Добавить статью
8:19, 22 апреля 2011 25649

Асан менен Үсөн (жомок)

Шайдат кандын эки аялы болуптур. Улуу аялынан Асан, үсөн, кичи аялынан Кысан. Кичи аялын жакшы көрчүэкен. Кичүүаялынын баласы Кысанды окууга берип, ал окумуштуу болот. Асан менен үсөндүокууга бербейт.

Бир күнүпадыша түнүчүндө Нурказар кушту көрөт. Куш адамча сүйлөйт. Күлүп каткырса, оозунан алтын акчалар шорголоп куюлат.

Ага ашык болуп, ордунан турбай жатып алат кан. Жакшы көргөн аялы келип:

– Ой, эмне турбайсың? – дейт.

– Турбайм, – дейт.

Баягы турбай эле жатып алды, тур десем болбойт, – деп кандын теңтуштарына барат.

– Теңтуштары, силер барып сурап көрбөйсүңөрбү? – дейт.

Бир топ теңтуштары келет.

– Ой, эмне сен турбай жатасың? Бир жериң ооруйбу? – деп сурашат.

– Жок, мен түш көрдүм, ошого ашык болуп жатамын, – дейт.

– Эмне деген түш көрдүң?

– Бир Нурказар кушту көрдүм кишиче сүйлөгөн. Каткырып күлсө, оозунан алтын, күмүш акчалар чубуруп астыңа толуп калат. Ошого ашык болуп жатамын, – дейт.

– Жатып алсаң сага ал өзүкелип бермек беле. Балдарыңды жиберсең эле, издеп таап келбейби.

– А туура, – деп Асан менен үсөндүчакырат. –Балдарым, түшүмө кишиче сүйлөгөн Нурказар кушту көрдүм, ошону издеп келесиңерби?

Асан, үсөн:

– Таап келебиз, ата, – деди.

Экөөн аябай аттап-тондоп, жараган аттарды, азык-түлүгүн, жарак-жабдыктарын камдап берип жөнөтүп жиберет.

Төрт-беш күндөн кийин Кысан угат.

– Ээ, ата, мени жакшы көргөнүң кайсы, Асан, үсөндүжакшы көрөт турбайсыңбы, ал экөөнүтүшүңдө көргөн кушка жиберипсиң да, мага унчукпайсың, мен деле барат элем.

– Сен, балам, жашсың. Ошон үчүн сени жибергеним жок.

– Жаш эмесмин, барамын – дегенде атасы айласы жок, ага да жараган ат, азык-түлүк, жарак-жабдык камдап берип, Кысанды жөнөтөт.

Төрт-беш күн мурун кеткен агаларынын артынан жетет. үчөө жүрүп олтуруп, бир жерге барса, үч жол бар: бир ташка жазып койгон. Кысан окуу билет: «Башкы жолго түшкөн барса келет, орто жолго түшкөн же келет, же келбейт, аяккы жолго түшкөн барса келбейт».

Улуусу Асан барса – келет деген жолго, үсөн же келет, же келбейт деген жолго, Кысан барса – келбейт деген аяккы жолго түшөт.

Кысан бир айча жол жүргөндөн кийин аты баспай калат. Атын таштап жүрүп отурса, бир күмбөз көрүнөт. Күмбөздүн жанында көп кийик жүрөт. «Бир кийик атып алып, бышырып жейин», – деп жакындап барса, баары жабалактап Кысандын жанына келет. «Бул кандай кийик. Менден качпастан жаныма келет?» – деп Кысан ойлойт.

Кысандын азыгы түгөнүп ачка: «Күмбөзгө кирейинчи» – деп, күмбөзгө кирсе, түрлүүтамактын баары даяр. Кысан бир тамакка колун сунуп жейин дегенде: «Тарт, наадан колуңду!» – деп, бири чыгат.

Мындай караса, бир кемпир олтурат. Алтын үстөл, алтын отургуч.

– Энеке, ачка элем, тамактан бербейсизби? – дейт.

– Тамактан дейт, наадан, сүф! – деп, үйлөп ийди эле, кийик болуп калды.

– Айланайын, энеке, тамагыңа ыраазымын, калыбыма келтир, кийик кылба, – деди.

– Кийик кылба дейт, наадан, сүф! – деп, үйлөп жиберди эле, тили да байланды.

