Добавить статью
8:23, 22 апреля 2011 115847

Жомоктор топтому

ЖЫЛАМЫШ ХАН

Илгери өткөн заманда Жыламыш аттуу бир хан болуп, бирок баласы жок экен. Балалуу болом деп, кырк аял алган экен, бирок кырк катындын бири да төрөбөптүр. Күндөрдүн биринде увазирлери менен талаага куш салып жүрсө, кушу верендеге чыкпай, бир чыбык алачыктын түндүгүнө конот.

Хан увазирлери менен барып:

– Алачыкта ким бар, кушту алып бер! – дептир.

Алачыктан бир кыздын үнүчыгат.

– Кушту салган кишинин кушу казды алса, салган кишинин кушун салдырган каз алып береби? Куштан ээсин ажыратып өзүалат. Куш салып көргөн киши эмес ко – дептир.

Хан Жыламыш кыздын сөзүнө жыгылып, кушту өзүалып караса ай десе ай эмес, күн десе күн эмес, адамда жок бир сулуу кыз экен.

Хан:

– Ата-энең барбы? – дейт.

– Ата-энеси жок кыз кайдан жаралат? – дейт.

– Атаң болсо, энең менен ханга барып жолуксун! – деп, хан кушун алып кете берет. Кыздын атасы оокат үчүн бир жакка кеткен экен, кечинде келет.

Баштагы күнүкыз түш көрөт. Ханга тийип, бел курчоодон жогоркусу алтын, бел курчоодон төмөнкүсүкүмүш бир эркек, бир кыз – эгиз бала төрөп жүрүптүр.

Кыз түшүнө ишенип, атасына айтат:

– Бүгүн хан куш салып увазирлери менен жүрүптүр. Хандын кушу келип биздин алачыкка конду, мени көрүп эртең менен мага атаң барып жолуксун, – деп кетти. Ата, барып жолук. Мен жөнүндө кеп кылса, макул, менин кызым эгиз бала төрөйт, бири – эркек, бири – кыз, балдарынын көкүрөгүалтын, көчүк жагы күмүш болот дей бер, жалганчы кылбаса мен түш көргөм. Калыңына эмне аласың десе, ушул кичинекей боз калтаны толтуруп алтын берсең болду дегин. Хан: – Ушул идишиңби? Кап таба алган жоксуңбу? – дейт. Ханым ушуну эле толтурсаң болду дегин. Хан казынасын бүт салып, толтура албайт. Казына бүткөндө болду, ханым, жеткирип, – бер деп баса бер. Толбой калса, ач көздүк кылып толтуруп бер дебегин! – деп, кыз атасынын колуна кичинекей боз калта берди. Атасы: «Барбай жатып хандын казынасын кызганат» – деп, айтпасын деген ой менен унчукпай, калтаны чөнтөгүнө салып, кызына нааразы болуп жөнөп кетти.

Чал ханга барды. Салам айтып:

– Чакырган экенсиз, келдим, – деди.

– Сиз ким болосуз?

– Болотбекмин, – деди.

– Андай болсо, жакшы келипсиз, – деп, Болотбекти сыйлап, – Болотбек аксакал, кымызды ичкенге бер, кызды сүйгөнгө бер деген. Кызыңды мен жактырып калдым, балалуу болсомбу, – дедим.

– Ханым балалуу болосуң. Менин кызым көкүрөгүалтын, көчүк жагы күмүш эгиз бала төрөйт, – деди.

– Менин тилегеним бала да, Болотбек аксакал! Калыңына эмне берем? – деди.

– Калыңына, мына ушул калтага алтын берсеңиз болду, – деди.

Хан:

– Түзүгүрөөк идиш тапкан жоксуңбу? – деди.

– Ханым, ала турган колуктуң ушуну берди, – деди.

Хан казыначыга:

– Калтасын толтуруп бер! – деди.

Казыначы алпарып алтын салса, калта толбойт.

Болотбек:

– Хан калтасын толтуруп бер дебеди беле, толтур! – деди.

Казыначы ханга келди:

– Ханым, чалдын боз калтасы казынанын баарын салсам, толбоду.

– Чакырчы! – деп мастан кемпирди чакыртып келип, – эмине кылабыз? – деди эле, мастан кемпир калтадан алтынды бүт төктүрүп, калтанын түбүнө топурактан: – Суф, – деп бир чымчып салып, бир табак дилде салды эле, боз калта толуп кетти.

