Аксы элинин азыркы мезгилде нарк кармап, салт улантып, сөз кадырын арттырып келаткан кыздарынын бири – Аксынын Карасуу айылында жашоочу Байызкан Курбан кызы. Ал 1924-жылы туулган.
Байызкан бала кезинен жалгыз өсүп, эркек баладай атасын ээрчип, той аралап, сөз угат.
1940-жылы Байызкан колхоздун алдыңкы жигиттеринин бири Жолдошко турмушка чыгат. Бирок алардын турмушу узакка созулган жок. Каргашалуу согуш чыга калып, быт-чыт кылды да койду.
Жолдош согуштан кайтпады. Төрөлгөн кызы Рысбүөмүр бою ата дидарын көрбөй кала берди.
1941–1949-жылдары колхоздо эсепчи, кампачы, катчы болуп иштеп, 1979-жылы ардактуу эс алууга чыккан.
Андан жазылып алынган «Роман хан», «Амиранза араб ханы тууралуу жомок», «Каарман», «Тагдыр», «Кырк аяк», «Падыша кыз», «Эки бир тууган жөнүндө жомок», «Сармерген, Алатай, Кулатай», «Сарбан-кербен», «Сайиз батталгазы» ж.б. отузга жакын жомоктору бар.