Добавить статью
11:37, 20 апреля 2011 113472

Жомоктор топтому

АКБАЙ МЕНЕН КАРАБАЙ

Бир чоң суунун эки жээгинде Акбай менен Карабай деген киши жашаптыр. Акбайдын малы гана, жада келсе итти да боз түстө экен.

Күндөрдүн биринде Акбай жылкы кайтарып жүрүп, зеригет да «Карабайдын жанына барып сүйлөшүп, эрмектешейин» деген ой менен аркы өйүзгө өтүп, Карабайдын жылкысынын жанына келет. Келсе жылкынын четинде эч ким жок, мал ээн жатат. Акбайдын пейли бузулуп: «Куру кетмек белем, эч ким көрбөгөн соң бирин ала кетейин» – деп, жылкыдан кармамакчы болот. Бирок каалаганын кармай албай, көпкө убараланат да, акырында качпай турган бир аксак атты кармап алып, суудан кечип өтөт. Кара атты жылкысына кошуп өзүүйүнө кетет.

Эртеси жылкысына Карабай келип, аксак кара аты жогун байкап, эки жакты издейт. Суу жээгине келсе, аркы өйүзгө өткөн из жатат. Ошол из менен кууп отуруп, Акбайдын жылкысына келип, аксак кара атын тааныйт.

– Менин малымдан уурдаган экенсиң, уурдаган кандай болорун сага көрсөтөйүн – дейт да, Карабай Акбайдын жылкысын бүт бойдон чоң суунун башын көздөй айдап, суу башталган жерди айландырып айылына алып келет. Акбайдын ак боз жылкысын бирден кармап, кара боёк менен боёп, өзүнүн жылкысына кошуп коёт.

Акбай эртеси жылкысы жаткан жайытка келип, бирин да таппайт. Изин кууп суу башталган тоого чейин барат. үч күн өткөндөн кийин суу башталган тоого келгенде кар жаап, изин жоготуп коёт. Арып-ачып үйүнө жетип, эки жактан издей баштайт. Акыры Карабайдын жылкысына келет. Келсе Карабайдын жылкысында бир да ак боз жылкы жок.

– Сенин жылкыңды көргөн жокмун, – деп коёт Карабай да.

Акбай менен Карабай жылкынын четинде сүйлөшүп турганда топтон бөлүнүп бир кара айгыр улам чыга калса, жылкычылар улам айдап, жылкыга кошуп жатканын көрүп Акбай: «Турпаты менин боз айгырыма окшош экен, бирок бул кара турбайбы» – деп, жылкысын таппай үйүнө кетет.

Баягы улам бөлүнүп чыга калып жаткан кара айгыр ээсин таанып, ага келүүгө аракет кылып жаткан экен. Акбай кеткен соң ал катуу-катуу кишенеп, өзүнүн үйүрүн чакырып, ээсинин артынан жөнөмөкчүболот. Анда Карабай жылкычыларына тостуруп, айгырды кармап, байлатып коймок болот. Айгырды кармоо үчүн ары-бери чапкылап кубалап жүргөндө, Карабайдын өзүаттан жыгылып, колу-буту сынат. Жылкычылар баягы айгырды эптеп кармап Карабайдын үйүнүн жанына байлап коюшат. Колу-буту сынган Карабай кыйналып уктай албай жатып кичине чырм эткен мезгилде эле баягы кара айгырдын катуу кишенеген дабышы улам ойготуп жиберет. Ошондо Карабай: «Бирөөнүн малы да жакшылык кылбайт турбайбы, Акбайдын жылкысын уурдап, кайра кетпесин деп кубалап жүрүп буту-колум да сынып, минтип төшөктө жатканым аз келгенсип, уктайын десем, кишенеп уктатпас болду. Мындан кийин да кырсыктарга көп учурап калбайын. Андан көрө Акбайдын жылкысын өзүнө берейин» деген ойго келет.

