Добавить статью
8:26, 20 апреля 2011 201428

Кедейдин үч уулу (жомок)

КЕДЕЙДИН ҮЧ УУЛУ

Бар экен, жок экен, ач экен, ток экен, илгери өткөн заманда Сарымсак аттуу кедей болгон экен. Турмуштан кысталып, жалаң өзүнүн билек күчүменен иштеп, жан сактап, кандайдыр бир жылдары насиби буюруп, Бурул аттуу бир кедейдин кызына үйлөнүп, таң аткандан керели-кечке чейин иштеп, байлардын отунун алып, отун жагып, жайдыр-кыштыр эч тынбайт. Жылдар өтүп, Сарымсак кедей Токтоназар, Токтобай, Токтаалы аттуу үч уулдуу болот. КичүүсүТоктаалы он экиге толгон кезде, Сарымсакка карылык жетип, баштагыдай байлардын катуу жумуштарына жарабай калат.

Күндөрдүн бир күнүндө балдарынын маңдайына олтуруп, балдарын кепке салат.

– Мен байдын ак көңүлүн таап, көп дүнүйө табамын. Ошонун жарымысын зарп кылып, сизди багамын – дейт, биринчи уулу Токтоназар.

– Дурус, балам, жакшы тилегиң бар экен, жарымысын зарп кылганың көптүк кылбас бекен, балам. өзүңдүн да алган жарың болот, бала-чакаң кыйналып калбайбы, ондон бир үлүшүңдүтаамай берип баксаң, кемпир-чал кор болбойбуз, – дейт Сарымсак.

– Ата, айтканым айткан – деп, ага баласы болбойт.

– Болуптур, балам, тапкан учурунда көрөлү, – дейт.

Экинчи уулу Токтобай агасын жекирип тилдеп:

– Менден улуу болуп туруп эсиң жок. Уялбай жарымын зарп кылам дейсиң. Мен да адамга кайрымдуу байларга малай жүрүп, толугу менен тапкан дүнүйөмдүжумшайм, аял албайм, дүнүйөдө эне-атадан кымбат эмне бар, силерди бүт тапканымды зарптап багамын. Аял алсам, бөлүнүштүүболуп, силерге каралай албай калам. Эгерде өмүрдүберсе, силерди өлөр-өлгөнчө алаканыма салып багамын. Жаза тайып көзүңөр жумулуп кеткендей болсо, Сарымсак кедейдин күмбөзүдеп кооз эстелик курдурамын. Эки жылы иштеп оокат таап, анан турмуш курууга коёмун, ага чейин сизди гана апам менен баксам деген тилегим бар, – деди.

Анда Сарымсак кедей уулу Токтобайдын айткан сөзүнө абдан ичи эзилип, «айтса-айтпаса төгүнбү, балдарым жетилип бараткан тура, үйлөнбөстөн эне-атамды багамын дейт тура, акылыңдан айланайын» – деп, ошол убакта өзүн багууда тургандай сезип, бир жагынан кубана, экинчи жагынан тобо кылып, уулуна эч нерсе деп айта албастан кичүүуулуна кайрылды:

– Кана, балам, сен бизди кандайча багасың, оюңду айтчы, угалы?

– Ээ, ата, сиз бекер эле бизден сурап убара болуп жатасыз, – деди үчүнчүуулу Токтаалы. – Токтоназар байкем тапкан дүнүйөмдүн жарымын зарп кылып багам деди го. Байкемки деле туура, балалуу-чакалуу болуп калсам, жарымын өзүмө, бала-чакама жетсин деген ою туура. Токтобай байкемдин айтканында деле калети жок. Эми менин сизге бере турган жообум: – Ата сиздин карыганыңызды, менин бакканым билет – деди.

– Ээ балам, бул эмне дегениң? Менин карыганымды билсең, мен карыдым да, анда бакпайсыңбы?

– Мына ошону айтып жатпайынбы, сиз карыдыңыз, мен жашмын, сизди багууга убактым жетпей жатпайбы.

– Балдарым, бул жүрүшүңөр жарабайт. үчөөңөр тең кетсеңер болбойт. Токтаалы жаш, биз менен болсун, экөөңөр бир жылча бир жакка барып, иштеп келгиле – деди.

Макул болушуп, Токтоназар менен Токтобай азыраак жол азыгын камдана баштады.

– Мен эптеп өз оокатымды табууга кантип жарабайын – деп, Токтаалы да, ата-апасына ач кенедей асылып, уруксат сурайт.

– Мейлиң, байкелериң менен барсаң, барып келгин – деп ак батасын берип, кемпир-чал узатышат.

үч бир тууган жүрүп олтурушуп, бир топ күн өткөндөн кийин, түгөнгөн тоонун тумшукта, туюкталган кысыкта бара жаткан жолоочу үч тарапка кетет. Биринчи жолуна: «Барса келет» – деп жазуу жаздырып койгонун, Токтоназар эжелеп жатып окуйт. Экинчи жолуна: «Барса келер-келбеси күмөн» – деп, үчүнчүжолуна: «Барса келбейт» – деп жазган. Бардык жазуулардын этегинде жалгыздан жол жүрүш, экиден жүрүүгө уруксат эмес деген эскертүүлөрүбар экен. Эми эмне кылыш керек?

– Чогуу кетүүгө уруксат эмес. Мынабу барса-келбесине мен барайын. Мен силерге караганда мектеп көрүп калдым. Экинчиден, силерден улуумун, – деди улуу агасы Токтоназар.

Ага эң кичүүиниси Токтаалы болбоду.

