МҮРӨК СУУСУ
Илгери өткөн заманда бир адам өтө билерман болгон экен. Бирок да өтө карып, чөгүп калат. Ал адамдын жалгыз уул-келини болот. Уул-келини ыймандуу чыгып, атасын жакшы багып турушат. Ошол заманда элдин тынчы кетип, чабышып, алдуусу алсыз элге үстөмдүк кылып, орду токтобой көчүп, ачарчылык жут болуп, эл катуу кыйналат. Атасын алып баягы баласы дагы ар кай жакка көчүп, орду токтолбой арык болуп, эл менен алар да кыйналат. Бир күнүатасы баласына суроо салат.
– Балам, бул кандай алаамат болуп кетти? – дейт.
– Ата, эки жылдан бери элдин тынчы кетип жатат. Биз эмес ханыбыздын да айласы кетти, – дейт баласы.
– Ии балам, элди кара көпөлөк айдап турган тура. Сага мергенчиликти да үйрөттүм эле. Ошол кара көпөлөктүатып таштасаң, эл тынчыйт. Сен ханга барып айткын да, ок дарысы менен бир жакшы мылтык сура.
«Ханым, элди кара көпөлөк айдап калыптыр. Элдин токтобой көчүп, тынчы кетип жатканы ошол. Кара көпөлөктүатып сизге көрсөтөйүн» – дегин да хан сага жакшы ок дары менен мылтыгын берсе алып мага кел. Анан мен айтып берем.
Атасынын тили боюнча уулу ханга барат да: – Ханым, эки-үч жылдан бери тынчыбыз кетип, ордубуз токтолбой көчүп жүрүп, азып-тосуп куурадык. Элди кара көпөлөк айдап жүрөт. Мен ошону атып, сизге алып келейин. Сиз мага ок дарысы менен жакшы жараган мылтык бериңиз. Хан сүйүнгөнүнөн:
– Сен жакшы жигит экенсиң. Андай аттуу күн кайда, макул – деп ок дарысы менен жараган жакшы мылтык берет.
– Эгер сен ошол кара көпөлөктүатып, эл мамырап тынчый турган болсо мен сага тогуз байге берем да, сени жигит кылып алам.
Жигит да өзүнчө хандын жакшы кабыл алгандыгына сүйүнүп, атасына келет.
– Эми, балам, угуп тур. Эл самсаалап көчө баштайт. Алдуусу малдуусунун астында көчтөн атчан, төөчөн болуп өтөт. Орто чарбасы ортосунда өтөт. Аягында бей-бечара, жетим болуп, аркасында жөө-жалаң кары-картаңы учкашып-чиркешип, эшек минип самтырап өтөт. Көч өткөндөн кийин чай кайнам убакыт өткөндө бир төрт көз чоң кара дөбөт акактап тилин жерге салып, көч-көч, – деп көчтүн артынан жүрө берет. Дөбөткө көрүнбөй өңүп жатып, өтө бергенде артынан ат. Дөбөт каңкылдап кайра караганда мээлеп туруп жазы маңдайга ат. Анан ханга алып келип бер. Териси баа болот. Эки-үч ооруга дары болот. Ошону менен кудай буюрса эл тынчып калаар – дейт.