Болотбектин кызы атасына көздүн челинен жасалган калта берген экен. Адамдын көзүтопуракка толот эмеспи, калта топурак салгандан кийин дароо толду.

Болотбектин кызы Айсулууну Жыламыш хан алды. Кыздын боюна болду, тогуз ай, тогуз күн дегенде төрөлө турган болду. Жыламыш хан куш салып увазирлери менен чыгып кетти.

– Бала көрүнгөндө мага сүйүнчүлөп баргыла?

Жыламыш хандын кырк төрөбөгөн аялдары мастан кемпирге дилде берип:

– Баласын эптеп жогот! – деди.

Мастан кемпир төрөп жатканда аялды алаксытып, эгиз кыз менен баланын ордуна, бир эркек, бир ургаачы күчүк алдырып келип коюп, эгиз баланы мастан кемпир алып кетти.

Балдарды алып кетип дайрага ыргытты эле, балдар сууга түшкөн жок, көздөн кайым болуп кетти.

Кырк аял:

– Ханга сүйүнчүлөгүлө! – деди. – Аялы бир эркек, бир ургаачы күчүк төрөдү! – деп киши чаптырды.

– Кысталакты көзүм көрбөсүн, күчүктөрүменен суунун аралыгына алып барып, оң бутун кесип таштагыла, – деп буйрук берди.

Айсулууну күчүктөрүменен аралга алып барып таштады. Айсулуу эмчеги ооруп чыдабай күчүктөргө эмизип, адамдын сүтүн эмген күчүктөр бат эле чоңоюп, аралдагы токойдон кекилик, чил, кыргоол тиштеп келип, Айсулууну багып, токойдо жашай берди.

Сууга ыргыткан балдарды сууга тийгизбей кайберен алып барып, кийик эчкини эмгизип, кайберен багып алды.

Жыламыш хан:

– Дегеле мага бала буйруган эмес экен, – деп ыйлап, бир канча күн эшикке чыкпай үйүндө жатты. Бир топ жылдан кийин:

– Кой, талаага чыгайын, – деди. Аң уулап тоого чыкса, тоодо кийиктин арасында бир жылаңач бала жүрөт.

Жыламыш хан:

– Кудай, тоого деле бердиң баланы, мени кандай кур койдуң! – деп катуу кейип келип үйүнө жатып калды.

Катындары шекшип, мастан кемпирди чакырып:

– Хан тоого барып келип, жатып калды, балдарды эмне кылгансың? – деп мастандан сурады.

Мастан балдарды сууга ыргытканда балдардын сууга түшкөнүн көрбөй калган.

Хандын кайсы тоого чыкканын сурап алып, ошол жакты карайынчы, – деп мастан жөнөдү. Тоонун арасынан баланы көрдү. Балдар аман калган экен. Бала чоңоюп калыптыр, балага тийсем, мени соо койбойт. Кызды таап алдабасам, бала алдана турган эмес, – деп, кызды издеди.

Из кууп жүрүп кызды бир үңкүрдөн тапты. Бала кызды бир үңкүргө киргизип, үңкүрдүн оозуна бир ташты коюптур, ал ташты карап, бала алп болгонун билип, мастан жанынан түңүлдү.

Мастан: «Кызды алдап көрөйүн» – дейт:

– Айланайын кызым, мен сенин апаң болом. Сени мен сагындым, мени үңкүргө киргиз, – деп жалынды.

Кыз:

– Менин сага окшогон апам жок. Менин апам – кийик, – деди.

Мастан үч-төрт күн келип жалынды.

Кыз түгөйүкелгенде айтты:

– Бир кемпир келип, апаң болом, – деди. Мен сага окшогон апам жок, – деп, эшикти ачпадым, – деди.

Жигит:

– Эч кандай эшик ачпагын! – деди.

Мастан бир күнүкийим алып келип:

– Айланайын, кызым, сага кийим алып келдим, жылаңач жүрбөй, кийип ал! – деди.

Кыз болбоду, мастан сенин жалгыз отурганыңа жаным кейийт. Батыш тарапта Күлбөс деген хан бар. Гүлайым деген сулуу кызы бар экен, ошону алып келип бер десең алып келип берет. Жалгыз отурбай ошону менен ойноп отурбайсыңбы? – деди.

