Добавить статью
7:15, 4 мая 2011 58907

«Манас» эпосу  менен  «Авеста» тагдырлаш

Байыркы «Авеста» – бул «ав-үй, ал эми ста-үйүңдү тааны, аруу атаңы таны, теңириңди тааны дегенди билдирет» - бул эмгек байыркы доордогу Орто –Азиялык орток тилде «Түрк жана иран» тилдеринин аралашуусунда жазылган эмгек болуп саналат. Бул тарыхый эмгек менен «Манас» эпосу тагдырлаш, анткени Авестадагы ырларда: Даруй мне такую удачу,

О добрая мощная Ардвисура Анахита,

Что бы я победителем стал,

Над чудовищем Ати Дагака,

Трех пастым, трех главным, Шестиоким,

Владетелем тысячи сил,

Эгерде биз ырдын мазмунуна назар салсак, анда эң күчтүү, айкөл Ардвисура Анахита - биздин түрк кыргыз тилде эле айтылып жатат. Себеби «Ар- кыргыз тилинде ар, эр- баатыр, күчтүү , «ви-бий, бек», ал эми «сур- су маанисин билидрсе, ошол эле учурда, сур-сары, сарыктар» дегенди билдирет», «Анахит – ана-эне деген эле сөзүбүз , ошондой эле элам тилинде «хит- бир мааниси көк, экинчи бир мааниси «ат», ал эми кыргыз тилинде «х» ариби түшүп айтылганда ит, ат, от , ал эми «к» арибин кошуп айтканда «кут» маанисин билдирет». Ошентип кыргыз баатырлары энеден туулат, эл үчүн өлөт деп айтышат, душманды жеңүү үчүн жер суу теңиринен , бий, бек болгон ата-балардын арбактарынан күч кубат бер деп жалбарып, суранган салт туралуу айтып жатат. Авестада- Теңирди таануу китебинде айтылган Ати Дагака- бу байыркы ирандыктар бизди ажыдаарга теңешкен, ошондуктан алар биздин аталарыбыз кыргыздар сыйынган ардвисура анахиттен ирандыктар да суранат, бул дегендик, ардвисура анахит- жашоонун, бакыттын, кайра жаралуунун, көктүн, ошондой эле табияттын, жер эненин, башкача айтканда –энекутту- анахитти түшүмдүн, суунун, бийликтин теңири деп эсептешкен. Байыркы кыргыздар ар дайым энени «ыйык эсептешкен», ошондон улам Орхон-Эне-Сай жазууларында: «Энем мени он ай көтөрдү» деп арналат Барсбек каганга арналган жазуулар да жана бул жазуу да ырастап жатпайбы. Байыркы түрк кыргыздардын кагандарын, ирандыктар ажыдаар, жети баштуу желмогуз катары эсептешкен, ошондон улам Ати Дагака- Ата Тагкан же Тоокан ата деп айтсак болот, Тоокан өзү атбий уруусунан болгон- демек, чыныгы түрк кыргыз болгон . Жогорудагы ыр саптары негизинен биздин улуу эпосубузда Манас баатырды душмандары миң күчү бар, колдоочулары алп каракуш, арстан, жолборс кара чаар ажыдаары колдоп жүргөн катары баяндаган ырлар менен шайкештиги кайсы бир деңгээлде ырастап турат.

Ошону менен катар эле Манас эпосу байыркы кыргыздардын ата-теги жана З.Акмолдоеванын пикиринде, кыргызымдын башкы башкаруучусу гана болбостон, тунгуч «алгачкы акылдуу адамы, башкаруучусу» жана реалдуу баатырдан мифологиялык баатырга айланган теңирдин «Адамы» болуп саналат. Авестада Весак баатыр туралуу маалымат кездешет, чамасы Сак беги, сактын баатыры экендигин айтып жатса керек, аны менен катар эле «атвиа, атвий» уруусу, эли туралуу айтылат, буга караганда биздин элде азыр да «ата» деген уруулар бар эмеспи, ал эми «ви» деген «бий» деген титулду жар салып турат. Кызыктуусу Авестада Сангавак деген периште аялдын образында аны өтө акылдуу, колунан көөрү төгүлгөн чебер, мээримдүү аял деп баяндашат, бул аялзатына перс уруулары абдан кызыгышкан, көз арткан, бирок жете албаган, чамасы бул кереметтүү сулуу аялзаты биздин Манас атабыздын Каныкей- Санирабегим деген жарынын толук образы болушу мүмкүн.