– Байке, өзүңүз айткандай, улуулата жол бериш керек. Сиз биринчи окуганда: «Барса келет» – деп окугансыз, ал сизге тиешелүү. Себеби сиз бизден улуусуз. Экинчи окуганда «Барса келер-келбеси күмөн» – деп окугансыз. Ал Токтобай байкеме тиешелүү, менден улуу. үчүнчүсүндө: «Барса келбейт» – деп окугансыз, ал мага, менин үлүшүмө туура келип жатат. Эмнеси болсо да, бир жыл маалы болгондо, ушул секиден табышабыз. Мурда келгенибиз жети күндөн күтүшөбүз. Жети күндө келбесе, анда кете бермей, – деп, үч бир тууган үч жолго түшөт.

Эң эле опурталдуу, барса-келбеске бара жаткан Токтаалы. Бир азыраак жол жүргөндөн кийин, жайылып жүргөн койго кез келет. Жер жайнаган кой, карап турса бири да баспайт, бири да оттобойт. Койлор жайылып, чөп үскөнүчөп үзүп, кашынганы кашынган бойдон турган-турган жеринде катып калган. Койчусу жок. Токтаалы жолдон чыгып, койду аралап, койчусун издей баштады. Кырда таягына сүйөнгөн бойдон ал дагы катып калган. Жанына барып кыйкырып сураса, жооп жок. Акырында таягын кармалап карап турса, бир темир сороюп чыгып турат. Эмне темир болду экен деп, баягы темирди басып койсо, койлор маарап, койчу тилге кирип сүйлөй баштайт.

– Ажалың жок бала экенсиң, сен бул жакка кандайча келдиң, эч кимге билгизбей жасаган тээктер бар, аны бир бассаң болду, ал чоюн башка туташтырылган, басарың менен чоюн баш чокуга бир салып, бул дүйнө менен кош айттырып коёт. Эмнеси болсо да бактың бар экен, таяктын боорундагы темирди кайдан билдиң? – деп дагы толгон-токой суроолорду берди.

Жай олтуруп, Токтаалы түшүндүрдү, эмне көргөнүн кандайча келгенин, эч нерсесин койбой айтып берди.

– Биздин турганыбызга канча жыл болду, – деди койчу Тотаалыга карап. – Белгисиз бир мастан кемпир башчыбыз, койчусу жалгыз менмин! Жүз миңдеген койлор бар. Жакшылап семирип келгенден кийин, беш жүзбү, миңби, ага болбосо ушунча жүз-миңдеген койго бир адамдын көздөөсүжетишеби, чөп орбойбуз, жем жебейт, суу ичпейт. Керек деген койдон керегине айдатып кетет. Мындан ары эки белес ашкандан кийин, эчкилер жайылган жерге барасың, ичинде ак серкенин мойнунда коңгуроо бар. Коңгуроодогу тээкти бассаң, эчкилер маарап жайыла баштайт. Аралап жүрүп отурсаң шагылдуу боркулдаган этегинде мага окшогон койчуманы бар, калган сөздүошол эчки баккан койчудан уккун – деп, сөзүн кыскартты.

Айткандай эле агылгалап жүрүп олтуруп, калың эчкинин жайылган жерине жетти. Ичинен издеп жүрүп ак серкени тапты да, мойнундагы коңгуроо орноткон тээкти басты эле, бардык эчкилерге жан кирип, маараганы маарап, оттоп басканы басып, айланага текши кыймыл кирип калды. Шагылдуу боркулдаган этегине барса, койчуманы бар экен, баягы серкедеги тээкти басканда эле кошо жан кирди. Саламдашып учурашып, экөө көпкө сырдашты.

– Эми жаш бала экенсиң, тилегиң орундалсын, мындан ары саналуу беш белес ашсаң, көз кайкыган жайыкка учурайсың. Жүрө түшсөң, кадимкидей жайылып жаткан уйларга кез келесиң. Жакындап барсаң, алар да ушул көргөн кой-эчкилер сыяктуу оттогону оттогон, жатканы жаткан жерде кыймылсыз турганын көрөсүң, уйлардын ичинде көркөмүкелишкен көк буканын мүйүзүнө орнотулган биздин серкенин мойнундагы коңгуроодогу тээктей тээги бар, ошону бассаң, бардык уйларга жан кирет. Ошонун жанында тура берсең, кызыл кашка ноопас минген уйчуман өзүжетип келип, сага ыракмат айтып кучактап, кубанып тосуп алат. Калган сөздүошол уйчумандан уксаң болот, – деди.

Таң азандан чыккан Токтаалы жолсуз адыр менен саналуу беш белес ашканда, көз жоосун алган адам суктанарлыктай түз мейкинге кез келди.

Азыраак жүргөндөн кийин, жайытта катып калган уйларга кез болду. Аралап жүрүп, бир күн, бир түн дегенде баягы көк буканы таап, мүйүзүндөгүтээгин басып туруп келди эле, көз ачып жумганча, нечен уй бүткөндүн баары кыймылга кирди. Көп узубастан, кызыл кашка ноопас минген карыя ноопазынан секирип түшүп, бала менен кучакташып көрүшүп, кандайча келгендигин, эмне иш менен жүргөндүгүн карыя сурап укту.

