Добавить статью
8:30, 22 апреля 2011 109330

Чымын баатыр (жомок)

Илгери көгөргөн көктүн астында, карайган жердин үстүндө кабары катуу тараган, сооп ишке жараган, малы менен даңкталган, бир баланын айынан эчен ишке капталган Чыныбек деген бай болгон экен.

Ойду очок, тоону мазар кылып, барбаган базары да, мазары да калбаптыр. Баба ата, Бача ата, Коргон ата, Койташ ата, Каракаш ата, Салпы ата, Көлкупан ата, Чолпон ата, Шамша ата, Камбар ата мазардын бардыгына барып, табынып-ташынып, малын союп, пулун берип жагынса да, эч нерсе шыпаа болбойт. Айласы кетип, аялдарымда болуп жүрбөсүн деп, тогуз аял алат. Тогуз аялы тең төрөбөйт. «Тогуз аялым менен бир перзент көрбөй өтөмбү? Алтымыш үч жашка чыктым. Канткенде бир баланын үнүн угамын. Бир перзент берсе болбойбу. Же менин бешенеме жаңылып, бала ордуна аял менен мал жазып койгонбу? Эми күч-кубаттан тайдым, алы-күчтөн кеттим, олуя-мазардан жададым. Малдын да, жардын да, көргөн күнүм ушул болбогондон кийин жаштын да кереги жок» – деп, башы ооган жакка басып, тентип кете берди.

Эчен күн жол жүргөндөн кийин, жол жээгинде жети бакса кооздоп кол менен урулган коргонго кез келет. Ичинде эмне бар, ким билсин, бир-эки саат күтүп отургандан кийин, башына селде чалынган бир киши чыгат. өңүнө караса, кары киши экен. Шашып кетип Чыныбек бай салам айтат. Берки киши алик албады.

Алик албай, ылдый карап, көз кыйыгын салып турган селдечен адамга ичтеги болгон сырларын тогуз аял алганын, малынын көптүгүн, алтымыш үч жашта экендигин, тентип чыккандыгын айта берет.

Угуп болгондон кийин үндөбөй, үйүнө кирип кетет. Чыныбек бай: «Бу кандай адам, же алик албаса, же бир ооз айткан жообу болбосо. Эмнеси болсо да ушул жерде күтө турайын» – деп, терең ойлонуп, күтө берет.

Түнүменен күтөт, эртеси ошол убакта кол берип учурашып, үйүнө алып кирип, анча деле көп сөзгө келбей, чай ичилип бүткөн кезекте кызын чакырып чыгып, өзүнике кыйат да:

– Бирге жашай бересиңер – деп, бир тамга бөлүп, экөөнүкиргизип коёт. Күндөн-күн, айлар толуп ай өтүп, баягы кыздын боюна бүткөнүбилине баштайт. Маңдайы жарыла сүйүнүчкө батып, жаш да болсо алган жары менен кеңешип:

– Мен айылыма барып келейин – деп, жооп сурап, элине кетет.

Элине келсе, катуудан тулгасы, жумшактан күлүкалбаса, эч нерсе жок, баарын жоо чаап кетиптир. Малы эмес, жарлары да жок, жары эмес жашап турган жайлары да жок – дөбөгө айланып калган. «Эми эмне кылам? Ичтеги арызымды айтып зар какшап, Каракожого эми эмне деймин. Каргышына калган турбаймынбы. Малдан эч нерсе жок, жар болсо эрте жоголуптур, жайымдын орду да калбаптыр – деп, Каракожо кызын берсе, алдамчыдай болуп кайсы бетим менен бетин караймын. Чындап тентидим» – деп, тентип кетет.

Кулак уккус, көз көргүс жакка Чыныбек бай кетип, эптеп жан сактай берсин, эмдиги сөздүКаракожонун кызы Арпакандан угалы. Чыныбек кеткенден кийин Арпакан эркек төрөйт. Баланын таятасы Каракожого эл чогулуп, аксакал-көксакалдары, айыл билармандарынын эч кимиси төрөлгөн ымыркайдын атын коё алышпайт.

Ошондо эл ичинен жүдөө бир жетим бала чыга калып:

– Калайык-калк, сиздерге макул болсо, атын коюп берейин дегенде, эл чуулдашып:

– Макулбуз, коюп бергин! – дешти.

– Жоо жеңсин, баатыр жеңсин кыйын-кыйын,

Урматтап көрө жүрсүн элдин сыйын.

Эне-атага боорукер, жаңкеч болсун,

Чыныбек ата жар болуп,

Чыныгы иши оңдолсун.

Аты – Чымын болсун,

Оомийин! – деп жетим бала бата берет.

Каракожо жээнинин атын Чымын коюп, эчен малды союп, жер дүңгүрөтүп, эр эңиштирип, улак тарттырып, ат чаптырып, өпкө чабыш, түлкүалдырыш, күрөш, эр сайыш бардык оюнду көрсөтүп, Каракожо той берип жатып калат.

