Добавить статью
8:09, 19 апреля 2011 10403

Жомокчу

завидина Ысыккөл областынын Тоң районуна караштуу Четинди айылында 1924-жылы туулган. 1941-жылы Фрунзедеги пединститутка кирип, 1941–1950-жыл ичинде баштооч, орто, толук эмес орто мектептерде сабак берип келди.

1951-жылдан тартып соода тармагында ишке аралашты. 1977-жылы пенсияга чыкты.

Анын чоң апасы Теке баатырдын байбичеси Кусупалды болуучу. Ал бир жүз жашка чыгып, 1943-жылы Балыкчыда дүйнөдөн кайткан. Кусупалды кара сурдун сулуусу, кашы капкара, бою орто, дайым кара тукабадан белдемчи кийип, күмүш кемер курчанып жүрчү. Чоң казанбактай элечеги, күмүш кыргагы1 бар эле. Жыккан жагына үкүсайып коюп, бажырайып олтуруп:

– Кел, жалгызыман, жакшыман калган мурасым. Сабагыңды окудуңбу, эми жомок айтып берейин – деп, жомок айтып, аябай эркелетип, ат токуп, айырмачка мингизип, конок, тойго алып барчу.

Дайым жылкычы болуп жүрчү, бир сокур Айтпай деген аталары бар эле. Эл чогулса «Манасты», «Табылдыны», «Алпамышты», «Курманбекти» ошо киши укмуштай айтчу. Эски нуска сөз, жомокторду ал ошол кишиден үйрөнгөн.

Франциядан келген саякатчы, фольклорист аял бир жомокчуга кездешсем деп өтүнгөнүнөн, жомокчу Завида Иманбек кызынын адресин алып кетти.

Котормочусу менен барып, бир нече жомокторун жазып алган экен.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

19-04-2011
Жомоктор топтому
12197

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×