Мастан кемпирдин максаты: «Бир тууганы барып, Күлбөс хандын кара дөөсүнөн өлүп калса, кыз ушул үңкүрдө жатып жок болот. Буларды ушундай кылып түбүнө жетпесем, өзүмүн алым жетпейт», – деп ойлоду.

Кыздын бир тууганы кечинде талаадан келгенде:

– Мен жалгыз эле отура беремби. Күн батыш тарапта Күлбөс деген хандын Гүлайым деген бир сулуу кызы бар экен, мага ошону алып келип берсең, – деп ыйлады.

– Мейли, алып келип берейин сага, үч айлык оокат камдап берейин. Беш-он күндөн кийин жөнөймүн, сен ыйлаба, – деп беш-алты күндүн ичинде отун-суу камдап берип:

– Эч кимге эшик ачпа, ачсаң экөөбүз тең өлөбүз! – деп жөнөдү.

Бир канча күн жол жүрүп олтуруп, куш салып увазирлери менен жүргөн Күлбөс ханга жолукту.Күлбөс хан жылаңач балага:

– Каякка барасың? – деди.

– Күлбөс ханга барам, Гүлайым деген кызы бар дейт, ошону алып кетемин – деди.

Хандын увазирлери:

– Муну карасаң өлтүрүп коёлу, – деди. Күлбөс хан күлүп койду.

– Шашпагыла, мен өлтүр дегенде өлтүрөсүңөр! – деди.

Жылаңач бала:

– Күлбөс хан кайда? – деди.

– Ушундан нары барсаң табасың, – деди.

Жылаңач бала шаарга кирди. Шаардагылар шылдыңдап:

– Бизчилеп кийинип албайсыңбы? – деп кийим көрсөттү.

– Кана, мага кийгизип көргүлө, –деди.

Кийимди кийгизип, күзгүгө көрсөтүштү.

Бала жылаңач жүрүп капкара болуп күнгө күйгөн. Бала:

– Мен канткенде агарам! – деди.

Шылдың кылышып, көлдүкөргөздү, ошого барып жатсаң, агарасың дешти.

– Болуптур! – деп, көлдүкарай басты.

– Кийген кийимиңди чеч! – дешсе, анысын аякка, мунусун биякка ыргытып, көлгө барып, күзгүгө көрүнүп алып, агарганча жатам, – деп жатып алды.

Ханга кабар кылды, увазирлерин чакырып:

– Баягы жылаңач баланы кармап алып келгиле! – деп, буйрук берди.

Увазирлер көлдө жаткан балага барып:

– Жүр! – деп кармашса, анысын аякка, мунусун биякка ыргытып, бирин бирине уруп, жолотпой койду.

Увазирлер Күлбөс ханга барды:

– Бая күнүкелатканда өлтүрөбүз дебедиңер беле. Ошол жерде тийгенде өнөр көрмөксүңөр. Эми кайра баргыла. Сизди Гүлайым чакырып жатат десеңер келет. Хан чакырып жатат десеңер келбейт, – деп увазирлерин кайра жиберди.

Увазирлери кайра барып:

– Күлбөс хандын кызы Гүлайым чакырып жатат, – деди.

– Эмесе барайын, – деп кийинип жөнөдү.

– Башка киши менен сүйлөшпөйт. Гүлайым менмин, – деп тосуп чык. Ал адамга кошула элек жапайы, алдап сөзгө келтиребиз, – деп Гүлайымга айтыптыр.

Жылаңач баланын алдынан тосуп чыгып үйгө киргизип, оокат берип сыйлап, жакшы кийимдерди кийгизип отургузду.

Мастан кемпир айткан бир тууганың жөө жүргөнчө, Күлбөс хандын Күлсары аты бар, ошону алып келип минип жүрбөйбүдеп. Азыр баланын эсине ошол түштү:

– Күлсары ат кайда? – деди.

Хан баланын үстүнө кирип:

– Күлбөс хан менмин. Гүлайым бул – менин кызым. Күлсары ат мына! – деп атты да көргөзүп таанышты.

Баладан:

– Сен кимсиң, кимдин баласысың? – деп да сураган жок. Анткени Күлбөс хан билет болчу. Баланы сыйлап жакшы айтып, он күнчө таанышып, жылаңач жүрүүуят экенин түшүндүрүп, үйүр кылды. Ал он күн ичинде кыз дагы көп-көп кеңештерди үйрөттү.

Бала ханга:

– Гүлайым менен Күлсары атты мага бер, мен кетем! – деп карындашынын жалгыз калганын айтты.