– Балам, өзүң жаш болгонуң менен идирегиң бар окшойт, асты-кийиниңди байкап жүргөнүңө ыракмат, уулум. Биздин болсо карылыгыбыз жетти. Эчкинин жашындай жашыбыз калды. Күндөп-түндөп иштегенибиз Абдижалил кандын малын багабыз. үстүбүздөн эч ким билбеген аяр мастан кемпир башкарып турат. Абдан жакшы жайыттарга жиберип, семирген кезекте ую, кою, жылкысы болобу, жайылып келе жатканда, ушинтип орду-ордуна катырып таштайт экен. Чөп камдабайбыз, суу бербейбиз. Керек деген маалда падышага жеткирип берет. Ууру-бөрүдегенди билбейбиз. Бир жаман адаты, уйчусун да, койчусун да кошо катырып таштайт. Эми, балам, мындан ары барсаң, ушул мейкин талаа түгөнүп, кайрадан тоо башталат. Майда чыбырда жер жайнаган жылкы бар. Ошол жылкылардын ичинде, ээр токулгасы менен дал ушул биз сыяктуу катырып таштаган, жерде кашка айгыр бар. Ээрдин кашында тээкти бассаң, бардыгына жан кирет. Кашка айгырдан айрылба, минип бастырып жүрүп олтурсаң, мунарыктап алыстан шаардын карааны көрүнөт. Көрүнгөн шаар Абдижалил кандын шаары. Ошол шаарга баргын, четине бир үйгө кайрылып жатып алып, эртең менен эрте күндүн мурдун тийгизбестен бар, а киши күн чыкканча уктап жатканды жаман көрөт. Элди ушундай катуу кармайт. Күн чыкканча уктап жаткан адам көрсө, эрте туруп эмгектенгенден качкан адам – адамбы, өз ырыскысын өзүкырккан неменин айбандан айырмасы жок, бул дүйнөгө уйку үчүн келген болсо, түбөлүккө уктай берсин, болбосо эртең менен салкында бүткөргөн жумуш бирөөлөр бүткөргөн сыяктуу болот деп, ар бир айылга, көчөгө тыңчы коюп, уктап күн тийгенге калса, кандын алдына алып келип, дарга асып коюшат. Эми сен таң аппак аткан мезгилде, түз эле үстүнө кирип барып, салам айтып, жай жообуңду божурап, көпкө созбогун, бала болоюн деп келдим эле, жок дегенде бир жылча кой кайтарып, бала болуп берейин дей бергин. Сенин бир туугандарыңдын эмне болуп жатканын, кайсы күнүкетээриңерди, баарын өзүбилет. Мейли, балам, десе болду, адал эмгектене бер, акыры өзүбилип, жыл маалында жөнөтөт, болбосо өмүр бою кызматында кала бересиң, каяша кылсаң, башыңды алдыртып коёт. Жолуң ачылсын, менин айткандарымды эсиңден чыгарбагын, уулум – деп, батасын берип, узатып кала берди.

Карыя уйчумандан бошонуп чыгар менен жүрүп отуруп, үч күн, үч түн дегенде жылкыларга барды. Жээрде кашка айгырдын өзүн таап, ээр кашынын алдындагы тээкти басып койсо, жылкылардын бардыгына жан кирип, ой-тоонун баары кыймылга келе баштады. Колдон чыгарбай жээрде кашка айгырды минип, тоону түптөп жүрүп олтуруп, кечке жуук шаарга барып, бир айылга кайрылып, таң заардан туруп, түз эле Абдижалилдин ордосуна келип, аттан түшүп, кол куушуруп хан алдына барат:

– Сизге бала болоюн деп келдим эле, жок дегенде бир жылча таалимиңизди алып кетсем, бала болуп! – деп, зарлап туруп алгандан кийин:

– Болуптур, балам, ак ниет бол! – деп, тим болду. Башка сөзгө өткөн жок.

Кандай жумушу болсо да каралаша берди. Тез эле Токтаалы балам деп ишенип, көп жумуштарга жумшоочу болду. өзүнүн илбериңкилиги менен Абдижалил канга жакты. Бекер карап туруу болбойт, козу-кой кайтаруу, отун алуу, от жагууга үйүндө эле көнгөн. Токтаалы кабагым-кашым дебестен, алы жеткен жумушунан эч баш тартпады. Бирок кандайдыр төмөндөгүдөй бир ой Токтаалынын тынчын кетире баштады. «Байкелерим менен барып, мен да ал жетишинче азыраак каражат таап келишим керек. Байкелерим мал, кийим табышса, мен болсо, канга бала болуп жүрдүм деп эч нерсе жок, эки колумду мурдума катып барууга болбойт го» – деп, дүнүйө табуу жагын ойлоду. Эң биринчи кандын келинин, анан кызын алдасам деген ойдо болду.

Күндөрдүн бир күнүндө жайлоонун чөбүн жулуп тазалап, эки жагынан үч кестен аралык коюп, кырк түп дарбыз айдайт. Дарбыздар абдан жакшы чыгат. Жаңыдан чылбыр таштайын деп калганда, эриккен кандын кызы менен келини ышкын терип келе жатышып, коюн айылга каптатып коюп, эрбеңдеп ээн талаада бир нерсе кылган болуп жүргөн Токтаалынын жанына басып келишет.

– Аралыгын бир ат чабымдан тигип, мунун дыйкандыгын кара дешип, аябай күлүшөт. – Сенин мээң барбы, Токтаалы жайлоонун башы, суу муздак, аралыгы алыс болсо, кандын малы батпай жүрсө, мал тебелеп таштабайбы дарбыздарыңды, карасаң этегине суу чыкпай калган сыяктанат. Ушул жерге кур мээнет кетирип, айдаганың кимдин чекесин ысытмак, – деген шылдыңына чыдабай Токтаалы:

– Кыйналмайын эмгектин үзүрүболбойт. Мен силерге түшүндүрүп берейин, анан күлгүлө – деп, келин менен кыздын сөзүнө териге сүйлөдү. – Биринчиден, бул дарбыз айдаган себебим, ушундай жайлоого эгин, мөмө өсүүсүн билмекчимин, бул жер күнгө бет, тырс эткен таш жок. Кыян келүүдөн, зоодон алыс. Айдоом зоого жакын болсо, түшкүысыкта жылкы көлөкөлөп, күн жаанда корголоп тебелеп коёт болуучу. Эми бул жерге жылкычылар жаанда да, ысыкта да келбейт. Ошентип, жылкы тебелөөдөн калган. Болбосо, ушунча өскөнчө тепселбес беле? Экинчиден, чөбүн койбой таза жулуп таштаган себебим, такыр жерге койлор келбейт, дарбыздын өзүн кой жебейт, качан гана түйүлгөндө, чылбыр таштап көгөрө баштаганда мал аралайт, ага чейин бул конуштан көчүп кетебиз. өйдө-ылдый өткөн мал издегендер суусунун кандырат, – деп жооп берет.