Арадан айлар өтүп, жылдар жылып, Чымын алты жашка кадам коюп калат. Чүкө ойносо, балдардын чүкөсүн утуп алат. өзүтеңдүүбалдар эмес, он беш-он алты жаштагы балдардын чүкөсүн утуп уруша кетсе да, кээде сабап да койчу болду. Күндөрдүн бир күнүон беш-он алты жаштардагы чоң эле баланын чүкөсүн утуп алса, ал экөө мушташып, алы жетпей баратканда Каракожонун жээни экендигин толугу менен айтып коёт.

Ошол күнүоюнун токтотуп, үйүнө келип, апасынын маңдайында отуруп:

– Какылдап учуп каз келет, апа,

Күздө кетсе, жаз келет, апа.

Буудай кууруп бер чачайын, апа,

Бир топ соопко батайын, апа! –

деп, буудай куурутуп, ысык буудайды апасына уучтатып, колун кошо кармап туруп: – Менин атам ким болгон? – деп сураганда: – Колумду коё бер, айтайын деген тура. – Сенин атаң Чыныбек деген болгон. өлүү-тирүүсүн толук билбеймин. Келемин деп кеткен, бирок келбей калды. Күн батыш тарапка кетти эле – деп, кеткен жагын көргөзөр менен, баласы шарт ордунан ыргып туруп, эч сөз айтпастан, күн батышты карай жол жүрүп кете берет.

Энеси баласынан бөлүнбөй, Чымынды ээрчитип, азыраак жол жүргөндөн кийин, Арпакан аябай чарчап, жүрбөй калганда, Чымын көтөрүп алат. Эчен күн, эчен түн жол жүрүп, элсиз жерде эрмектеп кийик атып, энесин кийиктин эти менен багат.

Күндөрдүн бир күнүндө жоо жарагы менен бир ак тулпар пайда болот. Асмандан түшкөнүн же жерден чыкканын билбейт. Көрсө, Каракожо таятасы жээни менен кызынын кеткенин сезип, ак тулпарды бир адамга тапшырып, жолуна байлатып коюптур.

Аттуу болгондон кийин, отун-суу, азыраак азык-оокат камдап, Арпакан апасын үңкүргө таштап, өзүатасын издеп, чабытып тоолорду ашып, бир жайыкка келсе, кырк сал туз, кырк кара кой, бир сулуу кызды колун артына байлап койгон.

Чымын келип, баягы кыздан сыр сурайт:

– Сени эмне бул жерде колуңду аркаңа байлап, чынжыр менен аркандап койгон? Сага ушунчалык кордук көргөзгөндөй эмне күнөөң бар эле? – дейт.

– Ээ замандашым, эмнесин сурайсың. Бул жерге эмне турасың, жыл сайын элибиздин көзүнө эмне көрүнүп турса, ошончо бересеси бар. Азыр ажыдаар келип, баарыбызды заматта жутат. Сен жолобогун, кеткин! – десе, Чымын болбойт.

– өлсөк, чогуу өлөлү, мен сени аяп жатам, жаманчылыкта жолдош болгон жакшы, жакшылыкта баары эле жолдош – деп, болбой кыздын жанына жатып алат.

Ажыдаар белестен ашып, хандын кызын алып келгенин билип: «Дагы бир жигитти ашыгы менен байлап койгонун көргүн, марттыгы да» – деп, ойлоп бара жатып, кайра оюна түшөт. «Чындап сүйгөн өлүмдөн коркпойт дечүэле, бул жигиттин жатуусуна караганда кыз менен сөзүбүтүп калбасын, ушул жерден оп тартып сорсом наамартчылык болбосун, а көрөкчө кемпир түргө айланып, баланын күчүн да, өзүн да бир сынап көрөйүнбү» – деп, кемпир түрүнө айланып, баланы ойготот:

– Сен кайдан жүргөн селсаяк немесиң, кара оозуңа кан толгур! Кыз, койлордун жанында эмне жатасың? Сендейдин сазайын колуна бериш керек, арманың ичте калбасын, мен карымын, сен жашсың, алың жетсе кармашкын, алышып жеңишели, ажал жетсе өлүшөлү, сага куру бекер жеңилбей туруп, кыз берчүмен эмесмин – деп, баланы качырганда, бала да кармашкандан качпады.

Жети күн, жети түн алышып, акырында бар кайратын жыйнап, кызды ойлоп, эт жүрөгүтуйлап, күчүнө күч кошулуп, кемпирди алып урду эле жүлүнүүзүлүп, көзүсүзүлүп, аа дээрге алы келбей, узап кете берди.

Кызды өлүмдөн алып калганга Чымын кубанып, кыз менен өмүрлүк жашоого убаданы бек кылып антташып, эки жаш сүйүнгөнгө чыдабай шаттанып, убакыттын кандай өткөнүн билбей, беш-алты күн өткөндөн кийин, баягы кемпир болуп кубулган ажыдаардын жонунан үч эли кайыш тилип алды.