Күлбөс хан айтты:

– Бизден жогору капчыгайда кара дөө деген жатат, кырк күн ичинде бир тойгузабыз. Кырк күндүк оокат бербесек, бизди чаап кетет, ушуну өлтүрүп берип, анан кыз менен атты алып кетесиң! – деди.

Бала айтты:

– Мага Күлсары атты бериңиз, мен өлтүрүп, башын кесип алып келем! – деди. Балага Күлсары атты токуп, жарак-жабдык менен жөнөттү.

Бала барса, чоң ак дөбө, ошол ак дөбөдө чоң ак үй турат. үйгө кирсе, кара дөө уктап жатат.

– Эй, кара дөө, тур, күрөшөбүз! – деди.

Кара дөө оң бутун көтөрүп, ушул бутту басып жерге тийгизсең эле болду, – деди. Бутун көтөрүп коюп кайра уктады.

үйдүн бир капшытында бир темир чынжыр жаткан экен. Чынжырды алып, дөөнүага байлап Күлсары аттын омуроосуна салып, чуу койду. Күлсары ат үй менен кошо сүйрөп жөнөдү. Бала капчыгайга салды. Дөө жанчылып, капчыгайдын ичи кан. Бир оокумда дөө сүйлөдү.

– Азамат экенсиң, эми мени арманда өлтүрбө, бир кармашып өлтүр, – деди.

Бала макул болуп, бошотуп кармашты. Кара дөө күч алып, баланын шайын кетирди, бала жыгыла турган болгондо ыйлап, кайберен-кайыптардан жардам сурады.

Кайберен-кайыптардын жардамы менен Кара дөөнүкөтөрүп уруп, башын кесип, канжыгага байлап барып, хандын эшигине таштады эле, хандын үйүсолкулдап кетти.

Бала Кара дөөнүжеңгенден кийин, баркы көкөлөдү. Күлбөс хан той кылып, кызын камдантып жөнөтө турган болду. Кызына эки жүз түтүн элди кошуп, жайгашканча айыл ээси болуп турууга эстүүкишиден кошуп жөнөттү.

Бала дүңгүрөтө көчүп, эгиздин түгөйүкалган төргө барып кондурду.

Жыламыш хан бир канча жыл жатып, тоого аң уулаганы чыкты эле, түзөң жеринде бир кийик эчки жүргөн экен. Хан увазирлери менен кийик эчкини кууп жөнөдү. Кийик эчки айылды карата качты, айылдын чекесинде чоң ак үйдүн эшигинде, бир канча киши менен бала отурган эле. Эчки качып барып баланын койнуна кирип кетти.

Жыламыш хан балага:

– Сен кайдан жүргөн баласың? Биз кууп жеткен эчкини бер! – деди, бала ханды аттан түшүрүп, жайлашып отуруп калды.

Хан:

– Бул жер бизге тиешелүүжер, каяктан көчүп келдиңер, ким болосуңар? – деп сурады.

– Ханым, сиз эмне деп жатасыз, бул жер – мен чоңоюп жетилген Мекеним. Карындаш эгизим экөөбүз бул жерде чоңойдук.

Жыламыш хан баланын көкүрөгүалтын, көчүк жагы күмүш экенин көрдү.

– Карындашың кайда?

– Ушул эле жерде, – деди.

Жыламыш хан:

– Менин баламсың! – деп бакырып, кучактап жыгылды, – кызымды көргөз! – деди эле, кызды чакырса келбеди.

– Менин апам кайда, мен апамды көрбөсөм, менин атам кайдан болсун, – деди.

Жыламыш хан бул иш кырк катындын кылганы деп, кырк катынды алдырып келип:

– Силер билесиңер, кана, чыныңарды айткыла жан керек болсо, болбосо азыр отко өрттөтөм! – деди.

Жандарына күч келгенде:

– Мастан кемпир билет, – дешти. Мастанды да чакыртты.

– Азыр өрттөймүн, чыныңды айтсаң, жаның калат! – деди.

Мастан болгон иштин бардыгын айтты.

– Ушул балдардын көзүн жоготуп бер, – деп мага алтын берди. Мен бир эркек, бир ургаачы күчүктүалдына койдум да, эгиз балдарды сууга ыргыттым. Бирок балдар сууга түшкөн эмес. Ханым, ушул сенин балдарың! – деп далилдеди.