Айткан сөздөрүорундуу болуп калганга сына түшкөн кандын кызы менен келини эптеп шылтоо таап, баланы жеңмекчи болушат.

– Мына көрдүңбү, акыркы түп дарбызыңа суу жетпей калган, бул эч качан дарбыз болбойт – дешет.

– Силер билбейт турбайсыңарбы, мен эртең менен зоо түбүнө буруп, күндүзүсууну тартып таштаймын, эң акыркы түбүнө астынан таш чыгып, дем болуп чыкма болуп калган, баары бир андан эч нерсе болбойт, булар берген түшүмдүал деле берет, – деди бала.

– Сенин бардык айдаганың кырк түп болсо, бир түбүнө суу жетпей калса, эч болбойт! – деп, келин менен кыз жоолап талашты башташты.

– Эмнеден мелдешели! – деп, абалы өз ара сөзгө келишти.

– Эгер силердики туура болбой калса, эмне бересиңер?

– Биздин колубуздан эмне болсо келет. Менин күйөөмдүн күлүк кара тулпарын ээр токуму, жарак жабдыгы менен алып беремин, – деди келин.

– Мен атамдын даарат алып жүргөн алтын кумганы бар, ошону алып беремин, – деди кандын кызы.

– Эми сиздерде баары бар, кара тулпарды жоо-жарагы, ээр токулгасы менен сайсаң, сен алтын кумган сайсаң, мен болсо эч нерсем жок, бир кедейдин баласымын, малым да, пулум да жок, өз өмүрүмдүкулдукка сайдым. Эгер утулуп калсам, ушул экөөңүздөрдүн айтканыңар менен болуп, өмүр бою силерге кул болууга даярмын.

– Анда эмесе калыска түшөбүз, калыс адамды каяктан табабыз – дешти хандын кызы менен келини.

– Калысты таптым, кандын өзүнө калыска түшөбүз. Дүйнөдө андан ашкан калыс жок. Биз эмес, эр өлтүрүп, эриш бузгандарды калыстыгы менен таң калтырган…

– Бирибиздин атабыз, бирибиздин кайнатабыз болсо, кантип ушул жетим менен мелдештик эле деп айтмак элек, башка калыс тапкын, – дешти.

Ага бала болгон жок.

– Падыша кудаа эмес, кудаадан жудаа эмес, кан турганда башка кишилер калыстыкка жарабайт. Эгер силер уялсаңар, үйдүн сыртында менин айткан кебимди толук угуп тургула, кийин укканыбыз жок деп, чатак чыгарбагыдай болгула – деди Токтаалы.

Баланын кебине келин менен кыз аргасыздан макул болушту. Кеч кирди, койду короону карата айдап, келин менен кызды кандын тушундагы капшытка коюп, өзүак өргөөгө салам айтып кирип барып, сыңар тизелеп олтура калып:

– Кан ата, мен бүгүн бир чатак иш менен келдим, калыстык кылып бир ажатыбызды ачып койсоңуз экен, – деди.

– Айтчы, балам, ажатыңды ачып берейин, – деди.

– Анда эмесе, сизге бала болуп келгенден бери эл-журт дыйкан экен деп жүрсүн деп, кой жайчу жердин күңгөй багытына саналуу кырк түп дарбыз айдадым. Ушунча сан жетпес жылкылардын туягы тийбей, койлор, уйлар тебелебей турган бир жакшы жер таап айдадым эле, чылбыр таштап, күлдөө маалында сугарат эмеспи, ошол маал болуп сугарсам, сууну жөн эле жөөк менен албастан, суу муздак болуп чирип калбасын деп сууну талаага жайып, муздак илеби кайтып жылуураак болуп ичиле тургандай болсун деп суу калың чөптүаралап келип, жөөккө түшүп, этегине бир түбүнө жетээри менен эле сууну баш жагынан тартып койгомун. Себеби күндүн мурду чыгып кетсе, дарбызды чачып койбосун деп, ар бир дарбыздын аралыгын үч метрден алгамын, ошол акыркы түбүнүн астына бир таш пайда болуп, суу жеп аң болуп чыгып калган. Ошону көрүп алып, бир эки адам: сенин мобул дарбызың болбойт дейт, мен болот деймин. Ошентип, талаш менен келдим. Кан ата, калыстык кылып, же болоорун, же болбосун айтып берип койсоң экен, – дейт.

– Балам, Токтаалы, бул айтканыңа караганда анык дыйкандын сөзүн айтып жатасың. Бийик тоолуу, абасы салкын, суусу муздак жерге күңгөй тарабына айдап, аны муздак суу менен сугарбай, кечке чейин жайылып олтуруп, зорго жөөккө жеткиресиң. Ал эчен жылдан берки кара чирик болуп калган бузулбаган дың жер менен, жердин ширесин боюна тарткан суу өзүөсүмдүктүн жаны болуп калат эмеспи. Айтууңа караганда отуз тогузунун түбүнө жетип, бир түбүнө чала чырпып жетип, суу жиберсем да тартылып туруп алды дедиң. Суу барган, бирок жер дем болуп калат, балам, мелдешсең мөрөй сеники, – дейт.

– Бул калыстыгыңызды айттыңыз, кан ата, ыраазымын! – деп таазим кылып, жүгүнүп чыгып кетет.

Сыртка чыгып:

– Мына, хандын калыстык сөзүн уктуңуздар; отуз тогуз түбүнө дем болуп, толук жетпей жатат десем, эч нерсе эмес, бир түбүзаңдан эле болуп калат дебедиби. Эми силердин убадаңар боюнча мелдештерди берүүжагын күтүнө берсеңер болот. Болбосо, хан атама кайрадан калыска түшөбүз – деп, келин менен кыздын жүрөгүн опкоолжутуп, чочутуп койду.