Ажыдаар жутуп койду деп, элинен эч ким келбеди. Экөө жайыкты мекендеп, бир туруп калышат. Бир күнүЧымын энесин эстейт. үрпөян сулуу атасын сагынат. Экөө ойлонушуп:

– Эми бирге баралык – десе, кыз болбойт.

Колундагы алтын шакегин чыгарып берет, түз эле атасына барып, иштин жайын айтып, айлына бет алып жөнөп кетет.

Арадан беш жыл өттү. Чымын баатыр: «Апамдан кабар алайын» – деп, мекендеп жүргөн үңкүрдүкарай жол тартат.

үрпөян элине аман-эсен баргандан кийин атасы Мурат хан элин жыйнап, журт астында жарчыларына элге жарыялатат.

– Менин кызымды ажалдан аман куткарып калган жигитке кызымды отуз күн оюн, кырк күн тоюн өткөрүп, астына аш, үстүнө үй көтөрүп, мал бөлүп берип, кыргызда болгон шаан-шөкөт менен узатышым керек – деген экен.

– Хандын кызы үрпөян сулууну мен аламын – деп, бир топ кардалдар куда түшүп келе баштайт.

– Мени ажалдан куткарган булар эмес, өзүм билемин, – деп, кыз алардын бирин да жолотпойт.

Бирок эл бийлеген кыйындар кыздын оюна каршы болушат.

– Кызыңыз айныган, беш жыл бою тоо арасында жалгыз жашоо оңойбу, мүмкүн коргоп жүргөн кайыппы, кайберенби, болбосо көзгө көрүнгөн неме болсо, ушул жерде жүрбөс беле. үрдөнбү, периденби, ошолорду ойлоп, элестеп айтып жатат. Ошолорго кошуламын деп жүрөт, ал эч качан көзүнө көрүнбөсүн билбейт. өмүр бою табамын деп дүйнөдөн так өтмөк беле. Оюна койсоңуз, сиздин көргөн камылгаңызды талаага кетирет. А көрөкчө келип, күйөө бала боломун дегендердин бирин жактырып, той түшүрө бериш керек, – дешти.

– Анда Мурат хан айтса-айтпаса төгүнбү, ушулар туура айтат, беш жыл талаада болсо, ар нерселер көрүнгөндүр, чын эле оюна койсо болобу – деп, хан ордосундагы билермандар баланча увазирдин баласына алып бермекке, жалпы аракетте болуп калышат.

Ханы макул болгондо күнү-түнүдебей эл тойдун аракетинде болушат. үрпөян сулууга баланы алып келип көргөзсө:

– Бул эмес, силер эмне менин башымды чаташтырып жатасыңар, – деп, баланы жактырбайт.

– Ак кайып ээлеп алган да, кайыптан бүткөнгө барат элем деп жатпайбы, ал кайра айланып келмек беле, – дешип, ордо билермандары ханга кабарды катуу беришет.

– Кудая тобо, эми ал кайыптан бүткөн немесин биз каяктан табабыз. Макулдатып бирге жашай турган болушсун – деп, хан ордо башчыларына ишенип буйрук берет.

– Хан буйругу эки болбойт, – дешип, ордо башчылары кысымга ала беришет.

Эми Чымын баатырдан кабар алалы. Беш жылы үрпөян сулууну өлүмдөн куткарып, аны менен бирге жаштык кумар менен беш жылдын кандай өткөнүн билбей калган. Кыз менен бөлүнүп үйүн көздөй жөнөгөндө энесин эстеп, жүрөгүсыздайт. «Адамгерчилигим кайсыл болду, атамды издеп чыкпадым беле. Мени кошо, карааныңдан кагылайын, апам, кошулуп бирге жөнөбөдүбеле. Мени жарыктыкка алып келген апамды унутуп, беш жыл бою кароосуз бир үңкүргө таштап коюшум туура эмес го. Мүмкүн бир жакка кетип калдыбы, же болбосо суукка тоңдубу, же ысыкка күйдүбү? Төрөгөн энемди эмне үчүн эртерээк ойлободум. Ал мени ак сүтүн берип чоңойтсо, атамдын кетип калганын билдирбесе, ата жүзүн эч бир көрбөсөм, курсакта калсам, мени ээрчип бардык жашоосун токтоткон энемди эстебесем эмне? Ажыдаарга жем болом деген кызга ашык болуп, аны куткарсам, мейли куткарганым эрдик дейли, беш жыл бою энесин унутуп коюу деген эмне! Бул күнөөмдүкечээр бекен. Айланайын апам, ай! Сиздин астыңызда күнөөлүүмүн, кагылайын, апа! Атамдан жаш калсаңыз, атамдын бары-жогун мен сыяктуу билбесеңиз – деп, Чымын баатыр өз ичинен наалышты айтып, кете берди.