Манас эпосундагы Катагандын кан Кошойдун образы чыныгы тарыхый атын Авестада «Хошианха» деп атаган, маселен авестанын ыр саптарында:

Ей жертву приносил Хошианка

Парадата на вершине Хара-сто коней,

Тысячу быков, десят тысяч овец. (Авеста.YI/21)

Ал эми Манас эпосундагы Көкөтойдун ашына миңдеген кой, ат, бука курмандыкка чалынганын биз эпостон билебиз, окуя кайсы бир деңгээлде үндөшүп турат, маселен:

Түндүгүнө бээ союп,

Жагынага кой союп,

Жүз миң өгүз мал союп.

Түндүгүнө бээ союп,

Түштүгүнө ат союп. деп баяндалат, мына биздин эпосубуздун кереметтүүлүгү, кыргызымдын улуулугу, Манас эпосу баш болгон элдик оозеки чыгармаларынын тарых менен дал келгендигинде, жазма маданиятыбыз бар деп дүйнөгө жар салган элдерден кыргызымдын улуулугу элдик ыр эмгектеринин тарыхый чындык менен катарлаш тургандыгында. Ошону менен катар эле Авестада Кошойдун аты «Хошианка- биздин тилде «х» ариби «к» болуп айтылат, ошондо Хоши-Кошой деп айтылат, ал эми «ан-асман, теңирдин адамы, кан, каган » болуп айтылат эмеспи, демек, бул Манастагы катагандын кан Кошой» бабабыз болуп эсептелет. Андан бери 3000-2500 миң жыл өтсө да кан Кошойдун аты жоголбой келгендиги ата-бабалардын улуулугу экендигин билдирип турбайбы кыргызым.

Кан Кошойду Авестада «парадата- деп айтып жатканы «баба -ата» дегени эмеспи. Кошой атабыздын турган жерин Авестада «Хара» деген жер айтылат да жана ал тоонун чокусуна арнап түлөө өткөрүп жатканын Авестада ырга салып айтып жатпайбы, анкени дагы жар салып айтамын Авеста биздин тарыхыбыз жазылган- теңирди таануу китеби, ал эми Манас эпосунда Кан Кошойдун турган жери да Кара- Тоо экендигин элдик эпосубуз баян салат ко, ырга назарласак, анда:

Ат-Башыда Чеч-Дөбө,

Чеч-Дөбөнү жер кылып,

Тура тарткан Кара-Тоо,

Мындан кароол каратып. Деген ыр саптары Авеста менен шайкеш экенин төмөндө баян кылабыз.

Мына авестада Кара –Тоого арнап түлөө өткөргөн жана тоо кыргыздар үчүн чептин да кызматын аткарганы чындык, ошондой эле тоонун чокуларында жоокерлери кароол болуп, жоонун кайсы тараптан келишине байкоо да салган, элди коргоп турган жана кыргыздар байыртан тоо-ташка арнап түлөө өткөрүп да келген, арийне ошол эле учурда ата-бабаларыбыз ар дайым кан Кошойду билимдүү деп эсептешкен, ал эми Авестада Кошойду «алгачкы закон чыгаруучу» деп аташкан. Ал туралуу эпосто: «Билимдүү кан Кошой» деп таамай ырга салынып баяндаганын айтсак, ошол замат тарыхтын чындыгы Авеста менен Манас эпосунун бири-бири менен ширелишип калганынына кубанабыз. Деги эле Авеста менен биздин элдин оозеки чыгармалары аябагандай окшоштук жактары көп, мейли дыйканчылык болсун, бакшылык, ааламдык көз каршатар жагында да окшош жактары көп экендигин атайын эмгектерибизде баяндаганбыз. Демек, биздин ата-бабаларыбыздын улуулугу алардын сөз кудуретин баалай билип, сөздүн мухиттеринин чып чыргасын коротпой бизге жеткиргенине бир туруп суктанасың, таңдануу менен да карайсың- бул дегендик Манас эпосу баш болгон элдик ырларыбыз кыргызымдын улуу керемети эмеспи. Ошентип Манас эпосубуздагы Санирабегимдин – Авестада Сангавак- Манас эпосунда Каныкей (Санирабегим), ал эми Кан Кошой- Авестада Хошианха деп айтылган. Ошентип биздин Каныкей энебиз, кан Кошой бабабыз реалдуу адамдар экендигин тарых өзү, жазуу тарыхыбыз болгон Авеста –Теңирди таануу китеби тастыктап жар салып турат, кыргызым.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

16-06-2011
Байыркы кыргыздын тарыхы кайдан башталат?
63022

16-06-2011
Ч.Айтматовдун чыгармаларында кыргыз тарыхы жөнүндөгү ойлордун чагылдырылышы
99625

04-05-2011
Арийлер - бул чыныгы кыргыздар
58826

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×