Эми кыздын талабы боюнча увазирлер алып барып таштаган жеринен Айсулууну издеп жөнөдү. Айсулуу чытырман токойдун арасына жаан, күн тийбей турган жерде жашачу экен. Ошол күнүиттер жоолук, көйнөгүн тиштеп, ачык жерге чыгыптыр.

Айсулуу келип: «Иттер да мени шылдың кыла баштады», – деп, эптеп көчүгүменен жылып, ачык жерге чыгыптыр. Иттер болсо, ар кандай жырткычтардан Айсулууну коргоп жүрүптүр.

Увазирлер Айсулууну таап, учурашып, болгон ишти айтып, балдарына алып келип тапшырып, балдары менен кошулуп калды. Жыламыш хан кырк катынды кырк азоо байталдын куйругуна байлап, сүйрөтүп өлтүрдү. Мастан кемпирди арчаны чоң жагып, өрттөп жиберди.

Жыламыш хан эсепсиз чоң той берип, Күлбөс ханды чакырып, эки хан баш кошуп, ат чаптырып, кийик аттырып, кырк күнүтой берип, баланын атын Самаган коюп, кыздын атын Сары алтын койгон экен.

Жыламыш хандыкты Самаганга берип, атасынын ордуна Самаган хан болгон экен.

ЖАМШИТ

Илгери бир заманда Жамшит деген казынаны жети атасынан бери күткөн казан-аштуу бай өткөн экен. Жамшиттин үч улуу болуптур. Балдарынын аттары: Уланбек, Жоокербек, Турусбек.

Жамшит сексенден ашат. «Мен болсом карыдым, бир күнүжазып-тайып өлүп кетсем, казынаны балдарым билбей калат го. Казына жерде бекитилген боюнча эмеспи, – деп ойлонот. Казына мүлкүм үч балама жетет». үч баласын чакырып алып:

– Менин өлөрүм калды, өсөрүм калган жок. өмүрдүболсо, кудайга шүгүр жашадым. Сексенден аштым. Эми силерге айтар кеңешим, ынтымакта болгула, улууңардын кебин алып тургула. Менде, менден башка беш-алты атанын, мени менен жети атанын жыйган казына-мүлкүбар. Мен болсом келерки шершембиде өлөм. Ушул жумадан калтырбай көмгүлө. Колдогу оокат менен ызааттагыла. Көмгөндөн кийин жетилик өткөрүп туруп, чогуу барып казынаны үчөөң бөлүп алгыла. Бөлүштүрүп алып, үчөөң үч казына кармасаңар да жетет.

Казынанын катылган жерин мурун балдарына айткан эмес экен, айтып берди.

Жамшит өзүайткан күнүөлөт. Балдары айткандай ызат-сый кылып көмөт. Жетилигин өткөрүп бүткөндөн кийин балдардын улуусу Уланбек эки инисин чакырып:

– Жүргүлө, казынага баралык.

үчөө барса, казына уурдалып жок.

– үчөөбүздөн башка муну бир дагы жан уккан эмес, көргөн эмес – деп, бири-биринен шекшинет.

Кичүүиниси эки акеси атасын көмгөнүалаксып жүргөндө Турусбек таап, бекитип алыптыр.

Турусбек:

– Мени жашсынтып, экөөң бекитип алган турбайсыңарбы? – деп, ыйлап коёт.

Бири-биринен көрүп, мойнуна алышпай, казыга барышат.

Казы:

– Мен бир икая айтып берейин, ошондон кийин ойлонуп көрүп, оюңарды айтып келесиңер! – дейт.

Бир байдын бир жалчысы болуптур. Байдын аялы кыз төрөптүр. Жалчысынын аялы уул төрөптүр. Байдын кызы менен жалчынын баласы төрөлгөндөн бирге чоңоёт. Экөө тең бир короодо ойноп, экөө тең бойго жетет. Экөө бирин бири абдан жакшы көрөт. Бала кызга ойноп-күлгөндүсунуш кылат.

– Атам кудалап койгон. Менин күйөөм келгенде, сага жолугуп туруп, анан күйөөмдүн койнуна жатам. Эгер сага жолуга албасам, ал күйөөгө барбай, сага түбөлүк жолдош болом, – деп, убада берет.

Күндөрдүн биринде кудалап жүргөн күйөөсүкелип калат. Убада кылган жигиттин атасы бир чакырым жерге көчүп барган. Бала кыздын күйөөсүкелгенин билбей калат. Күйөөсүкеч келип, кабар бербей калат.