Эми Арпакан апасынан кабар алалы: кандайдыр бир күнүсыртка чыгып, уулун күтүп турса, көп буюм-кечесин качырга артынган Чыныбекке түспөлдөш бирөө келе жатат. Эмне кылар айласын таппай, үңкүргө үч жолу кирип, үч жолу чыкканын өзүда сезбейт. Эң акырында сыртка чыкса:

– Конок болуп кетсек болобу? – деген жалооруган сөздүугат. үйүмдө адам болбосо деп айтайын десе да, кандайдыр бир күч айттырбай макулдугун билдирет. Тили башка, чала түшүнүп, түшүнө албаса да кандайдыр баягы кишини жан-дили менен жактырып, биринчи эле күндөрүндө аяп, ансыз жашоого мүмкүн эместей сезилет да, кетирбөөгө тырышат. Бирин бири кыя албай, экөө бирге жашап, ошол жылы боюна бүтүп, эркек балалуу болушуп, атын Көгөн коюшат. Кара үңкүр капкалуу, тоо-ташы мунарлуу шаардай көрүнүп, алар да арадан беш жылдын өткөнүн билбей калышат.

Жанагыдай Мурат хандын жардыгын уккандан кийин, соодагер жигит уруксат сурап кетмекчи болот. Ага Арпакан сулуу болбойт.

– Сиз эмнеге коркосуз, сизди чын дилим менен каалап жаткандан кийин, бала эмне болуп калыптыр, акыры бир жолу табылар дегенинен улам жигит кете албай, айланчыктап, Арпакандын айтканындай кара үңкүргө жүрүп калат.

Дал ошол туштун өзүндө Чымын баатыр келет. Арпакан энеси күйөөсүн бекитип коёт да, туу бээнин тарамышынан жасалган жети кабат тарамыштан жасалган жип менен:

– Чатыраш ойнойлу, кол байлашмай ойнойлу – дейт Арпакан сулуу Чымын баатырдын энеси.

– Коюңузчу, энеси менен баласы да кол байлашмай ойночу беле? – деп Чымын болбой коёт.

– Балам, зериктим, эчен жылдан бери зериккенимди сураба, нары кол байлашмай оюнун жакшы көрүүчүэлем – деп, болбогондон кийин, энесинин көңүлүн кыя албай: «Чын эле эчен жылдан бери элсиз жерде жүрсө, оюндагысын күсөп жаткан го, мейли» – деп, кол байлашмай ойнойт.

Жылкынын тарамышынын төрт-беш кабатын үзсө да, эки-үч кабаты үзүлбөй калганынан пайдаланып, кайрадан жаңылап ороп, бутун да жылкынын тарамашы менен күлгөн болуп жатып байлап бүтөт. Колу-буту байлангандан кийин энеси:

Ашуллаңды чала чык,

Ак канжарың ала чык.

Көз көрбөсө болгону,

Эки көзүн сая чык.

Тогуз жолдун тоомуна

Жан көрбөсүн байлап жык.

Ээн-эркин жашайлы,

Менин айткан сөзүмдүук! –

деп, күйөөсүМашрасулга кабарлайт.

Машрасул Арпакандын айтканын кылып, Чымын баатыр эки колу байлануу жатса, эки бутуна тоо текенин терисинен чалма ыргытып, бутун да таңат. Колу-бутунун таңылып турганынан пайдаланып, Арпакандын суроосун орундатып, дойрасын ала чыгып, бир нерселерди ойногон болуп:

Ашулласын чалып,

Ак канжарын алып,

Энеси көрбөсө болду экен, – деп,

Эки көзгө сайып.

Тогуз жолдун тоомуна,

Жан көрбөс жерге жыгып.

Ээн-эркин жашайлы деген

Арпакандын сөзүн угуп, –

көзсүз тогуз жолдун тоомуна таштап коюп, санаасы тынып, көңүлүчайыттай ачылып, Машрасул Арпаканга жетип, айтканын орундатканын айтып, өз карызынан кутулат.

Чымын баатырды алып барып таштаган тогуз жолдун тоомунда, кара жолдун боюнда бир кемпир эки торпок багып жүрүүчү. Чымын баатыр кемпирге болгон сырын баштан-аяк айтып берет.

– Мурат хандын кызын ажалдан алып калган менмин. Ошол Мурат хандын кызына жуучу түшүп, тоюн берип жаткан имиш. Эгер эне ушул шакекти Мурат хандын кызына алып барып берип коёр бекенсиз, – деди.

– Ээ, балам, сенин сөзүңө мен макул болот элем го, бирок мынабу эки торпогумду кимге дайындайын?

– Эне, ал жөнүндө эч кам санабаңыз, эки бутума экөөнүбайлап, бутумду чечип коюңуз. Мен каякты көздөй бассам, кошо басып, оттой беришет. Эне, а көрөкчө соопко калып, шакекти жеткирип берип койсоңуз экен, – деди да, Чымын баатыр ойлуу олтуруп, жашып кетти.

Чымын баатырдын көз жашын көргөн кемпир бутун чечип, эки бутуна эки торпокту күрмөп байлап, шакекти алып, токтоосуз жөнөп кирет, көп элден жол тийбейт. өлдүм-талдым дегенде, үрпөян сулуунун үстүнө кирип, эч сөзгө келбестен, баягы шакекти берет.