Баласы эртеси азык-түлүгүн алып, жакшы атка минип, мылтыгын асынып жөнөп кетет. Айткандай көчкөн элдин артынан утурлап жүрүп олтурат. Беш-алты ат чабым жүргөндөн кийин көч аяктап ээн талаа болуп калат. Жигит жолдун четине барып атын кишиге көрүнбөгөн коктуга тушап салып өзүбир чоң ташка жашынып, карап жатат. Бир топ убакыттан кийин баягы атасы айткан чоң төрт көз карала дөбөт келе жатат тилин жерге салып. Эки жагын карап: «Көч, көч, көч, көч, көч-көч» – деп акактайт. Жигит мылтыгын даярдап өтө бергенде дал куймулчак жакка атат. Дөбөт ошол жерден сулап жатып калат. Жигит дөбөттүартып алып ханга алып барып берет. Хандын көп жыл ооруган карындашы дөбөттүн эки бөйрөгүнүн этинен жеп айыгып кетет. Терисин хан ордосуна аземге илип коёт. Хан убадасы боюнча баягы жигитти жигит кылып алат. Карыя айткандай эл да тынчып калат. Ошентип күндөр айга айланып, айлар жылга айланып өтүп кетет. Күндөрдүн биринде хан баягы жигитти чакырып алып мындай дейт:
– Сен менин жакшы көргөн акылман жигитимсиң. Сенин атаң да акылман кеменгер, эми менин сага айта турган сырым бар. Менин өткөн жети атам тең хан болгон экен. Мен да атамдын ордунда отуз жашымда такка отурдум. Ошондон бери мына быйыл алтымыш алтыга бара жатам. өмүрүмдө арманым жок десем деле болоор эле, аттын аргымагын, жоргосун миндим, кыздын сулуусун сүйдүм. Жети аялдан уул-кыз болуп отуздан ашык тукумум бар. Бирок ошол өткөн жыргал күндөрүм бир күнчө көрүнбөйт. Жашоого тойбойм. Дагы эле жашасам дейм. Колдон келсе кайра жашарсам дейм. Эми сен атаңдан акыл сурай турган болсоң мени дагы бир тилегиме жеткирбейсиңби? Менин сенден өтүнүп сураарым мүрөк суусу болот дейт. Тал чоку деген чокунун башында асман тиреген зоо бар, – дейт. Ошол зоонун бир жылгасында жыбылжып бир күндө бир гана жолу тамчылап агат, – дейт. Кааласаң ошончолук күлазык, жакшы аттан дегендей баарын камсыз кылайын. Анан сурасаң сен келгенче атаңды сенден артык кылып багып турамын. Сен мүрөк суусун алып келип мени өлбөс кылсаң, – деп сөзүн бүтөт. Жигит мындай дейт.
– Ханым бул оңой жумуш эмес, атамдын карылыгы жетти, алжып бара жатат, мейли мен атам менен сүйлөшүп келейин. Бар, балам десе барайын, жок бара албайсың десе бара албаймын, – дейт.
Баласы атасына келет. Хандын айтканынын баарын төкпөй-чачпай айтып берет. Атасы карыганы менен акылы түзүк болот. Багуусу жакшы, келин-уулу көңүлүн оорутпай эркелетип сүйлөшөт. Атасы:
– Кантесиң балам, хандын каарына калбай барып кел. Бирок эки айда келесиң, мүрөк суусун бир ай тосуп жатасың. Ошондо кол чаначтын капортосунан болоор. Ошондо бир айда келесиң, – дейт.
Жигит ханга барып: «Атам бар деди», – дейт. Ошентип беш-алты күн камданып кош айтышып, аттанып кетет. Айткандай бир айда жетет. Бир ай тамчы сууну кол чаначтын капортосунан кылып, тосуп чыгат. Тал чокунун зоосунан бир аз узап бастырганда бир жерден муңканган үн чыгат. Тыңшаса: «Пенде баласы мүрөк суусун ичпегиле, мендей болуп каласың» – дейт… Жигит абайлап караса адамдын куу сөөгүжатат калыбы менен. Жигит суроо салат.
– Сиз кимсиз, бул сөз кайдан чыгып жатат?
– Ээ, балам, астыңдагы куу сөөкмүн. Мүрөк суусун ичем деп, нечен жылдан бери жаным чыкпай ушинтип эле кыйналып жатам. Сени көрүп айтып жатам. Тил алсаң пенде баласы мүрөк суусун ичпесин, сен да ичпе.
Жигит таң калып кете берет. Эки ай дегенде айлына келет. Мүрөк суусун ханга алып барып берет. Бирок баягы көрүп койгон окуясын ханга айтат. Хан аны уккандан кийин чаначты карагайдын башына алып барып илдирип коёт. Баягы жигитти ээрчитип ошол куу сөөккө жөнөйт. Хан жигити менен жетсе баягы куу сөөк муңканып сайрап жатат. Хан баягы куу сөөккө салам салып, суроо берет: – Сиз ушунча жылдан бери кыйналып жатыптырсыз. Сизди кандай кылып адам катарына кошууга болот?!.
– Мени кошкуң келсе он беш жашар кыздан төрттүалып кел. өзүң хан экенсиң колуңдан келсе, келбесе убара болбо, – дейт. Хан жигитин чаптырып, он беш жашар кыздан төрттүалдырып келет. – Айтканыңды аткардым, эми эмне кылыш керек? – дегенде.