Күйөө менен кызды жаткыра турган мезгил келгенде. Кыз:

– Ырахмат, жеңелер, төшөк салып бердиңер, эми кете бергиле. Мен өзүм эле жатам, капа болбогула, – деп, кыз жеңелерин кетирип жиберет.

Кыз күйөөнүн төшөгүнө келип:

– Менин сизден сурай турган суроом бар, макулсузбу? – дейт.

Күйөө:

– Макул, сурай бер, – дейт.

– Менин атамын бир жалчысы бар эле, жалчынын аялы эркек төрөдү, менин энем кыз төрөдү. Төрөлгөндөн тартып бирге ойноп, бирге өстүк. Экөөбүз тең бойго жеттик. Амалга жарагандан кийин бала: – Баш кошсок, – деп сурады. Экөөбүз бири-бирибизди жакшы көрөт элек. Ал жигиттен мен сурадым. Мен сенден жанымды аябаймын. Менин күйөөм келгенде, сага жолугуп туруп, анан күйөөмдүн койнуна жатам деген элем. Ал кабар жетпей, келбей калды. Сен менин өмүрлүк жарымсың, – деп күйөөсүнүн мойнунан кучактап, бетинен кайта-кайта өөп туруп: – Ушул убада кылып жүргөн жигитке жолугуп келейин – деп, уруксат суранды. Күйөө бала:

– Макулмун, барып жолугуп келүүгө, – деп, уруксат берди. Кыз баланын үйүн карай кетти.

Кыз жолдо баратканда үч ууру жолукту. Уурулар кыздын алтын билеригине, алтын сөйкөсүнө кызыкты. Кызды зордоону ойлонушту. Акырында уурулар:

– Кыз башың менен эмне кылып жүрөсүң? – деген суроого келишти. Кыз:

– Акелер, мен сиздердин колуңарга түштүм. Азыр кандай кылсаңар, силердин эркиңер. Мен эмне үчүн келаткандыгымды айтып берейин – деп, болгон иштин чынын айтты.

Уурулардын улуусу акылдуу киши экен. Жолдошторуна айтты. Бирге өскөн бала, күйөөсүнө ыракмат айтып келсин, – деп кызды аман коё берди.

Кыз антташкан жигитине барса, ал уктап атыптыр, аны ойготту.

– Сиз кабарсыз калдыңыз – деп, күйөөсүнүн азаматтыгын, уурулар бошоткондугун айтып: – Мына убада боюнча өзүм келдим. Кандай кылсаң, сенин эркиң! – деди.

Жигит кызга ыраазы болуп, кызды ээрчитип келип:

– Ыракмат, жезде, сен азаматтын бири экенсиң. Аман-эсен колуктуңду алып келдим, баракелде, ушундай кызды кандай акмак сөзгө сөлтүк кылат! – деп, жигит күйөөнүн койнуна салып берип кетиптир.

Казы бул икаяны айтып берип:

– Кызга айла жок, бардыгын жайгаштырган, кошо ойноп-күлүп жүргөн мартпы? Калың берип алып, койнуна жатканы жаткан колуктусун уруксат берген күйөө мартпы? Түн ортосунда кыз колуна тийсе, алтындары бар кыз экенине кызыкпай, коё берген уурулар мартпы?

үч бир тууганды чакырып, суроо берди.

– Жамшиттин улуу баласы Уланбек:

– Кыздын күйөөсүмарт? – деди.

– Сен аялга кызганыч экенсиң, – деди.

Экинчи баласы Жоокербек:

– Жигит март экен, – деди.

КичүүсүТурусбек:

– Уурулар март экен, – деди.

– Турусбек, жашабагыр, ууру экенсиң, бар агаларыңды алып барып бөлүштүрүп алгыла, – деп жыйынтыктады.


ЭКИ БАЛА

Илгери бир заманда эки бала шок, бейбаш болуптур. Эл арасында ишеничтен кетип, элге батпай, суук тумшук көрүнүп кетет.

Биринин аты – Келдибек, биринин аты – Бердибек экен. Бир күнүКелдибек Бердибекке акыл салат.

– Биз болсо элдин арасында ишеничтен кеттик. Биз бул жакшы жорукту баштаганыбыз менен эл ишенбейт. Андан көрө биз башка жакка кетип, жакшы жүрүп, жакшы иштейли, – деди.