Ал кийикке да кошулбай эле, өзүнчө жолго түшүп алып жөнөй берди. Бир топ жүргөндөн кийин бир күмбөз көрүндү. Күмбөзгө кирип барса, түрлүүтамактын баары даяр. Баягы кийик тамакка колун сунду. «Менин энем кылган экен» – деп, бир сулуу кыз:

– Сүф! – деп, үйлөп койду эле, калыбына келип, жарак-жабдыгын асынып: – Кайдан келатасың? – деп сурады.

Тили жок сүйлөй албайт. «Тилин да байлаган экен» – деп:

– Сүф! – деп койду эле, тил чыгып кадимкидей сүйлөдү.

– Кайдан келатасың? – деди.

– Шайдаткан деген кандын шаарынан келатам.

– Эмне издеп келатасың?

– Атам Нурказар кушка түшүндө ашык болуп, мен ошону издеп келатам, – деди.

– Перинин падышасынын кызы элем. Атым – Гүлбаарам, Нурказар кушум эле. Атам өлүп, Айжамал перинин кызы падыша болуп, энем экөөбүзгө эки жерге күмбөз салып берип, перинин шаарынан айдап, Нурказар кушумду ошол Айжамал алып калган. Ошону менен энем тиякта. Буюрса мени сен аласың, күйөө болосуң. Никебизди кабыл кылсын – деп никелешет. Кысан Гүлбаарамды алат.

– Нурказарга кантип барам? – дейт.

– Сен эми тетигинде чоң терекке алпкаракуш тууйт. Жылда эки балапанын ажыдаар жеп кетет. Ошого барып ажыдаарды өлтүрсөң, аман каласың.

Барса, терекке ажыдаар оролуп чыгып баратыптыр. Кылыч менен белин кыя чаап, өлтүргөн кезде, алпкаракуш келет.

Ажыдаарды көрөт:

– Эмне максатың бар? – дейт.

– Перинин шаарына алып барыңыз, Нурказар кушту алып келүүгө баратам.

Ошону менен алпкаракуш Кысанды көтөрүп алып учат.

Перилер уктаганда кырк күн укташат экен. Кызуу уктап жаткан убакта келишет.

– Тээтиги оозу ачык көрүнгөн үй перинин үйү, – деп, көрсөтүп берет. Оозунда сакчылар уктап жаткан. үйгө кирип барса, алтын туурда Нурказар куш конуп отурат.

– Мен сизге келдим, алып кетейин, – дейт.

– Менин кожоюнум – перинин падышасы Айжамал. Адам баласын ээрчип эмне барам? Барбайм! – дейт куш.

Анда Кысан:

– Эмесе, менин атам сага ашык болуптур. өлүп калса, акыретте атамдын канын көтөрөйүн.

– Ал кишинин канын көтөрүп, акыретте мен кандай… үйүңдөн чыкканга канча жыл болду?

– Быйыл отуз жыл болду, – дейт.

– Эми сен тетиги Айжамалдын жеңине кай жерден чыкканыңда, атыңды, атаңдын мага ашык болгондугун, каның көтөрөм дегениңди, бул жерге алпкаракуш аркылуу келгениңди жазгын. Алтын көшөгөдө үстүнө каухар жамынып жаткан Айжамал, коркпогун, ойгонбойт… – Нурказар көзүнөн жаш чыкканча күлөт, оозунан алтын-күмүш төгүлөт. Кысан алтын шакегин Айжамалга салат. өзүАйжамалдыкын салынат.

– Жүр эми, кеттик! – деп Нурказарды көтөрүп, алпкаракушка минип учуп, баягы терегине келсе, балдар аман-эсен.

– Дос болдук, – деп алпкаракуш бир канатын сууруп, дубалап берет. Ушу, кайда барам десең жеткирет, – дейт.

Канатка түшүп, Нурказарды көтөрүп, Гүлбаарамдыкына келет. Гүлбаарам Нурказар менен учурашып, кайра өзүңө келипсиң, Кысанга тийипсиң, баарыбыз эми бир жерде болобуз, – дейт.

Гүлбаарам, Кысан азык-түлүгүн, Нурказар кушун алып канат менен учуп жөнөйт.