– Менин алып берүүм оңой эле. Эки-үч күн удаа эле оокат ичпестен таарынып жатып алсам эле, эмне сураганыңды беремин, айткын дейт. Мен алтын кумганды сурайм, сөзсүз берет, – деди кандын кызы.

– Мен да эмне кылаар айламды таппай турат элем, ырас эстебедимби, мен да сенин жолуңа түшөмүн. Кез-кезде буулугуп ыйлап да, бир топ күнчө убара боломун. Акыры кара тулпарды жарак-жабдыгы менен берет, аламын, себеби эркектер аялдардын көз жашынан коркот дешет го. Эгер ошол чындык болсо, көз жашты көлдөтүп төгүп отуруп албай жаным жокпу – деди келин.

Ошентип арадан бир топ күндөр өтө баштайт. Келин күйөөсүкелээр тушта тетири карап жатып алып, үшкүрүп-бышкырып капалана берет.

– Мынча кимдерден капа болдуңуз? – деп, кандын баласы сурап, колуктусунун жанынан чыкпай айланчыктайт. Көздөн жашты кылгыртып үшкүрүнүп, эч жооп айтпайт.

Экинчи күнүда ошол жорукка түшөт.

– Бай болгур, болгон ичиңдеги сырыңды айтчы, мен угайын. Кулдардан, күңдөрдөн кагуу, же мен жөнүндө ушак уктуңбу? – деген суроосуна унчукпастан, оң каратып жаткырса болбостон тетири карап, бир жагынан ачка болгон келин көзүнүн жашын төгөт.

Хандын уулу өз ичинен эмне кылаар айласын билбей, жүрөгүкүйүп, таң атканча колуктусу ачкадан уктабаса: «Эмне болду, же ооруп жатабы, табып издеп тапсамбы» – деп, нечен түркүн ойлор менен таң атырат.

Эртеси дагы эле үшкүрүп-бышкырып ыйлай бергенден улам, жанына келип олтуруп:

– Сенин эмне көздөгөнүң бар, же бир нерсе жетишпей турабы, сурагын, бардыгын орундатайын, – дегенде, аялы:

– Эгер орундатсаң айтам, болбосо убара болбой эле коёюн, – деди.

– Айт, айта бергин, эмне болсо да орундаймын, эгер колдон келе турган болсо, орундатпасам адам эмес дегин, – деди.

– Анда эмесе мен ушул козу-кой кайтарып жүргөн Токтаалы жетимге сенин кара тулпарыңды ээр токулгасы менен уткузуп жибердим, ошону кантип айтарымды билбей, же макул болбой коёбу – деп, ар кайсы ойлорго түшүп ыйлап жатамын. Эгер тулпарды бере албаймын десең ушул жетимге өмүр бою кул боломун, – деп дагы ыйлады. Ары ойлоп, бери ойлонуп беремин деген сөз оозунан чыгып кетти. Оң карап күлүп, сол карап жашып:

– Эми мейли, болуптур, эр жигиттин алдындагы атты бийлеп уткузуптур, эми мындан аркыларга сабак болсун. Эркектир-аялдыр өз-өз буюмун өздөрүбилсин, аял эркектин, эркек аялдын буюмуна тийбесин, – деп, атты мингизет.

Атты жетелеп келип Токтаалыга берет. Токтаалынын санаасы тынып, тулпарга минип, кой кайтара баштайт. Күндөрдүн бир күнүндө кызга келет.

– Кана эми, жеңең болсо кутулду, көрдүңбү. Кара тулпарды минип жүрөмүн. Сен дагы эртелегин, жыл маалы болоюн деп калды, кан атамдан үйгө кетүүгө жооп сурайын – дейт.

– Ата, мени кызым дей турган болсоңуз даарат алган алтын кумганыңызды бериңиз. Мен болбогон бирөөлөр менен мелдешип уткузуп жибердим, – деп, кандын эрке кызы түз эле атасынын үстүнө кирип барып ачык айтат.

Ошондо кан оюна кылт эле түшүп: «Түшүнүктүү, баягыда Токтаалы балам калыстыкка кырк түп дарбыздын болор-болбосун сурабады беле, болду-болбоду дал ошол» – деп, дароо түшүнөт кексе хан:

– Болуптур, балам, мелдешкен нерсени бербей коюш адамкерчиликке жатпайт, алгын! – деп, алтын кумганын берет.

Секин алып чыгып кетип, Токтаалыга алып барып берет.

Токтаалы алтын кумганды алгандан кийин, терең ойго батып отуруп ойлонот. «Кандын баласынын тулпарын, кызынан алтын кумган утуп алдым деп, күнүгө тулпар минип кой кайтаруу мага иласим эмес, мүмкүн болсо кан атамдан үйгө кайтууга уруксат сурайын» деген ойдо болуп, кара тулпарды минип келип, кериге байлап кирип барып:

– Кан ата, жыл маалы болоюн деп калды, уруксат берсеңиз элге кайтсам, – деп сурады.

– Балам, бир жыл болсо да бала болуп калдың эле, көздөгөн максатың эмне, айткын, балам – деди кан.

– Көздөгөн максатым эки агамдын аманчылыгы, ошолор аман-эсен болуп жолго чыгышса, анан өзүбүздүн болжошкон жерибиз бар эле, алар мурда барса, бир жумага чейин күтөм дешкен. А мен мурда барсам, бир жумага чейин күтөм, болбосо элге кете бермей. Эгер кан ата, мүмкүн болсо, менден мурда эки агамды бошотсоңуз экен.

– Болуптур, эки агаңды бошотоюн, кийим, акча, мал, жар керекпи, уялбастан сурагын, балам.