Бердибек макул болуп, экөө башка элге кетишти. Жолдо баратып Келдибек Бердибектен сурады:

– Сенин атаң сага эмне акыл айтчы эле.

Бердибек айтты:

– Балам, бышык бол, колдон келсе бирөөнүалдасаң – алда, бирок алдатпа. Балам, алгандын иши алган дечи эле.

Келдибек айтты:

– Менин атам ак жүр, аман иштеп жүр. Аз алсаң да берекеси болот дечүэле. Мен атамдын акылын акыл кылам, – деди.

Экөө эки байга жалчы болду. Бердибек жыл маалына төрт койдон алмак болду. Келдибек бир койдон алмак болду.

Жыл маалында экөө кезигишти. Бердибек айтты.

– Төрт кой алдык төлдөп сегиз болду. Шарты келген жерден төрт кой уурдап алдым эле, ал сегиз болду. Он алты койлуу болдум. Келдибек бир кой алган, аны карышкыр жеп кетти, тарпынын жүнүн кыркып алып, белине курчанып жүрөм, – деди.

Бердибек шылдыңдап:

– Жакшы атаң бар экен. Жүрө бер, жипти курчанып! – деди.

Келдибек өтүп бараткан соодагерге жалынып:

– Ушу жипти ала барып сатып, келишинче бирдеме ала келип берер бекенсиздер? – деди.

– Мейли, төөнүн үстүнө байлап кой, – деди.

Соодагерлер соодасын бүтүп, кайра жөнөй турган болгондо, бир бала мышык кармап туруптур. Соодагерлер:

– Ээй, бала, мына бул жипти алып, колуңдагыны бересиңби? – деди.

Макул болуп, мышыгын берип, жипти алып калды. Соодагерлер мышыкты билбейт экен. Жолдо келатканда оокат жешсе мыёолойт. Нан берип, өзүнүн жегенинен берип, алып келет. Жиптин ээси кой жайып жүрүп, алдынан чыгып:

– Акелер, эмне болду? – десе.

– Мынабу төөнүн үстүндөгүкара немени алып кал, жибиңе ушул келди, – дейт.

– Акелер, бул эмне? – дейт.

– Билбейбиз. Оокат жеп жатканда, ачка болгондо мыёолоп бакырат экен, эмне берсе, жей берет экен, – деди.

Келдибек мышыкты койнунан түшүрбөй алып жүрөт. Кожоюн бир нан берсе, жарымысын берет. Мышыгы ачка болсо бакырат. Келдибек жолдун боюнда кой жайып турса соодагерлер келет. Анда ал:

– Соодагерлер, бул жанды ала барып, келишинче бирдеме ала келип бербейсиңерби? – деп жалынды.

Соодагерлердин башчысы:

– Акырын бара бергиле, шаарга жакындаганда тосуп алам, – деп кете берди. Соодагерлердин башчысы шаардын кожоюнуна бара жатса, шаар балдарынын кулактары жарат. Шаарга келемиш чычкан батпай кетип, бешиктеги балдардын кулактарын үзүп жеп ийишиптир, – деп кеп кылышат.

– Бул келемиш чычканды мышык деген жеп жок кылат имиш. Анын мыёологон үнүн укканда кирерге жер таппай, өзүэле жоголот имиш дешет.

Соодагердин башчысы:

– Жолдо бир бала кудай аманат деп бир жандар байлады эле. Силердин кеп кылып жатканыңарга окшойт, – деди.

– Сиздин төөлөр качан келет? – деди.

– Бүрсүгүнүкелип калар, – деди эле. Шаар башчысы:

– Бүгүн алып кел! – деп, киши жиберди. Ал алып келип, коё берсе ачка мышык чычкан келемишти бир паста кырып жиберди.

Шаардын эли: «Мага бер, мага!» – деп талашып жатышты. Шаар башчысы ар бир көчөнүн өкүлдөрүн чакырып:

– Сексен көчө бар экен. Бул мышык бирөөнүн аманаты экен. Ар бир көчө бир табактан алтынды чогултуп берип, алып кетесиңер! – деди.

Балдар кулактарынан ажырап жаткан эле. Таң болуп, алтынды чогултуп берип, алып кетип турушту.

Шаардын башчысы соодагерлерге айтты:

– Мен алтынды чогулттуруп коём, кетерде кайрылып кет! – деп убада кылды.