Жолдо Гүлбаарам:

– Жети катар асмандан бизди өткөрбөйт энем. Никемди сага буйруп койгондон кийин, мынабу ок – Сулайман пайгамбардан калган ок. Ушуну жоо кемпирге тий деп ыргыт, – дейт. Айтканындай жоо кемпирге тий деп ыргытып жиберет. Келсе, ок тийип, баягы кемпир өлүп калган. Кийиктердин бардыгы тегеректеп келет.

Гүлбаарам дубасын жандырып, кийиктин баарын киши кылып:

– Келген жагыңарга баргыла, – дейт. Канат менен учуп олтуруп, агалары менен тараган үч айры жолго барышат. Конуп, Гүлбаарамдын жибек чатырын тигип, кудук бар экен, аркан менен суу алып, чай кайнатып ичишип, Гүлбаарамдын тамагынан жеп отурушат.

– Гүлбаарам, Нурказар, силер туруп тургула, эки агамды издеп, таап келип ала кетейин, – деп, баягы башкы жолго түшкөн Асанды издеп жөнөйт.

Нурказарды күлдүрүп, оозунан алтын-күмүштү, каухарларды түшүрүп алып, жол азык кылып алат. Бир шаарга барса, Асан ашканада суу ташып, отун көтөрүп жүрөт. Кийими жок, начар болуп калган. Асанды ээрчитип барып дүкөндөн жакшы кийимдерди сатып алып кийгизип, базарга барып, бир жараган күлүк атты ээр-токуму менен сатып алып, Асанды мингизип, үсөндүиздеп жөнөйт. Бир шаардан отун көтөрүп жүргөн үсөндүкийиндирип, базарга барды. Базардан бир жараган ээр-токуму менен ат алып, үсөнгө мингизип, Асан менен үсөндүээрчитип алып жолго түштү. үчөө биригип, Гүлбаарам менен Нурказарга келишти. Ал жерде баары биригип чай ичишип, жол тарталык деп, Кысан белине аркан байланып, кудуктан суу алууга түштү.

Асан менен үсөн арканды кудукка ыргытып ийип, чатырды жүктөп жөнөп калды. Асан кушту колуна алып, үсөн Гүлбаарамды учкаштырып, алпкаракуштун канатынын учаарын билбей, аны ыргытып ийип, экөө жолго чыкты. Бир топ жерге баргандан кийин, Гүлбаарамды «айтып коёт» деп талаага таштап, кете беришти. Асан менен үсөн Нурказарды алышып атасына келишти:

Атасы:

– Кысан кайда? – деди.

– үчөөбүз үч башка кеткенбиз. Кысан барса келбейт деген жолго түшүп кетти эле. Ошо бойдон Кысанды көрбөй калдык. Мындан минген аттарыбыз жүрбөй үсөн экөөбүз эшиктеги эки атты сатып алып, бир шаарга бардык. Шаарда бир оозу ачык үй турат. үй ичи жаркырап жарык. Алтын туурда Нурказар отурган экен. Алтын туурдун жарыгы үйдүн ичин жаркыратат. Асан кирип, Нурказарды кондуруп чыкты.

Ошону менен Нурказарды алып бир канчалык жол жүрүп, эми келдик, ата, – дешти.

Атасы капаланып, Кысандын келбегенине бушайман болду. Аңгыча перинин падышасы Айжамал кыз эки жигитин ээрчитип келип калды.

Шайдат канды чакыртты.

– Ата, мобу Нурказар куш меники эле, муну ким алып келди? – деди.

– Асан, үсөн деген эки уулум алып келди, – деди.

– Чакыртыңыз уулдарыңызды, – деди.

– Бу кушту кайдан алып келдиңер? – деди.

– Бир шаардан, бир үйдө алтын туурда отурган экен. Ошондон барып алып келдик.

– О, бети жоктор! – деди Айжамал. – Кана, Нурказар сен сүйлө, ким алып келди сени, – деди.

