Добавить статью
7:13, 21 апреля 2011 0

Жомокчу

акмат 1912-жылы өзгөн районундагы Кошетер айылында туулган. Он беш жашына чейин атасы Токтогул Калманбет уулунун айткан жомокторун уккан.

Атасы үйдө үй-бүлөсүотурганда, айылдагылар чогулуп келишкенде, көп жомокторду айтчу.

1932-жылы жазында өзгөн районунда алты айлык мугалимдердин даярдоо курсун бүтүрүп, 1932-жылы август айынан мугалимдик кызматка дайындалат.

1942-жылы октябрь айынан 1944-жылдын сентябрына чейин согушта болуп, согуштан майып болуп келет.

1980-жылдан баштап, карылык пенсияга чыгат. Улуу Ата Мекендик согуштун 3-группадагы инвалиди.

Жаш күнүндө атасынан угуп, көкүрөгүндө калган дастан, жомок, уламыштарды кагазга түшүрүп, Кыргыз ССР илимдер академиясынын тил жана адабият институтунун фондусуна тапшырган.

Акмат аке биз менен тыкыс байланышып жүрдү. СүрөтчүСагын Асанов портретин тарткан.

Атасынын айткан дастандары бүт Акматтын көкүрөгүндө калыптыр. Жети-сегиз дастанын кагазга түшүрдү.

«Эр Чегишти» жазайын десе бир сынчы:

– Ырыңды эч ким окубайт, кара сөз менен жаз, – дептир.

Ошондон кийин кара сөз менен жазган экен, «Эр Чегиштин» үзүндүсүн китепке киргиздик.

Кетээринде баласынын үйүнө чакырып, бир дастанын Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Кол жазмалар фондусуна тапшырып, калганын алып кеткен.

Ошол кезде жыгылып, жамбашын кокустатып алыптыр.

– Атам Келдибек манасчыны ээрчип жүрүп, «Манасын» бүт билип калыптыр. «Манас» секторуна барып, атамдын вариантын жазып берейин десем, «Манаста» жогун жазгын деген соң, «Манас» китебине кирбеген окуяны жазып, өткөрүп бердим, – деп колун сунуп, кош айтышты.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

21-04-2011
Жомоктор топтому
93313

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×