– Ырахмат, кан ата, бизге малдын да, кийимдин да, жардын да кереги жок. өз учурунда бешенеге жазганды көрөбүз. Эки агамды ээрчитип, барса-келбес сапардан аман калсам, мындан артык олжо жок.

– Анда эмесе болуптур, балам, пейлиңден тап, – деп, бата берип, Токтаалыга кетүүгө уруксат берет да, – жолдон бирөөлөр кармаса, ушул темирди көргөзсөң, коё берет – деп, түшүндүрүп, колуна белги тагылган ак калай темир берет.

Кара тулпарды минип, алтын кумганды куюшканга бекем байлап, элин карай жол тартат. үч күн, үч түн жол жүргөндөн кийин, баягы болжошкон жерге келсе, алар ошол жерде күтүп олтурушуптур. Агалары менен кучакташып көрүшүп, жай алып олтурары менен:

– Сен каяктан келген адамсың? – деп, оозду тоскон жаш жигиттер сурай баштайт.

Жооп берүүнүн ордуна баягы кан берген темирди көргөзөт.

– Бая эле ошондой дебейсиңби? – деп, көрөрүменен агаларына кошуп, сыртка чыгууга, кай жакка кетсе да өз эрки экендигин билгизишет.

Сыртка чыкканда тулпарды агаларына:

– Мингиле! – деп берсе, минбей коюшат. Себеби атасына ар кимиси өз тапкандарын алып барышмак. Эң кичүүиниси тапкан кара тулпарды алып баруудан агалары баш тартышты.

– Биз мына бул жаткан аздыр-көптүр табылгабызды өзүбүз айдап бара беребиз. Сенин атың бар, бизге карабай алга бара бер, күткөн жерден күтөөрсүң, күтпөсөң түз эле үйгө бара берсең да болот, – дешти.

Токтаалы агаларынын сөзүн уккандан кийин, чоң жол менен секин жүрүп олтуруп, бир айылдан өтө бергенде, жоо-жарак кийими бар, желдей учкан ат минген жигит учурайт. Салам айтса, алик албай, аттын оозун коё берип, кете берет. Ичи күйгөн Токтаалы аттан түшүп, төш олонун бош тартып, чап олоңун, кош басмайылды бек тартып, оозун коё берди эле, көп узабай барып калың долонолуу булакка түшүп, тулпардын белин бошотуп, бир долоного аза байлап, өзүнары-бери басып турса, баягы жигит атын көл-шал кара терге түшүрүп, жетип барат.

Бала жолдон тосуп алып, дагы салам айтат. Саламга алик алуунун ордуна:

– Аттан түшүп, атты кармап тур! – деп, буйрук берет. Бала атты кармап турат.

– Сен каяктан жүргөн, кимдин баласысың? – деп сурайт.

Кандын баласы дейин десе, кийими начар, анда Токтаалы шашпастан:

– Кандын баласы болом, – деди.

– Сага окшогон кандын баласы жок, жаныңды жеп калп айтып жатасың. Сен андан көрө тулпарды мага саткын, – деди баягы жигит кадимкидей чыйралып.

– Эч кандай сата албаймын. Мен хандын баласы болгондон кийин өзүм минип жүрүшүм керек.

– Деги сен бул тулпарыңды эмнеге сатасың, малгабы, пулгабы, жаргабы? Акыры сатышың керекпи? Эгер сатпасаң зордуктап болсо да алып кетемин.

– Зордукчуга, ууруга мал жокпу? Зардукчу зордуктаса, ууру уурдап алат. Сиз зордуктап алганыңызга жол болсун? Агамдын досу болсоңуз, менден зордуктап тулпар алсаңыз, досуңуз укса эмне болот? Мени жаш, коркот экен деп ойлобоңуз. өз оюма койсоңуз, эч кандай тулпарды бере албаймын. Анан зордоп аламын дечүболсоңуз, баары бир мени өлтүрүп коё албайсыз. Эгер өлтүргөн күндө да, эл оозу элек дейт, угулбай калбайт. Ошондо эл карысынан жашына чейин, баласынан-чакасына чейин күлбөгөн эл күлбөйбү, айтпаган эл аңыз кылып айтпайбы. Бир тулпар үчүн досунун инисин өлтүрдүдебейби!

– Мен эчен жолу барып жүргөмүн. Сага окшогонду ким көргөн? Кара тулпарды уурдап, өзүнөн башка киши даарат албаган аяш атамдын касиеттүүкумганын алып жүргөнүңдүкарагын. Сен жаныңды жеп калптарды айтып, менден кутулуп кеткиң бар. Эч убакта барбайсың. Жок десең, тулпарыңды бир кара буурага жүктөгөн алтын бар, ошону алгын да, жолго түш, кара тулпарды мага калтыргын.

Ага Токтаалы болбоду.

– Мен дагы айтамын, падышанын баласымын, өз дүнүйөмдүөзүм уурдамак белем. Бул өзүмдүн тулпарым, агамдыкы болгондон кийин өзүмдүкүболот. Алтын кумган атамдыкы болсо, баласы болсом, меники эмей кимдики, ойлонуп көрүңүзчү!

– Макул, сен падышанын баласы болсоң, анда мен эмнеси болом, падышанын уулу болгондон кийин билишиң керек! – дегенде, бала токтолбостон кара буурадагы алтынды айтканда эле кербен башчысы Жоробек деген жигит экендигин дароо эске түшүрүп:

– Сиз атамдын кербен башчысы болуп кызмат кылат эмессизби, жаңылбасам сиздин атыңыз Жоробек болууга тийиш, – деди.

Жоробек шылкыя жер тиктеп: «Бул шумпай падышанын баласымын деп мени алдап жатат, мунун калпын чыгарыш үчүн кан алдына айдап барсамбы? Кокус баласы болуп калса, өзүмдүн баламды өзүмө айдап келипсиң, абдан кыраакы жакшы жигит болгон турбайсыңбы десе, эмне дейм? Андан көрө бул баланы алдап, колго түшүрүүкерек» – деп көпкө ойлонот.