Жылкысынан бүт ажыраган Акбай эки жакка чапкылап, аябай издеп жүрүп, ооруп калат. Төшөктө тынч уктай албай коёт. Анткени эсинен күтүрөгөн калың жылкысы кетпей туруп алат. Күн өткөн сайын Акбайдын ден соолугу начарлагандан начарлай берет. Ошондо Акбай: «Бирөөнүн кара малын кайдан алдым экен. Бир атты олжо кылам деп, бүт жылкымдан айрылдым. Жылкым табылса, Карабайдын аксак кара атын өзүнө берейин. Табылбаса минип жүргөн атымды берип кутулайын» деген ойго келет.

Акбай минип жүргөн жалгыз аты менен Карабайдын үйүн көздөй жөнөйт. Ошол күнүКарабай да Акбайдын үйүн көздөй жолго чыгат. Экөө суунун эки жээгине келгенде бирин бири көрүшөт. Ал-жайды сурашканда Акбай:

– Ооруп өлөйүн деп жатам. Сенин аксак кара атыңды алам деп, бүт жылкымдан ажырадым. Минип жүргөн жалгыз атымды ошол күнөөм үчүн сага берейин деп келдим, – дейт.

– Мен да сенин жылкыңды алам деп минтип буту-колумду сындырып алдым. өз малыңды өзүңө берейин дедим эле, – дейт Карабай.

Акбай менен Карабай антип сүйлөшкөнчө баягы айгыр өз үйүрүн ээрчитип сууга кирип, кечип жөнөйт. Суудан кечип чыгып силкинсе, баягы жылкылар ак боз болуп чыга келет. Акбай өз жылкысын таанып, сүйүнгөндөн оорусунан айыгат. Карабай үйүнө келип тынч уктайт, тез эле сакаят. Ошондон кийин Акбай менен Карабай биринин малын уурдабай, тынч жашап калган экен.

ЧЫЧКАНДЫН БАЛДАРЫ

Илгери-илгери жер жер болуп жаралганда, жер үстүнө жаныбыр таралганда бир чычкан болуптур. өзүкичинекей болгон менен душмандары көп экен. Анын тукумдарын түлкүкармап жесе, ийинден жылан сорот, күндүз күйкө аңдыса, түнкүсүн үкүилип кетет. «Душмандардан коргой турган бир баатыр уул төрөйүнчү» – деп, туулган баласын аябай багат. Анысы чоңойгондо мышык болуп чыгат. Жээрге тамагы жок болуп калганда мышык кайра чычкандарды жей баштайт.

«Кой, бул балам кайра өзүмө жамандык кыла турган болду, мындан мыктыраак дагы бирөөн тууюн, ал балам жардам берер» – деп, туулган баласы сүлөөсүн болуп чыгат. Ал чоңоюп алып, тоо-ташка кетет.

«Бул балам да кайыр кылбай турган болду, андан көрө мындан мыктыраак бирөөнүтууюн» – деп, дагы бирди тууйт. Анысы илбирс болуп чыгат. Чычкандарга кенедей жардам бербей, токой аралап, караанын көрсөтпөйт.

Чычкан өзүмө кайрымдуу бала тууйм деген ой менен улам тууй берип, кара чаар кабыланды, жолборстун энеси болот. Бирок алардан да кайыр болбойт. Ар кими каалаган жагына басып кетет. Ошондо эң акыркы жолу арстанды тууйт. Ал чоңойгон соң:

– Балам, сенден мурдагы балдарымдын бардыгы мага карабай кетип калды. Эми мени кор кылбай, душманга алдырбай бага көр! – дейт.

– Ушу мени чычкан тууду дегенге кантип башкалар ишенсин. Энем чычкан деп айтуу мага да уят эмеспи. Шылдың кылбай, өз оокатыңды кылыңыз! – деп арстан басып кетиптир.

Чычкан үшкүрүнүп-чүчкүрүнүп отуруп калыптыр.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

20-04-2011
Жомокчу
7080

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×