Ошол шакек колуна тиери менен үрпөян сулуу кемпирди кучактап, көпкө коё бербей, ыйлап өпкүлөй берет. Акыры ыйын басып, акырындык менен сурап, кай жакта экендигин, ахвалы кандай күндө калгандыгын билгенден кийин, кемпирди кошуп, жигиттерден алып, түз эле Чымын баатырдын жаткан жерине барышат.

Чымын баатырды жаткан жеринен козгобостон жети өргөө көтөртөт. Ой менен тоодон табып издешип, Чымын баатырдан көзүнө эч даба таба албай, абдан кыйналышат. Сурамжалдабаган калбайт, шаарларга кабар жиберет. Көзгө эч бир шыпаа болбогондон кийин, бир кайырчы календер думана келип:

– Бул менин да, башканын да колунан келбейт. Келсе бир гана Каракожо таятаңдын колунан келет. Башка жакка эч кандай убара болбогула, – дейт.

Календердин сөзүн угуп, үрпөян сулуу кулак угуп, көз көргөн табып-дарыгердин бардыгына адам жиберет. Алардын бардыгы келгенче күтөт, эч кимисинен дурус жооп болбогондон кийин, Чымын баатырга макулдашып Каракожого бармакчы болуп жөнөп калышат. Ошол кезде жолдо бара жатып үрпөян сулуу ойлонот: «Арпакан Каракожонун жалгыз кызы болсо, башка эркеги да, кызы да болбосо, баласы атам десе, апасы балам деп, баласы күн батышка кетсе, апасы кошо кете берсе, беш жыл бирге болуп, беш күндөй билинбей өткөнүн билбей, бирге жашап, акырында баласы мага жолукса, экөөбүз ата-баланы көз көрүнөө жолдон азгырган менмин го, Чымын мени ажалдан алып калган, кайра айланып бир бирибизди табышып, баш кошобуз дедик эле, тагдыр аны күтпөй, биздин ойлогонубуздай болбой, башкача болуп отурат. үңкүргө жалгыз жашай албай, соодагер жигитке турмуш курганы жалгыздыктан болгондур. Балам мени өлтүрүп коёт деп, астын ала колдонгон максаты го.

Таттуу жашап жаткан эне-баланын кайгылуу кайрымысыз жашоосуна жалгыз мен күнөөлүүмүн деп эсептеймин. Эми биз барганда жоголуп кеткен атасынын артынан кеткен, эл болбогон жээндин эмне кереги бар, – деп коёбу деген ойлордун аягына чыга албай, кыйналып жатып барып калышат. Эң биринчи болуп болочок жээн келини үрпөян сулуу салт боюнча баш уруп, жүгүнүп кирип, өз оюндагысын айтып уруксат сурайт.

– Бир кырсык болуп, адам башына ал ишти салбасын, таята! Чымын жээниңиздин эки көзүнө каракчылар сайып кетиптир, ошого бир даба болор бекен деп сизге келдик, – дейт.

Анда таятасы:

– Балам, менден эч нерсе сураба, оболу Чымын жээнимдин өзүнөн сура:

Апасынын өткөн айыбын, өз колу менен көзсүздүккө дуушар кылган өгөй атасынын айыбын, атасы табылып калса, апасын атам мененби, же өгөй атам менен жашаса дейби? Эне-атанын кадырын сезеби? Ушул үч суроого так жооп алып келгин, балам, – деди Каракожо.

– Анда эмесе мен сурап келейин – деп сыртка чыгып, Чымын баатырдын жанына келип, эч нерсесин калтырбай, баарын айтып берет.

– Андай болсо, таятам мени сынаган экен. Апамдын айыбын эмне үчүн кечпейин, апам болбосо бул жарыктыкка келмек да эмесмин. өлтүрүп койсо да, кечпеске эч аргам жок. өгөй атамды мен тааныбасам, ал мени тааныбаса, апам болбосо бул ишке бармак беле, ошондуктан апам үчүн аны да кечтим. Атам карыганда телеп-тентип жүрүп тапкан жалгыз кареги мен болсом, же менин жүзүмдүкөрбөсө, же элдин жүзүн, же жарынын жүзүн көрбөсө, оңойбу. Эгер атамды көрсөм, чогуу жашайлы, ата, өткөн иш өттү, кеткен иш кетти деп айтар элем. Атамдын жалгыз перзенти мен болсом, айтканымдан чыкпас деген ойдомун. Ушул сөзүмдүкалтырбай, таятама айтып бар, башка ойлогон оюм жок, – деп, жооп берди.

үрпөян ордунан шарт туруп, таятасына кулдук уруп кирип, Чымын баатырдын айткан жоопторун баштан-аяк калтырбай айтты.