– Кан астына барасыз!

– Эмнеге барамын, мен үйдөн минип чыккан атым үчүн бармак белем. Кандай түшүнбөгөн адамсыз, ушул сизди да атам ишенип соода-сатыкка коюп, минтип кербен башчы кылып иштетип жүрөт.

– Эч кайда барбайсың. Кыскасы, сендей хандын баласы жок. Сен кимди окуткуң келди? – деди намыстанган Жоробек. Токтаалы айтты:

– Сиз менин айтканыма болбой, ишенбей жатасыз! Кайра жолдон калып жөн эле бара берелиби, баалуу нерседен мелдешип, анан баралы.

– Эгер кан сени балам десе, сен эмне саясың?

– Ушул минип турган кара тулпарымды, алтын кумганы менен кошуп саямын. өзүң эмне саясың?

– Мен ушул миң төөнүн ичинде өз салмагына жакын алтын жүктөлгөн кара буураны алтыны менен сайдым, – деди.

Экөө кол алышып убадалашты.

– Эгер атам мени балам деп бир ооз эле айтса болду. Кайрадан тантып сурашып отурбайбыз. Ооздон эмне чыкса, ошону орундатабыз – деп убадаларын бекемдеп, канды карай жол жүрүштү.

Аттардын оозун коё берип отуруп, тез эле кандын ордосуна кирип келишти.

Токтаалы баягы өзүбала болуп жүргөндө кирген жагы менен Жоробекти ээрчитип, кандын астына барып, чөгөлөп олтура калат да:

– Кан ата, арызым бар! – дейт.

– Айт, балам, айта бергин! – дейт.

– Айтсам ата, сиздин кербен башчыңыз, мына бул Жоробек деген жигитиңиз сен хандын баласы эмессиң, бир дагы балалык белгиң жок, сен башкалардын баласысың, кыскасы, мени башка адамдан бүткөнсүң дегендей ой менен экөөбүз сиздин алдыңызга келдик. Мен сизге адал ниетим менен эле бала болом деп келбедим беле, анан буга окшогон жигиттериңиз мени шылдыңдап, сен уурусуң, – деп зээнимди кейитти. Мен балаңыз болгондугум чын болсо, айтып түшүндүрүп берсеңиз.

– Жоробек балам, сен менин баламды сен кандын баласы эмессиң деп айтууга кандай акың бар? – деп, катчысын чакырып, кандын уулу Токтаалы деген күбөлүк жаздырып берип туруп: – Мына бул Токтаалы менин уулум, ушул үйдө жүргөнүн көрүп билбеген кыраакы эместигиң үчүн каяктан болсо да мелдешиңди берип кутул, бүтөөрүң менен ушул жерде болгун, – деди.

Жоробек басып чыгып, өзүнүн кербенчилерине келип, баягы айтылган кара буураны алтыны менен жетелеп Токтаалы үйүн көздөй жөнөп, жол жүрүп, эки күн өткөндөн кийин үйүнө келсе, кечинде баягы жаман үйдүн ичинде дуулдап көңүлдүүүндөр чыгып жатат. Алысыраак жерге буураны чөгөрүп, кара тулпарды бир даракка аса байлап, өзүагаларынын кызыгын угууга үйдүн эшигине келип тыңшайт.

Улуу агасы Токтоназар башынан өткөндөрүн айта баштайт:

– үчөөбүз үч башка жолго түшүп, жолубузду уланттык. Мен биринчи күнүэл жок ээн сай менен жүрүп, эртеси түз жер менен жүрүп, азыгым түгөнүп, курсактар ача баштаганда эл четине жеттим. Же элинин бай экенин, же элинин жарды экенин бир жыл маалы жүрүп эч түшүнө албадым. Малы кайда жайлайт, даны кайсыл тарапка бышат белгисиз, бирок кабынан ун, казанынан эт өксүболбойт. Биздикиндей шарылдап аккан суусун көрбөдүм, сууну кайдан алат деп ойлонуп жүрсөм, эртең менен күн чыга электе, кечинде кеч караңгы киргенде, ар кайсы үйдүн короосунда жыгачтан кооздоп жабылган жерлер болуучу эле. Көрсө, ошол төрт чарчы кооздолгон жыгач кудуктан суу алышат экен. Мен көп узабай эле бир адамга учурап, ушундай кедей-кембагал адам элек, мал күтсөк, эл катары болсок деген ойдо өзүмдүн адал таман акы, маңдай тер менен жан сактайын деп ушул элге келдим эле десем, тилегиң жакшы экен, мына бул үйгө жатасың, мына бул үйгө күнүгө койлор камалып калат, ошол камалган койлорду союп, этин мобул үйгө жеткизесиңер – деп, жыйырма-отуздай адамга кошуп койду.

– Бир жыл маалы эле иштейм, эмдиги жылы ушул бүгүнкүкүнүбошотсоңуздар экен деп сурандым. Баягы киши айтканың кабыл болот деген.

Ошол кишинин айтуусу боюнча күнүгө келген койду союп, бир тамга киргизип, аягынан илип чыгабыз, эртеси баягы союлган койлор жок. Кыскасы, күнүгө ушул иштерди кайталай бердим. Акыры жыл маалы бүткөндө баягы киши келип:

– Ырахмат, уулум, аз жүрдүңбү, көп жүрдүңбү, биз сага ыраазыбыз, эми сиз бизге ыраазы болуңуз – деди да, эки торпок жетелеп келип, бир сыйра кийимди, жолдо жей турган оокат, азыраак күмүш тыйындарды берди.