Шаар элинен сексен табак дилде чогултуп, алтынды жыйырма эшекке жүктөп, шаар башчысы соодагердин башчысына:

– Аманат, ээсине алып барып тапшыр, – деп жөнөттү.

Соодагерлер шаардан чыкканда кырк каракчы конгон жеринен басып алабыз, – деп артынан жөнөдү. Соодагерлер кеч кирген жерге конду. Караңгы киргенде, каракчылар тегеректеп басып, талап алалы десе, соодагерлерди темир коргон курчап калыптыр. Каракчылар көрө албай калды. Каракчынын башчысы бул соодагерлерде бир сыр бар экен. Буларды ээрчип, эртең көрөлү, – деди.

Соодагерлер эртеси жүк жүктөп жатып:

– Беш эшектин жүгүн басып алсын, он беш эшектин жүгүделе жетишет, – деди.

Соодагерлер какыраган жерге конду. Кырк каракчы тегеректеп барса, коргондун бир жак жааты жок.

Каракчынын башчысы:

– Шашпагыла, бул соодагерлерде бир иш бар экен. Бүгүн да ээрчип көрөлү. Соодагерлер жүк жүктөп жатып, он беш эшектин жүгүн албай эле коёлу, беш эшектин жүгүн берсек эле жетишет – деп, убада кылды. Соодагерлер жүрүп олтуруп кеч кирген жерге жатты. Кырк каракчы тегеректеп барса, коргондун бир жагы эле калыптыр. Каракчынын башчысы – бүгүн да ээрчип көрөлү. Соодагерлер бир эле эшектин жүгүжетишпейби, бир эшектин жүгүн калтырып, калганын ала кетмекке убада кылды.

Кырк каракчы барып тегеректесе, бир эле алтын казык калыптыр. Эми басып алалы деп, басып калат. Соодагерлердин башчысынын башын ала турган болот.

Каракчылардын башчысы:

– Биз силерди шаардан чыккан күнүалмакпыз. Силерди темир коргон курчап калды. Эртеси коргондун бир жагы жок. Анын эртеси коргондун бир жагы эле калды. Силерде эмне сыр бар эле, чыныңды айт, өлтүрбөйбүз, – деди. Соодагердин башчысы чындыкты айтты.

– Аманаттын касиети үчүн аман калдыңар. Эми аманатка кыянат кылбай алып барып бергиле! – деп, каракчылар тийбей кайтышты.

Соодагерлер жүрүп олтуруп, аманат берген койчуга кезикти.

Соодагерлердин башчысы:

– Балам, сенин мышыгың чоң ишке жарады, адал эмгек экен. Колуңа адал тийди – деп, жыйырма эшек дилдени берди.

– Койчу, айланайын, акелер, шылдың кылбасаңар экен, – деп жалынды.

Соодагердин башчысы толук түшүндүрүп, аманатты толук бойдон тапшырган экен.

Койчу кожоюндун короосуна кою менен жыйырма эшектин дилдесин айдап барып кошот.

– Ыракмат, балам, ушуну көрмөк бала элең, – деп кызын берип, күйөө бала кылып алыптыр.

Күйөө бала менен кызга үй жасап бериптир:

– Балам, эли-жериңе бар! – деп анан, эли-жерине жөнөтмөк болду.

Койчу баланын аты – Келдибек, жолдошунун аты – Бердибек экен.

Келдибек жолдошу Бердибектен кабар алайын, – деп, издеп барды.

– Акыбалың кандай? – деди.

– Отуз, кырк койлуу болдум эле, быйыл кар оор жаап, жут болуп, бардыгы өлүп калды. Азыр колумда эч нерсе жок, – деди.

– Эми Бердибек, мен болсом байыдым, бирге келдик эле, бирге кетелик, – деп, ат сатып берди. Мындан ары ак жүр, адал же, менин тапканым экөөбүзгө жетет – деп, жолдошун кошуп алыптыр.

Келдибектин кайын атасы көп сеп жасап көчүрүптүр. Бердибекти кошуп эл-журтуна келип, элге аралашып, эл арасында кадыр-барктуу адамдардан болуп, Келдибек Бердибекке аял алып берип, экөө тең келишкен үйлүү-жайлуу болушуп, эки бир тууган бирге жашап калган экен.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

08-04-2011
Жомоктор топтому
94818

08-04-2011
Жомокчу
95137

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×