Жообун угуп Каракожо: «Эстүүболгон экен», – деп, жээнине ыраазы болуп, эне-атанын баркын билгенин, өгөй атасын да энеси үчүн кечкенин, атасынын кошо жашоого уруксат сурар элем дегенине абдан ыраазы болду. Билгизбей киши жиберип, кызынын сүтүн алдырып, колунан келген дубасын окуп, эмчек сүт менен эки көзүн жууп, оң тизесине отургузуп, оң жак көзүнө дарысын сүйкөп, сол тизесине олтургузуп, дарысын сыйпап, сол жак көзүн ачкан экен. Көзүн ачып кадимкидей көргөндөн кийин:

– Чымын жээним, жаныма отур – деп, жанына жакын отургузуп, – балам, атаңдын элден безип кеткенине жыйырма эки жыл болду. Алтымыш үч жашта эле, байыл сексен беш жашка толду. Ата-эненин кымбат экендигин өзүң билет окшойсуң го. Эң биринчи сага тапшырма: – Атаңды издеп тапкын, – деди да, батасын берип, Чымын менен үрпөянды узатты.

Эки көзсүз барып, дарыгердин күчтүүлүгүнөн көздүүболуп келе жатса, кандай сыймык, кандай кубаныч!

Чымын баатыр узап чыккандан кийин элге келип:

– Сен ошол жактан кабар ал, мен болсо кырк жигит курап, ошол жигиттери менен издеп, кайрадан келе жатса, бир тоодо ыйлаган баланын үнүн угуп тыңшап, кандайдыр уккусу келип, кулак түрүп тыңшаса:

Тогуз жолдун тоомунда,

Чымын байкем союлду.

Мыкаачы атам колунан

Эки көзүоюлду.

Көрбөс эле бул күндү

Жок кылбаса тоомду.

Колумдан жардам келбеди,

Жатындашым, кандай жерге коюлду!..

деген муңдуу ырдан улам, өзүнүн жатындаш бир тууган бөбөгүэкендигин билди.

Билмексен болуп баланы чакырып:

– Сен эмне, койлоруңду жөө кайтарып жүрөсүң, тооңор деле өтө бийик эмес экен, атчан кайтарбайсыңбы? – деп, жайыттагы кайын атасы Мурат ханга тиешелүүжылкылардан айдатып келип, балага бирди кармап берүүгө буйрук кылат.

Бирди кармап келип мингизди эле, минери менен бели үзүлүп өлдү. Кайра-кайра кармап келе берип, он беш жылкы өлгөндөн кийин, бир кара боз кунан өзүкелип, балага сүйкөнө баштайт. Кара боз кунанга минди эле, ошол көтөрүп, эки саат өрдүкарап кетип калган коюнун артынан чапты эле, быш этип кулагынан тер чыгып да койгон жок. Көрсө, анык тулпар экен.

«Аталаштан алтоо болгончо, энелештен экөө болсочу деген туура» – деп, өзүнүн жанагы тандап алган кара боз тулпарына мингизип, кырк жигиттин бирин коюна көз болгун деп таштап, инисин кошуп алып, Кара акылман, эстүү, дарыгер, табып киши экен, таятама алып барып тааныштырайын, муну да жаман көрбөс деген ой менен таятасына бара жатса, жолдо аппак сакалы кебездей бир карыя сүйүнүп, алсыз араң эле бут шилтеп бара жатат. «Эмне бул элсиз жерде жалгыз жүрөт, же жашоодон тойгонбу, же менин атама окшоп тентип жүргөн немеби?» – деп, Чымындын оюна ар иш кетет. «Эмнеси болсо да бул карыянын сырын сурайын», – деп жигиттерин токтотуп коюп:

– Ассалоому алейкум, ата! – деп, аттан түшө калып, кол берип учурашат.

– Ата деген үнүңдөн кагылайын, кулагыма жакшы угулду, балам, эмне дедиң? – деген тура.

Анда Чымын: «Жарыктык карып калып, кулагы укпай жатса керек» – деп ойлонуп:

– Атсалоому алейкум, ата! – деп катуураак кыйкырат.

– Ата, деген үнүңдөн кагылайын, ата деген үнүңдүуксам дечүэлем, уктум! Оо, кудай, ушунуңа да шүгүр, бир эмес, эки жолу уктум. Бүгүн мен эмне болом, жүрөгүм жарылчудай ордунда турбай, катуу кагып жатат. Мындан жыйырма жыл мурда Каракожо кызы Арпаканды берерде да жүрөгүм алеп-желеп болуп сокту эле. Эми да бу курган картаң жүрөктө жакшылыктын жышааны бардай сезилет, – деп качкан жүзүн кызыл нур каптап, кандайдыр кары боюна кайрат киргенсийт.

Чымын да эмне деп сөзгө саларын билбей, атанын көрпөчөсүн алып, жол жээгине сала коюп:

– Ата, мында отуруп, азыраак эс алыңыз, – дейт.

Чыныбек селт карап:

– Ата дедиби, мени ата дедиби, ушул убакка чейин эмнеге бирөө жарым ата дебеди, же десе да укпасам керек, бүгүн кулагым ачылдыбы, бүгүн угуп жатамбы?! – дейт өзүнчө.