Ошолорду алып, алардын көргөзгөн жолу менен келсем, баягы ушул жерден күтөбүз деген жерге келип, эс алайын десем, Токтобай иним келип калды. Анын эмне болуп жүргөнүн, кандай абалда болгонун өз оозунан уккула – деди.

Экинчи уулу Токтобай сөзгө кирди.

– Байкем айткандай «барса келер-келбеси күмөн» деген жолго кирдим, булардан бөлүнгөндөн кийин же жолум арбыбайт. Оң кол тарабымда тоонун башынан уйлардын жайылып жүргөнүн көрүп, айыл бар окшойт деп үмүткөр болуп жүрүп олтуруп, бир жума, жети күн болду дегенде, зорго элге аралаштым. Байкем мага көп азык берген эле, ошол жетинчи күнүтүгөндү. Байкем айткандай алардын салт-санаасын ким билсин. өзүмдүн кембагал экенимди, анан азыраак мал таап, ата-энемди кор кылбай багуу жагын сураган бир адамга айтып берсем, абдан жакшы болот деп, бир үйдүкөргөзүп, үч күнгө чейин ушул жерге жатасың деп, ошол үйдө керебеттин түбүнө жатып жүрдүм. Бул жакшы жайга үч күндөн кийин дагы бирөө келет го деп ойлогом. Баягы мени башкарган киши келип, мени керебетке жатууга буюрганда, ошондо мен үчүн экенин билдим. Эзели керебет көрбөгөн жаным, жаткандан кийин көнө баштадым. өзүмдүболсо, бир ак сарайдын ичинде уй союуга буюрду. Кечке уй соёбуз, кечинде үйгө келип жатмай. Ошентип эл менен бир туугандай болуп кеттим. Элге боор батырыштык кылып алаксып жүрүп, убакыттын өткөнүн билбей калыптырмын. Он кой айдап келип, бир сыйра кийим кийгизип, бир калта күмүш акча берип жөнөтүштү. Болжошкон жерге келсем, байкем бар экен. үчүнчүуулуңуз Токтаалы өз көргөнүн өзүайтып берет, – деп айтар менен андып турган Токтаалы:

– Ассалоомалейкум, мага кезек келдиби? – деп, салам айтып кирип келери менен, атасы-апасын кучактап бетинен өпкүлөп:

– Ээ айланайын, уулум, барса-келбес сапарга кеткен экенсиң, агаларыңды сыйлап, кичүүмен барамын деп, эми көргөн-билгениңди айта отургун, – дешти эне-атасы.

– Болуптур, бир жыл ичинде баштан өткөзгөнүмдүайтып берейин. Эки байкемден бөлүнгөндөн кийин жолго кирбей, жолсуз жер менен бир топ убактылар жүргөндөн кийин, жайылып жүргөн койго жеттим. Бирок бири да баспайт, кашынганы кашынган жерде, басып баратканы дал ошол баскан түрдө, чөп үзүп жатканы ошол бойдон бардыгы катып калган. Себеби Абдижалил кандын мастан кемпири койлорду семиртип туруп, койчусу менен кошуп катырып таштайт экен. Койчусуна жетип барып суурасам үңдөбөйт. Салам айтсам, алик жок. Кадимкидей турат, кыймыл жок. Жанына барып таягын сыйпалап турсам, бир тээк учурады, басып койсом койлорго, койчуга тил бүттү. Андан эчки жайылып жүргөн жерге бардым, анын тээги серкенин мүйүзүндө экен, аларды да жанга киргиздим. Аларды койчу айтып берген эле. Эмне кылышты эчки баккан уйчуларга бар, ичинде көк бука бар, ошонун мүйүзүндөгүтээкти бассаң, баары тилге кирет, калганын ошондон угасың деген. Айтканындай эле ал карыя адам экен, бардыгын айтып берди. Мындан ары жылкы ичинде ээр токулгасы менен жээрде кашка айгыр бар, ошол жээрде кашка айгырды минип, ошол уйчу карыянын үйрөткөндөрүн айтып, бир жыл бала болуп коюн, козусун багышып каралашып жүрдүм. Менин эки байкем дагы ушул эле хандын кол алдындагы элге барышты. Мен өзүмдүн айтуум боюнча бала боломун, дүнүйө деген эмесмин. Кара тулпар таптым. Сизди даарат алып жүрсүн деп алтын кумган, аздыр-көптүр үй-там жасалгалап салдырып алсак деп, бир кара буурага жүктөп алтын алып келдим, – дегенде атасы Сарымсактын оозу ачылып:

– Бул каяктагы жокту айтып жатат, кара тулпар, алтын кумган, кара буурага жүктөлгөн алтын алып келдим дейт, ушул туурабы. Токтоназар эки ургаачы торпок алып келди, жыл айланса эки уй. Токтобайым он кой алып келди, жыл айланса кой-козусу менен көбөйүп калат. Бул жиндим алып келгени чынбы, же жокпу? Сыртка чыгып, алып келгениңди көрөлүкчү, – деп, сыртка чыкса, чын эле кара тулпар байлануу турат. Алтын кумганды канжыгадан чечип келип атасына берет. Кара буурадагы алтынды байкелери менен ташып, жаман үйдүн ичин толтурушат.

– Турмушумда көрбөгөн байлыкты көрдүм. Балдарым жетилип, менин канат-куйругум өскөн турбайбы! – деп, эртеси Токтобайдын алып келген койлоруна тийбей, алтынга кой сатып алып, заңгыраган жай сатып алып, «жардынын бир тойгону орто байыганы» деген ылакаптагыдай болуп, кыргыз элине атагы чыккан чоң той берип, үйлүү, жайлуу, малдуу болуп, уулдарын үйлөнтүп, атак-даңкы жер жарган Сарымсак кедей бала-чакасы менен жыргап жатып калган экен.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

22-04-2011
Чымын баатыр (жомок)
109551

19-04-2011
Жомокчу
110624

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×