемди тартып, колу-бутум, башы-көзүм атамды тарткан тура – деп, жооп берет.

Муну да калыстар туура деп табышып, муну да өлүмдөн куткарат.

– Акмак кан! – деп, көпчүлүк кыйкырып жиберишет.

Ошондон тартып, өз аты өчүп, Акмак кан атка конгон экен.

АПЕНДИ ДӨӨНҮ КАНТИП АЛДАДЫ

Илгери замандарда Апенди кызыл кулак соодагер менен кошуна туруп калат. Апендинин үйүндө кашык талканы, тиштем наны жок калганда, соодагерден карызга талкан алат. Алган талканы бир табак. Апенди соодагердин карызынан кутулууга талкан издеп, кап көтөрүп талаага чыгат. Жолдо келе жатса алдынан дөө жолугат. Дөө күлө баштайт, а Апенди жерге жатып алып күлөт. Буга дөө таң калып мындай деп сурайт:

– Эй, акылсыз адам, неге күлүп жатасың?

– Оңой тамак табылганына, курсагым тоёруна кубанып күлүп жатам. Сени азыр жейм.

– Эй, акылсыз акмак, ким экенимди сурап билип күлсөң боло.

– Мен тигил дүйнөдөгүчоң усталардын биримин. Тозок менен бейиштин ортосуна көпүрө салып жаттым эле, бир устун жетпей калганынан дөө издеп чыксам, сен кезиктиң, көп издебей, бат тапканыма кубандым. Мен азыр жан алгычты чакырып, жаныңды алдырам. өзүңдүмына бу капка салып алып кетем! – дейт.

– Кааласаң бүт дүйнөмдүал, үч жерде алтынымдын кени бар, бала-бакыралуу элем, жанымды калтыр, – деп дөө жалына баштайт.

– Болуптур дөө, балдарың үчүн жаныңды койдум. Бир жердеги алтынды көргөз, калганын өзүм таап алам, – дейт.

Дөө ээрчитип барып, бир жердеги алтындын кенин көрсөтөт.

Апенди дөөнүкоё берип, бир каптын теңинен алтын алып, үйүнө барып, бир табак талкан үчүн соодагердин үйүнө бир табак алтын алып барат. Анда соодагердин көзүкызарып:

– Мен муну албайм, мен өзүм сузуп алышым керек – дейт. Себеби талканды өзүм бергем – деп, соодагер болбой койгондо, Апенди аны ээрчитип жөнөйт. Бирок Апенди жолдон адашып, алтындын кенин таппай, жүрүп олтуруп түтүн чыккан бир чоң теректин түбүнө келсе, таш тулгада бир чоң казан кайнап турат. Аралаштырып караса, сегиз кишинин башы менен эттери кайнап жатат. Эси чыккан Апенди теректин башына чыгып кетет. Соодагер өйдө чыккандан коркуп, теректин жарымына чыгып отурат.

Ал аңгыча сегиз дөө келет, алардын ичинде бир дөөнүн жалгыз көзүбар. Бул жер Апенди алдаган дөөнүн мекендеген жери экен. Алданган дөө беркилерге кайрылып, болгон окуяны толук айтып берет.

– Эми силер бата бергиле, – дейт.

– Сен акмаксың, мына минтип муштасаң жаны чыкмак – деп, жалгыз көз дөө жинденип, теректи бир муштайт.

Терек солк дегенде, жаны көзүнө көрүнүп отурган соодагер кулап түшөт.

– Жалгыз көздүбаса кал! – деп, теректин башында отурган Апенди катуу кыйкырат.

Корккон боюнча сегиз дөө туш-тушка качып жоголот. Түшүп келсе, соодагердин карды жарылып өлүп калган. Иче-кардын алып салып, ордуна алтын салып, кардын кайра тигип, соодегердин аялына көтөрүп барып мындай деди:

– Күйөөңдүн көзүалтынга тойбой, алтындын калганын ичиме салып кетем деп жатып, жарылып өлдү– деп угузат.

Ошол күндөн ушул күнгө чейин соодагер менен дөөдөн кутулуп, Апенди жыргап жатып калган экен.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

18-04-2011
Жомокчу
103624

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×