Чымын Чыныбекти аярлай кармап, колтуктан сүйөп келип, төрт бүктөлгөн көрпөчөнүн үстүнө отургузат. Нечен ойлор Чыныбекти курчап алып, көрпөчөгө отурганын билбей калды. «Ой, тобо!.. Мени да адам сыйлап отургузат экен да, эчен жылдан бери адам сыйлоодон калбадым беле. Бул менин түшүмбү? Жок, түшүм деле эмес, бул бала канчаларда, менин баягы күмөнгерим эмне болду экен, энесичи? Мен го, мен болдум, алар эмне болду экен десең. Ошондогу күмөнгер эркек бекен, же кыз болду бекен, эмнеси болсо да жарыктыкка келди бекен. Ата деген сөздүсексен беш жылдан бери бүгүн уккандай болдум. Жүрөк ошондой туйлап жатабы, билбейм.

Жанына келип Чымын отургандан кийин:

– Балам, сен кайсыл элденсиң, ким дегендин баласы болосуң? – деп сурады.

Кандайдыр ата-баланын ортосунда жакындык пайда болуп:

– Ата, биздин элибиз ушул, жерибиз деле ушул жер, алыс эмес, азыраак жүрсөк барабыз. Каракожо чоң дарыгерди уккандырсыз, ошол дарыгердин уулу боломун – деди.

– Каракожо! – деп айтып, экинчи сөзгө келбей, башы калчылдап, бирде оюна Каракожо кайнатасы келсе, бирде белгисиз ойго чөмүлүп, өңүкубулуп, оозу кыбырап, оюнда бир нерселер айтып жаткансыды. «Ошол менин кайнатам Каракожобу, же дагы бир башка Каракожодур, жо-ок, дарыгер деп айтпадыбы?» – деп, баланы жалооруй тиктеп карап турду.

Ошол кездерде Чыныбектин ооз кыбырашы Чымынга: – Сенин атаң болом дегендей сезилип, көпкө барып эсин жыйып:

– Ата, сиздин табыңыз айныган жокпу? – деген үн угулганда Чыныбек эсине келген кишиче:

– Жок, кагылайын, ата деген үнүңдөн айланайын, үнүңдөн! – деп, башка сөз айтпай, көпкө тунжурап дагы карап туруп калды.

– Ата! – деп, Чымын Чыныбекти кучагын жайып, кучактап калды.

Аз убакыт өттүбү, көп убакыт өттүбү, бир учурда карашса, кучакташкан бойдон турушат. Кырк жигити келип, таң калып, ата-баланын табышканын көрүшүп, кайрадан бир бирине тааныштырып, кайра баштан кучакташып көрүшүп, ошондо Чыныбек бай айткан тура:

– «Саргара жортсоң, кызара бөртөсүң, сабырдын түбү– сары алтын» деген ушул тура, малга, жарга ыраазы болбой, балалуу да болгон экемин. Ушунча жылдан бери бир айланып келбеген бул менин мүнөзүмдүн таш болуп калышыбы. Жеңил кыялдын кучагында тентип жүрө берген турбаймынбы. өлөр алдымда кайын атам Каракожого бир учурап өлөйүн дедим эле, балалуу болдум.

«Баса, баланын энеси эмне болду экен, бар болду бекен, же жокпу? Болууга тийиш. Жаш неме мүмкүн башка турмуш курган чыгар» – деп, сакалы ылдый чууруган жашты сезбей да калды.

Жигиттери бир тулпарды токуп келип, Чыныбекти мингизишип, Каракожонун үйүн карай жол жүрүштү. Азыраак жол жүргөндөн кийин Каракожонун үйүнө жетти. Баягы жети бакса коргон ичинде эч деле өзгөрүүжок, өзүкечээ эле кеткендей сезилет. «Арпакан менен ушул үйдө коштошподум беле. Мага карыганда жолуккан, мени бактылуу кылган Арпакан каякта? Эмнеси болсо да билсем экен».

Мына эшик ачылды, кайненеси Канымкан көрүндү.

– Оо, касиетиңден айланайын, дагы эле кадимкисиндей экен го!..

Ой учу чубалып келип, табышмактуу ойлор менен бир бирин кыя карап, бейтааныш адамдарчасынан учурашып жаткан маалда байкас албай калса керек го, же байкаса да акылдан адашканбы, Каракожо кайнатасы:

– Мен бактылуу адаммын, – деп кучактап, эки бетинен өптүэле, бетинен от чагыла түштү. Кандайдыр бети калың тартып, от жанып, уялгандан эмне деп айтарын билбей турду.

Бир учурда көзүнө Арпаканга окшош бирөө көрүндүэле учурашкан жок, жөн эле баш ийкегенсиди. өзүтаң калып, эмне экенине көзүжетпей, айран-таң калды. «Бул ошобу, же окшоштуруп жатамбы? Билбеймин».

Каракожо бир оокумда күнөөлүүкишидей башын ылдый ийип, жай сүйлөдү. Адамдын жаралуусу болсо, кайра өмүрүнүн бүтүшүда болот эмеспи. Жаралуусунда болдук, бүтүүсүнө жетпей айта турган азыраак сөзүм бар.