– Эми менин өңүмдүбузба. Эки кызды эки колтугума жаткыргыла – дейт. Аргасыз эки кызды эки жагына жаткырат. Эки кыз күнү-түнүменен жатканда сексендеги кемпирдей карып хан-сөлүнөн ажырап, жан берет. Баягы куу сөөк кадимкидей эт байлап, адам катарына келип, кыймылдап кадимки киши болуп калат. Эми эки кызды кучагына бек кучактайт. Бир күн, бир түндүн ичинде эки кыз сексенге чыккан кемпир болуп калат. Баягы куу сөөк кадимки киши болуп, силкинип тура калат. Хан атка мингизип, элине алып келет. Бей-бечаранын төрт кызына убал кылып коюшат. Баягы мүрөк суусун ичпей тура берип, бир күнүкузгун жарып, карагайга агат. өзүтойгуча ичип, арчага келип кусат. Ошондуктан кузгун көп жашап, карагай менен арча дайым жашарып турат дейт.
НАМАЗ БИЛБЕГЕН БЕЧАРА
Илгери өткөн заманда жан багуунун айынан бир Тенти деген кедей жигит өзбекстанга барып, бир топ жылы өзбектерге малай болуп жүрүп, пул тапсам кичине тирденип, өзбектерден атлас, шайы, мата алып келсем деген пикир менен Ташкенге барат. Бир өзбектин байына малай жүрүп калат. Байдын эмне айтканынын баарын жасап жүрө берет. Ичкен-жегенинен башка акысын алмай болот. Байдын үйүнүн жанында мечити бар экен. Бирок өзбекстанда намаз окубаган бир да адам болбойт. Орозо да кармашат. Ошентип жарым жылча жүргөндөн кийин эли, кошуналары өзбектин байына айтат:
– Бу сенин малайың бусурманбы? Эмне үчүн намазга жыгылбайт. Же динден чыккан капырбы. Эгер капыр болсо эмне кармап жүрөсүң – дейт.
өзбектин аты Ашырахун болот. Анда Ашырахун:
– Ал – кыргыз, ал намазды билбейт – деп айтат.
– Андай болсо имамга айтабыз. Мындай адамды кууп жибериш керек шарият көтөрбөйт, – дейт. Анан имамга айтышат.
– Ашырахун бир динсиз капырды малай кылып алыптыр. Намаз билбейт, орозо кармабайт.
Ашырахунду имам чакырып алып:
– үйүңдөгүадамды эртең мечитке алып кел. Намазга турсун, – дейт.
Ашырахун Тентиге:
– Сен намаз билесиңби? – дейт.
– Мен окубасам, кайдан билем? – дейт. Эмесе, эл мени ушактап, намаз окубаса, орозо тутпаса, кууп ий, – дейт. Андан көрө эртең мени менен барып, мечитке эл менен катар намазга жыгыл, – дейт. Тенти чочуп: «Мен эчтеке билбесем эмне деп жыгылам?» – дейт.
Анда Ашырахун айтат:
– Ээ, үкөм, эл эмне кылса, ошондой кылып тура бер, – дейт. Тентинин айласы түгөнүп, эртеси Ашырахунду ээрчип мечитти көздөй жөнөйт. Намазга түшкөн кишилердин аягынан экинчи катарга туруп калат. Анан баягы намаз окугандар өзүлөрүнүн анттарын окуп кобураганда, Тенти оозуна келгенин оттоп кобурап коёт. Анан намазга жыгылганда олдоксон, эч эби келбейт. Туруп кайра молдолор аятын окуганда, Тенти бирдеме деп бабырап коёт. Артындагы өзбек Тентинин колун артка каратып бетке жаңсайт. Тенти бу намазда бетке чапкан да бар экен деп, артындагы өзбекти бетке коёт. Ал жерден намаз бузулат. өзбектер Тентини сүйрөп чыгарат. Ашырахунду чакырып, суракка алат. Имам айтат:
– Ээ кеспир, багымдат окулбай калды, – дейт. Тенти: – Имам аке кечириңиз, мен намаз билбейм десем Ашырахун аке болбой алып келди. Эл эмне кылса ошолорду туурап кыла бер, – деп айтты. Кыбаланы карадыңар, кыбыланы карадым, эки колуңарды бооруңарга алдыңар. Боорума алдым. Силер билген намазыңарды айттыңар. Мен эчтеке билбейм, бирдеме деп бабырап койдум. Аркамдан бир киши нукуп койду. Намазда нукуган бар экен деп мен ал кишини нукуп койдум. Алдымдагы киши колу менен жаңсап мени чаап койду. Намазда чапкан бар экен деп мен да чаап ийдим. Ошол, эми эмне кылайын Ашырахун аке? Эл эмне кылса ошону кыл дегенсиз. Мен ошону кылдым… – дептир.