– Мени Кысан деген бала алып келди, – деди. – Кысан Гүлбаарамга үйлөнүптүр. Менин турган жеримди Гүлбаарамдан угуп, алпкаракушка минип, биздин үйгө келди. Сиз уктап жатыпсыз, мени алып кетем, – деди. Мен барбаймын, кайдан келген немесиң, менин кожоюнум бар – перинин падышасы Айжамал деген, тетиги алтын көшөгөдө уктап жатат. Мен падыша кожоюнумду таштап, бир адам баласын ээрчип кетпеймин дедим, менин атам падыша сага түшүндө ашык болуп, мени таап кел, – деп жиберди. Кайра куру барсам, атам ашыктыктан өлүп калат, барбасаң атамдан канын мен көтөрөйүн дегин, – деди. Мен кантип кишинин канын мойнума көтөрөм? Андай болсо барайын, сен кайдан келгениңди, шаарыңдын атын, атаңдын атын, тетиги Айжамалдын атын толук жазып бүтсөң, ал сага аял болот. Койнуна жатып мен тур дегенде тургун, колуңдагы шакегиңди Айжамалдын колуна сал, Айжамалдын шакегин өз колуңа сал дедим. Тигил, ошондой кылды. Анан Кысан мени алып жөнөдү. Алпкаракуш күтүп турган экен, ал көтөрүп учуп келип, өзүнүн терегине конду. Эки баласы аман-эсен турган экен. Ошону менен алпкаракуш Кысанга дос бололу деп бир тал канатын сууруп берди.

– Ушуга түшсөң, кадимкидей олтуруп жериңе жеткирет, – деди.

Нурказарды алып, канатка түшүп Гүлбаарамга келдик. Ал жерде беш-алты күн болдук. Андан Кысан, Гүлбаарам үчөөбүз канатка түшүп учуп дагы жөнөдүк. Бизди энем куткарбайт. Сулайман пайгамбардан калган ок деп бир окту Гүлбаарам Кысанга берди. Жоо кемпирге тий деп ыргытты. Учуп отуруп кемпирдин күмбөзүнө келсек, Гүлбаарамдын энеси жок, баягы ок тийип өлүп калган экен. Кемпир дубалаган кийиктин баары тегеректеп келди. Кемпирдин дубасын Гүлбаарам жандырып, кийиктин баары киши болду.

– Кайдан келсеңер, ошол жериңерге кеткиле, – деп, кийиктерди таратып ийип, баякы канатка олтуруп, учуп жөнөдүк. Бир жерге кондук. үч айры жол бар экен, Гүлбаарам чатырын тигип, тамак-аш ичкенден кийин Кысан мени күлдүрүп алтын-күмүш, каухар алды. Мынабу жол менен Асан, үсөн деген эки агам кетти эле, ошолорду издеп, таап келейин, силер туруп тургула, – деди.

Бир-эки күндөн кийин эки агасын ээрчитип келди. Эми тамактанып жөнөйлү, мен кудуктан суу алып берейин деп, Кысан белине аркан байланып кудукка түштү. Арканды кудукка ыргытып ийишип, чатырды жыйнап, канаттын учаарын билбейт экен, аны таштап салышты. Асан агасы мени кондуруп, үсөн иниси Гүлбаарамды учкаштырып жөнөп калышты.

Бир топ жерге келгенден кийин Гүлбаарам айтып коёт, – деп, Гүлбаарамды талаага түшүрүп ташташты. Мени алып үйүнө келишти. Кысан кудукта калды.

Айжамал эки жигитин чакырып:

– Түштөн калбай Кысан менен Гүлбаарамды таап келгиле, – деди. Эки жигит учуп жөнөдү.

Түшкө жетпей Кысан менен Гүлбаарамды алып келишти.

– Кана белгиң? – дегенде Кысан шакегин көрсөттү.

Анан Кысан менен Айжамал:

– өмүрлүк жолдош болобуз! – деп, кол алышты.

Шайдат кандан Айжамал:

– Эки балаңызды мен текшерейин, ата, уруксат бериңиз, – деди.

Асан менен үсөндүчакырды:

– Бир тууганга кара санаган кимге жакшылык кыласыңар, өз убалыңар өзүңөргө! – деп, Айжамал кылычын алып, экөөнүн башын чаап таштады.

Шайдат кан Кысан менен аман-эсен Нурказарды, перинин кызын алып келгенине чоң той берип, Кысанды ордуна кан көтөрдү. Айжамал да падышалыгын берди. Адам баласына кандык, перилерге падышалык сурагын жүргүзүп жатып калды.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

07-04-2011
Жомоктор топтому
106754

07-04-2011
Жомокчу
117288

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×