– Балдарым, – деди Каракожо. – Менин атым – Каракожо дарыгер-табып, көп нерселерди баштан өткөрдүм. Жакшы-жаманды көрдүм. Бирок биздин көргөнүбүздөй турмуш аз кездешет. Мына быйыл пайгамбар коомуна бардым. Жашым алтымыш үчкө чыгат. Менден жыйырма эки жаш улуу Чыныбекти күйөө бала кылып алгам. Он үч жаштагы кызымды берип, андан азыр Чымын аттуу жээним бар. Анын жарыкка келгенине жыйырма эки жыл толот. Азыр үрпөян аттуу келиним бар. Азыр күйөө балам Чыныбек сексен беш жашка чыгат. Менин жашымда өмүрүндө баланын үнүн укпадым деп айткан эле. Уятына чыдабай тентип кетти. Жашоого чек жок экен, быйыл жыйырма эки жыл өттү. Эчен жолу таң атып, эчен жолу күн батты. Кызым Арпакан он төрт жашка толбой, турмушсуз калды. Бактысы Чымын менен болду. Акыры Чымын эс тартып, атасын издеп кеткенде, кызым жалгыз атасы мени таштап, уулу кызык көрүнүп, уулу менен батышты карай кете берди.

Батыш жакка барганда кызым уулун да коюп, башка бир соодагер Машрасул дегенге турмуш куруп алды. Жээним Чымын ажыдаардын жыл сайын берүүчүсалыгына туура келип калган падыша Мурат хандын кызын өз бетинче куткарып, беш жыл бою эне-атанын бирин эстебей, үрпөян менен жашап калган. Кызым өзүнүн төрөгөн уулу Чымынды көзсүз болуп бизди билбесин деп, тогуз жолдун тоомуна таштаткан. Ошондо ажыдаардан куткаргандыгы үчүн Чымынды үрпөян келип, ажалдан алып калып, ак ниети менен көздүүболууга чейин жетише алды. Бул дүйнө – аманат, кимдер жалган, кимдер ак, уулу акпы, же эне акпы, таятасы акпы, же күйөө балдар акпы, мына көгөргөн асмандын астында, карайган жердин үстүндө, кимдер күнөөлүү, өзүм чече албай сиздерге салдым. Биринчи күнөөлүүөзүм, себеби өзүнөн элүүжаш улуу небересиндей жалгыз кызымды он үч жашында зордоп баш коштургамын. Ким күнөөлүү, кызым эмнени билди. Чыныбекке күнөө жабалы десем, арзы-муңун түгөтө албай, ал баласыздыгын айтып, эч нерсеге карабай тентип жүргөн мүңкүрөгөн туяксыз карыя, бир мусаапыр болуп олтурбайбы.

Кийинки күйөө балада кыпындай да күнөө жок го деген ойдомун. Ошол күйөө балам күнөөсүз эле ашыктын туткуну. Мындан бала бар, аты – Көгөн. Мына бул бала жээним деп, обу-сыны жок чоң баланы элге көргөздү. Бул болсо эң биринчи жээним Чымын, – деп, Чымынды Көгөндүн жанына өткөздү. Бул болсо эң биринчи күйөө балам – Чыныбек – Чымындын жанына отургузуп жатып: – Чымындын атасы, – деп, Көгөндүн жанына алып келип отургузуп жатып саалча чогоолдук, кыска акылдуулук, аялдын тилине кирмелик кылып койгонсуң. өмүргө балта чабуу колдон келсе да, келбесе да карасанатайлык кылуу, турмуштагы наадандык.

Аялдык чап кыялга алданган жалгандагы жалгыз кызым – Арпакан. Эми жээним жээн бойдон, кызым кыз бойдон калсын, анан айта кете турган сөз «эки кочкордун башы бир казанга кайнабайт» деген сөздүн ачыгы эки күйөө баламдын бири менен жашаганы оң го, кандай дейсиздер агаиндер дегенде, Машрасул ордунан туруп:

– Мен орун бошоттум, менин балдарым мени унутпаса болгону деди да, адамгерчиликтен аша кеткен иш жасаганым үчүн өзүм күнөөлүүмүн – деп, ордунан туруп, эшик жакка бет алып чыгып кетти.

– Мейли өз күнөөңдүөзүң сезсең болгону – деп, ойлуу Каракожо узата карап, көпкө тиктеп кала берди.

Каракожо улуу-кичүү, кары-жаш дебей элдин баарын жыйнап, ордо башчыларын алдырып, акылмандарын чогултуп:

– Мындан ары жадырап жайнаган тынч турмуш болсун, билгендер, келгендер, көргөндөр, адашкандар табышканын билишсин – деп, Каракожо дарыгер эчен мал союп, Арпакан менен Чыныбектин никесин оңдоп кыйып, экинчи той берип, жыргап-куунап бала-чакасы менен жашап жатып калышкан экен.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

20-04-2011
Кедейдин үч уулу (жомок)
201138

19-04-2011
Жомокчу
110377

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×